Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

«Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын директору Аман Абдылдаев 38 млн 740 миң сомду уурдоого шектелип, УКМК тарабынан кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Санарип Кыргызстан 2019-2023» долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына төмөнкү министрликтер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм, саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлегине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине 101 миллион 900 миң сом бөлүнгөнү аныкталды. 

«Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын директорунун жана бул министрликтердин жооптуу кызмат-керлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында республиканын бюджетине 38 миллион 740 миң сом зыян келтирилген, ал эми «Алдын ала пландын» чегинде белгиленген иш-чаралар аткарылган. Санариптештирүү» бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырыла элек.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чогултулган материалдардын негизинде 2022-жылдын 30-августунда «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору «А.А.Т. кармалып, КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Акылбек Жапаров: "Камбарата-1" ГЭСинин курулуш баасы $5-6 миллиард, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунуку $5-7 миллиард болот

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады.

Жыйында сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда парламенттин кароосунда 121 мыйзам долбоору турганын белгиледи.

“Парламенттин биринчи сессиясында өкмөт 124 мыйзамдын долбоорун сунуштап, анын 71и парламентте кабыл алынып, президент 67 мыйзамга кол койду. Азыр карооңуздарда 121 мыйзам долбоору турат. Биз “Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар. 15-16-сентябрда ШКУнун Самарканддагы жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюларын күтүп жатабыз. Божомолдор боюнча жылдын экинчи жарымында техникалык-экономикалык негиздемеси бүтөт, 5-7 млрд доллар керектелет”, – деди Жапаров.

8-июнда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө старт берип, гидротоннель түшчү жерде жардыруу болгон. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин маалымдаган. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол аймактык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода каттамын ачмак.

Сүйүтбек Дөөлөтбековго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы ыйгарылды

Бүгүн, 1-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун клиникалык иштер боюнча директорунун орун басары Дөөлөтбеков Сүйүтбек Муратбековичке “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы ыйгарылды.

Бусурманкул Одуракаевге “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды

Бүгүн, 1-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти  Одуракаев Бусурман Кожокуловичке “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды.

Кинорежиссер Болотбек Шамшиевге каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке  ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Минкаб Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик ишмер Медетхан Шеримкуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкуловго ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Бүгүн, 1-сентябрда Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Орусияда мектептерде сабак маалында телефон колдонууга тыюу салынды

Орусия мектептеринде жаңы окуу жылынан тартып мобилдик телефон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу бул өлкөнүн агартуу министри Сергей Кравцов Жалпы орусиялык ата-энелер жыйынында билдирди.

“Жаңы санитардык эрежелерге ылайык, бизде жаңы окуу жылынан баштап сабак маалында, белгилеп кетейин, сабакта мобилдик телефон колдонууга жол берилбейт. Бул окуучуларды сабактан алагды кылбоо үчүн жасалууда”, – деди министр.

Министр өзгөчө абал жаралса, ата-энеге чалууга туура келсе, мугалимге кайрылуу керектигин кошумчалады.

Кравцов мобилдик телефондорду колдонуу балдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизе турганын да белгиледи.

Апрелде Сергей Кравцов мектептерге сабак алдында мобилдик телефондорду мугалимдерге тапшыруу боюнча сунуш жөнөтө турганын айткан.

Орусиянын Агартуу министрлиги 2019-жылы эле мектептерде мобилдик телефондорду колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Анда сабак учурунда телефон колдонууну чектөөнү окуучулардын 61%, ата-энелердин 89% жана мугалимдердин 90% колдогон.

Көптөгөн европалык өлкөлөрдө гажеттерге тыюу салынган эмес, бирок мектептерде аны колдонууга чектөөлөр бар. Маселен, Францияда 2018-жылдан бери башталгыч жана орто мектептердин окуучуларына мобилдик телефон колдонууга тыюу салынган.

Меню