Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

УКМК Үмөталиевди суракка алды

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мезгилинде Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарып иштеген Эмил Үмөталиев абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу ку­бө катары УКМКга сурак берип чыкты. Сурактын чоо-жайы азырынча ачык айтылган жок. Белгилүү болгондой, Эмил мырза кыйын кырдаал учурунда Бакиевдер басып алган мамлекеттин мүлктөрүн кайра мамлекетке өткөрүүдөгү эл анчалык терең билбеген сырларды билет. УКМКга чакырылганынын себеби дагы ушул десек болот. Жакынкы күндөрү ал сырлар деле ачыкка чыгышы мүмкүн. Күтө туралы…

Булак: “Фабула”

Көпчүлүктүн көөнүн айныткан арзан турак жай программасы

2015-жылдан бери кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерди арзан турак жай менен камсыз кылуу деген жакшы программасын ойлоп таап, үйү жок, бирок иши бар жарандарды үйлүу кылуунун аракетинде иш алып барууда. Бирок Өкмөттүн бул программасына канааттанбаган мамлекеттик кызматкерлер, өзгөчө айлыгы аз, иши оор, мугалимдер менен меди­цина кызматкерлери көп экенин жашырьш болбойт. Бул маселе боюнча биз мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине кайрылганыбызда, алардын көбү ипотекалык насыянын башында төлөнчү төлөмдүк каражатты табуу кыйын болуп жатканын, ортомчу ролду ойногон банктардын талаптарынан улам берилчү каражатка үй келбей турганын, алган айлыгы өтө аз болгондуктан, банктар насыя берүүдөн баш тартып жаткандарын айтып нааразы болушту. Бул маселени буга чейин ЖКнын депутаттары да бир эмес, бир нече жолу карап, айрым эл өкүлдөрү банктардын жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын алып барып жаткан иш аракеттерине нааразы болушкан болчу. Мисалы, КСДП фракциясынын де­путаты Рыскелди Момбеков «Туракжай наркы өтө кымбат. Көп адамдар насыядан баш тартууда. Арзан эмес эле, кымбат турак жай болуп калды. Менин кошунам 2 млн. сом насыя алган, азыр айына 25 миң сом төлөйт. Силер бирди айтасыңар, банктар болсо башканы айтат, деги кимиңерге ишенебиз?” – деп ипотекалык компаниянын ишине нааразы болгон.

Ошондой эле эл өкүлү «Арзан турак жай 2015-2020» программасы аркылуу алына турган турак жайлардын баасын төмөндөтүү үчүн ипоте­калык банкты түзүү демилгесин көтөргөн. Ал «Ипотекалык банк насыя каражатынын кайтарымдуулугун арттырып, коммерциялык банктардын үлүшүн азайтаарын, Банк кардарлардын мүмкүнчүлүгүнө жараша катмарларга бөлүп, насыя каражатын 5 пайыздык үстөгү менен түз бериши керектигин белгилеген. Ал эми буга чейин маалым болгондой, мамлекет­тик ипотекалык компаниянын жетекчиси 3 миң доллардын тегерегинде айлык алаары, анын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулунун алган ай­лыгы 107 миң сом экени айтылган.

-Бегимай Керимова, Ж. Баласагын атындагы КУУнун мугалими:

-Башкы төлөмдү табыш кыйын болуп жатат. Андан сырткары көпчүлүктү ай сайын төлөнчү сумма кыйнап койчудай. Мугалимдердин алган айлыгы болгону 6 миң сом болсо, ипотекалык насыя алганда айына жок эле дегенде 13-14 миң сомдон кем эмес акча төгүп туруш керек болот экен, мен мисалы жолдошум экөөбүз тең мамлекеттик кызматта иштейбиз, алган айлыгыбыз экөөбүздүкү биригип 20 миң сомго жетпейт, биз кантип төлөйбүз, алган айлыгыбызды насыяга төлөп коюп эле отуруп калабызбы? Өкмөт насыянын суммасын бир аз жеңилдетсе жакшы болмок.

-Адилет Акматказиев, Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу:

-Өкмөттүн бул программасы жарыяланганда мугалимдер абдан кубанган элек. Көп өтпөй эле кубанычыбызды, сүйүнүчүбүздү таш капты. Жак­шы эле үйлүү болобуз го деген кубаныч менен документтеримди топтоп, тиешелүү комиссияга тапшыргам. Көп өтпөй эле “Документтериң кабыл алынды, комиссиядан өттүңүз, банкка келиңиз” деп чакырышканынан “Айыл Банкка” барсам, насыянын шарттары мен ойлогондой, мен күткөндөй эмес экен. Айлыгымды эсептеп туруп бөлө келгенде, айына 15 миң сомдон банкка насыя төлөп турушум керек болду. Ошентип айына 15 миңден 15 жыл төлөйт экенмин. Менин алган айлыгым болгону 8 миң сом болсо, 15 миң сомду кантип төлөмөк элем. Дароо эле үй алуудан, насыяга акча алуудан баш тарткам. Өкмөт бул иш аракетти баштоодон мурун мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлыгын эсептеп, ошого жараша иш алып барышса жакшы болмок экен.

-Расул Өкүмалиев, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин мугалими:

-Ипотекалык насыяга үй алуу деген жөн эле пиар иш болууда. “Мынакей, ушундай долбоорлор иштелип жатат, мамлекеттик кызматкерлер үйлүү болуп жатат” деген мактаныч үчүн жасалган аракет болууда десем жацылышпайт. Буга чейин бул маселени ЖКнын депутары Рыскелди Момбеков, дагы башка депутаттар айтып чыгышкан эле. Бирок ал айткан сөздөрдү Өкмөт, ипотекалык насыяларды берип жаткан компания кулак сыртынан кетирди окшойт. Маселени карап жатабыз, насыяанын үстөк көлөмүн азайтып жатабыз деп жатышат. Бирок кандай болгон күндө дагы 6 миң сом айлык алган мугалим же медицина кызматкери эч убакта 10 миң сомдук насыяны төлөй албайт. Бул жагын өкмөт жана аталган ком­пания терең ойлонуп иш кылышы шарт.

Булак: “Фабула”

"Таз таранганча той таркайт"

Мамлекеттик каттоо кызматынын терагасы Тайырбек Сарпашев Бишкектин чок ортосундагы Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевдин жерин менчиктештирүүгө күнөөлөнүп, убактылуу кызматтан кеткенине бир топ убакыт болду. Сарпашевдин бул ишке күнөөсү бар-жогун вице-премьер министр Жеңиш Разаков башында турган комиссия иликтемей болгон. “Таз таранганча той таркайт” болуп, бир айдан ашуун мезгилден бери таш бакадай кыбырган Разаковдун иштин акырына чыкчудай түрү жок. Мындан улам, соодалашып жаткандан сообу деген шектенүүлөр пайда болууда. Чындыгында Разаков өзүнө тагылган ишке ар дайым жоопкерчилик менен эмес, кайдыгер, шалаакы мамиле жасаары көптөн бери эле айтылып келет. Ушундай “арабадан” чыккан аткаминердин кимге кереги бар?..

Булак: “Фабула”

Милициялар майда кылмыштар менен чектелүүдө

Милициялар майда кылмыш менен эле чектелип калды деп өткөндө бир серепчи айтып чыккан эле. Айтканындай эле болуп жатат. Маанилүү чоң кылмыштардын бети ачылбай эле, майда кылмыштардын бети ачылып, уюлдук телефон уурдаган, сүт уурдаган уурулар кылтакка илинүүдө. Мисалы, буга чейин Бишкектин түштүк тараптагы кичи райондорунун биринен бир шордуу 700 миң долларын машинесинен уурдатып жиберген эле. Ал кылмыштын ушул күнгө чейин бети ачыла элек. Кылмышкер, ууру кармала элек. Ал эми жогоруда айткандай телефон уурдагандар, дагы башка майда кылмыш кылгандар күн сайын эмес саат сайын колго түшүп жатканын байкоого болот. Сөзүбүз кургак болбош үчүн жакында эле, тагыраагы 5- март күнү болгон телефон уурулук боюнча кылмышты айталы. Анда белгилүү болгондой, Бишкектеги Тунгуч кичи районунан 19 жаштагы бала телефонун жулдуруп ийип милицияга кайрылган. Милициялар көп өтпөй эле 19 жаштагы ууруну кылтакка илишкен.

Булак: “Фабула”

Иманалиев эми Шыкмаматовго ор казабы?

Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин “Ата Мекен” партиясынын лидерлигине көз артып, партиянын атынан күздө өтүүчү президенттик шайлоого аттанууну кыялданып жаткан Каныбек Иманалиевдин кыялдары кыйрап, ойлогон ойлору ойрондолду. Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясын шашылыш жыйынга топтоп, партиянын атынан Текебаев президенттик шайлоого чыгаарын жар салып жиберди. Мындай күтүлбөгөн жүрүш Иманалиевдин башына түшкөн чагылгандай болду. Амбициясы суу сепкендей өчүп, эмне кылаар айласын таппай турган чагы. Жен жүрбөгөн жаны эми Шыкмаматовго ор казып, түрмөгө камалышына жол чаппаса болду. Ага дейре өзүнө деле мыйзамдын укуругу илинип калышы мүмкүн болуп турат… Жетишээр бекен?..

Булак: “Фабула”

Төрт бөтөлкө арак ичип, аягында өлтүрүп тынган

4-март күнү Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен болжолдуу жашы 55-60 курактагы жарандын сөөгү табылган. Анын киши колдуу болуп көз жумганы аныкталган. Милициялар кылмышкерди издөөгө алып, көп өтпөй эле кылмышка шектүү ка­тары 1961- жылы туулган жаран кылтакка илинген. Маалым болгондой экөө ал күнү төрт бөтөлкө аракты бирге ичип, аягында мушташа кетип, жашыраагы карысын өлтүрүп тынган.

Булак: “Фабула”

Өмүркуловго чалма ыргытылдыбы же..?

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин 1-марттагы пленардык жыйында Текебаевдин камалышы боюнча чыгып сөз сүйлөп: “Мына мага убагында Салянова иш козгоп, тергөө жүрүп, жыйынтыгында мен актыгымды далилдегем” – деген эле. Бирок ошол замат Аида Салянова Иса Өмүркуловго иш козгоп камап коюуга башка материалдар да бар экендигин, бирок ал материалдар боюнча эч кандай чара көрүлбөй жаткандгы боюнча кеп козгоп, жыландын башын кылтыйткан. Мына ошол чара көрүлбөй жаткан материалдар эмне болгон материалдар экенин, аны текшерип, тиешелүү баа берип, чара көрөбүз деген максатга Башкы прокуратура ЖК депутаты Аида Саляновага Иса Өмүркулов боюнча өзүндө болгон материалдарды берүүсүн талап кылган кат жөнөттү. Башпрокуратурага Салянова материалдарды береби же ал жөн айтылган сөзбү эми билинет. Эгер материал болсо Башпрокуратура Иса Өмүркуловго иш козгойбу? Жок болсо, Салянова жоопкерчилик тартабы?

Булак: “Фабула”

Дүйнөгө аты чыккан саясаттагы мыкты айымдар

Дүйнө жүзүндө калктын са­ны жыл сайын эмес, саат санап көбөйүүдө. 1800-жылы адамзат 980 миллион гана киши болсо, 1900-жылы 1,6 миллиардга, 1960-жылы 3 миллиардга жетип, бүгүнкү күндө 7,8 миллиардан ашып баратат. Окумуштуулардын божомолунда адамзаттын саны 2050-жылы 9,4 миллиардга, 2100-жылы 10 миллиардга жетет деп божомолдошууда. Ал эми кийинки 10 жыл аралыгында жер шаарындагы аял заттын саны көбөйүп, жыл сайын эркектерге караганда 50-60 миллионго көбөйүп жаткандыгы айтылууда.

 Президент айымдар

Биздин доорго чейин Египетти Нейтхотеп баштаган Клеопатра, Береника, Арсиноя өңдүү ондогон атактуу падыша айымдар, сактарды Зарина, Томирис, Кытайды Денг Сези, Доу Мяо, Чу Суанзи, Фенг, Японияны Дзингу Кого, Суйко сыяктуу император айымдар башкарышкан.

Орто кылымда Корей мамлекетин Сондок, кийин Чиндок, Чинсон аттуу ханыша айымдар, Бухараны Ханум, Японияны Кокэн, Византияны Ирина императорлору Грузияны падыша айым Тама­ра, Казань хандыгын Сүйүмбийке бийлешкен.

Жаңы доордо Улуу Британия­нын королевасы Виктория, Испаниянынын королевасы Изабелла Пнин, Эфиопиянын императору Заудити, дүйнөдөгү биринчи аял премьер-министр – Шри-Ланканын өкмөт башчысы Сиримаво Бандаранаикени жана дүйнөдөгү биринчи президент айым – Аргентинанын президенти Мария Эстела Мартинес де Перонду кошууга болот.

Шри-Ланканын президенттигине шайланган Бандаранаике Чандрика Кумаратунга 78 жаштагы Сиримаво энесин өлкөнүн премьер-министри кылып дайындаган. Ал дүйнөдөгү эң улгайган саясатчы катары 84 жашында отставкага кетип, ошол жылы ка­за болгон.

Индиялык улуу инсан Махатма Гандиге фамилиясы гана окшош Индира Индияда 1966-1977 жана 1980-1984-жылдары премьер-ми­нистр кызматын аркалаган.

Израилдин өкмөтүн жетектеген өлкөнүн бешинчи премьер-ми­нистри Голда Меир айым “ өкмөттөгү жалгыз эркек” деген атка консо, Улуу Британиянын өкмөтүн 11 жыл башкарган Маргарет Тэт­чер катаал мүнөзү менен “темир айым” катары таанылган.

2005-жылдан бери Германиянын өкмөтүн жетектеп келе жаткан канцлер Ангела Меркель дүйнөдөгү эң эле таасирдүү саясатчылардын бири.

1988-1990 жана 1993-1996-жылдары Пакистан өкмөтүн жетекте­ген Беназир айым Бхутто мусулман калктуу өлкөлөрдөгү алгачкы премьер-министр деп эсептелет.

Филиппиндин президенти Ма­рия Корасон Кохунгко-Акино Азия өлкөлөрүнөн чыккан, Либериянын 24- президенти Элен Жонсон-Серлиф Африка материгинен, Кыргызстандын үчүнчү прези­денти Роза Отунбаева болсо, эски СССР, азыркы КМШ аймагынан чыккан мамлекет башчылар бо­луп саналат.

Индиянын айым президенти Пратибха Патил отставкага кеткен. Кристина Киршнер Аргентинага, Даля Грибаускайте Литвага, Эвелин Видмер Шлумпф Швейцарияга, Пак Кын Хе Түштүк Кореяга, Дилма Русеф Бразилияга пре­зидент болуп шайланышкан.

Атактуулардын биринчи айымдары

Кытайдын тунгуч президенти Чан Кайшинин төртүнчү аялы Сунь Мейлинь 105 жаш курагында каза болгон. Англис тилин мыкты билген Мейлинь айым күйөөсүнүн оң колуна айланып, расмий болбосо да, Тышкы иштер министринин милдетин аткарган. Кытайга коммунисттер бийликке келип Чан Кайши Тайванга качып, ал жакта өлкөнүн “биринчи айымы” болгон.

Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюань Си Цзиньпинге чейин кытайлык жетекчилердин бири да аялдарын расмий жолугушууларга ээрчиткен эмес. Пэн Лиюань мамлекетчи кызматчы болгону менен өз милдетин шоу-бизнес менен бирге алып барат. Анын ырчылык өнөрү бар болгондуктан гастролго чыгып, концерттерге катышып турат.

Улуу Британиянын тарыхындагы эң жаш Премьер-министр бол­гон Дэвид Кэмерондун жубайы Саманта Кэмеронду британиялыктар өтө жупунулугу үчүн жактырышкан. Ал өз жумушуна метродо же велосипед менен барчу экен, өзгөчөлөнбөй, кымбат кийим тандабай. “Vogue” журналы Самантаны дүйнөдөгү эң сымбаттуу айым деп атаган.

Лондондо төрөлүп, ал жактан татыктуу билим алган Асма Асад АКШдагы финансылык ири компаниялардын биринде иштеген. Сирияга келип Башар Асадга турмушка чыгып, жолдошунун ишине кийлигишпей, үч баланы тарбиялап үйдө отурат.

Катардын сыймыгы деп эсептелген Моза бинт Насер аль Миснетти билимдүү, акылдуу, ай чырайлуу, айтор төрт тарабы төп келишкен белгилүү саясий жана коомдук ишмер Катар мамлекетинин башчысы Кадиф-аль Танининин үч аялынын бирөөсү.

АКШнын тарыхындагы кара түстүү алгачкы биринчи айым Ми­шель Обама дүйнөдөгү эң таасирдүү айым. Күйөөсү Барак Обаманын президент болушуна эмгеги зор болгон.

Япониянын премьер-министри Синзо Абэнин жубайы Акиэ Абэ өлкөдө биринчи айым экендигин билгизип, жолдошу катышкан дүйнөлүк жыйындарга бир­ге барат.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин аялы Мехрибан Алиева медициналык университетте окуп жүргөндө турмушка чыккан. Суйкайган сулуулугу, акылдуулугу менен айырмаланган Мехрибан үч баланын энеси болсо да, эл көзүндө белгилүү коомдук ишмер болгон, ал жакныда өз өлкөсүндө премьер-министрлик кызматты алып барып жатат.

Грузиянын экс-президенти Ми­хаил Саакашвилинин жубайы Сандра Рулофстун жердиги голландиялык болуп, экөө Страсбургда таанышкан. Экс биринчи айым беш тилде, анын ичинде орусча эркин сүйлөйт.

Адам өмүрүндө акыл-парасаты тунук, күйөөсүнө өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, санаа тартса сырдашы, жаны кыйналса муңдашы, өмүрлүк жары, курдашы болгон улуу аял заты бир бүтүндөй мамлекетти башкарган жооптуу кызматкер, эрендер менен теңтайлаша билек түрүнүп, белсемдүү иштерди кабагым-кашым дебестен аткарган айымдарга Эл аралык 8-март майрамы менен чын дилден куттук айтабыз! Бар болгула урматтуу апалар, эже-карындаштар!

Булак: “Фабула”

Оор кыштан кыйналган Ооган кыргыздары жардам сурашууда

 

Улугбек Ахмет Кыргызстанда Жалал-Абаддагы ишкердик университетин 2010-жылы аяктаган. Учурда Афганистандын борбор калаасы Кабул шаарында жашайт жана эмгектенет.

Азыркы кезде жеке транспорттук EURASIA ICL компаниясын жетектейт. Кыргызстанда 5-6 жыл окуп жашап кеткендиктен, кыргыздар жөнүндөгү маалымат ар дайым аны кызыктырат. Мекендешибиз Самаш Дилмураттын көмөгү менен Улугбек Ахметтен ооган кыргыздары тууралуу маалымат алдык.

Алар жакын туугандары менен кокту-коктуга бөлүнүп жашаган афган тоолорундагы кыргыздар азыр да бай-кедей болуп бөлүнүп жашашат. Жаш туруп эле карып кетишет. Эрте үй-бүлө күтүшөт. Өлүм-житим көп. Өзгөчө кенедей кыздардын эне болуп жүргөнү таңгалдырат. Бул кыш алар үчүн суук жана узак болду.

Памир тоосунда жашаган кыргыз туугандарыбыз кыштын өтө оор келиши менен «кыйындаган жашоо шартка аз да болсо жардам беришээр» деген максатта 9 күндүк ат үстүндө жол басып, Бадахшан облусунун жетекчилеринен жардам сурап келишиптир. Бул бечара эл өз тилин, динин, үрп-адатын, каада-салтын жоготуп албас үчүн Афганистандын шаарларын тандабай, тоолуу жерде жашап жатышат.

Мындан кийин Кыргыз Республикасынын жетекчилери бул маселени чечип, өз элине жардам берээр деген үмүттөмүн. Афганистан жетекчилиги көп жылдан бери согуштун кесепетинен, мамлекетинин каржы жактан күчү жоктугунан аларга жардам бере албай келүүдө. Бул жылкы кыштын өтө оор болушу менен too шарттарында жашаган кыргыздар тез арада азык-түлүк жана медициналык жак­тан жардамга өтө муктаж экендиктерин билдиришти

Булак: “Азия ньюс”

Акин Токтоналиев, адвокат, укук коргоочу: “Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жүргөн”  

 

Азыркы муфтий Максатбек ажынын тиешелүү диний билими жок, ал мусулмандардын укугун анча коргой албай, кайдигерлик кылып жатат деген Акин Токталиев менен байланышып, суроолорубузга жооп алдык.

-Акин мырза, маалымат жыйын берип, муфтий тууралуу айткандарыңызды муфтияттан жокко чыгарып, Максатбек ажы Скря­бин атындагы айыл чарба институтунан зоотехник адистигине ээ болгонун жана Пакистандын Лахор шаарындагы “Алъ-Арабия” университетинен билим алганын айтышты го? Буга кандай жооп кайтарасыз?

-Максатбек ажы жогорку би­лим алдым деген “Аль-Арабия” деген окуу жай Пакистанда жо­горку окуу жайга кирбейт экен. Айтайын дегеним, “Аль-Арабия ” диний окуу жайы тууралуу Дин комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 04.06.2015-жылы №16-025/6101 номерлүү кат ме­нен маалымат беришкен. Ал документти жакын арада эле көрдүм. Кайсы тармак болбосун адилеттүүлүк орун алсын деген максатта ошол маселени көтөрүп, Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жа­на КМДБнын уставын бузуп жүргөнүн айтып чыктым.

-Муфтий тууралуу тараткан терс маалыматтарыңыздан улам аны менен мамилеңиз начар окшойт деген ойго кептелет экенсиң. Азыркы муфтий менен кандай мамиледесиз?

-Негизи муфтий Максатбек ажы тууралуу коомчулукта терс пикир жаратайын деген деле оюм жок. Чынын айтсам, Максатбек ажы менен абдан жакшы мамиледемин. Мен аны, ал мени сыйлайт. Башкача айтканда, пофессионалдуу укук коргоочу жана адвокат деп мага урмат-сый менен мамиле кылат. Бирок орустар “Платон мой друг, но истина дороже” дегендей, мен КМДБ өздөрү кабыл алган мыйзамдуу устав сакталсын де­ген гана ой менен ушул маселени көтөрүп, бул нерсе кийинки шайланчу муфтийлерге сабак болсун деп жатам. Анткени эртеби-кечпи жасалма сөздөр, дипломдор айтор, ар кандай терс иштери бүгүн жашырганы менен эртең эле ачыкка чыгып калат деп ойлонсун, өзгөчө молдокелер мыйзамды сыйлаганды жана аны аткарганды үйрөнсүн деп жатам.

-Муфтийликке am салышсамбы деген оюнуз барбы? Муфтий Максат ажыга кар­шы топтун заказын аткарып жаткан жоксузбу?

-Мен өзүм укук коргоочумун жа­на адвокатмын, өз профессионалдуу ишимди гана аткарам. Менде муфтий болот элем деген ой жок. Себеби диний билимим жок. Муфтийликти талаша албайм. Өзүм да муфтийликке жарабайм. Кабыл алынган мусулмандардын уста­вы бурмаланбай так аткарылсын деген гана таризде ошол маселе­ни көтөрүп, өз көз карашымды билдирип жатам. Чынын айтсам, мага муфтийликке ким келгенинин айырмасы жок. Эң негизгиси, муфтийликке мусулмандардын укугун коргогон адам келиши керек. Эгер чала сабат адам келсе, ал бийликтин марионеткасы бо­луп, ажылыкта акча бөлүшкөндөн башка иш алып бара албай калат.

Өкүнүчтүүсү, 1700дөн ашык момун мусулмандар мыйзамсыз экстремист деген жалган жалаа менен соттолуп кетишти. Масатбек ажы болсо аларга арачы түшө албай кайдигер мамиле кылып, мен келтирген далилдерди бийликке жеткире албай мококтук кылып жатат. Ушул жагынан кара­ганда, мусулмандардын таламын талашкан адам муфтий болсо де­ген оюм бар.

-Сизди экстремист, террористтердин демилгечиси деген маалымат чыкты эле. Ал сөздүн аныгына чыга алдыңызбы?

– Мени аз жерден экстремист – террористтердин уюштуруучусу, демилгечиси деп, сот жообуна тарттыруу үчүн УКМКга жашыруун катты Дин комиссиянын ди­ректору жибериптир. Ал аз келгенсип, Акин Токталиев эл аралык уюмдан акча алат террорист-экстремисттин уюмун коргош үчүн жана ызы-чуу салыш үчүн деп жазышыптыр. Мен айткан жашыруун каттын ээси менен соттошуп жатам. Мага өтө чоң оор кылмыш кылды деп жазыптыр, ошону далилдеп бергиле деп, 2015-жылдын июнь айынан бери соттун аягына чыга албай жатабыз.

-Чубак ажыны да президенттик тактан көргүсү келгендер бар экен. Өзү Чубак ажыга ишенгендер барбы?

-Чубак ажы негизи реформатор муфтий болгон. Бийлик менен теңтайлашып, мусулмандардын укугун коргой алат жана бийлик­тин кетирген кемчилигин саясатчыларга окшоп беттен албай, Куран, хадистерди айтып, тарыхта падышалар, вазирлер, соттор кан­дай болгон жана кандай болуш керек экенин жалпак, жумшак тил менен түшүндүрөт. Ал эми коомчулукка болсо падышаны жана анын өкүлдөрүн кандай мамиле жасашты айтып даават жасап ми­тинг, пикет дегенди жоготот, Сирияга адашып кетип жаткан элди токтотуп, кеткендерди чакырып алып келет. Мусулман өлкөсү президентке караганда Чубак ажы­га ишенет. Ошондуктан инвестицияны Чубак ажы жеңил алып келип, кыргыз элин бир заматта байытып жибере алат. Азия жана Россияда билими ага тең келген бир дагы муфтий жок. Чубак ажы президенттикке койсо да эл колдойт, бирок ал саясий жагынан жаш, такшала элек. Ошондуктан “карышкырларга” алданып калышы мүмкүн.

Булак: “Фабула”

Меню