Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Орусия Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгуусун баштайт

Москва 50 миңдей аскер катыша турган кезектеги машыгууга даярданууда. Маневр 1-сентябрда башталат жана бир жумага созулат.

Ага Кытай, Индия, Лаос, Монголия, Никарагуа, Алжир, Сирия, мындан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышат.

Машыгуу кургактык менен катар суудагы ар түрдүү операцияларды камтыйт.

Ошол эле маалда Орусиянын Тынч океан флоту менен Кытайдын Аба-деңиз күчтөрү Жапон деңизинин акваториясында деңиз коммуникацияларын жана деңиз экономикалык ишмердүүлүгүн коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерге катышат.

Орусия Коргоо министрлиги машыгуу коргонуу мүнөзүнө гана ээ экенин жана кайсы бир өлкөгө каршы багытталбаганын айтууда.

RFE/RL радиосунун президенти Жейми Флай Тажикстандын президентине нааразылык кат жолдоду

RFE/RL радиосунун президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кат жолдоп, “куугунтуктун жаңы толкунуна жана “Озоди” радиосунун журналисттеринин ишине бут тосуу аракетине каршы” экенин билдирди.

Кат Тажикстандын президентинин аппаратына 31-августта тапшырылды. Ага азырынча жооп боло элек. Бирок буга чейин расмий Дүйшөмбү жалпыга маалымдоо каражаттары эркин иштеши үчүн өлкөдө бардык шарттар түзүлгөнүн кайталап келген.

Жейми Флай катында Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы май айында болгон окуялардан кийин “Озоди” радиосунун журналисттерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо мурдагыга караганда көп боло баштаганын жазды.

“Озоди” радиосунун, “Настоящее время” телеканалынын кабарчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кол салууга кабылды. Алардан кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонгон электрондук шаймандары алынган”, – деп жазды Жейми Флай.

Ал “Озоди” радиосунун кызматкерлерине карата кысым жана коркутуулар боюнча ондогон учурлар катталганын, мындай окуялар күндөн-күнгө көбөйүп эле баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Ушул жылдын 17-майында “Озодинин” журналисти тоолуу бадахшандык активист Улфатхоним Мамадшоевадан маек алгандан кийин ур-токмокко алынган. Мамадшоева бир күндөн кийин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы башаламандыкка шек саналып кармалган.

“Озоди” радиосунун Инстаграмдагы баракчасында 1,5 миллионго, Ютубда 1,8 миллионго жакын катталуучусу бар. Радионун социалдык тармактардагы баракчалары жана сайты Тажикстанда эл маалымат алган бирден-бир маалымат булагы.

Садыр Жапаров: Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар

«Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы  Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Чуңкурчак жайлоосундагы өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгиленип, өлкөнүн 31 метрлик туусу көтөрүлүп жатканын белгиледи.

“Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келди.

Кыргызда ар дайым ийгиликке, жеңишке жетишкенде туусун бийик көтөрүп, ага таазим кылып келген. Байрагыбыз бийик желбиреп турса, элибиздин Мекенге болгон сүйүү жана атуулдук сезими артылат. Себеби атуулдук ариетибиз да, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турат.

Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт.

Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик.

Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык.

Ошентсе да карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, алардын аталыштары гана тарых беттеринде калды.

Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу!

Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз!

Ар дайым эгемендигибизди туу тутуп, эл-жерибиздин көз карандысыздыгы үчүн канын, жанын аябай күрөшкөн Байтик баатыр сыяктуу ата-бабаларыбызды эскерүү, алардын Ата Журтка кылган кызматын кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой жеткирүү мойнубуздагы ыйык

Себеби биздин баатыр ата-бабаларыбыз элдин, мамлекеттин уюткусу катары мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин маани-маңызын аңдап-сезип, тарых агымына баам салып, жети өлчөп, бир кесип отуруп келечек муун үчүн, тагыраак айтканда, мына бүгүнкү күн үчүн кам көрүшкөн.

Дегеле 3 миң жылдан ашуун терең тарыхты бизге калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын рухуна дайыма таазим кылабыз!”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өлкөнүн ар бир жараны улутуна жана динине карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экенин белгиледи. Ынтымактуу Кыргызстандын эли балдарды чогуу тарбиялап, майрамдарды чогуу тосуп, кыйынчылыкты бирге көтөрөт.

«Бирөөнүн үйүнө кыйынчылык келсе, бизден өткөн ынтымактуу, камкор адамдар жок. Биз ар дайым бири-бирибизге жардам берүүгө шашабыз. Ар бир көчөдө, ар бир жамаатта, айылда жана шаарда бардык кыргызстандыктар бүгүн тынчтыкта ​​жана ынтымакта жашап жатышат. Ар бирибиз ушул бейпилдикти сактап гана тим болбостон, жерибизде өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана гүлдөп-өнүгүүнү жигердүү бекемдешибиз керек.

Бүгүн биз жалпы, эң маанилүү майрамыбызды – 31-августту белгилейбиз. Бул биздин Эгемендүүлүк күнүбүз гана эмес, Кыргызстандын көп улуттуу элинин достугунун жана биримдигинин майрамы», – деди президент Садыр Жапаров.

Сооронбай Жээнбеков, экс-президент: Коомдо ар кыл көз караштар, кайчы пикирлер болушу мүмкүн. Бирок мекенибиздин эгемендиги дегенде баарыбыз бир эл, бир журт катары чоң күчпүз

КР экс-президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады:
Урматтуу мекендештерим,
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм!
Бул күн – кылымдар бою күрөшүп жүрүп, эркиндикке жетип, өз мамлекеттүүлүгүбүз кайра жаралган күн. Ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен керемет жерибизге өзүбүз толугу менен ээ болгон күн. Тарыхы терең, көрөңгөлүү кыргыз калкым, көп улуттуу элибиз эгемендигин дүйнөгө жар салган күн.
Коомдо ар кыл көз караштар, кайчы пикирлер болушу мүмкүн. Бирок мекенибиздин эгемендиги дегенде баарыбыз бир эл, бир журт катары чоң күчпүз. Тарыхтын татаал сыноолорун биримдик менен гана жеңдик, тоскоолдуктардан ынтымак менен өттүк. Мекенибиз бирөө – ал Кыргызстаныбыз! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок !
Өлкөбүздүн келечеги кең болсун! Ар бир үйдө тынчтык, мамлекетибизде өнүгүп-өсүү, улуттар аралык ынтымак болсун! Мамлекеттүүлүгүбүздү бир үй-бүлөдөй сактайлы.
Майрамыңыздар менен!

ТИМ: Россияда унаа сүзүп кеткен кыргыз жаранынын абалы оор

Кыргыз Республикасынын Ж.к.А. аттуу жаранын унаа сүзүп кетип, алган жаракатынан улам комага түшүп, жардамга муктаж болуп тургандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарап жатат. Буга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Учурда Ж.к.А., оор жаракат алган жол кырсыгы фактысы боюнча Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жабыр тарткан жаран Подольск областтык клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Жабырлануучунун жалпы абалы турукташкандан кийин адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн башка медициналык мекемеге которуу маселеси каралат.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көзөмөлүндө. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери жабырлануучунун жакын туугандары жана алардын өкүлү менен өз ара байланышта.

ИИМ: Аялын жана 3 жашар уулун сабаган милиция кызматкери кызматынан бошотулду

Кечээ, 30-август күнү Интернет мейкиндигиндеги  айрым соцтармактар аркылуу  ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери  Сыргабек уулу Чубак   Ош облустук ички иштер башкармалыгынын  начальниги Жеңишбек Абитовдун дарегине карата бир нече дооматтарды айтып кайрылган.
Сыргабек уулу Чубактын бул кайрылуусу боюнча  текшерген учурда тѳмѳндѳгү жагдайлар белгилүү болгон: 2021-жылдын 11-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнѳ Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылынын жашоочусу  28
жаштагы Ш.А (аял киши) арыз менен кайрылган. Арызда 2021-жылдын 10-июль күнү саат 16 чамаларында күйѳсү Сыргабек уулу Чубак ѳз ара пикир келишпестиктен улам арыз ээсин жана 3 жаштагы уулу Ч уулу Б экѳѳнү уруп денелерине жарат келтиргендигин билдирген. Чогултулган материал Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, 2021-жылдын 12-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳгү Кодексинин 66-беренесинин 1-бѳлүмү менен соткочейинки ѳндүрүш иши ачылган.
Жабырлануучулар Ш.А (аял киши) жана уулу Ч уулу Б денелеринен алган жараттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
2021-жылдын 28-июлдагы Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кортундусуна ылайык А.Ш жана  уулу Ч уулу Б  ден соолугу кыска мѳѳнѳткѳ бузулушуна алып келген жеңил жаракат алгандыктары боюнча кортундусу чыккан.  Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ жабырлануучунун күйѳөсү сотко чейинки иш боюнча шектүү Сыргабек уулу Чубак милициянын улук лейтенанты, Араван райондук ички иштер бѳлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйы катары кызмат ѳтѳй тургандыгы аныкталгандыктан  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтѳѳ кызматынын 3-башкармалыгы тарабынан  кызматтык иликтѳѳ жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында  милициянын улук лейтенанты Сыргабек уулу Чубак   Кыргыз Республикасынын  Укук коргоо органдарынын кызмат ѳтѳѳсү жѳнүндѳгү Мыйзамынын  1-главасынын 9-беренсинин 1-пунктунун, 10-главасынын 80-беренсинин 3-пунктунун 10-тарамынын талаптарын одоно түрдѳ бузгандыгы аныкталгандыктан  жана Араван РИИБдин 2021-жлдын 9-июндагы буйругу менен « Сѳгүш» жана Ош ОИИБдин 2021-жылдын 22-июлундагы буйругу менен « Кызматтык толук эмес ылайыктыгы жѳнүндѳ эскертүү» тартиптик жазаларын эске алуу менен Сыргабек уулу Чубак укук коргоо органдарынан кызматтан бошотуу боюнча буйругу чыккан. Азыркы учурда Сыргабек уулу Чубак кайрадан укук  коргоо органдарынын катарына кайтуу үчүн сот органдарына кайрылган. Учурда соттук кароо улантылууда.
Ал эми соттун чечими боюнча  Ош облусунун  ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитовдун иш бѳлмѳсүнѳ келгендиги такталган жок.
Ошондой эле Ж.Абитовду    каралоолор  боюнча учурда текшерүү иштери уланууда.

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттуктады - видео

Бүгүн, 31-августта Европа Биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттукташты.

“Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бул күн – жалпы кыргызстандыктардын улуттук биримдигинин жана ынтымагынын символу. Бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашырылышын, туруктуу келечекке ишеним жана бейпилдик каалайбыз! Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн ишин улантат. Тынчтык, бакубатчылык жана өркүндөө болсун!” деп айтылат куттуктоодо.

13 жашар кызды зордуктаган эки милиция кызматкери 15 жылга кесилди

Кечээ, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

“Биз жабырлануучунун ата-энеси менен кеңешип сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү чыккан өкүмгө нааразы эмеспиз. Бул биз сураган айыптоо беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн максималдуу жаза”, – деди жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон эки милиция кызматкерине 15 жыл, дагы бир айыпталуучуга 13 жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны максималдуу түрдө берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышы боюнча соттук жараяндар жабык өттү.

АКШ элчилиги адаттагыдай эле кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттуктады, а Россия элчилигичи?

Бүгүн, 31-августта АКШ элчилиги кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен адаттагыдай эле кыргыз тилинде куттуктады.

“Достор, АКШ элчилигинин атынан сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бул өзгөчө күндүн урматына биз English Access студенттери менен Улуттук тарыхый музейге бардык. Биз турдан ырахат алып, Кыргыз Республикасын эгемендүүлүккө алып келген эр жүрөк инсандар жөнүндө билдик. Кыргыз Республикасы мындан ары да өсүп-өнүгө берсин!” деп айтылат куттуктоодо.

Ошол эле учурда орус өнөктөштөрүбүз (Орус элчилиги) кыргыз элин бир да жолу кыргыз тилинде куттуктап койбойт. Бул өнөктөштөрдүн тилине болгон кандай мамиле?

Бишкекте кыргыз футболунун ардагерлеринин курамасы менен КМШ ардагерлеринин курамасынын ортосунда достук беттеш болуп өттү

Бишкек шаарында кечээ, 30-августтун кечинде, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата кыргыз футболунун ардагерлеринин курамасы жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курамасынын ортосунда футбол боюнча достук беттеш болуп өттү.

Ата мекендик команданын курамында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров ойноду.

Оюн башталардын алдында Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда ардагерлердин футболду өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, ошондой эле жаш муунду спортко активдүү кызыгууга чакырды.

Достук  беттеш 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды.

Иш-чара ата мекендик эстраданын өкүлдөрүнүн, ошондой эле белгилүү “Город 312” тобунун ырларды аткаруусу менен коштолду.

КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курамасынын катарында ойногондор: Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар.

Кыргызстандын ардагерлеринин курамасынын катарында:

Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар.

Калыстар тобунда Равшан Ирматов, Бахадыр Кочкаров, Абдухамидулло Расулов жана Эмил Бусурманкулов болду.

Меню