Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Түркмөнстанда VISA төлөм карталарынын ээлерине жаңы чектөөлөр киргизилди

Түркмөнстандын банктары эл аралык VISA төлөм системасынын пластик карта ээлерине карата кайрадан чектөөлөрдү киргизишти.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине эртең мененки 9дан кечки 6га чейин эсебин толтуруу үчүн банктарга барууга тыюу салынды. Ошол эле маалда банктагы акча кабыл ала турган кассалар 9:30дан 16:00гө чейин гана иштей тургандыгы айтылууда.

Банктар VISA картасына акча салууга келген адамдардан жумушунан маалымкат алып келүүнү талап кылышууда. Анда жарандын учурда эмгек өргүүсүндө жүргөндүгү же суранып кеткендиги ырасталып, кирешеси көрсөтүлүшү керек. Бул документи жокторго картасына акча салууга уруксат берилбейт.

Өз кезегинде борбордогу бир нече ишкананын кызматкерлери банктар талап кылган маалымкаттарды алуу кыйын болуп жатканын билдиришти. Айтымдарында, андай документ алуу үчүн кеминде эки жетекчинин макулдугу керек болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Свердлов РИИБнин кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

Милицияга жаран арыз менен кайрылып, “Халил” аттуу жаран арыздануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаасын укукка жат түрдө ээлеп алып, ушул күнгө чейин бербей изин жашырып качып жүргөнүн билдирип, ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн сураган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жабырлануучуга келтирген чыгымдын жалпы суммасы 260 000 сомду түзгөн.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп, натыйжасында мурда соттолгон Ысык-Көл облусунун 1980-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу кармалган.
Тергөө учурунда кылмышка шектүү башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бир миллион сомдук чыгым келтирген ууру кармалды

Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын 11-сентябрь күнү белгисиз адам жабырлануучунун “Lexus 570” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен “Верту” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана өздүк буюмдары менен акча каражаты салынган сумкасын уурдап кеткендигин билдирген. Жалпы чыгымдын суммасы 1 000 000 сомду түзгөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжасында мурда соттолгон 29 жаштагы С.Н. аттуу жаран кармалган.
Тергөө учурунда С.Н. аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын катоосунда тургандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылымш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Токтогул районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 33 жаштагы Н.А. аттуу жашоочусу кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган адам ушул жылдын 28-октябрь күнү Токтогул жана Аксуу райондорунда жайгашкан сайрайлардан жети койду уурдап кеткен.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жабырлануучуларга келтирген жалпы чыгымдын суммасы 35 000 сомду түзгөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Күйөөсүнүн артынан аялы о дүйнөгө узады

Кеминдеги аймактык ооруканага бычак жеген аял түшүп, өзүнө келбей каза болгон. Аталган факты боюнча дарыгерлер дароо райондук милицияга кабар берген. Милиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп, каза болгон аял 50 жашта экенин аныкташкан. «6-ноябрда Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринде маркум аял сентябрь айында каза болгон күйөөсүн эскерүү ариетин жасаган. Анда аял менен Сергей аттуу кишинин ортосунда кайым айтышуу болуп, ал аялды көкүрөк тушка сайып, изин жашырып кеткен» деп айтылат маалыматта.

Булак: “Азия Ньюс”

ИИМдин кызматкерлери 5 килограммдан ашык баңгизаты менен Москва районунун тургунун кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери 8-октябрь күнү Москва районунун Сретенка айылында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында 1979-жылы туулган М.В. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган жаранды текшерүү учурунда жанынан кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар, жашыл-күрөң түстөгү шектүү зат салынган кап табылган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жалпы салмагы 5 килограмм 500 граммды түзгөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Казакстанда айыл тургундарынын куралдуу кагылышуусунан бир киши каза болду

Казакстандын Жамбыл облусундагы эки айыл тургундарынын ортосундагы куралдуу кагылышуудан бир киши каза болуп, жетөө жаракат алды. Бул тууралуу облустук ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Полициядан кабарлашкандай, Аса жана Кумтыйын айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал 7-ноябрга оогон түнү болгон. Окуя 6-ноябрда эки айыл ортосунда каттаган автобус жүргүнчүлөрүнүн урушунан башталып, кийин түн ичинде уланган.

«Кечинде эки айыл жашоочуларынын ортосунда ок атылып, жаңжал чыккан. Жыйынтыгында райондук ооруканага түрдүү жаракаттары менен жети киши кайрылды. Андан тышкары Каракемер айылынын 30 жаштагы тургуну алган жараатынан каза болду», — деп билдиришти полициядан.

Бул иш боюнча тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милиция Текебаевдин адвокатынын үйүнө ууру киргенин ырастады

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун үйүнө ууру киргенин Бишкек шаардык милициясы ырастады. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Мира Абдылдаеванын айтымында, бул факты боюнча кылмыш иши козголо элек, учурда Биринчи Май райондук милициясы текшерүү ишин жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү саат 04:30дар чамасында белгисиз бирөөлөр Хасановдун үйүнө кирип, Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө кагаздарынын көчүрмөсүн жана сувенир тапанчаны уурдап кетишкен.

Адвокат Канат Хасанов “Мегаком” чатагы боюнча сот ишинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жактаган.

6-ноябрь күнү парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун үйүнө белгисиз бирөөлөр куралчан кирип, өлтүрүп кетишкен. “Ата Мекен” партиясы бул окуяны депутат Аида Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, саясий негизи бар деп билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ИИМ: Опузалап пара алуу менен Бишкек ШИИББнин ыкчам кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин ички иликтөөлөр кызматына Казакстан Республикасынын К.А. жана Д.Ж. атуу жарандары арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун кызматкерине карата чара көрүп берүүнү суранышкан. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 29-октябрь күнү 8000сом акча каражатын алып, бүгүнкү күндө кыргыз республикасынын чек арасынан өтүү жана кыргызстанда жүрүүсүнө уруксаат үчүн 20000сом пара талап кылып жатат деп билдирген.
Ушул жылдын 6-ноябрь күнү саат болжол менен 17:30 чамаларында Бишкек шаарынын С.Ибрагимов көчөсүндө жайгашкан “Ред центр” соода борборунун унаа токтотуучу жайынан 14000сом пара алуу учурунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты Б.А. атуу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кыргыз республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 313-1беренесинин 1- бөлүмү (пара алуу) жана 313-беренесинин 1-бөлүмүнүн(пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ушул эле күнү аталган кылмыш ишинин тергөө иштери Кыргыз Республикасынын УКМКнын башкы тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ИИМ өзүнүн катарын ишине жоопкерчилик менен мамиле кылбаган жана милиция кызматкерлеринин абройуна шек келтирген кызматкерлерден тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы мыйзам бузган кызматкерлерге карата тийиштүү иш чараларын жүргүзүүнү улантат.

Самаркандда белгилүү ишкерди бычактап кетишти

Өзбекстандын Самарканд облусунун Пастдаргам районунда белгисиз кишилер аймактагы белгилүү валюта ишкери Абдулла Арифжановго бычак менен кол салышты.

Укук коргоо органдарында иштеген кызматкердин айтымында, Абдулла Арифжановго ири суммадагы акчасын тартып алуу үчүн кол салышкан. Ишкер оор абалда ооруканага жеткирилген.

– Алар бычак менен кол салышып, бир нече миң долларын уурдашып, өзүн алма бакчасына таштап кетишкен. Учурда тергөө жүрүүдө. Кылмышкерлер изделдүүдө, – деди ал.

Маалыматтарга караганда, Абдулла Арифжанов Пастдаргам районундагы эң бай адамдардын катарына кирет. Ишкер бир нече дүкөндөргө ээ жана чет элдик валюталарды алып-сатуу менен алектенет.

Өзбекстанда валюта жана алтын менен иштеген ишкерлерге бычак менен кол салуу учурлары арбын.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню