Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Тажикстанда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген мектеп директору кармалды

Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районунда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен орто мектептин директору кармалды. Бул тууралуу “Озоди” радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, райондогу мектептердин биринде окуган жогорку класстын эки окуучусу директор аларды колу менен кармалап, сексуалдык ыдык көрсөткөнүнө даттанган.

Азырынча мектеп директоруна каршы кылмыш иши козголо элек, бирок ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук бөлүмүндө камакта отурат.

Директордун жакындары бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Бирок алар анын күнөөсү жок экенине ишенишерин жана жакынкы убактарда бошотулат деп үмүттөнүп жатышканын кошумчалашты.

2021-жылы Тажикстандагы мектептердин биринде иштеген мугалим окуучу кызды зордуктаганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Хатлон облусунун Яван районундагы Нурек шаардык лицейинин мугалими 17,5 жылга соттолгон. Ал 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган.

Улуу Британиянын ТИМ башчысынын орун басары Кыргызстанга келди

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары (Европа жана Борбор Азия үчүн жооптуу) Лео Докерти 4-5-июнда Борбор Азияга болгон аймактык сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Бул Улуу Британиянын министринин 2016-жылдан тарта алгачкы сапары. Сапардын максаты – ансыз деле бекем болгон эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жаатында кызматташууну кеңейтүү.

Министрдин орун басары Докерти Бишкекте Министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу мамиле жана кызматташтык, аймактык коопсуздук, Ооганстан жана соода, ошондой эле Улуу Британияга боло турган иш сапарлары тууралуу сүйлөшөт.

Бишкектен кийин Лео Докерти Казакстан менен Өзбекстанга барат. Ал Европа жана Борбор Азия иштери боюнча министрдин орун басары кызматын 2022-жылдын сентябрь айынан бери аркалап келет. Бул, анын Борбор Азияга аталган кызматтагы алгачкы сапары.

Токаев Германияга орус мунайын казак мунайына алмаштырууну сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германияга ташылган мунайдын бир жылдык көлөмүн 200 миң тоннадан 1,2 млн. тоннага чейин жеткирүүнү сунуштады. Бул тууралуу казак президенти Чолпон-Ата шаарында өткөн “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде билдирди.

Казакстан 2023-жылдын беш айында Германиядагы мунайды кайра иштетүүчү “Шведт” заводуна 90 миң тонна мунай жеткирген. Астана жыл соңуна чейин бул көлөмдү 200 миң тоннага чейин жеткирүүнү пландаган. Бирок Токаев саммитте бул көлөмдү эң аз дегенде алты эсеге көбөйтсө болорун белгиледи.

“Бул көрсөткүчтү жыл ичинде 1,2 млн. тоннага жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар”, – деди казак президенти.

“Шведт” заводу Украинадагы согуш башталганга чейин Орусиянын “Роснефти” компаниясына таандык болчу.

Казакстан Европа Биримдигине (ЕБ) мунай жеткирүү көлөмүн 2023-жылы көбөйттү. Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, өлкө Евробиримдикке быйылкы жылдын биринчи кварталында 71% мунай экспорттогон. Өткөн жылы бул маалдагы көрсөткүч 65% айланасында болгон.

Германиядан башка казак мунайын Италия да сатып алат. Бул өлкөгө мунай жеткирүү быйылкы жылдын биринчи кварталында жалпы экспорттун 38% түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 28% болчу. Францияга ташылган казак мунайынын экспортунун көлөмү 5 пайыздан 7%, Румынияга 4 пайыздан 7% өскөн.

“Ведомости” басылмасы 2023-жылы январда Германия Орусиядан 1 млн. тонна мунай алганын жазган. Эгер Казакстан көлөмдү көбөйтсө, ал орусиялык мунайды толук алмаштырышы мүмкүн.

Бирок казак мунайы Германияга Орусиянын аймагынан өткөн “Достук” кууру аркылуу жетет. Көлөмдү көбөйтүү үчүн Казакстан Орусиянын Энергетика министрлигинен уруксат алышы керек болот.

Орусиянын мунайдан түшчү кирешеси 2023-жылы январь-февраль айларында 52% кыскарган. Март айынан апрелге чейин мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2,4 триллион рублдан 3,4 трлн. рублга көбөйгөн.

Евробиримдик өлкөлөрү 2022-жылы декабрда орус мунайынын баасына атайын чек койгон. Эки жумадан кийин алар орус газынын баасына да чектөө киргизген. Жаңы эрежеге ылайык орус мунайынын бир баррели 60 долларга бааланган. Чек кирген алгачкы жумада орус мунайынын экспорту 54% төмөндөгөн.

Мунай баасын чектөө Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциянын бир бөлүгү болгон. Мындан тышкары Орусия “Ямал-Европа” жана “Түндүк агым-1” долбоорлору токтогону үчүн газын куур аркылуу алып турган европалык базарды жоготкон.

Орусиянын президенти Владимир Путин жооп катары баага чек койгон өлкөлөргө мунай жана мунайзаттарын жеткирүүгө тыюу салган.

Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.

ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган.

Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы санкция киргизбөөгө убада кылды

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишел Чолпон-Атадагы саммитте Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерине Россиянын согуштук аракеттерине байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө санкцияларды киргизбөөгө убады кылды.

Саммиттен кийинки маалымат жыйынында да журналисттердин “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна жооп берди.

Ал Европа Биримдиги Орусиянын согуш машинасын колдогондорго чара көрүп жатканын, жаңы санкциялар учурда талкууланып жатканын белгиледи.

“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, – деди Мишел.

Ал кошумчалагандай, Евробиримдик бир жагынан өз өнөктөштөрүн Орусияга Батыштын санкцияларын буйтап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырат, экинчи жагынан санкцияларга байланыштуу ал өнөктөштөрдүн суроолорун же кандайдыр бир көйгөйлөрүн угуп, талкуулоого даяр.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген. Мындан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Өзбекстанда 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды

Фергана облусунун аймагынан багбанчылык үчүн 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, орус жараны Фергана облусунун 26 жаштагы тургуну жазган арыздын негизинде кармалды.

Орусиянын Кыргызстанда 1985-жылы төрөлгөн жараны тиешелүү документтерсиз эле Кучкорчи айылынан жер сатып алууга аракет кылган. Ал жер жергиликтүү фермердик чарбага узак мөөнөткө ижарага берилгени кабарланды.

Шектүү аванс катары 15 миң АКШ долларын берип жатканда кармалган.

Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу башталды

Чолпон-Атада “Европа Биримдиги-Борбор Азия” саммитинин алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кандай маселелерди талкуулай турганы кабарлана элек.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кеңири маалымат жолугушуудан кийин берилерин айтты.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел катышат.

“Борбор Азия — Европа Биримдиги” саммити экинчи жолу өтүп жатат. Биринчиси былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы дубалды бузду

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы дубалды бузду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Кыргызстандын Чек ара кызматына шилтеме кылып кабарлашты.

Күн мурун социалдык түйүндөрдө Өзбекстан эки өлкөнүн чек арасындагы 2010-жылы тургузулган дубалды бузуп жатканы тартылган видеотасма тараган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бул видео Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы “Бекабад-Ханабад” өткөрүү бекетинде тартылган. Дубал аталган бекеттин ишин калыбына келтирүү үчүн бузулганы кабарланды.

“Бул чек ара бекети жакында ачылат. Кыргыз тарап жарандарды кайрадан өткөрө баштоого толугу менен даяр”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы “Карасуу” жана “Кара-Багыш” чек ара бекеттерин да кайра ачуу пландалууда. Бул маселе бир нече жылдан бери эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан талкууланып жатканы айтылды.

Өзбек тарап азырынча “Бекабад-Ханабад” бекетиндеги дубалдын бузулушу жана “Карасуу”, “Кара-Багыш” бекеттерин кайра ачуу боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Күн мурун Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу өткөнү кабарланган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1 314 чакырымдык чек ара тилкелери толугу менен такталган. 2022-жылы ноябрда эки өлкө 30 жылдан бери уланып келаткан чек ара талашына чекит коюлганын билдиришкен.

Самаркандда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документ бекитилди

Өзбекстандын Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлагандай, жумушчу топтордун жыйынында жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отурумунда чек аранын айрым тилкелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитип, тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.

Жапаров бул күндү тарыхый деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

Акордо: Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок

24-майда Москвадагы Евразиялык экономикалык форумда сүйлөгөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар экенин эске алууга чакырган.

Казак президентинин бул сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Буга байланыштуу Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирүү таратып, Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок экенин белгиледи.

“Мамлекет башчысы ЕАЭБдин алкагындагы интеграция экономикалык багытта гана кетиши керектигин айткысы келген. Бул багыттан чыгуу – уюмдун уставдык документтериндеги максаттарды, принциптерди бузат. ЕАЭБ менен анын ичиндеги “Орусия-Беларус” союздук мамлекеттердин алкагындагы демилгелерди бөлүшүбүз керек, булардын максаттары эки башка. Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок”, – деп жазды Желдибай “Фейсбуктагы” баракчасына.

Касым-Жомарт Токаев 24-майда Евразиялык экономикалык форумдагы сөзүндө ЕАЭБдин ичиндеги эки өлкөнүн интеграциясы менен калган үч мүчөсүнүн интеграциясындагы айырмачылыктар бар экенин белгилеген. Анын айтымында, Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюмунда “эки өлкө – бир мамлекет” формуласы боюнча интеграция каралган.

“ЕАЭБдин ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар. Бул дүйнөнүн саясий тарыхында уникалдуу прецедент, же феномен. Саясий, юридикалык, аскердик, экономикалык, валюталык, маданий, гуманитардык жактан бирдиктүү мейкиндик түзүү менен, бирдиктүү союздук өкмөтү жана бирдиктүү парламенти бар “Эки өлкө – бир мамлекет” формуласы менен түзүү. Кечирим сурайм, керек болсо азыр алардын экөөндө бир өзөктүк курал бар. Бирок ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирген интеграциянын башка бир деңгээли да бар. Биз ошол чындык менен да эсептешүүбүз керек”, – деген Токаев.

Казак президентинин бул сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Айрым талдоочулар Токаев союздук мамлекеттерди ЕАЭБдин көйгөйү катары айткысы келген деген пикирлерин билдиришкен.

Меню