Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Студенттик жатаканадагы кыздардын бөлмөсүнө жашыруун видеокамера орноткон проректорго айып пул салынды

Кокон шаарындагы Педагогикалык институтта окуган кыздардын жатаканадагы бөлмөсүнө жашыруун камера орнотуу иши боюнча сот өкүмү чыкты.

Ага ылайык, окуу жайдын проректору Ойбек Бозоров 4,5 миллион сум өлчөмүндө, дагы үч кызматкери 3 миллион сумдан айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Алардын баары Административдик кодекстин “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Быйыл 4-апрелде Педагогикалык институттун студенттери жатакана бөлмөсүнөн жашыруун камера таап алышканын билдиришкен.

Кыздардын айтымында, 1-апрелде аларды референдум боюнча үгүт иш-чарасына шашылыш түрдө чакыртып, бөлмөнү ачууну өтүнүшкөн. Аларга “Wi-Fi сигналын күчөтө турган жабдуу орнотуларын” айтышкан.

Шектенген кыздар бөлмөнүн бурчуна орнотулган кутуну ачып, жашыруун камера табышкан.

Кыздар жабдууну адистерге алып барышкан. Алар анын үн менен видео жазган жана аны түйүн аркылуу башка жабдууга жеткире турган жашыруун камера экенин тастыкташкан.

Видеокамерага жалпысынан 128 Гб көлөмдөгү видео жазылган. Анын ичинде кыздар кийим алмаштырган учурлар да бар.

Студенттер ички иштер органдарына даттанып, президенттин элдик кабылдамасына кайрылуу жөнөтүшкөн. Мындан соң проректор аларды ички иштер бөлүмүнө кайрылганы үчүн урушкан. Ректор кыздарды “окуу жайдын мүлкүн” зыянга учуратканы үчүн зекиген.

5-апрелде Өзбекстандын Билим берүү министрлиги кыздардын бөлмөсүнө жашыруун камера орнотууга катышкан проректор жана үч кызматкер иштен алынганын билдирген.

Президент Жапаров Кытайдагы саммитте Тажикстан менен чек араны тактоо маселесин көтөрдү

Президент Садыр Жапаров 19-майда Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан эгемендик алгандан бери коңшулар менен чек ара маселесин чечүүдө конструктивдүү мамиле кылып келе жатканын айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Биз Кытай Эл Республикасы жана Казакстан Республикасы менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык. Өзбекстан Республикасы менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз”, – деди президент.

Сиань шаарында “Кытай – Борбор Азия” саммити өтүп жатат. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттери катышууда.

Кыргызстан Тажикстан менен чек араны толук чечип бүтө элек. Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болуп келет.

Казакстан менен Кытай визасыз режим тууралуу макулдашууга кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 23 документке кол коюлду. Алардын арасында эки өлкөнүн ортосунда өз ара визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашуу да бар.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат.

Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Токаев Сиань шаарында документке кол коюп жатышкан маалда Алматыда визасыз режимге каршылык билдирип чыккан «Атажурт» партиясынын төрагасы Бекзат Максатханулын полиция кармап кетти.

Социалдык тармактарда анын тарапташтары «мунун артында Кытайга жагынуу жатат» деген пикири менен бөлүшүп жатышат.

Былтыр Казакстан кытай жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режим киргизген. Ага ылайык, кытай жарандары 180 күндүк мөөнөттө Казакстанда 42 күндөн ашык жүрө албайт. Бул эреже Индиянын жана Ирандын жарандары үчүн да киргизилген.

УКМК: Казакстанда тоноочулук кылып, Бишкекте жашынып жүргөн казак уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1990-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны С.А.А. кармалды.

  Кармалган жаран Казакстан Республикасынын Алматы облусунун аймагында тоноочулук фактысын жасагандыгы үчүн Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

  Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган С.А.А. 2022-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

  Азыркы учурда С.А.А. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №21- мекемесине киргизилди.

Исфара: бийлик тургундардан балдарын аскерге жөнөтүүнү талап кылып, мечитти жапты

Тажикстандын Исфара шаарына жакын жайгашкан Найман айылындагы мечит тургундар үчүн жабылды. Бул маалыматты айыл жамаатынын башчысы Рофиджон Рауфов ырастады.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик имам-хатиб менен жашоочулардан аскер курагындагы балдарын армияга жөнөтүүнү талап кылып, болбосо мечит жабыларын билдирген.

“Бул айылдын аскер курагындагы жашоочуларынын көбү Орусияда иштеп жүрүшөт. Бийлик ата-энелери аларды мекенине чакырып, армияга жөнөткөндөн кийин гана мечитке эркин бара алышарын билдирди. Бул маселе боюнча дин кызматчылары да акимчиликке чакырылган”, – деди Рауфов.

Найман айылынын Орусияда иштеп жүргөн тургундарынын бири бийлик ата-энелеринен аларды Тажикстанга кайтарууну талап кылып, басым көрсөтүп жатканын билдирди.

Бийлик мечиттин жабылышы жана ата-энелерге карата басым болуп жатканы жөнүндөгү маалыматтар боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Өткөн айда Тажикстандын Пенжикент шаары менен Рашт районунда да ата-энелерге балдарын армияга жөнөтүү талабы коюлуп, жергиликтүү мечиттер жабылганы кабарланган.

Тажик бийлиги акыркы жылдары өлкөдө армияга өз каалоосу менен барган өспүрүмдөр көбөйгөнүн билдирип келет. Ошол эле маалда Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап армияга алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, зомбулук учурлары жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

HRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери “согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн”

“Хьюман Райтс Уотч” (Human Rights Watch – HRW) эл аралык уюму жаңы баяндамасында былтыр сентябрда талаштуу чек арадагы 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алган төрт күндүк жаңжал маалындагы кыргыз жана тажик күчтөрүнүн аракеттеринде “эки тараптан тең согуш мыйзамдарын олуттуу бузуу” болгон деп билдирди.

2-майда жарык көргөн баяндама – эки постсоветтик өлкөнүн чек ара талашынан тутанган жаңжалдагы эң кандуу окуя орун алгандан бери эл аралык беделдүү укук коргоо уюму даярдаган алгачкы доклад болуп калды.

HRW 18 айдын ичиндеги экинчи ири масштабдуу жаңжалда эки өлкөнүн көп аракеттери “согуш кылмыштарына барабар болушу мүмкүн” деп билдирет.

Баяндамада белгиленген окуялардын арасында карапайым жарандардын автоунааларын жана “Тез жардам” машинелерин бутага алуу, жарылуучу заттарды “башаламан” колдонуу, куралдуу күчтөрдүн адамдарды суроо-сопкутсуз эле өлтүрүшү жана үй-жайлар менен жөн-жай курулуштарды өрттөө сыяктуу учурлар камтылган.

Уюм бир катар сунуштарды берип, эки өлкөнүн тең өкмөттөрүн “эл аралык гуманитардык укукту одоно бузганы” үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана куралдуу күчтөрдүн жеке курамын жаңжал чыккан кырдаалда эл аралык гуманитардык укукту сактоого үйрөтүүгө үндөгөн.

Ошондой эле эл аралык уюм чек араны демаркациялоо боюнча уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө кандай гана макулдашуу болбосун, ал келишим түшүмдүү, бирок калк өтө жыш отурукташкан жана суу тартыш аймакта жергиликтүү элдин “билим алууга, тийиштүү үй-жайга жана сууга” болгон укугун таанышы зарылдыгын билдирген.

89 беттен турган отчет 86 интервьюга, анын ичинде окуянын күбөлөрү, жапа чеккендер жана алардын жакындары тартылган 69 маектешүүгө; 2022-жылдын октябрь-ноябрь айларындагы 10 күндүк жеринде жасалган иликтөөгө; медициналык карталарды жана башка документтерди карап чыгуу; спутниктен тартылган сүрөттөрдү анализдөө; кол салууларды жана алардын кесепеттерин көрсөткөн 12 видео тасманы текшерип чыгуу; лазер менен багытталган бомба чабуулун жана медициналык автомашинага жасалган кол салууну талдоо үчүн 3D моделин түзүү аракеттерине негизделген.

Докладда жаңжалдын аскердик кызматкерлерге эмес, карапайым жарандарга тийгизген таасирине көңүл бурулат.

HRW эки тарапты кошкондо 37 жай тургундун, алардын ичинде беш баланын өлүмүн жана 36 кишинин жараат алганын документтеширген. Бирок уюм “маалымат каражаттарынын кабарларын жана расмий тизмедеги курмандыктарды эсепке алганда мерт болгон карапайым жарандардын саны 51ге, ал эми жараат алгандар 121ге жетиши мүмкүн” – деп билдирип, бул санакка аскерлердин арасындагы жоготуу кошулбаганын белгилейт.

Жаңжалдан улам Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши үй-жайын таштап кетсе, Тажикстан канча киши жер которгону тууралуу маалымат берген эмес.

2021-жылдын апрелине чейин чек арадагы кармаштарда ондогон киши набыт болгону менен чыр-чатактар андан ары жайылып, же чектеш аймактарда аскерлерди кеңири масштабда мобилизациялоого жетчү эмес.

Баяндама сентябрдагы жаңжалды ким баштаганы тууралуу бүтүм чыгарбайт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жаңжалдан бир нече күн өткөн соң Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Тажикстан Кыргызстанга “кол салганын” айткан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды “чек аранын бардык линиясы боюнча Тажикстандын аймагына кол салды” деп айыптаган.

HRW уюмунун кризис жана жаңжалдар боюнча улук изилдөөчүсү Жан-Батист Галлопен баяндаманын жарыяланышын утурлай “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде эл аралык гуманитардык укук “жаңжалга аралашкан бардык тараптар үчүн бирдей колдонуларын” белгиледи.

“Армия чабуул коёбу же коргонобу, ал согуш мыйзамдарын сактоого милдеттүү”, – дейт Галлопен. – Бул өзгөчө аскердик жана жарандардык буталарды айырмалай билүү жана күч колдонуудагы пропорционалдык принциптерин туюнтат”.

“Хьюман Райтс Уотч” 16-сентябрда, жаңжалдын үчүнчү күнүндө мыйзам бузуулар көп болгонун белгилейт.

“Далилдер көрсөткөндөй, ошол күнү саат 17:00 чамасында кыргыз күчтөрү чек арадагы Тажикстандын Овчи Калача кыштагынын борбордук аянтына тажик күчтөрү келгенден бир нече мүнөттөн соң алардын жанына лазер менен багытталган бомбаны жеткирүү үчүн Bayraktar TB-2 дронун колдонгон”, – деп айтылат докладда.

Жергиликтүү тургундар айылдагы маркумдун зыйнатынан кийин мечиттин жанына чогулуп жаткан маалда жарылуу болгонун, андан 10 киши набыт кетип, 13 адам жараат алганын белгилеген уюм чабуулду “пропорциялуу эмес жана ылгабай урулгандай сокку” деп атаган.

Ошол эле күнү тажик аскерлери куралдуу кармаштан качып бараткан кыргызстандык жайкын тургундар түшкөн автомашинелерди бир нече жолу аткылаганы баяндамада айтылат.

Иликтөөчүлөр кепке тарткан бир кыргыз аял тажик аскерлери алар түшүп бараткан машинени аткылаганда “эгер машине жарылып кетсе өлүп калбайлы” деп андан кантип жөрмөлөп түшкөнүн, анын күйөөсү менен уулу жарадар болгонун айтып берген.

Анын сөзүнө караганда, алар бир канча убакыт сулк жатып, анан кыймылдай баштаганда тажик аскерлери кайрадан аткылаган.

Баяндаманада ошондой эле кыргыз күчтөрү гуманитардык укуктун алкагында коргоого алынчу “Тез жардам” машинесин аткылаган болушу мүмкүн экени айтылат.

Тажикстандын Чарбак (Чорбог) айылынын жанындагы көпүрөдө “Тез жардам” экени “так белгиленген” эки машине жана жай жарандар бараткан менчик машинеге чабуул коюлган бир окуяда 10 киши, анын ичинде төрт бала жана эки медициналык кызматкер набыт болгон.

HRW чабуулдун багытын билүү үчүн 3D-моделдөөнү колдонуп, ок болжол менен 110 метр жерден Кыргызстандагы Достук айылынан атылган деген бүтүмгө келген.

Эл аралык уюм “даана белгиленген [“Тез жардамдарга”] атайын урулган соккулар Эл аралык кылмыш сотунун статутуна ылайык, эл аралык куралдуу жаңжалда аскердик кылмыш болуп саналат”, – деп белгилейт.

HRW тажик күчтөрү жаңжал маалында кыргыз айылдарын басып алып, алардын айрымдарын дээрлик жок кылып кеткенин документтештирген.

16-сентябрда “тажик күчтөрү кыргыз айылдарын басып алып, тажикче сүйлөгөн жөнөкөй кийинген адамдардын коштоосунда чек аралаш кыргыз айылдарына кирген. Көпкө созулбаган оккупацияда тажик күчтөрү кеминде алты жайкын эркек кишини өлтүрүп, анын ичинде үчөөнү сыягы качып баратканда, экөөнү суроо-сопкутсуз эле өлтүрүп салгандай” деп жазылган баяндамада.

“Тажик күчтөрүнүн карамагындагы” жөнөкөй кийимчен тажиктер Кыргызстан тарапта кыска мөөнөткө ээлеп алган айыл-кыштактарда кеңири масштабдагы талап-тоноочулук кылып, “ал жерлерди мекендеген жашоочулардан тазалоону көздөгөндөй аракетти көрүп”, жүздөгөн үй-жайды, ошондой эле бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди жана административдик имараттарды өрттөп кетишкенин да уюм кошумчалаган.

“Хьюман Райтс Уотч” бул окуяларды иликтөө багытында Тажикстанга өзүнчө сунуштарын берет.

970 чакырымга созулган чек аранын дээрлик жарымы демаркация боло элек. 17-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чек араны демаркациялоо процесси “жайлап калганын” билдирип, Тажикстандын 1924-жылкы картага байланып калганы иштин жылышына кедергисин тийгизип жатканына нааразы болду.

“Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз”, – деген Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде.

Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн илгерилеши тууралуу комментарий бере элек.

Эл аралык уюмдун улук иликтөөчүсү Галлопен чек арада жашаган кыргыз жана тажик тургундар соңку жылдардагы алардын жашоосун түп-тамырынан өзгөртүп, ортодо олуттуу жарака кетирген куралдуу жаңжалдан кийин терең кабатырланып, тынчтыкты гана эңсеп жашап жатканын белгилейт.

“Чек аранын эки жагындагылар менен сүйлөшкөнүбүздө жергиликтүү эл кооптуу жаңжалдардан тажаганын жана чындап эле тынчтыкты самап турганын көрдүк”, – деди Галлопен “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде.

Алматыда Кытай менен визасыз режим киргизүүгө каршы акцияга чыккандар кармалды

1-май күнү Алматы шаарында Горький атындагы сейил бакка митингге чыккан онго жакын киши кармалды. Бул тууралуу казак ММКлары кабарлады.

Буга чейин жарандарды митингге чыгууга өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын жетекчиси, чет өлкөдө жашаган Мухтар Аблязов үндөгөн. Ал Кытай жарандарынын Казакстанга визасыз киришине каршы болуп, Астананы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан жана Евразия экономикалык биримдигинен чыгууга чакырган.

Маалыматка караганда, 1-майдагы акцияга жалпысынан 20га жакын киши катышты. Полиция кызматкерлери алардын эмне себептен кармалганы боюнча маалымат берген жок.

Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн “Казакстан менен Кытайдын ортосундагы виза талаптарын жоюу жөнүндөгү келишимге кол коюу” тууралуу мыйзам долбоорун апрелде коомдук талкууга чыгарган. Келишимге 18-19-майда президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлары пландалууда.

Казакстанда жарандар ар кандай нааразылык акцияларына чыгуу үчүн акимчиликтен уруксат алышы керек. Уруксат берилбеген акциялар мыйзамсыз деп табылып, катышуучуларды полиция кармайт.

Кыргыз-өзбек-тажик чек ара кесилишин аныктоо маселеси талкууланды

25-29-апрель күндөрү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара маселеси талкууланганын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин 30-апрелдеги маалыматына караганда, жолугушуу Баткен шаарында өттү, ага үч өлкөнүн өкмөттүк делегациялары катышты.

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү”, – деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтмөй болду.

Үч өлкө орток чек арага ээ. Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара тилкеси 970 чакырымды түзөт, анын 519у такталган. Ал эми Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнүн президент Садыр Жапаров быйыл январда өзбек жетекчиси Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде айткан.

Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсү өзбек бийлигинин жакын өнөктөшүнө айланды

Корруциялашкан бажычылар менен жең ичинен сүйлөшүп алып көмүскөдөгү магнатка айланган Хабибула Абдукадыр Борбор Азияга футболкадан тарта заманбап электроникага чейинки кытай товарларынын импортун көзөмөлдөйт. Азыр ал Өзбекстанда өкмөт менен өнөктөштүктө бизнес менен алектенет.

Буга чейинки иликтөөлөрдө Абдукадырдын үй-бүлөсү коррупционер аткаминерлердин жардамы менен Кыргызстанда соода жолдоруна көзөмөл орноткону аныкталган. Бирок бул алардын Өзбекстанда бийликке ыкташына жолтоо болгон эмес.

Алар көмүскөдөн чыгып, мамлекеттик агенттиктер жана президент Шавкат Мирзиёевдин туугандары менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө киришкен.

Абдукадырлар Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири -Ташкенттеги “Абу-Сахийди” сатып алгандан кийин алардын транспорт жана логистикалык компаниялары товар ташыган эл аралык соода жолдорунда басымдуулук кыла баштаган. Ал арада Абдукадырдын компаниясы Өзбекстанда эки жаңы бажы терминалын иштетип, дагы бир нечесин куруу үчүн тендерди жеңип алганы кабарланууда.

2021-жылдын декабрында майрамга жакын Москвага көптөн күтүлгөн жүк жеткирилген. Ташкенттен чыккан муздаткычы бар поездге жүзүм, курма, лимон жана помидор жүктөлгөн болчу. Бул Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы жаңы соода келишиминин алкагында түзүлгөн “Агроэкспресс” темир жол кызматын алгачкы сыноодон өткөрүү эле.

Бирок поезддин вагондорунун бооруна тартылган эн белгиден “Агроэкспресске” былтыр гана түзүлгөн эч кимге белгисиз жеке компания өнөктөш экени көрүнөт.

UTI Transit – паракорлук жана коррупция аркылуу көмүскө карго империясын курган делген, Кытайда туулган уйгур тектүү чуулгандуу Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык.

“Азаттык”, OCCRP жана “Клооптун” иликтөөлөрү төрт бир туугандын улуусу Хабибулла Абдукадыр башында турган үй-бүлө Кыргызстандагы жооптуу аткаминерлерди кантип сатып алып, бажыдан артыкчылык менен пайдалануу аркылуу өлкөнүн негизги соода жолдоруна көзөмөлдүк кылганынын бетин ачкан.

Бул табылгалар чөлкөмгө белгилүү болгон. Бирок журналисттер Абдукадырлардын соңку бизнес алакаларын бир жылдан ашык иликтегенден кийин бул үй-бүлө Өзбекстанда ошого окшош схеманы колдонгонун аныкташты. Алар ири базарды жана соода жолдорун көзөмөлгө алып, бажы кызматынын өнөктөшү болуп калганы ачыкка чыкты. Бул ирет алар өз ордун көмүскө жолдор аркылуу эмес, өкмөттүн колдоосу менен бекемдеген.

Башында өзбек бийлиги Ташкенттин маанилүү базарынын мурдагы ээсине каршы бир нече текшерүүлөрдү баштап, акыры аны Абдукадырларга сатууга аргасыз кылган. Бир нече ишенимдүү булактар ырастагандай, Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн “таянган тоосу” президент Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров.

Үй-бүлө өкмөт менен түздөн түз кызматташып, мамлекеттик фирма менен бирге Кытайдан келген жаңы соода маршруту деп жарнамаланган жүк ташуучу ишкана ачкан.

Журналисттердин колуна тийген документтерге ылайык, Абдукадырлар өзбек өкмөтү планын жарыялаганга чейин эле өлкөнүн расмийлери менен иштешип, чек араларда жаңы бажы терминалдарын куруу долбоорлоруна киришкен. Үй-бүлө эки терминалга инвестиция салып иштетүүнү, дагы бир нече терминалды курууну пландаган.

Өзбекстандын соода тармагында “Абу-Сахийден” ашып түшкөн кирешелүү базар жок. Баш калаанын айланма жолунда жайгашкан базардагы cансыз соода түйүндөрүндө кийимден баштап, турмуш-тиричилик техникасына чейин каалаганыңды тапсаң болот. Базар кытай товарына толгондуктан жергиликтүү куудулдар аны “Кытай борбор” деп атап алган. Кардарлардын ыңгайына жараша бул жердин азык-түлүк күркөлөрү, көп кабат автоунаа токтотуучу жайы, мечити бар.

“Абу-Сахий” базарынын таржымалы бүдөмүк, ага көп жылдар бою экс-президент Ислам Каримовдун күйөө баласы, мартабалуу жашоосу менен таанылган Тимур Тилляев кожоюндук кылып келген.

Кыргызстандагы коррупциялашкан бажычылардын колдоосу менен Абдукадыр жана анын инилери “Абу-Сахийде” жалган декларация менен өткөн кытай товарларын сатып, эбегейсиз байлык топтогон болушу мүмкүн. Үй-бүлө Айеркен Саймаитини жалдаган. Ал көптөгөн мыйзамсыз схемалар аркылуу Абдукадырлардын акчасын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү банк эсептерине которуп турганын айтып берген. 2019-жылы күзүндө аны Стамбулда атып кетишкен.

2017-жылдын аягында Тилляев базардагы үлүшүн анын жаңы ээлерине саткан. Биздин билишибизче, Тилляевдин карааны ошол бойдон өлкөдө көрүнө элек.

“Абу-Сахийдин” ээлери алмашканына өкмөт өзгөчө көңүл бурган. Мамлекеттик телеканал “Абу-Сахийге” жаңы ээлик кылган аты аталбаган “эл аралык тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорду” даңазалап көрсөткөн. Сюжетте баанын арзандаганына сүйүнгөн кардарлар менен ижара акысы азайганына кубанган соодагерлер көрсөтүлгөн.

“Абу-Сахий” базарындагы ал “чет элдик инвесторлор” – Абдукадырлар болуп чыккан. Тилляевдин адвокаты журналисттерге жиберген электрондук катында экс-президенттин күйөө баласы базарды 2017-жылдын декабрында Хабибулла Абдукадырга сатканын ырастады.

“Абу-Сахий” базарына жакын булактар, анын ичинде соодагерлер, корпоративдик юрист, милициянын мурдагы жооптуу кызматкери жана жүк ташуучу компаниялардын ээлери Абдукадырдын көмүскөдөгү таасирдүү таянган кишиси – Мирзиёевдин күйөө баласы жана президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Отабек Умаров экенин айтышты.

Алар берген схемадан постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө көнүмүш адатты – башкаруучу саясий элитанын өкүлү Умаров кирешелүү бизнести “калкалаганын” көрүүгө болот. Адатта “калкалоочу” кирешеден ала турган үлүшү үчүн ишкерди саясий чабуулдардан коргойт, инсайдерлик маалымат менен камсыздайт жана ага мыйзамды кыйгап өтүүгө көмөктөшөт.

Өзбек өкмөтү Абдукадырдын үй-бүлөсүн Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы соода жолунун долбоорун иштеп чыгуу планына да кошкон.

Жүк ташуудан тышкары Абдукадырлардын Өзбекстандагы Baraka Holding деген соода компаниясы чет өлкөдөн товар алып келүүдө ортомчулук ишти аткарат. Компания товарды импорттоо жана бажы документтерин жөндөөнү өзүнө алгандыктан, кардарга товарды “жергиликтүү жеткирүүчүдөн” сатып алуу эле калат.

Өзбек өкмөтүнүн маалыматы боюнча 2022-жылы Baraka Holding 200 миллион доллардан ашык кирешеси менен өлкөдөгү үчүнчү ири соода компаниясы болгон.

Абдукадырлар эми Өзбекстандын бажы комитети менен расмий өнөктөш болуп калды. Буга чейин бул үй-бүлө Кыргызстанда бажынын жогорку кызматтагы аткаминерин сатып алган деген айыптоолор Ташкентти токтоткон эмес.

Мамлекеттик мекемелердин колдоосу менен бир нече бажы терминалын жана олжолуу “Абу-Сахий” базарына ээлик кылган, аткезчиликтин аркасы менен байлык топтогон делген үй-бүлө Өзбекстанга кара жол менен кирип-чыккан соода жолдорунун көбүн өз көзөмөлүнө алган.

Өзбекстандын транспорт министринин айтымында, өкмөт Абдукадырлар негизги оюнчу болгон “Агроэкспресс” долбоорун кеңейтип, Орусиянын Уралынан баштап Ыраакы Чыгышына чейин жүк ташууну пландап жатат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашыруу – аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 27-апрелде Ташкентте өтүп жаткан инвестициялык форумда билдирди.

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат. Бул стратегиялык долбоорду ишке ашыруу 4 миллиардга жакын адамды байланыштырып, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет”, – деди Жапаров.

Ошондой эле Минкабдын төрагасы Борбор Азиянын “атаандаштык артыкчылыктарын” да белгиледи.

“Биздин аймакты экономикалык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү калыптанган бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары көрөбүз. Мындан тышкары, бул системанын бардык компоненттери бири-бирин толуктайт жана бекемдейт. Бул жерде маанилүү шарт төрт “эркиндикти” камсыз кылуу болуп саналат: адамдардын, товарлардын, кызматтардын жана капиталдын кыймылы. Иш көп, бирок жакшы ниет менен баарын жасоого болот”, – деди Жапаров.

2022-жылы Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Кытайдын ортосунда каттамдын 280 чакырымга созулган “Торугарт – Арпа – Көш-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад” тилкеси боюнча техникалык -экономикалык негиздемени иштеп чыгуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Темир жол куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин 2023-жылдын 1-июнуна карата даярдоо пландалууда. Аны менен Кытайдын долбоорлоо институту алектенүүдө.

Меню