Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Өзбекстандан контрабандалык коон ташыган «Форд Транзит» автоунаасы мамлекетке конфискацияланды

Баткен райондук сотунун чечими менен буга чейин Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны «К.У.О.» башкаруусундагы ««Ford Transit» үлгүсүндөгү унаасы кармалган.

Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 1200 кг, баасы 30 000 сомду түзгөн коондор табылган. «К.У.О. » Өзбекстан Республикасынан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.

Автоунаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Оперативдүү бажы Кыргыз «К.У.О.» жаранга карата Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Акылбек Жапаровдун Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.  

Төмөндө билдирүүнүн текстин келтиребиз:

«Бүгүн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Евразиялык экономикалык комиссиянын алгылыктуу ишин белгилеп кетким келет. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды.

Тараптар төмөнкү маалыматтарды угушту:

– Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору үстүндө иш алып баруу жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө.

Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту. Мындан тышкары, евразиялык интеграциянын алкагында өз ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүрдү.

Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем».

ЕАЭБ: Кыргызстан кайрадан биримдиктеги тоскоолдуктарды атады

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Кеңири форматтагы жыйындын башында сүйлөгөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биримдикте товарларды, жумушчу күчүн жана капиталды эркин жүгүртүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын жана аны чечүүнүн механиздерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тар чөйрөдө жыйынга чогулушкан. Ушул эле күнү аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгиледи. Мамлекет башчы артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигине көңүл бурду.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Өнүгүү үчүн $50.000 чейинки инвестицияны Караколдун туризм өкүлдөрү WTK долбоорунун алкагында ала алышат

«Кыргыз Республикасында кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору (мындан ары WTK) Accelerate Prosperity (АР) менен биргеликте Каракол шаарындагы туризм тармагындагы чакан жана орто ишканалар үчүн 50 миң АКШ долларына чейинки инвестицияга сынак жарыялайт. Акселерация программасы Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган WTK Долбоорунун алкагында ишке ашат.
Каракол шаарынын кышкы жана жыл бою туризм тармагында иштеген, жылдык жүгүртүүсү 350 миң сомдон кем эмес, базарда бир жылдан ашык иштеген жана бир календарлык циклден кем эмес иштеген ишкерлер жана уюмдар жылы конкурска катышууга чакырылган. Ишкерлер жана тандалган компаниялардын өкүлдөрү бизнести жалпы башкаруу, финансылык пландоо, сатуу жана маркетинг, тейлөө сапаты жана санариптештирүү боюнча сегиз жумалык интенсивдүү тренингге багытталган акселерация программасына катышат, ошондой эле APнин бизнес-эксперттерден жеке консультацияларды алышат. Ар бир катышуучу тездетүү боюнча адис трекер менен бирге бизнес долбоорун жакшыртат.
Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго өздөрүнүн бизнес-пландарын сунушташат. Комитет эң келечектүү сунуштарды тандап алат, алар тийиштүү экспертизадан өткөндөн кийин 50 000 долларга чейин инвестиция алышат.
Каалоочулар төмөнкү шилтеме боюнча арыз толтурушу керек:
Бул демилгени ХЕЛВЕТАС Кыргызстан тездетүү программасы менен биргеликте ишке ашырат жана Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) аркылуу Туруктуу кышкы туризм долбоорунун (WTK) алкагында Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат. Бул долбоор Кыргызстанда кышкы жана жыл бою туризм тармагында туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү нарк чынжырын өнүктүрүүгө багытталган.
Accelerate Prosperity (AP) Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (AKDN) Борбордук жана Түштүк Азиядагы экономикалык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болгон бизнести стимулдаштыруу боюнча глобалдык демилгеси. APтин миссиясы өнүгүп келе жаткан экономикалардагы өнүгүп келе жаткан ишкерлерди жаңы рынокторду өнүктүрүүгө, туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жана жамааттарды бекемдөөгө шыктандыруу болуп саналат.

Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө калктын жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн көмөк көрсөтөт. Акыркы 30 жыл ичинде Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам түрүндө 430 миллион швейцариялык франк которгон. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн: https://www.eda.admin.ch/bishkek дарегине кириңиз.

УКМК: Бишкектин Ленин райондук ИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. 

2022-жылдын 25-августунда Ч.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

      Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун негиздемеси бир жылдан кийин даяр болору айтылды

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иши 2023-жылдын экинчи кварталында жыйынтыкталат.

Бул тууралуу бүгүн 25-августта Бишкекте өткөн брифингде “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдирди.

Анын айтымында, негиздемени даярдоо үчүн Кытайдан 2-августта 157 адис келген. Алар азыр эки топко бөлүнүп, Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатышат. Курулушту ким каржылай турганы чечиле элек, азырынча үч өлкө тең бөлүп төлөй турганы айтылууда. Кыргызстан, Спасскийдин билдиришинче, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же инвестициялык макулдашуу аркылуу каржылоону караштырууда.

Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан бул темир жолу боюнча чечим кабыл алынбай келет. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун быйыл май айынын башында “Кыргыз темир жолунун” жетекчилиги билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюларын быйыл 3-августта Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирген.

21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында да бул жолдун мааниси тууралуу сөз козголгон. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу аймактын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын жогорулатары айтылган.

Апсамат Масалиевдин көзү өтөрү менен резиденциядагы үйүн балдары мамлекетке өткөрүп берген, ал эми Усубалиевдин, Айтматовдун, Бакаевдин балдары өткөрбөй жатышат

Кыргызстанды башкарган инсандар Турдакун Усубалиевге, Апсамат Масалиевге, Роза Отунбаевага, Сооронбай Жээнбековго жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго, УКМКнын генералы Анарбек Бакаевге мамлекеттик толук камсыздоодогу “Ала-Арча” резиденциясынан бирден хансарай бөлүнүп берилип, аны “дача” деп тергеп коюшкан. Ал хансарайлардын бардык чыгымдары элдин эсебинен төлөнөт.

Апсамат Масалиевдин көзү өткөндөн кийин балдары ал үйдү дароо мамлкетке өткөрүп беришкен. Ал эми Турдакун Усубалиевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Анарбек Бакаевдин балдары ал хансарайларда бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик камсыздоодо жашап келе жатышат. Алтургай Чыңгыз Айтматовдун баласы хансарайдын жарымын хирург Мамбет Мамакеевге сатып жиберип, ал да көчүп барып кирип алган.

Буга байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңишбек Токторбаев жаңы мыйзам долбоорун жазып, мамлекетти башкарган кишилер кызматтан кеткенден кийин 1 айдын ичинде резиденциядагы үйдү бошотуш керек деген норманы киргизип жатат.

Төмөндө мыйзам долбоорунун негиздемесинин текстин толук жарыйлайбыз:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталган.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын Экс-Президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 15, 16-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Экс-президент аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана станцияларынын кызмат адамдары жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу. Экс-президент мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга таандык болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кезектен тышкаркы тартипте алууга укуктуу.

Жогорудагылардан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга, ал эми пенсия курагына жеткенде – Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын 75 пайызы өлчөмүндө пенсияга укуктуу. Муну менен катар, акчалай каржылоонун (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен көбөйтүлөт.

Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына киргендиктен, Түркиянын экс-президенттери бардык артыкчылыктардан жана кепилдиктерден пайдаланса болмок эле, а бирок Түркиянын экс-президенттери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин, мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат.

Ушундай эле практика Украинада да калыптанган, 2014-жылдан бери бийлик мурдагы бардык чиновниктер үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жокко чыгарганын жарыялаган.

Корея Республикасы калктын жан башына кирешеси жогору, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет экенин баарыбыз билебиз (2018-жылдын сентябрына карата орточо эмгек акы айына 3 323 АКШ долларын түзөт, 2022-жылдын 1-январынан баштап минималдуу эмгек акы саатына 7,70 АКШ долларын түзөт). Экономикалык жактан ушундай өнүккөн мамлекеттин экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентиндей артыкчылыктарга ээ эмес.

Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында жана аларды мамлекеттин башка маанилүү муктаждыктарына багыттоо үчүн Мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

– 10-1-статья, Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү караган абзац менен толукталсын.

– 13-статья жаңы редакцияда баяндалган, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жеке каражаттарынан мамлекеттик күзөт кызматын пайдалануу укугу каралган;

– 15-статьянын 1-бөлүгү жана 16-статья күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Каралып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

Сунушталган мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Сунушталган мыйзам долбоору ишкердик ишин жөнгө салуу маселелерин камтыбайт, демек, жөнгө салуу таасирлерине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоодон өткөрүү үчүн бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылган.

 

Орусиялык туристтер Кыргызстанда орто эсеп менен 33 доллар коротот

Быйыл жайында орусиялык туристтер негизинен өз мекенинин курорттук жайларында эс алууга артыкчылык беришти. Дагестан, Камчатка жана Алтай туристтер эң көп барган аймактар катары белгиленди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги “Русский стандарт” банкынын иликтөөсүнүн негизинде билдирди.

“КМШ өлкөлөрү туристтик агым боюнча экинчи орунду алды. Бул өлкөлөргө барууда жогорку суроо-талапка ыңгайлуу баа саясаты, курорттук зоналар менен туристтик жайларга жетүүдөгү ыңгайлуу транспорттук байланыш маанилүү роль ойнойт”, – деп айтылат иликтөөдө.

Иликтөөгө ылайык, орто эсеп менен орусиялык турист сатып алуулар үчүн Өзбекстанда 6,8 миң рубль ( 110 АКШ доллары), Кыргызстанда 2 миң рубль (33,5 доллар), Казакстанда 10 миң рубль ( 170 доллар) коротот.

Мындан тышкары транспорттук кыйынчылыктарга карабай, орусиялык туристтер мурдагыдай эле Түркиянын деңиз курортторуна жана Мальдив аралдарына кызыгышат. Израиль, Греция менен Таиланд дагы саякат үчүн жогору суроо-талапка ээ үч өлкөнүн тизмесинде.

Кыргызстандын элчиси тажик министрлери менен чек арадагы коопсуздук маселесин талкуулады

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 23-августта Душанбе шаарында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен жолугуп, миграция жана укук коргоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү колдоо маанилүү экенин, бул “чек аралаш райондордогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга оң таасир этерин” белгилешти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын ички иштер министри Ооганстандын түндүгүндөгү эл аралык террордук уюмдар тараптан коркунуч бар экенин айтып, “аймактагы абалдын туруксуздашына жол бербөөгө биргелешкен аракеттерди көрүү” зарылдыгын белгиледи.

22-августта Эрлан Абдылдаев Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имом менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде жарандардын укуктарын коргоо тармагында, ошондой эле чек ара жана аймактык кызматташтык маселелерин талкуулаган.

“Тараптар чек ара аймактарындагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чек арага жакын жашаган тургундардын арасындагы ишенимди калыбына келтирүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарылдыгына көңүл бурушту”, – деп билдирген анда Кыргызстан ТИМи.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Орусия товар эсептешүүдө рубль, теңге, драм жана сомду колдонууну сунуштоодо

Орусия Евразия өкмөт аралык кеңешинин талкуусуна товар эсептешүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарын кеңири колдонуу маселесин алып чыгат.

РБК маалымдагандай, Орусия уюмдун мүчөлөрүнүн импорттук-экспорттук эсептешүүсүндө рубль, теңге, сом, драм жана беларус рублинин үлүшүн көбөйтүүнү сунуштайт.

Сунуштардын арасында SWIFTсиз эсептешүү мүмкүндүгүн камсыздоо да бар.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мындай операциялардын 70% орус рубли, төрттөн бир бөлүгү доллар жана евро, калган кичинекей бөлүгү башка валюталар менен жүргүзүлгөн.

Бул маселе 25-26-августта Чолпон-Атада өтө турган Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында каралат.

Орусия чет өлкөлүк валюталардан кутулуп, ЕАЭБ аймагында бирдиктүү валютаны – рублди киргизүү демилгесин мурдатан эле көтөрүп келет. Казакстан сыяктуу бул уюмдун башка мүчөлөрү муну келечектин иши катары толук колдогон эмес.

Рублди бирдиктүү валюта катары кабыл алууну айрым эксперттер өлкөнүн суверенитетин чектейт деп эсептешет.

Меню