Menu

КООМ

Кандуу кылмышка курбусу күнөөлүбү?

2-февралда Бишкектеги Касым Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин квартирасында жашаган аялдын атылып өлгөндүгү боюнча маалымат тараган эле. Ал кылмыштын бети ачылганын, кылмышкер кармалгандыгы милиция жар салган. Мына ошол кандуу окуяга байланыштуу кечээ күнү атылган аялдын баласы “АКИпресс” маалымат агенттигине маалымат жыйынын куруп, апасынын эмне болуп өлтүрүлгөндүгүн айтып берди. Анын айтуусунда апасы мурдатан эле Майрамкүл деген 61 жаштагы аял менен жакындан байланышып жүрчү. Майрамкүл каза болгон аялдын үйүнө көп келчү экен. Мурда университетте чогу окугандыктан, экөө курбулардан болуптур. Майрамкүлдүн күйөөсү мурда ми­лиция болуп иштеп, азыр пенсияда экен. Алардын Эрнест аттуу 1980-жылы туулган уулу бар экен. “Мына ушулар эле апамды өлтүрүп коюшу мүмкүн”- дейт каза болгон аялдын уулу Нурлан. Эске салсак, каза болгон аялдын “Дордой” базарында контейнерлери бар экени, үйүндө көп суммадагы акча болгондугу айтылган.

Булак: “Фабула”

Мектепке чейинки жана билим берүүчү уюмдардын жетекчилери бир кызмат ордунда 6 жылдан ашык иштей албайт

“Бишкек шаарынын №10, №20, №28, №44 жана № 76 мектептеринин ордуна жана «Улан» кичи районуна жаңы имараттарды курууга мамлекеттик бюджетти түзүүдө каражат каралат. Бул тууралуу тапшырмалар кечээ, 6-мартта Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Өкмөткө тапшырылды” – деп билдирди КР ЖК басма сөз кызматы.

Ордо калаадагы №9, 12, 13, 23, 24, 26, 31, 43, 61, 67, 70 жалпы билим берүүчү уюмдарынын, А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпустарын курууга да каражаттар изделе тургандыгы айтылды.

Учурда, борбордо 94 мектепте 135 миң окуучу билим алат.  Бул  бир класстагы балдардын санына көптүк кылат деген депутат Рыскелди Момбеков, – “Окуучулар  канчалык  көп болсо, коррупция ошончолук күчөйт. Орундардын тартыштыгынан, азыр мектепке киргизүү үчүн 30 миңге жакын акча төлөнүп жатат ”- деди талкуу жүрүшүндө сөз алып.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова ордо калаанын мектептерин  республикалык бюджетке өткөрүүнү   туура деп эсептейт. Ал эми  Финансы министри Адылбек Касымалиев: “2013-жылы Өкмөттүн токтому менен  2018-жылга чейин билим берүү тармагындагы  мектептерди республикалык  бюджетке алуу каралган. Ал үчүн 6 миллиардга жакын акча каражаты керектелет.  Бул өтө чоң сумма. Андыктан  республикалык  бюджетке кабыл алуу этап –этабы менен жүргүзүлөт” – деди.

Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин толук материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү иштерине да тийиштүү каражаттарды табуу зарылчылыктары белгиленди. Санитардык-гигиеналык ички жайлардын талаптарга жооп бериши да иретке салынат.

Интернет тармагында билим берүү уюмунун расмий сайтын түзүү жактары да демилгеленип жатат.

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга мектепке чейинки жана билим берүүчү уюмдардын жетекчилерин бир мекмеге дайындалган учурдан тартып, кызмат ордунда иштөөдө 6 жылдан ашпаган мөөнөт белгиленсин деген өзгөртүүлөр сунушталууда. Ошону менен катар педаогогикалык иштин натыйжалуулугу атайын аттестациялоонун жыйынтыгы менен бааланат. Ошого жараша ар бир адис кызматынан жогорулайт, же аттестацияны жакшы тапшыра албай калса кызматынан бошотуу маселеси да каралат.

Окуучунун ата-энесинин социалдык абалын эске алуу менен жылына билим берүү түзүмдөрүнүн бирдиктүү төгүмдөрүн аныктоо жагдайлары да жолго салынганы турат. Мисалы, Бишкек шаары үчүн 1200 сом деп белгиленүүдө.

Балдар бакчалары менен мектептердеги тарбиялануучулар менен окуучулардын саламаттыгын профилактикалык текшерүүлөрдөн өткөрүп, жылына эки ирет текшерүү талаптары коюлууда.

Жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун штаттык бирдигин билим берүучү уюмдарга бекитүү маселеси да көтөрүлүүдө. Мектептердеги спорт залдарын эл аралык талаптарга ылайык келтирүү чаралары да колго алынат.

Билим берүү мекемелеринде шашылыш линиясы менен ишеним телефондорун жана коррупцияга каршы атайын дубал газеталарын көз көрүнө жерге жайгаштыруу тапшырмалары да берилүүдө. Эми ушул берилген тапшырмалардын жалпы жыйынтыгы ушул 2017-жылдын 15- июнуна чейин тармактык комитетке маалымдалсын деген чечим кабыл алынды.

Жумушчу топтун курамына депутаттар Е.Строкова, А.Токторов кирген. Ал эми ошол жумушчу топту депутат, тармактык комитеттин төрайымынын орун басары Т.Икрамов жетектеди.

Камчы Көлбаевдин дагы бир бандити колго түштү

Акыркы айларда Ошто кылмыштуу өлүмдөр көп катталды. Мисалы, аз кун мурун эле бир эмес эки май куюучу жайдын ээлерин чал амандын чак түшүндө белгисиз бирөөлөр ок чыгарып атып кетишкен. Андан кийин 15-февралдан, 16-февралга караган түнү “Изюм” аталышындагы ресто-барда белгисиз адамдар 44 жаштагы жаранды бычактап кеткени маалым болгон. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылган. Мына ошол бычактоого шектүү катары аз күн мурун милициялардын кылтагына илиниптир. Ал 1984-жылы Кыргызстанда туулган жаран экен. Көп өтпөй эле бул кылмышка шектүү дагы бир жаран кармалып, ал дагы 1984- жылы туулгандыгы аныкталган. Ал жаран крим төбөл аталып жүргөн Камчы Көлбаевдин бандиттүү тобунун мүчөсү болуп жүргөндүгү белгилүү болуптур. Кызыгы ал буга чейин милицияга карматпай издөөдө жүрүптүр.

Булак: “Фабула”

Украинанын Орусияга каршы доо алкагында Гаагадагы Эл аралык Соту алдын алуу чараларын колдонуу боюнча ишин баштады

Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  2017 жылдын 16-декабрында Украинанын чыгышында терроризмди колдогондугу жана этникалык украиндер менен крымдык татарларды оккупацияланган Крымда басмырлагандыгы үчүн Орусия Федерациясын жоопкерчиликке тартуу максатында БУУнун Эл аралык сотуна доо берилген.

Алдын алуу чаралар Соткокырдаалдын начарлап кетишине жол бербөөгөжана,абдан маанилүү нерсе –ишти кароо үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде жарандык калкты коргоогомүмкүндүк берет. Ал эми алдын алуу чараларын колдонуу сурамы боюнча соттун чечимине карабастан маңызы боюнча доону кароо иши улана берет. Авдеевка жана АР Крымда абалдын курчушунун контекстинде аларды колдонуу айрыкча маанилүү болуп саналат. Алдын алуу чараларын колдонуу жөнүндө сурамда Украина Соттон Орусия Федерациясын эл аралык укуктарды бузууну токтотууга милдеттендирүүсүн суранат.Атап айтканда, Украина Орусия Федерациясын өзүнүн чек арасын натыйжалуу көзөмөлдөп, Украинага курал-жаракты жеткирүүнү токтотуп, Украинанын жарандык калкына зыян келтирген мыйзамсыз куралдуу топторду колдоону токтотуп, ошондой эле оккупацияланган Крымда этникалык басмырлоонун мындан аркы ар кандай актыларынан баш тартуусун милдеттендирүү өтүнүчү менен Сотко кайрылат. ЭгердеОрусия убактылуу чаралар жөнүндө чечимдин аткарылышын камсыз кылбаса, соттун токтомун бузгандыгы тууралуу фактыларды далилдөө үчүн Украина Сотко кайрыла алат, бул Орусия үчүн олуттуу укуктук жана саясий кесепеттерди алып келет. Убактылуу чараларды колдонуу тууралуу иши төрт күнгө созулат деп күтүлүүдө. Украина өзүнүн аргументтерин 6 жана 8 мартта камсыз кылат. Орусия Федерациясы өзүнүн аргументтерин 7 жана 9 мартта камсыз кылат. Иштин каралышы күн сайын саат 10:00дө башталат (Бишкек убактысы боюнча 15:00)

Иштин каралуусунун онлайн трансляциясы кийинки шилтемелерде:

http://www.icj-cij.org/presscom/multimedia.php?p1=6

http://webtv.un.org/meetings-events/international- court-of- justice-icj/

Эреже катары, БУУнун Эл аралык соту убактылуу чараларды киргизүү тууралуу сурамдарды тездетилген иретте карайт. Сот бир нече жуманын ичинде чечим кабыл алат деп күтүлүүдө. Иштин маңызында кароо тууралуу айтып кетсек, кийинки бир нече айдын ичинде БУУнун Эл аралык соту тараптардын процесстик документтерди берүү расписаниесин аныкташы керек, андан кийин иштин оозеки каралышы дайындалат.

Өзбекстанда мектепте лимон күнөсканаларын курууга окуучулардан акча чогултулууда

Анжиян облусунун Асака районундагы мектептерде окуучулардан лимон күнөсканаларын куруу үчүн 5 миң сумдан (1,5 АКШ долларына жакын) чогултулууда. Бул туурасында балдардын ата-энелери кабарлашууда. Райондун элдик билим берүү бөлүмдөрү болсо түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

“Менин балам 1-класста окуйт. Мектептеги акча чогултуулар тажатты. Эми президент айткан лимон күнөсканаларын куруу үчүн каражат талап кылып жатышат. Мугалим 5 миң сум берүү тууралуу баламан кат берип жибериптир. Лимон күнөсканалары эмне себептен ата-энелердин эсебинен курулушу керек деп таң калып жатабыз”, – деп нааразы болду Асака районунун тургундарынын бири.

Райондогу башка бир окуучунун ата-энеси акыркы айда мектепке Алиппе майрамын белгилөө үчүн 55 миң сум (16 АКШ долларынан ашык) бергенин, андан тышкары ай сайын фонд үчүн 7 миң сумдан (2 АКШ доллары) төгөрүн белгиледи.

Буга чейин Өзбекстандын Анжиян облустук акимчилиги мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жайлардын аймактарына лимон өстүрүүнү тапшырганы кабарланган. Демилге жашылча-жемиш экспортунун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына байланыштуу экени маалымдалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Көпчүлүктүн көөнүн айныткан арзан турак жай программасы

2015-жылдан бери кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерди арзан турак жай менен камсыз кылуу деген жакшы программасын ойлоп таап, үйү жок, бирок иши бар жарандарды үйлүу кылуунун аракетинде иш алып барууда. Бирок Өкмөттүн бул программасына канааттанбаган мамлекеттик кызматкерлер, өзгөчө айлыгы аз, иши оор, мугалимдер менен меди­цина кызматкерлери көп экенин жашырьш болбойт. Бул маселе боюнча биз мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине кайрылганыбызда, алардын көбү ипотекалык насыянын башында төлөнчү төлөмдүк каражатты табуу кыйын болуп жатканын, ортомчу ролду ойногон банктардын талаптарынан улам берилчү каражатка үй келбей турганын, алган айлыгы өтө аз болгондуктан, банктар насыя берүүдөн баш тартып жаткандарын айтып нааразы болушту. Бул маселени буга чейин ЖКнын депутаттары да бир эмес, бир нече жолу карап, айрым эл өкүлдөрү банктардын жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын алып барып жаткан иш аракеттерине нааразы болушкан болчу. Мисалы, КСДП фракциясынын де­путаты Рыскелди Момбеков «Туракжай наркы өтө кымбат. Көп адамдар насыядан баш тартууда. Арзан эмес эле, кымбат турак жай болуп калды. Менин кошунам 2 млн. сом насыя алган, азыр айына 25 миң сом төлөйт. Силер бирди айтасыңар, банктар болсо башканы айтат, деги кимиңерге ишенебиз?” – деп ипотекалык компаниянын ишине нааразы болгон.

Ошондой эле эл өкүлү «Арзан турак жай 2015-2020» программасы аркылуу алына турган турак жайлардын баасын төмөндөтүү үчүн ипоте­калык банкты түзүү демилгесин көтөргөн. Ал «Ипотекалык банк насыя каражатынын кайтарымдуулугун арттырып, коммерциялык банктардын үлүшүн азайтаарын, Банк кардарлардын мүмкүнчүлүгүнө жараша катмарларга бөлүп, насыя каражатын 5 пайыздык үстөгү менен түз бериши керектигин белгилеген. Ал эми буга чейин маалым болгондой, мамлекет­тик ипотекалык компаниянын жетекчиси 3 миң доллардын тегерегинде айлык алаары, анын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулунун алган ай­лыгы 107 миң сом экени айтылган.

-Бегимай Керимова, Ж. Баласагын атындагы КУУнун мугалими:

-Башкы төлөмдү табыш кыйын болуп жатат. Андан сырткары көпчүлүктү ай сайын төлөнчү сумма кыйнап койчудай. Мугалимдердин алган айлыгы болгону 6 миң сом болсо, ипотекалык насыя алганда айына жок эле дегенде 13-14 миң сомдон кем эмес акча төгүп туруш керек болот экен, мен мисалы жолдошум экөөбүз тең мамлекеттик кызматта иштейбиз, алган айлыгыбыз экөөбүздүкү биригип 20 миң сомго жетпейт, биз кантип төлөйбүз, алган айлыгыбызды насыяга төлөп коюп эле отуруп калабызбы? Өкмөт насыянын суммасын бир аз жеңилдетсе жакшы болмок.

-Адилет Акматказиев, Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу:

-Өкмөттүн бул программасы жарыяланганда мугалимдер абдан кубанган элек. Көп өтпөй эле кубанычыбызды, сүйүнүчүбүздү таш капты. Жак­шы эле үйлүү болобуз го деген кубаныч менен документтеримди топтоп, тиешелүү комиссияга тапшыргам. Көп өтпөй эле “Документтериң кабыл алынды, комиссиядан өттүңүз, банкка келиңиз” деп чакырышканынан “Айыл Банкка” барсам, насыянын шарттары мен ойлогондой, мен күткөндөй эмес экен. Айлыгымды эсептеп туруп бөлө келгенде, айына 15 миң сомдон банкка насыя төлөп турушум керек болду. Ошентип айына 15 миңден 15 жыл төлөйт экенмин. Менин алган айлыгым болгону 8 миң сом болсо, 15 миң сомду кантип төлөмөк элем. Дароо эле үй алуудан, насыяга акча алуудан баш тарткам. Өкмөт бул иш аракетти баштоодон мурун мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлыгын эсептеп, ошого жараша иш алып барышса жакшы болмок экен.

-Расул Өкүмалиев, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин мугалими:

-Ипотекалык насыяга үй алуу деген жөн эле пиар иш болууда. “Мынакей, ушундай долбоорлор иштелип жатат, мамлекеттик кызматкерлер үйлүү болуп жатат” деген мактаныч үчүн жасалган аракет болууда десем жацылышпайт. Буга чейин бул маселени ЖКнын депутары Рыскелди Момбеков, дагы башка депутаттар айтып чыгышкан эле. Бирок ал айткан сөздөрдү Өкмөт, ипотекалык насыяларды берип жаткан компания кулак сыртынан кетирди окшойт. Маселени карап жатабыз, насыяанын үстөк көлөмүн азайтып жатабыз деп жатышат. Бирок кандай болгон күндө дагы 6 миң сом айлык алган мугалим же медицина кызматкери эч убакта 10 миң сомдук насыяны төлөй албайт. Бул жагын өкмөт жана аталган ком­пания терең ойлонуп иш кылышы шарт.

Булак: “Фабула”

УКМК Үмөталиевди суракка алды

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мезгилинде Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарып иштеген Эмил Үмөталиев абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу ку­бө катары УКМКга сурак берип чыкты. Сурактын чоо-жайы азырынча ачык айтылган жок. Белгилүү болгондой, Эмил мырза кыйын кырдаал учурунда Бакиевдер басып алган мамлекеттин мүлктөрүн кайра мамлекетке өткөрүүдөгү эл анчалык терең билбеген сырларды билет. УКМКга чакырылганынын себеби дагы ушул десек болот. Жакынкы күндөрү ал сырлар деле ачыкка чыгышы мүмкүн. Күтө туралы…

Булак: “Фабула”

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: "Аял – үй-бүлөнүн куту, дүйнөнүн түркүгү жана өмүр көчүнүн улантуучусу"

Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 7-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында 8-март Аялдардын эл аралык майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөттүн  атынан Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Биринчи вице-премьер-министр, аялзаты саясатта, мекенди коргоодо, маданият, билим берүү, медицинада жана башка тармактарда эркектер менен тең жарышып иштеп, сыйлыктарга жана наамдарга татып, өздөрүн дайыма татыктуу алып келерин баса белгилеп, биргелешип кийинки урпактар сыймыктана турган өлкө кураларына ишеним артарын билдирди.

«Ислам дининде “Бейиш эненин таман астында” деп айтылып, алардын ыйыктыгы эң бийик даңазаланган. Сиздердин назик колуңуздарда дүйнөнү гүлдөтчү майтарылбас кубаттуу күч бар. Ал күч – жаратман эмгек мамлекетибиздин күч кубатын арттырып, алдыга – өнүгүүгө багыттоого жөндөмдүү»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Соңунда Биринчи вице-премьер-министр бардык аял затына  чың ден соолук, бакыт-таалай жана ар бир үйдө ынтымак уялап, береке жана молчулук болушун, ар бир күн айымдарга бакыт жана кубаныч тартуулашына тилектеш экенин билдирди.

Республика боюнча өз тармагында мыкты ийгиликтерге жетишкен мамлекет кызматкер айымдардын урматына салтанаттуу иш чара концерттик программалар менен коштолуп, айымдарга баалуу белектер берилди.

“Аксы окуясына 15 жыл... Бийлик сабак алдыбы?"

Мына ушундай аталышта, 2002-жылдын 17-мартында болуп өткөн “Аксы окуясынын” 15 жылдыгына карата 2017-жылдын 17-мартында Аксы районунун Кара-Суу айылында  эскерүү жыйыны болот. Бул туурасунда кечени уюштуруп жаткан “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылынын өкүлү маалымдады.

Жана ошондой эле 2002-жылы кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы күрөшкөн аксылыктарды колдоп, активдүү салым кошушкан Кыргызстандын бардык саясий партияларын, коомдук жана бейөкмөт уюмдарды, коомдук жана саясий ишмерлерди, “Аксы окуясынын” катышуучуларын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн эскерүү жыйынына келип катышууга чакырып өтүштү.

Төмөндө өтө турган иш чаранын күн тартиби берилди:

9.00: Аксы районунун Боспиек айылындагы шейит-мазарда куран окуу;

11.00: Аксы районунун Кара-Суу айылындагы “Аксы окуясынын” музейинде

эскерүү жыйыны;

13.00: “Аксы окуясынын” шейиттерине Кара-Суу айылындагы “Аксы”

тойканасында куран окутуу.

 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 7-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Атап айтканда төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жогорку кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү;
2. «Антиконтрафакт» эл аралык форуму;
3. Евразия экономикалык биримдигиндеги Интеграциялык потенциялга ээ болгон экономика тармактары, аны колдонууга багытталган чаралар жөнүндөгү;
4. 2015-2016-жылдарда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн абалы жөнөдөгү;
5. Евразиялык экономикалык биримдигинин 2025-жылга чейин технологиялык күн тартибин негизги багыттарын ишке ашырууга карата даярдыктар боюнча иштин жүрүшү тууралуу;
6. Соода жүгүртүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү сүйлөшүүлөр;
7. Евразия экономикалык жогорку кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы №72 чечимин ишке ашыруу жөнүндө;
8. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2016-2017-жылдары айыл чарба продукциялары жана азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча суроо талабы жана сунуштары боюнча агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолу жөнүндөгү;
9. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөргө анологдук өндүрүшү, айыл чарбасы үчүн машина жана жабдыктарын уюштуруу жөнөндөгү;
10. . Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна анологдук өндүрүшү, айыл чарбасы үчүн машина жана жабдыктарды экспорттоону өнүктүрүү боюнча иш чаралар тууралуу;

 

Меню