Menu

ЭКОНОМИКА

Комерциялык банктар калктын канын сорууда

Улуттук банк коммерциялык банктарга “5 пайыздан акча алып, керектөөчүлөргө жогору дегенде 12 пайыз менен бергиле” деп, акча бергенге даяр. ЕАЭСке кирген мамлекеттердин баары элге насыя берүү тармагын төмөнкү пайызда берип жолго салып алгандыктан, рейтингдери да жогору турат. Ал эми кичинекей Кыргызстаныбыз коррупционер, алкы бузуктардын айынан төмөн пайызды мындай кой, өкмөт субсидия кылган насыяны жөндөп бере албай карапайым калкты кыйноодо. Улуттук банк 9 пайыздык ченди 5 пайызга түшүрдү. Бирок коммерциялык банктар 1,5 пайызга түшүрүп коюп, насыяны жогорку пайыз менен берип калктын канын сорууда.

Булак: “Фабула”

Казакстан-Өзбекстан соода жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин көбөйтүү ниетинде

24-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстандын расмий ММКлары билдиришти.

Мирзиёевдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүү маалында мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын жанданганын канааттануу менен белгилешти».

Gazeta.uz сайтынын дүйшөмбү кечинде жарыялаган билдирүүсүндө тараптар жакынкы бир нече жыл ичинде өз ара товар алмашуунун көлөмүн беш миллиард долларга чейин көбөйтүү ниеттерин ырасташканы жана аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүнү колдогондуктары жазылган.

Эки өлкө президентинин ортосундагы бул телефондук сүйлөшүү алардын Астанадагы жолугушуусунан бир ай өткөндөн кийин болууда. Анда тараптар Стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы тереңдетүү жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан Казакстандын айыл чарба азыктары үчүн акциз салыктарын төмөндөттү

Өзбекстан 1-апрелден тарта Казакстандан алынып келинген айыл чарба азыктары үчүн алынчу акциз салыктарын төмөндөттү. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар мындай чечимге Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылдын мартындагы Казакстанга болгон расмий сапары маалында жетишкен.

«Өзбекстанга жеткирилчү төмөнкү айыл чарба азыктары үчүн акциздик салыктар төмөндөтүлдү: буудай унуна 55%, (11ден 5% чейин); күн карама жана өсүмдүк майына 2 эсеге, (20дан 10% чейин); уксус кошулбаган консерваланган жашылчаларга 5 эсе (50дөн 10% чейин); мөмө-жемиш ширелерине 2,3 эсе (70тен 30% чейин); соустарды даярдоо үчүн керек болгон азыктар менен даяр соустардын өзүнө 2,8 эсе (70тен 25% чейин)», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Андан тышкары Казакстандан Өзбекстанга алынып келинген макарон азыктары үчүн акциздик салыктар жоюлду (буга чейин 30 жана 50% түзгөн).

Министрликтин маалыматына караганда, 2016-жылы казак айыл чарба азыктарынын Өзбекстанга экспорту $426,9 млн. түзгөн. Өткөн жылы Казакстан Өзбекстанга 1725,2 миң тонна буудай, 4,7 млн. тонна ун, 96 миң тонна күн карама уругун, 10,2 миң тонна өсүмдүк майын жана 51 миң тонна картошка экспорттогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

2018-жылдан тарта үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбаларына 155 миӊ сом дотация түрүндө берилет

Өкмөт 2018-жылдан тарта үрөнчүлүк чарбаларына жыл сайын 155 миӊ сомдон дотация түрүндө бериле баштайт. Ушундай эле каржылык жардам асыл тукум мал чарбалары үчүн да каралууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча ар жылдык отчет угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, 2016-жылы 80 миӊ ири мүйүздүү мал жана 20 миӊ майда жандыктар асыл тукум малдан алынды. “Биз дыйкандар менен фермерлерди жогорку сорттогу сапаттуу үрөн жана асыл тукум малдын уругу менен камсыз кылышыбыз керек. Ансыз ЕАЭБ шартында атаандаштык түзө албайбыз. Азыр ири малдын саны 1,5 миллиондон, жылкы 467 миӊден, кой-эчки 6 миллиондон ашты”, – дейт ал.

Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду 28-майга чейин камакта калтырды

Бүгүн, 24-апрель 2017-жылы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө Садыр Жапаровго карата токтом кабыл алды. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Ачык соттук отурумда Кыргыз Республикасынын МУККсынын тергөө башкармасынын ага тергөөчүсүнүн, Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 30-ст. 4-б. жана 227-ст. 2-б. 1, 3-п.п., 30-ст. 4-б. жана 113-ст. 2-б., 30-ст. 4-б. жана 341-ст. 2-б., 30-ст. 4-б. жана 234-ст. 3-б. 3-пункту боюнча айыпталган, Жапаров Садыр Нургожоевичти камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү өтүнүчүн карап, соттөмөнкүлөрдү аныкталды деп тапты:

Тергөө органы тарабынан С.Н. Жапаровго, ал, адамдардын тобу менен алдын ала макулдашуу боюнча адамды барымтага алып кармоону, кызматтык милдетин аткарышына байланыштуу бийлик өкүлүнүнөмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүүнү, өлтүрөм деп коркутууну жана күйүүчү заттарды колдонуу  жана укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү менен хулигандык жасоону уюштурган деген, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 30-ст. 4-б. жана 227-ст. 2-б. 1, 3-п.п., 30-ст. 4-б. жана 113-ст. 2-б., 30-ст. 4-б. жана 341-ст. 2-б., 30-ст. 4-б. жана 234-ст. 3-б. 3-пункту боюнча айып угузулган.

Аталган фактылар боюнча  жазык иши козголуп, 2016-жылдын 25-августунда  кээ бир адамдардынүстүнөн жазык ишинин ичинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

2017-жылдын 25-март күнү саат 23.35де Жапаров С.Н. шектүү адам катары кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо 2017-жылдын 28-апрелине чейинки мөөнөткө тандалган.

Тергөөчү айыпкер С. Жапаровго карата аны камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчүн, азыркы учурда тергөө амалдары толугу менен бүтө электиги, тактап айтканда иш боюнча бир нече күбөлөрдүсурак кылуу, алар менен С. Жапаровдун катышуусунда беттештирүү өткөзүү, кылмыш иште болгон далилдерге ылайык С. Жапаровго акыркы айып угузуп, кылмыш иштин материалдары менен таанышууүчүн убакыт керектиги, тергөө мөөнөтү 2017-жылдын 28-майына чейин узартылгандыгы, ошондой эле коюлган айыптын оордугу, мурда соттолгондугу жана ал эркиндикте жүрсө тергөөдөн же соттон качып, иштин каралышына тоскоол болушу ыктымал деп негиздейт.

Өтүнүч боюнча прокурордун, жактоочулардын, айыпкердин пикирлерин угуп, соттук материалдарды изилдеп, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Айыпкер Жапаров Садыр Нургожоевичке карата тандалган камакта кармоо бөгөт коюу чарасы тергөө мөөнөтүнө, тагыраак айтканда 2017-жылдын 28-майына чейин узартылып, камакта Бишкек шаарындагы № 1-тергөө изоляторунда кармалсын.

Токтомго нааразы тарап беш күндүн ичинде кассациялык тартипте Бишкек шаардык сотуна даттанууга укуктуу.

Видео - Дүйшөмбүдө тажик-өзбек бизнес форуму өттү

Дүйшөмбүдө тажик-өзбек бизнес форуму өтүп, кызматташуу боюнча 10 документке кол коюлду. Алардын басымдуу бөлүгү өзбек автомобиль өндүрүшүнө тиешелүү.

Форумга эки өлкөдөн 500гө чукул ишкер катышты. Иш-чаранын алкагында өзбек өндүрүшүнөн чыккан товарлардын көргөзмөсү өтүп, 1500дөн ашуун аталыштагы продукциялар коюлду.

Форумдун максаты – соода алакаларын жакшыртуу, машина куруу, энергетика, тоо-кен өндүрүшү, курулуш, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү болуп саналат. 2016-жылы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү алты эсеге көбөйүп, 70 миллион долларды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чет өлкөлүктөр үчүн инвестициялык виза алуу жеңилдеди

Өлкөдө инвестициялык виза алуунун жаңилдетилген тартиби ишке кирди. Документке ылайык, инвестор белгилүү бир мөөнөт аралыгында Кыргызстанга ээн- эркин келип, тендерлерге катыша алат.

Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция жана экспортту илгерилетүү агенттиги маалымдагандай, мындай чечим чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатында кабыл алынды. Тип I үлгүсүндөгү инвестициялык виза инвесторго же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө үч жылга берилет.

Бул визага ээ болгон инвестор үч жыл бою өлкөгө ээн-эркин кирип, тендерлерге жана аукциондорго катышуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Инвестициялык визаны алуу үчүн кыргыз экономикасына салым кошорун далилдеген, 10 миллион сомго тете акчалай жана материалдык баалуу байлыктарын тастыктаган документтерди көрсөтүшү керек.

Мындан тышкары инвесторлордун үй-бүлөлөрү үчүн F үлгүсүндөгү виза киргизилүүдө. Ал бир жылга, кайра узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет. Бирок алардын иштөөсүнө уруксат жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда жумуш жарманкелери эми мечиттердин алдында өтөт

Алматынын борбордук мечитинде бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө. Бийлик өкүлдөрүнүн кабарлашынча, жума намазга эл көп чогулгандыгына байланыштуу иш-чара ушул жерде уюштурулган.

Жарманкеде жеке уюмдар жүздөгөн бош орундарды сунуштоодо. Расмий маалыматтар боюнча шаарда 48 миң киши расмий түрдө жумушсуз катары каттоодон өткөн.

Жарманкеде негизинен тазалык кызматкерлери, күзөтчүлөр талап кылынууда. Арасында программист, экономист, бухгалтердик эсеп билимин талап кылган жумуштар дагы бар. Иш-чараны “Нур Отан” партиясынын жергиликтүү филиалы жана Казакстан Мусулмандар дин башкармалыгы уюштурууда.

Маалыматтарга караганда, буга чейинки жарманкелерде 260 киши иш менен камсыздалган. Жумуш жарманкелерин мындан ары ар жума күндөрү ири мечиттердин алдында өткөрү пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда энергетика тармагында баалуу кагаздар чыгарылат

Тажикстан өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө кошумча каражат тартуу үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарат. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна кол коюлду.

Документке ылайык, Каржы министрлиги баасы 530 млн сомониге жеткен (59 миллион долларга жакын) баалуу кагаз чыгаруу милдеттенмесин алат. Мекемеден өкмөттүн токтому парламентте бекитилери менен баалуу кагаздарды чыгарууга кирише тургандыктарын билдиришти. Алардын жылына 2% менен 5 жыл пайдаланыла тургандыгы кабарланууда.

Өкмөттүн бул токтомун аткаруу үчүн жоопкерчилик өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги, Улуттук Банк жана Каржы министрлигине жүктөлдү.

Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн чет өлкөлүк инвестор табуу боюнча бийликтин бир канча жолку ийгиликсиз аракетинен кийин өкмөт 2009-жылы станциянын келечектеги акцияларын сатуу өнөктүгүн баштаган. Анда 900 млн сомони (ошол кездеги курс боюнча 186 миллион доллар) чогултууга мүмкүн болгон, бирок 2012-жылы акцияларды сатуу токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бабановго батпагандар Сариевге сагалай башташтыбы?

Буга чейин ажо Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду чакырганы, бизге жеткен маалымат боюнча, «Соке, сен ордуңда иштей бересиң, президенттик шайлоого Сапарды чыгаралы» дегени ыраспы? Албетте, резиденциянын ички-тышкы турмушундагы жаңылыктар буйруктуу адамдарга угулуп калышы ажеп эмес.

Эмне сыры бар экенин ким билсин? Эгер Сапар Исаков мураскер боло турган болсо, саясатта такымын жешкен Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановго майдай жата турганы каңкууланды. Баса, соңку убакта Темикеге «Үчилтик» сыңарындагы Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров,
Камчыбек Ташиев өндүу саясатчылар баш байлоо менен бийликке жетүү жагын пландашканы тар чөйрөгө тарады. Эгерде «Үчилтик» соодалашып, «Акшумкар» партиясы менен тил табышып, биригүүгө келсе, анда түндүк катмардагы Сариевдин электораты Бабановго бурулуп кетүү жагы болжонуп атыптыр. Албетте, саясый технологияны ким мыкты өздөштүрсө, ошол жагына бакыт кушу ыроолойт эмеспи. Дал ушул жагынан Темике кыраакы саясатчы катары эки жагына туура саресеп салып, жаңылбай тургандай жолго түшүүсү абзел. Себеби, Ахмат, Адахан, Камчыны көргөн элибиз баягы Бакиевдин жаш кезин элестетет, а чынды-гында, дал ушундай жүрүштөн элибиз жыргап кет-мек беле? Биз эски «тырмоокту» кайра бассак, эл
кечирбейт да! А баса, дагы бир чылгый бакиевчи Бакыт Төрөбаев учурда элдин көзүн жайгарып, МТС ачымыш этил, ал дагы чоң саясый чөйрөдө соодалашууга батынганы байкалууда. Эл колдобой, тизеге чабылып калса не?..

Жыйынтыгында, «Үчилтиктин» келечек таг-дыры боюнча Бабанов менен алма жеп отуруп сурадым эле: «Булар сизге келсе кошосузбу?» деп. Тилекке каршы, Өмүке сабырдуулук маанайында жылмайып, баш чайкаганы эсимде. Бул жолугушуу марттын башында болгон эле. Кыскасы, бүгүн саясатта карайлагандар Темикеге, Өмүкеге жана Атамбаевге жабышьш, эптеп «бортко» жармашууну көздөшсө керек…

Меню