Menu

ВИДЕО

Садыр Жапаров 1938-жылы Кыргызстанда атылып кеткен архитектор Ласло Месароштун неберелери менен Будапештте жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 13-февралда Будапешт шаарында (Венгрия) белгилүү скульптор, архитектор жана декоратор Ласло Месароштун неберелери – Золтан, Миклош жана Каталин Янчо менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Ласло Месарош кыска өмүр сүрсө да, азыркы Бишкек шаарынын архитектурасына, жалпы эле скультуралык искусствонун түптөлүшүнө олуттуу салым кошконун айтып, өзүнүн ага болгон урматын билдирди.  Ласло Месарош өткөн кылымдын 30-жылдарында Кыргыз ССРине (Фрунзе) эмиграция болуп келген.

Бишкектеги бир катар имараттарды, анын ичинде эски Өкмөт Үйүнүн, темир жол бекетинин жана Улуттук банктын имараттары Ласло Месароштун аты менен байланыштуу. Өкмөт Үйүнүн алдындагы сквер азыр да анын долбоорлогону боюнча сакталып келет.

Ал 1938-жылы репрессияга кабылган. Ошондон кийин анын жубайы Вильма Ковач балдары менен, туугандарынын айтымында, «анын тагдыры жөнүндө бир нерсе билүү үмүтү менен» Фрунзеде калып калышат. Вильма Ковач өзү 1942-жылы жугуштуу оорулар ооруканасына түшүп, андан соң анын изи жоголот. Туугандарына анын каза болгонун айтышкан, бирок чындыгында ал эмне болгонун ушул күнгө чейин алар билбей келишкен. Кызы Марта Месарош Кыргызстандын бийлигине апасы Вильма Ковачтын тагдыры, жашоосу жана өлүмүнүн жагдайлары тууралуу маалыматты издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган.

Учурда Марта Месарош 93 жашта, ал Мамлекет башчысы менен жолугушууга келе алган жок.

Архитектордун неберелери менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз эли Ласло Месароштун эмгегин жогору баалап, эсте тутарын – борбор калаанын көчөлөрүнүн бирине анын ысымы ыйгарылганын жана Бишкекте мемориалдык такта орнотулганын баса белгиледи.

Президент Марта Месароштун бир нече жолку кайрылуусу менен таанышып чыкканын, анда ал апасы – Вильма Ковач тууралуу маалымат алуу боюнча кайрылганын айтты.

Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, андан кийин республикалык архивдерден изделип, бүгүнкү күндө табылган материалдарды – Вильма Ковачтын эки үй-бүлөлүк сүрөтүн жана Ласло Месароштун жети сүрөтүн,  алардын арасында 20-кылымдын башында Будапештте жана Италияда тартылган бала кезиндеги, ошондой эле Фрунзеде бой жеткен кезде тартылган сүрөттөрүн өзү тапшырууну туура көргөн. Мындан тышкары, Вильма Ковачтын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү табылган.

Мамлекет башчысы бул архивдик сүрөттөрдү жана документтерди Месароштун неберелерине тапшырып, ошондой эле аларды балдары менен Кыргызстанга кайрадан келип, таланты таш жарган бабасынын калтырган мурастарын өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

Ласло Месароштун неберелери Кыргызстанга бир нече жолу келип, даректүү жана көркөм тасмаларды тартып келишкенин, өлкөнү сүйүп, ностальгия болгондорун белгилешти.

Каталин Янчо жүрөгүндө орчундуу орунду ээлеген Кыргызстан тууралуу үйүндө дайыма сөз кылаарын айтып берди.

Алар Садыр Жапаровго сүрөттөр жана документтер үчүн ыраазычылык билдиришип, балдары менен кошо Кыргызстанга келип-кетүү чакыруусун кабыл алышты.

Видео - Түркияга барган кыргызстандык куткаруучулар 5-адамды урандылардын астынан тирүү алып чыгышты

Бүгүн, 13-февралда Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси ” аталган аймагында жер титирөөдөн улам ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты. Бул тууралу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстан кечээ 80 куткаруучу жана алты дарыгер жиберди. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

80 куткаруучу жана алты дарыгер 12-февралда жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 33 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

УКМК: Ош шаарынын тургунун балка менен сабап, бычак, тапанча такап, 600.000 сом талап кылган спортсмендер кармалды

КР УКМК тарабынан Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган – К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. кылмыштуу топ кармалды.  

2023-жылдын 4-февралында Ош шаарынын аймагында Н.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды. Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.

Учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана коомдоштукка каршы аракеттенүү, ошондой эле жаш спортчулардын кылмыштуу элементтерге катышуусу боюнча иштерди улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери уланууда.

УКМК: Баткен облустук сотунун катчысы сотто оң чечим чыгарып берем деп 300.000 сом пара алгандыгы үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча ири өлчөмдө (300 миң сом) акчаны кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы «Х.у.Ш. кармалды.

Ошентип, «Х.у.Ш.» акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген.

Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүмдү тоноп кеткен 40 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун  1961-жылы туулган тургуну М.Г. арыз менен кайрылган, себеби 2022-жылдын 25-август күнү саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын  Токтогул эс алуу багында жайгашкан “Гулзада” кафесинде А.Н. аттуу 16 жаштагы небересинин базар баасы 19000 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы жаран чалып алайын деп колунан жулуп алып кетип калган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.И. экендиги такталган. 

2023-жылдын 2-февраль күнү облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын кызматкерлери менен биргеликте шектүү А.И. кармалып, тергөө бөлүмүнө камсыздалган.

Учурда шектүүнүң мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча да кылмыш иштин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

ИИМ: Жалал-Абадда жарандарды уруп-тепкилеп, бычак такап, ири суммадыгы акчаларын карактап жүргөн тургун кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 24-январь күнү Сузак районунун 29 жаштагы тургуну М.М. Жалал-Абад ШИИБге арыз менен кайрылган. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Арыздануучунун айтуусунда, 2023-жылдын  21-январь күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө “Бека”  аттуу жигит  эки досу менен уруп тепкилешип, бычак менен коркутуп, 29 000 сомдук “Поко М4” үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Ошондой эле, жабырлануучуга “15 000 сом менен дагы бир телефон берсең, телефонуңду берем” – деп  “Бека”  аттуу жигит дагы акча каражатын талап кылган.
Чогултулган материал 2023-жылдын 24-январь күнү Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып, Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматынын тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча берилген тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында “Бека” аттуу жигиттин өздүгү такталган. Ал  мурда бир нече соттолгон Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. экендиги такталган.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жана  ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2023-жылдын 24-январь күнү болжол менен саат 21:40 чамаларда Жалал-Абад шаарынын аймагында “ДЭУ Матис” үлгүсүндөгү автоунаасына тинтүү жүргүзүү жана кылмышка шектүү 2000-ж.т. Т.Б. кечиктирилгис түрдө кармоо иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн колунан талап кылган акчалар жана 1 даана кайышка салынган бычак табылып алынган.
Жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда карама-каршылыктар болгондуктан, аларды беттештирип, далил буюмдарга кароо жүргүзүлүп, далил буюм деп табылып кылмыш ишине тиркелген.
Ал эми  шектүү Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошто арматура менен башка чаап адам өлтүргөндөрдүн бири Курсантбек Шакир уулу Бишкекте кармалды

Ош шаарында 13-январда жасалган оор кылмышка – арматура менен адам өлтүрүүгө шектүү жаран Бишкек шаарынан аймагынан кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 15-январда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан  издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1998-жылы туулган Шакир уулу Курсантбек Бишкек шаарынан кармалды.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

ИИМ: Ошто жаш жигитти башка арматура менен чаап өлтүрүүгө катыштыгы бар дагы бир жаран кармалды

Бүгүн, 14-январда Ош шаарында 13-январда жасалган кылмышка катыштыгы бар жаран Ош облусунун аймагынан кармалды.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек аттуу жаран кармалды.
Кылмыш ишин толук ачуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

ИИМ: Ош шаарында жаш жигитти арматура менен сабап өлтүрүп, Казакстанга качып баратышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.
Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген.
Бул факт Ош шаарынын ИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренесинин 122-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.
14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек-арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалышты.
Азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Жеке ишканага каракчылык менен кол салып, 650.000 сомун уурдап кеткендер кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери каракчылык менен кол салууга шектелген жаранды  кармашты.
2023-жылдын 9-январь күнү ички иштер органдарына чет өлкөнүн жарандары кайрылып, мүлктү ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салгандарга карата  тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. 9-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан жеке ишкананын имаратына куралданган  бет капчан белгисиз  адамдар кирип келишип, күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, 650 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмыш жасалган учурда имараттын ичинде фирманын төрт кызматкери болгон.
Бул факты Чүй облусунун Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери дагы тартылган.
Жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга шектелген жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары дагы жүргүзүлгөн.
Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1989-жылы туулган Ш.А. кармашты.
Аны кармоо учурунда 9 мм калибрдеги “Макаров”  тапанчасына окшош курал табылып алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Андан сырткары, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси бар үч жаранды кармашты.
Кармалган жарандардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Меню