Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

Мектепти баскан коррупция

Мектеп директор болом десең 25-30 миң долларың болушу керек. Бул тууралуу КСДП депутаты Рыскелди Момбеков парламент жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө: «Кээ бир мектеп директорлору 35 жылдан бери креслону мыкчып олтурушат. Керек болсо өлкө президенти, парламент да бир эле мөөнөткө шайланат, ал эми мектеп директорлору алмашкыспы? Мына коррупциянын көмүлгөн жери», -деп маселенин ток этээр жерин айтты. Ооба, чындыгында мектеп директорлору алмашкыс болуп алышкан. Шаардын мектептеринде болжол менен жылына 15 млн. сомдун тегерегинде каражат түшүп турат. Мисалы, орточо 1-класстар( “А” дан баштап “З” га чейин) 8 классты түзүп ар би-ринде 40тан окуучу, жалпы 320 окуучу орточо 5000 сомдон мектеп фондуна төккөндө эле 16 миллион сом болот. Анан жылына 16 млн. сом түшүп жатса, кайдан аламашат?

Булак: “Фабула”

Сурамжылоо: "Facebook" 21-кылымдын оорусуна айланып баратабы?

Акыркы мезгилде коомчулук виртуалдуу дүйнө менен гана баарлашып, куттукташып, амандашып жаткандыгынан улам, маңдай-тескей чер жазышкан адамдар аз болуп бараткандай сезим калтырат. А түгүл жашыруун “фейк” аккаунттар менен биринин этин бири жегендер андан көп, Айталы, учурда кыргыз коомчулугунда социалдык тармактардын арасынан эң көп колдонулганы “Facebook”. Бул тармакта аз эле жерден төрөлө кал­ган наристеден тартып, мамлекет башында турган инсандарга чейин өзүнүн көйгөйлөрү, ой-пикирлери, кубанычы, кайгысы менен тең бөлүшөт. Бардыгыбызды магниттей тартып алган “Facebook” компаниясы тууралуу азыноолак маалымат берүү менен бирге, “Facebook” колдонуучуларынан эмне максатта колдоноорун сурамжылоону туура көрдүк.

21-кылымдын эң популярдуу бренди “Фейсбук” жана анын түзүүчүсү дүйнөдөгү эң жаш миллиардер Марк Цукерберг.

Бүткүл дүйнөнү өз кучагына алган “Facebook” компаниясы 2004-жылдын 5-февралында айтылуу Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү Марк Цукерберг тарабынан ишке кирген. Алгач университеттин ичинде гана колдонулса, бара-бара башка окуу-жайлар да кошула баштаган. Цукер­берг анын социалдык тармагына кызыккандардын баамын байкаган соң “PayPal” компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Питера Тилден 500 миң доллар карызга алып, “Facebook” компаниясынын пландарын кеңейтүү иштери менен алек болгон. Арадан жарым жылдай гана убакыт өткөн соң компаниянын иштери илгерилеп, колдонуучулардын саны миллиондон ашкан. Учурда “Facebook” аркылуу дүйнөдөгү миллиарддаган бири- бирин издеген адамдар табышып, жөн гана кат алышуу менен гана чектелбестен, бири-биринин жашоосун, ишин, тиричилигин көрүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тармак аркылуу каалаган адам өзүнүн ишмердүүлүгүн жар салып, жарнама кыла алат. Бул тармак аркылуу табы­шып, баш кошкондор андан көп. “Facebook” тааныш эмес адамдарга бири-бири жөнүндө маалымат алууга эң жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Кимдир бирөө жөнүндө маа­лымат алуу үчүн аны башкалардан сураштырып отурбай, дароо баракчасына баш багуу менен эң эле жок дегенде эмне иш кылаары, эмнеге кызыгаары тууралуу билүүгө болот. “Facebook” 21-кылымдын эң алдыңкы бренди деп аталганынын себеби, бул компаниянын түзүүчүсү Марк Цукерберг учурда дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы бай адамдардын caп башында турат. Жаш болгонуна карабай бүтүндөй дүйнөнү өзүнө багындырган Цукерберг 1984-жылы 14-майда Нью-Йоркто жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен башка балдардан өзгөчөлөнүп компьютерди мыкты өздөштүргөн. Мындай жөндөмү менен 6-классында эң биринчи жолу жеке программалоо менен өз алдынча дүйнө ачкан. Программалоону мыкты өздөштүрүүнүн арты менен 9-классында компьютердик оюн түзүп чыккан. Анын мындай талантын баамдаган “Microsoft” компания­сынын өкүлдөрү жумушка чакырышкан. Бирок окуучу кезинде эле өтө акылдуу Цукерберг дүйнөдөгү ири компанияга кызматка кирүүдөн баш тартып, Гарвард университетине окууга тапшырууну туура көргөн. Тилеги орундалып, “психология” факультетине тапшырып, студент кезинде университеттин бардык студенттеринин жана кызматкерлеринин болгон документтери, алар туура­луу маалыматтар сакталган серверин бузууга үлгүргөн. Ал серверди бузаардан мурда университеттин жетекчилигине студенттердин онлайн-правочнигин түзүүнү сунуштаган. Анын сунушу четке кагылгандан кийин серверди бузуп, студенттердин сүрөтү аркылуу бири-бирин көрүүгө жана баа берүүгө ылайыкташтырып, “Facemash” сайтын түзүп чыккан. Мындай тартип бузгандыгы үчүн университет жетекчилиги ал өтө таланттуу студент болгондугун эске алуу менен болгону ага сөгүш жарыялоо менен гана чектелишкен. Дал ушул сайттан кийин Цукербергге “Facebook” сайтын түзүү идеясы келген. 2005-жылы социалдык тармак кеңири кулач жайып, катталгандардын саны өсө баштаган. Канчалык каттал­гандардын саны көп болбосун, каражат маселеси чечилбеген бойдон кала берген. Качан га­на “Microsoft” компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтс каттоодон өтүп, анын баракчасына кайрылгандарга маалымат тарата баштаганда катталуучулардын саны бүткүл дүйнө жүзү боюнча кеңейе баштаган. Билл Гейтс анын барак­часына келген каттарга жооп бергенге жетишпей, а түгүл өзүнүн аккаунтун өчүрүүгө аргасыз болгон. Дүйнөдөгү ири компаниялардын биринин ээсинин катталуусу Цукербергдин багын ачып, учурда эң жаш жана бай адамдардын катарына алып чыгууга көмөкчү болгон.

Алыс кетпейли, өзүбүздүн эле өлкөдө дүйнө менен байланыштырган жана маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн тар­мак дал ушул “Facebook” десек жаңылышпайбыз. Колдонуучулардын саны жылдан жылга көбөйүп, башыбызды “Facebook” биротоло айландырып алгандай, ага күнүгө жок дегенде бир маал кирип чыкпасак ооруй турган деңгээлге жеткендейбиз. Мындан улам колдонуучуларга эмне максатта колдоно тургандыгы жана канча убакыттан бери “Facebook” менен дос экендигин билүү үчүн сурамжылоо жүргүздүк.

 Хабибилла Азиреткулов, обончу, “Facebook” колдонуучусу:

Колдонгонума 10 жылдан ашты. “facebook” оперативдүү маалыматтарга ээ экендиги менен өзгөчөлөнөт”

– Учурда интернет менен ка­тар эле социалдык тармактардын жашообуздагы ролу абдан чоң экени талашсыз. Алардын ичинде башкаларга салыштырмалуу “Facebook” түйүнү өзүнүн аудиториясынын кенендиги жана оперативдүү маалыматтарга ээ экендиги менен өзгөчөлөнөт. Бул тармакты пайдалануу ар кимдин табитине жараша деп ойлойм. Мисалы, мен бир эле багыт боюн­ча пайдаланам дегенден алысмын, ошентсе да негизинен жаңылыктар блогу жагат. Тилекке каршы, көпчүлүк замандаштарыбыздын бул түйүндү ашкере фанаттык мүнөздө пайдалангандыгы өкүндүрбөй койбойт. Бул менин экинчи баракчам. Бул түйүндөн пайдаланганыма он жылдан ашты.

 Баяна Кулова, журналист, “Facebook” колдонуучусу:

“Достошконума 7 жыл болду, ушул аралыкта “facebook” аркылуу дос да, душман да таптым “

– “Facebook” азыр ааламдашып бара жаткан эң күчтүү социалдык баракча болуп жаткандыктан, жамандык-жакшылыгымды, бактылуу күндөрүмдү, ой-пикиримди билдирип туруу үчүн колдоном. Негизи колдонгонума 7 жыл бо­луп калыптыр. Бул убакыт аралыгында көптөгөн жакшы адамдарды дал ушул тармактан таап дос болдум. Ошол эле учурда душмандарды дагы ашырып алдым. Жур­налист маалыматтан эч качан артта калбаш керек, ошондуктан бул социалдык баракча аркылуу жаңылыктарды, ар кандай окуялар менен кенен таанышып турууга болот. Эң жаманы көп убактымды дагы алып коёт.

 Бакыт Качкынов, 5-каналдын түз эфир режиссёру:

“Катталганым эсимде жок бирок “facebook” тармагында ото эле активдүүмүн”

-Азыркы убакта “Facebook” бардык адамдарга маанилүү болуп калбадыбы. Кээ бири дос тапса, кээ бири ар кандай комментарий жазуу менен көңүл ачыш үчүн колдонот. Айрымдары жаңылыктарды окуганга, кээси өзүлөрүнүн жумуштары үчүн катталышат окшойт. Мен кайсы жылы катталганым эсимде жок, бирок “Facebook” тармагында өтө эле активдүүмүн. Көбүнчө жумушка байланыштуу эле колдоном. Себеби ишимде “Facebook” керектүү оокат. Андан сырткары достор менен ар кандай маселелерди, сүрөттөрдү талкуулаганга да керектеп коём.

Жамайка Токонова, төкмө акын, “Facebook” колдонучуусу:

Акыркы маалда “facebook” баракчасы таштандыга айланып бара жатат”

– “Facebook” мен үчүн алыстагылар менен баарлашуу үчүн жардам берет. Жаңылыктар менен да кабардар кылып турат. Бирок тилекке каршы, акыркы маалда “Facebook” баракчасы да таштандыга айланып бара жатат. Бирок колдоно билсе, жакшы жагын көрсө болот. Жаман жери азыр көпчүлүгүбүз убактыбызды ар кимге сын пикир айтуу менен коротуп жаткандыгыбыз болууда.

Булак: “Фабула”

КСДП парламенттеги позициясын чыңдап жатабы?

“Жылкы теппей, жылан чакпай” КСДПнын депутаты Тилектеш Исаев мандатын тапшырды. Ордуна Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Канатбек Керезбеков келди. Тилектеш Исаев 2010-2011-жылдары “Манас май куюучу комплекс” мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылы, Жогорку Кеңешке КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келгенге чейин ‘Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасынын башкы директору болуп турган. Исаевди жакындан билгендердин айтуусунда Икрамжан Илмиянов, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен жакын мамиледе экенин, депутаттыктан кеткенден кийин кайра эле күйүүчү май бизнесине кайтаарын айтышууда. Ал эми Жогорку Кенеште социалдемократтардын дагы бир депутаты Музаффар Искаковго кылмыш иши козголгонун эске алганда, мындан кийинки эле депутат болчу киши президенттин мурдага кеңешчиси Икрамжан Илмиянов экенин белгилеп коёлу. Мындай мандаттардын тез алмашып жактанын серепчилер президенттик шайлоонун алдында КСДП парламенттеги позициясын чыңдап жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

Булак: “Фабула”

Мэр баштаган жолдо калчу жорук

“Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур” демекчи, ызы-чуу менен шайланган Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду чарбачыл инсан деп койсо эрээркеп кеттиби же жеке кызыкчылыгы ойгонуп, кулкуну кууратып жатабы ким билсин, Бишкек шаарындагы гезит саткан базар менен күркөлөрдү шаар четине чыгарыш керек деген жолдо калчу жорукту баштап жатыптыр. Ким мындай акыл кошсо да же өзүнүн гениалдуу демилгеси болгон күндө да мэр катуу жаңылат. Бир да өлкөдө мындай одоно жорук жасалбайт. Шаардын четине чыгаргандай абаны булгап жаткан завод-фабрика же санитардык талапка жооп бербеген ишкана болсо бир жөн. Сыягы гезит базар менен күркөлөрдүн ордуна көзү түшүп Кудай уруп жаткандай…

Булак: “Фабула”

Министрлик атасынан "мураска" калгандай тырышат...

Биздин аткаминерлер үлкөн кызматка отурса эле көздөрүн май басып, креслого көчүгү катып, атасынан калган мурастай мамиле кылып калышат. Мына Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев туурасында коомдо жакшы пикир дээрлик жок.

Карапайым адамдар министрликтин аддына кызматтан кет деп митинг кылышты. Ал түгүл Жогорку Кеңештин депутаттары дагы иштей албай, интрига менен алек болуп калганын белгилешип, кызматтан кетүү маселесин кабыргасынан коюшту. Бирок Батыралиевдин кетейин деген ою жок. Тескерисинче аталган кызмат атасынан мураска калгандай “кетпейм” дейт көшөрүп отурат. Намыс деген жок тура. Буга жек көрүндү болсо да министр болуп отурган кызык экен. Албетте, үлкөн кызматты бизнес катары түшүнүп калышкан биздин аткаминерлер жем жеген акырын башка бирөөгө ыраа көрүшпөйт. Мындайлардын ишин иликтеп, ичкен-жегенин кустуруп түрмөгө отургузмайын, өз алдынча кызматтан кеткиси келишпейт сымак. Арты таза эмес да, коркушат…

Булак: “Фабула”

Президенттикке көз кызартып

Эл башкарам деген амбициясы барлардын айрымдары президенттик шайлоого аттанышаарын ачык айтып камылга көрүп жатса, кээлери тымызын даярдык көрүп жаткан кез. Ошондой жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, президенттик такты мелжеп жаткандардын арасында Кочкор районунан чыккан олигарх Рахатбек Ирсалиев бар. Курулуш бизнеси гүлдөп, ити чөп, акчасы самандай сапырылган бул жигит учурда каражат жагынан каржалбай турганын айтып, шайлоодо саясий салмагын аныктап көргүсү келип жатыптыр. Мурда-кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мансаптын даамын татып калган жаны тынч жата албай жатса керек. Анын үстүнө акча деген көздү май бастырат эмеспи. Айтмакчы, бул жигиттин агасы Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районундагы мамлекеттик маанилүү маселелердин баарына мурдун тыгып, райондун көмүскө кожоюнуна айланып алды. Бүгүнкү күндө Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп, өзү бий, өзү хан болуп, оозунан муз бүркүп турган чагы. Мүлк фондун башкарып турганда Кытай Эл Республикасынын эски имаратын менчиктештирип алган жайы да бар. Айтор, кызарган жерден кыя өтпөгөн немелер…

Жээнбековдун көздөгөн максаты эмне?

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кандай жеке кызыкчылыкты көздөп жатканын түшүнүп болбойт. Дегенибиз, мамлекеттин мүлкүн көзөмөлдөгөн Мамлекеттик мүлк фонду турса, дагы бир мамлекеттик «Мүлк» ишканасын түзүп жатыптыр. Ушул кантип болсун. Бирин-бири кайталаган кызматтарды кыскартып, оптимизация кылгандын ордуна, ээр токумдун үстүнө ээр токугандай жоругу кайсы акылга сыят. Сыягы мындай жол аркылуу, калган-каткан менчиктештирилбей калган мамлекеттик ишкана-мекемелердин түбүнө жетейин деген максаты бар го. Соо киши минтпейт эле.

Булак: “Фабула”

Сурамжылоо: “Сиздин эсиңизде калган 8-март?”  

Сабырбек Жумабвков, академик:

– Менин эсимде калган белек 101 ро­за келинчегим Розага арналган. Буга окшогон белектерди аял заты үчүн аябаш керек. Эртеңки 8-март майрамы менен апаларды, эжелерди, карындаштарды куттуктайм! Аял затынын көз жашы төгүлбөсүн. Элибизде, мамлекетибизде тынчтык орносун. Аял заты бактылуу болсун!

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты:

– 8-март аял затынын эл аралык майрамы. Бул албетте өзгөчө майрам, аталган майрамдын өзгөчөлүгү жана кызыктуулугу мектеп курагындагы күндөрдө болгон десем жаңылышпайм. 23- февраль Советтик армиянын күнүнө карата классташ кыздардан чыдамсыздык менен белек күтүп, ар кандай белектерди алган соң, келээрки айдагы 8-март майрамына кызуу даярдыктар башталчу. Классташ балдардан каражат топтоп, классташым Зарыл деген жигит экөөбүз Базар-Коргон районунун борборунан атайын жалтырактар менен жасалган ичинде атыр, упа жана айымдарга тиешелүү бол­гон журналдар салынган белектерди алып келгенбиз. Кызыгы бир жумадан кийин классташ кыздарыбыз айтып жатпайбы, тиги журналдар “Кыргыз­стан аялдары”, “Ден соолук” сыяктуу, бир жыл мурун чыккан эски журнал­дар экендигин, менимче ал күндөгү белектердин маанилүүлүгү журналдардын эскилигинде эмес, чыныгы таза ниет, балалык сезимдер менен берилген белектерде го деп ойлойм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы кыргыз мамлекетинин айымдарын тирүүлүктүн учугу болгон кыз-келиндерди, үйдүн куту болгон энелерди жана эже-карындаштарды чын ыкласымдан куттуктайм! Азыркы заманда аял заты мамлекеттик кызматта, миграцияда жана дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенип, үй-бүлөсүнө мээримин төгүп, коломтонун отун өчүрбөй жылуулук сактоого тынымсыз аракеттенип келүүдө. Бул жашоодо биздин ажырагыс ажарлуу айымдарыбыз, апаларыбыз бар болсун!

Балбак Түлөбаев, “Аю хол­дингдин” вице-президенти:

– Түркияда окуп жүргөндө, биринчи 1993-жылдары мектепте окуткан эжейиме ал жактан кат жазгам. Чет өлкөдөн кат жазганда өтө көп марка чаптачубуз. Ошондо тышында гүлү бар отк­рытка таппай кыйналып араң тапкам, бул учур 8-март келген сайын эсиме келет. Түркияда майрамдык маанай ал убакта көп жок эле, комунисттик майрам деп. Алар пикет, митинг ме­нен өткөрүшчү. Ал эми аял затына “Аю холдингдин” атынан бакыт, ырыс-кешик, жакшы жашоо, бакубат өмүр каалайм. Күнүгө кечинде күткөндөрү аман-эсен түгөл үйлөрүнө келип турсун. Аял заты бар биздин дүйнө жарык, жашоо жыргал!

Болсун Казаков, мамлекеттик кызматкер:

-Мектепте окуп жүргөн кезде кыздарыбызга белек бергенибиз эсимде! Биз берген белегибиз алардыкынан арзан болуп калып, бизге кайра берип салышкан эле. Бул күндөр эсимден кетпейт. Балалык баёо сезимдерге бөлөнгөн кез эле. Эртеңки 8-март майрамы менен бардык аял затын куттуктайм. Аял заты бул жашоо, бул сулуулук, бул боорукерлик жана үйдүн куту! Кудайдан аял затына эң бир чоң милдет бе­рилген – бул эне болуу, ошондуктан баарыңыздарга эне болуу бактысын каалайм!

Узарбек Жылкыбаев, ЖКнын депутаты:

-8-мартка карата атайылап өз колум менен белек жасап көрө элекмин. Адатта даяр белекти, гүл жана парфюмерияларды сатып алып эле берем, апама, жубайыма жана кесиптештерге. Ал эми айымдардын эл аралык майрамында бардык аял затына бакыт каалайм. Жакындарынын курчоосунда аман болушсун. Жаз айынын башталышы айымдардын майрамы менен башталып калышынын да себеби бар. Жаз күнүндөй жаркылдаган айымдар аман болсун!

Максат Сабиров, ЖКнын депутаты:

Эсимде калган белек – бул идиште өстүрүлгөн гүл болгон. Алгачкы белегим да ушул болгон. Ал гүл келинчегиме арналган. Идиште өстүрүлгөн гүл өсүп-өнөт, көпкө жашайт. Ал жылда көбөйүп турат. А каалоом бардык аял затына узун өмүр, ден соолук, чексиз бакыт жана калыстык. Эне калыс болбосо жер астын-үстү болот. Анан дайыма жүздөрүнөн күлкү кетпесин.

Азамат Байматов, “Кайрымдуу бол” фондунун негиз- дөөчүсү:

– Окуучулук күндөрдө 8-мартга акыга бир жерге иштеп, аябай кыйналганым эсимден эч кетпейт. Биринчи жолу өз мээнетим менен акча таап, апама ошол кезде мода болуп жаткан жоолук алып, 8-март майрамы менен куттуктагам. Ал эми азыр болсо апамды, жеңелеримди, келинчегимди кафеге алып барып, белегимди берип, сый-урматымды көрсөтүп турам. Бул жалган дүйнөгө келишибизге себепкер болгон энелерибизге ден соолук, узак өмүр, дөөлөттүү карылык каалайм. Дегеле бардык аял затын, биз силерди жакшы көрөбүз,сыйлайбыз деп айткым келет.

Булак: “Фабула”

Кандуу кылмышка курбусу күнөөлүбү?

2-февралда Бишкектеги Касым Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин квартирасында жашаган аялдын атылып өлгөндүгү боюнча маалымат тараган эле. Ал кылмыштын бети ачылганын, кылмышкер кармалгандыгы милиция жар салган. Мына ошол кандуу окуяга байланыштуу кечээ күнү атылган аялдын баласы “АКИпресс” маалымат агенттигине маалымат жыйынын куруп, апасынын эмне болуп өлтүрүлгөндүгүн айтып берди. Анын айтуусунда апасы мурдатан эле Майрамкүл деген 61 жаштагы аял менен жакындан байланышып жүрчү. Майрамкүл каза болгон аялдын үйүнө көп келчү экен. Мурда университетте чогу окугандыктан, экөө курбулардан болуптур. Майрамкүлдүн күйөөсү мурда ми­лиция болуп иштеп, азыр пенсияда экен. Алардын Эрнест аттуу 1980-жылы туулган уулу бар экен. “Мына ушулар эле апамды өлтүрүп коюшу мүмкүн”- дейт каза болгон аялдын уулу Нурлан. Эске салсак, каза болгон аялдын “Дордой” базарында контейнерлери бар экени, үйүндө көп суммадагы акча болгондугу айтылган.

Булак: “Фабула”

Камчы Көлбаевдин дагы бир бандити колго түштү

Акыркы айларда Ошто кылмыштуу өлүмдөр көп катталды. Мисалы, аз кун мурун эле бир эмес эки май куюучу жайдын ээлерин чал амандын чак түшүндө белгисиз бирөөлөр ок чыгарып атып кетишкен. Андан кийин 15-февралдан, 16-февралга караган түнү “Изюм” аталышындагы ресто-барда белгисиз адамдар 44 жаштагы жаранды бычактап кеткени маалым болгон. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылган. Мына ошол бычактоого шектүү катары аз күн мурун милициялардын кылтагына илиниптир. Ал 1984-жылы Кыргызстанда туулган жаран экен. Көп өтпөй эле бул кылмышка шектүү дагы бир жаран кармалып, ал дагы 1984- жылы туулгандыгы аныкталган. Ал жаран крим төбөл аталып жүргөн Камчы Көлбаевдин бандиттүү тобунун мүчөсү болуп жүргөндүгү белгилүү болуптур. Кызыгы ал буга чейин милицияга карматпай издөөдө жүрүптүр.

Булак: “Фабула”

Меню