Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Беларус тарап Курманбек Бакиевди "саясий себептерден улам куугунтукка алынды" деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун башкы көзөмөл органына өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиевге карата Аскердик соттун өкүмүн таануу жана аткаруу боюнча өтүнүч кат жолдоду.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Беларус тарап Бакиевди “саясий себептерден улам куугунтукка алды” деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты.

“Беларустун Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тартты. Алар анын соттолушун саясий себептерден улам куугунтук катары баалашкан”, – деп билдирди Кыргызстандын Башкы прокуратурасы.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алгандар боюнча тагылган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер коюлган айыптарды четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин билдирген, бирок мурдагы президенттерди “реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат” деп айткан. Июль айынын башында “Жаңы ордо” гезитине берген маегинде Бакиев өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча суроолорго онлайн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

УКМК: Кадырбек Досоновдун ("Дженго") кылмыштуу тобунун жана жихадчылар жамаатынын каракчылык жасап жүргөн мүчөсү кармалды

Бүгүн, 25-августта КР УКМКнын Баткен областык башкармалыгы  тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалган:

      – «Г.у.К», 1993-жылы туулган, «Абу Нур» каймана аты бар, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон, жааматтын башчысы; 

      – «П.А.И.», 1981-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 229-2 1-бөлүгү менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат («Кавказ Эмираты» ЭТУнун мүчөсү);

      – «К.Д.Р.»,1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.

      «Абу Нура» кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун шериктерине/согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.

      Жашаган жерлеринен тинтүү иштеринин натыйжасында РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги – 49 даана, 5,45 мм. – 5 даана. жана 9мм. – 3 даана ок-дарылар, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган.

      Кармалгандардын бири Баткен облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

      Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Улуттук банк: Европага $1,1 млрд акчага 19 тонна кыргыз алтыны экспорттолду

Европа өлкөлөрүнүн бирине  1,1 млрд АКШ долларына 19 тонна кыргыз алтыны экспорттолду. Бул тууралу КР Улуттук банкы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл ичинде тышкы соода жүргүзүү боюнча, атап айтканда алтынды экспорттоо боюнча маалыматына шилтеме келтирүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүнү билдирет. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды сатып алуу боюнча өзгөчө укуктарга ээ. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк алтын-валюта резервдеринин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо принциптерин сактоо менен туруктуу негизде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алтынды улуттук валютага сатып алат. 

Кыргыз Республикасында баа жана финансылык туруктуулукту сактоого багытталган акча-кредит саясатынын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк баалуу металлдарды андан ары жайгаштыруу жана/же сатып өткөрүү максатында аларды тышкы рынокторго жайгаштыруу боюнча стандарттуу операцияларды жүргүзөт.  

Бул операциялар Улуттук банкка өз учурунда жана ыкчам түрдө алтын-валюта резервдеринин ликвиддүү бөлүгүн толуктап турууга шарт түзөт. Тышкы рыноктордо баалуу металлдарды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсептерине түшүп, кайра акча-кредит саясатында каралган негизги милдеттерди чечүүгө багытталат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл үчүн тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 1,1 млрд АКШ доллары тегерегиндеги суммага 19 тоннага жакын алтын экспорттолгондугу белгиленген. Аталган маалымат 2021-жылдын башында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу боюнча операцияларын чагылдырат.  

Тышкы рыноктордо алтынды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине түшкөн. Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн АКШ долларынын тегерегинде), чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө (200 млн АКШ доллары тегерегинде) багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деӊгээли 2021-жылдын аягында 169,5 млн АКШ долларына же 6,0 пайызга көбөйүп, 2 977,6 млн АКШ долларын түзгөн. 

Борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялар жөнүндө маалыматтар коопсуздук принциптерин сактоо зарылчылыгынан улам купуя маалыматтардын категориясына кирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогоруда көрсөтүлгөн принципти сактоо менен эл аралык резервдерди тескөө процессин жүзөгө ашырат, демек бул операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ.  

Улуттук банк өз ишин жүзөгө ашырууда маалыматты ачык-айкын, так жана толук чагылдыруу принциптерине таянат. Улуттук банк тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар Улуттук банктын жарыяланган финансылык отчетунда чагылдырылган, ал Аудит боюнча эл аралык стандарттарына ылайык эл аралык көз карандысыз аудит тарабынан тастыкталган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталган. Улуттук банктын 2021-жыл үчүн финансылык отчету Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланган. 

Экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу сунушталууда

Кыргызстандын президенти жана экс-президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган. Муну менен экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.

Мындан сырткары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.

Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган. Мыйзам долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.

Эл өкүлү экономикалык жактан кубаттуу Түркия, Түштүк Кореянын кызматтан кеткен мамлекет башчыларына Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганын белгилеген.

Учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Мурдараак айрым активисттер алардын “экс-президент” макамын алууга байланыштуу кол топтой баштаган. Алар “өлкө кыйналып, жумушсуздук жана миграция күчөп турган маалда мурдагы мамлекет башчылар чоң суммада пенсия алып, сакчылардын кароосунда жүргөнү туура эмес” деген жүйө келтиришкен.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда жабыр тарткандар да экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу чакырыгы менен чыгышкан.

Жаңы президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугуп жүргөн учурда ушул боюнча келген суроого жооп берип жатып, Жээнбековдо “экс-президент” макамы сакталып калышы керектигин айткан.

Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал өлкөнү 2010-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башында 2017-жылдан 2020-жылга чейин турган.

Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтөт

Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтүп жатканын бул өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 24-августта Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында айтканын Орусиянын ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Шойгунун айтымында, Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базаларынын жана башка күчтөрүнүн даярдыгын Ооганстандагы абалдан улам пайда болушу ыктымал кризистик кырдаалдарга чара көрүү максатында бекемдеп жатат. Ал Ооганстанда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган жана “Ал Каида” эл аралык террордук топтор активдешип жатканын белгилеп, муну Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч деп атады.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар “Кант” авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү ал кездеги президент Атамбаев менен макулдашкан.

Наманганда Кыргызстанга дээрлик $2 миллион мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган топ кармалды

Өзбекстандын Наманган облусунда Кыргызстан аркылуу чет элдик валюталарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу менен алектенген топтордун ишмердүүлүгүн токтоттуу максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Наманган облусунун Касансай районунда жашаган ага-ининин автоунаасы чек арадан Кыргызстан тарапка өтүүгө аракет кылган маалда токтотулган.

“Автоунааны текшерүү учурунда арткы орундуктун алдынан 205 600 АКШ доллары салынган полиэтилен баштык, ошондой эле 836 000 жана 800 000 доллар салынган эки синтетикалык кап табылды”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары мыйзамсыз валюта ташыгандарды аныктоо иш-чарасынын жүрүшүндө Касансайдын 33 жаштагы дагы бир тургуну кармалып, автоунаасынан 167 100 АКШ доллары табылды.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталды.
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасында валютаны жана башка товарларды мыйзамсыз алып өтүү үчүн колдонулуп келген төрт тоннель табылганы кабарланган.

Акылбек Жапаров "Кумтөр" алтын кенинин жаңы жетекчиси Алмаз Барыктабасовду ишкананын жааматына тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган Президенти (Башкармалыктын төрагасы) Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

Ал белгилегендей, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

««Кумтөр» Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менеджментинен эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоосу тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Иште эч кандай кемчиликтер болбошу керек. Министрлер Кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл», – деди Акылбек Жапаров жана компаниянын жаңы жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгиледи.

“Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын өзгөчө белгиледи.

“Мындай шартта өлкө коопсуздугун камсыздоодо атайын кызматтын кызматкерлерине өзгөчө суроо-талап коюлат, ишеним артылат! Аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин учурунда чечүү алардын жана жаш муундардын Ата Мекенди коргоого болгон умтулуусун арттырат”, – деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров белгилегендей мамлекет аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттерди жүргүзөт.

“Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тынчтыгын камсыздоодо болгон аракетиңиздерди күчөтүп, чекисттик салттарды бекем сактап, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн ар дайым өз салымыңыздарды мындан ары дагы кошосуздар деп терең ишенем!”, – деди Президент.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн  ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз.  Ушуну эсиңиздерге  алып койушуңуздар керек”, – деди Садыр Жапаров иш-чарага катышкандарга кайрылып.

Ал ошондой эле мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.

Президент Садыр Жапаров жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыгып, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жаңы конуштуу болушу менен менен дагы бир жолу куттуктап, аларга чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди жана Мекендин бакубаттулугу үчүн ак кызмат кылууну каалады.

Белгилей кетсек, бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле  учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

Фото - 12 жашынан кийин кулагы укпай калган Мээргүл Каракозуева БУУнун Өнүгүү программасынын жардамы менен мини-отель курду

Мээргүл дүйнөнүн абройлуу жогорку окуу жайларынан билим алууну кыялданчу, жакшы окуп, англис тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурган. Бирок, тилекке каршы 12 жашында менингит менен ооруп калып, анын кесепетинен кийинчерээк укпай калды. Бирок бул жагдай алдыга умтулуума тоскоол болгон жок.
БУУӨП көрсөткөн алгачкы каржылык колдоо каражаты хостел үчүн столдорду жана төшөк орундарды (шейшеп, матрас жана жууркандар) сатып алууга жумшалды.
Ал эми экинчи раунддагы грантка кичи-отел ишке киргизилди. Бөлмөлөр оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, сантехника буюмдары, матрастар, эшиктер, кулпулар, электр буюмдары, ванна аксессуарлары, чач кургаткычтар, калың пардалар алынды. Бул эми хостел эмес, мини-отель эле.
«БУУӨПтүн колдоосунун арты менен мен өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыктым, алда канча ишенимдүү жана бекем болуп калдым. Мен жашоодогу эң маанилүү сабактардын бири – сапат үчүн иштөөнү үйрөндүм. Бүгүнкү күндө 10 жумуш ордун түзүүгө жетиштим, анын бешөөсү жаштар өкүлдөрү, 3 аял горничная, 1 эркек ашпозчу жана мен».
Мээргуль туристтер элементтерин каалашынча изилдеп, эстеликке сүрөткө түшүүсү үчүн боз үйдү кыргыздын улуттук жасалгасы менен кооздоп, ичине аялдардын жана эркектердин улуттук кийимдерин илип коюуну пландап жатат. Ошондой эле улуттук ашкананы жайылтууну, туристтердин каалоосу боюнча улуттук тамактарды алардын көз алдында жасалышын көрсөтүүнү пландоододо.
«Азыр менин эңсеген кыялым – жер сатып алуу жана ал жерге мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да ылайыктуу кылып долбоорлонгон бардык ыңгайлуулуктары жана жайлуу бөлмөлөрү бар инклюзивдүү мейманкана ачуу. Ийгиликке жетериме ишенем жана бул үчүн болгон күчүмдү жумшайм,» – дейт Мээргүл Каракозуева.

Душанбе: АКШ менен кызматташуу орус-тажик кызматташтыгына эч кандай коркунуч жаратпайт

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Тажикстанда АКШнын борборук командачылыгы уюштурган “Аймактык кызматташтык – 2022” аскердик машыгууларына тынчсыздануусун билдирди.

АКШнын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Пакистандын жана Монголиянын аскер күчтөрү алты күндүк командалык-штабдык машыгуулары 10-20-август аралыгында өткөн. Мындан тышкары Тажикстан менен АКШ беш күндүк эки тараптуу аскердик окууларды уюштурган.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШнын Борбор Азиядагы аскердик машыгууларга болгон кызыгуусун аскердик аракеттердин дараметин иликтөө, перспективдүү буталардын координаттарын тактоо, мындан тышкары жогорку тактыктагы курал үчүн санариптик карталарды оңдоп-түзөө менен түшүндүрдү.

Патрушевдин билдирүүсү Шанхай кызматташтык уюмунуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Ташкенттеги жолугушуусу учурунда айтылган.

“ШКУга мүчө бардык өлкөлөр мындай америкалык демилгелер биздин коопсуздугубузга канчалык чоң тобокелчиликтерди жаратып жатканын азыр дагы баамдашууда деп өтө ишенем”, – деген Патрушев.

Ал кеп кандай “тобокелчиликтер” жөнүндө болуп жатканын так айткан эмес.

Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода 23-августта орусиялык кесиптешинин билдирүүсүнө комментарий берип жатып: “Патрушев мырзага айтып коеюн, Орусия Федерациясы менен стратегиялык кызматташтыгыбыз бар жана бул кызматташтык өзгөрүүсүз калат. Тажикстан менен Орусиянын стратегиялык мамилесине эч нерсе коркунуч жараткан жок”, деди.

Меню