Menu

ВИДЕО

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди

Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Манас” аэропортунан Бишкекке келе жатканы белгилүү болду. “Манас” аэропортунан Бишкекке бара жаткан трассада Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын тургунунун скутерин жөөлөп кеткен.

Окуянын катышуучулары бул жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти.

Жабыркагандар болгон жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаттар ​​бар. Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирди.

УКМК аскердик билеттерди коррупциялык жол менен сатып жүргөн Сокулук райондук аскер комиссариатынын башчысын кармады

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу, өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирип жаткан факторлорго жана шарттарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 9-сентябрында кылмышка шектүү делип  КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.

Кармалган кызматкер адам КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда КР УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын

аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттуктады - видео

Бүгүн, 31-августта Европа Биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттукташты.

“Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бул күн – жалпы кыргызстандыктардын улуттук биримдигинин жана ынтымагынын символу. Бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашырылышын, туруктуу келечекке ишеним жана бейпилдик каалайбыз! Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн ишин улантат. Тынчтык, бакубатчылык жана өркүндөө болсун!” деп айтылат куттуктоодо.

АКШ элчилиги адаттагыдай эле кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттуктады, а Россия элчилигичи?

Бүгүн, 31-августта АКШ элчилиги кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен адаттагыдай эле кыргыз тилинде куттуктады.

“Достор, АКШ элчилигинин атынан сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бул өзгөчө күндүн урматына биз English Access студенттери менен Улуттук тарыхый музейге бардык. Биз турдан ырахат алып, Кыргыз Республикасын эгемендүүлүккө алып келген эр жүрөк инсандар жөнүндө билдик. Кыргыз Республикасы мындан ары да өсүп-өнүгө берсин!” деп айтылат куттуктоодо.

Ошол эле учурда орус өнөктөштөрүбүз (Орус элчилиги) кыргыз элин бир да жолу кыргыз тилинде куттуктап койбойт. Бул өнөктөштөрдүн тилине болгон кандай мамиле?

АКШнын Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата дубалдарын жарыктандырды - Видео

26-август – Бишкек. Баардык кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы менен куттуктап, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө өзгөчө жасалга тартуулады. 25-августтун кечинен 2-сентябрга чейин коомчулук элчиликтин, эл арасында Түштүк Магистраль атта белгилүү Абсамат Масалиев көчөсүнө караган дубалынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин жана куттуктоо сөздөрүнүн жаркырап турганын көрүүгө мүкүнчүлүк алмакчы.  

АКШ элчилигинин кыргызстандык жана америкалык кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү АКШ Элчилигинин дубалына жарык чачуу боюнча расмий эмес иш-чарага АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултерге шерик болушту. Алар кыргыз жана америка элдеринин ортосундагы жалпы баалуулуктарды, анын ичинде эркиндикке, адилеттикке жана теңчиликке болгон сүйүүнү даңазалашты.

«Биз Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына элчилигибиздин дубалын жарыктандырууга кубанычтабыз. Бул биздин элдерибиздин ортосундагы достуктун жана Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына көрсөткөн колдоосунун көрүнүктүү символу», – деди Соната Коултер.

Америка Кошмо Штаттары 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн дүйнөдө биринчилерден болуп тааныган, жана туруктуу дипломатиялык өкүлчүлүгүн Бишкекте ачкан эң биринчи мамлекет болгонуна сыймыктанат.

Балмуздак чыгарган "Үмүт и Ко" ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаев кармалды, тинтүүдө андан бронетранспортер, пулемет, автомат, граната, снайпердик мылтык жана ири суммадагы акча табылды

Көп сандаган ок атуучу жана жардыруучу кууралдарды мыйзамсыз сактаганы үчүн балмуздак чыгарган “Үмүт и Ко” ЖЧКсынын ээси, 1970-жылы туулган А.Ж.Т. кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.
Анын үйүн жана кабинетин тинтүү учурунда эбегейсиз көп куралдар жана октор, зоотолгон машина жана $540.000 накталай акча табылды.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча “Үмүт и Ко” ЖЧКсынын ээлери болуп бир туугандар Журат жана Кайрат Абдуллаевдер катталган.

Журат Абдуллаев УКМКнын абагына киргизилип, кылмыш иши козголду.
Тинтүү учурунда табылган куралдар:
– «БРДМ-2» (Бронотранспортер) атайын техникасы — 1 комплект;
– Калашникова пулемету (танка үчун) — 1 даана, бронетранспортерге орнотулган.
–  АКСУ автоматы, номери №93882625;
–  «Сайга» мылтыгы, номери №20890019  жана 7 бош магазини менен;
– «Вепрь» автоматы, номери №НИ9595 жана  12 бош магазини менен;
– «Сайга 12К» мылтыгы, номери А09486574 жана бош магазини менен;
– «Hatsan» пневматикалык мылтыгы, 4,5 калибрде;
– 12 калибрдеги мылтык;
– «Вепрь» мылтыгы №1276 ТО6458, 2 бош магазини менен;
– «Тигр» винтовкасы, номери ЛО7501281 оптикалык кароолу менен 6х42 №00602314;
– «Fabarm» мылтыгы, номери 9914596;
– Ф-1 гранатасы;
–  «Форд» травматикалык тапанча, сериясы 17Р, номери В1045780 үч бош магазини менен;
– «Sony» планшети, «HP» ноутбугу;
– 7,62 калибрдеги патрондор — 196 даана;
– 5,45 калибрдеги патрондор — 423 даана.;
– 45 калибрдеги патрондор — 59 даана.;
–  5,45 калибрдеги патрондор — 21 даана;
– 12 калибрдеги патрондор — 120 даана;
– 9мм  калибрдеги патрондор – 150 даана;
– чачма ок — 3 пачка;
– бронежилет — 1 даана;
– каска — 1 даана;
– кастет — 1 даана;
– «GloFeng» рациясы — 1 даана жана башкалар.

 

Курманкул Зулушев, Генпрокурор: "Кыргыз мамлекетинин келечеги десек бөлүнгөндү, трайбализмди, жердешчиликти токтотолу"

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй районунун жана Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан жеке көйгөйлөрүн, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар тууралуу айтышып, тийиштүү чара көрүп берүүнү сурашты.

Башкы прокурор ар бир кайрылуу жоопсуз калбастыгын белгилеп, мыйзам чегинде чукул арада чаралар көрүлөөрүн убадалады.

“Кыргыз мамлекетинин келечеги десеңер бөлүнгөндү, трайбализмди, жердешчиликти токтотолу”, – деп чакырды КР Генпрокурору Курманкул Зулушев.

Жолугушууга Чүй районун жана Токмок шаарынын 500гө жакын тургуну катышты.

 

Кыргызстандын эң алыскы Зардалы айылы интернетке туташты

Баткен облусунун тоо боорундагы алыскы Зардалы айылына интернет орнотулду. Аны Кыргыз Интернет Коому ишке ашырып, уюмдун инженери Ибрахим Халил Билгич бир нече күн-түндүк эмгектенүүдөн кийин «Зардалыда интернет абдан жакшы ылдамдыкта иштеп жатат, жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок» деп билдирди.

Зардалы Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Айылдын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок экенинен сырткары, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган, башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жолду жыл сайын бир нече ирет сел алат. Мындайда Зардалынын тургундары байланышсыз калып, өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардамга жете албай, кээде аялдар төрөтканага жетпей жолдон көз жарган окуялар катталып турат.

UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Кыргыз Интернет коому Зардалыда алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат.

Бул аркылуу Кыргыз Интернет Коому UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Жашыл экономиканы колдонуп, мектептерге электр жарыгын, интернетти туташтырып, туруктуу өнүгүүнүн жаңы моделине аракет жасоодо.

Project Connect берген маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан.

Биз жергиликтүү акимиатка, чек ара кызматына, UNICEF уюмуна жана Интернет коомунун (ISOC) Башкы кеңсесине ыраазычылык билдиребиз.

Талибдер Кабулда аялдардын "Нан, жумуш, эркиндик" деген ураан менен чыккан тынч акциясын күч менен таратты

“Талибан” кыймылынын жоочулары “Нан, жумуш, эркиндик” деген ураан менен Кабулдун көчөлөрүнө демонстрацияга чыккан аялдарды күч менен таратты.

13-августта 40ка жакын аял укуктары жана эркиндиктери чектелип жатканына каршы наарызылык акциясын өткөрүү үчүн Билим берүү министрлигинин алдына чогулушкан.

Соцтармактарга жарыялаган видеолордон “Талибандын” жоочулары асманга ок атып жатканын көрүүгө болот. Чогулгандар кача баштаганда алар аялдарды кууп жетип, автоматтардын кундагы менен урушкан.

Ооганстандагы көз карандысыз журналисттердин бирлиги акцияны чагылдырып жүргөн үч чет өлкөлүк жана бир жергиликтүү журналист кармалганын, дагы эки жергиликтүү журналист жараат алганын билдирди.

Amnesty International эл аралык уюму талибдер тынч акцияны таркатуу үчүн “ашыкча күч колдонгону” тууралуу маалыматтарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюм “Твиттердеги” баракчасына “аялдар болгону тынч акция өткөрүп, өз укуктарынын сакталышын талап кылганын” жазды.

Былтыр 15-августта Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин “Талибан” аялдар менен кыздардын иштөөгө жана окууга болгон укуктарын чектеген. Ошол эле маалда талибдер түзгөн өкмөттүн мыйзамдарына ылайык, аялдар көчөдө жүзүн толук жаап жүрүп, үйдөн күйөөсүнүн же жакын эркек тууганынын коштоосусуз чыкпашы керек.

Азырынча талибдердин бийлигин дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек. Эл аралык коомчулук бул үчүн “Талибан” өлкөдө инклюзивдүү өкмөт түзүп, аялдар менен кыздарды негизги укуктар жана эркиндиктер менен камсыз кылышы керек экенин билдирип келет.

Кыргызстан биринчи жолу өз эсебинен Airbus H-125 тик учагын сатып алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө мезгилдер өтүп, замандын өзгөрүшү менен жаратылыш, табият да бир топ өзгөрүүлөргө учурап жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатканын белгиледи. Жер жүзүндө жаратылыш кубулуштарынын, табият кырсыктарынын же өзгөчө кырдаалдардын саны өстү, алкагы кеңейди.

«Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат.

Өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктарынан, химиялык, инженердик, медициналык жана башка кооптуу жагдайлардан улам кырдаал андан бетер татаалдашып, адам өмүрүн алып кеткен өтө кейиштүү учурлар да болбой койбойт», – деди Садыр Жапаров.

Президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин баса белгиледи.  Эң негизгиси адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо милдетин аткаруу , ошол эле учурда кандай гана кырсык болбосун, шашылыш жардамга муктаждык жана тез чара көрүү – ар бир мүнөт маанилүү экенин билдирди.

«Кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу – кечиктирилгис зарылчылык. Мындай шартта бизде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу техника жана каражаттар болушу керек.

Зарыл болсо, заманбап технологиялар жардам жана тез жооп жардам берүү үчүн колдонулат. Демек, мунун баары тез арада тиешелүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Албетте, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөндөн бери көрүлгөн профилактикалык иш-чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, көптөгөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түздү.

Куткаруучулар өз милдеттерин татыктуу аткарып, эл аралык гуманитардык операцияларда чоң тажрыйбага ээ болушту. Бирок учурдун талабына ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык потенциалын чыңдап, атайын инженердик жабдуулардын, коммуникациялардын жаңы үлгүлөрү менен камсыз кылуу эбак эле артта калды. Куткаруучуларыбызды заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтөт,  элдин бийликке болгон ишенимин арттырат, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калууда. Биз бул жагдайды жакшы билебиз жана анын үстүндө иштеп жатабыз», – деп белгиледи Малекет башчысы.

Ал бир жыл мурун куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгондугун эске салды.

«Бүгүн болсо эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алынбаган  тик учак жана 34 даана атайын техникалар биринчи жолу  республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатылып алынды.

Ошондой эле, ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу планыбызда бар.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды.

Мунун баары – мамлекеттин жүзү, күчү, кубаты!

Тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-аракеттери муну менен эле токтоп калбайт, бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз!», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге табигый кырсык же кооптуу кырдаал учурунда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча кеңири маалымат берүү, жарандардын өзүн коргоо жөндөмдүүлүгү үчүн абдан пайдалуу экенин белгилеп, буга байланыштуу коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү болгон өзгөчө кырдаалда кандайча аракеттенүү керектигин окутуу сабактарын сунуштады.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө эч качан кырсык-апааттар болбосун, инженердик жана атайын техникалар жарандардын жыргалчылыгы үчүн пайдаланылышын каалады.

Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аэродромунун кампасын жана административдик имаратын, жабдуулар жана курама мобилдик үйлөр менен таанышты. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровго жана  иш-чаранын катышуучуларына Airbus H-125 көп максаттуу тик учагынын учуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү.

Меню