Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Кыргызстандан Казакстанга аткезчилик менен чыгарылып бараткан баасы 21 миллион сомдон ашык тамеки кармалды

КР УКМК тарабынан контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Чалдыбар-унажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражаты кармалды.

Тактап айтканда, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган. Аныкталгандай, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында 211 000 куту өлчөмүндөгү тамеки буюмдары тоңдурулган тамак-аштын арасына бекитилип, тиешелүү уруксат документтери жок ташылып келген.

Маалыматтар боюнча, конфискацияланган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми төлөнүүчү салыктын суммасы 9 миллион 495 миң сомду түзгөн.

Учурда акциздик товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз каналды уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Таласта Эсеп палатасынын тышкы адиси 150.000 сом пара алгандыгы үчүн кармалып, камакка алынды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында коррупциянын көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Эсеп палатасынын тышкы адиси пара алуу фактысы аныкталды. КР ТалМУнин кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө КР Эсеп палатасынын тышкы адиси, финансылык ишмердикке формалдуу түрдө аудит жүргүзүү үчүн, ТалМУнин кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы аныкталган. 

Ошентип, козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 3-сентябрында КР Эсептөө палатасынын тышкы адиси «К.Э.Т.» кармалып, Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаларды системалуу опузалап алуу боюнча кармалды

Бүгүн, 5-сентябрда КР УКМК, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча каралып кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалышты.

Бүгүн, 5-сентябрда жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М» таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Жерүй алтын кенин казып жаткан “Альянс Алтын” компаниясы Ички иштер министрлигине 19 жаңы кызматтык унаа тапшырды

“Альянс Алтын”  ААК компаниясы Ички иштер министрлигине  “Chevrolet Nexia” үлгүсүндөгү  унааларды тапшырды. Бул унааларды тапшыруу аземине “Альянс Алтын”  ААК компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.
Ахмед Бажаевдин айтуусунда, компаниянын башкы максаттарынын  бири катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүү эсептелет. Бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тутумун, андан сырткары укук коргоо органдарын колдоону түшүндүрөт.
“Бардыгыбыз-мамлекет дагы, калк дагы жана бизнес тармагы дагы Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана тартип болуусуна кызыктар. Бул укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык камсыздалуусунан дагы көз каранды”,-деди Ахмед Бажаев.
Улан Ниязбеков  жыл ичинде өлкөбүздүн аймагында элдин коопсуздугун камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткаруусу үчүн жылдын башынан бери 90 ашык авто-техникалык каражаттарды алынып,  жер-жердеги  ички иштер органдарына берилгенин билдирди.
“Бүгүн биз “Альянс Алтын” ААК компаниясына колдоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз. Анткени, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, коомчулукка  жат көрүнгөн ар түрдүү укук бузууларга бөгөт коюп, жардам сурап кайрылган жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү үчүн биринчи кезекте материалдык-техникалык жабдуулар болуусу зарыл экенин жакшы билесиздер.
Бүгүн өзүңүздөр күбө болгондой, бул унааларды  Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердиктерин жакшыртууга, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүгө карата тапшырып жатабыз.
Элдин коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга салым кошуп келе жаткан “Альянс Алтын”  ААК компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаевге ички иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атыман ыраазычылыгымды билдирем”,-деди министр Улан Ниязбеков.
Жаңы унаалар ИИМдин кызматкерлеринин ыкчамдуулугун жогорулатып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет. Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Алсак, Жалал-Абад ОИИБге-4, Чүй ОИИББге-4, Ысык-Көл ОИИБге-9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө-1.
Андан сырткары, бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси рейондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган  “Газель” үлгүсүндөгү унааны тапшырды.
“Альянс Алтын”  ААК компаниясы Талас облусундагы Жерүй  кенинде алтын өндүрүп иштетет. 2016-жылдан бери бул аймакты өнүктүрүү үчүн 900 миллион сом бөлүп берген.  Долбоорлордун көбү “Альянс Алтын”  ААК компаниясынын өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылат.

АКШ элчиси: Өзбекстан Орусияга каршы санкцияларды сактоого ниеттүү

Өзбекстан бийлиги Орусияга каршы санкцияларды сактоону ниеттүү экенин тастыктады жана санкцияларды айланып өткөн өлкөгө айлангысы келбейт. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм маалымдады. Анын айтымында, өзбек өкмөтү санкциялар боюнча Кошмо Штаттардан кеңеш алган.

Сентябрдын башында АКШнын Каржы министрлиги Орусия менен Беларус санкцияларынан айланып өтүп, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрү аркылуу товарларын башка мамлекеттерге жеткирип жаткан болушу ыктымал экенин кабарлаган.

АКШнын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм Alter Ego долбооруна берген магениде аталган тизмеде Орусия менен ишкер карым-катнаштагы өлкөлөр бар деген.

“Демек бул потенциалдуу тобокелчилик катары каралууда, бул айыптоо же далил эмес, бул болгону тобокелчилик”, – деп түшүндүрдү ал.

Элчинин айтымында, Өзбекстан өкмөтү компаниялар экинчи санкцияга илинбөө үчүн Орусияга каршы салынган бардык чектөөлөрдү сактайбыз деген оюн ачык айткан.

Апрелде Өзбекстан банктары экинчи санкцияларга кабылбоо үчүн эл аралык кеңешчилерди тартканы айтылган.

8-августта Улуттук банк да Кыргызстан санкцияга туш болбошу үчүн аракет көрөрүн билдирген.

Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушууда кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, 10 жылдык мөөнөткө узартуу зарылдыгын белгиледи.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде виза алууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтеп, жообун берүүнү убада кылды.

“Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШнын Оруссияга карата киргизген эл аралык санкцияларынан улам айрым кыргызстандык ишканалардын акчасы америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын белгилеп, аны чечүү боюнча сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттар АКШга виза алууга жазылуу үчүн 2023-жылга чейин орун жок экенин жазышкан. Муну АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон Limon.kg басылмасына курган маегинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынганда виза алууну каалагандардын агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.

Камчыбек Ташиев, Минкабдын орун басары: “Биз бийликке келгенде өлкөнүн бюджети 180 млрд сом болчу, жакынкы 3-4 жылда бюджетти 1 триллион сомго жеткиребиз”

“Кыргызстандын бюджети 2020-жылы биз бийликке келгенде 180 миллиард эле сом болчу”, – деп билдирди кечээ, 3-сентябрда КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген интервьюсунда.

“Кийинки 2021-жылы өлкөнүн бюджетин 300 миллиард сомго чыгардык. Быйыл 2022- жылы бюджетибиз 400 миллиард сомдон ашат деп турабыз. Келерки 2023-жылы бюджетти 500-600 миллиардга чыгарабыз. Президентибиз Садыр Жапаров коюп жаткан талап боюнча жакынкы 3-4 жылда мамлекеттин бюджетин 1 триллионго жеткиребиз. Ал мындан эки жыл мурдагы, 2020-жылдагы бюджетке караганда 5 эсе көп болот дегенди билдирет”, – деди Камчыбек Ташиев.

Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Ооганстан боюнча жаңы атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) башчысы болуп Роза Отунбаеванын дайындалганын билдирди. Роза Отунбаева канадалык Дебора Лайонстун ордуна келди.

Роза Отунбаева бул кызматка лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүк жана эл аралык кызматташуу боюнча 35 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбасын эске алуу менен дайындалды. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти (2010–2011) жана үч жолу тышкы иштер министри, акыркысы 2005-жылы министрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты (2007-2010), 1991-жылы вице-премьер-министр болуп иштеген.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинде бир нече жооптуу кызматтарды аркалаган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттары жана Канададагы элчиси (1992-1994) жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси (1997-ж.) -2002). 1989-1991-жылдары ЮНЕСКО иштери боюнча советтик улуттук комиссиянын төрагасы болгон.

Роза Отунбаева 2002-2004-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Грузиядагы байкоочулар миссиясында (UNOMIG) Башкы катчынын атайын өкүлүнүн орун басары болуп да иштеген. Учурда ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын медиация боюнча жогорку деңгээлдеги консультативдик кеңешинин мүчөсү жана Кыргызстандагы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун жетекчиси.

Москва мамлекеттик университетинин философия илимдеринин доктору жана Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган. Ал кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагынына чыкканын ырастады. Анда судья ага карата козголгон кылмыш ишиндеги беренени жеңилдетип, “коррупцияны” “кызмат абалынан кыянат пайдаланууга” алмаштырганы айтылат.

“Айыпталуучунун такай жашаган жери жана жаш балдары бар. Тек-жайы документтер менен такталган. Мындан улам анын бөгөт чарасы эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде өзгөрдү”,-деп айтылат сот берген маалыматта.

Азат Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип ушул жылдын башында, 19-февралда кармалган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган деп билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, “Г.П.С.” ишканасынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени жазылган.

Узаковдун жакындары, адвокаттары ага карата козголгон кылмыш иши, кармалышы тууралуу комментарий берген эмес.

Ноокендин 33 жаштагы тургуну өзүнүн 24 жаштагы мурунку аялын 17 жолу бычактап өлтүрүп кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 26-августунан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында, Ноокен районунун  Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну жашы 25-30 чамалардагы аялдын киши колдуу болуп жансыз денеси жаткандыгы боюнча Ноокен милициясына кабар келип түшкөн.

       Аталган факты боюнча маалымат 2022-жылдын 27-август күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана  тергөө-ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп ишке керектүү тиешелүү материалдар чогултулуп алынган. 

Ошондой эле каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, шектүү катары, каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган А. И. кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иштин алкагында жана соттун кароосуна жиберүү үчүн  тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Меню