Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Ысык-Көлдө бирөөнүн жылкысын уурдап Сыртта жашырынып жүргөн Нарындын тургуну шериктери менен кошо кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 20-август күнү Балыкчы ШИИБне арыз менен Балыкчы шаарынын тургуну Т.К. аттуу жаран кайрылган, ал арызында ушул эле жылдын 2-июль күнү Тилек аттуу жана жанында белгисиз 2 адам  ишеничине кирип,  ага тийешелүү жылкысын сатып-алмаштырып кайра беребиз деп алдап ииз оорду менен  жок болгундугун билдирген. Жабырлануучуга 80 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Балыкчы шаарынын ИИБнын КБРне  катталып, КЖКнин 209-беренесинин (Урдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Нарын облусуна караштуу Кара-Суу айылынын 1975 ж.т. тургуну К.Т. аттуу жаран  Тоң районунун сырт аймагынан, жазадан жашырынып жүргөн жеринен Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.  Тергөо-ыкчам иш-чараларынын жүрүүсүндө, шектүү К.Тнын  аталган кылмышка тийешеси бар шериктеринин  өздүктөрү аныкталып колго түшүрүшүрүлгөн,  алар Балыкчы шаарынын 1991 ж.т. А.Т., 1991 ж.т  К.Ө. жана 1976 ж.т. Э. у К. тургундары болуп чыгышты. Андан аркы тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар Балыкчы  шаарынын аймагынан  дагы ушул сыяктуу 3 факт,  малды алдамчылык жолу менен ээлеп алуу  боюнча  кылмышка тийешеси бар экендигин  аныкташкан. 

Учурда шаардык соттун чечими негизинде шектүүлөргө эки айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып тергөө амалдары уланууда. 

Тергөө кызматы, кылмышка шектүүлөрдүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдардын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0701067101, 0394432716, 0394432705 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам долбооруна кол койбой, артка кайтарды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарды. Бул тууралуу парламенттин жайкы тыныгуудан кийинки биринчи жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Исхак Масалиев билдирди.

Ал президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып, аны Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары баалады. Мындан улам тармактык комитет мыйзам долбоорун чукул арада карашы керектигин айтты.

“Президенттин каршы пикиринде бир топ сын-пикир бар экен. Анда айрым бир жоболорго байланыштуу “Жогорку Кеңештин укугу жок, Жогорку Кеңештин эч кандай укугу жок” деп жазылыптыр. Муну абдан кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек. Мен муну Жогорку Кеңешти төмөндөтүү кадамы катары эсептеп жатам. Ошондуктан мен баарыңарды каршы пикирди окуп чыккыла деп суранат элем. Ал жерде биздин өкмөттөн отчет алуу укугубуз жок, маалымат гана угат экенбиз. Маалыматты болсо каалагандай бериши мүмкүн. Ортодон тил таап, бир пикирге келишибиз керек, же үчтөн эки добуш менен кабыл алышыбыз керек”,- деди Масалиев.

Буга байланыштуу президенттин администрациясы азырынча комментарий бере элек.

Парламент “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жайкы тыныгууга кетер алдында чукул карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон.

Лейлекте айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери 2 млн 409.000 сом кымтып алгандыгы аныкталып, иши сотко ашырылды

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.Э., айыл өкмөт башчынын мурдагы орун басары А.А. жана мурдагы башкы бухгалтери “Ж.Б.” сапатсыз курулуш иштери үчүн куруучуларга акча каражаттарын мыйзамсыз которуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.
Тактап айтканда, аталган кызмат адамдары жеке пайда көрүү максатын көздөшүп, 2014-2019-жылдары айыл өкмөттүн аймагында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн туруктуу коррупциялык байланыш түзүшкөн. Алар мамлекеттик сатып алууларга жарыялабастан, конкурс өткөрүшүп, өзүнө ыңгайлуу куруучулар менен тикелей келишим түзүшүп, аларга акча каражаттарын курулуш толук бүтө элек, аткарылбаган жумуштарга которушкан жана сапатсыз курулуштарды кабыл алышкан.
Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, жалпысынан мамлекетке 2 млн 409 миң 111 сомдук зыян келтирилген.
Мындан сырткары, айыл өкмөттүн мурдагы башкы бухгалтери Б.Ж. өзүнүн кылмыш иштерин жашыруу максатында бардык бухгалтердик документтерди уурдап кеткендиги боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 381-беренеси (Документти, мөөрдү же штампты уурдоо) менен айыбы угузулган.
Бул кылмышка тиешеси бар Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге карата материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен С.Э., Б.Ж. жана А.А. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылышып, кылмыш иш негизинен кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилди.

ЮНИСЕФ Кыргызстандын 100 мектебин компьютерлер менен жабдыйт

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарындагы К.Бобулов атындагы №88 мектепке ЮНИСЕФ Япония Өкмөтү тарабынан каржыланган долбоордун алкагында 11 комплект компьютер жана COVID-19 кесепеттеринин алдын алуу үчүн санитардык каражаттарды тапшырды. Бул тууралу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

№88 К. Бобулов атындагы орто мектептеги салтанаттуу линейкага жана IT-каанасынын  ачылышына Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Томоя Сонода катышты.

Компьютердик класстын ачылышында У.Мамбетакунов 88-мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн атактуу программисттер жана мыкты адистер чыгат деп үмүттөнөрүн белгиледи.

ЮНИСЕФ 100 мектепти жалпы суммасы 600 миң АКШ долларын түзгөн компьютерлер менен жабдыйт. Ал эми 460 мектепти жалпы суммасы 800 миң АКШ доллары болгон термометрлер, кол кургаткычтар, дезинфекциялоочу каражаттар жана оорулардын алдын алуу жана COVID-19 менен күрөшүү үчүн самын сыяктуу гигиеналык каражаттар менен камсыз кылат. Мындан тышкары, бардык мектептер жеке гигиена жана коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар менен камсыздалат. ЮНИСЕФтин жаңы долбоору COVID-19 шартында сапаттуу билим берүүнү көздөйт.

“Жапония өкмөтү менен ЮНИСЕФ коопсуз чөйрөдө сапаттуу билим алуу ар бир баланын укугу деген баалуулукту карманат”, – деп белгиледи Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэда.

Долбоорду ишке ашырууга долбоордун өкмөтү 2,7 млн АКШ долларын бөлгөн.

Долбоор 2024-жылдын августуна чейин уланат жана ал Туруктуу өнүгүүнүн 4-максатына: инклюзивдүү жана адилеттүү билим берүүнү камсыздоого жана бардык адамдардын өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөт.

ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Томоя Сонода “COVID-19 шартында окуу кризисинин алдын алып, балдарды билим жолуна кайтарыш үчүн биз мектептердин коопсуздугун жана ачыктыгын камсыз кылышыбыз керек”, -деп билдирди.

Сабак учурунда окуучуларга уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын окуучулар тарабынан чектелүү түрдө колдонуу тууралуу Сунуштарды бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 30-августундагы №1655/1 буйругу бекиди.

Ага ылайык, төмөндөгү учурларды кошпогондо жалпы билим берүү уюмдарынын окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө киргизүү сунушталат:

  • Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;
  • Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;
  • Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;
  • Маалымат издөө үчүн  QR-коддорду окууда;
  • Электрондук күндөлүктү колдонууда;
  • Атайын шаймандар жана техникалар менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонуу;

Ден соолугуна байланыштуу телефонду колдонууга муктаж болгон балдарга уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө коюлбайт;

Өзгөчө кырдаалдар учурунда жалпы билим берүү уюмдарында уюлдук байланыш каражаттары менен колдонууга чектөө коюлбайт;

Класста смартфондорду рюкзактардан алып чыгуу жогоруда көрсөтүлгөн пунктарга ылайык, максаттуу колдонуу учурларда гана сунушталат.

Жалпы билим берүү уюмуна киргенде уюлдук байланыш каражаттарын “үнсүз” режимге которуу зарыл (анын ичинде элес термелүүлөрдү болтурбоо үчүн титирөө режимин колдонууга болбойт).

Сунуштар окуучулардын ден соолугунун начарлашынын алдын алуу, окуу-тарбиялоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

Бүгүн өлкөдө 30 жогорку окуу жайында “Бизнес-инкубаторлор” ачылды

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын утурлай, 30 жогорку окуу жайында “Бизнес-инкубаторлор” ачылды. Бул тууралу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Түзүлүп жаткан бизнес-инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат”, – деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн тартипте өткөн стартап борборлорун ачуу аземинде.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын айтымында, студенттер ар кандай тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыга жылдыруучу идеяларды иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алат. Аларга тажрыйбалуу насаатчылар жардам берет.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири – жаштарды жана келечек муундарды окутуу үчүн ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

“Студент биринчи курстан баштап конкреттүү бир бизнес идеяны акыл-оюнда бышырса, акыркы курста стартап форматында ишке ашырса, анын натыйжасында коом үчүн жаңы жана өтүмдүү болгон бир продукт өндүрүүнү жолго койсо, бул чоң ийгиликке жетүү болуп саналат”, – деди министр.

Министр Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында республикадагы он жогорку окуу жайдын (КУУ, КУАУ, КММА, КМТУ, ОшМУ, Нарын МУ, ЫМУ, ЖАМУ, БатМУ) ректорлору жана көз карандысыз эскперттер менен биргеликте Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып, жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышып келген. Аталган 31 бизнес-инкубаторлор ушул иш-сапардын алкагында ишке ашты.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Патент” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш планын түзгөн. Анын негизинде студенттик стартаптарды өнүктүрүү, аларды акселерациялоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бизнес-инкубаторлор ачылган жогорку окуу жайлардын тизмеси:

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
  • И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
  • К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агарадык академиясы
  • Кыргыз Республикасынын эл аралык университети
  • Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  • Б. Ельцин атындагы Кыргызстан-Россия-Славян университети
  • М. Рыскулбеков атындыгы Кыргыз экономикалык университети
  • К. Дыйканбаев атындагы  КРнын ТИМдин алдындагы Дипломатиялык акдемиясы
  • И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту
  • Ош мамлекеттик университети
  • М. Адышов атындагы Ош технологиялык университети
  • А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин
  • Баткен мамлекеттик университети
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  • С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
  • Талас мамлекеттик университети
  • АДАМ университети
  • Борбордук Азиядагы Америка университети
  • Эл аралык Алатоо университети (МУ Алатоо)
  • Эл аралык инновациялык технология университети (МУИТ)
  • Салымбеков университети
  • АВС Академиясы
  • Борбордук Азиядагы эл аралык университети
  • ОИӨК “Кыргызстан эл аралык университети”
  • МАУПФиБ

Сауд араб өнүктүрүү фондунун жардамы менен Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы дүйнө жүзүндө эң маанилүү маселе саламаттык сактоо, ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн адатка айлантууга тарбиялоо болуп эсептелерин, андыктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн бардык шартттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, элдин саламаттыгын бекемдөө маселеси 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө өлкөбүздүн келечеги саналган балдардын саламаттыгына кам көрүү, ден соолугун чыңдоо маселеси мамлекеттин көңүл чордонунда турат.

Ал Өнүктүрүү программасы сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылууга, ден соолукту чыңдоого, анын ичинде балдардын ооруларынын негизги себептерин алдын алуу менен оорулардын көрсөткүчүн төмөндөтүүгө багытталганын кошумчалады.

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө маанилүү аспект болот деп белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка  балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.у.с. болот.

Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б. жайгаштыруу пландалууда.

Ушул эле жерде Мамлекет башчысы медициналык мекеменин жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады. Дарыгерлер эмгек акынын жогорулашына ыраазычылыгын билдиришип, саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер тууралуу айтып беришти.

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушуна Сауд араб өнүктүрүү фонду 500 орундуу мектеп куруп берди

Бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда Сауд өнүктүрүү фонду каржылаган 500 орундуу №97 мектептин салтанаттуу ачылышы болду.

Ага катышкан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы элчисине жана Сауд өнүктүрүү фондунун жетекчилигине социалдык объектилерди, тактап айтканда, жалпы билим берүү мекемелерин курууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү иш-чара эки элдин ортосундагы улуу достуктун символу.

Мамлекеттик катчы Кыргызстанда активдүү жүргүзүлүп жаткан билим берүүнү өнүктүрүү саясаты ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгиледи. Өлкө Президенти Садыр Жапаровдун чечими менен билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 2-3 эсеге жогорулады. Мындан ары да мугалимдерди социалдык жактан колдоо иштери дагы улантылат.

Сүйүнбек Касмамбетов билим берүү мекемеси заманбап талаптарга жооп берерин, анда студенттердин билим дараметин ишке ашыруу үчүн бардык зарыл нерселер бар экенин канааттануу менен белгиледи.

Мамлекеттик катчы студенттерге жана мугалимдерге бакубатчылык, чыдамкайлык жана мыкты окууларды каалады.

Түркиянын Кападокия аймагында “Кыргызстан” паркы ачылды

Кечээ, 31-августта Түркия Республикасынын Кападокия аймагынын Үчхисар муниципалитетинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Элчи Кубанычбек Омуралиев, Невшехир аймагынын Губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын Мэри Мехмет Савран, Кыргызстан-Түркия Парламенттик достук группасынын Башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк жана Үчхисардын Башчысы Осман Сүслү катышышты.

Боз үйлөр тигилип, парктын аталышы жана анын ачылыш тарыхы менен стела тургузулган “Кыргызстан” паркынын ачылышына арнап, иш чаранын коноктору “Достук дарагын” отургузушту.

Ошондой эле Эгемендүүлүк майрамына карата Кыргызстандын Мамлекеттик желеги 800 метрден ашык бийиктикте учкан шар менен көтөрүлүп желбиретилди.

Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында, Үчхисардын тарыхый мунарасында (туристтер эң көп зыярат кылган жай) кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана жашоосу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый жерлерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, бир күн мурда, Үчхисар мунарасынын түбүндө кыргыз жана түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт өттү. Концерттин жүрүшүндө мунарага Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери жана эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдогандын сүрөттөрү чагылдырылды.

Невшехир аймагына болгон иш сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Невшехир аймагынын Губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын Мэри Мехмет Савран, Невшехирдин Соода-өнөр жай палатасынын Торагасы Ариф Пармаксыз жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту.

Өткөн жолугушууларда региондор аралык мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар Невшехирде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин  сүйлөшүштү. Кыргызстандын Элчиси мекендештердин аталган аймактагы жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аларга максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Италиянын Неаполь шаарынын «Пьяцца-дель-Плебишито» башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү майрамдалды

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Неаполь шаарынын «Пьяцца-дель-Плебишито» («Piazza del Plebiscito») башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев, Неаполь шаарынын Вице-мэри Лаура Лието, Касерта шаарынын Мэринин башкы кеңешчиси Винченцо Баттарра, Неаполь, Рим, Болонья, Касерта, Салерно, Римини жана Кальяри (Сардиния аралы) шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Элчиликтин кызматкерлери катышышты.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев жалпы чогулгандарды майрам менен куттуктап, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын, үрп-адатын, тилин сактоонун маанилүүлүгүн эске салды.

Өз кезегинде Неаполь шаарынын Вице-мэри Л.Лието жана Касерта шаарынын Мэринин башкы кеңешчиси В.Баттарра Кыргызстан менен Италиянын маданияттар аралык байланыштарын орнотууга Кампания аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын кошкон салымы зор экендигин белгилешти.

Майрамдын программасында “Манас” элдик эпосу, кыргыз фольклорунун чыгармалары, комуз чертүү, кыргыздын улуттук бийлери, ошондой эле кыргыз элинин салттуу жашоосу, маданияты жана каада-салттары тууралуу баяндар көрсөтүлдү.

Ошондой эле Кампания аймагындагы кыргыз диаспорасы салтанаттуу кабыл алуу уюштуруп, анда белгилүү кыргыз сүрөтчүсү А.Шаршекеевдин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болуп, анын жүрүшүндө Элчи Т.Базарбаев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри А.Жаманкуловдун атынан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Венеция Биеннале – 2022» эл аралык сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук павильонунун салтанаттуу аземинин ачылышын даярдоого, ошондой эле иш-чаранын маданий программасын уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды.

Меню