Menu

Рустам Курманов министрге особнкя белек кылганбы?

Кыргызстандын дары-дармек рыногундагы башаламандык, оорулуулардын өмүрүнө өтө зарыл дарылардын жоктугу же бааларынын кымбаттыгы тууралуу ЖМКлар кан-какшап жазып, маселе Жогорку Кецешке чейин жетип, талкууга түшсө деле жыйынтык чыкпай, бул тармактагы коррупция өнүккөндөн өнүгүп барат.

Адистердин айтымында, айрым дары-дармектердин баасы Америкадагыдан да 3-4 эсе кымбаттап кеткен. Бул тармакты жетектей турган өкмөттүк органдар фармацефтикалык компаниялардын лоббисине айланып, дары саткандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп, алар менен шыбагалаш болуп алышып, калктын камын ойлоону арткы планга калтырып салышкандыктан, саламаттыкты сактоонун деңгээли өтө төмөндөп, ооруулулардын арасындагы өлүм-житим көбөйүп кеткени белгилүү. Ошого карабастан,саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дар­мек менен камсыздандыруу департаментин 10 жылдай убакыттан бери Рустам Курманов деген мырза «түшпес хан» болуп жетектеп келет. Канча өкмөт башчы алмашса да, өз багытындагы иштин ишпалдасын чыгарган Курмановдун алмашпай ордунда кала берээри табышмак деле эмес экен. ЖМКлар бул тууралуу «коррупциялык жол менен тапкан акчаларды улам жаңырган жетекчиликке, ж.б тескөөчү органдарга бурдап сугунтуу аркылуу орунун сактап калууда» деп түшүндүрмө беришүүдө. Дары-дармек рыногундагы бардакка карабай, узак убакыт ордунан жылбай отурганын көрүп туруп, мындай пикирге ынабай да коё албайсың. Баса, эл ичинде ЖМКлар чагылдыра элек жаңы маалымат пайда болду, Курманов саламаттык сактоо министирине особняк белек кылганы чынбы?

Кечээ, жакында гезиттердин бири Курмановдун кылык-жоруктарын жазса, кайран эргул базар, киосктордун баарын кыдырып, «гезиттерди сатып алып жүрөт» дейт. Гезитчиктер менен гезит саткан эл: «Коррупциялык жол менен табылган акча самандай сапырылып атса кеп бекен? Суунуку сууга» деп тим болушту. Коомчулук болсо: «Жаңы шайланган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ушул жана башка тармактардагы коррупциялык иштерге чара көрүп баштаар бекен? Же иш баштагы таз кейпинде уланабы?» деп турушкан чагы.

Булак: “Азия news

Бишкекте Кыргыз Эл акыны Ясыр Шивазанын 110 жылдыгына арналган Эл аралык форум өтөт

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун дуңган таануу жана кытаистика борбору КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ушул жылдын 30-31-майында Кыргыз Эл акыны Ясыр Шивазанын 110 жылдыгына арналган дуңган таануучулардын V Эл аралык форумун өткөрөт. 

Эки күндүк форумдун алкагында дуңган таануучу окумуштуулардын катышуусунда тегерек стол жана дискуссия өтөт. Андан соң форумдун катышуучулары дуңган улутундагылар жашаган айылдарга барып, калк менен жолугушуу өткөрөт. Тегерек столдо Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнөдөгү дуңган тилинин жана дуңган таануунун проблемалары жана келечеги, бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелери талкууланат.

Маданий программанын алкагында Улуттук музейде Ясыр Шивазанын чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулуп, форумдун катышуучулары акындын мекени Александровка айылындагы музейине барышат. Ал эми Александровка айылынын жашоочулары улуттук колориттеги концерт даярдашып, дуңган улуттук даамдары тартуулайт.

Кытай жана дуңган таануучулардан турган элүүдөн ашык катышуучулар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан – АКШ, Россия, Кытай, Казакстан Өзбекстан жана Кыргызстандан келишет.

Орусиялык чиновник балдар порнографиясын тараткандыгы үчүн кармалды

Улуу Новгород администрация башчысынын орун басары, 44 жаштагы Вадим Фадеев бейшембиде балдар порнографиясын таратууга катыштыгы бар деп кармалды. Азыр анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүүдө.

Новгород облустук ИИМ башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Фадеевге Кылмыш кодексинин 242-беренеси боюнча иш козголду.

Шаардык “Новгород.ру” порталынын маалыматына караганда, аталган аткаминердин иши боюнча операцияны прокуратура 2015-жылдын декабрында баштаган. Мэрдин орун басары социалдык түйүндө башка ысым менен катталып, жарым жыл бою жаш балдар катышкан порнографиялык материалдарды (видеороликтерди) жайылтып келген.

Фадеев шаар администрациясында 2014-жылдан бери билим берүү, маданият жана жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт комитеттерин жетектеп келген. Новгород мамлекеттик университетинин “тарых жана социалдык-саясий илимдердин мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн.

Күбөлүксүз никеге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору өткөн жок

Жогорку Кеңеш расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин четке какты. Мындай чечим кечээ парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбооруна 44 депутат “макул”, 61 депутат “каршы” деп добуш берди.

Документ жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого, билим алууга, саламаттыктарына кам көрүүгө жана түгөйүн өз каалоосу менен эркин тандоого багытталган. Мажбурлап нике кыйдырууга тыюу салган.

Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүү киргизилген. Ошондой эле нике күбөлүгү жок түгөйгө нике кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе күйөөгө чыгат. Кыргызстан Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө 5-орунда.

Камактагы Талгарбековдун духу бийик, абалы жакшы экен

УКМКнын жер төлөөсүндө жазасын өтөп жаткан экс-министр Бекболот Талгарбековдун ушул күндөрү духу бийик, өткөн-кеткен кемчиликтерин таразалап, баарын сыдыргыдан өткөрүүдө. Кызыгы, өңчөй фактыларга таянып, интервью жазганды адат кылып алган Бекболот мырза ушул күндөрү тергөөчүлөргө берген сурагы бүтөөр замат кагазга түшүрүлгөн окуяны кай­ра бир сыйра үтүр-чекитине дейре тыкыр текшерип, баардыгын фактылар ме­нен тизмектеп жатканын жакындары билдиришти. Абак артынан да айбатынан жазбай, көгөрүп отурганына караганда бир билгени барбы? Жөн эле кыйнай бербей, үй камагына чыгарып деле сурак жүргүзсө болбойт беле? Бу жалганда «түрмөгө жылаан жатпасын» дейт.

Булак: “Азия news

Зарылбек Рысалиев: “Текебаевдин катыгын берсем эле Бабанов менен дагы уруштургусу келип жатышабы?”

– Зарыл мырза, сизди Бабанов менен сөгүшүп, мушташканга чейин барганыңызды айтышууда. Бул маалыматты өзүңүздөн тактап койсок болобу?

– Кызык, Бабанов менен эмнеге урушмак элем? Ушак, болбогон сөз. Ким айтып атыптыр? Канат Исаевден уктуңбу?

– Жо-ок. Ушундай маалыматтар түшкөн эле да…

– Текебаевдин катыгын берсем эле Бабанов менен дагы уруштургусу келгендер чыгып аткан го…

Негизи окуя Ак үйдун ичинде болгонун айтып атышат. Ал жакка бардыңыз беле?

– Эмнеге барам Ак үйгө? Мандат алгандан кийин гана барбасам, жаш баладай болуп сагалаган уят эмеспи!

Качан депутат болчудайсыз? Убактысы деле келип калды окшойт э?

– Кудайдын буюрган күнү. Азыр күтүү режиминде туруп атам.

Булак: “Азия news

Элдар Абакиров экономика министринин орун басары болду

Элдар Абакиров экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 26-майда кол койду.

Эске салсак, Элдар Абакиров 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан талапкер болуп катталган.

Алмазбек Атамбаев: “Бирөөлөр бизге кол салса, колун сындырганга күчүбүз жетет”

Алмазбек Атамбаев жоокерлерди, офицерлерди, куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин жана жалпы эле кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаевдин куттуктоосунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү мамлекет менен кошо оор сыноолорду башынан өткөргөнү, эгемендүүлүк жылдары көп кыйынчылыктарга дуушар болгону дагы айтылган.

-Азыр абал түп-тамырынан өзгөрдү. Бүгүн Кыргызстан чакан, бирок заманбап курал-жарак менен камсыз болгон Куралдуу күчтөргө ээ. Куралдуу күчтөрүбүз жаӊыланып, заманбап аскерий инфраструктурасы түзүлүүдө, аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлүп, турак-жай, башка социалдык муктаждыктары чечилип жатат. Ошондуктан, аскер кызматынын кадыр-баркы күн сайын өсүп, армияда кызмат өтөөгө умтулган жаштар саны арбыды.

Бүгүн дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия региону терроризм менен экстремизм коркунучуна кабылды. Мындан тышкары региондо этностор аралык проблемалар, жер, суу, чек ара талаштары да курчуп турат. Айрым серепчилер бул проблемалар сөзсүз чыр менен бүтөт деп сайрап жатышат. Алар аз келгенсип, кээ бир өлкө башчылары да Борбор Азияда жер талаш, суу талаш согушка алып келет деп жылаандын башын чыгарышууда.

Мындай курч кырдаалда өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү жергебизге ким кол салса да, андай кара санатай күчтөргө туруштук берип, мекенибизди душмандардан коргоого даяр болушу керек.

Эзелтен кыргыздар тизелеп жашагандан көрө тик туруп, ажал тосконду артык көрчү. Ошондуктан, кыргыз аскерлери, ар бир кыргыз жараны эл үчүн, жер үчүн канын да, керек болсо жанын да аябайт деп мен ишенем!

Бизге бөтөн элдин жеринин кереги жок, бирөөгө кол салалы деген ниетибиз да жок. Бирок, бирөөлөр бизге кол салса, колун сындырганга күчүбүз да, дараметибиз да жетет!

Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы белгиленет. Бул мамлекетибизди, анын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө жолундагы маанилүү белес. Баарыбыздын максатыбыз бир – күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды куруп, элибизге бакубат турмушту алып келүү. Намыскөй элибиз менен бул максатка жетерибизге ишенем.

Аскер кызматкерлерине, бардык кыргызстандыктарга кажыбас кайрат, чыӊ ден соолук, ийгиликтерди каалайм!, – деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Түлеев Нарымбаевди жалганчы деп атады

Абактан жаңы бошонгон экс-мэр Нариман Түлеев маалымат каражаттары менен байланышууну үзгүлтүксүз улантууда. Ал жакында эле берген маегинде Данияр Нарымбаевди “ал жөнөкөй адам эмес, чыныгы жалганчы” деп атап, анын күнөөлөрү сотто толугу менен далилденгенин, жада калса түрмөдөн ооруп ооруканага жатканда да ага келип ар кайсы нерселердин башын кылтыйтып сүйлөгөнүн айткан. Ошондой эле камакка алынган үйү дагы бошотулбаганын, ага соттун өкүмү жок экенин билдирген.

Булак: “Агым”

 

Ош: Жол тейлөө мекемесине 141 910 сом доо коюлду

Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондук башкармалыгы тарабынан, Ош эл аралык аэропортунун жолундагы, №21 жол тейлөө мекемесине (ДЭП-21) тиешелүү болгон жолдун ортосундагы жаңы эгилген ийне жалбырактуу 186 даана Вергин арчалары убагында сугарылбай, каралбагандыктан толугу менен өсүүсүн токтотуп, куурап калгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматкери Анара Мамбеталиева билдирди.

Натыйжада, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяны эсептелип, №21 жол тейлөө мекемесине 141 910 сом доо коюуу менен бирге чара көрүп, зыяндын суммасын өндүрүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына материалдар өткөрүлүп берилди.

Лейлек: Шамалдар жабыркагандарга жардам барды

Үстүбүздөгү жылдын 9-майында Баткен облусунун Лейлек районунда болгон катуу шамалдан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 26-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан бөлүнгөн 1400 даана шыйпыр эки оор жүк ташуучу унаа менен Лейлек районуна жеткирилген.

Эске салсак, 9-майдагы катуу шамал Лейлек районунун бир катар айылдарындагы үйлөрдүн шыйпырларын учуруп, 3 млн. сомдон ашык зыян келтирген.

Аида Салянова: “Бул мыйзам иштеп калса желмогуздар жоголот”

Кечээ, 26-майда Жогорку Кеңеште мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды, аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүн жана башка шаан-шөкөткө, ашкере сылаӊкороздукка жол берүү фактыларын жоюуга багытталган мыйзам долбоору каралып, ал көпчүлүк депутаттардын сынына кабылды. Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, аталган маселе боюнча өткөн коомдук талкууларда ашыкча чыгымдарды аткаминерлер кылып, той-топур өткөрүп жатканы белгиленген. Андыктан, эл элитаны ээрчигендей болушу үчүн бул ишти мамкызматкерлерден баштоо туура болот.

Бирок, кээ бир эл өкүлдөрү “мыйзам адамдарды бөлбөй баардыгына бирдей иштеши керек” деген пикирлерин айтышты. Депутат Кожобек Рыспаев болсо “Мамлекеттик кызматкерлерди, депутаттарды желмогуз көрсөтүп бүттүңөр. Биз мал эмеспиз да. Той-топур өткөрө албай калдык”, – деп нааразычылык билдирди. Салянова ага жооп кылып мыйзам иштеп калса желмогуздар азаярын айтты. “Эгер бул мыйзам иштеп калса силер элге желмогуз көрүнбөй каласыңар. Желмогуздар жоголот. Бийлик адамдарынын той-топурларда бөөдө ысырапкерчиликке барып жатканын көргөн эл ошентип ойлойт да. Ошондуктан биз бул мыйзамды киргизип жатабыз”, – деди Салянова.

Сауд Арабия Дүйшөмбүдө парламенттик хансарай курат

Сауд Арабиясы Дүйшөмбүдө Тажикстандын парламенти жайгаша турган хансарай курмак болду.

Тажикстандын курулуш жана архитектура комитети парламенттик корпустун курулуш долбоору даяр экендигин маалымдады. Бул имарат Рудак сейил багынын маңдайында, азыркы шаар мэриясы менен айыл чарба министрлигинин ордуна тургузулмакчы. Бирок азырынча долбоордун наркы толук эсептелип чыга элек.

Сауд парламентинин төрагасы Абдуллох ибн Мухаммад ибн Ибрахим Оли Шейх Тажикстанга болгон иш сапарында бул маселени тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы, баш калаанын мэри Махмадсаид Убайдуллоев менен талкуулаган. Анын айтымында, курулуш боюнча ушул жылдын январь айында Эмомали Рахмондун Сауд Арабиясына болгон иш сапарынын алкагында макулдашылган.

Өкмөт башчысынын чорнобай планы

Өкмөттөгү ишеничтүү булактарыбыз билдиргендей жаңы дайындалган пре­мьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттөгү кадрлардын деңгээлине ичи чыкпай чоң кадрдык өзгөрүүгө барарын ойлонуп жатыптыр. Азырынча бул боюнча өкмөт башчысы чорнобай план тузүп, анда Саламаттык сактоо, Билим берүү, Маданият министрлерин, ошондой эле бир канча министрликтеги орун басарларды, башкармалыктын жетекчилерин, салык кызматынын белдүү аткаминерлерин ээлеген кызматынан шыпыруу максатын койгон. Кечээ жакында эле бир жетекчиге сөгүш жарыялады. “Жооштон жоон үн чыгат” дегендей Сокебиз крышасы бийик кызматкерлерге чейин тазалап, кадрдык ызы-чуу түшүрбөсө болгону.

Булак: “Жаңы Агым”

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Сузактын Алмалуу-Бак айылында жер көчкүдөн жабыр тарткан жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Жалал-Абаддагы “Элим барсыңбы” коомунун демилгесин Жалал-Абад милициясы жана казыят колдоп материалдык жардамдарын тартуулашты.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында жер көчкүдөн жапа чеккен жарандарга материалдык жардам көрсөтүлүүсү каралып, колдоого алынган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун айтымында, элибизге кандай гана кыйынчылык башына түшпөсүн милиция кызматкерлери дайыма эл менен бирге болушу зарыл.

“Алардын кайгысын да кубанычын да биз тең бөлүшүүгө аракет кылабыз. Мындай айттырбай келген бөөдө кырсыктардан, апаат күндөрдөн сак болуп, элибиздин башына кыйынчылык түшүп турганда катардагы биздин кызматкерлер кайдыгер карап турбастан колдоого алып, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардамын аябайт”, – дейт Ж.Жоробеков.

5 1 2 3

Кремль Украинанын "Донбассты кайтарып алуу” ниетин колдойт

Кремль Украина президенти Петр Порошенконун Украина Надежда Савченкодон кийин Донбасс менен Крымды кайтарып алат деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Эгер украиналык лидер муну гуманизмден улам айтып жаткан болсо, аны колдоого алса боло тургандыгын Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын пикиринде, Крымды кайтарып алуу ниети – Орусияга тиешелүү аймакты тартып алабыз дегенди билдирет.

Буга чейин Петр Порошенко Украина Крым менен Донбассты “Савченкону кайтарып алгандай эле кайтарып алат” деп билдирген.

Украина менен кошо 100гө чукул мамлекет Крымдын референдум аркылуу Орусияга кошулушун тааныган эмес. Евробиримдик, АКШ жана башка бир катар батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Москва болсо бардыгы эл аралык укуктун негизинде болгондугун айтып келет.

Нурсултан Назарбаев: «Казактар эч качан азыркыдай турмушта жашаган эмес»

Казакстан 25 жылдык көз карандысыз өнүгүү жолунда дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнүн катарына кошулду. Мындай пикирин Нурсултан Назарбаев Астана экономикалык форумунда билдирди.

«Казактар менен казакстандыктар буга чейин эч качан азыркыдай турмушта жашаган эмес. Советтик доордо да билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында азыркыдай ийгиликтер болгон эмес”, – деди ал.

Президенттин айтымында, Казакстан эгемендикке жетишкен учурдан тартып эки миллион жумушчу орундары түзүлүп, жакыр жашагандардын саны 25 жыл ичинде 40 пайыздан 3 пайызга чейин түшкөн. Өлкөнүн ички дүң өнүмү 1991-жылдан 2014-жылга чейин 20 эсеге көбөйгөн. Социалдык чөйрөнүн чыгымдары жогорулаган. Казакстандын алтын валюталык резерви 95 миллиард долларды түзөт.

Акыркы жарым жыл ичинде Казакстандын экономикасы отун ресурстары менен металлга болгон баалардын түшүп кеткендигине байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Бишкекте телефонго баш оту менен кирип кеткен селки соода борборунун айнегин сүзүп, талкалады

Бишкекте телефонго үңүлүп, эки жагын карабай бараткан селки соода борборунун айнегин сүзүп, талкалап алган. Бул маалыматты Бишкектин Тез жардам станциясы тастыктады.

Окуя 26-майда «Red Center» соода борборунда болгон. Жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылды.

Алгачкы маалымат боюнча айнектин сыныктары анын колу-буттарын кесип кеткен.

Мындай окуя республикада алгачкы ирет катталды. Анткен менен башка өлкөлөрдө бул сыяктуу жагдайлар көп эле кездешет жана техногендик доорго мүнөздүү белги болуп саналат.

Тарых жана маданият жылынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттен 94 млн сом бөлүнгөн

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында 26-майда, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлчү иш-чаралар өлкөнүн рухий жана маданий балуулуктарын чыңдоого көмөк көрсөтүүгө тийиш деп билдирди. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Тарых жана маданият жылынын алкагында салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү менен гана чектелбестен, маданий-тарыхый окуялар белгиленип жаткан аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга да күч-аракетти жана каражатты багыттоосу керектигин кошумчалады.

Бул багытта алдыда 78 комплекстүү иш-чара пландаштырылууда. Анын катарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин негизделгендигинин 80 жылдыгы жана 1916-жылкы окуялардын 100 жылдыгы белгиленет.

Тарых жана маданият жылынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө республикалык бюджеттен 94 млн сом бөлүнгөн. Учурда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды өткөрүү боюнча пландалган иштер жүргүзүлүүдө.

Порошенко: "Украина вернет Крым и Донбасс, как вернула Савченко"

“Надежда Савченко стала символом Украины”, – заявил президент Украины Петр Порошенко в среду, выступая в своей резиденции в Киеве после освобождения украинской военнослужащей и ее возвращения на родину.

Порошенко поблагодарил страны Запада за помощь в освобождении Савченко и заявил, что Украина “вернет Донбасс и Крым точно так же, как вернула Надежду”.

Надежда Савченко, выступавшая вместе с Порошенко в его резиденции, призвала граждан России “не бояться” и “встать с колен”, чтобы бороться за свои права.

Савченко прилетела в Киев в среду на самолете президента Украины – после того, как президент России Владимир Путин подписал указ о ее помиловании. Как сказал сам Путин на встрече с родственниками журналистов ВГТРК Игоря Корнелюка и Антона Волошина, в гибели которых обвинили украинскую военнослужащую, просьбу о помиловании Савченко направили именно родственники.

В тот же день президент Украины подписал указ о помиловании граждан России Евгения Ерофеева и Александра Александрова. Суд на Украине признал их виновными в терроризме в связи с участием в боевых действиях на территории Луганской области. Ерофеев и Александров вернулись в Москву. По словам Пескова, встреча Путина с ними “пока” не предусмотрена графиком президента.

Парламент КР одобрил досудебную блокировку сайтов

Жогорку Кенеш в третьем чтении одобрил блокировку сайтов, подозреваемых в распространении материалов экстремистского и террористического характера. Поправки в Закон КР «О противодействии экстремистской деятельности» поддержало большинство депутатов.

Поправка позволяет госорганам без разрешения суда блокировать интернет-сайты, распространяющие материалы экстремистского характера.

Как сообщается, такие сайты по предложению Генпрокуратуры в течение 3-5 дней блокируются Министерством транспорта и коммуникаций. Если проведенная экспертиза и суд не находят признаки экстремизма в публикации, ограничение к доступу снимается.

МВД указывает, что именно через интернет-сайты ведется пропаганда терроризма и вербовка граждан в ряды экстремистских организаций. Сообщается, что в республике за распространение экстремистских материалов ежегодно блокируются порядка 20 сайтов, однако владельцы их просто меняют название и IP-адрес и продолжают работать.

Правозащитники видят в законопроекте угрозу свободе слова, так как прецеденты по незаконной блокировке некоторых сайтов в республике уже были.

Жогорку Кенеш заслушал информацию правительства о задержании иностранных граждан с паспортами граждан КР

На заседании Жогорку Кенеша 25 мая депутаты заслушали информацию правительства по случаю задержания иностранных граждан с паспортами граждан Кыргызской Республики. Об этом сообщает пресс-служба ЖК.

Информацию по данному вопросу представили председатель Государственной регистрационной службы Тайырбек Сарпашев, заместитель Генерального прокурора Кылычбек Токтогулов.

Отмечено, что 98 иностранных граждан были задержаны с поддельными паспортами. «Мошенники» собрали у граждан паспорта под предлогом проведения розыгрыша для бесплатного посещения малого хаджа, переписали необходимые анкетные данные и вернули владельцам. К изготовлению поддельных паспортов проверяется причастность гражданина Турции Серт Хакан Бахадыр (ОсОО «Ай Йылдыз»).
«Создано следственно-оперативная группа. Возбуждено уголовное дело по данному вопросу. Были получены объяснительные у 90 граждан, местонахождения 8 человек неизвестно»,- отметил К.Токтогулов.

Парламентарии обозначили вопросы изготовления кыргызских паспортов, безопасности бланков паспорта Кыргызской Республики. Депутаты Жогорку Кенеша подчеркнули, что необходимо все бланки изготавливать в госпредприятии, а не в частных компаниях. Поднимался вопрос ужесточения наказания за подделку документов.
Напомним, что 98 иностранных граждан были задержаны с кыргызскими паспортами в Стамбуле (Турция) при попытке выехать в Саудовскую Аравию.

Абактагы Кубанычбек Кадыровдун апасы Атамбаевге кайрылуу жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаевге жана массалык маалымат каражаттарына

К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Мен Кубанычбек Кадыровдун апасы Кыдыкбаева Кырымкан Сизге атайы кайрылып жатам! Мени эне катары баламдын үч айдан бери камакта жатканы өтө тынсыздандырып жатат. “Карга деле баласын аппагым” дейт, Cизде деле эне, үй-бүлө бар дегендей. Кубанычбек чындыкты, калыстыкты айтып камалып отурат, мен Сизди алыстан эмес жакындан тааныш катары абдан жакшы билем, менин колумдан далай эле чай ичтиңиз эле, “Сиз учурунда кыйналып Бакиевтерден куугунтукталып жүргөндө” балам күнү-түнү дебей колдоп жүрдү эле, ал күндөр унутта калганы абдан өкүнүчтүү. Баламдын күнөөсү болсо мыйзам алдында жооп берсин, мен ага каршы эмесмин, бирок аны үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөм, балам Кубанычбек өтө деле коркунучтуу адам эмес, керек болсо миллиондорду ичип жегендер деле эркиндикте жүрүшөт го, мен ага эне катары кепилдик деле берейин, тергөө иштери улана берсин, актыгын сотто далилдеп алаар. Эртең баламдын баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат.

Ушундай бизге кысымдар улана берсе, мен эне катары аргасыздан эл аралык сотко, Бириккен Улуттар Уюмуна жана башка болгон эл аралык уюмдарга үй-бүлөм менен баш паанек сурап кайрылууга мажбурмун.

Терең урматтоо менен, Кыдыкбаева Кырымкан.

Кызыл-Кыянын борбордук мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы ажы Жуманов атындагы борбордук мечитинде 1.5 млн сомдук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында жергиликтүү жеке ишкерлердин көмөгү менен борбордук мечиттин 1 гектар аянты заманбап тосмо менен курчалып, үч чоң дарбаза орнотулган. Ошондой эле жамгырдан калкалоочу унаа токтотулуучу жайлар курулуп, мечиттин короосуна бурсчаткалар тизилген. Буга чейин аталган мечиттин ичине 400 миң сомдук килем салынган эле.

Мунайдын баасы 50 долларга чейин көтөрүлдү

Чийки мунайдын наркы быйыл биринчи ирет 50 долларга чейин жогорулады. Бул Орусия, Казакстан, Иран жана Ирак сындуу мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн экономикасына жакшы таасирин тийгизет.

Иранда мунай өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөндүгүнө карабастан, Brent үлгүсүндөгү мунайга болгон баа да өстү (27 доллардан 50 долларга чейин).

Талдоочулар мындай жагдайды доллардын курсуна жана Федералдык резервдик кызматтын пайыздык ставкаларды жогорулатканына байланыштырууда. Ошондой эле Канададагы токой өртүнөн жана Нигериядагы баш-аламандыктан улам болушу да мүмкүн экендигин айтышууда.

Сингапурдагы аянтчада соода сессиясы кызыган учурда Brent маркасындагы мунайды алып келүүгө болгон фьючерстер 27 центке өскөн. Америкалык WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 21 центке кымбаттаган.

Түркмөн президенти килемдер жөнүндө китеп жазды

Түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов килемдерге арналган китеп жазып, 24-майда өкмөт мүчөлөрүнө белек кылды. Бул туурасында «Хроника Туркменистана» басылмасы жазып чыкты.

Китеп тапшыруу аземинде Бердымухамедов анын бул жаңы эмгеги бардык агартуучулар, окумуштуулар, философтор жана улуттук мураска кызыккандар үчүн пайдалуу боло тургандыгына ишенимин билдирди.

Ушуну менен Түркмөнстан президенти 2016-жыл ичинде төртүнчү китебин жазып бүттү. Буга чейин ал “Акылмандык булагы”, “Чай – дары жана эргүү”, “Аргымактын шар басыгы” деген китептерди жазып, министрлерге тартуу кылган.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын бир катар беренелери аткарылбай жатат

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралды. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча “КР Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын жана президенттин жарлыгын аткаруу жаатында 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук саясатын аткаруу боюнча иш-чаралар бекитилген. Бул максатты ишке ашыруу боюнча каржы булактары так аныкталган. Ага 493 млн. 600 миң сом каралган.

Кыргыз тилин өнүктүрүүнү мектептерден баштоо керек деген депутат Тазабек Икрамов Бишкек шаарында болгону 20 пайыз мектепте (6 мектепте) кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлөөрүн сынга алды.

“Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесиндеги бардык мекемелердеги иш мамлекеттик тилде деген ченем толук көлөмдө, ал эми 14-18-20-беренелер аткарылбай жатканын депутат Кенжебек Бокоев белгиледи. “Ар бир мыйзамдын, анын ичинде мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышына өкмөт жооп бериши керек”,- дейт депутат. К.Бокоевдин пикиринде бөлүнгөн каражаттардын баарын эле китеп чыгарууга жумшоонун кажети жок. Интернет айдыңында жана башка жагдайларга программаларды иштеп чыгууга жумшоо керек. Негизи акча каражаты эмес, жетекчилердин саясый эркинин жетишпестиги тилибиздин өнүгүшүнө кедергисин тийгизүүдө.

Депутат Кожобек Рыспаев кыргыз тилинин байышын шарттоочу жагдайларга көңүл буруп, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясын айрым сөздөрдү которууну ашыкча эле жүргүзбөөгө чакырды.

“Эң өкүнүчтүүсү иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүү кыйын болуп жатат. Чиновниктер мыйзамды аткарбай келүүдө”,- дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясын төрагасы Эгемберди Эрматов.

Башка улуттун өкүлдөрүн кыргызча ырдатуу менен кыргыз тили өнүкпөй деген депутат Курманкул Зулушев “Расмий жолугушуулар, жыйындар кыргызча өткөрүлүшү зарыл. Ошону менен катар мыйзамдардын долбоорлору дагы кыргыз тилинде келиши керек”, – дейт.

Видео - Чубак ажы Жалилов: "Парламенттик шайлоодо мага жарым миллион долларга чейин акча сунуш кылышкан"

Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип, парламенттик шайлоо, партиялар, саясатчылар тууралуу өз оюн ортого салыптыр.

https://youtu.be/TUD8654Uuxc

Видео: “Насаат Медиа

Дастан Бекешев: “Энелер менен балдардын майрамдары дем алыш күн катары эсептелиш керек”

Эмгек кодексине ылайык Кыргызстанда 13 күн майрамдык дем алуу күнү болуп саналат. Бирок, алардын айрымдары  өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Атап айтканда, алар 23-февраль, 7-ноябрь күндөрү белгиленип жүргөн майрамдар. Аларды иш күнү катары белгилеп, болгону эскерүү күнү катары тарыхта калтырганыбыз туура. Мындай сунушту көтөргөн депутат Дастан Бекешев бүгүн, 26-майда “Парламент” радиосунун түз эфирирнде болуп, “5-май Конституция күнү дагы календарда кызыл түс менен белгиленбей, адаттагы иш күн катары көрсөтүлүш керек”,- дейт. Ошондой эле депутат, “Ал күнү майрамдап жүрүп албай, анын ордуна окуу жайларда, тарыхый-маданий жайларда 5-май кандай күн болгондугун, Баш мыйзамдын өлкө турмушундагы ордун түшүндүргөн иш чаралар өткөрүлүш керек. Россияда деле Конституция күнү дем алуу күнү болуп саналбайт”, – деген пикирин да ортого салды.

Андан тышкары демилегенип жаткан мыйзам долбоорунда үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган жаңы эки майрам сунушталууда. Алсак, алардын бири – майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнү. Энелер күнүндө жарандар өздөрүнүн убактыларын толугу менен ата-энелерине арнап, өздөрүнүн апаларын майрамы менен куттуктаарын эске алганда үй-бүлөлүк салттарды, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган майрам пайда болот,- деди эл өкүлү.

Ошондой эле демилгечинин айтымында, 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнү да жумуш күнү болбош керек. Бул күнү ата-энелер балдары менен бирдикте театрларга, концерттерге барышат, парктарда эс алышат, ал эми айрым активисттер жетим-балдарга белектерди топтошот. Бул күндү жумуш эмес, майрам күн катары жарыялоо балдары бар үй-бүлөлөргө өздөрүнүн арасында майрамды толук өлчөмдө өткөрүүгө мүмкүндүк бермек. Өкмөт дагы жетим балдар проблемасына тез-тез көңүл буруп келет. Бул майрам Энелер күнү майрамы менен катар, мыйзам долбоору жактырылса, үй-бүлө институтун бекемдөөгө мүмкүндүк түзмөк.

Депутаттар ЗАГСга каттала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин көтөрдү

Жогорку Кеӊеште өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөө максатында иштелип чыккан Үй-бүлө кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, мыйзам долбоору аркылуу ЗАГСга каттала элек жарандарга нике кыйган жактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу киргизилүүдө. Алардын пикиринде, сунушталып жаткан чаралар эрезеге жетелек балдардын укуктарынын корголушуна түрткү берет.

“Бул бир гана кыздардын ден соолугуна, же алардын жеке тагдырына эле тиешелүү нерсе эмес, баарыбызды ойлондурчу көйгөй. Эрте турмушка чыккан кыздын билими, маданияты мамлекеттин экономикасына да таасирин тийгизет. Алардын турмушта жолу болбой калса, балдарына алына турган жөлөкпулдардан тартып, мамлекетке артыла турган жүк болот. Демек, экономикалык алкактан алганда дагы, бул маселе терең талдоолорду талап кылат”,- дейт депутат.

Эске салсак, статистикалык маалыматтарга караганда, аялдардын 15 пайызы 18 жашка толо элек курагында, ал эми 1 пайызы 15 жашка толо элек курагында күйөөгө чыккан. Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат.

Казакстан бюджетти колдоо үчүн 1 миллиард доллар карыз алат

Казакстан парламентинин депутаттары Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынан 1 миллиард доллар өлчөмүндө карыз алуу боюнча келишимди ратификациялады.

Каражат макроэкономикалык башкаруу тармагын өнүктүрүү үчүн жумшалат. Ошондой эле республикалык бюджеттик программаларды дагы өз маалында каржылоого керектелмекчи.

Каржы министри Бахыт Султановдун маалымдашынча, банк 2,5 жыл жеңилдетилген убакыт берет, карызды төлөөнүн мөөнөтү – 20 жыл.

Казакстан 2016-жылдагы бюджеттин таңкыстыгын жабуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 1 миллиард доллар насыя алган.

Республикалык бюджеттин март айында киргизилген өзгөртүүлөрүнө ылайык, ушул жылы тартыштык 902,7 миллиард теңгени (2,7 миллиард долларды) түзөт.

“Кумтөр оперейтинг компани” 6,7 миллиард сом айыпка жыгылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматкери Анара Мамбеталиева билдирди. Анын айтуусунда, район аралык сот экотехинспекциянын арызынын негизинде ишти карап, “Кумтөр оперейтинг компанини” 6,7 млрд. сом айыпты төлөп берүүгө милдеттендирди.

“Жалпысынан экотехинспекция төрт арыз бергенбиз. Азыркы учурда анын экөө каралып бүттү. Натыйжада биз тарап толугу менен сотто “Кумтөр” тарабынан экологияга зыян келгени далилдеп, экологиялык мыйзам бузулганын аныктап бердик”, – деди Мамбеталиева.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция “Кумтөр оперейтинг компани” “кенди казууда калдыктарды муздун үстүнө таштаган”, “жер катмарын бузган”, “эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төккөн” жана “суу үчүн акы төлөгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган.

23-майда инспекциянын биринчи доосу канааттандырылып, “Кумтөр оперейтинг компанини” 663 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Экинчи доо менен компания төлөчү айыптын жалпы суммасы 6,7 млрд. сомго жетти.

“Кумтөр оперейтинг компани” бул доолорго макул болбой, жогорку инстанцияга кайрыла турганын маалымдоодо.

Куловдун “акыркы огу”

Куловдун саясаттагы жылдыздуу сааттары жанып турган мезгилдер – Акаев аны абакка отургузган учурларга туш келет» дешет, жакындан билгендери. Чыны менен эле анда коомчулуктун далайы ага жан тартып, «Темир генерал» аталып турган эле. Оо, анда кичинекей баладан бери ийменип, таазим этип турушчу ага. Эркин ММКлар да улам ал туурасында жазып, ага жан тартышып дегендей. Ошондо ФШК кайсы бир маегинде айткан сөзү бар. «Утулган эмес, эч ка­чан багынбаган жеңет» деп. Кийин «мыйзамдын темир калканыбыз» деп, аягында темир эмес, «калай калканга» жарабай калган абалга тушукту. Себеби, өзү чогултуп, бийликке алып келген көр дүйнөсү бай, жандүйнөсү жакыр болгон саткын адамдардын туткунунда да калды. Көрсө, бир жолу саткан адам кийин эки, үч… он жолу деле саткынчылыгын уланта берет тура. Алары эптеп баш багып алган соң, төрдү талашып, жөн эле «хиппилома» бийлеп жүрүштү го. Ошентип, Кулов алган багытынан тайып, ким менен алака курушту түшүнбөгөн учурга да тушукту. Горизонтто көрүнгөн акыркы карааны партиясын «үч американецке» таштап, «баса» бергени болду. Учурда азыр «отряд тизилгиле!» деп кыйкырган «Жетинчи ок» көркөм тасмасындагы коммиссардай саясаттагы «акыркы огун» октоп, партиясындагы «акыр-чикирлерди» тазалоо ме­нен алектенип жатканын эшиттик…

Булак: “Азия news”

Кыргыз тили Кыргызстанда квартирант болуп калды

Кыргыз тили бүгүн өз үйүндө өгөйсүрөп, квартирант кейпин кийип калды. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңетин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

“Биз сөгүнгөндө энеңди дейбиз да, сүйлөгөндө Пушкиндин тилинде сүйлөйбүз. Учурда кыргыз тили Кыргызстанда квартирант болуп калды. 25 жылдан бери киргиздер менен алышып келатабыз. Кыргызды киргиз кылыш оңой, ал эми киргизди кыргыз кылуу кыйын экен. Чала молдо дин бузат, чала депутат тил бузат болуп, биз эл өкүлдөрү өзүбүз тилди бузуп жатабы”, – деди Момбеков.

Эске салсак, бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралды.

Видео - Атай Өмүрзаков жана “Тумар” тобу Лондондогу телесынактын жарым финалына катышты

Бийчи Атай Өмүрзаков жана “Тумар” тобу Лондондо өткөн Britain’s Got Talent 2016 телесынагынын жарым финалга катышты. Кыргыз бийчилеринин өнөрү көрүүчүлөрдүн купулуна толгону менен финалга чыгуу үчүн калыстардын колдоосуна ээ боло алган жок, бирок көрүүчүлөр көбүрөөк добуш берсе кийинки айлампага катышып калышы ыктымал.

Обама АКШ мыйзамдарынан "негр" сөзүн алып салды

АКШ президенти Барак Обама федералдык мыйзамдагы айрым сөздөрдү жана сөз айкаштарын алып салууну чечти. Бул боюнча атайын мыйзамга да кол койду.

Мындан ары АКШнын мыйзамдарында “улуттук азчылыктарга акаарат келтирүү” айрыкча “чыгыштык”, “негр”, “испан тектүү” деген атоолор такыр алынып салынат,-деп жазат АВС News.

Бул мыйзам долбоордун максаты АКШда 1970-жылдардагы документтерде кетирилген саясий каталарды жоюу болуп саналат. Анткени ошол жылдары америкалыктар арасындагы расалык бөлүнүү, трайбализм түшүнүктөрү кеңири жайылган болчу.

Азыркы глобалдашуу учурунда да “негр”, “азиат” деген сөздөрдүн колдонулушу өтө уят жана адам укуктарына каршы келет,-деп билдирет Миннесота университети иммиграция изилдөө борборунун директору Эрика Ли.

Булак: maralfm.kg

Текебаев эмнени каалап жатат?

Мындан үч жыл мурун «Мыйзамдагы ууру» А.Батукаев Кыргызстандын мыйзамына «туураланды» кылып бир күндүн ичинде соту болуп, бир күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кеткен. Алдын ала паспорту да даярдалып. Аны тээ Нарындан Бишкектеги аэро­портко чейин погонунда чоң жылдыздары бар күч органдарынын кызматкерлери коштоп келгеничи? Кудум президенттин кортежиндей кылып. Анан кы­зыл килем төшөлгөн вип залдан өткөрүп, (соттун чечими чыга электе эле) небак даяр турган «Челленджер-300» деген менчик учакка отургузуп, узатып ийишкен. Ошондо, мамлекеттик кызматтагы бир эмес, бир нече адамдардын өлүмүнө түптүз тиешеси бар Батукаев кыргыз бийлигин кыдырата тизип, «лез­гинка» бийлетип кеткендей эле болгон. Шермендебиз чыккан бул окуянын маселеси боюнча эртеси Жогорку Кеңештегилер сапырылып эле жатып калды. Ач айкырык, куу сүрөөн түшүп. «Кыргызстандын имиджине доо кетти, бул жерде чоң күчтөрдүн катышы болгон» дешип. Айтмакчы, бир не­че күнгө созулган ошол парламенттеги ызы-чууда «криминал менен аёсуз күрөшөм» деген Ө.Текебаевдин карааны көрүнгөн эмес. Бешиктеги балага де­ле белгилүү болгон. Бул чоң «оюнда» жөнөкөй судья анчалыкка бара албастыгы. Мындай иштер бийликтеги «криминалдык схема» деп аталат. Ошого карабай андагы табышмактуу соттук отурумга төрагалык кылган сот Жапар Эрматов гана «сары улак» катары садага чабылган. Ошол Ж.Эрматов жакында сотторду тандоо кеңешинин сынагынан сынбай өтүп, эң жогорку баллды алыптыр. Эми ал кароодо сунушталган Нарын облусундагы район аралык соттун судьясы болуп калышы толук мүмкүн. Бул туурасында О.Текебаев президентке кат жолдогону айтылууда. «А.Батукаевди бошотуп жиберген сот кайрадан судья болгону жатат. Өткөрбөңүз» деген мааниде. Бир че­ти Ө.Чиркешовичтики туура дечи. Бирок, айттык го, «мындай ишти жөнөкөй бир судья жасай алмак эмес» деп. Демек, бул жерден Ө.Текбаев президентке жазган каты аркылуу «бир ок» менен бир нече «мишенди» көздөп жаткан жокпу?..

Булак: “Азия news

Билим берүү министри “Манастын” маанисин түшүнбөй койду

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Садык Шер билим берүү министри Эльвира Сариеванын билимин сынап көрдү. Тагыраагы “Манас” эпосунан төрт сап айтып, ошонун чечмелеп берүүсүн министр айымдан сурады эле, ал таптакыр эле эч нерсе түшүнбөгөнүн айтып, башын жерге салды. Билим берүү тармагын мыкчып отурган Сариеванын бул жоругуна каңырыгы түтөгөн Шер кыргыз элинин, тилинин трагедиясына жаралган мындай жетекчилерден жакшылык күтүүгө болбой турганын айтты.

“Өзүбүздүн ата-бабаларыбыз мурас калтырган сөздөрдү кадырламак тургай жарытылуу түшүнбөй жатасыңар. Бул чоң трагедия. Уят нерсе. Биздин тилибизден, салт-санаабыздан башка дүйнөгө көрсөтө турган эч нерсебиз жок. Ушуларды сактап калуу биздин милдетибиз”, – деди Садык Шер.

Эске салсак, бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

Кара-Сууда 150 орундуу заманбап мечит пайдаланууга берилди

Бүгүн, Кара-Суу районунун Курбанкара айылында Кувейт мамлекетинин “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун жана Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Анарбек ажы Жусуповдун колдоосу менен 150 орундуу заманбап мечит бүткөрүлүп, ишке берилди. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

2

Мечиттин ачылыш аземине облус казысы Самидин кары Атабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Сүйүнбай ажы Калыков, Кувейт мамлекетинин “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун төрагасы доктор Набил баштаган коноктор жана фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев, райондордун башкы имам хатибдери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

3

Ачылуу аземде облус казысы мечиттин ачылышы менен жергиликтүү тургундарды  куттуктап,  мечит аркылуу коомго дин жеткирилип, келечек жаштарга туура адеп-ахлактык тарбия берилүүсүнө тилектештигин айтып, демөөрчү болгон конокторго ыраазычылык билдирди. Андан соң жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан демөөрчүлөргө сый-белектер жана ыраазычылык барактар тапшырылды.

4

Темир кетип, Сооронбай келди, баары бир картөшкө чириди

Буга чейин картөшкөлөрүбүздү татынакай эле тамшанып жеп келишкен казактар «картөшкөңөр курттап кетиптир» деп кесирленип туруп алышты. Бажы деген союздун талабына таянышып. Мунун кесепетинен адатта Казакстанга кирчү миллионго чукул тонна картошка чирий баштады. Эмгектери талаага кетип, ичтеринен «кан өткөн» дыйкандар айласы кеткенде Ак үйдүн алдына келишкен эле. Билермандар аларды көздөн оолак кылып, Кожомкул атындагы спорт сарайынын ичине ээрчитип барып, «чечебиз, жайгарабыз» деген жооптору менен жолго салышкан. Бул окуя тээ ала жазда эле болгон. Чирип, соолуп, арзыбаган тыйынга айланып калган картөшкөлөр жөнүндө дээрлик баардык телеканалдарда, гезиттерде айтылып, жазылып да жатты. Бирок, өкмөтүбүздүн агрардык саясаты тоңгон бойдон тоңуп туруп алды. Ал ортодо башка нерселерден башы чыкпай калган баш бакан Т.Сариев кызматтан кетип калды. «Агрардык саясатты жакшы билет» деген жаңы өкмөт башчы деле чечкиндүүлүк кыла албады. Маселе минтип, «өрттөнүп» жаткандан кийин Казакс­танга учуп барса деле болмок? Түштөн кийин Еревандан эсине келбей (жакында Арменияда болуп өткөн ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен болгон жолугушууда). С.Жээнбеков ошо жерден гана казак өкмөт баш­чысы К.Масимов менен жолугуша алды. Картөшкө маселеси боюнча сүйлөшүп. Эми эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгы болсо, 8-июнда өтүүчү Бишкектеги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына утурлай чечилмекчи болуптур. Ага чейин картөшкөлөр дагы чирийт, соолуйт. Алтургай жаңы картөшкөлөр өсүп чыгат. Кайран дыйкандардын эмгеги…

Булак: “Азия news

Алтынбек айткан “алты торпок” ким?

КТРда ар бир эки айдын аралыгында парламенттеги фракция башчыларын чакырып, ар кандай маселелердин айланасында түз эфир өткөрүлөт. Кечээ жакында болуп өткөн кезектеги берүү өлкөдөгү ички жана тышкы инвесторлор туурасында болду. Ал көрсөтүүнү алып барган Алмаз Касымалиев идиректүү тың журналисттердин бири. Күтүлбөгөн жерден күтүлбөгөн суроолорун сууруп чыга калат. Анысы менен фракция лидерлерин бир топ эле тердетип койгонун көрүп жүрөбүз. Өткөндө ошондой суроолорунун бири, «эски куралдардын» арсеналынан топтолгон «Бир Бол» фракциясына сунулду. «Кыргызстандагы инвесторлордун иш алып баруусу «крышасыз» мүмкүн эмес экен. Сиз бул туурасында не дээр элеңиз?» деген мааниде. Ачык суроого Алтынбек Сулайманов да ачык эле жооп берди. «Акаевдин убагында сырттан келген инвесторлорду Айдар, Бакиевдин тушунда Максим “крышевать” этчү. Азыр болсо «алты торпок» “крышевать” этет» деп. Бирок, Алтынбек мырза негедир алардын аттарын атабай койду. Илгери Токтогул Сатылганов элди эзгендерди ачык сындаган «Беш каман» деген ырындай, Алтынбек айткан ал «алты торпок» ким болду экен?

Булак: “Азия news

Кочкордогу жол кырсыгынан бир адам каза болду

26 май күнү Кочкор районунун Кочкор айылында Жигули жана Пассат үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, натыйжада 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып каза болгон 1 адамдын жансыз денесин жана жабыркаган 1 адамды унаадан чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Төрт айда 27 окуучу ата-энеси менен уруша кетип өз жанын кыйган

Үстүбүздөгү жылдын төрт айында өз жанын кыйгандардын саны 39 адамга жеткен, алардын ичинен 37си мектеп окуучулары. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бүгүн Жогорку Кеңеште балдар арасында өз жанын кыюу учурларынын көбөйүп кеткендиги жөнүндө жана аларды алдын алуу боюнча өтүп жаткан өкмөттүк саатта билдирди.

Анын айтымында өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыюу фактысы дүйнө жүзүндө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө да кездешип жатат. Өз жанын кыюу көрүнүшүнө социалдык жана ден-соолук факторлор, интернет, телеканалдар дагы орчундуу таасир этип жатат.

“Төрт айдагы көрсөткүч боюнча 27 мектеп окуучусу ата-энеси менен болгон чыр-чатактан улам, 2 окуучу оорунун айынан өз жанын кыйган. Калгандарынын себептери иликтенип жатат”, – деди Кудайбердиева.

Видео - Ош мэри Айтмамат Кадырбаев соттолгону тууралуу айтты

Ош шаарынын кайрадан мэри болуп шайланган Айтмамат Кадырбаевдин соттолгону тууралуу маалымат тарады. Ага ылайык Кадырбаев 2010-жылы кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган деп айып тагылганы белгилүү. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыраткан. Сот иштери болгонун Кадырбаев деле жашырбайт. Бул маселе боюнча Ош шаарынын мэри комментарий берди.

Булак: yntymak.kg

Өкмөткө жасалма документтерден арылуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди

Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында Өкмөттүн чет өлкөлүк жарандардын кыргыз паспорттору менен кармалган окуя боюнча маалыматы угулду. Жыйынга Башкы прокуратуранын, Тышкы иштер министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кармалган кытай жарандары көрсөткөн паспорттор Мамлекеттик каттоо кызматында жасалбагандыгын билдирди. Жүргүзүлгөн иликтөө көрсөткөндөй, алардын номурлары Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Кара-Суу, Өзгөн, Сузак райондорунун жарандарынын чыныгы паспортторунун номерлерине шайкеш келет. Паспорт ээлерине барганда паспорттору колунда экени белгилүү болду. Алар умрага бекер алпаруу боюнча лотерея уюштурабыз деп топтогондорго беришкен. Накта паспортторго Сауд Аравиясына виза алынгандан кийин, “умраны утпай калдыңар” деп кайра ээлерине кайтарылып, ал жарандардын маалыматтары боюнча жасалма паспорттор даярдалган. Бүгүнкү күндө 5 жаран Стамбулда кармалып турат. “Биз чыныгы паспорттор ээлеринин колунда тургандыктан, кытай жарандарынын колундагылар жасалма деп ишенимдүү айта алабыз. Жасалма паспорт жасагандарга биздин кызматтын эч кандай тиешеси жок”,- дейт Т.Сарпашев.

Депутаттар мамлекеттик документтерди жасалмалаган кылмыштуу топторго бөгөт коюу, мамлекеттик документтерди жасоо ишин толугу менен мамлекеттин карамагына алуу, документтерди жасай турган жабдууларды сатып алууга каражат табуу сунуштары берилди. Ошондой эле, мамлекеттик документтерди жасалмалаган жактарга карата кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди. Өкмөткө жасалма документтерден арылуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

Атамбаевдин айдоочусу таксист болуп иштейт

Журт атасы болуп, мамлекеттин башында турган адамдардын турмушу, басып өткөн жолу коомчулукту дайыма кызыктырып келет эмеспи. Андыктан биз бүгүнкү саныбызда президент Алмазбек Атамбаевдин бир кездеги айдоочусу, жанында жүргөн эң жакын жана ишеничтүү кишиси болгон Ишенкул Жакыпов менен маектешип, бир катар кызыктуу жоопторду алдык.

– Ишенкул мырза, Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу болуп кандайча иштеп калдыңыз?

– Мен өзүм Ысык-Ата районунун Санташ айылынан, ал эми келинчегим Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан болот. Алмазбек Атамбаевдин да биринчи жубайы Бүажар Кой-Таш айылынан. Анын сиңдиси менен мени келинчегим чогуу окуп, жакын курбулардан болгондуктан, мен алардын үй-бүлөсүн жакшы таанычумун. Он беш өлкөнү бир туунун астында солкулдатпай кармап турган Советтер Союзунун пайдубалынан жаракалар кетип, акырындан урай баштаган 90-жылдары жумушсуз калдым. Ага чейин Ленин заводунун башкы инженеринин айдоочусу болуп иштеп жүргөм. Атамбаевди тааныгандыктан жумуш сурап барып калдым. Ал кезде Атамбаев «Форум» илимий-өндүрүштүк фирманын директору болуп жаңы эле дайындалган. Мен барганда фирманын кызматтык автоунаасы дагы жок болгондуктан жол кырсыгына кабылып талкаланган «Москвич» маркасындагы автоунааны Токмоктун шаардык ооруканасынан алып келдик. Мен аны бажамдын гаражына алып барып эки айдай оңдодум. Ал кездерде унаага керектүү тетиктери да жок, Ташкентке барып алып келип, оңдоп бергем. Ошентип Алмазбек Шаршеновичтин кол алдында алты жылдай иштеп калдым.

– Сиз ажобуз менен бир топ жыл иштеген экенсиз, сизге, деги эле жумушчуларына жасаган мамилеси кандай эле?

– Негизи Алмазбек Шаршенович өтө кичи пейил, боорукер адам, андыктан мени өзүнүн бир тууганындай көрүп, ашкере жакшы мамиле жасап, жардам берип, ал тургай үйдө анча-мынча пайда болуп калган кем-карчымды айтсам дароо эле жардам берчү. Көпчүлөк чоң кызматта иштеген чиновниктер конокко барганда шопурларын эстебейт. Ал машинеде ачка күтүп отура берет. Ал эми Алмазбек Шаршенович кайсы жерге барбасын сөзсүз мени дагы чакырып «кел отур, тамактан» деп жанына отургузуп алчу. Кай жерде болбосун конок тособу, конок чакырабы же Кыргызстандын ичинде командировкага чыгабы ар дайым мени жанына алып жүрчү. Ал кезде ал жаңы эле «Форумду» жазуучулар союзу аркылуу өзүнө чыгарып алып, жаңы иштетип жаткандыктан мен айдоочусу гана эмес, жардамчысы дагы элем. Андыктан бардык иштерине кол кабыш кылып жүрдүм. Анүстүнө «Форум» фирмасынын мурунку жетекчиси аны банкрот кылып, эсебинде төрт гана рубль бар болгондуктан бардыгын нөлдөн баштаган. Өзү китеп которуп, аларды чыгарып Алматыга алып барып сатчу, ал жактан бул жакка буюмдарды алып келип, бизнес кылып жүрүп «Форумду» бутуна тургузду. Албетте, алгач иш баштаганда анын да башынан бир топ кыйынчылыктар өттү, жоктон бар кылып кураштыруунун өзү оор. Ошол кыйынчылыктарды көтөрүп, чыңалып, иштин көзүн тапкан адам бир топ ийгиликке жетет экен. Ошентип 1995-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Мен ал кезде да айдоочусу болуп иштеп жүрдүм.

Атамбаев

– Жумуш болгон соң ар кандай кыйынчылыктар болот эмеспи, сизде да ошондой учурлар кездешсе керек?

– Ооба, ансыз болбойт да. Оңой жумуш жок. Эсимде,1995-жылдары болчу. Алмазбек Шаршенович «Кыргызавтомашка» башкы директор болгон. Ошол учурда ишкананын карамагында «Волга» жана«Мерседес» үлгүсүндөгү эки автоунаа бар эле. Мен «Волганы» айдап жүргөндүктөн «Мерседести» заводдун гаражына коёюн деп кайра бирөө жарым өрттөп же уурдап кетпесин деп чочулап ал жакка койбой, үйгө алып барып койгом. Анткени ал жакта Атамбаевди көрө албагандар көп болчу. Ошол учурда мен эс алууга чыгып, ордума башка бала иштеп калды. Ал эми «Мерседес» үйдө болчу. Бир күнү таңкы саат үч-төрт чамаларында дарбазанын ачылган «тарс» деген үнү чыкты. Мен эшикке атып чыктым. Чыксам эле бирөө машинени от алдырды. Менин артыман келинчегим чуркап чыгып ал капотко жабышты, мен барып айдоочу отурган эшикке жабыштым. Келинчегиме «кач»деп кыйкырдым, ал качкыча болбой эле машинени алдыга айдаганда жерге сүрүлүп түштү. Машинаны айдап баратышат, мен болсо эшикке жабышып алгам, үйдөн жолго чейин жүз метрдей сүйрөп барды да оңго бурулганда мени силкип жиберди эле мен тоголонуп барып жатып калдым. Согончогуман тиземе чейин, денемдин бир капталынын териси сыйрылып, шылынып калган. Баса албай, жадагалса дааратканага бара албай ооруканада жаттым. Ал кезде балдар кичине, келинчегим аларды таштап чыга албайт. Бир ай ооруканалап жүрдүм. А.Атамбаев дары-дармегиме жардам берип жатты. Милициялар ал кылмыш иши боюнча иш козгоду. Алар менден улам такып сурап, ачык айтышпаса дагы, ишенбей жаткандай, улам ар кандай суроолорду бере башташты. Өмүрү бирөөнүн бир тоголок буудайын албай, адал эмгек менен оокат кылган жаным, алардын андай мамилеси өтө катуу тийип, өзүмдү жаман сезип жүрдүм. Өзүм жумуштан кеттим, бирок жүрөк түпкүрүндө бир нерсе өйүп эле туруп алды. Милициялар эптеп эле ишти жабыштын айласын издешет экен. Аларга ишенбей калган соң жоголгон «Мерседести» өзүм издеп жүрдүм. Кудай жалгап үч айдан кийин таап алдым.

– Кантип таап алдыңыз?

– Мен бир күнү Жаш гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде «Москвич» менен туруп калдым. Ошол кезде менин жаныма бир «Мерседес» токтоду. Карасам көзүмө жылуу учурайт, бирок номерлери башка. Баягы жоголгон машинага окшош экен деп жакшылап үңүлүп карай баштадым. Анткени, ал «Мерседестин» оң жак капталында белгиси бар болчу. Карасам ошол белги турат. Артымда төрт бала отурат эле: «Тезирээк тиги машиненин номерин жазып алгыла» дедим. Алар жазып алышты. Балдарды түшүрүп коюп, тиги унааны артынан айдадым. Бирок «Москвич» менен «Мерседести» кууп жетпейсиң да, кайда кеткенин таппай калдым. Түз эле Жол кайгуул кызматына барып:

«Баягы Атамбаевдин жоголгон автоунаасы бул номер менен жүрөт. Таап бергиле!» деп айтсам нөөмөттө турган Каныбек Итебаев деген кызматкер бар экен, ошол таап берди. Көрсө, ал автоунаа Жол кайгуул кызматында номер берип иштеген кызматкердин атасына катталган экен. Ошентип бардыгы сыртка калкып чыгып, баягы унааны кайра алдык, номер берген кызматкер камалды, бирок уурдаган адамдар кармалган жок. Унааны алган соң А.Атамбаевге алып барсам командировкада экен, жардамчыларына тапшырып кеткем. Ошондон кийин жүрөгүм ылдыйлап, өзүмдү эркин сезип калдым.

– «Кыргызавтомаш» заводун сатып алган учурда сиз бар белеңиз?

– Ооба, заводдорду алаарда чогуу барып көргөнбүз. Алгач Аламүдүн районундагы фабриканы алды, андан кийин «Кыргызавтомаш» заводун алып иштетти.

– Ошол учурда Алмазбек Атамбаевди «Кыргызавтомашты» банкротко учуратып, жабдыктарын Кытайга темирге өткөзүп жиберип, миңдеген жумушчуларды жумушсуз калтырган деп күнөөлөп келишет, сиз такай жанында жүргөн адам катары айтсаңыз, ушул айың кептердин канчасы чын?

– Эми ал кезде элдин баары эле мамлекеттен мүлктөрдү сатып алып, кайра сатып эле жатышпады. Бирок мен иштеп жүргөн учурда завод жакшы иштеп аккумулятор чыгып турчу. Андан кийин эмне болуп банкротко учураганын билбейм. Азыр өзүм таксист болуп иштегендиктен кээде кардар жеткирип заводдун ичине кирсең аңырайып бош турат, имараттар ижарага берилет деп жазылып тургандарын көрөсүң.

– Учурда президенттин айланасында ар кандай сөздөр айтылып, сынга кабылып келет. Сиз аны жакындан билген киши катары айтсаңыз, кыргыз эли ажобузга ишеним артса болобу?

– Мен өзүм карапайым адаммын. Карапайым адамга эң биринчи өлкөбүздө тынчтык, дасторконубузда нан болуп, иштеген ишибиз болсо жетет. Кудайга шүгүр кылып жашоого үйрөнүшүбүз керек. Кантсе дагы Алмазбек Шаршенович мурдагы эки президентибизге салыштырмалуу бир топ мыкты иштеп жатат. Андыктан ага эл толук ишеним артса болот.

– Канткен менен бир топ жыл кол астында иштеген экенсиз, президент болгон соң сизге кызмат сунуштаган жокпу?

– Мен өзүм жумуш сурап барган жокмун. Анын үстүндө өзүмдүн жогорку билимим жок. Болгон билимим да, тажрыйбам дагы бир гана машине. Азыр эми анын өзүнүн шопуру бар. Аны кетирип жиберип мени алганы туура эмес болуп калат го. Эч нерсе сурабай эле, жөн гана ден соолугун сурап кетип калдым.

– Президенттик шайлоодо кимге добуш бердиңиз?

– Албетте, Алмазбек Атамбаевге. Биринчиден, мен ал кишинин мүнөзүн, ишмердүүлүгүн, аракетин жакшы билем. Экинчиден, андан башка татыктуу талапкер жок эле. Ошондуктан өзүм эле Атамбаевдин президент болуп өтүп кетишин каалап, беш жүз добуш чогултуп бергем. Ошол учурда КСДП партиясындагы Асел Кодуранова Атамбаевдин жардамчысы эле, ошо менен чогуу иштеп калдым, азыр ал Жогорку Кеңештин депутаты.

– Үй-бүлөсү тууралуу учкай айта кетпейсизби?

– Биринчи аялы Бүажар, андан эки уул, эки эгиз кызы бар. Андан кийинки жубайы Раиса Атамбаевадан бир уул, бир кызы бар. Атасын мен көргөн жокмун. Бирок апасы абдан мыкты, боорукер, жароокер киши эле. Айылда өзү жалгыз турчу. Бирок Алмазбек Шаршенович жума сайын, дем алыш күндөрү үй-бүлөсү менен апасынын жанында болчу. Кээде апасын сагынганда жуманын ортосунда деле кетип калчу. Кечинде таштап коюп эртең менен алып кетчүмүн. Өзүнүн 12- кичи райондо эки бөлөмөлүү үйү бар эле, апасы ал жакка келип бир нече күн жүрүп кетчү. Бирок бир жерден тамыр алып, отурукташып калган адамдын шаарга жашашы кыйын эле. Кайра эле өз айылына кетип калчу. Кантсе дагы кары адамга айыл-апада жашаган жакчу окшойт.

– Ал эми мурдагы үй-бүлөсүнө жардам берчү беле?

– Албетте, жардам берчү. Балдарын окутуп, кийинтип, үйлөнтүп, бутуна тургузду. Эсимде, мурдагы кайнатасы каза болуп калганда, бардык чыгымын өзү көтөрүп, ошол жерде баш-көз болуп жүргөн.

– Эгер сизге кызмат сунуштаса барат белеңиз?

– Албетте, бармакмын. Анткени пенсияга чыга турган мезгилге жетип калдым. Бир топ жыл мамлекеттик ишканаларда шопур болуп иштегеним менен акыркы жылдары таксист болуп иштеп жүрөм, бир аз да болсо өкмөттүк жумушта иштеп пенсияга чыгып алайын деп бармакмын. Азыр деле Кудайга шүгүр, ал-күчүм бар, дагы да болсо иштөөгө кудуретим жетет.

Булак: “Жаңы Агым”

Индустриализациялоо программасынын долбоору 1-декабрга чейин өкмөткө киргизилет

ЕАЭБге кошулуу шартында келечектүү өнөр жай тармактарын өнүктүрүүнү караган Кыргыз Республикасын Индустриализациялоо программасынын долбоору 2016-жылдын 1-декабрына чейин өкмөткө киргизилүүсү тийиш. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай тапшырманы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 25-майда, өкмөттүн жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошевге берди.

«Программа өндүрүштү жогорулатууга жана өнөр жай продукциясын экспорттоого, атамекендик өнөр жай продукциясынын ЕАЭБ рыногундагы аттаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоого жана ИДПга карата өнөр жай продукциясынын салыштырма салмагын жогорулатууга багытталган. Бүгүнкү күндө программага киргизилген 33 иш-чаранын 22си аткарылган, калганы аткарылган эмес, же жарым-жартылай аткарылган. Буга катар 2013–2015-жылдар үчүн программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү жыйынтыктары тастыктагандай, 2013-жылы гана коюлган айрым максаттарга жетишилген. Ал эми 2014 жана 2015-жылы алдыга коюлган максаттарга жетишилген эмес», – деп маалымдады Арзыбек Кожошев.

Порошенко: "Савченкону кайтаргандай эле Донбасс менен Крымды кайтарабыз"

«Надежда Савченко Украинанын символуна айланды», – деп билдирген украин президенти Петр Порошенко Батыш өлкөлөрүнө куралдуу күчтөрдүн офицерин бошотууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Шаршембиде Киевдеги резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө Порошенко учкучтан кийин “эми Донбассты жана Крымды кайтарып алабыз” деп айтты. Президенттин жардыгы менен дээрлик эки жыл Орусиянын түрмөсүндө жатып чыккан Савченкого “Украина Баатыры” деген наам ыйгарылып, “Алтын жылдыз” ордени менен сыйланды.

Савченко өз кезегинде Орусия жарандарын «эч нерседен коркпоого», «чөгөлөбөшкө», өз укуктары үчүн күрөшүүгө чакырды.

Аскерий учкуч Савченко ошол эле күнү президент Петро Порошенконун учагы менен Киевге келген. Анын алдында Орусиянын президенти Владимир Путин Савченкону гуманитардык негизде кечиргенин билдирген.

Анын орусиялык эки туткун, украин соту тарабынан Донбасста Москва колдогон жикчилердин катарында согушкандыгы үчүн ар бири 14 жылга эркинен ажыратылган Александр Александров жана Евгений Ерофеевге айырбашталганы маалымдалган. Президент Порошенко аларга ырайым бергенден кийин экөө Москвага учуп кетишкен.

Кыргызстанда террорчулук менен экстремизмди жайылткан сайттар жабылат

Жогорку Кеңеш жалпы жыйында террорчулук менен экстремизмдин идеяларын тараткан сайттарды жабуу тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Жарандык-процессуалдык кодекске жана “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр экстремисттик маалымат таратты деп айыпталган сайттарды сот өкүмү чыкканга чейин эле жабууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз өкмөтү сунуштаган документке ылайык, экстремисттик материалды камтыган сайттарга сотко чейин эле прокуратуранын көрсөтмөсү менен үч-беш күн ичинде чектөө киргизилип, Транспорт жана байланыш министрлиги өчүрүп салат. Эгерде сот экспертиза туура эмес чыкканын аныктаса, сайт кайра иштесе болот.

ИИМдин Кибер коркунучтарга каршы бөлүмүнүн башчысы Улан Бердибаев билдиргендей, өлкөдө жыл сайын радикалдык, экстремисттик үгүт иштерин жүргүзгөн 20га жакын сайт жабылат. Бирок алар атын жана IP дарегин өзгөртүп, ишмердигин улантып жаткан учурлар да бар.

Бишкекте IV Улуттук агрардык-инвестициялык форум болуп өттү

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 25-майда, IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумга катышты. Форум «Айыл-Агро-2016» Эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Форумдун ишине мамлекеттик орган өкүлдөрү жана республиканын аймагынан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда.

Абулгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата өкмөттүн ишиндеги негизги маселе – фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү жана лизинг алуу үчүн шарттарды түзүү.

Ошондой эле Абулгазиев келечектүү багыттардын катарында күнөсканаларды, мал союучу жайларды куруу, логистикалык борборлорду ачуу, тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизүү жана мал-чарба продукциясынын сапатын жогорулатууну атады.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2011-2015-жылдары республика боюнча 50 миңге жакын фермерлер жалпы суммасы 13,5 млрд сом эсептелген жеңилдетилген кредиттерди алышкан. Мындан тышкары 1637 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген.

Абулгазиев билдиргендей, өкмөттүн аталган демилгелеринин алкагында айыл чарбанын ИДПга карата үлүшү жогорулап, 197,7 млрд сомду түзгөн. 2014-жылга салыштырмалуу аталган тармактын өсүү темпи 106,2 % түзгөн.

Меню