Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Кыргызстанда "Йакын инкар" агымынын лидери камалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын инкар” диний агымынын лидери деп шектелген 47 жаштагы адам кармалганын билдирди. Ал 20-октябрда колго түшүп, Москва райондук соту тарабынан тергөө абагына эки айга камалган.

Бүгүн таратылган маалыматка ылайык, шектүү 20-октябрда Беловодск айылындагы мечиттердин биринде өлкө аймактарынан чогулган “йакын инкарчылардын” жыйынын өткөрүп жаткан жеринен кармалган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, ал Индия, Бангладешке бир канча ирет барып, ал жакта жылына өтүүчү ар кандай диний агымдардын жыйынына катышып турган.

Шектүү 2003-жылы бул агымга кошулуп, “Йакын инкарга” тиешелүү урду тилиндеги 20дан ашуун китепти кыргыз, орус тилдерине которгон. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү болгон жана өлкөдө “Йакын инкар” агымын түптөгөндөрдүн бири катары сыпатталууда.

Кармалган жарандын эки аялы жана 12 баласы бар. “Йакын инкардын” эрежеси боюнча балдары мектепке барган эмес. Ошондой эле социалдык, медициналык кызматтардан баш тартышкан. Балдары расмий каттоодо турбайт.

Ал Беловодск айылында эки башка даректеги үйдө турган. Күч органдары ал үйлөрдү тинтүүгө алып, экстремисттик маанидеги адабияттарды, аудио-видео дисктерди табышкан. Учурда алынган материалдар экспертиза үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга өткөрүлүп берилди. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту “Йакын инкар” агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Алар балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбоо керек деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Полиция Алматыда атышуу болгонун четке кагып, шектүүлөр кармалганын билдирди

12-ноябрь кечинде Алматыдагы «ыкчам иш-чаралардын» жүрүшүндө кылмышка шектүү эки киши кармалды. Бул тууралуу Алматы шаардык ички иштер департаментинен билдиришип, социалдык түйүндөрдө кабарланган атышуу тууралуу маалыматты четке кагышты.

Маалыматка караганда, жекшемби кечинде полиция унаалары шаардагы борбордук көчөлөрдүн бирин тосушкан. Басылмаларда атышуу болгондугу тууралуу билдирүүлөр пайда болуп, күбөлөрдүн сүрөттөрү менен видеолору жарыяланган. Бирок кийинчерээк полициядан атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын айтышты.

Жергиликтүү басылмалар Алматынын Ички иштер департаментинин басма сөз кызматына таянып, 12-ноябрда мекеменин кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Түштүк Казакстан облусунун 1994чү жана 1969-жылкы эки тургуну кармалганын кабарлашууда.

Полициядан билдиришкендей, шектүүлөрдүн автоунаасын текшерүү маалында жарык үндүү автомат, анын 30 огу жана аңчылык бычак менен бронежилет табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ош облусунда 4 килограммга жакын баңгизат менен жаран кармалды

2017-жылдын 8-ноябрь күнү болжол менен саат 09:20 чамасында Кара-Суу шаарынын балдар ооруканасынын жанынан Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1965-жылы туулган И.Г. аттуу Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүү жүргүзгөн учурда шектүүнүн башкаруусундагы “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү унаасынын багажынан күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар 4 килограммга жакын баңгизат табылып алынган.

Табылган заттар Ош ОИИБнин Криминалистика бөлүмүнө химиялык экспертиза өтүү үчүн тапшырылган. Жыйынтыгында гашиш баңгизаты болуп чыккан. Учурда Ош ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу-кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Опузалоо жолу менен пара талап кылган ИИМдин кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 28-октябрь күнү Ош облусу жана Ош шаары боюнча ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери Ош шаарынын Ленин жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишинен арыздануучунун башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп, Ош облусу жана Ош шаары боюнча БМЖККБнын мекемесинин короосуна негизсиз автоунаасын киргиздирип койгон. Андан соң, автоунаанын ачкычын, автотранспорт каражатын каттоодон өткөргөндүгү тууралуу күбөлүгүн алып, опузалоо жолу менен 300 (үч жүз) АКШ доллар акча каражатын талап кылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-берененин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-берененин 1-бөлүмүнө (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ушул эле күнү, аталган кылмыш ишин иликтөө үчүн Ош облусу жана Ош шаары боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКБга өткөрүлүп берилген.

2017-жылдын 9-ноябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин негизинде ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжасында Ош облусу жана Ош шаары боюнча Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын мекемесинин жанынан 10 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ош облусу жана Ош шаары боюнча БМЖККБнын ыкчам кызматкери, милициялыны лейтенанты Э.А. кармалган.

Кармалган милициянын кызматкери Кыргыз Республикасынын УКМКБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда бул кылмыш ишин Ош облусу жана Ош шаары боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКБгы иликтеп жатат.

Жумгал районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

2017-жылдын 9-ноябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Чаек айылынын Э.Матыев жана Айылчиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен 8 жаштагы И.Х аттуу баланы сүзүп, андан соң жол кырсыгы болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алган бала аймактык ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Бул туурасында Нарын ОИИБнин ПМБ билдирет.

Андан соң, жабырлануучунун 48 жаштагы С.Г. аттуу энеси Жумгал РИИБне арыз менен кайрылган. Жумгал РИИБнин жана Нарын ОИИБи боюнча ПМБнын өздүк курамы ыкчам-издөө иш-чараларын уюштурушкан. Натыйжасында Жумгал РИИБнин патрулдук милиция тобунун кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары “Субару-Импреза” үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы А.М. аттуу айдоочусу, Чаек айылынын тургуну кармалган. Тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Автоунаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, айдоочу Жумгал РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Токмокто 3 унаа кагылышып, каза болгон бар

Чүй облусунун Токмок шаарында 2017-жылдын 9-ноябры күнү саат 04:30да КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Бишкек-Торугарт айланма жолунун 52- чакырымында 3 унаа кагылышкан жерге барышкан, – КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя болгон жерде мамлекеттик № S 93-99 X үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана мамлекеттик № N 87-98 АА “Мерседес Бенц” Гигант  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ошондой эле мамлекеттик № S 96-34 Х “Мазда-323” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен “Мазда-323” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу 1989-жылы туулган  С. Ч. аттуу жаран кырсык болгон жерде каза болгон. Каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Видео - Москва абагындагылар өзбекстандык "мыйзамдагы уурунун" уулунун үйлөнүү тоюна акча чогултушту

Москвадагы №5 тергөө абагында “кылмыш дүйнөсүнүн” өкүлдөрү өзбекстандык “мыйзамдагы ууру”,  Бахти Ташкентский каймана аты менен белгилүү Бахтияр Кудратиллевдин уулунун үйлөнүү үлпөтү үчүн камактагылардан 100 миң рубль чогултуп беришти.

Бул тууралуу №5 тергөө абагында камалгандардын биринин аялы кабарлады. Бул маалыматты тастыктоо үчүн ал Telegram мессенжери аркылуу видеожазуу жөнөткөн.

Ал абактагы 17 киши, анын ичинде күйөөсү Бахтияр Кудратиллаевдин баласынын үйлөнүү үлпөтү үчүн 100 миң рубль чогултуп берүүгө аргасыз болушканын айтты.

– Бахти деген аларга күн сайын чалып жатты. Кызыл спорттук кийим кийген кишинин аты Гирихан, ал камераны көзөмөлдөйт. Абактагылар акчаны Бахти менен байланыштамын деп өзбек тилинде сүйлөп жаткан Бобирмирзо Гулямовго беришкен. Бардыгы болуп камактагылар 100 миң рубль чогултушту. Мен 5 миң рубль бердим. Айрымдары мындан да көп беришти. Мен болсо бул акчага балдарымды бир ай бакмакмын, – деп даттанды аял.

Бахти Ташкентский аты менен белгилүү криминалдык авторитет Бахтияр Кудратиллаев

Бирок Бахтияр Кудратиллаевдин шериктеринин бири бул маалыматты четке кагып, “мыйзамдагы ууруга” карата кутум уюштурулуп жатканын билдирди. Бирок ал октябрдын соңунда Бахтияр Кудратиллаев Ихтияр аттуу уулун үйлөнткөнүн тастыктады.

Бахти Ташкентский бир нече жолу соттолгон. Ага маңзат колдонуу, курал-жарак сактоо жана абактагы ички тартипти бузуу айыптары тагылган.

Курбусу аракка мас болуп 4-кабаттан жанындагы кызды түртүп ийди...

2017-жылдын 2-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 04:30 чамасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кичирайондордун биринде жайгашкан үйлөрдүн жанынан 18-20 жаштагы кыз эс-учун жоготуп жерде жатканын кабарлашкан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабырлануучуну оор абалда ооруканага алып кетишкен.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2017-жылдын 2-ноябрь күнү 6-кичирайондо жайгашкан батирлердин биринде болжол менен саат 03:30 чамасында жаш адамдар спирт ичимдигин ичишкени жана ортолорунда чыр чыгып, жабырлануучуну 4-кабатта жайгашкан батирдин терезесинен түртүп салганы маалым болгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр жабырлануучунун денесине жаракат келтиришкени аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишине шектүү катары борбор шаарыбыздын 1997-жылы туулган М.Д. жана 1998-жылы туулган С.Т. аттуу жашоочулары кармалып, сот тарабынан Бишкек шаарынын №2 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечими чыккан.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Меню