Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнү расмий жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады.

Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта. Буга чейин министр Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча көрүлгөн аракеттер тууралуу билдирүү жасаган. Анда министр каза болгондордун бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары экенин айткан.

Ош облусу:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2 Бекмурзаева Диана Акылбековна – 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек – 22.07.1999, Араван райыону, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна – 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусу:

1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич – 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
2 Мусабаева Элнура Турганбаевна – 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина – 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет – 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз – 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.

Баткен облусу:

1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы – 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек – 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович – 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Осмонова Айтгул Момуновна – 10.05.1959, Баткен шаары.
5. Арыстанбек уулу Нуртилек – 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.

Ооруканада жаткандар:

1. Алибаева Айгул – 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык – 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек – 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканадагы үч жарандын экөө жалпы палатага которулганын, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирген.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келинет.

23-август улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын тексти:

“2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.

Каза болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам:

  1. Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.
  2. Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
  4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”.

Садыр Жапаров РФнын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.

Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам.

Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам.

Ыйык Кураныбызда “Аллахым сабырдууларды сүйөт” деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим!

Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Урматтуу мекендештер, бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен    23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялайм”.

УКМК: «Үмүт и Ко» фирмасынын ээси Журат Абдуллаевдин кабинетинен 7 млн доллар, 209 млн сом, 100 миң евро, 1 млн рубль табылды

КР МУКК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и К» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7,354,475 АКШ доллары;

2) 209,164,100 сом;

3) 100,960 евро

4) 1,055,900 рубль;

5) 155 дирхам.

      Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

Маалыматтарга караганда, учурда «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын КР салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.

Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.

Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводун модернизациялоону тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту.

Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну тапшырды. «Лабораториянын иши кынтыксыз болушу керек, анын «Люкс» классындагы продукциясынын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кынтык таппагандай болушу тийиш», – деп белгиледи ал.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоону, натыйжада, толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү ж.б.у.с. тапшырмалар берилди.

Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары заводдун продукциясын келечекте чет өлкөгө экспорттоо маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана сатууну ооздуктоо чараларына өзгөчө көңүл бурду. «Контрафакт – бул биздин экономиканын рак оорусу», – деп баса белгиледи ал.

Садыр Жапаров Россиядагы жол кырсыкта каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды

“Президент Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”,- деп билдирди Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу.

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев менен анын аялына рейдерлик боюнча кылмыш иши козголду

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев менен анын муркунку аялы Майра Курмангалиевага рейдерлик боюнча кылмыш иши козголгону ырасталды. Бул тууралуу прокуратурадан келген расмий жоопко таянуу менен КазТаг агенттиги кабарлады.

“17-июнда бул арыз боюнча Алматы шаарынын экономикалык тергөө департаменти Казакстандын Кылмыш Кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгүндө (Рейдерлик) каралган укук бузуу боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады”, – деп жазылган прокуратуранын жообунда.

21-июнда Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги Karuan компаниясын рейдерлик басып алуу жөнүндө арыз түшкөнүн билдирген. Бизнесмен Нурша Какенов бул өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевди рейдерликке айыптаган.

Karuan компаниясы Маңгыстау облусунда марганец чыгарат.

Болат Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин иниси. Январь окуяларынан кийин Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү таасиринен ажырап, анын жакындары кызматтан кеткен же камалган. Айрым маалыматтарга караганда, Болат Назарбаев 6-январда кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен. Соңку мезгилде анын катуу ооруп жатканы жана мекенине кайтканы кабарланууда.

Быйыл апрелде Almaty Steklo заводунун кожоюндарынын бири рейдерлик баскынчылыктын курмандыгы болгонун жана ишканасынын жарым үлүшүн Болат Назарбаев тартып алганын айткан. Андан мурдараак Болат Назарбаевге байланышы бар майнинг компаниялар аныкталганы кабарланган.

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргыз жараны каза болуп, 3 жаран оор жаракат алган

Кечээ,  21-август күнү Москва убактысы боюнча саат 13:00дө Россиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунун Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосунда М5 – “Урал” унаа жолунун 808 – 810-чакырымында 2 оор жүк ташуучу унаа жана Самара шаарынан Москва шаарына багыт алып бара жаткан “Mercedes” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыгынын кесепетинен жалпы 16 адам каза болуп, алдын ала маалымат боюнча 14ү Кыргызстандын жараны (тактоо иши жүрүүдө) жана 3 жаран оор жаракат алган. Жабыркаган 3 жаран Ульяновск облусунун Николаевск районунун борбордук ооруканасына, ал эми каза болгондор ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Жол оңдоо иштери жүрүп жаткан участоктон өтүү үчүн оор жүк ташуучу унаанын артында кезек күтүп турган микроавтобустун артынан дагы бир оор жүк ташуучу машина катуу ылдамдыкта келип сүзүп, микроавтобус эки чоң унаанын ортосунда капшырылып калган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинен атайын топ жерине барып, тийиштүү чараларды көрүүдө.
Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү балдардын "Алтын балалык" реаблитациялык борборуна директор болуп дайындалды

Бүгүн, 19-августта КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу боюнча Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү балдардын “Алтын балалык” реаблитациялык борборуна директор болуп дайындалды. Бул тууралу ал өзү журналисттерге билдирди.

Андан сырткары Алымкадыр Бейшеналиев эртең, 20-августтун таңында Түркияга белгисиз мөөнөткө учуп кете турганын кошумчалаган.

Ага чейин КР Президентинин Алымкадыр Бейшеналиевди КР Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотуу тууралу буйругу жарыяланган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын 14-октябрынан бери Саламаттыкты сактоо министри кызматын аркалап келген.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду.

Меню