Menu

КООМ

Бишкекте мечит-медреселер жапырт текшерилип жатат

Шаардык казыят тарабынан түзүлгөн атайын комиссия 11-августтан тарта шаардагы бардык диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Анын алкагында диний окуу жайлардын жана мечиттердин курулуш документтеринин тактыгына, санитардык жана өрт коопсуздугу талаптарынын сакталышына, тазалыгына жана медреселердеги окуу программаларына көңүл бурулат.
Муфтияттын маалыматына караганда, текшерүү диний мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн токтомунун алкагында жүрүп жатат.
“Текшерүүдө даярдыгы жок, кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө”, – деп жазылган маалыматта.
Апта башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), ИИМ, Билим берүү жана башка министрликтердин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана муфтияттын өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия Ош облусундагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерген. Жыйынтыгында 39 мечит жана 21 медресенин иши убактылуу токтотулган. Бир катар диний мекемелердин жетекчилерине тиешелүү талаптарды аткарбаганы үчүн эскертүү берилген.
Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны – 399, калгандары башка диндерге таандык.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террордук деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында “Хизб ут-Тахрир”, “Йакын инкар” жана башкалар бар.

Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.

“Биз айлык маселесинен улам иш таштап жатабыз. Көчөдөгү бардык каттамдар токтоп, паркка чогулуп жатат. Биздин көйгөйүбүз көп”, – деди айдоочулардын бири Светлана Тургунбаева.

Айдоочулар менен “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолукту. Ал айлык акы 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, колго 41 миң сомго тийерин билдирди. Анын сөзүнө макул болбогон айдоочулар жыйындар залынан чыгып кетишти.
10-августта троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.

Алар айдаган коомдук транспорттор камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар төлөй турганын айтып жатышат.
Буга чейин Талантбек Капаров троллейбус айдоочулары менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын билдирген. Ал “жол кире төлөөнү толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин, жаңы жылдан кийин айлык дагы караларын” билдирген.
Коомдук транспорттун айдоочуларынын мындай нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кирени электрондук негизде кабыл ала баштаарын жарыялагандан кийин пайда болду.
Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук, “Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.
Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамга кол коюлду

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат.

Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында тыюу 2024-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.

Жогорку Кеңеш 2023-жылы 29-июнда кабыл алган мыйзамга президент 10-августта кол койду.

Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштык жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө такыр тыюу салынат.

Кабыл алынган Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган.

Алар:

  • бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү;
  • тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
  • ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;
  • жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
  • кофе үчүн пластик капсулалар;
  • азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.

Мыйзамда экспорт үчүн өндүрүлүүчү, турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычы жок жана түргөктөп сатылуучу баштыктарга чек коюлган эмес.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары тууралуу так статистика жок.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы 2019-жылы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгара турганын жарыялаган Активисттердин эсебинде, таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.

Лебединовканын жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу акцияга чыкты

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 151-контурдан жер тилкесин алган жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу 10-августта Чүй облустук акимчилигинин алдына нааразылык акциясына чыкты.

Алардын айтымында, жер мунапысы менен мыйзамдуу берилген кызыл китептери кайра жокко чыгып жатат.

“Биз жерди басып алган жокпуз, сатып алганбыз. 600дөн ашык адам бүт документтерди топтоп кызыл китеп алсак, кайра жокко чыгарып жатат. Биз мыйзамды сыйлап үй салган жокпуз. Мурдагы аким чыгарган токтомун кайра жокко чыгарып салыптыр”, – деди чогулгандардын бири Арзыкан Кубатбаева.

Митингге чыккандар кызыл китеп алып жатканда тиешелүү мекемелерден түзүлгөн комиссия оң корутунду бергенин айтууда.

Акцияга чыккан жашоочулар менен Аламүдүн районунун акиминин орун басары Өмүрбек Тейтелиев жолукту. Ал жер тилкелерине кызыл китептерди тариздөө убагында прокуратура мыйзам бузуу болгонун аныктап, ишти сотко өткөрүп бергенин, акыркы чечимди сот чыгарарын билдирди.

Чогулгандар Чүйдүн облус башчысынын келишин талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Орусияда мигранттар үчүн патент төрт эсеге кымбатташы мүмкүн

Мамлекеттик Думанын Бюджет жана салык боюнча комитети чет элдик жарандар Орусияда иштегенде төгө турган төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо.

Документти иштеп чыккан “Адилеттүү Орусия” партиясынын өкүлдөрү патент акысын 1200дөн 4800 рублга (12 доллардан 50 долларга чейин) жогорулатууну сунушташты. Демилге авторлорунун айтымында, бул кадам эмгек базарында орус калкын колдоого багытталган.

Расмий маалыматтар боюнча былтыр Орусияга 3,5 миллиондой мигрант иш издеп барган. Алардын 90 пайыздан ашыгын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары түзөт.

Алты айда чет өлкөлөрдөн 297 кыргыз жаранынын сөөгү келди

Быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алып келинген.

“Жүк-200” алып келүү иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.

Буга чейин чет жакта каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекеттен жардам акчаны алуудагы бюрократия маселеси орчундуу болуп жатканы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрүлгөн.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Акыркы 30 жыл ичинде 650 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган.

УКМК Ош облусундагы 60тан ашуун мечиттин жана медресенин ишин токтотту

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мекемелер аралык жумушчу тобу менен бирге Ош облусундагы диний жайлардын ишмердигин текшерди.

Иш-чара “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында 20-июлда башталган.

Натыйжада 39 мечиттин жана 21 медресенин ишмердиги убактылуу токтотулду. 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. 48 мечитке жана 40 медресеге өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн акты түзүлгөн.

Текшерүү учурунда айрым мечит-медреселердин башаламан курулушу, архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык талап-ченемдердин сакталбаганы, медреселердеги билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, “хужра”, “таалим”, “дарс” ж.б. диний билим берүү процессине көзөмөлдүн жоктугу аныкталган.

39 мечит каттоого алынган эмес, тиешелүү документтери жок болгон.

Диний жайларды текшерген мекемелер аралык жумушчу топко атайын кызматтан, Ички иштер министрлигинен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Саламаттык сактоо министрлигинен, муфтияттын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинен өкүлдөр кирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны – 399, калгандары башка диндерге таандык.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында “Хизб ут-Тахрир”, “Йакын инкар” жана башкалар бар.

Президент Садыр Жапаров "Жыргалаң" көмүр кени боюнча Эмил Каптагаевдин сынына жооп берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилгендигине байланыштуу суроого жооп берди.

— Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” шахтасы он эки жылдан кийин ишке кирди деген маалымат чыккандан кийин айрым адамдар жана айрым ЖМКлар “Бул жалган, “Жыргалаң” эмес, башкасы ишке кирди жана башка…” деп, ар кандай кептерди айтып чыгышты. Ушул көмүр кенинин чоо-жайын айтып берсеңиз?

— Макул. Алгач бул шахтанын тарыхына бир аз токтоло кетейин. Бул шахта союз чачырагандан кийин багы ачылбай калган. 2009-жылы мамлекет бул шахтаны жеке менчикке сатабыз деп аукционго коет. Үч компания катышып, арасында чет өлкөлүк компаниялар дагы болгон. Жыйынтыгында бир компания утуп алат, ал компания менин бир тууган агам Сабыр Жапаровдуку эле. Утуп алгандан кийин өткөрүп алайын деп барса, Өкмөт алдап саткан экен. Аукционго коюп жатканда, 25 миллион сом карызы бар деп айтылат.

Чындыгында, 80 миллион сомго жакын карызы бар экен. Биринчи капиталын төлөп койгондон кийин артка жол жок болуп калгандыктан, айласы жок дагы эки жыл дегенде араң карыздарын жаап бүтөт. 2011-жылдан баштап толук кандуу иштете баштайт. Мен камалып чыгып, чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин ошол мезгилдеги бийлик криминалдарды жиберип, 2014-жылы шахтаны криминалдар тартып алышат. Кесипкөй адамдар иштетпегенден кийин бир аз убакыт өтпөй, шахта токтойт, ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери каза болот. Ошентип, шахтага суу толуп калат. Ошол бойдон ушул күнгө чейин суу басып жатат. Мен бийлике келгенде, бир тууган агам: “Шахтамды кайра алам” деп чыкты. Мен көнбөй койдум: “Бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок” деп койдум.

Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, “мен алып иштетейин” деп сурады. “Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда” дедим. Ошентип, азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Россия-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчанын чыпчыргасын коротпой, Россияга заводго которуп, конвейер сиситемасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди. Эми, Кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет. Мурдагы көмүр чыгарган техникасы бир тонналык вагондор болчу, 1960-жылдары коюлган. Алардын ордуна жаңы, заманбап конвейерлер коюлду. Шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем.

Эми “суу басып жатат” деген сөздөргө келели. Ооба, баягы суу баскан ооз жагын суу басып эле турат. Азыр башка жагынан – эки жерден туннель менен кирип көмүр алып жатышат. Суу баскан жактагы көмүрдү дагы алышат. Ал жакка жаңы туннель менен кирип бара жатышат. Кыскасы, шахтада канча көмүр болгон болсо, баары казылып алынат. Азыр лицензия бир эле адамдын колунда. Мурдагыдай башаламан эмес.

Кудай буюрса, Ысык-Көлдөгү калкыбыздын жарымын мындан ары көмүр менен камсыз кылганга жетишет деп үмүт артып олтурам.

Эми ушул учурдан пайдаланып, жалган деп жаткан бир ууч жарандарыбызга кайрылып кетейин. Өзүңөр өлкөнүн өсүшүнө пайда келтирбесеңер дагы, зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Өлкөбүздө ушундай жакшы иштер жасалып жатканда, тескерисинче, сүйүнүп, колдоп-коштоп ийгилик каалап турсаңар жакшы эмеспи.

Эсиңиздерге сала кетсек, 4-августта  Минкабдын басма сөз кызматы тараткан “12 жылдан кийин “Жыргалаң” көмүр кени иштей баштады” деген маалыматты 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев калпка чыгарып минтип жазган эле “Ири-ири иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахта Бакыт Дөргөев ачкан “Дөргө-көмүр” ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу “Жыргалаң көмүр шахтасы” иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле. “12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди” дегенди уккан Аксуу, Жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен? Журналисттер маалыматты да тактап, ашыра чаппай, апыртып жибербей бергени туура болот го дейм”.

Жарым жылда Илон Маск $105 миллиард, Алишер Усманов $564 миллион долларга байыды

Дүйнөнүн эң бай адамы катары таанылган Илон Маск алты айда 105 миллиард доллар киреше таап, байлыгы 242 миллиард долларга жетти. Кийинки орундарды Бернард Арно (198 миллиард доллар) жана Жефф Безос (157 миллиард доллар) ээледи.

Муну планетанын эң бай 500 адамын тизмектеген Bloomberg Billionaires Index тастыктайт.

Дүйнөдө миллиардерлер 2023-жылдын биринчи жарымында 852 миллиард долларга байышты. Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча бул ар бир миллиардер күнүнө 14 миллион доллар киреше алып жатканын билдирет.

Эң бай адамдардын тизмесине кирген Алишер Усманов алты айда 564 миллион доллар киреше тапты. Ал 19 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай адамдарынын арасында 93үнчү жана Орусиядагы эң бай адамдардын арасында алтынчы орунда турат.

Быйыл алты айында орусиялык миллиардерлердин жалпы байлыгы 32 миллиард долларга өстү.

ЛУКОЙЛдун башчысы Вагит Алекперов 2023-жылдын биринчи жарымында эң көп киреше тапкан орусиялык миллиардер болду. Ал байлыгын 5,9 миллиард долларга көбөйтүп, 21,3 миллиард долларга жеткирди. Бирок Орусиянын эң бай адамдарынын тизмесинде биринчи орунда 29,8 миллиард доллар байлыгы менен “Норникель” компаниясынын ээси Владимир Потанин турат. Ал алты айда 1,23 миллиард доллар тапкан.

УТРК "Чекит медианын" фейк-фабрика тууралуу иликтөөсүнө жооп берди

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) “Чекит медиа” жана анын журналисти Асел Сооронбаеванын фейк-фабрика тууралуу кезектеги иликтөөсүнө жооп берди. Мекеменин билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

УТРК аталган программада айтылгандай эле WhatsApp мессенжеринде телеканалдын атайын “УТРКны таанытуу” деген тайпасы бар экенин ырастайт. Ошол эле маалда медиа ал бийликти жактап, башкаларды каралоо максатында эмес, корпорациянын өзүн таанытуу максатында түзүлгөнүн билдирди.

“Аты айтып тургандай эле, бул тайпа Улуттук телерадиоберүү корпорациясын таанытуу жана даярдалган материалдарды жайылтуу, таратуу максатында түзүлгөн. “Комментарий жазгыла, бөлүшкүлө” деген буйрутмалар УТРКда даярдалган продукцияларга карата гана айтылат. “Чекит медиа” жана Асель Сооронбаева өзү билип, тыянак чыгаруудан мурда бизге байланышып, тактап алса туура боло турганын билдиребиз. Бул тайпага УТРКда эмгектенген кызматкерлер кошулган. Бүгүнкү замандын талабын, социалдык медианын күчүн эске алуу менен УТРК өзү даярдаган материалдарын, жасалып жаткан жаңыланууларды, эл аралык ишмердүүлүгүн ушундай ыкма менен таратууну колго алган. Асель Сооронбаеванын “WhatsApp тайпа бийликтин оппоненттерин каралоо максатында иштейт” дегени чындыкка коошпойт”, – деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Мунун алдында “Чекит медиа” платформасы фейктерге байланыштуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген аталыштагы программанын экинчи чыгарылышында да социалдык тармактарда фейк аккаунттар бийликти мактап, ага каршыларды каралап жатканын, бул үчүн “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин, Улуттук телерадио корпорациясынын жана ар кайсы министрликтин кызматкерлери да тартылып жатканын баяндалган. Аталган мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү программанын ичинде муну төгүнгө чыгарышкан.

“Чекит медиа” платформасы биринчи иликтөөсүн 20-июнда жарыялаган. Анда да журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан.

Программада 2022-жылы ноябрда жаңы бөлүмдүн ишке кириши менен бийликти мактаган окшош билдирүүлөр социалдык тармактарда журналисттердин өздөрүнүн атынан да, ошол эле учурда фейк-аккаунттар тарабынан да көп бөлүшө баштаганын аныктаган. Ошондой эле иликтөөдө фейк-аккаунттар менен УТРКнын SMM бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин түздөн-түз байланышын фактылар менен көрсөтүп берген.

Берүүдө фейк-фабриканын артында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлүп, аны Орунбековдун четке каккан жообу кошо берилген. Орунбеков менен УТРК муну ошондо да төгүндөп чыккан.

Кыргызстандагы жети редакцияны бириктирген Checkit Media платформасы быйыл февралда фейк жана манипуляция менен күрөшүү максатында түзүлгөн. “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан платформага Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кирет.

Меню