Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Тажикстанда жаңы төрөлгөн ымыркайды уурдап кеткен аял 8 жылга соттолду

Тажикстандын Хуросон райондук соту жергиликтүү тургунду жаңы төрөлгөн баланы уурдоо боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмүнө ылайык, Абдурахмони-Жоми районунун 45 жаштагы тургуну Оиша Шарипова ошол эле райондун тургуну Рухшона Рахмонованын жаңы төрөлгөн баласын уурдап кеткен.

“Озоди” кабарлагандай, июнь айында чыккан өкүм тууралуу эми белгилүү болду.

“Бир баласы бар, бирок кайра боюна бүтпөй жүргөн Шарипова райондун төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн баланы уурдап кетүүнү көздөгөн”, — деп айтылат соттун чечиминде.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2022-жылдын 23-сентябрына караган түнү Жоми районунун борбордук төрөт үйүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүнө кирип, 24 жаштагы Рухшона Рахмонованын баласын уурдап кеткен. Андан соң “төрөбөсөң ажырашам” деп коркутуп жүргөн мигрант күйөөсүнө телефон чалып, көз жарганын сүйүнчүлөгөн.

Соттун маалыматына караганда, Оиша Шарипова боюнда бардай түр көрсөтүп жүргөндүктөн, айланасындагылар аны чындап эле төрөдү деп эсептешкен.

Краснодардагы "вагнерчилердин" көрүстөнүндө борбор азиялыктардын жайлары табылды

Бир нече күн мурун өзбекстандык мигрант “Вагнер” көрүстөнүнө коюлган мусулман аскерлеринин белгилерин видеого тартып алып, соцтармактарга жайгаштырган.

Автор видео кайсы жерде тартылганын так айтпаса да, “Озодлик” көрүстөндөрдүн геолокациясына таянып, ал Краснодар крайындагы Горячий Ключ шаарындагы мүрзө экенин аныктады.

“Вагнер” жоочулары көмүлгөн жайларда өзбек, тажик жана кыргыз ысымдары кездешет.

“Эгерде кимдир бирөө бул жерде көмүлгөн мусулман согушкерлеринин үй-бүлөлөрү менен тааныш болсо, аларга бул мүрзө жөнүндө кабарлап коюңуз. Анткени бул көрүстөн тууралуу көбү билишпейт”, — деген видеонун автору.

Буга чейин “Озодлик” Орусиянын башка аймактарындагы “вагнерчилер” көмүлгөн жайларда өзбек мигранттарынын да мүрзөлөрү бар экенин, буга чейин бир нече жалданма жоокерлердин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга коюлганын маалымдаган.

Соңку видеодогу кадрларга таянуу менен “Озодлик” Горячий Ключ шаарындагы “вагнерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялык жалданма жоокерлеринин тизмесин түздү:

  • Мусалиев Элбек Рамзанович, 26.11.1976 – 05.05.2023
  • Санчар Махмадзода, 27.11.1997 –​ 20.04.2023
  • Сабыров Сабр Сабырович, 19.07.1990 –​ 08.05.2023
  • Талипов Даньяр Анварович, 31.10.1991 –​ 20.04.2023
  • Хидоятов Сайидакбархон Хамидуллохон угли, 31.05.1993 –​ 27.03.2023
  • Поянов Эшпулат Хуррамович, 22.06.1993 –​ 08.03.2023
  • Абдурахманов Джумахон Валиевич, 05.09.1975 –​ 05.04.2023
  • Жумабеков Кадыргали Кангалиевич, 14.03.1982 –​ 17.03.2023
  • Жусупов Тимур Задгереевич, 07.04.1992 –​ 07.04.2023
  • Назиров Азиз Собир угли, 13.10.1992 –​ 07.01.2023
  • Адашев Дилмурод Акрамжон угли, 31.01.1995 –​ 23.03.2023
  • Мирзакулов Дилшодбек Махаммадалиевич, 10.02.1984 –​ 10.01.2023
  • Давлетов Самат Аманжолович, 11.08.1974 –​ 27.02.2023
  • Масоев Ахлиддин Абдулфайзович, 13.08.1989 –​ 07.01.2023
  • Бегатанов Исломжон Икрамжонович, 17.03.1988 –​ 18.01.2023
  • Сулейманов Абдугаффар Абдусатторович, 09.09.1986 –​ 12.12.2022
  • Мухторов Отабек Одилжон угли, 18.09.1996 –​ 06.12.2022
  • Тиллабоев Кароматулло Рахматович, 27.03.1992 –​ 13.02.2023
  • Умаров Бобурбек Джурабой угли, 03.12.1992 –​ 25.11.2022
  • Наркулов Захиджан Хурваевич, 09.12.1971 –​ 22.02.2023
  • Силапов Саиднияз Оразмурадович, 05.02.1985 –​ 17.03.2023

Быйыл март айында The New York Times гезитинин журналисти Кристиан Триберт Горячий Ключтагы “Вагнер” көрүстөнүндө мололор кескин көбөйгөнүн жазган.

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Президент Садыр Жапаровдун Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылды.

Сапардын алдында Жапаров элчи кызматына Айбек Артыкбаевди дайындаган. Артыкбаев 2021-жылдын март айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан.

Жапаров Монголияга 9-июлда мамлекеттик сапар менен барган. Анын алкагында монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки өлкөнүн достугу жана кызматташтыгы жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койгон. Документтин негизинде тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашкан.

“Тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кен корун иштетүү долбоорлорун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирет. Текстиль жана тигүү тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана эки өлкөнүн тийиштүү ишканаларынын ортосундагы түз байланыштарды кубаттайт. Монгол тарап Кыргызстандын тигүү өнөр жайы үчүн сырье жеткирүүгө даяр экенин билдирет. Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр катары транспорттук жана транзиттик коммуникацияларды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чараларды көрөт”, – деп жазылган декларацияда.

Жапаров 10-июлда Эрдэнэт шаарында жез өндүргөн заводдун иши менен таанышты. Анын сапары 11-июлда аяктайт.

Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча иштер ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы тиешелүү макулдашуу 4-июлда күчүнө кирди.

“Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган. Бул келишимдин күчүнө кириши – Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык процесстин толук аяктаганын билдирет”, – деди Смадияров.

Ал 2 357 чакырымга созулган чек арага 1 301 чек ара белгиси орнотулганын кошумчалады.

“Бул окуя чек ара аймактарындагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдеп, эки тараптуу жана аймактар аралык өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө түрткү болот”, – деди ТИМ өкүлү.

УКМК: Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып бараткан баасы $288.000 турган “Зардакс” жана 5,8 млн сомдук “Тропикамид” дарылары кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү, өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып кирүү жана Өзбекстан Республикасынын аймагына алып чыгуу боюнча КР жарандарынын кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

2023-жылдын 5-июлунда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында КР жараны Р.С.Г. тарабынан 9600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарылары ыктыярдуу түрдө  берилди, анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң АКШ долларын түзөт.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н. жашаган дареги: Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды.

Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион 867 миң сомдун тегерегин түздү.

Белгилей кетсек, жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстан Республикасынын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксаат кагаздары жок Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келинген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, жаран Г.И.Н. Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

  

Чек ара: Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу башталды

Баткенде 4-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу 9-июлга чейин созулат.

“Чек ара маселеси тез эле чечилип калбайт да. Талашып-тартышып отуруп, анан бир макулдашууга келебиз. Анын үстүнө азыр өтө оор жерлер калган. Ошондуктан бири-бирибизге далилдерди келтирип ошонун негизинде орток пикир табылып чечилет”, – деди Назирбек Бөрүбаев.

Эки өлкөнүн жумушчу топтору акыркы жолу 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.

Быйыл 2-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган.

Казакстан Өзбекстан жана Кыргызстан менен суу келишимин кайра карап чыгууну пландоодо

Казакстан 2023-жылдын аягына чейин Өзбекстан жана Кыргызстан менен Сырдарыя бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды.

Бул Казакстандын 2023-2029-жылдарга суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясында каралган.

1998-жылы март айында Бишкекте кабыл алынган документке ылайык, Нарын-Сырдарыя дарыясынан өндүрүлгөн электр энергиясынын Кыргызстандын керектөөсүнөн ашкан бөлүгү Өзбекстан менен Казакстанга берилет. Анын ордуна Кыргызстан энергетикалык ресурстарды (көмүр, газ, мазут, электр энергиясы), ошондой эле башка продукцияларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) алат.

Суу сактагычтардын иштөө режими, электр энергиясынын агымынын көлөмү жана аны жеткирүү жыл сайын өкмөттөр аралык макулдашуулар менен бекитилет.

Бул арада декабрь айына чейин Казакстан Өзбекстандын өкмөтү менен трансчегаралык суу объектилерин биргелешип башкаруу жана пайдалануу боюнча келишимге кол коюуну пландоодо.

Концепцияда сууну натыйжасыз пайдалануудан тышкары Сырдарыянын экологиялык абалы бузулуп жатканы белгиленген. Документте Сырдарыянын транзиттик агымы менен Өзбекстандын аймагынан мунай өнүмдөрү, фенолдор жана азоттук кошулмалар сыяктуу булгоочу заттар көп өлчөмдө келип жатканы айтылган.

Буга байланыштуу Казакстан Сырдарыянын түбүн тазалап, дарыянын дельтасын калыбына келтирүүнү пландоодо.

Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга товар жеткире баштады

Кытайдын Сямынь портунан чыккан алгачкы контейнер поезд Өзбекстанга жетти. Бул тууралуу “Узтемиржолконтейнер” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө тиричилик техникалары жүктөлгөн 40 футтук 39 контейнер 14 күндөн кийин, 25-июнда Ташкенттеги Сергели станциясына жеткени жазылган.

Маалыматка караганда, контейнерлер Кытайдан деңиз аркылуу Ирандын Бандар-Аббас портуна жеткирилип, андагы темир жол платформаларына жүктөлүп, Түркмөнстан аркылуу Өзбекстандын аймагына кирген.

Буга чейин Өзбекстандын Транспорт министрлиги Кытайдын Ланжоу станциясынан Ташкентке блок поезди жөнөтүлгөнүн, бул каттам “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” транспорт коридору аркылуу жүк ташуу максатында башталганын айткан.

Бишкек-Ташкент: Тез бузула турган азык-түлүккө "жашыл коридор" ачуу сүйлөшүлдү

8-июнда Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушуп, тез бузула турган азыктарга “жашыл коридор” ачууну сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле жолугушууда коңшу эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка чыгарууну биргелешип өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүү тууралуу да сөз болду.

Наркобилов өзбек тарап сүт, эт, балык азыктарын өндүргөн ишканаларды импортёрлор реестрине тез арада киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи Жаманбаев Ветеринария комитетинин диагностикалык борборуна барып, эт, сүт, балык, дан, жашылчаларды лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү процесси менен таанышты.

Мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барып, бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырган. Эки өлкө ортосунда экономика, айыл чарба багытындагы кызматташтык, биргелешкен ишканаларды иштетүү тууралуу “жол картасы” кабыл алынган. Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн. доллар инвестиция салууга даяр экени маалым болгон.

Алматыда кыргызстандык ишкер камакка алынды

Кыргыз жараны, Казакстандын Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев эки айга полициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын 6-июнда журналисттерге Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, Маркабаевге байланыштуу окуя 2-июнда болгон, ал тууралуу консулдукка дароо маалымат түшкөн. Бөгөт чарасы сотто кечээ каралды, учурда ага укуктук жардам берүү боюнча бардык аракет көрүлүүдө:

“Базардын юристтери, адвокат иштеп жатышат. Башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөнбүз. Маркабаевдин өзү менен жолугуу боюнча, жообун күтүп жатабыз. Иштеп жатабыз, туугандары менен жолуктук, толук маалымат алдык”.

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга таянып, Маркабаевди жана анын айдоочусу менен жансакчысын Алматы–Бишкек автожолунан 2-июнда кармашканын жазышты.

3-июнда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Telegram каналына ага баңги затын сатуу максатында мыйзамсыз алып жүргөн жана курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алган, сактап жүргөн деген мазмундагы айыптар коюлганы тууралуу маалымат чыккан.

Кийин “Алтын Орда” базарынын администрациясы полицияга таянып тараткан маалыматта курал-жарак тууралуу гана сөз болгон.

Интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тарап жатат. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага баңги затын атайылап салып коюшканын айтууда.

Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлиги тушунда тарттырып жибергени, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алганы жана жаңылоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланууда.

Меню