Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Ысык-Көлдө мектептин курулушунан 3000 кирпич, 70 тактай, 60 метр кабель жана шаймандарды уурдап кеткен жергиликтүү тургун кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 6-август күнү Тоң РИИБне  Жети-Өгүз районуна каршатуу Дархан айылынын А. К. аттуу тургуну тараптан арыз келип түшкөн. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Арызында А.К. 2021-жылдын октябрь айынан тарта Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында жайгашкан Б. Алаков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде инвесторлор тарабынан каржыланып салынып жаткан мектептин ашканасын жана жылуулук казан бөлмөсүн курулуш иштерин подрядтык уюм катары  жүргүзүп  келгени жөнүндө билдирген. Суук түшкөндүгүнө байланыштуу курулуш убактылуу токтотулуп, кайрадан 2022-жылдын август айынан баштап  курулуш иштери башталаар алдында,  мектепте калган 70-даана тактай стропиласы, 3000 миң кирпич, 60 метр кабельдер жана цемент аралаштыруучу апараттын моторлору белгисиз адамдар тараптан  уурдалганы  жөнүндө маалымдаган. 

Аталган факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 54-жаштагы М.С  аттуу ошол эле Кара-Талаа айылынын тургуну аныкталып, кармалган.  Тергөө сурагында шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Жабыр тарткандарга жалпы материалдык зыян 100 000 сомду түзгөн.

Бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча далил заттар алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Бирөөнүн 63.000 долларын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.
Буга чейин борбор калаанын тургуну алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаран борбор калаанын тургуну 1995-жылы туулган  Б.Б. кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылы башка адамдар менен сүйлөшүп, жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң АКШ долларынан ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 кг Ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңги затын Талас облусунун Казакстан Республикасы менен чектеш аймагынан К.Е.Б. аттуу Казакстан Республикасынын жараны, Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 28-августунда “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны К.Е.Б. кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Студенттерден, абутуриенттерден, кызматкерлеринен жана ишкерлерден системалуу түрдө пара алып жүргөн Талас Мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас Мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, ТалМУнун ректору У.А.Ш. жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТалМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” (отметка) катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.

Ошондой эле, А.У.Ш. кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, КР Кылмыш-Процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык У.А.Ш. Талас областык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Элчи Талантбек Кушчубеков Венгриядагы кыргыз студенттери менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандык студенттер жана жарандык  коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

Ошондой эле жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле жаштарды жана билим берүүнү колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, Тышкы иштер министрлигине жана өлкөнүн чет өлкөлүк мекемелерине белгиленген милдеттер жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуунун соңунда элчи Т.Кушчубеков жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ошондой эле студенттердин Элчиликтин ар кандай маданий иш-чараларына, анын ичинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында, Венгриядагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер элчиге өздөрүнүн суроолорун бере алышты. Студенттердин турмушунун актуалдуу маселелери, Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуунун формасы жана башка темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Салбуурун боюнча мелдешке катышуу үчүн Малайзия, Сингапур, Монголия, АКШ, Чехия, Венгрия, Индия, Франция, Германия, Испания, Индонезия өңдүү өлкөлөлөрдөн спортчулар келишти

Кечээ, 29-августта Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев салбуурун боюнча майрамдык мелдештерге катышуу үчүн келген чет өлкөлүк спортчуларды тосуп алды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган спорттун түрү боюнча  Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Монголия, АКШ, Чехия, Венгрия, Россия, Индия, Франция, Германия, Испания, Индонезия мамлекеттеринен спортчулар келишкен.

Эл өкүлү Максатбек Сарбагышев келген коноктор менен жолугушуп, байыртан келе жаткан салбуурун оюндарынын мааниси тууралуу ой бөлүштү. Муну менен катар спортчуларга ийгиликтерди каалап, спорт мамлекеттер аралык достукту, кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзгөн тармактардын бири экенине токтолду.

УКМК: "Баткен күчү" лотереясын өткөргөндөр катышуучуларды алдап, автоунааларды жана башка байгелерди өздөрүнө ыйгарып алышкан

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-августунда уюштуруучусу КР жараны Х.у.Н. болгон, «Баткен Күчү» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын 25-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен облустук прокуратурасы менен биргеликте шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүштү.

Тинтүү иштеринин натыйжасында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды, ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду. 

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү катары өздөрүнө тиешеси бар адамдарды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелерди уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Азыркы учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтанаттуу иш-чаралар Чуңкурчак жайлоосунда өтөт

31-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чарага Төрага Акылбек Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX  кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Иш-чара УТРК, республикалык телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата иш-чаранын салтанаттуу ачылышынын башталышы болжол менен саат 09:40та.

Оппозиция: КР Жогорку Кеңеши аткаруу бийлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Күмтөр боюнча отчетун уксун

2022 жылдын 27 августунда КР Президенти Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде, төмөнкү маселелерге токтолду:
1. Күмтөрдөгү экологиялык зыян жөнүндө: “Экологиялык зыянды “ормон опуза” кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок”. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен” деп айтты. Демек 2012 жылы (С.Жапаров жетектеген), 2012 жылы (Т. Сариев жетектеген), 2021 жылы (А.Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тарабынан такталган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017 жылы оппозицияда жүргөндө “колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт”, бийлик тарабынан бизге берилбей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат, деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек? Ушунча жыл методикасыз саналган зыяндарды өлчөп жүргөн комиссиялардын башчылары жана мүчөлөрү жоопкерчилике тартылабы? Методикасыз, эрежесиз, “ормон опуза” аркылуу эсептелген экономикалык, экологиялык зыяндарды, КР соттору бийликтин кысымынын негизинде мыйзамдаштырып келгенби? Ошондо, акыркы 10 жылдан ашуун убакытта Садыр Жапаров оппозицияда жүрүп айткан сөздөрү калп, жалган болуп, “ормон опуза” аркылуу бийлике келгенби?

2. Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү жөнүндө: Президент Садыр Жапаров “Центеррадагы” 26 % үлүшүбүз, (баасы 500-600 млн. доллар) жөн эле кагаз болуп калган, 30 жылда 30 тыйын дивиденд бербеген акциянын эмне кереги бар” деди. Ошол эле учурда 2021 жылдын жыйынтыгы боюнча ошол акциялардан түшкөн 11 млн.доллар дивидендтерди төлөттүк деп өзү билдирди. Эгерде жылына ушундай өлчөмдө дивиденд алып турсак, анда 30 жылда ал киреше канча болгонун эсептеп алгыла. Жөн эле кагаз болсо, эмнеге Кыргыз Алтындын жетекчиси Кыргызстандын үлүшүн бербейли деп аракет жасады? Торонто биржасынын маалыматы боюнча, 2022 жылдын январ айында Кыргызстандын 26 % акциясынын баасы 656 млн. 366 миң доллар болчу. Эмнеге 656 млн. доллар турган акцияларды сатып же Кыргызстанга калтырганга аракет жасаган жок? Ар кайсы өлкөлөрдөн бюджетти колдоо үчүн тилемчилик кылып жүргөн өкмөтүбүзгө, кантип 656 млн. доллар “жөн эле кагаз” болуп калган?

3. Күмтөр боюнча билдирүүлөрү жөнүндө: Садыр Жапаровдун, Акылбек Жапаровдун, Теңиз Бөлтүрүктүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын бир бирине карама-каршы келген билдирүүлөрүнун кайсынысына жана кимисиникине ишенишибиз керек?

4. Күмтөрдүн иштеши жөнүндө: Бийлик Күмтөрдө коррупция орногон деп, Теңиз Бөлтүрүктү расмий түрдө кызматтан алды. Күмтөрдүн ичинде ири коррупциялык процесстер жүруп атканын, экологиялык маселелер чечилбей, андан оор жагдайларга баратканын, ачык-айкын эффективдүү башкарууга барбаганын, Күмтөрдүн өндүрүшүнүн баардык тармактары кескин начарлаганын Бириккен демократиялык кыймыл буга чейин эле эскертип келген, азыр деле баса белгилейбиз.

Биз азыркы Президенттин жана өкмөттүн Күмтөр боюнча жүргүзгөн саясаты алдамчылык жана шылуунчулуктун негизинде жүргүзулүп жатат деген тыянакка келип, төмөндөгүлөрдү талап кылабыз:

1. Акыркы кол коюлган “Центерра” менен Кыргызстандын тынчтык келишиминин толук текстин коомго ачыктагыла. “Центерра” тараптан ким, Кыргызстан тараптан ким кол коюшканын жана кандай шарттар менен кабыл алынганын эл билсин.

2. Өкмөттүн токтому менен 2022 жылдын 15 апрелинде дайындалган эл аралык “Ernest & Young” аудиттик компаниясынын корутундусун элге ачыктагыла.

3. 2022 жылдын 10 майында карьердин бортторунун жылышы боюнча өкмөттүн чечими менен түзулгөн, мамлекеттик атайын экологиялык комиссиясынын жыйынтыктарын коомго жарыялагыла.

4. КР Жогорку Кеңеши жайкы тыныгуудан кийинки, алгачкы отурумунун ачык жыйынында, аткаруу бийлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Күмтөр боюнча отчетун уксун.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Күмтөр элибиздин үмүтү да, чыры да, ыйы да, болуп келди. Өткөндөн сабак алып, мамлекетибиздин жана өсүп келе жаткан муундардын келечеги үчүн, Күмтөрдүн мурунку тагдырынын кайталануусуна жол бербешибиз керек!

29.08.2022 ж. Бириккен демократиялык кыймыл (БДК)

Ду Дэвэнь, элчи: "Кытай элчилиги КЭРде билим алып жаткан студенттерге виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат"

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Анда түрдүү тармактарда, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн Кытай тарап менен кызматташуу артыкчылыктуу багыт катары саналарын, анткени эки өлкөнүн элдерин кылымдык тарых байланыштырып, алар жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш жана чыныгы дос экенин белгиледи.

Жолугушууда кытай тарап “Ден соолук экспресс” долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобун жөнөтөрү талкууланды. Ошондой эле, кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик КЭРде билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат. Акыркы жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө белгилүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Ошондой эле Кытай коронавирустук инфекцияга каршы 500 миң вакцина жөнөтүүгө даярданып жатканы, мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу маселеси иштелип жатканы белгилүү болду.

Меню