Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан 3,5 килограммдан ашык баңгизаттар алынды

Кемин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш ишинин натыйжасында ошол эле райондун Тар-Суу айылынын 41 жаштагы М.Н. аттуу жашоочусунун үйүнө Чүй ОИИББнин жана Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан тинтүү иштери жүргүзүлүп, короонун ичинде катылган жалпы салмагы 2 килограмм 166 граммды түзгөн баңгизатына окшош шектүү зат табылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми үйүнүн бир бөлмөсүнөн өңү жашыл түстөгү кара-куурай жыттанган майдаланып даярдалган жалпы салмагы 714 граммды түзгөн зат табылган. Ошондой эле Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ананьево айылынын 1969-жылы туулган С.К. аттуу тургунунан 700 грамм салмактагы марихуана баңгизаты табылып алынган. Алынган баңгизаттар экспертизага жөнөтүлгөн. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИМ: Синтетикалык баңгизаттарды сатуу тармагын уюштурган кылмыш топ кармалды

Жакында эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Синтетикалык баңгизаттарды сатуу тармагын уюштурган баңгизат топторунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иш- чаралар ийгиликтүү аяктады. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгы тарабынан узак убакыттан бери Оруссия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган, “СПАЙС” психотроптук заттарын даярдап, аны андан ары интернет булактары аркылуу сатууга багытталган улуттар аралык уюшулган баңгилик кылмыштуу тобу иштелип жаткан.

Жогоруда аталган баңгилик топ Бишкек шаарында шифрленген интернет магазиндери аркылуу баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу боюнча бутакталган тармакты жөндөп алган.

Аталган сайттар аркылуу психотроптук заттарды “текшерме сатып алуу” ыкмасы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө, “Qiwi капчыктарынын” электрондук эсеби аныкталган, аны баңгилик топтун лидерлери психотроптук заттарды сатып алууну каалаган жактардан акча каражаттарын алуу үчүн колдонушкан.

Фигуранттар “Qiwi капчыктарын” “жашыруун базардан” (DARKNET) шифрленген “TOR” интернет сайты аркылуу алып тургандыгы белгилүү болгон.

Мындан сырткары, баңги каражатарын сатып алуучу жактарга тиешелүү электрондук акча каражаттары Бишкек шаарында жайгашкан “Мобильник ЖЧКнан” Казакстан Республикасында жайгашкан “Natipey” ортомчу фирмасынын эсебине которулуп, андан ары Армения Республикасындагы “Qiwi” өкүлчүлүгүнө, андан ары Оруссия Федерациясынын Москва шаарындагы “Qiwi” банкынын электрондук эсебине түшүп турган. Андан соң көрсөтүлгөн электрондук эсептерден акча каражаттары “Visa” картасына которулуп, кийин Кыргызстан, Казакстан жана Оруссияда банкоматтар аркылуу накталай түрдө акчаланып турган. Ушундай жол менен баңгилик топтордун лидерлери психотроптук заттарды сатуу менен гана алектенбестен, кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууну да ишке ашырып келишкен.
Конспирациялоо максатында, сатуу тармагынын уюштуруучулары электрондук капчыктардын эсептерин, “жашыруун базардын” (DARKNET) жардамы менен системалык түрдө алмаштырып турушкан.

Кызмат тарабынан бардык, анын ичинде Оруссия Федерациясынын аймактарындагы кылмыштуу тармактарды аныктоо максатында, Оруссия ИИМнин баңгизаттарды контролдоо боюнча башкы башкармалыгы менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү демилгеленген. Өткөрүлгөн биргелешкен иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын аймагындагы акча каражаттарын накталай кылуучу “VISA” карталарынын ээлери аныкталган.

2017-жылдын 5 октябрында иштелип жаткан жактардын кылмыштуу ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иш-чараларды өткөрүү учурунда, Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттарды таратуучу тармактардын уюштуруучулары кармалган. Алар: Оруссия Федерациясынын жараны 1991 жылы туулган К.И., жана анын жарандык жубайы 1992 жылы туулган Б.Е., Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө алардан 1,5 грамм салмактагы “СПАЙС” психотроптук заты, кылмыштуу ишмердүүлүгүндө колдонуп жүргөн 208 000 сом жана 393 000 рубль суммаларындагы акча каражаты, ошондой эле компьютердик техника (6 бирдик ноутбук катуу дисктери менен), 3 виза картасы жана 4 даана уюлдук телефон 15ке жакын сим-картасы менен табылып алынган. Андан тышкары дрон учуучу аппараты табылган, ошонун жардамы менен өзүлөрү жашаган үйдү байкап турушчу. Бул аталган жаран К.И. психотроптук заттардын концентраттарын “Спайс” (химиялык аталышы MD MB (N)-2201(метил 3,3-диметил-2[1-(5-фторпентил)-1Н-индазол-3-карбоксамидидо]бутаноат) даярдоо үчүн “VIPOLE” жана “TELEGRAM” сыяктуу интернет сайттары аркылуу сатып алып, заказ кылган жөнөтмөлөрдү (посылки) жашыруун ыкма менен Казакстан Республикасынын Алматы шаарынан алып, жарандык аялы менен бирге Бишкек шаарына жөнөтүп турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө жогоруда аталган психотроптук заттардын концентраттары Алмата шаарына Кытайдан келип жаткандыгы аныкталган.
Фигуранттар үй шартында концентрантты 10 граммдан пакеттерге таңгактап, Ала-Арча капчыгайына катып, катылган жер тууралуу, мындан ары “СПАЙСты” даярдоого жана Бишкек шаарынын аймагы боюнча катылган жерлерди уюштурууга жооп берүүчү баңгилик топтун мүчөлөрүнө маалымдап турушкан.
Баңгилик топтун мүчөлөрү “VIPOLE” мессенджери аркылуу байланышып, бири-бирин көрүшчү эмес.
“СПАЙСты” даярдап, полиэтилен баштыктарына таңгактап, ага даяр атайын фирмалык наклейкаларды чапташкан. Лыжа базасына бара жаткан жолунда, капчыгайда катылуучу жайларды аныктоо учурунда, кармалган жаран 8 жерди көрсөткөн, ал жактан жалпы салмагы 80 граммды түзгөн 8 оролмо концентрат алынган.

Ошондой эле ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүү учурунда, катылган жайларды ишке ашырып жаткан, топтолуштун төмөнкү активдүү мүчөлөрү аныкталган, алар:
– С.А. 1976-ж.т., Кыргыз Республикасынын жараны, андан Бишкек шаарындагы дареги боюнча тинтүү учурунда 10 грамм таза салмактагы психотроптук заттардын концентраты жана ар бири 1,5 граммдан турган 35 баштык, ошондой эле ар бири 3 граммдан болгон 9 баштык сатууга даяр “СПАЙС”, мындан сырткары, Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагынан ар бири 1,5 грамм болгон 39 катылган жердеги спайс алынган.
– М.Д. 1990-ж.т., Өзбекстан Республикасынын жараны, андан Бишкек шаарындагы дареги боюнча тинтүү жүргүзүү учурунда ар бири 1,5 грамм салмактагы 24 баштык даяр аралашма “СПАЙС” жана Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагынан ар бири 1,5 граммдан салмактагы 2 баштык катылган жердеги спайс алынган.
“СПАЙС” аралашмасы менен баштыктардын жалпы саны 110 даананы түзүп, салмагы 178,5 грамм болгон. Алынган психотроптук заттардын концентратынын салмагы 90 граммды түзгөн. Бул алынган психотроптук заттардын концентратынан 2 килограмм 700 грамм колдонууга даяр болгон “СПАЙС” чегүүчү аралашмасын даярдашмак, бөлгөндө ар бири 1,5 граммдан болгон 1800 баштыкты, жалпы баасы 2 700 000 сомду түзмөк.

Азыркы учурда республика боюнча аталган психотроптук заттарды көбүнчө жаш курактагы адамдар (18-28 жашка чейинки) колдонушат. “Спайс” чегүү жолу менен гана колдонулат. Аны колдонуунун айрым бир белгилери кара куурай чеккендегиге окшошуп кетет:

1. Угуу жана көрүү галлюцинациялары. Көзү жумулган учурда да бейтап ар түрдүү жарык элестерди көрүп, ага үндөр угулат.
2. Аң-сезим, ойлор бузулат. Спайсты колдонуп, баңгилик мас болуу учурунда анын реалдуулук менен байланышы үзүлөт, өзүнүн дене боюн сезбей калат. Аң сезимин толук жоготуп койгон учурлар да аз эмес.
3. Аң сезимсиз аракеттерди жасап, кандайдыр бир тегеректи айланып калат. Спайска мас болгон учурда эсин жоготуп коюп, эмне кылып жатканын көзөмөлдөбөйт.
4. Көз кызарып, ички органдар жабыркагандыктан, арыктап кетет.
Кара куурай чеккендегиден айырмасы – аталган чегүүчү аралашма тез көз карандылыкка алып келет. Спайс химиялык аралашма болгондуктан, ашыкча дозадан өлүмгө алып келүү коркунучу дагы бар.

Аны колдонгон учурда маанай көтөрүлүп, ал адамдын мүмкүнчүлүгүнүн чеги жоктой сезилет. Аталган аралашманы чекпей калган учурда, адам депрессияга учурап, маанайы түшүп, нерв боло баштайт.

ИИМдин аталган иш-чараларынын маанилүү өзгөчөлүгү – республикада биринчи жолу интернет тармактары аркылуу “синтетикалык” баңги каражаттарын жайылтуу каналына бөгөт коюулду жана баңгилик топтун негизги катышуучуларынын бардыгы кармалды.

ИИМдин БМЖКККда баңгизатка көз каранды болгон жана интернет аркылуу спайсты колдонууга сатып алган жарандар тууралуу  ыкчам маалымттар бар. Аларга ыкчам-иликтөө жана алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү изделүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Россия Федерациясынын Абдуолимов Шакиржон Толкунбаевич аттуу жараны изделүүдө. Ал 1974-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунун Иски-Ноокат айылында туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт, Саха Республикасынын (Якутия) Удачный шаарында Россия Федерациясынын жараны катары катталган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Абдуолимов Ш.Т. өзгөчө коркунучтуу. Сирияга эл аралык террористтик уюмдун “ИМ” катарына кошуу үчүн жарандарды радикалдуу агымдарга кирүүгө активдүү үгүттөп, жөнөтүү менен алектенип жүргөн.

Белгилери: бою 170 см, чымыр денелүү, физикалык даярдыгы жакшы (бокс жана оор атлетика менен машыккан), ак жуумал, жайык маңдай, кыска кара чачтуу, сакалы бар (сакалын кырып салышы мүмкүн).

Ш.Т. Абдуолимовду кайда экендиги тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлери аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз.

0-312- 29-10-27, 0-3222-5-64-29 (Ош ШИИБи),
0-3222-4-63-53, 03230-5-21-02 (Ноокат РИИБи),
0-3222-5-59-10, 5-52-44, 0-312-29-10-12 (Ош ОИИБи)
0-3657-5-04-20 (Кызыл-Кыя РИИБи),
0-3622- 5-01-24, 0312-29-00-70 (Баткен ОИИБи),
0-3722-5-28-31(Жалал-Абад ШИИБи),
0-3722-5-13-46, 7-05-30 Жалал-Абад ОИИБи, андан сырткары, 102 жана 0-312-66-23-31 (КР ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө) кайрылып, кабарласаңыздар болот. Жашыруундулукка кепилдик берилет.

Тажикстанда шаардык кеңештин экс-депутаттары пара берүү жана алдамчылык үчүн соттолду

Хужанд соту Истиклол шаардык кеңешинин мурдагы эки депутатын алдамчылыкка жана антикоррупциялык агенттиктин кызматкерине пара берүүгө күнөөлүү деп тапты. Сот өкүмүнө ылайык, Саодат Шарифзода 9, Равшан Хасанов 5,6 жыл камакта болот.

Ушул эле иш боюнча айыпталуучу катары өткөн айдоочу Акбар Исмоилов дагы алдамчылыкка күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары сот аны 85 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Истиклол шаардык кеңешинин депутаттары Саодат Шарифзода менен Равшан Хасанов төрт ай мурда Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери тарабынан Хужандда кармалышкан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, депутат Саодат Шарифзода айдоочусу Акпар Исмоилов менен бирге 2013-жылы жергиликтүү тургундарындын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен 200 миң доллар алышкан. Бул кылмышты жашыруу үчүн экинчи депутат Равшан Хасанов Саодат Шарифзоданын атынан антикоррупциялык мекеменин кызматкерине 2 мин доллар пара сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

20 жаштагы баланы бычактап кетишти

15-октябрда күнү таңкы саат жетиде Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунан киши колдуу болуп өлтүрүлгөн, болжол менен 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Милициядан билдиришкендей, каза болгон жигит бычактан сокку алганы аныкталган. Баланын сөөгү табылган жерге жакын жайгашкан №8 үйдүн жашоочулары “Саат 06:50, 07:00 чамаларында №8 үйдүн алдындагы таштанды таштоочу урналар жактан адамдардын кыйкырыгы чыгып калды. Терезеден карасак, ак түстөгү машинеден 4-5 киши түшүп, азиат улутундагы бир адамды таштап туруп качып кетишти. Алар машиненин эшигин ачып “ташта!” деп кыйкырышты”, – деп айтып беришкен.

Булак: “Фабула”

Маевкада белгисиз адам автоунаа, үйлөрдү өрттөп кетти

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында белгисиз адам көчөдө турган автоунаа, үйлөргө өрт койгон. Окуя 16-октябрдан 17сине караган түнү болгонун журналист Албина Метерова “Азаттыкка” ырастап, болжол менен онго жакын учур катталганын, алардын короосунда турган унаасы да күйгөнүн белгиледи.

Мындай окуя катталганын Чүй милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов дагы ырастады.

– Учурда ыкчам-иликтөө тобу жеринде иштеп жатат. Ушундай окуя болгону ырас. Түнкү үчтөрдө машиналарды өрттөгөнгө аракет кылган. Fiat үлгүсүндөгү машина толук өрттөнгөн. Мындан сырткары дагы эки машинаны, үйдүн каалгасын өрттөө аракети болгон. Анын эшиги күйүп жатканда байкап калып, өрттү өчүрүп калышкан.

Токтосуновдун белгилешинче, бул окуяга байланыштуу психикалык жактан жабыркаган жаран суралып жатат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Милиция кызматкерлери Маевкада катталган өрттөөгө шектүү жаранды кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө

2017-жылдын 17-октябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Маевка айылынын бир нече жараны кайрылып, жабырлануучулардын үйү менен автоунааларын өрттөгөн белгисиз жаранга карата чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, «Фиат» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөнүн, ал эми «Тойота Калдина» жана “Субару” үлгүсүндөгү автоунаалардын дөңгөлөктөрүн күйгүзүүгө аракет жасагандарын аныкташкан. Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан Маевка айылындагы үйлөрдүн бирин өрттөөгө аракет кылышкан факты боюнча иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдүн ээси өрттөөгө аракет кылган белгисиз жаранды көрүп калганын айткан. Кылмышка шектүү адам жабырлануучуну байкап калып, башын жаап, изин жашырып качып кеткен.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Жогорудагы фактылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө учурунда кылмышка шектүү психикалык оорулуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматтары ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Аталган факты боюнча азият улутундагы 30-35 жаштагы жаран шектелүүдө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогорудагы факты боюнча кээ бир булактарда тараган улут аралык кастыкты козгоо максатында көрүлгөн аракет деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Ленин РИИБнин кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты

2017-жылдын 16-октябрында Ленин райондук ички иштер башкармалыгына “Жал” кичирайонунун жашоочуларынан жергиликтүү тургун өзүнүн батиринде ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Алынган маалымат боюнча Бишкек ШИИББнин жана Ленин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке барышкан. Батирди кароо учурунда тиешелүү документтери жок 4 бирдик 4.5-калибирдеги курал, 7 бирдик 4.5-калибрдеги пневматикалык тапанчалар табылып алынган. Тергөө учурунда М.А. аттуу жаран ок атуучу куралдарды интернет аркылуу сатып алганын билдирген. Алынган ок атуучу куралдар экспертизага жөнөтүлгөн. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоо чечимин чыгаруу аракети көрүлүп жатат.

Өз кезегинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жарандар өз тарабынан активдүүлүгүн жана сактыгын көрсөтүп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенген шектүү жаран тууралуу маалымат бергендери үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Бишкек ШИИББи: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Казакстанда УККнын мурдагы башчысы мамлекеттик мүлктү уурдоого шектелүүдө

Сентябрда мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарууга күнөөлүү деп табылган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Нартай Дутбаев эми «мамлекеттик мүлктү уурдаган» деп шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

УККнын маалыматына караганда, Нартай Дутбаев, анын иниси Рустембек Дутбаев жана Орынбасар Калкабеков аттуу жаран мекеменин республикалык «Казимпекс» борборунун мүлкүн уурдоо боюнча иште шектүү катары өтүп жатышат. Андан тышкары алар кызмат абалын ашкере пайдаланган деп шектелишүүдө. 28-сентябрда Астана соту үчөөнү тең камакка алуу чечимин чыгарды. Бул иш боюнча тергөө аракеттери 10-октябрда аяктаган.

Нартай Дутбаев 11-сентябрда мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаруу жана кызмат абалын ашкере пайдалануу айыптары менен жети жылга соттолуп, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылган. Чечимге нааразы болгон Дутбаев апелляциялык арыз жазып, аны Астананын Аскер соту 11-октябрда карай баштаган.

4-октябрда Нартай Дутбаевдин жубайы Халида Бичурина Фейсбук менен YouTube сервисине өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге жолдогон видеокайрылуусун жайгаштырган. Анда ал УКК кызматкерлери күйөө баласы менен инисин куткаруу үчүн Дутбаевди кылмыштарды жарым-жартылай мойнуна алууга көндүрүшкөнүн айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Бүгүн Ошто журналист Мирбек Айтикеевге кол салуу болду

Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарында журналист Мирбек Айтикеевге кол салуу болду. НТС телеканалынын журналистине кызматтык милдетин аткаруу учурунда “Ош-Таатан” N 5325-шайлоо участогунун кызматкерлери менен спортчу балдар зомбулук көрсөтүшкөн.

 

Меню