Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Кыргызстан аскердик 50 даана КАМАЗ , 55 даана "Тигр" зооттолгон унаа жана 58 өрт өчүргүч КАМАЗ унааларын сатып алды

Бүгүн, 25-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына атайын техникаларды тапшыруу аземи болду.

Мамлекет башчысы өрт өчүргүч заманбап атайын техника жана шаймандар менен жабдылган өрт өчүрүүчү унааларды көрүп чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Өрт өчүрүүчү унаалардын паркын мындай масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери болгон эмес.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн алынган КАМАЗ жана заманбап «Тигр» зооттолгон унааларынын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. 50 жаңы КАМАЗ жана 55 «Тигр» зооттолгон унаалар толугу менен республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен сатылып алынган. Өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы мындай масштабда жаңы аскердик техниканы сатып алуу биринчи жолу болду.

Мамлекет башчысы «Тигр» зооттолгон атайын унаасын борбордук «Ала-Тоо» аянтында айдап, анын техникалык өзгөчөлүктөрүн өзү сынады.

Президент Садыр Жапаровдун аземдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүнөн кийин борбордун эски аянтынан катарга тизилген аскерлердин колонналары жана зооттолгон жаңы унаалар өттү.

Жаңы техника өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн, чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн сатылып алынды жана УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.

УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге берилген техникалардын татаал жолдордон өтүү мүмкүнчүлүгү жогору жана климаты катаал шарттарда иштөөгө ыңгайланышкан.

 

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы УКМК ардагерлеринин жана кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн эң ири облустарынын бири болгон Жалал-Абадда улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган орган кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу үчүн ыӊгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш экенин белгиледи.

«Дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп, илим менен техниканын барган сайын өнүгүп жаткан маалында коопсуздукка коркунуч келтире турган улам жаңы чакырыктар байма-бай чыгып жатканы белгилүү», — деп белгиледи. Терроризм, экстремизм, этносторду бири-бирине кайраштыруу, адам сатуу, курал сатуу, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү сындуу коопсуздукка олуттуу сокку ура турган көптөгөн мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу иш-чаралары талаптагыдай жүргүзүлүп, талаптагыдай аткарылышы керек экенин белгиледи Президент.

«Биз өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна кылдай зыян келтириши мүмкүн болгон жагдайларды дагы көз жаздымда калтырбашыбыз зарыл», — деп билдирген Садыр Жапаров, улуттук коопсуздукту камсыз кылууда УКМК кызматкерлеринин ийгиликтүү иштеши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, нарко-бизнес жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликтерди жаратып жатканын белгиледи. «Ага жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилген бир катар резонанстык иш-чаралардын жыйынтыктары далил. Жыйынтык бар, демек иш бар», — деп белгиледи.

Мамлекет башчысы УКМК кызматкерлеринде Кыргызстандын элинин тынчтыгы, бейпилдиги үчүн күрөшкөн Манас бабабыздын, Барсбек кагандын, андан берки Курманбек баатыр, Эр Солтоной, Эр Табылды аталарыбыздын жана башкалардын духу жана руху бар экенине ишенимин билдирди.  «Мындай мекенчил уул-кыздарыбыз турганда Кыргызстаныбыздын келечеги ишенимдүү колдо деп айтууга толук негиз бар», — деген ал, мамлекетибиздин, элибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугун кынтыксыз камсыз кылган кызматкерлер ар тараптан колдоого алынып, аларга тиешелүү шарттар менен кошо социалдык кепилдиктер берилиши зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Президент иштин көлөмүнө, аткарган кызматынын оордугуна жараша шарт түзбөй туруп, кызматкерлерден кандайдыр бир натыйжаларды, ийгиликтерди талап кылуу адатынан качуу керектигине токтолду.

Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, Башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө айтып берди.

«Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», — деп түшүндүрдү.

Мындан сырткары, генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясынын административдик окуу корпусун, жатаканасын жана спорт комплексин, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын белгилеп, өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылганын эске салды.

«Концепция өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн практикалык иш-чараларды өзүнө камтыйт. Биз өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоо үчүн мыкты методикаларды жана механизмдерди күнүмдүк ишибизге колдонууга киргизишибиз керек», — деген Мамлекет башчысы, мындай максаттар УКМК тарабынан тез жана натыйжалуу ишке ашырыларына ишенимин билдирди.

Сөзүнүн соңунда, Президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоо боюнча ишинде ийгиликтерди каалады.

Андан соң Мамлекет башчысы Башкармалыктын эки кабаттуу имаратын, иш орундарын, медициналык пунктун карап чыкты.

Белгилей кетсек, УКМКнын имараттары режимдик мүнөздөгү маанилүү объектилер болуп саналат. Бирок УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы административдик имараты 1934-жылы курулуп, талаптарга жооп бербей жана аны коопсуз колдонууда көйгөйлөр болуп келген.

Мурдагы административдик имаратта өрткө каршы жабдуулар жок жана өзгөчө кырдаалдар учурунда өздүк курамды эвакуациялоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.

Буга байланыштуу бардык талаптарга жооп берген жаңы административдик имаратты куруу зарылчылыгы келип чыккан.

Азыр жаңыдан курулган административдик имарат керектүү заманбап жабдуулар, кызматкерлер үчүн эмеректер менен толук жабдылган, эмгек шарттары талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

Учурда облустук атайын кызматтардын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана чыңдоо иштери улантылууда.

 

 

Фото - Чүй облусунун экс-губернатору Туйгуналы Абдраимовдун мыйзамсыз баюу фактылары боюнча 16 квартирасы, 5 жер тамы, 18 жер тилкеси, 16 автомашинасы, 3 дыйкан чарбасы, 2 автоунаа токтоочу жайы аныкталып, кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү “А.Т.Д.” мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады.

Тергөө учурунда, аталган «А.Т.Д.» жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн, мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү,  легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына катталган.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, “А.Т.Д.” жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 уна токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 авто унаа, жана ошондой эле ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган.

Белгилей кетсек, “А.Т.Д.” жана анын жакын туугандары активдери, киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган.

КР УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктту (мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталып, бул иштин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

 

Фото - Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагында курулган жаңы 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн расмий ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысына жаңы балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү тууралуу маалымат берилди. Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.

Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү биринчи жолу  балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. Ал 70 жатуучу орундан туруп, анын 10у интенсивдүү терапия палатасына карайт. Ошондой эле, жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.

Балдар онкологиясындагы өлүмдөрдүн көпчүлүгү терапиянын татаалдашынан жана балдарды дарылоо шарттарынын жоктугунан болгондугунан улам. Эми балдар онкологиясынын колунда биринчи жолу өздөрүнүн гемодиализ үчүн аппараты менен реанимациясы болот. Баш мээсинде залал шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андай бейтаптар бардык оорулуулардын 30% түзөт. Тар багыттагы адистер менен консультация жүргүзүү мүмкүндүгү менен жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, балдар онкологиясын атайын балдар клиникасына которгондон кийин гана, жалпы балдар онкокызматын өнүктүрүүдө оң жылыштар жана өлүм санын азайтуу мүмкүн.

Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кувейт, Катар жана Сауд Арабиясынан меймандар катышты.

Өз сөзүндө Президент бүгүнкү иш-чаранын өлкөбүздүн саламаттык сактоо тармагынын тутуму үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, азыркы тапта онкологиялык оорулар көбөйүп, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да бул боюнча кырдаал курч бойдон турат.

Садыр Жапаров акыркы жылдарда балдардын онкологиялык ооруларынын көбөйүшү байкалып жатканына тынчсыздануусун билдирип, бул кырдаалды

дартка даба болуучу дарыларды сатып алуу жана тиешелүү ооруканаларды керектүү технологиялар менен жабдуу көйгөйлөрү, онколог-дарыгерлердин жетишсиздиги курчутуп жатканын кошумчалады.

Президент белгилегендей, залалдуу шишиктерден каза болуулардын санын илимий изилдөөлөргө негизделген максаттуу программаларды иш жүзүнө ашыруу менен төмөндөтүүгө жетишүүгө болот.

«Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун атайын клиникасынын базасында балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн ачылышы балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүдө чоң кадам болуп саналат. Аталган бөлүм аркылуу алдын ала дарылоо жана кичинекей бейтаптарыбыздын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жакынкы келечекте ийгиликтүү жүзөгө ашарына ишеним артабыз», — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле, залал шишикти дарылоонун кийинки баскычтарында иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Ар бир муктаж балага кол сунуп, алардын өмүрү үчүн күрөшүүдө колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек! Ал үчүн заманбап медициналык технологияларды тартып, жаңы ыкмаларды пайдаланып, илгери үмүт жана терең ишеним менен балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүгө милдеттүүбүз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жүргүзгөн ишмердиги жана кайрымдуулугу үчүн, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга Кыргыз Республикасынын ардакт грамотасын тапшырды.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы жаңы имаратты карап чыгып, орнотулган атайын жабдуулар менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашты.

Мындан сырткары, Президент Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун курулушу 1995-жылдан бери бүтпөй турган балдар кардиохирургиясынын имараты менен таанышты.

Кыргыздын чоюн билек балбаны Бекдөөлөт Расулбеков Токио олимпиадасында 6-орунду ээледи

31-июлда оор атлетика боюнча Токио  шаарынын  Токио эларалык Форум имаратындагы олимпиадалык мелдешине  кыргыз спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков катышты. Аны устаттары Өмүржан Молдодосов менен Камбар Токтоналиев коштоп акыл-насааттарын айтып турушту. Ал   96 кг салмактагы чоюн билек 10 балбан менен олимпиадалык байге үчүн  күч сынашты. Бул салмакта 15 спортчу мөрөй талашса, анын ону «А» тобундагы балбандар  болду. Мелдеш бишкек убактысы боюнча 16.50дө башталды. Бекдөөлөт жулкуп көтөрүүдө алгач 162 кг салмакты багындырды. Экинчи жолку аракетинде 165 кг салмакты көтөрө албай койду. Үчүнчү жолку чыгууда  166 кг салмакты көтөрдү. Бул көнүгүүдө канадалык Сантай Роберт 178 кг салмакты көтөрүп топ башында турду. Түртүп көтөрүүдө Бекдөөлөт  алгач 200 кг салмакты багындырды. Кийинки чыгууда 208 килограмм салмакты көтөрдү. Соңку чыгууда 216 кг салмакты көтөргөнү менен сол колу ооп кетип, штанга помостко түшүп кетти. Ошентип ал жалпы 374 килограмм салмакты багындырды.

1-орунду Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алды. Ал 402 килограмм салмакты көтөрүү менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Спортчу булкуп көтөрүүдө 177 килограмм, түртүп көтөрүүдө 225 килограммды көтөрдү.

Күмүш жана коло байгелерди 387 килограммды эсебине жазган Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья (177 кг, 210 кг.) менен Грузиянын өкүлү Антон Плесной жеңип алды.

Бекдөөлөт Расулбеков 1996-жылы Токтогул районунун Кайрак айылында туулган. 2011-жылдан бери оор атлетика менен машыгып,  94, 96 жана 102 килограмм салмак категорияларында өлкө намысын коргоп келатат. 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болгон. 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатында ал алдыңкы ондукка кирген. Билими боюнча – программист. Техносфера коопсуздугу боюнча экинчи адистикти алган.

Бекдөөлөт 2021-жылы февраль айында Ирандагы жана Өзбекстандагы турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат. Март айында ал атаандаштарынан  80 килограммга озуп, Кыргызстандын беш жолку чемпиону болгон эле.

– Жаш кезинде таятам машыккан экен. Бул анын хоббиси болчу. Ал кесипкөй оор атлетчи болууну  кыялданган, бирок мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анын кыялын ишке ашыргым келип, оор атлетчи болдум. Жеңиштеримди таятама жана кыргыз элине арнап келген. Бирок тилегим орундалбай калды. Эмдиги жылы Азия оюндары болот. Ошондо дагы тажрыйба топтоп, кийинки Париж шаарында өтө турган олимпиадага жолдомо алып, бул жолку каталыктарымды оңдоого аракет кылам. Токио олимпиадасына биринчи ирет катышып жаткандыктан катачылыктар кетип калды. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан оор атлетчилер Митал Шарипов, Улан Молдодосов, Бекзат Осмоналиев агайлардай болгум келип, бул спортту тандап алгам. Аягына чейин чыгып, бир натыйжага ээ болгум келет,-дейт Бекдөөлөт Расулбеков.

Эгемендүү өлкө болгону 2000-жылы Сидней олимпиадасына Митал Шарипов менен Бакыт Ахмедов катышып, 16-орунду ээлеген. 2004-жылкы Афина жана 2008-жылкы Бээжин олимпиадаларына Улан Молдодосов катышып, 10-11-орун менен чектелген. 2012-жылы Лондон олимпиадасында Бекзат Осмоналиев байгелүүң орунга илинбей калган. 2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпиадасына кыздардан Жаңыл Океева катышып, 10-орунга жеткен. Ал эми 69кг салмакта коло байге уткан Иззат Артыковдун кызытма пайдалаганы билинип калып, байгесинен айрылып, оюндан четтетилген.

Ошентип эгемен өлкө болгону Бекдөөлөт Расулбеков олимпиадалык оюндарда байгелүү делип, атайын упай жана сертифиат берилген 6-орунду ээлегени дагы дурус көрсөткүч. Токиодогу спорт адистердин айтымында Бекдөөлөттүн келечеги кең, алдыда дагы Азиялык, дүйнөлүк таймашуулары турат. Башты жерге салба, Бекдөөлөт!!!

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Баткенде кыргыз-тажик чек ара жаңжалында өрттөлгөн мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп бүттү, бала бакча жана үйлөр 70%га бүткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына барып, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

«Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин курулушун гана жыйынтыктабастан, инфраструктураны, анын ичинде негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл. Тургундар ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалышы тийиш», – деди Улукбек Марипов.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө жабыркаган Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара постуна барды.

Учурда аскер объектисин калыбына келтирүү боюнча активдүү иш жүрүүдө.

Ошондой эле Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектепке барды.

«Мектептин калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Баткен облусуна сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.

Белгилей кетсек, Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү, Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилген, ал эми 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган.

Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак-жай объекти курулмакчы.

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты. Кен кыргыз тарапка өткөндөн бери 44 миң унций алтын сатылып, $40 млн киреше түшкөн

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкандыгы, айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында, компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.
Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.

Фото - Ташкентте «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форуму ачылды

Бүгүн, 15-июнда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенаты жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты. Ошондой эле, иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун директору Асел Атабекова катышты.

Форумдун алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева, Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин Төрагасынын орун басары Саида Мирзиёева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, белгилүү эл аралык уюмдардын, ошондой эле Борбордук Азия жана Афганистандын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева өз сөзүндө Борбордук Азияда жана Афганистанда гендердик теңчиликке жетишүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташуунун учурдагы көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо, аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатууда мындай иш-чаралардын жогорку маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы аялдардын учурдагы абалы, анын ичинде алардын бизнестеги ролу жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен алмашышып, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Форум ошондой эле ишкер аялдар жетектеген ишканалардын продукцияларынын көргөзмөсүн, ишкер байланыштарды жана ишкер өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча B2B жолугушууларын өзүнө камтыйт.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Биргелешкен Билдирүүнү жана Борбор Азия менен Афганистандын аял-ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын «Жол картасын» кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

ГКНБ: Эл аралык баңги заттар тобунун ишине бөгөт коюлуп 50 кг ашык баңгизаттар жана 250 миң АКШ доллар акча каражаттар табылып алынды

КР УКМК баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча пландалган иш-чаранын жүрүшүндө “Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан” маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Такталгандай, аталган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты «О.М.Б.», баңги заттарды сатуу үчүн Тажикстан Республикасынан Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргызстан Республикасыны аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 7-июнунда Баткен областынын Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстан Республикасынын аймагына өткөрүү максатында баңги заттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен «О.М.Б.» кармалды. Кармалган «О.М.Б.» жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү ишинде 9 кг ашык чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 мнң сом акча каражаттары табылып алынды

КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча КР жарандары «О.М.Б.», «О.К.М.» жана «О.К.А.» кармалып Баткен шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Фото - “Погончон айым - 2021” сынагында гран-при сыйлыгын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова утуп алды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова “Погончон айым -2021” конкурсунда гран-приге ээ болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Куралдуу күчтөр күнүнө арналып 29-майда А.Изибаев  атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин имаратында өттү.

“Мен эң күчтүү” биринчи конкурсунда катышуучулардын алдында күжүрмөн кесиптик даярдыгын көрсөтүү, экинчи “Мен ар тараптуумун” – конкурсунда өздөрүнүн оригиналдуу стили менен тааныштытуу тапшырмасы коюлган.

“Мен үйдө погонсуз” конкурсунда катышуучулар тамак жасоо өнөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле “Мен ырдайм же бийлейм” конкурсунда көрүүчүлөргө өз таланттарын тартуулашты.

Айзада Акыркы “Кандай болсо да мен айым” конкурсунда (дефиле) катышуучулар кече көйнөктөрүн кийип чыгышты. Түндүк-Чыгыш бажысынын юридикалык иштер боюнча бөлүмүнүн инспектору, бажы кызматынын кенже лейтенанты Айзада Максатбекова жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, жеңишке ээ болду.  Ошондой эле конкурска ӨКМ, ЖАМК, МЧК, ИИМ жана ИИМ Академиясынын өкүлдөрү катышышты. Бардык катышуучулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Аталган иш-чара акыркы 15 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Меню