Menu

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча генпрокуратурада суракка алынды

Президент Садыр Жапаров дагы июнь коогасына байланыштуу күбө катары 27-апрелде Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен козголгон.

Бүгүнкү күнгө карата ошол маалда жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан 15 адам сурак берген.

Алар: Жалал-Абад облусунун мурдагы губернаторлору Бектур Асанов менен Жумагүл Эгембердиева; Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана аны уулу Руслан Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев; Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев; Апрель-июнь окуяларын иликтеген Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясынын төрагасы Токон Мамытов; ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Бакыт Алымбеков менен Сүйүн Өмүрзаков; Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов; Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков; Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Максатбек Жээнбеков; Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана атайын кызматтын Жалал-Абад обласундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Жоробаев.

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага 25-апрелде күбө катары суракка кирип чыккан.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органдан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аракетин сындаган жана Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирген. .

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Ташиевдин дооматтарын четке кагып жатат.

2010-жылы Июнь коогасы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган.

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Көлдү жана Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналары белгиленет. Тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, ошондой эле айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызууда, анткени тазалоочу курулмалар же таптакыр жок, эгер бар болсо, тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган кооптуу булганган саркынды суулардын олуттуу көлөмү кошулуп жатат.

Ысык-Көлдүн тазалыгына түздөн-түз жээктеги зонада жайгашкан жана иштеген жана ишенимдүү тазалоочу курулмалар менен жабдылбаган жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү олуттуу терс таасирин тийгизүүдө.

Көлдүн сууну коргоо зонасында жер участоктору рекреациялык гана эмес, чарбалык максаттарда да активдүү өздөштүрүлүүдө. Көлдүн жээгин жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик поселоктор, конок үйлөр, мейманканалар жана башка объекттер тарабынан иш жүзүндө ээлеп алып, курулуш жүргүзүлүп жатат, Ысык-Көлдүн суусунан 500 жана 100 метр жакын аралыкта рекреация объекттеринен башка объекттерди курууга, пайдаланууга жана корголуучу ландшафттардын зонасына бардык түрдөгү объекттерди жайгаштырууга тыюу салуу одоно бузулган.

Көптөгөн жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар жана башка объекттер канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыз кылынган эмес, бул рекреациялык региондун олуттуу көйгөйү болуп саналат. Жылдан жылга республикалык жана жергиликтүү бийлик органдары аталган рекреация объекттерине сезонго уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алат, бирок жыйынтыгында алар иштеп, киреше табууну улантууда.

Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы канализация жана саркынды сууларды тазалоо курулмалары көп жылдык эксплуатациялоонун жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо иштеринин өз убагында жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында жараксыз болуп калган, өзүнүн функциясын аткарбай, агындыларды механикалык тазалоону гана жүргүзөт. Мунун бардыгы Ысык-Көлдүн сууну коргоо зонасы үчүн кошумча экологиялык тобокелдиктерди жаратат.

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, Ысык-Көл экологиясын сактоо боюнча мыйзамдардын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы негизинен алганда көзөмөлдөнбөйт жана эч ким тарабынан контролдонбойт.

Шаар куруу жана рекреация объекттеринин аймагын көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү экологиянын талаптарын жана ченемдерин этибарга албоо негизинен алганда мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын жана “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын аймагын шаар курууну өнүктүрүү боюнча башкы пландардын иштебей жатышын шарттайт. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл мурдагыдан да коргоого жана аяр мамиле кылууга муктаж.

Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

– Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө;

– кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө.

  1. Ушул Жарлыктын 1-пунктунун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– 2022-жылдын 1-июлуна  чейин өзүнүн жыйналышында “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Ысык-Көл облусунун шаарларынын мэриялары тарабынан аткарылуу маселесин карасын;

– 2023-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды курууну жана реконструкциялоону;

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну;

– 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө ушул Жарлыкты ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүн караштырсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-январына чейин “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү” комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана бекитсин.

Программанын максаты – Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын адам ишинин, техногендүү жана табигый факторлордун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө тийген терс таасиринен сактоо.

Программанын милдеттери:

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу;

– өнөр жай жана тиричилик калдыктары менен булгануу деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле абдан булганган аймактарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын курорттук-рекреациялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын биологиялык ресурстарын сактоо жана кайра өндүрүү;

– Ысык-Көлдүн экологиялык системасына мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнү өнүктүрүү;

– Ысык-Көлдүн жээктерин, Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын дарыяларын жана башка көлмөлөрүн коргоо системасын өнүктүрүү.

Президент Садыр Жапаровдун кеңири маеги

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигине кеңири маек берди.

Маектин толук тексти:

 — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Сиз Бакуга расмий сапар менен кетер алдында соцтармактагы баракчаңыз аркылуу сапардан келген соң кеңири интервью берем деп билдирүү жасадыңыз эле. Анда бардыгын ийне-жибине чейин айтып берейин деп да белгилегенсиз. Андыктан, урматтуу президент, суроолорго өтөрдөн оболу сизден бир өтүнүч: суроолорду чектөөсүз, коомчулукта актуалдуу болгон, анын ичинде айрым учурда сиздин дарекке катуу сындар менен коштолгон маселелерге байланыштуу болгондорун дагы берүүгө уруксат берсеңиз.

Саламатчылык. Макул.

— Алгачкы эле суроо: акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу болгон журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө айтылган ак үй маселеси. Азыр жаңы Ак үйдүн зарылдыгы канчалык бар эле? Азыркы иштеп аткан ордуңузда кала берсеңер болбойбу? Буга чейин өзүңүз эле сарамжалдуулукка чакырып аттыңыз эле…

Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын. Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Мындан ары деле жыргал жашоону самабайм. Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, менин отурган жерим укмуш болуш керек, жашаган жерим андан да укмуш болуш керек деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыттар өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат. Бул имарат эмне үчүн салынып жатат деп суроо берсеңиз туура болмок. Убакыттар өткөн сайын заман өзгөрүп жатат. Эл өсүп жатат. Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салып коебуз. Өзүбүздүн ата мекендик куруучулар эле салып коюшат.

— «Манас» айылын талкалап, 5 сотых жерине кирип кетти деп Али Токтакунов менен манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты эле. Чын эле «Манас» айылынын жери кирип кеттиби?

«Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. «Манас» айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта «Манас» айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын «Манас» айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына Манас театрын салабыз. Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Бала кезимде кечкисин мал тейлеп келип олтурганда, атам менен апама «Манас» китебин окуп берет элем. Алар кунт коюп угушар эле. Ошондуктан менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан “жакшы иш болуптур” деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр.

— Жаңы ак үй боюнча сиз мамлекеттен бир тыйын коробойт дедиңиз. Бирок активисттер айырбаштала турган 16 гектардын базар баасы 35-40 миллион долларды чапчырын, ал эми курулушка анын үчтөн бир бөлүгү эле коротуларын айтып чыгышты. 16 га ачык сатыкка коюп, анан андан түшкөн акчага ак үйдү салса болбойт беле?

Активисттер эң туура айтат. Бул маселеде алар менен эч кимибиз талашкан жокпуз. Ал жердин базар баасы 30 миллион доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегереги салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз. Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. Ар бир мүлктүн эсеби бар да. Көчөдө жаткан эч нерсе жок. Бүткөндөн кийин эсептешебиз. Айырмасын чыгарабыз. Биз карыз болсок, биз беребиз. Алар карыз болсо, өкмөттүн имараты салына баштаганда ал жака салымын кошушат. Мына ушундай макулдашуу менен кетип бара жатабыз.

— 16 гектар жерди каяктан алдыңар? Ал конкреттүү кимге берилет эми?

Жалпы өлкө боюнча биз кызматка келгенден бери 3106 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтардык. Анын ичинен 2021-жылы 1124 гектар, ал эми ушул жылдын 4 айында эле 1982 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул – башкы прокуратуранын иши. Ал эми УКМК 146 гектар жер тилкесин кайтарды. Илгертен бери ушул мамлекеттин жерлери бекер эле таратылып кеткен экен. Болгондо дагы чириген байларга бекер берилген. Биз алардын баарын мамлекеттин менчигине кайтарып жатабыз. Анан алар кантип бизди жакшы көрсүн. Жалданма иликтегич журналисттерди жалдап алышып жамандатып, элдин пикирин башка нукка бургусу келип жатышат. Биз алдыга койгон максатыбыздан тайбайбыз. Жакшы иштерди жасап, алдыга жыла беребиз. Тарых жана келечек муун биздин ишибизге өз баасын берет. Бишкекте мурда бекер берилип кеткен көпчүлүк жерлерге кичи райондор салынып, сатылып кеткен экен. Албетте пайдасы менчик чөнтөктөргө кирип, сиңип кеткен. Ал эми курулуш курула элек жерлердин баарын мамлекеттин пайдасына кайтарып алып, ушундай пайдалуу иштерди жасап жатабыз. Ал жерлерге кичи райондорду куруп, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 20-25 жылга элге беребиз. Мунун эмнеси жаман?

— Ак үйдү коюп, айыл, мектеп салышса болмок дегендер болду. Мектептер, социалдык объектилер курулуп атабы?

2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта республикалык бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүттү.

– 68 мектеп; – 16 бала бакча; – 12 саламаттык сактоо объектиси; – 4 маданият объектиси;

– 4 спорт объектиси; – 23 таза суу объектилери; – 11 башка объекти (административдик имараттар стационардык транспорттук көзөмөл пункту, ипподром ж.б.); – 21 капиталдык оңдоп-түзөө объектиси курулуп бутту. Жогорудагы объектилерди курууга республикалык бюджеттин эсебинен 4 миллиард 929 млн сом акча каражаты каржыланган.

Андан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен 113 социалдык объектинин курулуштары бүткөрүлдү, анын ичинен:

– жергиликтүү бюджеттердин эсебинен – 82 объект; – кайрымдуулук фонддорунун эсебинен – 12 объект; – облустук өнүктүрүү фонддорунун эсебинен – 6 объект; – жеке донорлордун эсебинен – 13 объект курулду.

Бул объектилерге каржыланган акча каражаттарынын жалпы суммасы 2 миллиард 887 млн сомду түзөт. Азыр дагы курулуштар жүрүп жатат. Башталып жаткандары дагы бар. Бишкек шаарынын жаңы конуштарына эле 15 мектеп, бир бала бакча салып жатабыз. Сентябрда ишке киргизебиз. Ушулар менен бирге ак үй да курула берсе жаманбы? Башка тармактардагы курулуштарга ак үйдүн эч тоскоолу жок. Завод-фабрикалар дагы салынып жатат. Алар жөнүндө өкмөткө тапшырма берем. Жакынкы араларда кайсыл жерде кандай завод-фабрикалар салынып жаткандыгын толук видеоотчет менен беришет. Өлкө ичиндеги аэропортторду жандандырып жатабыз. Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке киришет. Кыскасы, ички аба каттамдарды жандантабыз. Жакында Каракол аэропортунун аэровокзалын жаңы курууга капсула салам. Былтыркы жылы “Манас” эропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше берди. Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат. Ушул эле акчалар менен аэропортторду оңдоо иштерин баштадык. Темир жолдогу коррупцияны жок кылдык эле, алар жарым жылда 2 миллиардга жакын киреше берип атат. Ошол эле өз акчалары менен Балыкчы-Кочкор темир жолун салып кетип бара жатышат. Эң негизгиси, башка бирөөлөр эмес, ата мекендик эле темир жол куруучуларыбыз куруп кетип бара жатышат. Мурда тендерден утту деген шылтоо менен чет өлкөлүктөргө берип, алардан 10 пайызын чөнтөккө алып жүрүшкөн. Мындан ары андайларга жол бербейбиз. Кыскасы, бардык тармактарда курулуштар жүрүп жатат.

 — Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушуна каражат үзгүлтүксүз бөлүнөбү? Же ал узакка созулган долбоор болуп калабы?

Үзгүлтүксүз бөлүнөт. Дагы башка булактардан акча издеп жатабыз. Темир жол ишканасынын эле көзүн карап олтурбастан, башка булактардан дагы жардам берели деп каражат издеп жатабыз.

 — Жаңы ак үй куруш керек дегендер аргумент катары “чет элдик меймандарга уят болбойлу” дешти. Бирок акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу кыйраткан деле меймандар келе элек го?

Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий визит менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын Президенти Шавхат Миромонович Мирзиёев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет.

— Асман шаары эмне болуп атат? Ал ишке ашабы же токтодубу?

Сөзсүз салынат. Убакыт керек. Ал шаардын, түшүнгөн адамдарга, келечеги кең. Экологиялык таза шаар болот. Көлгө эч бир зыяны тийбегидей кылып долбоорлоп жатышат. Кагаз иштери абдан кылдаттыкты жана көп убакытты талап кылат экен да. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу бүтсө, ал шаарга Фергана өрөөнүнөн 4 саатта жетип келсе болот. “Тамчы” аэропорту жанында. Темир жол жанында. Кара-Кечеден ары келечекте Макмалга темир жол жетет, буюрса. Кыскасы тогуз жолдун тоомундагы шаар болот. Бир үй салсаң деле, эки-үч жылда саласың го. Анан эми 500 миң калкка эсептелип жаткан шаарды кантип эки-үч жылда баштап жибересиң. Сабыр кылып тургула. Буюрса, бир күнү ал шаар да башталып калат.

— “Кумтөр” боюнча убагында 260 миллиард сомдук экологиялык зыян келтирилгени айтылып келди эле, эми ал экологиялык зыяндын ордун ким толтурат?

Туура көрсөңөр, “Кумтөр” боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча мынча былжырактарды. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар эгер беттери калың болбосо. Ай, бирок ким билет. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен.

— Алтын казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткени чынбы?

Алтын казуу дайыма эле бир көлөмдө казылбайт. Бир жерде руданын составында алтын көп болсо, бир жерде аз болот. Ошондуктан бирде көп казылса, бирде аз казылып турат. Быйыл, буюрса, 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат.

— “Кумтөрдүн” алтыны каякка, канчадан сатылып атат? Уурдалып кетмейи жокпу?

Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат. Андан сырткары бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат.

— Тышкы саясатта багытыбыз кандай болууда? Айтайын дегеним, акыркы маалыматтарга караганда Америка тарап менен мамилени өтө жандандыруу жүрүп жаткандай. Жаңы келишимге кол коюлганы жатабы?

Тышкы саясатыбыз дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен бирдей. Биз чакан өлкө болгондон кийин бардык өлкөлөр менен сый мамиледе болушубуз керек.  Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз. Үй-бүлөсүн бага албай тентитип жибергендер дүйнөлүк саясаттан сүйлөп, акыл үйрөтүп баштаганда күлкүң келет. Биз соода-сатык жана экономикабызды чыңдашыбыз керек. Кыргызда “Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биз тышкы карызыбыздан кутулуунун, экономикабызды көтөрүүнүн камын ойлошубуз керек. Ошол үчүн бир эле Америка эмес, бардык өлкөлөр менен экономикалык келишимдерге кол коюшубуз керек.

— Бул Украинадагы окуяларга байланышы барбы? Эч кандай байланышы жок. Саясатташтырбагыла.

— Батыш өлкөлөрү Украина маселесинде нейтралдуу болуу мүмкүн эместигин, нейтралдуу болобуз дегендер дагы санкцияларга кабыларын эскертти эле. Бул маселеде позицияларыбыз өзгөрөбү?

Нейтралдуу болуш мүмкүн эмес деп батыш өлкөлөрү эле эмес, ак же кара болгула деп башкалары деле айтып атышат. Эң сонун эле мүмкүн. Украин, беларус, орустар кыргыз, казак, өзбектер сыяктуу эле тилдери окшош, дилдери да окшош бир тууган эл болушат. Качандыр бир убакта баары бир тил табышып алышат. Андан сырткары биз эки тарап менен тең СССР деген мамлекетте 70 жыл бир үй-бүлөдөй болуп жашап келгенбиз. Бир нанды тең бөлүп жегенбиз дегендей. Албетте, эки тараптан тең адамдар кырылып кеткени жалпыбыз үчүн эле трагедия болуп жатат. Согуш болбосо, жакшы болмок. Согушту болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ортодогу эки тарапка тең маалымат ташыгандар туура эмес маалыматтарды беришип, согуш башталып кетти. Эки тарап тең президенттерин адашууга алып барышты. Анын үстүнө ортого от жаккан тараптар дагы согушту токтотконго күч жумшагандын ордуна күчөтүп жатышпайбы. Тескерисинче, Минск келишимин аткаргыла деп катуу талапты коюшса, согуш болмок эмес. Минск келишимине Орусия, Украина эле эмес, Германия менен Франция дагы кол коюшкан экен.

Биз кичинекей эле мамлекетпиз. Таасирибиз деле жок. Бир тарабын колдой койсок эле алар жеңип кетмек беле.

 

— Россиядагы кырдаал өзгөрүп, ал жакта миграцияда жүргөн мекендештерибиз массалык түрдө Кыргызстанга кайтуу мүмкүндүгүнө өлкөбүз даярбы?

“Башка түшсө – байтал жорго” дейт. Ал жагын деле ойлонуштуруп жатабыз. Кокус массалык түрдө кайтып калышса, бир айласын табарбыз.

 — Медиаөкүлдөрүнө басым, куугунтук болгону айтылууда. Ошондой эле акыркы убакта Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткени айтылды. Бул жааттагы өзгөрүүлөр, окуялар тууралуу кабардарсызбы?

Эч кандай басым-кысым жок. Ар ким соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат го. Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, “кокуй эле кокуй, мени камап атышат” деп кыйкырып чыгып жаткандары бар. Аларды билебиз. Алар – же кылмыштары бар, же иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар. Иликтесин, ичип-жегендер болсо бетин ачып беришсин, ал бизге да пайда жана жардам болот. Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса, экинчи тарап деле жөн олтурбайт да. Мисалы, кечээ интернеттен өз көзүм менен көрдүм. Али Токтакунов деген иликтегич электрэнергиясын жок даректерге “списать” эткенин таап чыктым деп. Прокуратура үч ай мурун эле иликтеп, жокко чыгарган же “списать” эткен суммаларды төлөтүп жаткан иш. Бул ишти, эсиңиздерде болсо, алты ай мурда эле коопсуздук кеңешинде прокуратурага берип, акчасын кайтаргыла дебедим беле. Бул иш боюнча прокуратура бүгүн дагы иштеп жатат.

— Бишкекте митингдерге чектөө коюлду. Бул Конституцияга каршы келбейби?

Эч ким чектөө койгон жок. Горький паркына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун. Башка мамлекеттер менен сый мамиледе болушубуз керек да. Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз. Кечээ жакында Тажикстан элчилигинин алдына да он чакты киши чыгыптыр. Биз кеч билип калдык. Кийин баарына эскерттик. Мындан ары элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек. Горький паркына барып митинг өткөрө бергиле. Мага десең түнөп жатып алып өткөр.

Демократия керек бизге. Өмүр бою керек. Бирок ошол демократияны дагы пайдалуу, маданияттуу колдонолу да.

— Тажикстан менен чек арабыз качан чечилет? Дегиле бул багытта кандай иштер жүрүүдө? “Ошол эле Ак үй салгыча, чек араны тоссо болбойт беле” деген да суроолор бар.

Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 км бүттү, 300 км калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам.

— Атамбаев абакта отурат, ал эми ал киши өтүп жаткан кылмыш иш Октябрь окуяларында катышкан делген Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабановдор эркиндикте эле жүрүшөт деп Атамбаевдин тарапкерлери азыркы бийликти кош стандарттулукка айыпташууда. Буга эмне дейсиз?

Эч кандай кош стандарттуулук болбойт. Эгер болуп бараткан болсо, Президент катары, Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, адам укуктарынын кепили катары мен өзүм кийлигишем. Мен деле баарына көз салып олтурам. Кайсы бир чуулгандуу иштерде ашып кетсе, 5-10 күн маалыматтан арта калышым мүмкүн, мага маалымат жетпей калып. Бирок баары бир өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча толук маалыматтарды алып турам. Бул маселе боюнча азырынча тергөө кандай тергеди, кимдерге күнөө такты, кимдер жөнүндө тергөөнүн кандай маалыматтары бар, мен билбейм. Балким Бабанов, Казакбаевдер башкаларга окшоп кыргын салабыз деген чакырыктарды жасаган эместир? Соттун чечимин күтпөйлүбү. Эгер адилетсиз чечим чыкса, анан изилдебейлиби, бул маселени.

— Досуңуз, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеңиздер мурдагыдай, президенттикке чейинкидей элеби? Иштен сырткары кеңешип, сырдашып турасызбы?

Мурдагыдай эле, эч кам санабаңыздар. Дайыма өкмөт башчы, министрлер болуп чогулуп, кеңешип, сырдашып турабыз.

— Камчыбек Ташиевдин уулдары тендерлерде удаасы менен утканы туурасында материал чыгары менен, аны даярдаган команда өкүлү журналист Болот Темировго үч кылмыш иши ачылганы, Темировду суракка чакырып баштаганы маалым болду. Бул өч алуу же журналисттерге кысым эмеспи?

Албетте, мен министрлер жөнүндө эле эмес, губернатор, аким, айыл өкмөттөр жөнүндө дагы чуулгандуу иштер чыкса, текшерүүгө милдеттүүмүн. Бул иш боюнча дагы териштирдим. Үч тендер өтүптүр. Биринчиси Жалал-Абад мэриясы 50 миң сомдук бензинге, экинчиси Жалал-Абад шаардык кеңеши 150 миң сом, үчүнчүсү Жалал-Абад токой чарбасы 200 миң сомго тендер жарыялашат. Текшерүүдө аныкталгандай, мындай майда суммага эч ким тендерге катышпайт. Миллиарддаган долларларга соода кылган “Газпром” катышмак беле. Анан булар май куюучу бекеттери бар “Мока” фирмасынан өздөрү тендерге катышып бергилечи деп суранышып, 67 сомдон бензин сатып алышат. Ошол эле мезгилде май куюучу бекеттерде 69 сомдон сатылып турат. Эгер бул баадан кымбат сатып алса, анда чыгым келтирдиңер деп сурака алсак болот эле. Ушул жерде элге бир нерсени түшүндүрүп коеюн. Эгер жогорудагы мамлекеттик мекемелер тендерсиз 67 сомдон эмес, 17 сомдон сатып алса дагы, укук коргоо органдары тендерсиз сатып алгансың деп жоопко тартмак. Анткени тендер деген мыйзам бар. Тендер деген балээни жок кылуу боюнча мыйзамга кол койдум.

Бир айдан кийин күчүнө кирет. Эми мындан ары мамлекеттик мекемелерде баш оору болбойт.

Ал эми Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Россиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш иели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей.

— Өткөндө Коопсуздук кеңешинин жыйынында айыл чарба багытындагы кредиттерди чоңдордун туугандары эле алып келгенин, мындан ары андайга жол берилбесин айтып, УКМК төрагасына тапшырма бердиңиз эле. Анан жакында эле депутаттардын бири 6 пайыздык кредиттерди кайра эле депутат, минИстр, чоңдорго тиешеси барлар алып жатканын айтып чыкты. Кабарыңыз барбы? Болсо, кандай реакция кылдыңыз?

Депутат Сурабалдиева айткандар – былтыр мен Коопсуздук кеңешинде айткандар. Мурун алып, кайра төгүп койгондор. Эми мындан ары кандай болуп жатканын көзөмөлгө алабыз. Текшеребиз. Эгер дагы деле чоңдор алып, айыл чарба багытына эмес, бизнеске салып жаткан болсо, чара көрөбүз. Мен ушул меселе боюнча депутаттарга кайрылып кетер элем. Жылдын аягында депутаттык комиссия түзүп, берилген кредиттер боюнча текшерип чыгып, кимдерге берилгенин элге жарыя кылып коюшса жакшы болот эле. Мага да жакшы. Мамлекеттик кызматкерлердин оозунан эмес, депутаттардан чындыкты угат элем.

— Сиздин Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү медиада, соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп келет. Кеп вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында. Соцтармак колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыптаса, министрди өзүн-өзү билемдикке, мыйзамдарды кенебестикке айыптап келет. Сиздин пикир кандай? Алардын иш-аракеттери туурасында өздөрү менен сүйлөшөсүзбү?

Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо – сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду.

— Ошол эле Эдил Байсалов пенсияга чыгуу жаш курагын жогорулатуу демилгесин көтөргөн. Сиздин пикир?

Эми бул талкуу болуп жаткан эле маселе. Эдил мырзанын демилгеси экен. Акыркы мыйзамга мен кол коем да. Мыйзам жок азыр. Жөн эле дүрбөй бербегиле.

— Ар бир телефон үчүн 700 сомдон алынат, электр тарифтер көтөрүлөт деген сөздөр коомчулуктун сынына кабылды. Айрымдар бир кезде уюлдук байланыш үчүн 60 тыйын алынат деген окуяны эске салышты.

Эч кандай 700 сом алынбайт. Мен каршымын. Ал маселени жок кылгыла деп буйрук бергем.

— Башка дагы тарифтердин көтөрүлүшү күтүлбөй элеби?

Азырынча тарифтер көтөрүлбөйт. Көтөрсөк, эл менен кеңешип, пикир алмашып алып, анан көтөрөбүз.

— Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке депутат болуш үчүн жогорку билимдин кереги жок деген мыйзам кабыл алышты. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Колдойсузбу?

Жок, колдобоймун. Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдарды жазыш керек. Ал мыйзамдар мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мыйзамдар болот. Анан жогорку билими, тажрыйбасы жок адам кантип мыйзам жазат? Жогорку Кеңешке жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиш керек.

— 1 километр жолго бир сом төлөнөт деген дагы мыйзам чыгарды деп жатышат?

Муну да колдобойм.

— Казинолорду ачуу демилгеси кайрадан көтөрүлүп жатат. Ал жакка чет элдиктер эле кирет деп атышат. Бирок коомчулуктун бир бөлүгү буга ишенбегендей…

Ал мыйзам да карала элек азыр. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз? Биздин жарандар бут басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизиши коркунучтуу. Андан сырткары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Казиного көнүп калган бир депутат бар. Кол тийбестигим бар деп ошол эле барбаса. (Тамаша). Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай. Айрым мусулман өлкөлөрдө да ушундай тажрыйба бар, өз жарандарына да укуксат берилет.

— Соцтармактагы активисттер сиздин айланаңызда “күмөндүү же репутациясы начар адамдар топтолуп калууда. Айланаңызды тазалаңыз” деген чакырыктарды жазып калышат. Командаңыз купулуңузга толдубу? Ар бир мүчөсүн өзүңүз тандадыңызбы?

Ушул “жаныңдагыларыңды тазала” деген дүжүр сөзгө айланды. Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик мойнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң –  таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, элдер айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке эле мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп олтура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм. Эгер жегенин билип калсак камайбыз. Жегенин жүз эсе кылып кайтартабыз. Мурдагы заман жок азыркы чиновниктерге.

— Коррупциялык иш-аракеттерден келтирилген чыгымдарды камактагы тигил же бул мурунку чиновник төлөп, үй камагына чыкканы же бошотулганы тууралуу маалыматтар маал-маалы менен чыгып турат. Жалпы канча сумма топтолду? Алар каякка коротулуп атат?

Жалпысынан УКМК сегиз миллиарддан ашык каражат төктүрдү. Прокуратура үч милларддын тегерегинде төктүрдү.

Накталай төгүлгөн акчалардын баары түздөн-түз казынага кетип атат. Ал эми мүлктөр болсо мамлекеттик мүлктөр мекемесине өтүп жатат. Каалаган иликтегичтер чогулуп барып УКМК, Прокуратура, ИИМге барып кайда которулуп жатканын иликтеп көрсөңөр болот. Жашыруун эмес. Беришет. Бербей жатса, мага кайрылгыла.

— Алардын бири Райым Матраимов камаларын айттыңыз эле. Камалган жок да?

Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти. Ошол үчүн жалпы кайтарган сумма баш-аягы мүлктөр менен чогуу эсептегенде, сегиз миллиарддан ашты.

— Акимдердин ротациясын баштадыңыз эле. Ушундай ыкма башка тармактар үчүн колдонулабы, мисалы прокурор, соттор үчүн?

30-апрелде жарлыкка кол коем. Соттор 100 пайыз ротация болушат. Ал эми прокуратурада бир айдан бери жүрүп жатат. Башка тармактарда дагы болот. Ушул жылдын аягына чейин бир топ тармактарда ротация бүтөт.

— Өлкөдө оппозиция барбы? Бар болсо кимдерди оппозиция дейсиз? Дегиле сизге оппозиция керекпи же ал иштен алагды кылат деген пикирдесизби?

Оппозиция бар. Алардын болуп турганы жакшы. Алар айткан кемчиликтерди чиновниктер угуп, түздөлүп турушат. Бирок оппозиция десе эле жеке кызыкчылык үчүн калп маалыматтарды таратып, элди дүрбөтпөш керек. Калптын казаны кайнабайт дейт. Көп болсо 4-5 күн ызы-чуу кылышат. Анан эле чындык чыгып калып жатпайбы. Оппозициянын арасында чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алып, ошолордун гана кызыкчылыгы үчүн элди көтөрөбүз, революция кылабыз дегендер да бар. Баарын билебиз. Аларга тийбегиле дедим. Биздин өлкөгө акча келе берсин. Оппозицияны бакса да, бизге пайдалуу.

— Токтогул суу сактагычында суу тартыштыгы айтылып келди. Кыш, бактыга жараша, жылуу болду. Эми жайкы сугат маалында дыйкандарга суу тартыштыгы болбойбу?

Быйыл, Кудай буюрса, суу тартыш болбойт. Бүт өлкө боюнча суу насосторун жаңылап бердик. Арыктарын тазалоо үчүн 1 миллиард акча бөлүп бердик. Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда быйыл суу көбүрөөк топтолот деп турабыз. Божомолубуз 13 миллиарддан ашык куб суу болот.

— Коңшу Казакстанга суу беребизби? Берсек, кандай шарттарда? Өзүбүзгө жетпей калбайбы? Эл аралык нормалардын жана келишимдин негизинде беребиз. Өзүбүзгө да жетет.

— Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү. Эми башка тармактардыкы дагы көтөрүлөбү? Эгер көтөрүлсө, качан? Кудай буюрса, экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз деп пландап жатабыз. Кыскасы, быйыл жаңы жылга чейин бардык тармактарга көтөрүп беребиз.

— Сырттан алган карыздар канча болду? Оппозиция элди дүрбөтүп, 1 миллиард долларга жакын тышкы карыз алды деп айтып жаткан маалымат калп. 2020-жылкы октябрдан берки тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү. Каржы министрлигине барып иликтегичтер муну да иликтеп чыксаңар болот. Анан да, бул сумма – дагы мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары бир топ каражаттар грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Кыргызстанга жардам катары берип жатышат. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө, тышкы карызыбыздын, эң жок дегенде, жарымын жаап кеткенге аракет кылам.

— Оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз. Бул бийлик болбой калды. Кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?

Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле. Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм. Ошондуктан баш аламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз. Аёосуз жазага тартабыз. Аларга кийин “элдин уулу эле, боштондук” деп кыйкырып чыкпагыла.

— Ата мекендик автобус кураштырган “Белес” ишканасына сиз, андан көп өтпөй Акылбек Жапаров да барып кетти эле. Компаниянын автобустарын алабыз дедиңиз эле. Эми болсо мэрия автобусту сырттан алабыз, алардыкы кымбат деп атат. Анда ата мекендик ишканаларга ким колдоо кылат?

Алардыкын мэрия таптакыр албайбыз деген жок. Мен “10 троллейбус, 10 автобуз буйрутма кылып, алгыла да, сыноодон өткөргүлө” дедим. Сыноо сөзсүз болуш керек. Анткени булар биринчи жолу чыгарып жатышат да. Кандай болот, белгисиз да. 1000-2000 автобус алып алып, анан анын баары жакшы иштебей калса, мамлекеттин акчасы талаага чачылып кеткендей эле болуп калат да.  Ийгиликтин эрте-кечи жок. Булардыкын да алабыз, буюрса. Менин максатым – биринчи кезекте ата мекендик өндүрүшчүлөргө буйрутма бериш. Тигине ата мекендик жолчуларды көтөрүп койдум. Мындан ары дагы көтөрөм. Жолдорубузду өзүбүздүн ата мекендик жолчуларыбыз куруп жүрүшөт.

— Соцтармакка канча убакыт коротосуз? Негизи эле соцтармакка пост жазуу же жазбай эле коюу чечимин кайсыл критерийлер менен кабыл аласыз?

Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууга жана жалпысынан жер участокторун бөлүп берүүгө байланышкан кырдаалды тартипке келтирүү жана укуктук жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды кабыл алды.

Бирок мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан ишке карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу, ошондой эле өзүнө бөлүнүп берилген жер участокторун көчөлөрдүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен өзүм билемдик менен кеңейтип алуу уланууда, уюмдар, мекемелер жана ишканалар жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууда.

Негизсиз, өзү билип тосуп алуу аркылуу өзүнүн участогунун жерге укукту ырастоочу документтерде белгиленген мыйзамдуу чегин кеңейтүүгө умтулган менчик ээсинин же ижарачынын аракеттери, жалпы пайдалануудагы жерлерде же жалпы үлүштүк менчик укугунда көп батирлүү үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык болгон жер участокторунда мыйзамсыз автопарковкаларды (автомобиль токтоочу жайларды) кылуу, гараждарды, күркөлөрдү, дүкөнчөлөрдү (стационардык эмес объекттерди) жайгаштыруу, тосмолорду коюу жана башкалар жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кеңири жайылган учурлары болуп эсептелет.

Республиканын аймагында жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууну алдын алуу жана болтурбоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жерди табигый объект, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин, өнүгүүсүнүн жана ишмердүүлүгүнүн негиздери катары коргоо, ошондой эле жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары укук коргоо органдары жана жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте:

– жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана кабыл алсын;

– жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбестиги жөнүндө жана мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүп турсун;

– жер участокторун, чектеринин жайгашуусу жөнүндө маалыматтары кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик кадастрына киргизилбеген капиталдык курулуш объекттеринин, курулмаларынын участокторун ээлеп алууну болтурбоо максатында жер участокторунун чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштерди жүргүзсүн;

– айыл чарба өндүрүшү үчүн жерди пайдалануучуларга бөлүнүп берилүүчү жер участокторунун, ошондой эле менчик ээлери тарабынан айыл чарба багытындагы жерлердин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду күчөтсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

– коомдук укуктук тартипти камсыз кылуу жана жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактыларын табуу жана болтурбоо, укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча толук чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтсүн;

– мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын ыкчам карасын жана мындай укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык ишти активдештирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бөлүнүп берилген же бекитилип берилген жер участогун жарандар же юридикалык жактар өзүм билемдик менен кеңейтип алган фактыларды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыкчам карасын.

Өмүрбек Тиллебаев, акын: "Кумтөрдүн" алтыны, "Садырдын свети"

Садыр Жапаров ” Кумтөрдү” канчалаган азап-тозокко кайыл болуп, каруусун казык кылып жүрүп акыры элге кайтарды. Ырасын айтсам, буга чейинки президенттерден үч көчкөн журттай көңүлүм калган курган жаным “бул деле ошолордун бирөөсү болсо керек, элдин курсагын кур сөз менен тойгузуп, алтынын ашап, анан бир күнү качат” болуш керек деп ичим тап болуп жүргөмүн. Президент Садыр Жапаровдун акыркы мезгилдеги жасаган иш-аракети менин күмөн саноомдун баарын шамал учургандай сапырып жиберди. Кечээ күнү социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин Республикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү Садыр Нургожоевичтин элге жүз бурган, анын доосун сурап, жоосун чаба турган Президент экендигин көрсөттү. Отуз жылдан бери бул тармакта эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысы мынчалык көтөрүлгөн эмес. Аскердик жаңы техникалардын, айрыкча “Байрактардын” алынышы кыргыз армиясын коомчулуктун, айрыкча коңшулардын алдында күч-кубатын чыңдады.
Садыр Жапаров келгени мен жашаган “Көлмө” конушунда дагы бир жагымдуу өзгөрүү болду. Ал биздин кечкурун карайлап бак сүзгөн көчөбүздөгү жол чырактардын кышы-жайы дебей үзгүлтүксүз жанып турганы. Кеч кирип, көз илинер замат жол чырактар жарк этип күйүп, көчөбүздүн аяк-башы алаканга салгандай көрүнө калат. Мен ага “Садырдын свети” деп ат коюп алгамын. Күнүгө кечкурун “Садырдын свети келди” деп баладай мулуңдап сүйүнүп алам да, светтин жарыгы түшкөн короомдо эсиме кылт этип келе калган ыр саптарын кайталап, күңгүрөнүп, шыбырап-кобурап басып калам. Мага көп нерсенин деле кереги жок.
Өмүрбек Тиллебаев, акын. Бишкек. Көлмө.

Президент Садыр Жапаров: Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, өлкөнүн элине кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Кутмандуу кечиңиздер менен, урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу калайык калкым!

Ардактуу Ата Журт!

Сиздерге түз эфирден бүгүнкү кайрылуумдун себеби — Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялаймын!

»Центерра« менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге жаңы эле кол коюлду.

Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз – Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык.

Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү!

Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек!

Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Эмесе, мен сиздерге макулдашуунун негизги жоболору жөнүндө айтып берейин.

Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, „Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү.

Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык.

Мындан тышкары, „Центерра“ бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт.

Дагы бир жетишкендик – „Центерра“ кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик.

Биз „Кумтөр“ кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген.

»Центерра« 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты.

»Центерра« АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду.

Ал эми „Кыргызалтын“ ачык акционердик коому „Центеррадагы“ 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда „Центерра“ аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.

Биз, кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз.

Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Азыркы дүйнөлүк курч кырдаалды жана өзүбүздүн абалыбызды эске алсак жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам.

Соттук процесстер жана эл аралык арбитраж узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн — биз  бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек.

Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз.

Созулуп кетсе, ири инвестдолбоорлордон куру калмакпыз, арбитраждык соттук процесстер бүтмөйүнчө инвесторлордун ишеними солгундап, республикага сырттан финансылык каражаттарды тартуу оорломок, өлкөгө тыйын дагы, товар дагы келбей кала турган коркунучка кептелмекпиз.

Бул талаш-тартыштын башынан аягына чейин биз улутташтыруу жөнүндө таптакыр сөз жок экендигин айтып, ишендирип келдик.

Бул маселеде Кыргызстан чет өлкөлүк компанияга каршы чыккан жери жок.

Кептин баары конкреттүү „Кумтөр“ кенин башкаруу  маселеси жөнүндө болуп жатат.

Биз баарыбыз: „Кыргызстан бизнес үчүн дайыма ачык“ деп айтып келебиз.

Биздин мыйзамдардын үстөмдүгүн жогору койгон, биздин улуттук активдерге жана улуттук кызыкчылыктарыбызды сыйлаган инвесторлорго  ар дайым ачыкпыз жана кучак жайып тосуп алабыз.

Бул макулдашуу  дал мына ушуну айгинелеп турат.

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Сүйлөшүүлөр абдан оор болду.

Ошого карабастан, биз эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турдук, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргодук.

Башында бизди эл аралык коомчулукка „жапайы, баскынчы“ катары көрсөтүүгө аракеттер болду. Андан кийин да бизге  өтө келишкис талаптарды коюшту. Биз баарына чыдадык, бекем турдук.

Биз үчүн маанилүүсү — Кыргызстандын жана кыргыз элинин кызыкчылыгы эле. Акырында эң баштапкы сүйлөшүп жаткан позицияларды түп-тамырынан өзгөртүүгө жетише алдык. Өлкөбүз үчүн бүгүнкү учурга ылайыктуу, максималдуу түрдөгү пайдалуу жыйынтыктарга жетише алдык деп дагы бир ирет ишенимдүү түрдө айта алабыз.

Биздин чечим  эл аралык арбитраж боюнча дүйнөдөгү эң мыкты юристтердин колдоосуна негизделди жана алардын бизге берген кеңеши да ушундай болду.

Биздин пайдабыз дегенимди өзүңүздөр  баалап, таразалап көрүңүздөр.

Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивидент алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз.

Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.

Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд долл киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин  алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган  эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат.

Учурда тышкы карыздарды кайтаруунун убактысы жетип, жылына ири өлчөмдөгү каражатты төлөөнүн мезгили келгенин билесиздер. Бүгүн белгилей кетчү жагдай, Кумтөрдү көзөмөлүбүзгө алган соң эми тышкы карызды төлөө маселесинде өзүбүздү ишенимдүү сезип, жеңилденип калдык.

Биз сырттан сатып алып жаткан товарлардын: буудай, шекер жана өсүмдүк майынан тартып, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жер семирткичтерге чейин баалары қымбаттап жатканын эске алсак, жаңы эле жарыялаган шарттарда Кумтөр боюнча макулдашууга жетишүүнү кечиктирбөө —  учурдун талабы жана кабыл алынган чечимдерге негиз болгондугуна ынанабыз.

Мамлекет башчысы катары мен чечкиндүү жана кечиктирилгис кадамдардан баш тартпайм. Элдин жоопкерчилигин мойнума алгандан кийин создуктурууга жол бере албайм.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эми Кумтөр толугу менен менчигибизге өттү. Мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя — бүгүн гана жүзөгө ашты. Бул, албетте, кейиштүү жана өкүнүчтүү! Бирок өткөн ишке өкүнбөйт демекчи, эл-журтубузга жараткан Кудайым белек кылган байлыкты уурдагандар, тоногондор тууралуу сөз кылгым келбейт.

Мен кыргыз саясатындагы басып өткөн жолумда – Кумтөрдүн байлыгы жөнүндө такай айтып келдим. Ал үчүн санаалаштарым, үй-бүлөм менен бирге далай кыйынчылыктарды да башымдан өткөрдүм.

Азыр жөнү жок эсептешип, кимдики туура, же кимдики туура эмес деп акыйнек айтышып, күнөөлүүлөрдү издегенге убакыт жок.

Мен калкымды алдыга карай сүрөп, илгери баштагым келет.

Андыктан, өткөнгө кылчактабастан, алдыга карай чечкиндүү кадамдарды жасашыбыз керек. Мындай саясат өз мамлекеттүүлүгүнө ээ эркин элге жарашат деп эсептейм. Биздин тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Кумтөр боюнча бүгүнкү чечим — мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башталышы гана.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, командама, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топко, ата мекендик жана эл аралык юристтерге жемибизди жедиртпей, сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүшкөнү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздер өлкөбүз үчүн эбегейсиз чоң кызмат кылдыңыздар!

Алтын казуу ишин бир да мүнөткө үзгүлтүккө учуратпай, кенди иштетип кеткен Кумтөрдүн бүтүндөй эмгек жамааты дагы биздин жылуу сөздөрүбүзгө жана мактоого татыктуу.

Сунуштаган чечимдерибизди колдоп, бекитип бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Жана албетте, Кумтөрдү элибизге кайтарып берүү ишинде эрки майтарылбай, кыйла жылдар бою күрөшүп келген бардык жарандарга, бардык кыргызстандыктарга — чын жүрөктөн алкыш айтам!

Бүгүн — биздин жалпы жеңишибиз!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды башталган ыйык Орозо айы менен куттуктайм!

Ар бир үйдү ырыскы, береке-кут жана бакты-таалай ыроолосун.

Орозоңуздар кабыл болсун!

Жараткан Кыргызстаныбызды колдосун!».

Садыр Жапаров социалдык жана маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын массалык жогорулоосу тууралуу билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди.

«Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк.

Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз.   Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат.

Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк.

Бир-эки мисал айтайын.

Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы  мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү.

Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.

Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк  толук сакталды.

Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми  28 239 сом айлык алат.

Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акылары да орточо эки эсе жогорулады.

«Ошондой эле ушул жерде отурган Ат-Башы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Тилек Султангазы уулуна да токтоло кетейин. Шайлоо өнөктүгү маалында сиз мага „социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берсеңиз“ деп кайрылган элеңиз.

Бүгүн сиздин өтүнүчтү толук канааттандырдык.

Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт.

Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо — андан да көп алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады.

Бул жерде — „айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат“ деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин.

Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз!

Маселен, Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы  — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт.

Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек  деп ойлойм.

Бул жерде суроо туулат — мындай кирешени эмненин эсебинен камсыздоо керек: мамлекеттин эсебиненби, медициналык камсыздандыруунун эсебиненби же жеке практиканын эсебиненби, же болбосо жогоруда айтылгандарды кандайдыр бир айкалыштыруу жолу мененби?

Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат.

Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз.

Эми билим берүү министрлигине токтололу.

Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик.

Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды.

Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50  пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.

Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү.

Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт.

Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт. (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек.  Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз!

Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт.  Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун.

Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек!

Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз.

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер!

Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз.

Биздин улутубуздун эртеңки ийгилиги, азыркы мектептерде гана жарала турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Мектепке чейинки билим берүү  мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин.

Биз аларды да унуткан жокпуз.

Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык.

Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк.

Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда.

Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири — 2002-жылдагы Аксы окуясы.

Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылыктар күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турган. Эл өз түйшүгүн өзү тартып, атка минерлер болсо элден бир топ эле четтеп калган.

Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган.

Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгон.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүштөр орун алды. Алар — демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар. Өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды.
Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!

Эгер 20 жыл мурда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн изилдөөчүлөр, журналисттер ушул кайгылуу окуяны чагылдырганы келишсе, эми Аксынын мээнеткеч жана меймандос калкын, Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу керемет жерлерин, адам буту баса элек чытырман токойлорун, айтылуу кара өрүк бактарын көргөнү келип жатышат. Аксы жергеси жыл өткөн сайын өзгөрүүдө.
Бүгүнкү күндө калыстыкты туу туткан элибиздин эркине каршы келген буга чейинки жагымсыз окуялардан, урунттуу учурлардан сабак алып, демократиялык өлкө катары өнүгүүгө, бакубат жашоого умтулуу — биздин башкы мүдөөбүз!

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен кыргызстандыктардын ынтымагын чыңдап, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз!

Ынтымак бар жерде ырыс бар!

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!».

Садыр Жапаров Кыргызстан орус-украин тирешинде калыс позицияны карманарын билдирди

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кумтөр маселеси талкууланган жыйында билдирди.

“Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”.

Президент доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы кымбаттап баратканын, мындай абалда амбицияларды артка калтырууга, негизсиз сын-пикирден карманууга чакырды.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда.

Москва кошуна өлкөгө басып кирген 14 күндөн бери БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси 400дөн ашуун карапайым кишинин каза болгонун каттады. Кеңсе ошол эле маалда жоготуулар мындан эселеп көп болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Эң оор абал Кара деңиздеги Мариупол шаарында түзүлдү. Бир нече күндөн бери калк таза суу, жылуулугу жок отурат, канализация системасы керектен чыкты. 430 миң калкы бар калаанын жарымынан көбү чыгып кетүүгө аракет көрүүдө.

Киевдин жака белиндеги Ирпендин тургундарын да коопсуз жерге көчүрүү аракети уланууда. Жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түнү катуу аткылоого дуушар болгонун айтып беришти.

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары!

Кадырлуу эл өкүлдөрү!

Эң алды менен кечээ жакында эле белгиленген Мамлекеттик туубуздун 30 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Мыйзам чыгаруу бийлиги мындан туура отуз жыл мурун кыргыз элинин байыркы тарыхын, тарыхында мамлекетүүлүгү болгонун, анын далили катары кызыл байрагы желбиреп келгенин дүйнө элине жеткирип, Мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам кабыл алып берген эле. Мына ошондуктан, ошол кездеги эл өкүлдөрүнө жана алардын мураскору катары бүгүнкү Жогорку Кеңеш депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Ошону менен бирге депутат айымдарыбызды дагы кечээги Аялдардын эл аралык күнү — 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элибиз эзелтеден эле кыз кишиге өзгөчө мамиле, сый-урмат көрсөтүп келгени белгилүү. Бүгүн дагы жалпы аялзатына, анын ичинде сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Бар болуңуздар!

Ал эми бүгүнкү Жогорку Кеңеш жыйынында мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрүнүн жана президенттин алдында ант берген жаңы министрлерибизге тилегим, эл үчүн кызмат кылам деп берген антыңыздарды эстен чыгарбасаңыздар. Бийликтин жүзү аткаруу бийлигинин, башкача айтканда, мына урматтуу министрлер, сиздердин ишиңиздер аркылуу ачылат. Ишеним артылып, бүтүндөй бир тармактын жүгүн тартам деп иштөөгө белсенип келген соң, бул милдетти аткара албасаңар мамлекеттин жалпы ишине жооптуу катары мага — Президентке, анан силерди ишти жөндөп кете алат деп макулдугун берип шайлап берген мыйзам чыгаруу органына сөз тиет. „Эл тараза, эл сынчы“ дегендей, иштеген ишиңер, тарткан жүгүңөр элдин элегинен бат эле эленип, байкалып калат. Жигердүү иш алпарып, мыкты-мыкты демилгелерди көтөрүп таза иштеп берсеңер атыңар тарыхта жазылат. Иштемиш эткен түр көргөзүп, эч кандай жылыштар байкалбаса, ага кошумча ар кандай мыйзамсыз аракеттериңер байкалса, бүтүндөй министрликтин аброюна, ал тургай, жогоруда белгилегенимдей, бүтүндөй бийлик системасына объективдүү сын айтылары турган иш.

Урматтуу мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү!

Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Анын ичинде Кыргызстан дагы коңшу мамлекеттер менен, кайсы бир уюмдарга мүчө-мамлекет катары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алпарат. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек.

Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз.

Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. „Ынтымак бар жерде ырыс бар“ деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алпарышыбыз абадай зарыл болуп турган чак.

Мен өткөндө Министрлер Кабинети тарабынан жогоруда тизмектелген каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккандыгын айттым эле. Албетте, биздин биринчи приоритетибиз — экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, жакшы сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, „кылдан кыйкым издебей“, ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп турат.

Мына бүгүн „Кумтөр“ маселесин колдоп бердиңиздер, терең ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы бир топ маселелер — мамлекетибизди экономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор болот. Аларды дагы сиздерге алып келебиз. Сиздер менен биргеликте коркпой, эки жакты карап кылчактабай, чечкиндүү кадамдарга барып, тездик менен алдыга жылууну  уланта беребиз.

Кризистик абал бара-бара оорлошо бере турган болсо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күчүбүздү, бар мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоого туура келет. Андыктан, Министрлер Кабинети негизги басымды айыл чарбасына жасап, айдоо жерлерибизди кысыр калтырбай эгин эгип, жалпы эле айыл чарба продуктыларын өндүрүү менен аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы да ушундан.

Кудайга шүгүр, мээнеткеч, иштегенден талбаган дыйкан элибиз бар. Алар болгону сугат суу, таза үрөн, жер семирткич жана арзан насыя гана талап кылып келе жатат.

Биз колубузда болгон акчабыздын баарын бердик, 26 миллиард сом. Албетте, бул сумма бардык дыйкан-фермерлерди дүңүнөн камсыз кылып коюуга жетпейт. Ошондуктан эмдиги жылдарга дагы караштырып жатабыз. Биздин оюбуз боюнча үч-төрт жылда толук камсыз кылабыз. Албетте, казынабыз толтура болсо, быйыл эле толук камсыз кылып койсок жакшы болот эле. Бирок акыбалыбызды жакшы билесиздер. Пандемиядан кийин биз эмес өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы да калыбына келе элек. Бирок ушундай кыйынчылыкка карабастан, 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик. Эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт. Өткөндө бир депутат „кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар“ деди. Министрдин орун басары тыңгылыктуу жооп бере албай жатат, же өзү билбейт, же даяр эмес. Ал орун басар боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасына тапшырма бердим. Кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек. Азыр биз кызматка тааныш билиши, же бирөөнүн көңүлү үчүн кармап турууга акыбыз да жок. Бизди убакыт күтпөйт.

Эми иштейм деген элдин мындай талабын орундатып, саясатын жөндөп бере албасак, бийлик бутактарында отуруп, элге кызмат кылып атабыз деп айтпай эле коелук.

Берекелүү түшүмдүн эң башкы себеби эле сугат суусу. Ошол үчүн „Суу — өмүр булагы“ деп айтылат эмеспи. Бул багытта Өкмөт жыл башынан бери эле ирригация системасын жолго коюуга, каналдарыбызды тазалоого тийиштүү каражат бөлүп, алардын натыйжалуу пайдаланылышына бекем көзөмөл жүргүзүп жатат. Тармактык министрликтердин дал ушул багытка жооп берген орун басарлары жүргүзүп жаткан иштери, бөлүнүп жаткан каражаттар тууралуу парламент жыйындарында маалымат берип, ар бир каражаттын кайда, кандай жумшаларын чечмелеп берип жатат деп ойлойм.

Кыскасы, эмгекчил элдин койгон талабын өз учурунда аткарып, „жаздын бир күнү жылга тете“ дегенди эстен чыгарбай, эл менен тыгыз иштешүүгө маани беришибиз зарыл.

Ыкчам чечүүнү талап кылган калган маселелер боюнча, мен өткөндө да айттым эле, Министрлер Кабинетинин чоң жыйынына келип, өз маалында маселе коюп, жообун алсаңыздар болот. Министрлер Кабинетинин толук курамынын жыйыны ар бир бешинчи күнү саат 18-00до өтүп турат. Сиздер барып катышканга акылуусуздар.

Сөзүмдүн акырында ишибиздин ыкчам жүрүшү үчүн ийкемдүү делген ыкмалар, иш-аракеттер менен кызматташуу болсо деген тилегим бар.

Жогоруда белгилеп айтканымдай, ынтымагыбыз бекем болгондо гана көздөгөн максатыбызга жетебиз. Буга сиздер да макулсуздар деп ойлойм.

Ишиңиздерде ийгилик болсун!

Эл өкүлү катары эл үчүн иштейбиз деп келгендеги максатыңыздар ишке ашсын!

Кыргызстаныбызда тынчтык, өнүгүү болсун!».

Меню