Menu

САЯСАТ

АКШ COVID-19дун келип чыгышы тууралуу Чалгын кызматынын маалыматтарын ачыктайт

АКШнын президенти Жо Байден чалгындоо кызматтарын COVID-19дун келип чыгышы тууралуу болушунча көбүрөөк маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирген мыйзамга кол койду.

“Биз COVID-19дун келип чыгышы, анын ичинде коронавирустун Ухань шаарындагы вирусология институту менен ыктымал байланышын аныкташыбыз керек. COVID-19 боюнча болушунча көбүрөөк маалыматты ачыктоо тууралуу Конгресстин максатын колдойм. Бирок маалыматтар толук жарыяланбайт, анткени ал улуттук коопсуздукка зыян алып келиши мүмкүн”, – деди Байден.

Марттын башында АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирген. Анын айтымында, мекеме “көптөн бери эле” бул версияны приоритеттүү деп эсептеп келген.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганына байланыштуу быйыл февралдын ортосунда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган.

Бээжин COVID-19 кытай лабораториясында тараганы боюнча божомолдорду бир канча жолу “негизсиз” атап, АКШда да коронавирус изилденгенин жана вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

Садыр Жапаров: Дүйнөдөгү окуялардын фонунда тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуу маанилүү

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нооруз майрамына карата куттуктоосунда Тажикстан менен чек араны тактоо иштерин аягына чейин чыгарууну убадалады.

Президент өз сөзүндө ошондой эле дүйнөдөгү кырсыктар менен согуштук жаңжалдардын фонунда коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маанилүү экенин белгиледи.

“Биз да дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ынтымагыбызды сактап, көп улуттуу мамлекетибизде тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуунун канчалык маанилүү экенин аңдап-сезишибиз кажет”, – деди президент.

Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин Тажикстан менен чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып, акыркы эки жылдан бери эң ири куралдуу кагылыштар катталды.

Бердымухамедов Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болорун билдирди

16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышкан Түркмөнстандын Элдик кеңешинин (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан жакын арада бул уюмга мүчө болоруна ишенерин билдирди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Бердымухамедов: “Түркмөнстан эми уюмга байкоочу эмес, чыныгы мүчө катары катышат”, – деген.

Мындан тышкары ал Түркия президентин Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү колдогон.

Бердымухамедов Эрдоган менен 22 жылдан бери тааныш экенин белгилеп, аны өз эли гана эмес, жалпы мусулман элдеринин бейпил жашоосу үчүн улуу иштерди жасап жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы деп атаган.

2009-жылы бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген ат менен алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болгон. 2019-жылы Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирип, былтыр альянс Түрк мамлекеттер уюму деп аталып калган. Түркмөнстан менен Венгрия азырынча байкоочу макамга ээ.

CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды "жабык" өлкө деп атады

Дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды “жабык” өлкө деп тапты.

Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

CIVICUS Тажикстан жабык өлкөлөрдүн катарына Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы митингдерди күч менен таркатканы үчүн киргизилгенин билдирүүдө. Баяндаманын авторлору укук коргоо органдарынын аймактагы “атайын операциясы” маалында жарандарга карата ашыкча күч колдонулуп, негизсиз кармоолор, кыйноолор жана адам өлтүрүүлөр болгонун жазышкан. Мындан тышкары бул өлкөдө көпчүлүк коркуп жашай турганы, жарандар өз пикирин айтканы жана тынч митингдерге чыкканы үчүн камакка алынары белгиленген.

“Көз карандысыз журналисттер, жарандык активисттер, адвокаттар жана укук коргоочулар куугунтукталып жатат. Мындай шартта бийликтин оппоненттеринин үнү барган сайын азаюуда”, – деп жазылган баяндамада.

Азырынча тажик бийлиги CIVICUS уюмунун бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

2022-жылы май айында Хорогдун тургундары нааразылык акциясына чыккан. Алар милициянын 2021-жылдын ноябрындагы операциясы учурунда каза болгон жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Бийлик чогулгандарды “уюшкан кылмыштуу топ” деп атап, аларды таратуу үчүн кошумча күч жөнөткөн. Жолдо Рушан районунун жашоочулары укук коргоо кызматкерлеринин жолун торошкон. ИИМ тургундар күч түзүм кызматкерлерине кол салганын айтып, “антитеррористтик операция” баштаганын билдирген. Анын жыйынтыгында 34 киши өлүп, ондогон адам кармалганы кабарланган.

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды. Бул тууралуу 14-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “тажик тарап расмий эскертүүсүз эле кыргыз жарандарын өлкөгө киргизбей коюуда”.

“Душанбе эл аралык аэропортундагы чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай учурларда кайра авиабилет сатып алууда жана транзиттик аймакта кийинки каттамды күтүүдө кошумча чыгымдар жаралууда”, – деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кеткен. Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Министрлер кабинети Бишкектин мэрин түз шайлоого каршы чыкты

Министрлер кабинети Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна терс корутунду берди. Бул тууралуу 14-марттагы жыйында депутат Жанарбек Акаев билдирди.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун макамы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу документти парламенттеги “Альянс” фракциясынын депутаттары иштеп чыккан.

Акаевдин айтымында, министрлер кабинети өзүнүн терс кортунусунда түз шайлоо туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

“2020-жылдын октябрь окуясынан бери Бишкекте сегиз мэр алмашты. Түз шайлоо стабилдүүлүккө алып келет деп эсептейм, анткени мэрди шаардыктар өздөрү тандайт. Мэр өзүнүн программасы бар, такшалган адам болушу керек”, – деди Акаев.

Депутат мыйзам кабыл алынса, шайлоо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин болорун жана шаар башчысы депутаттар менен чогуу шайланарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети талкуудан кийин мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Мурда шаар мэрлерин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.

Москва соту "Эркин Европа/Азаттыктын" Орусиядагы өкүлчүлүгүн банкрот деп жарыялады

13-мартта Москва шаарынын Арбитраждык соту Орусияда “Эркин Европа / Азаттык” медиакорпорациясынын атынан иш алып барган “РСЕ/РС” жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп тааныды. Сотко былтыр мартта Федералдык салык кызматы кайрылган.

“Чет өлкөлүк агент” мыйзамын аткарбаганы үчүн медиакорпорациянын орус тилиндеги тогуз долбооруна, анын ичинде “Азаттыктын” орус кызматына миллиондогон айып пул салыган. Корпорация аны төлөөдөн баш тартканы үчүн банкрот деп таанылды.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосу Орусиядагы мыйзамдардын жоболорун журналисттердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жараткан саясий цензура деп мүнөздөйт. Медиа уюм орус бийлигинин чечимдерине каршы Орусиянын башка сотторуна жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылат.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден көп өтпөй Роскомнадзор “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун сайттарын Орусиянын аймагында бөгөттөгөн. Медиа уюм Орусияда 1991-жылы ачылган бюросу жабылганын жана Латвиянын баш калаасы Ригада жаңы кеңсесин ачканын жарыялаган.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун 30 кызматкерин “чет өлкөлүк агент” деп жарыялаган. Бир катар эл аралык уюмдар орус бийлигинин “Эркин Европа / Азаттык” радиосуна басымын айыпташкан.

Орустардан коркпой "Украинага даңк!" деп айтып, автоматтан ок жеп, каза болгон украиналык туткун жоокер Александр Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылды

Украинанын Коопсуздук кызматы “Украинага даңк!” деп айткандан кийин орус аскерлери атып өлтүргөн жоокердин тек-жайы аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маркум жоокер Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасынын 163-батальонунун көзгө атары Александр Мациевский болгон. Ал өткөн жылы 30-декабрда атылып, сөөгү Украинага быйыл февралда кайтарылган.

12-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылганын билдирди.

Токойдо аскер кийимчен турган киши “Украинага даңк!” деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетке тараган. Украина бул көрүнүштү аскердик кылмыш деп атап, аны эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырган.

Орусия азырынча бул видео боюнча комментарий бере элек.

Садыр Жапаров эки ири инвестициялык долбоор, Хабибулла Абдукадыр тууралуу

Президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү баасы $321 млн түзгөн көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап «Ыйман борбору» мечитинин курулушу, ошондой эле бизнесмен Хабибулла Абдукадыр тууралуу суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

— Хабибулла Абдукадыр аттуу бизнесмен буга чейинки президенттер менен байланышы болгон, эми азыркы президентке да жол тааптыр дегендер чыгууда. Ал сиз капсуласын салган объекттерде инвестор деп да айтылууда. Ушуга комментарий берсеңиз?

— “Дүйнөлүк бренддеги беш жылдыздуу мейманканаларды Кыргызстанга чакырып жатам. Беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер беребиз, 5 жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотобуз” деп жарыя кылдым. Анын негизинде инвесторлор келди. Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки “Нарын” ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Баасы 321 млн долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш айгы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет.

Ошондой эле 20 миң адам бата турган, баасы 51 млн доллар турган мечит- медресе салып башташты. Бул мечитти “Аллахтан сооп табабыз” деп Кыргызстан мусулмандары үчүн бекер салып беришмей болду. Курулуш бүтөөрү менен муфтияттын балансына өтөт. Бул мечит-медресе салынып бүткөндөн кийин дин жолуна түшкөн балдар-кыздарыбызды чет өлкөлөргө чыгарбастан өзүбүздөн, өзүбүздүн саясат менен, өзүбүздүн каада-салтыбыз менен окутабыз. Ошого шарт түзүлүп жатат. Буга чейинки ар кайсы өлкөлөрдөн окуп келишип ар кайсы динди, ар кайсы кийимдерди жайылтып жүргөндөрдү бара-бара бир нукка салабыз деген планыбыз бар.

Мындан сырткары, Бишкектин ичинен жер сатып алышып “Бишкек-сити” деп кичи шаарча салмай болушту. Мурда эле пландап жүрүшкөн экен. Бизде тынчтык орнобой бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип, булар Ташкентке кетип, “Ташкент-ситини” куруп бүтүп калышыптыр. Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы бир жарым млрд доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?

Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам.

Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат баарын.

Дагы бир элдин эсине салып койчу нерсе. Мурда бажы тармагынан саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акчалар агып кирип турган. Ал система азыр жок. Мындан ары да – мен бийлик башында турганда болбойт. Ошол системаны 2021-жылдын аягы барып араң сындырдык. Ошондон кийин мурда бюджетке 38 миллиард сом чогултуп жүргөн бажы тармагы 2022-жылы 78 миллиард сом акча чогултту. Бул деген сөз мурдакы сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллард сом акча бюджетке түштү деген сөз. Бул жылы 90 миллиарддан ашырасыңар деп план коюп бердим.

Албетте, коррупцияны жүз пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Азыр да майда-чүйдө коррупциялары бар. Пенде болгондон кийин пендечилик кылышат экен. Кармалып жатышат. Уурдаганын эки-үч эселеп кайтарып берип бошоп атышат. Бара-бара майда-чүйдө коррупцияларын дагы жок кылабыз. Убакыт керек.

— Сурообузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Акылбек Жапаров Өзбекстандын Асака шаарындагы «UzAuto Motors» автозаводуна барды

Өзбекстан Республикасында жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Асака шаарындагы (Анжиян облусу) «UzAuto Motors» акционердик коомунун заводундагы өндүрүш процесси менен таанышты.

Өндүрүш менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров Асака шаарындагы автозавод инвестиция тартуунун жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштуруунун жакшы үлгүсү экендигин белгиледи.

«Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында өнөр жай кооперациясын жайгаруу зарыл. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында «UzAuto Motors» заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек», – деп белгиледи ал.

Маалымат үчүн: Асака шаарындагы заводдун курулушу 1994-жылдын июнь айында башталган. 1996-жылдын март айында ишканада Damas унаасын чыгаруу башталган.

Учурда ишкананын конвейеринен Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаа үлгүлөрү чыгарылууда.

Өткөн жылы завод 327 миң автоунаа чыгарса, быйыл 400 миңге чейин автоунаа чыгаруу пландалууда.

Меню