Menu

САЯСАТ

Украин элчиси кыргыз депутаттарынын Крымга барганына нааразы болду

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын айтып, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылыгын билдирди.

Дорошенко кыргыз депутаттары Орусиянын чакыруусу менен 18-21-март күндөрү башка өлкөлөрдүн депутаттарынын катарында Крымдагы жыйынга катышканын билдирди. Элчи «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «кыргыз бийлиги аны угуп, тиешелүү чараларды көрөт» деген үмүтүн билдирди.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Крымга кыргыз депутаттарынын расмий сапары болбогонун билдирди. Депутаттардын өздөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Депутат Ирина Карамушкина 24-мартта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн жарыялап, “Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деген пикирин калтырган.

Тышкы иштер министрлиги азырынча Украина элчисинин кайрылуусу боюнча расмий маалымат бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Д. Орунбековго мунапыс колдонулганы менен анын 2 млн айып пул төлөө жоопкерчилиги күчүндө

Д. Орунбековго мунапыс колдонулганы менен анын 2 млн айып пул төлөө жоопкерчилиги күчүндө. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Д.Орунбеков 2014-жылы 30-сентябрда “maalymat.kg” сайтына Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала жарыялагандыгы үчүн КР Башкы прокуратурасы сотко кайрылып, Аламүдүн райондук соту 2015-жылдын 29-июнунда Орунбеков Дайырбек Тейишовичке карата жарандык ишти караган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала тараткандыгы үчүн моралдык компенсация катары  Д. Орунбековдон 2 млн сом айып пул төлөө чечимин чыгарган.

Бул чечим 03.09.2015-жылы Чүй областык соту тарабынан күчүндө калтырылган.

Бирок Д. Орунбеков айып пул төлөө тууралуу соттун чечимин аткарган эмес. Ушуга байланыштуу Орунбековго карата Аламүдүн районунун сот аткаруучусу тарабынан сот аткаруу өндүрүшү козголгон.  2015-жылдын 2-декабрында Орунбековго өз ыктыяры менен 10 күндүн ичинде соттун чечимин аткаруу сунушу берилген. Кийин да бир нече жолу жалган маалыматты төгүндөөсү тууралуу эскертүү алган. Соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн анын үстүнөн жазык иши козголгон.

2017-жылдын 10-февралында Октябрь райондук сотунда жогорудагы жазык иши боюнча ачык соттук процесси өттү.

Октябрь райондук соту бул жазык  ишти кароодо, Д. Орунбековго карата анын мурун соттолбогондугун эске алуу менен жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырып, мунапыс колдонуп, жазык ишти кыскарткан. 27.03.2017-жылы Бишкек шаардык соту бул токтомду күчүндө калтырган.

Бирок баса белгилей кетчү нерсе, Д. Орунбековго карата чыккан Аламүдүн райондук сотунун 29.06.2015-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала тараткандыгы үчүн моралдык компенсация катары  2 млн сом айып пул төлөө чечими күчүндө жана аткарылууга милдеттүү.

ЕБ Орусиядагы антикоррупциялык акция маалында кармалгандарды бошотууну талап кылды

Европа биримдиги Орусия бийлигин 26-мартта өткөн антикоррупциялык акциянын кармалган бардык катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. ЕБдин Орусияга жолдогон билдирүүсүндө полиция өлкөнүн баш мыйзамында бекитилген сөз эркиндиги жана тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигине тоскоолдуктарды жаратканы айтылат.

Евробиримдик орус бийлигин эл аралык милдеттенмелерин толук сактоого, адам укуктарын сыйлоого жана кармалган тынчтык митингинин катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. Орусиядагы нааразылык акциялардын катышуучуларынын кармалышын АКШ да айыптады.

Кремль ЕБ менен АКШнын билдирүүлөрүн «көңүлгө алуудан» баш тартты. Жооп катары Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Европа Кеңешиндеги милдеттенмелер өлкөнүн ички мыйзамдарын бузуу зарыл дегенди билдирбейт”, – деди.

26-мартта Алексей Навальный тарабынан уюштурулган жемкорлукка каршы акциялар Орусиянын ондогон шаарларында өткөн. Бирок алардын көбүнө жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилген эмес. Митингдердин жүрүшүндө жалпысынан бир нече миң кишинин кармалгандыгы кабарланууда. Навальныйдын өзү жана башка активисттер түрдүү айыптар менен 15 суткага камалышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда Украинанын мурдагы премьер-министри Яценюк сырттан камакка алынды

Орусияда Украинанын мурдагы премьер-министри Арсений Яценюк сырттан камакка алынды. Мындай чечимди Ессентуки шаардык соту кабыл алды. Орусиянын Тергөө комитети аны чечен согушуна катышкан деп айыптоодо.

2015-жылы Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыгин 1994-1995-жылдары Чеченстандагы биринчи согуш маалында Яценюк чечен жикчилдеринин курамында федералдык күчтөргө каршы согушканын билдирген. Андан соң украин саясатчысына каршы кылмыш иши козголуп, 2017-жылдын февралында ал Орусия бийлиги тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Арсений Яценюктун өзү Ессентуки шаардык сотунун чечимин «сандырактык» деп атады. Анын пикиринде, «Кремль украин саясатчыларын куугунтуктоого юридикалык механизмдерди издөөдө».

1995-жылы Яценюк 21 жашта болчу. Анда ал Украинанын Черновцы шаарындагы университетте окуп жүргөн. Буга чейин Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Украинанын мурдагы премьер-министринин биринчи чечен согушуна катышкандыгы тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулардын графиги

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Жогорку Кеңештин депутаты К.Бокоев демилгелеген жана 2017-жылдын 16-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору боюнча кеңири талкууну камсыз кылуу максатында:

2017-жылдын 23-мартында Баткен шаарында саат 9:00-дөн 13:00-чейин (дареги, Садыков көчөсү, 1);

27-мартында Талас шаарында саат 10:00-дөн 14:00-чейин (дареги Бердике Баатыр көчөсү, 284);

28-мартында Бишкек шаарында Жогорку Кеӊештин чоӊ жыйындар залында саат 10.00-дөн 14.00-чейин (дареги Чуй пр. 205);

31-мартында Жалал-Абад шаарында саат 10.30-дан 14.00-чейин (дареги Эркиндик көчөсү,11) парламенттик угууларды өткөрөрүн маалымдайт.

Мындан сырткары, жогорудагы парламенттик угуулардын өткөрүүнүн алкагында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын турмушка ашырылышына контролду жүзөгө ашыруу боюнча маселе дагы каралат.

Ошол себептен, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн,  жарандарды жана алардын бирикмелерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн аталган иш чарага катышуу үчүн чакырабыз.

Уюштуруучулук жана парламенттик угууга катышуу маселелери боюнча (0 312) 63-92-57 телефону аркылуу же болбосо электрондук почта [email protected] боюнча кайрылсаңыздар болот.

 

Жогорку Кеӊеште айыл өкмөтүнүн башчысын тикелей шайлоо усулун киргизүү демилгесине арналган парламенттик угуу өтүүдө

Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитеттин демилгеси менен уюштурулган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси – депутат Кенжебек Бокоев. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Демилгечинин айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тутумун ыраатташтыруу чаралары сунуш кылынууда. Анын пикиринде, айыл өкмөтүнүн башчысын тикелей шайлоо аларга карата жергиликтүү калктын ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт. Ал үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” сындуу бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган мыйзам долбоорлоруна арналган парламенттик угуулар буга чейин Бишкек, Баткен, Талас, Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда өткөрүлгөн. Иш-чаралардын алкагында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамдын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча маселе да каралган.

 

Депутат К.Бокоев: “Аймактардагы жарандар айыл өкмөт башчыларын шайлоодо программалардын күрөшү болбой жатканын сынга алышты”

Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңеште “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кенжебек Бокоев элеттиктердин маселесинде аймактардагы элдин ой-мүдөөсүн жеринде барып билүү үчүн республиканын бир катар облустарында парламенттик угууларды өткөрүп келгендигин билдирди. Демилгечи өз сөзүндө КР Башмыйзамында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнчө институт экени белгиленгендигин, андам улам жер-жерлердеги башкаруу органдарынын бухгалтерлери Каржы министрлигинин алында каражат сурап жүрбөшү керектигин баса белгиледи. “Демек, финансылык децентралдаштырууну аягына чыгаруу керек”,- дейт демилгечи.

Депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбооруна киргизилип жаткан жаңы түзөтүүлөр катары жергиликтүү кеңештер менен айыл өкмөт башчыларын шайлоонун бир мыйзамга жыйнаштырылып жатканын, айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо керектигин чечмелеп берди. Ал айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлап койгон учурда калың элдин катмары кандай адам айыл өкмөт башчысы болгондугу боюнча кабарсыз калып, нааразычылыктар жаралгандыгын кезинде өз башынан өткөргөнүн билдирди. Бул мыйзам долбоору боюнча жер-жерлерде өткөрүлгөн парламенттик угууларда жарандар айыл өкмөт башчыларын шайлоодо программалардын күрөшү болбой жатканын сынга алышкандыгын баса белгиледи. “Жергиликтүү кеңештердин 11 депутатын колго алып коюу толук мүмкүн экендигине ынандык”,- дейт К.Бокоев.

Демилгечинин маалыматы боюнча мыйзам долбоорундагы жаңы сунуштардын бири -жарандар айыл өкмөт башчылыгына өзүн өзү көрсөтө алышы. Ошону менен катар жергиликтүү кеңеш депутатарын шайлоону 4 жылдык мөөнөттөн 5 жылдык мөөнөткө алмаштыруу сунушталууда. К.Бокоев мындай түзөтүүнү дээрлик жыл сайын эле шайлоо өткөрөр бербей, Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин шайлоосун бир жылга тууралоо максатка ылайык боло тургандыгы менен негиздеп берди.

“Айыл өкмөт башчысын түз шайлоону БШК тарабынан өткөрүлүп, каржылык чыгымдар кетери долбоордун терс жагы болгону менен мында уюшкан кылмыш топтору сындуу ар кандай күчтөрдүн жергиликтүү кеңеш депутаттарына болгон кысымдары түз шайлоодо болбойт”,- дейт мыйзам долбоорунун демилгечиси Кенжебек Бокоев.

Баяндамадан соң парламенттик угууга келгендер мыйзам долбоору боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүүдө.

Белгилей кетсек, аталган парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык министрликтер менен ведомстволордун, жогорку окуу жайлардын тармактык факултеттеринин жана Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Эске салсак,  Жогорку Кеңештин депутаты К.Бокоев демилгелеген жана 2017-жылдын 16-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” жана “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) мыйзам долбоорлору боюнча кеңири талкууну камсыз кылуу максатында жер-жерлерде өткөрүлүп келе жатат.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук кеңешинин жыйналышы 3-апрелге жылдырылды

Үстүбүздөгү жылдын 29-мартына белгиленген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук кеңешинин  V жыйналышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча 3-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйналышта “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө” маселе талкууланат.

Кудурет Тайчабаров, журналист: "Бакиевдин жан сакчысы митингде жүрөт" дегендер, Бакиевдин премьери президент болуп олтурат...

“Бакийиптин жансакчысы митингде жүрөт” дегендер, Бакийиптин премьери президент болуп отурат, Бакийиптин курултайын өткөргөн адам спикер болуп отурат, Бакийиптин губернатору өкмөт жетектеп, Максимдин оң колу президенттик администрацияны жетектеп, кийинки президент болом деп отурат…
Тилди кычыштырбай жөн отургулачы…
Кеп Ак үйгө кирип ажыдаар болуп кеткендер жана адам бойдон калгандар жөнүндө болсунчу…

Журналист Кудрет Тайчабаровдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Белгилүү тележурналист Ислам Каримовдун көңүлдөшү болгонун четке кагууда

Кезинде Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун басма сөз катчысы болуп иштеген совет доорундагы белгилүү өзбек тележурналисти Лола Хатамова мамлекет башчы менен болгон сүйүү мамилелери тууралуу айтылган ушактардан улам коомчулуктан четтегенин билдирди.

Лола Хатамова «Азаттыктын» өзбек кызматына курган эксклюзивдүү маегинде Ислам Каримов менен чырдашкандан кийин алгач жумуштан бошоп, кийин АКШга көчүп кеткенин билдирди. Ал өлкөнүн туңгуч президенти менен сүйүү мамиледе болбогонун, бирок Каримовдун ага карата мамилеси жана анын 1990-жылдардагы карьералык өсүүсү түрдүү ушактарды жаратып, жыйынтыгында президенттин аппаратынан кетишине себеп болгонун айтты.

“Ал кезде мен жаңы гана иштеп баштаган жаш кадр болгом жана мамлекет башчынын көңүлүнө жаккыдай эч нерсе деле кылган эмесмин. Анан да ал кезде өзбек коомчулугунда улутчулдук көз караштар күчтүү болгон. Көпчүлүгү Ислам Каримовдун аялынын орус улутунан экенин жакшы билишчү. Ошондуктан айрым орустар айтып жүрүшкөндөй ал орус аялы менен ажырашып, өзбек аял алат деп ойлошкондур. Мен мындай кептердин кайдан чыкканын билбейм, бирок алар менин жумуштан бошошума себеп болгону чын”,- деди Хатамова.

Ал Ислам Каримов бүтүндөй бир мамлекеттин башчысы болуп алып кичинекей баласы бар жалгыз аялга болгон күчүн көрсөткөнүн айтып, ага карата таарынычын билдирди.

Лола Хатамова дагы деле Өзбекстандын жараны экенин жана мекенине тез-тез барып, жаңы мамлекет башчысынан жакшы өзгөрүүлөрдү гана күтүп жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню