Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.

Ош облусу:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна – 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек – 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна – 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Маркумдардын сөөктөрү атайын учак менен 23-август күнү кечке учак менен Ошко алып келинди. Жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу кечээ, 23-августта Кыргызстан аза күттү.

HRW тажик бийлигинен Тоолуу Бадахшандын жашоочуларына карата куугунтукту токтотууну талап кылды

Human Rights Watch  эл аралык укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигин мыйзамсыз камоолорду жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочуларын адилетсиз соттоону токтотууну талап кылды.

HRW 23-августта тараткан билдирүүсүндө “Тажикстандын бийлиги бул тажрыйбага чекит коюп, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыздоо үчүн эл аралык келишимдерди аткарышы керек” деп айтылган.

Укук коргоо уюмунун кайрылуусунда Тоолуу Бадахшандын ондогон жашоочусу май айындагы митингдерден кийин кармалганы, адвокаттар киргизилбей жатканы жана алардын күнөөсү далилденбей адилетсиз соттолушу ыктымал экени белгиленген.

Май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон нааразылык учурунда ондогон киши өлүп, укук коргоо органдары жүздөгөн адамды, анын ичинде аймактын активисттерин кармап кеткен. Алар башаламандыктарды уюштурууга айыпталып, айрымдары узак мөөнөткө соттолду. Кармалгандар жана алардын туугандары айыптоолор негизсиз экенин билдирип келишет.

Өлкөдөгү облустук телерадиокомпаниялар КТРКнын карамагына өтөт

Өлкөдөгү бардык облустук телерадиокомпаниялар Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, телерадиокомпаниялар КТРКга тиешелүү штаты, каржылык жана материалдык-техникалык базасы менен өтөт.

Мындан тышкары президент министрлер кабинетине КТРКнын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жана корпорациянын техникалык модернизациясы үчүн каражат бөлүүнү тапшырды.

2022-жылы май айында Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК бренди) Улуттук телерадиоберүү корпорациясы болуп кайра түзүлгөн.

“Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алып, президент ага 13-апрелде кол койгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда КТРКга коомдук телеканал деген макам берүү өзүн актабаганын билдирген.

“КТРК чыныгы коомдук канал болгон жок. Көптөгөн кемчиликтер бар, функциялар аткарылган жок. Ошондуктан биз мамлекеттин идеалогиясын жана баалуулуктарын тараткан күчтүү мамлекеттик телеканал түзүүнү каалайбыз”, – деген министр.

Президенттин администрациясы өз кезегинде мыйзам редакциялык саясатты өз алдынча аныктоого, маалымат продукцияларынын сапатын жакшыртууга багытталанын белгилеген.

“Медиа Полиси” институту болсо мыйзам кабыл алынса, демократиялык принциптер жокко чыгарыларына тынчсызданган.

КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон.

"Кумтөр" компаниясындагы финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан алынды

Бүгүн «Кумтөр» кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул тууралу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды.

Буга байланыштуу, «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды.

Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жалпы көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет.

Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат.

Россиядагы жол кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү салынган атайын учак Ош аэропортуна келип конду

Ош шаарынын аэропортуна Россия Федерациясынын  Ульяновск областындагы жол кырсыгынын натыйжасында каза болгон 14 мекендешибиздин сөөгү салынган атайын борт келди.

Тийиштүү уюштуруу иштерин жана башка маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги жеринде иш алып барууда.

Каза болгондордун туугандарына Президент Садыр Жапаровдун атынан материалдык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын Жарлыгы менен 23-август Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Канатбек Азиз Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык  Канатбек Азиз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.

Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Абдырахманов Төлөбек Абылович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.

Россияда жол кырсыгынан каза болгон 14 кыргыздын сөөгү атайын учак менен Кыргызстанга жөнөтүлдү

Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, бүгүн, 23-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкты. Алдын ала маалымат боюнча 3,5 саат аралыгында Кыргызстандын Ош шаарындагы аэропортуна конору күтүлүүдө.
Ульянов шаарына КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, КР Президентинин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков жеринде РФ ӨКМнин Ульянов облусун башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Михаил Осокин жана орун басары, полковник Михаил Николаев менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаручу болуп дайындалды

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Баатырова Гүлнара Маришовна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайды абакта калтырды

22-августта Бишкек шаардык соту жарандык активист, блогер Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин активистти үй камагына чыгарууну өтүнүп, анын адвокаты сотко арыз менен кайрылган.

Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Милиция жарандык активистке козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Адилет Балтабай буга чейин журналисттерге комментарий берип, ага эки берене “бийликке баш ийбөө” жана “жарандарга зордук-зомбулук көрсөттүү” менен айып коюлуп жатканын, өзү күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал болгону Фейсбукта өз пикирин гана айтып келгенин белгилеген.

Активист акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкектеги казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.

Укук коргоо уюмдары бийликти сөз эркиндигин сактоого, оппоненттерин, активисттерди куугунтуктабоого чакырып келатат.

Меню