Menu

Нарымбаев азыр өзү жасаган баткакта олтурат

Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун соттук иши Чубактын кунундай эле чубалжып, барган сайын жаңы кызыктардын бети ачылып барат. Маселен, бул кылмыш ишин иликтеп, тергөөгө алышкан Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Манас Кыдыралиев менен Мирбек Расуловдор кылмыш иштин фабуласын бир аз болсо да өзгөртүүгө аракет кылышкандыгы боюнча маалыматтар тарады. Бул эки эрен өткөн эки революцияда тең бир ка­тар чуулгандуу иштерди иликтегени менен белгилүү болуп келишкен. Мирбек Расулов президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун ишин кадимки жол кырсыгы катары баалап, жаап койгондугу эле көп нерседен кабар берип турат. Ошондой эле бул экөө Урмат Аманбаеванын, Карганбек Самаковдун, Игорь Чудиновдун кылмыш иштерин да тергешкен.

Булак: “Багыт kg”

Фото - Жалал-Абад областтык сотунун жаңы имаратынын ачылышы

Сот тутумундагы жүрүп жаткан реформа алкагында бүгүн, 25-майда, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров Жалал-Абад областтык сотунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышын өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш чарада кыргыз фемида башчысы Айнаш Токбаева, сот тутуму үчүн маанилүү болгон областтык соттунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи жана ошондой эле 25 жылдык мааракеси менен куттуктап, акыркы жылдары сот тутумун реформалоонун алкагында, аны каржылык жана материалдык-техникалык жактан жетиштүү камсыз кылууга мамлекет тарабынан чоң көңүл бурулуп келгендигин, соттук реформанын негизги максаттарынын бири катары финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү аныкталгандыгын айтты.

2 34
5 6 7

Текебаевдин президентке жолдогон катында ката бар

“Ата Мекен” фракциясынын “ата­сы” Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдогону маалым болду. Ал катта Атамбаевди бүгүнкү күндө Нарын шаардык сотунда иштеп жаткан Ж.Эрматовду Нарын облусунун район аралык сотунун судьясы кызматына дайындоодон баш тартууга чакырган. Белги­лүү болгондой, Эрматов криминал дүйнөсүнүн лидери Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуп жиберген. Бирок, Эрматов жөн гана аткаруучу болгон. Батукаевди бошотуу маселеси ошол кездеги укук коргоо органдарынын бир катар жетекчилерине барып такалат. Текебаев эмне үчүн аларды айтпай, аткаруучуну гана айтты? Ошол аткаминерлер дагы ачык айтылышы керек.

Булак: “Багыт kg

Кайра мэр болгон Кадырбаев ким?

Айтмамат Кадырбаев кайрадан мэр болуп шайланды. Жергиликтүү кеңештеги 45 депутаттын 41и аны колдоду. Кадырбаев мэрлик креслодо буга чейин эки жылдан ашыгыраак убакыт отурду.  “Арстан, жолборс” атыккан, ошол кезде кадыры жогорулап турган  Мелис Мырзакматовдон кийин түштүк калааны жетектөө ал үчүн кыйла эле оор болду. Анткени жаңы башчынын ар бир ишин чарбачыл эски мэрдин кылгандары менен салыштырып турушту.

Айтмамат Кадырбаев эки жылда кандай жумуштарды жасап, эмнени өзгөрттү? Сунуштаган программасын ишке ашыра алдыбы? Мэрдин ысымы кандай чуулгандуу окуяларга аралашты. “Ынтымак” Ош шаарынын жаңы эски мэринин айланасындагы маалыматтарды топтоду.

Кадырбаев ким?

Элүү жашка чыккан Айтмамат Кадырбаев Кара-Суу районунун Савай айылынан. Кесиби – экономист.  Мамлекеттик жана жеке ишканаларда катардагы кызматкерден баштап, жетекчиликке жеткен. 2007-10-жылдары губернатордун, 2012-13-жылдары Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамдирекциясынын орун басары болуп турган. 2014-жылдын 15-январынан Ош шаарынын мэри. Ашып-ташкан деле байлыгы жок. 2014-жылга тапшырган декларациясына ылайык, Кадырбаевдин 68 чарчы метр аянтта батири бар. Жакындарынын атына 436 чарчы метр аянтта үй, 2100 чарчы метр жер тилкеси,  2010-жылы чыгарылган “Тойота Камри” унаасы, база жана дүкөн (аянты, багыты көрсөтүлгөн эмес) катталган. Бир жылда 242 миң сом айлык алып, жарандык-укуктук келишимдерден дагы ушунча каражат тапкан. 

Убактылуудан узак мөөнөткө

Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин, 2014-жылдын башында жергиликтүү кеңеш калаа башчыны тандады. Ошол маалда да көпчүлүк коалиция көрсөткөн Айтмамат Кадырбаев 25 депутаттын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Бул саясий өнөктүк Мелис Мырзакматовду колдогон митингдин фонунда өткөн. Сыртка чогулган эл Мырзакматовду ордунда калтырууну президенттен талап кылып жатты. Экс-мэр эл адына чыгып, шайлоо таза өтпөгөнүн жар салганы эле болбосо, эл бир күн ызы-чуу салды да тарап кетти. 

Мелис

Ал арада Кадырбаев Мырзакматовдун кызматтан кетишин шарттаган убактылуу фигура катары сыпатталып, мэрлик креслодо узак отурбайт деген божомолдор айтыла баштаган. Эки жылдык мөөнөттү артка таштап, эми экинчи ирет, болгондо да ошол эле КСДПнын сунушу менен шаар башкарууга аттанып жатышы Кадырбаев Мырзакматовдон айырмаланып, борбордук бийлик менен ымала түзө алганын ырастап турат.

 “КСДПчыларды” кууп чыккан…

“Азаттык” жарыялаган “Мэр Кадырбаевдин КСДПга жаккан сыры” деген макалада азыркы мэр кезинде “КСДПчыларды” кууп чыкканы айтылат. Анткени 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Оштогу КСДП партиясынын өкүлдөрүн облустук акимчиликтен кууп чыккандардын башында Кадырбаев турганы белгилүү.  Апрель окуяларынын катышуучусу, серепчи Төлөгөн Келдибаев бул жагдайларды “КСДПнын өзүн өзү маскаралоосу” деп атады.

КСДП

“Азаттык” жазгандай, аталган окуяга байланыштуу Айтмамат Кадырбаевге кезинде кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган деп айып тагылганы белгилүү. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы ал мэрлик кызматка аттанганда шашылыш жагдайда анын соттолгондугу жоюлган. Муну көпчүлүк ошо кезде саясий соодалашуунун жыйынтыгы деп түшүндүрүшкөн. Борбордук бийликке экс-мэр Мелис Мырзакматовду сүрүп чыгаруудан тайсалдабаган киши керек болуп, алар Кадырбаевди тандагандыгы айтылган.

Ара жолдогу “кылым курулушу” Кадырбаевдин энчисине калып

Мырзакматов баштап кеткен чырлуу көпүрөнү Кадырбаев бүткөрүп, президент менен чогуу пайдаланууга берди. Мурдагы долбоору өзгөртүлүп, Россиядан келген гранттын эсебинен курулган бул өтмөктүн ызы-чуусу али бүтпөчүдөй. Кадырбаев көпүрөнүн алдына өзү туруп, үстүнөн оор жүк ташуучу унааларды өткөрүп курулуштун сапатын сынаган жайы бар. Бирок жарым жыл айланбай өтмөктүн бузула баштаганы азыр коомчулуктун назарында.

Президент

Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн миллиондор үнөмдөлүп калганын Кадырбаев кайда барбасын айтып жүрөт. Шаар башчынын эсебинде 105 млн сом артып калган. Ага Ак-Бууранын эки жээгин бириктирген дагы эки өтмөк курулуп жатат.  Бала бакча, мектеп, балдар аянтчасы, эс алуу бактарынан сырткары мэр “кызыл тасмасын” кескен ири долбоорлордун дагы бири – “Достук” аймагындагы суу кампасы. Ал калаанын  батыш тарабын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздараары айтылган.

Бирок жарандык коом өкүлү Гүлгакы Мамасалиева бул объекти жыл аягында пайдаланууга берилээрин, эл алдында эле кызыл тасмасын кесип коюшканын айтууда. 

Мэрдин кыялындагы Ош 

Борбор Азиянын маанилүү түйүнү, өнүгүүнүн аймактык борбору. Коммуналдык тейлөө жолго коюлуп, инфраструктурасы жакшырып,  жарандардын турак-жай маселеси чечилген шаар. Кадырбаевдин Ош шаарынын 2014–2017-жылдарга карата «Түштүк борбордун потенциалы – шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн» программасы боюнча биз ушундай өнүккөн калаада жашашыбыз керек. Бирок аны ишке ашырууга 3 жылдык мөөнөт аздык кылаарын мэр өзү да моюндаган. Башкасын айтпаганда да, 500гө жетпеген шаардыктын турак-жай көйгөйүн чечүүгө шарт да, убакыт да бар болчу. Бир кезде өзү орун басар болуп турган Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы курган үйлөрдөн ашкан батирлерди жарандарга ипотекага бермей болушкан.Бирок маселе ушул күнгө чейин чечилбей, ипотека шарттарын аткарууга мамлекеттик кызматкерлердин чамасы жетпээри айкын болду. Мындан улам бул долбоор социалдык эмес эле, коммерциялык багытка кеткенин серепчилер белгилешет.

Кадырбаев калкаласа, кызматыңан кол жуубайсың 

Айтмамат Кадырбаевдин ысымы жакындарынын айынан чуулгандуу окуяларга аралашты. Алардын акыркысы эле классташы жетектеген бала бакчада тамак-аштан чыккан курт. Мекемедеги ушул жана башка мыйзам бузууларга карабай, директорго чара көрүлгөн эмес. Анткени классташын мэр өзү коргоп келет дешет бакча кызматкерлери. 

Аялы

Окуя ушуну менен эле бүтпөй, Кадырбаев классташын коргоп жатат деп журналисттерге маалымат берген Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын юристи жумуштан бошотулду.

Ош шаарындагы жалгыз соттук-медициналык экспертиза борборунун имараты жеке менчикке сатылып кеткени ачыкка чыкты деп жазган “Азаттык”. Алардын маалыматында имарат Айтмамат Кадырбаевдин жубайы Чолпонай Исмаилованын атына катталганы маалым болду. Мэрдин жубайы менен Ош облустук соттук-медициналык борбордун соттошуусу 2008-жылдан бери бир жаңсыл чечилбей келе жатат. 

Булак: yntymak.kg

Уулу үчүн Ак үйдү айланган Муралиевдин муңу

Кыргызстандагы мурунку 27 өкмөт башчынын бири катары элдин эсинде калган Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүн жетектеп турганда чет элдик уюмдарга кызматтык сыр деп эсептелген маалыматтарды саткан деген айып менен Биринчи май райондук соту 12 жылга соттоду. Мамлекетгик айыптоочулар “саткынга” 22 жыл сурашкан. Чынында мамлекеттик сырды саткандарга сооп жок, өмүр бою соттосо да болот. Атасынын атын булгап койгон Алтынбекке кеминде 20 жыл туура эле болмок. Ал эми жашы өр тартып калганда атасы Амангелди аксакалга жаман болду, эл караган бети жер карап дегендей. Ошентсе да, ал Ак уйдү айланчыктап жүрөт. Так айтканда, президенттин өзүнө кире албаса да, аппарат башчы Фарид Ниязовдон жардам сурап, абалды жеңилдетүүгө аракет кылып. Бирок компартиянын үлгүсүн алып жашаган, Сталинди, Ленинди кумир туткан адам кичине ойлонсо болмок. Сталин деле согуш учурунда офицер баласын Гитлердин эки гене­ралына алмашпай койбоду беле. Ага караганда бул жеңил маселе. Алтынбеги аман болсо,12 жылга жетпей эле чыгып келээр.

Булак: “Багыт kg

25-майдан 30 майга чейинки аба ырайы

25-27-майда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Бишкек шаарында 26-май күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 26-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болушу күтүлөт.

26-28-май күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-май күндөрү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жолдубаева башкасынын “башын” жулса да, Алмазга тийбейт...

Башбакан Сооронбай Жээнбеков Мам­лекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго сөгүш жарыялап гана там болду. Эске сала кетсек, Кадыркуловду “Кыргызтелекомду” банкроттук абалга такап койгон жеринен мурунку өкмөт башчы Темир Сариев ушул өтө “майлуу” кызматка олтургузуп койгон. Маммүлктү башкара албай жүдөп жатат. Сариев да анын ишке болгон жөндөмү жок экенин байкап, бир эмес, эки жолу сөгүш берген. Кыязы, Максимдин кадры жогорку жакка “отметканы” жакшы кы­лып жаткан окшобойбу. Болбосо, эчак кызматган альшышы керек эле да. Башкы прокурор Индира Жолдубаева деле Маммүлктөгү айтылып, жазылып жаткан коррупцияга көңүл буруп койсо жакшы болмок. УКМК да Кадыркуловго келгенде “уйкусурап” калгансыйт. Бирок, Жолдубае­ва башкасынын “башын” жулса да, Алмазга тийбейт го?! Мунун да бир себептери бар да…

Булак: “Багыт kg”

Эрдоган качкындар боюнча келишим үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн эскертти

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган качкындарды кабыл алуу боюнча Евробиримдик менен түзүлгөн келишим үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экендигин эскертти.

Стамбулдагы гуманитардык маселелер боюнча саммитте сөз сүйлөп жатып, эгер визалык либералдаштыруу болбосо, Түркия парламенти качкындарды кабыл алуу боюнча келишимге кол койбой тургандыгын билдирди. Эрдоган түрк аткаминерлери европалыктар менен сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандыгын кошумчалады. “Эгер бул кандайдыр бир жыйынтык берсе сонун, болбосо мен үчүн өтө өкүнүчтүү”, -деди мамлекет башчысы. Мындан тышкары Эрдоган бозгундар боюнча келишимдин негизинде Анкара азырынча эч кандай жардам ала электинин баса белгиледи.

18-марттагы макулдашууларга ылайык, Грециянын жээктерине деңиз жолу аркылуу мыйзамсыз түрдө келген качкындар кайта Түркияга жөнөтүлмөк. Грециядан Түркияга кайткан ар бир мигранттын ордуна Евробиримдикке мүчө өлкөлөр түрк аймагындагы бирден сириялык качкынды кабыл алмак. Deutsche Welle билдиргендей, мындан тышкары Брюссель Анкарага 6 миллиард евро бермек. Бул каражат бозгундардын керектөөлөрүнө жумшалмак.

Азыркы учурда Грецияга мыйзамсыз келген мигранттарды Түркияга кайтаруу эки өлкө ортосундагы келишимдердин негизинде жүргүзүлүүдө. 1-июндан баштап иш-чара Евробиримдик менен Түркиянын жаңы макулдашуусунун алкагында жүзөгө ашары болжолдонгон.

Евробиримдик менен Анкаранын ортосундагы келишимдин өзөгүн визасыз режим маселеси түзгөн. Ал учүн түрк бийлиги Еврокомиссия койгон 72 шартты аткарышы керек болчу.

Атамбаев эс алууга кетти

Бүгүн, 25-майда Алмазбек Атамбаев үч иш күндүк эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга келбей койгон депутаттардын сап башында КСДПчылар турат

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынына 120 депутаттын 10у гана катышып жатканын “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев жаны кейип айткан эле. Бирок, күйүп-бышканда не? Бул нерсе биздин эл өкүлдөргө жат көрүнүш эмес. Депутаттар тургай тээ Ак үйдүн жетинчи кабатында отурган “көзүр” деле каалаган учурунда жумушка келип, каалабаса үйдөн чыкпай жатып алаары тууралуу көп эле сөз болуп жүрөйбү. “Шефинин” жолун жолдоп КСДП деген бакыйган фракциянын депутаттары деле өз билгенин жасап жатышат. Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка караганда жыйындарга келбей койгондордун сап башында КСДПчылар турат экен. Мисалы, Карамат Орозова деген депутат-айым 12 жолу, азыркы спикер Чыныбай Турсунбеков 10, Марат Аманкулов, Азамат Арапбаев, Айнуру Алтыбаева, Жанар Акаев жана Альфия Самигуллиналар 8 жолудан жыйынга катышкан эмес. Эми бийликтин баарын колуна топтоп алган КСДПнын өкүлдөрү ушинтип жумушуна келбей качып жүрсө, өлкөнүн өнүгүшү тууралуу сөз кылуунун деле кажети жок окшойт.

Орусия мигранттарды массалык түрдө депортациялоодо

Укук коргоочулар катаал сот системасынан улам Орусияда легалдуу жүргөн мигранттар да жабыр тартып жаткандыгын айтышууда.

Кыргызстандык Зуура Айтикеева Москвадагы соттордун иштери менен жакшы тааныш. Анын уулун Орусияга келген биринчи күнү эле полиция көчөдөн кармап, ошол түнү соттоп, 5 миң рубль айыпка жыгып, колуна Орусиядан чыгып кетүү боюнча чечимди карматып койгон.

– Баламды алып барып эле камаган. Москвага келгенине бир күн болгон. Жанында документтери, телефону дагы жок болчу. Аны колундагы авиабилетте жазылган фамилия жана аты боюнча соттоп туруп, Орусиядан чыгып кетүү боюнча токтомду карматып койгон. Соттогондо да 20 адамды чогуу алып кирип, эч нерсе териштирбей эле бир түндө жаза чегерип коюшкан. Башында “мейли, Кыргызстанга кетире берели” дегенбиз, кийин адвокат таап, сотко кайрылдык.

Зуура Айтикеева менен анын уулу жактоочу жалдап, соттун токтомун жокко чыгарууга жетишкен.

Москвадагы соттордун мигранттарга карата акыйкатсыз мамилесине “Жарандык көмөк” комитети жарыялаган доклад дагы далил. Докладда айрым сот өкүлдөрү бир күндө мигранттарга байланыштуу 94 ишти карап, дээрлик бардыгында чет элдик жаранды айыппулга жыгып, анан Орусиядан депортациялоо чечимин кабыл алганы тастыкталган. Сот жараянында бир мигранттын иши беш мүнөттө каралары белгиленген.

Өзгөндө Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөсү айыл өкмөт болуп шайланды

Кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делген Эржигит Пасаңов бүгүн Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл округунун башчысы болуп шайланды.

Бул тууралуу Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Калыбек Акыбаев ырастады. Маалыматка караганда, айыл өкмөт башчылыгына үч талапкер ат салышкан. Бүгүн алардын ичинен экөө – Каныбек Бекмурзаев менен Эржигит Пасаңов экинчи айлампага өтүп, натыйжада Пасаңовго жыйынга катышкан айылдык кеңештин 20 депутатынын 12си добуш берип, жеңип чыккан. Жергиликтүү кеңеште жалпысынан 21 депутат бар.

Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясы Пасаңовдун кылмышка аралашпагандыгын далилдеген документтер бар болгондуктан, талапкер катары катталганын кабарлады.

Пасаңов Кызыл-Октябрь айылдык кеңешине 2012-жылы депутат болуп шайланган. Ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев Пасаңовдун уюшкан кылмыштуу топко мүчө экенин айтып, анын “Сакал” деген каймана атка ээ экени да билдирген. Бирок ал жергиликтүү кеңештин депутаттыгынан четтетилген эмес.

Булак: azattyk.org

«Талибан» жаңы лидерин шайлады

«Талибандын» ооган канаты кыймылдын лидери Ахтар Мансур өткөн жумада америкалык күчтөрдүн аба соккусунан өлгөнүн тастыктады.

Кыймылдын жаңы лидери болуп анын эки орун басарынын бири Хибатулла Ахундзада молдо дайындалды. Ал мурун “Талибандын” соттук органын жетектеп келген.

Талиптер кол башчынын орун басарларын дагы шайлашты. Бири Сираджуддин Хаккани – Кабулдагы соңку бир нече ири кол салуулар үчүн айыпталган түйүндү башкарган. Экинчиси Мухаммад Якуб — “Талибандын” мурдагы лидери Мухаммад Омардын уулу. Бул туурасында кыймылдын расмий өкүлү Забиулла Муджахид билдирди. Ал Хибатулла “Талибан” лидерлеринин жолугушуусунда шайлангандыгын кошумчалады.

Мансур 21-майда Пакистанда автоунаада бара жатканда америкалыктардын аба соккусунан улам тындым кылынган.

Бакыт Төрөбаев: “Балдардын тагдырын тебелеген айбандар катуу жазаланышы керек”

Балдардын тагдырын тебелеп, аларга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдерге эң катуу жаза колдонулушу керек. Мындай пикирини бүгүн “Парламент” радиосунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрабаев билдирди.

Анын айтымында Конституцияга өлүм жазасын киргизүүнү эртерээк колго алуу керек. “Адамдык сапаты жок айбандар жаш балдарга кордук көрсөткөн учурлар өлкөдө жылдан жылга өсүп бара жатат. Биз ал айбандарды аёосуз жазалашыбыз керек. Өлүм жазасын киргизүү адам укугуна, демократияга доо кетирет деп отура берсек, балдардын укугун ким коргойт. Ошондуктан бул маселени референдумга коюп, эл колдосо Контитуцияга өлүм жазасын киргизели деп жатабыз”, – дейт Төрөбаев.

Коркмазов жакынкы күндөрү эркиндикке чыгат

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызынан пара алууда ортомчулук кылган деген айып менен 1,5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов жакында эркиндикке чыгат. Бул тууралуу анын адвокаты Кайрат Загибаев жергиликтүү маалымат агентигине билдирген.

Анын айтымында Кормазов 10 айдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында олтурат. Ал эми мыйзамга ылайык, убактылуу кармоочу жайдагы бир күн эки күнгө эсептелгендиктен ал жазысын өтөп бүттү. Ошондуктан ал жакынкы күндөрү эркиндикке чыгарылышы керек.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев экс-мэр Нариман Түлеевдин кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук милдетти аткарган деп айыптап, Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле. Кечээ бул ишти Бишкек шаардык соту карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

НАТО Орусиянын Украинадагы агрессияларына жооп кайтарат

Эгер Орусия НАТОнун Чыгыштагы өлкөлөрүнө карата Крым же Украинадагыдай терс аракет жасаса, анда уюм жооп кайтарууга мажбур болот. Бул туурасында НАТОнун аскер комитетинин төрагасы Петр Павел билдирди.

Ал “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына маек куруп, Орусиянын Грузия, Украина жана Сириядагы аракеттерине түз жооп берүү иретинде уюм чыгыш флангадагы аскердик күчтөрүн кеңейткенин ачыктады. Эгер Орусия чабуул күчтөрүн көбөйтпөгөндө, НАТО мындай кадамдарга бармак эмес деп кошумчалады.

Анын айтымында, НАТО жана союздун чыгыштагы өлкөлөрү “Орусиянын кенебестигинен жана баскынчылыгынан коркунучту сезип жатышат”. НАТОнун түрдүү чабуулдарга даяр болушу Орусия менен чектеш жайгашкан мамлекеттерге ишеним арттырарын билдирди.

Күнөөсүн мойнуна алган казак министри кыргызстандыктардан кечирим сурады

Кечээ күнү Чыңгыз жөнүндө жакшы сөз айтам деп жатып кыргызды басынта сүйлөгөн Казакстандын маданият министри бүгүн өзүнүн катасын мойнуна алып, маданиятсыз жоругу үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады. Ал орун басары Галым Ахмедяровду ортого салып, ал аркылуу ММКларга билдирүү жөнөткөнүн казак журналисттери жазып чыгышты. Ал билдирүүсүндө кыргыз элине дайыма сый мамиле кылаарын, кечээки сөзүн коомчулук туура эмес кабылдап алганын, бул үчүн өкүнүп жатканын айтыптыр.

Эске салсак, кечээ Казакстандын аттуу-баштуу адамы, министр Арыстанбек Мухамедиулы журналисттер менен жолугушуу учурунда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу айтып жатып, анын арасында кыргыз кыздары Орусияда даараткана жууп жүргөнүн, өз өлкөсү аларга жумуш таап бере албай турганын айтып, кыргыздарды басынткандай түр көрсөткөн. Бул билдирүүсү Кыргызстанда эле эмес Казакстанда дагы көп нааразычылыкты жараткан эле.

Айтмамат Кадырбаев ордунда калды

Бүгүн, 25-майда, Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчысын шайлашты. Депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 41 добуш менен Айтмамат Кадырбаев шаар мэрлигине кайрадан шайланды. Ал эми экинчи талапкер Алишер Мойдуновго 4 депутат гана добушун берген.

Эске салсак, Айтмамат Кадырбаев 2013-жылдан бери Ош шаарын мэри кызматын аркалап келет.

Twitter эрежелерин өзгөртөт

Twitter микроблоктор сайты колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн өз ишин өзгөртө тургандыгын жарыялады.

Twitter каржы базарында кыйынчылыктарга кептелди. 24-майда анын акциялары 4,8 % төмөндөп, бир баалуу кагазы 13,72 долларды гана түзүп калган.

Өзгөрүүлөр бир нече айдан кийин болот, компания так күнүн белгилеген жок. Буга чейин билдирүүлөр, анын ичинде шилтемелер 140 символдон ашык болбошу керектигине колдонуучулар нааразы болуп келишкен. Болжолдонгондой, модернизациядан кийин бул эреже шилтемелерге тиешелүү болбой калат. Мындан тышкары “Ретвит” кнопкасы пайда болуп, ал контентти тез жана жеңил бөлүшүүгө жол ачат.

Согуш болуп жаткан аймактарга эрезеге жетелек балдарын алпарган ата-энелердин жаза жоопкерчилиги каралууда

Жогорку Кеӊеште террордук жана экстремисттик жосундарды жактаган жактарга карата колдонулуучу чараларды катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам аркылуу КР Жарандык-процесстик кодексине, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу Административдик кодекске террордук жана экстремисттик жосундарды жактаган жактарга карата административдик жоопкерчиликти караган берене сунушталууда. Ага ылайык, эгер административдик жоопко тартылгандан кийинки 1 жыл аралыгында кайра кайталанса, ал адамга кылмыш иши козголот.

Андан сырткары, согуш болуп жаткан аймакка эрезеге жетелек балдарын алпарган ата-энелердин жаза жоопкерчилиги да каралууда. Ага ылайык, мыйзам бузган адам 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

Белгилей кетсек, ИИМ маалыматына караганда, ушу тапта согуш болуп жаткан Сирия аймагында Кыргызстандын 500 жараны жүрөт. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар.

Казак министринин сөзү депутаттарды нааразы кылды

Казакстандын маданият министринин кыргыздар жөнүндө айткан сөзүнө Жогорку Кеңеш дагы өз баасын бериши керек. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

“Казакстандын маданиятсыз маданият министринин кыргызстандыктар тууралуу айткан сөзүнө жалпы депутаттар дагы өз баасын берип, казак өкмөтүнө нааразычылык нотасын же аны жумуштан алуу тууралуу кайрылуу жөнөтөлү. Чыңгыз Айтматов тууралуу айткан ал министр өзү биздин улуу жазуучубуздун бир дагы чыгармасын окуган эмес. Анан эч нерсе билбей туруп кыргыздардын кадыр-баркына шек келтиргенге акысы жок. Биз бул маселени бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизип, карап коёлу ”, – деди Шыкмаматов.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков бул маселе Казакстандын мажилисинде катуу талкууга алынышы керектигин айтты.

Эске салсак, Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астанада коомчулук менен жолугушуу өткөргөн. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп, улуу жазуучу кыргыз элинин келечегин көрө билген деп, Кыргызстандын азыркы абалына токтолгон. Казак министри «Орусияда кыргыз кыздары ажаткана тазалап жүрөт, алар буга мекенинде жумуш жоктугунан барууда. Айтматов муну илгери эле эскерткен», — деп жазуучунун “Ак кеме” повестин мисал келтирген.

Европа соту Орусияны доого жыкты

Европанын адам укуктары боюнча соту (ЕАУС) Орусияны воронеждик журналист Павел Манжоско моралдык жана соттук чыгымдардын ордун толтуруу максатында 16 375 евро төлөп берүүгө милдеттендирди.

Журналист милиция кызматкерлери ага кыйноолорду колдонгондугун айтып даттанган. Бул туурасында “Общественный вердикт” фонду билдирет.

ЕАУС Манжоско байланыштуу кыйноолорго тыюу салуу жөнүндө берененин талаптары бузулуп, ал эми ырайымсыз жана адамгерчиликсиз мамиле боюнча натыйжалуу иликтөө жүргүзүлбөгөндүгүн белгилеген.

Фонддун маалыматына караганда, Павел Манжос 2008-жылдын мартында Воронеж тартип сакчылары тарабынан кармалган. Алар андан негизсиз эле административдик укук бузуу жөнүндө протоколго кол коюуну талап кылышкан. Журналист мындан баш тартканда аны сабап, колдоруна кишен салып туруп өйдө жактагы торго кадап, 40 мүнөт асылган абалда калтырып коюшкан. Манжос укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартып коюшкан.

Кыргызстанда мал жандыктарды идентификациялоо процесси башталды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча, «Малдарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамын аткаруу иретинде республикада малдарды идентификациялоо процесси башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө малдарды идентификациялоо үчүн жалпы суммасы 2,2 млн доллар турган 500 комплект жабдуу сатылып алынды жана 500 миң доллар суммасына атайы программалык камсыздоо иштелип чыккан.

Республиканын бардык айыл өкмөттөрү тийиштүү жабдуу менен камсыздалат.

Учурда малдарды идентификациялоо процесси Кара-Буура, Ысык-Ата жана Ноокат райондорунда жүргүзүлүүдө. Жакынкы аралыкта республиканын бардык аймактары тийиштүү жабдуулар менен камсыз болот. Бүгүнкү күндө жабдуулар аймактарга жөнөтүлүүдө, анын курамына компьютерлер жана смартфондор кирет.

Мал жандыктарды идентификациялоо иши мал чарба продукциясын экспорттоодогу талаптарды дүйнөлүк стандарттарга дал келтирүү максатында аткарылууда.

Кыргызстан казак министринин сөзү боюнча нааразычылык нотасын жиберди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедулынын сөздөрү боюнча нааразылык нотасын жиберди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ербол Ахметов чакырылып, нота тапшырылды.

“Арыстанбек Мухамедулынын Кыргыз Республикасына карата кадыр-баркка шек келтирген жана салмакталбаган сөздөрү эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилесине ылайык келбейт” – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги акыркы учурда казак медиасында, анын ичинде мамлекеттик телеканаларда Кыргызстан тууралуу туура эмес маалыматтар чагылдырып жатканына көңүл бурган.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астанада коомчулук менен жолугушуу өткөргөн. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп, улуу жазуучу кыргыз элинин келечегин көрө билген деп, Кыргызстандын азыркы абалына токтолгон. Казак министри “Орусияда кыргыз кыздары ажаткана тазалап жүрөт, алар буга мекенинде жумуш жоктугунан барууда. Айтматов муну илгери эле эскерткен”, – деп жазуучунун “Ак кеме” повестин мисал келтирген.

Казак министринин бул сөзү Кыргызстанда жана Казакстанда бир катар жарандардын нааразылыгын жаратып, ар түрдүү талкууларга жол ачты.

Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу демилгесин көтөрдү

Жогорку Кеӊеште премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеӊейтүүгө багытталган мыйзамынын долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Искендер Матраимов, Узарбек Жылкыбаев, Гүлкан Молдобекова.

Иштеп жаткан мыйзамда өкмөт мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуу үчүн айрым негиздер (антты жана ченемдик укуктук актыларды бузуу) белгиленгени менен, кызмат ордунан ким жана кандай тартипте бошотулары так аныктаган эмес. Ушул мүчүлүштүктү жоюу максатында, мыйзам долбоору аркылуу бул маселени чечүүнүн бирдиктүү тартиби белгиленүүдө, атап айтканда, премьер-министрдин сунуштамасы боюнча президент өкмөттүн мүчөсүн, тагыраак айтканда, вице-спикерлер менен министрлерди кызмат ордунан бошотот.

Андан тышкары, өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзам өкмөт мүчөсүнө ишенимди жоготууга алып келе турган аракеттерди же аракетсиздиктерди кылгандыгы үчүн аны кызмат ордунан бошотуу мүмкүнчүлүгүн караган 11-пункт менен толукталууда.

Соттордун кирешелери менен чыгашалары ачыкка чыгарылат

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети судьялардын кирешелери менен чыгашаларын ачыкка чыгарууга багытталган конституциялык мыйзамдын долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, сот тутумунда иштеген баардык судьялар жыл сайын өз кирешелери менен чыгашалары тууралуу декларация тапшырууга тийиш.

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин аталышын өзгөртүү демилгеси сунушталды

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети өзүнүн аталышын өзгөртүп, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин карайт. Бул тууралуу тармактык комитеттин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Тармактык комитеттин төрагасы Жаныбек Бакчиев азыркы учурда эӊ маанилүү маселелердин бири болуп саналган коррупциялык жосундарга бөгөт коюу үчүн комитеттин аталышына «коррупцияга каршы аракеттенүү» деген сөздү кошумчалоо сунушун киргизди.

Ошентип, тармактык комитеттин аталышын «Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет» деген атка өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеӊештин кароосуна коюлмакчы.

Бийлик партиясынын депутаттары көңүлгө толбой...

СДПКнын М.Мадеминов, Т.Исаев, К.Орозова, Р.Момбеков, Ж.Акаев, М.Мискенбаев ж.б. атын атоого татыксыз онго жакын депуттаттары жогорку шефтерине жакпай баштаганы, ыксыз интригаларга чалынышканы, партиянын кызыкчылыгын көздөбөгөндөрү каңкууланууда. Келаткан жайдагы каникулда ушул сыяктуу бир топ депутаттар мандаттарынан ажырашы мүмкүн экен. Бирок, партиянын тизмесиндеги кийинки келе тургандары деле периште эмес да. Ошентип, соңку убакта СДПКга ылайыксыз адамдардын чогулганы катуу талкуу жарата баштады. Кантсе дагы партия тазаланууга муктаж. Бу жагынан кандай жол табылат болду экен?

“Элдик парламентке” кайырмак ыргытуу токтобойт

Бизге жеткен маалымат боюнча, эмки кезек «Элдик парламенттин» жактоочуларына көзөмөл ка­туу болмокчу. Тойгонбай Калматов, Абдыганы Эркебаев, Мамасадык Бакиров, Темирбек Курманбеков, Болоткан Кумаров, Расул Умбеталиев ж.б. «эрендердин» сары изине түшүү, кыймыл аракеттерин тыкыр анализдөө иштери башталыптыр. Азырынча кимиси кайырмакка илинери белгисиз. Бирок, чукуп чыгуу боюнча күч органдарынын ишенимдүү аракеттери башталып атса, буларды жөн койбойт го…

Булак: “Азия news”

Эртең Бишкекте Улуттук агрардык-инвестициялык форумдун ачылышы өтөт

Эртең, 25-майда Бишкек шаарында «Айыл-Агро-2016» көргөзмөсүнүн алкагында IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумдун ачылышы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Экспозиция 25-майдан 27-майга чейин эски аянтта өтүп, 100дөн ашуун айыл чарба техникалары көргөзмөгө коюлат. «Айыл-Агро–2016» көргөзмөсүнүн алкагында биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевдин жетекчилиги астында IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумду өткөрүү пландаштырылууда.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Айыл чарба жана мелиорация министри Турдиназир Бекбоев,  «Росагромаш» айыл чарба техникаларын өндүрүүчү ассоциациянын башкы директору Евгений Корчевой жана башкалар катышат.

«Айыл-Агро-2016» IV Эл аралык агро өнөр-жай көргөзмөсүнө Россия, Белоруссия, Польша, Германия, Кытай, Турция, Япония жана башка мамлекеттерден өкүлдөр катышат.

Мындан сырткары көргөзмөдө улуттук экспозиция иштеп, боз үйлөрдүн шаарчасында жети облустан өндүргөн азык-түлүктөр жана улуттук колоритти чагылдырган буюм-тайымдар коюлат.

Аймактардын элдик маданий жетишкендиктери көрсөтүлүп, туристтик долбоорлорду түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча түрдүү долбоорлор сунушталат.

Иосиф Кобзон “Бишкектин ардактуу атуулу” болду

СССРдин эл артисти Иосиф Кобзондун 80 жылдык мааракесин утурлай шаар мэриясы ырчыга “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сыйлыкты Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутького шаар башчысы Албек Ибраимов менен шаардык кеңештин төрагасы Алаз Кененбаев тапшырды. Ал эми элчи сыйлыкты Кобзого жерткире тургандыгын жана ал жакынкы убакта кыргызстандыктар үчүн сөзсүз ырдап берерин айтты.

Интернетте Казакстандагы бачабаздар тууралуу маалымат жарыяланды

Казакстанда жашы жете элек өспүрүмдөргө карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн соттолгон жарандар жөнүндөгү маалыматтардын онлайн-базасы жарыяланды. Бул туурасында өлкөнүн Башкы прокуратурасынын сайтындагы билдирүүдө айтылат.

Өткөн айда Казакстан бачабаздарды химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам кабыл алган.

Көзөмөл орган бачабаздардын кайда жүргөндүгүн көзөмөлдөө жаңы кылмыштарды болтурбоого түрткү берерин билдирет. Бул үчүн ушул жылы жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандар каттоого алынып, алар туурасындагы маалыматтар топтолгон.

Бачабаздык үчүн соттолуп чыккандар жөнүндөгү маалыматтарды infopublic.pravstat.kz сайтынан алса болот. Бул жерде алардын аты-жөнү, жашаган даректери дагы камтылган.

«Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчү боюнча мыйзамга президенттин каршы пикиринин депутаттар колдоду

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 2016-жылдын 10-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-декабрындагы Мыйзамы менен ратификацияланган, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө» мыйзамга КР президентинин каршы пикири менен макул болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, IV чакырылыштагы парламенттин депутаты Марат Султанов КР өкмөтү менен КЭР өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда өзгөртүү киргизип, республикалык бюджетке түшчү кирешени кайра бөлүштүрүү демилгесин көтөргөн. 2016-жылдын 10-мартында кабыл алынган мыйзамга ылайык, республикалык бюджетке каражаттын 80 пайызы, Ош облусунун жана Ош шаарынын өнүктүрүү фондуна 10 пайызы, Алай жана Чоӊ-Алай райондорунун өнүктүрүү фондуна 10 пайызы түшмөк.

Кыргыз-өзбек мамилеси футболго таасирин тийгиздиби?

Өзбекстан менен Кыргызтандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын 2-июнга белгиленген жолдоштук беттеши эмне себептен болбой калганын коңшулар ачыктаган жок. Мелдеш Ташкент шаарындагы “Бунёдкор” стадионунда өтмөк.

Эки кураманын беттешери тууралуу маалымат 13-майда белгилүү болгон. Андан бир жума өтпөй өзбек тараптын демилгеси менен оюн болбой калды.

– Кыргызстандын футбол федерациясына Өзбекстандын футбол федерациясынан 2-июнга белгиленген жолдоштук беттешти өткөрүүдөн баш тарткандыгы тууралуу расмий кат келди. Ошол себептен улам биздин улуттук курама команданын 23-майда баштала турган окуу-машыгуусу 28-майга жылдырылды. Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Дастанбек Конокбаевдин расмий билдирүүсүндө атаандаш табууга өтө аз убакыт калгандыктан июнь айында эч кандай беттеш болбойт. Демек, команда оюнчулары планга ылайык машыгуусун гана өткөрүшөт. Кийинки жолдоштук беттешүү август айына белгиленген, – деди Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, коңшулар 2-июнда өз талаасында Гвинея менен беттешет.

Өзбекстандын футбол федерациясынын Кыргызстан менен жолдоштук беттеш өткөрүүдөн баш тартуусуна саясий себептер да түрткү болушу мүмкүндүгүн айрым адистер айтышууда. Ушул жылдын март айында эки өлкө ортосунда чек арага байланыштуу талаш маселелер орун алган.

18-майда Кыргызстан Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтоткону да оюндун болбой калышына себептердин бири катары аталууда.

Стамбулда табылган жасалма паспорттор ажылык сапар үчүн даярдалган

Стамбулда табылган жасалма паспорттор ажылык сапар үчүн даярдалган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде маалым болду.

17-майда Стамбулдагы “Ататүрк” аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына жөнөп жаткан учурда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Жасалма паспорт жасаган деген шек менен Кыргызстандын 4 жараны колго түшкөн.

Көзөмөл орган бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогуловдун айтымында, жасалма паспорт жасоо менен алектенген деп шектелип жаткан кыргызстандык төрт жарандын күнөөлүү экени далилденсе, аларды экстрадициялоону Түркиядан өтүнөт.

Жыйынга мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев дагы катышты. Ал паспорттун нагыз ээлери Кыргызстанда жашай тургандыгын, ал эми чет өлкөлүктөр жасалма документ менен учкандыгын кабарлады.

Анын айтымында, алдамчылар жарандардын паспортторун кичи ажылык сапарга бекер барууга утуш уюштуруп жаткандыгын айтып, чогултуп алышкан. Документтеги керектүү маалыматтарды каттап алышып, ээлерине кайтарышкан. Андан соң чет өлкөлүктөр үчүн жасалма паспорттор даярдалган.

Ош облустук спартакиадасы жыйынтыкталды

20-май күнү башталган Ош облустук спартакиадасы жыйынтыкталды. Ага ылайык жалпы командалык эсепте 1-орунду Ноокат району, 2-орунду Өзгөн, 3-орунду Алай райондору ээлешти.

Бүгүн жеңүүчүлөрдү КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кабыл алды. Жеңишке жетишкен командалар 28-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү “дени-сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” аттуу спартакиадага спорттун жети түрү боюнча Ош облусунун атынан катышат. Спортчулардын тамак-аш, жатакана, жол кире сыяктуу каржылык маселелери толук чечилген. Андан сырткары облус жетекчиси кошумча жеке фондунан 50 миң сом акча каражатын бөлүп берди. Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов спортчуларга ийгилик каалап ар дайым спорт менен дос болууга чакырды. Алдыдагы мелдеште облус намысын татыктуу коргоого үндөп ал гана эле эмес дүйнөлүк аренада кыргыз желегин желбиретүүгө чоң ишеним бар экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, облустук спартакиадага катышуучулар жалаң гана облус аймагындагы айыл-кыштактардан тандалып алынган. Ага удаа эле “Тарых жана маданият жылына” карата Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексине музейди оңдоп-түзөө иштерине деп облус башчысы Таалайбек Сарыбашов өзүнүн жеке фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берди.

Өмүрбек Текебаев президентке өтүнүч кат жолдоду

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге кат жолдоду. Бул тууралуу аталган фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Текебаев өз катында Нарын шаардык сотунун судьясы Ж.Эрматов райондор аралык соттун судьялыгына аттанып жатканын, учурунда Эрматовдун чечими менен айтылуу кримавторитет Азиз Батукаев боштодукка чыкканын, бирок ага карабай ал кызматтык тепчиктен көтөрүлүп бара жатканын айтып, Атамбаевди аны райондор аралык соттун судьялыгына дайындоодон баш тартууга чакырган.

“Сиз тараптан жарыяланган коррупцияга, криминалдык идеологияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөштү коомчулук жапырт колдоогон алган. Баарына белгилүү болгондой 2013-жылы эл арасында чоң резонанс жараткан иштердин бири – бул криминалыдык дүйнөдөгү айтылуу Азиз Батукаевдин убактысынан мурда түрмөдөн бошотулушу болгон. Анын эркиндикке эрте чыгышына ушул Ж.Эрматовдун чечими себеп болгон. Кийин Эрматовдун бул чечиминин артында одоно мыйзам бузуу болгону далилденген. Бүгүн ошол мыйзамды бузган адам Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьялыгына ат салышып, эң көп балл чогултуп отурат. Урматтуу президент, сиз жогорудагы фактыны эске алып, Ж.Эрматовду кызматка дайындоодон баш тартасыз деп ойлоймун”, – деп айтылат Текебаевдин катында.

Орусия гимнди мазактагандарды жоопкерчиликке тартат

Орусиянын Жогорку Соту орус гимнин мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул туурасында “Интерфакс” билдирет.

Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик герб жана желекти кордогондор үчүн кандай жаза каралса, эми гимнге акарат келтиргендер дагы дал ошондой жоопкерчиликке тартылат.

Орусия Конституциясынын 70-беренесинде үч мамлекеттик символдун макамы бирдей болгондуктан, ушундай тартип киргизилди.

Документке ылайык, Орусия гимнин музыкалык редакциясын же текстин бурмалоого жана ММКларга, анын ичинде интернетке жарыялоого тыюу салынат. Гимнди мазактагандарды бир жылга чейин эркинен ажыратуу же ушундай эле мөөнөткө коомдук жумуштарга кесүү сунушталууда.

Документтин түшүндүрмө бөлүгүндө жазылгандай, 8-майда Севастополдо өткөн расмий иш-чаралардын биринде мамлекеттик символдун сөздөрү жана музыкасы одоно бузулгандыктан, ушундай чара көрүү каралгандыгы белгиленген.

Видео - Көзү азиз кыз санариптик технологияны өздөштүрүп, аны башкаларга дагы үйрөтүүдө

Кыргызстандык Назира Илимказиеванын 5 жашында көзү көрбөй калган. Бирок Назира көзүнүн азиздигине карабай, аракет кылып жүрүп компьютерди өздөштүрүп, смартфонду дагы колдонгонду билип алган. Мындан сырткары тилдерди үйрөнүп жүргөн кези. Учурда ал өзү сыяктуу азиздерге, көрүүсү начар адамдарга компьютерде иштегенди үйрөтүп келет.

Исакбай Мурзабеков: “Коомду туура жолго тарбиялоодо аялдардын орду баа жеткис”

Коомду туура жолго тарбиялоодо аялдардын орду баа жеткис. Мындай пикирин бүгүн КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков Ош шаарында жайгашкан “Ыйман-Бакыт” коомунда диний илим алган аялдар менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, облустук казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамила Жапашова жана “Ыйман-Бакыт” коомунун жетекчиси Талантбек Алмаматов катышышты. Жолугушууда Исакбай Мурзабеков Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жалпы диний уюмдар жана тыюу салынган уюмдар жөнүндө жалпы маалымат берип, КРнын Коргоо Кеңешинде кабыл алынган чечимдердин алкагында аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу айтып берди. Мындан сырткары ал өз сөзүндө: “Коомдуу туура жолго тарбиялоодо аялдардын орду баа жеткис. Коомдогу ар кандай адашуулар, ар түрдүү терс агымдарга кириптер болуунун алдын алууда Сиздердин салымыңыздар чоң. Анткени, диний туура илим үйрөнгөн аялзаты өз баласына туура тарбия берсе, бала да коомго туура мамиле жасайт”, – деп аялзатынын динди, бүткүл коомду тарбиялоого кызыкдар болуусуна чакырды.

Ал эми облус казысы аялзатынын жана эненин диндеги орду, балдарга тарбия берүүдөгү вазийпасы тууралуу шарияттын негизинде түшүндүрүп берди. Андан соң суроо-жооптор улантылды.

Эскерте кетсек «Ыйман-Бакыт» коомунда Ош шаарынан жана Ош облусунун аймагынан келген илим талап кылган аялдар үчүн графиктин негизинде күнүнө 2 сааттан атайын сабактар өтүлөт.

"Норманд төрттүгү" Донбасска ЕККУнун полиция миссиясын жиберүүнү колдоду

Германия, Орусия, Украина жана Франция лидерлери телефондук сүйлөшүү учурунда ЕККУнун Донбасстагы полиция миссиясынын ишин колдошту. Ошондой эле бул маселе боюнча кеңешүүлөрдү баштоону ылайык көрүштү. Бул туурасында Украина президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ангела Меркель, Франсуа Олланд, Петр Порошенко жана Владимир Путин саясий диалогду улантуу үчүн ок атышуу толук токтотулуп, Минск келишими сакталышы керектигин белгилешти.

Порошенко Орусия бул үчүн Украинанын басылып алынган аймактарынан аскерлерин чыгарып, ал жакка курал-жарак жөнөткөнүн токтотушу керек деп билдирди. Андан тышкары украин-орус чек арасындагы көзөмөлдү калыбына келтирүү зарылдыгына көңүл бурду.

Сүйлөшүү учурунда Украинанын президенти Орусияны барымтага алынган бардык украиналыктарды жана саясий тутукундарды бошотууга, Крымдагы татарлардын укуктарын бузууну токтотууга чакырды.

Кремлдин басма сөз кызматы маалымдашынча, Орусиянын президенти украиналык аскерлердин Донбасстын калктуу аймактарын аткылоосун токтотууга чакырып, абалды жөнгө салуу үчүн Киев Донбасс жана Луганск менен түздөн-түз диалогго баруусу зарыл экенин баса белгилеген.

Мындан тышкары сүйлөшүү учурунда Луганск жана Донецк облустарынын айрым райондорунда жергиликтүү шайлоону украин мыйзамдар менен ЕККУ ченемдеринин негизинде өткөрүүнүн коопсуздук маселелери да талкууланды.

“Нормандия төрттүгүнүн” лидерлери Украинанын чыгышындагы кырдаалдан тышкары Сириядагы абалдын айрым жагдайларын да талкууга алышты.

Ажылык сапарга аттангандар азайды

Муфтияттын билдирүүсүнө караганда мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл ажылык сапарга баруу үчүн арыз бергендердин саны бир топ эле аз болду. Документтерди кабыл алуу 17-майда бүтөөрү айтылганы менен кийинчерээк Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен ажылыкка каттоо иши 20-майга чейин узартылган. Учурда ажылык сапарына баруу үчүн 4733 жаран катталды. Ал эми өткөн жылы 8 миңден ашык адам катталган эле.

Кыргызстанда соттолгон адамдар судья болуп иштеген фактылар бар

Өлкөдө мурда соттолгон адамдар кийин судья болуп иштеген фактылар да жолугат. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов бүгүн Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында бийлик бутактарында соттолгон адамдар иштеп жаткан учурлар жок эмес. Мисалы Мамлекеттик катоо кызматында ондогон мурда соттолгон адамдар иштеп турган факты катталган.

Эс салсак, бүгүн, 24-майда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ишке орношкон жарандардын соттуулугун аныктоо жүрүмүн кайрадан ыраатташтыруу, администривдик жолжоболорду кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү максатында депутат Дастан Бекешев тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Кыргызстан Сингапур менен соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар

Кыргызстан Сингапур менен соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Мындай пикирин 23-майда, вице-премьер-министри Олег Панкратов Сингапурдун Соода жана өнөр жай мамлекеттик министри Ко По Кун менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Сингапур экономиканы модернизациялоо жана мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү жаатындагы натыйжалуу реформаларды ишке ашырууда тажрыйбасы мол. Биз мамлекеттик башкаруу, логистика жана индустриалдык парктарды түзүү сыяктуу багытта тыгыз кызматташууга даярбыз. Өз-ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөр бар жана аны эки өлкө үчүн максималдуу түрдө пайдалануу зарыл», – деди Панкратов.

Өз кезегинде Сингапурдун соода жана өнөр-жай мамлекеттик министри Ко По Кун эки өлкө ортосундагы эки жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Кыргызстан менен Сингапур ортосундагы эки тараптуу мамиленин динамикалуу өсүүсүнө дем берүү максатында өлкөлөр ортосунда Инвестицияларды коргоо жана кош салык салуудан баш тартуу боюнча макулдашуу иштелип жатат. Бул кыргыз экономикасына сингапурдук инвестицияны тартуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошону менен катар ЕАЭБ курамындагы Кыргызстан үчүн келечекте эркин соода аймагын түзүүгө шарт түзөт”, – деди Ко По Кун.

Казактар маданият министри үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады

Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын айткандары үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады. Бул тууралуу казак сайттары жазып чыгышты.

“Ар бир айткандары күлкү менен коштолгон министрдин кечээги жыйындагы билдирүүсү да коомдо кызуу талкууланып жатат. Бул жолу кыргыз элинин да, өкмөтүнүн да кыжырына тие турган сөздөрдү айтты. Кыргыз боордоштордун алдында министрдин мындай кеби үчүн кечирим сурайбыз. Маданияты жок министрлер да болот экен”, – деп айтылат “Болотхан Тайжан” фондунун президенти Муктар Тайжан, коомдук ишмер Аян Шерипбаев жана КТК каналынын мурдагы жетекчиси Арман Шораев, кайрымдуулук менен алектенген Аружан Саиндин билдирүүсүндө.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майдагы жыйын учурунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу айтып жатып, Орусияда кыргызстандык кыздар даараткана тазалап жүргөнү жашыруун эместигин, алар мекенинде жумуш жок болгондуктан, сыртта иштөөгө мажбур экенин, муну Айтматов мурун эле билип эскерткенин айткан болчу.

Булак: azattyk.org

Ош шаардык сотунун жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү - Фото

Бүгүн, 24-майда Ош шаардык сотунун жаңы имаратын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш чарада кыргыз фемида башчысы Айнаш Токбаева Ош шаардык сотунун жаңы имаратын салтанаттуу ачуу аземи жалгыз эле сот тутуму үчүн эмес, жалпы коомубуз үчүн дагы абдан маанилүү окуя экендигин белгиледи. «Ош шаардык сотунун мурунку имараты бир нече жер титирөөлөрдөн колдонууга жараксыз абалга келип, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратып келген. Бүгүнкү күндө өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул имарат – чыныгы Адилет үйү болуусуна терең ишенем. Алдыга коюлган максаттар, белгиленген аракеттер акырындап ишке ашса, сот реформасынын жыйынтыгы да өз жемишин берет», – деди Токбаева.

Бул иш-чаранын жүрүшүнө өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев, Ош областынын прокурору А.Турганбаев, Ош шаардык прокуратурасынын прокурору Атай уулу Шакир катышышып, куттукташты.

Салтанаттуу ачылыштан кийин меймандар жаңы имараттын шарттары менен таанышышты.

«2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу алкагында соттун имараты 2 кабаттан, 26 бөлмөдөн турат, анын ичинен 15 кабинет судьяларга, 4 сот отурмунун залы, кеңешүү бөлмөсү, калган бөлмөлөр кеңсеге жана соттун аппарат кызматкерлерине бөлүндү. Имаратта сапаттуу заманбап ремонт жүргүзүлүп, жасалгаланды.

Мындан сырткары, коопсуздук маселеси чечилип, милициянын кайтаруусуна алынып, электрондук кулпу менен эшиктер орнотулду.

2 1 5

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Азыркы бийликтегилерге айтаарым - эсиңер барда этегиңерди жыйгыла”

Учурда кадр саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көрүп, байкап турган соң, өз пикиримди билдирип койууну туура көрдүм. Биз адилетсиз Бакиев бийлиги менен күрөшүүдө учурдагы президентибиз менен биргеликте, Бакиев бийлигин кулатууга активдүү катышып, адилетсиз бийликти акыры кулатып тындык. Биз Таластагы оппозиция мүчөлөрү 5-апрелде жыйын өткөрүп, колубузга нан кармап антташып, артка чегинүүгө жол жок, биз адилеттүү таза коомду курабыз деп ачык кармашууга чыкканбыз. 7-апрелден кийин мен Кара-Буура районуна элдин колдоосу менен аким болуп шайланып калдым. Кара-Буура районунун көйгөйлүү маселелерин чечип, эл үчүн жакшы иштерди аткарууга жетиштим. Алардын бири залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айкелин райондун борбору Кызыл-Адыр айылында тургузууну демилгелеп, биздин райондун патриот жигити Сыргак Асанбековичтин колдоосу менен маданият үйүнүн алдына орноттук. Кийин мени Талас облусттук мамлекеттик администрацияга башка кызматка которуп жиберди. Жаңы кызматымды дагы так жана таза иштеп, эл үчүн пайдалуу иштерди аткарууга умтулуп иштей баштадым. Бирок менин чынчылдык сапатым учурдагы өкмөттүн өкүлү Байыш Жуманазаровду чоочутту окшойт, себеби мага карата тымызын куугунтук баштады. Кийин мен ооруп калып, бир айлык тыныгууга (больничный) чыкканымда, мага эскертпестен мени кызматтан алып коюптур. Бирок мен абийиримди, өз укугумду коргоо үчүн, мени адилетсиз кызматтан бошоткондугу үчүн сотко бергем. Сот беш айдан бери карап тиешелүү чечим чыгара элек, бул дагы өкмөт өкүлүнүн кийлигишүүсү менен болушу мүмкүн.

Мен креслого жабышып жаткан жерим жок, болгону биз адилетсиз Бакиевди кулатып, эл үчүн пайдалуу иштерди жасайлы деп келгенбиз. Ал эми учурда ошол эле Бакиев бийлигинде иштеп жүргөндөр бүгүнкү күндө ар кандай жогорку кызматтарды ээлеп олтурушат. Адилетсиз бийлик менен күрөшкөн бир канча ошол учурдагы оппозиция мүчөлөрү азыркы күндө эч кандай кызматы жок талаада калды. Азыркы бийлик адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамдарды бийликтен четтетип, коррупционерлерди тегерегине үйүп алды. Алар үчүн мамлекеттин өнүгүүсү бир тыйын, алар бир гана жолду билет, мамлекетти уурдап тоногонду. Ошондуктан мен азыркы бийликтегилерге айтаар элем, «эсиң барда этегиңди  жый» демекчи коррупционерлерди тазалап, адилетүүлүк үчүн күрөшкөн чынчыл адамдарды кызматтарга койгула деп. Себеби адилетсиз бийлик менен коркпой ачык күрөшкө чыккан адамдар, эч качан мыйзамсыз иштерге жол бербейт, анткени алар Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшкө чыккан.

Төлөгөн Наралиев, Кара-Буура районунун мурдагы акими, Апрель баатыры.

Видео - Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ош шаарын суу каптады

23-майда саат 18:00дөн 21:00гө чейин нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ош шаарынын кээ бир райондорунда сел жүрүп, мамлекеттик ишканаларды жана жеке менчик турак жайларды суу каптап, жер төлөөлөрүнө суу кирген.

https://youtu.be/cEJsWmsgKqc

Видео: Султан Аман

Кыргызстан менен Кытай кызматташтыгын бекемдөөдө

Алмазбек Атамбаев Кытай ТИМ башчысы Ван И менен жолугушуп, ага “Данакер” орденин тапшырды. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын бир мисалы катары “Датка-Кемин” көмөкчордонун куруу долбоорун атады. Ал Кыргызстанга реалдуу энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө шарт түздү деп эсептейт.

– Дал ушул акыркы үч жылда кызматташуу жигердүү өнүгүүдө. Өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилелер таптакыр жаңы деңгээлге чыкты. Бул жылы электр жарыгы болобу-жокпу, аны кошуналарыбыз өчүрүп салбайбы деп кыжаалат болгон жокпуз. Кытай биздин энергетика жаатында көз карандысыз болушубузга чоң салым кошту. Ошондуктан мен КЭР төрагасы Си Цзиньпинге чоң ыраазычылык билдирем. Кытай – Кыргызстандын чыныгы досу, – деп билдирди президент Атамбаев сыйлык тапшыруу аземи учурунда.

Андан соң министр Ван И Казакстан менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Ал ушул жумада Ташкентте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат.

Казакстандык журналист 1.5 жылга эркинен ажыратылды

Алматы шаарындагы Алматы райондук сотунун судьясы Нариман Бегалиев журналист Гүзал Байдалинованы 18 айга эркинен ажыраткан чечим чыгарды.

48 жаштагы Байдалинова Nakanune.kz сайтында “Казкоммерцбанк” жөнүндө буйрутма макалаларды жарыялаган деп айыпталды. Журналист ишкер Таир Калдыбаев менен ич ара келишип алып, жалган маалыматтарды тараткан деп табылды. Ишкер Калдыбаев болсо 4.5 жылга эркинен ажыратылды.

Байдалинова акыркы сөзүндө күнөөсү өтө аз болгондуктан, аны күбө катары сурап, актоону соттон өтүндү. Калдыбаев күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, соттон эркиндигин чектебеген жаза колдонууну сурады.

Байдалинова “Казкоммерцбанктын” доо арызынан кийин декабрь айында камакка алынган. Nakanune.kz көз карандысыз, бийлик органдары тууралуу сын көз караштагы маалыматтарды тараткан сайт болуп эсептелет.

Меню