Menu

ДАЙДЖЕСТ СМИ

КСДПда паника. Президент бийликти тазалай баштады

КСДПнын депутаттарын элге чыгуусун суранышат.

Депутаттык мандат алган 38 социал-демократтардын сегизи гана саясый аренада өздөрүн аздыр-көптүр көрсөтө алышууда. Ушул сегизинин төртөөсү өлкө президентинин саясатын колдошот, калган төртөөсү каршы сүйлөшүүдө.

Алмазбек Атамбаев масштабдуу ротация жүргүзүп, Жогорку Кеештеги саны өтө көп фракциянын 2/3 курамын алмаштыруу ниетин билдирүүдө.

Азырынча иштеп турган мамлекет башчынын пикиринде, ишенимди актабаган парламентчилердин ордуна КСДПнын резервиндеги жигердүү жана жөндөмдүү саясатчылар келүүгө тийиш.

Партиялаштары менен болгон жабык жыйындардын биринде Алмазбек Атамбаев башка да жо­горку деңгээлдеги кадрдык алмашууларды кабыл алууга мажбур болорун моюнга алган.

Андыктан, Фарид Ниязовдун президент аппаратынын жетекчиси кызматынан отставкага кетиши менен эле иш бүтүп калбайт.

Шайлоолор бир туугандар Жээнбековдорсуз

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кенештин экс-спикери Асылбек Жээнбековду кайгылуу кабар күтөт. Анткени бул эки бир туугандардын бири да мураскордун ордун ээлөөгө татыктуу эмес.

Биринчиси президенттин пикиринде, өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмү болбогондуктан, премьер-министрдин милдетин аткара алган жок. Пре­мьер жана анын министрлери эч кандай демилге көтөрбөй, жогору жактан гана көрсөтмөнү күтүп отурушат. Ал эми өздөрүнүн жасаган ишин өкмөт башчы жана анын кол астындагылар президенттен болгон тапшырмалардын саны менен гана баалашат.

Жээнбековдор кланынын экинчиси, КСДПдан президенттикке көрсөтүлө турган талапкерлердин запастагы варианты катары саналган Асылбек да кастингден өтпөй калды.

Президенттин тегерегиндегилер бир тууган Жээнбековдордун кичүүсү акыркы мезгилде толугу менен динге “кетип калгандыгы” үчүн нааразы болушууда.

Анын башкаруусу менен Кыргызстан экинчи Пакистанга, андан да коркунучтуусу, Афганистанга айланып калуусу мүмкүн экендиги өтө коркунучтуу. Бул аргумент Асылбек Жээнбековдун келечеги тууралуу чечим кабыл алууда чечүүчү жагдай болду.

Сыягы, бир тууган Жээнбековдорго иш жүзүндө түзүлүп калган шайлоо алдындагы штабын таркатууга туура келет го.

КСДПда дагы ким ишенимден кетти?

Парламентте          жыйын өткөргөн   социал-демократтардын кадыр-баркы акырындап, бирок ишенимдүү түрдө “Ак үйдүн” өзүндө да төмөндөөдө. КСДП фракциясынын жыйындарында президент аппаратынын жетекчиси бир нече ирет көзөмөл астындагы депутаттардын активдүүлүгүнүн төмөндүгүн жана начар ишин белгилеген. Ошондой эле өз депутаттарына эгер кырдаал өзгөрбөсө, кескин чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Кырдаал өзгөрдү, бирок жаман жагына. Бул жагдай Алмазбек Атамбаевдин тынчын алуу­да.

КСДП фракциясынын катарынын бекемдиги да айырмаланбайт. Парламенттеги социал-демократтар үч топко бөлүнүшкөн: бир бөлүгү фрак­ция лидери Иса Өмүркуловду ээрчийт, башкалары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго баш ийет, калгандары экс-спикер Асылбек Жээнбековго ыкташууда.

Эксперттердин пикиринде, бул саясатчылардын кимисин болбосун биринчи катарга чыгаруу бүтүндөй КСДПны бир нечеге бөлүп жиберет. Партиянын катарындагы мындай ажырымдык Атамбаевдин баардык пландарын жокко чыгарышы мүмкүн.

Азырынча КСДП фракция­сынын депутаттарынын бири моюнга алгандай, анын көпчүлүк кесиптештери чемоданын жый- нап турат. Жаман кабарлар тез тарайт эмеспи.

Президент талаада жалгыз

Акыркы мезгилде Алмазбек Атамбаев атаандаштары менен жалгыз өзү салгылашууда. Текебаев жана анын тарапкерлери менен тирешүү баардык жумуш убактысын алууда жана президенттин эмоционалдык маанайына Караганда, анын не- рвине терс таасир тийгизүүдө.

Мындан тышкары өкмөттү да өзүнө тартып, өзүнүн имид­жи үчүн иштөөгө туура келүүдө. Ошондой эле пресс-катчы ката­ры.

Президенттин жакын тегерегинде резиденцияда өзүнүн милдетин официанттар гана так аткарып жаткандай таасир жаралууда.

Президенттин душмандарынын полку толукталышы мүмкүн. “Ата Мекендин” камалган лиде- ринин тарапташтарына дагы эки Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колдоочулары кошулуп калары күтүлүүдө. Ал эщ жогорку кыз- маттагы революционерлер өздөрү УКМКнын СИЗОсунун камера- сын ээлешет.

Жакында Алмазбек Атамба­ев кол астындагыларга эки ото белгилүү “убактылуулар” $5 мил- лионду “уурдап кетишкендиги” тууралуу маалымат пайда болгондугун билдирди.

Президент бейтарап талапкерди чыгарышы мүмкүн

Азырынча Алмазбек Атамба­ев мурдагы шакирттерин ачыкка чыгарганча партияда президенттикке номер биринчи талапкер болуу үчүн күрөш күч алууда.

Жогорку кызматтагы социал-демократтар бул тирешүүлөрдү публикага чыгаруудан да тартынышпайт. Өлкөнүн түштүгүндө командировкада жүрүп Иса Өмүркулов менен Асылбек Жэ­энбеков кантип чырлашкандыгы азыркыга чейин айтылып келатат.

Президенттин тегерегинде ишенимдүү, берилген адамдар да бар, бирок кризистик кырдаалда төшүн отко тосо турган эр жүрөк саясатчылар калган эмес.

Бирок эң негизгиси – Атам­баевдин жанында шайлоочуларды өлкө үчүн туура жол менен алпараткандыгына ишендире турган саясый оор салмактагы адамдар жок болууда.

Партиянын катарындагы бөлүнүүчүлүк жана улам курчуп бараткан саясый кризис Атамбаевди президенттикке бейтарап талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө мажбур кылышы мүмкүн. Ал мөөнөтү бүткөн пре­зиденттин саясый келечегине керектүү кепилдик бере тур­ган саясатчы боло тургандыгы түшүнүктүү.

Анткени бир гана КСДПнын кадыр-баркы төмөндөбөстөн, бул жагдайдан улам президент да позициясынан кайтууда. Азыр Алмазбек Атамбаевди жалпы эл колдой тургандыгын Алмазбек Атамбаев жеке өзү гана айтууда.

Булак: “Майданkg”

Сапар Исаков “Чайна Роуд” компаниясы аркылуу чоң суммадагы акчаларды уурдап жатабы?

Аташкасынын “сапсарышкасы” Сапар Исаков деген учурунда Максим Бакиевдин көздөй көргөн баласы болгон. ал Максим Бакиевге “коррупциялык схемалар” боюнча идеяларды бергени үчүн жагып, жанында оң колу болуп жүргөн. Мына ошол Бакиевдин куйругу бүгүн Атамбаевдин жанында жандай көргөн кадрына айланды. Башкаларды “бакиевчилер” деп күнөөлөгөн Атамбаев эмнеге жанында чыныгы бакиевчини алып жүрөт? Анын себеби жөнөкөй эле.

Сапар Исаков Мак­сим Бакиевге жагып жүргөн “идеяларын” азыр да аткарып, анын арты менен Атамбаев казынасын кампайтууда.

Буга далилдүү фактылар толтура. Кытайлык “Чайна Роуд” жол куруу компаниясы көп жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жол куруп келүүдө. Ал, акыркы жылдары, тактап айтканда 2010-жылдан кийин өтө чоң суммаларды жол курууга короткон. Башкача айтканда тышкы карыздын 2 млрд долларга көбөйүшү “Чайна Роуд” аркылуу жол курууга жумшалган каражаттар. Кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы Кыргызстандын аймагындагы жол куруу боюнча жүргүзүлгөн тендерлерге катышпай эле жол курган негизги компания катары белгилүү болуп калды. Себеби, анын артындагы “көмүскө” колдоочусу Сапар Иса­ков экени баарына эле белгилүү болбосо керек.

Кыргызстандын аймагындагы башка жол куруучу компаниялар жолдун 1 чакырымын 500 мин доллардан 750 миң долларга чейин курат. Ал жолдун курулуусундагы чыгымдарына, жайгашкан аймагына жараша. Ошол эле кезде жол куруучу компаниялар мамлекетке салык төлөшөт.

Сапар Исаков жана Калык Сул­танов колдоо кылган “Чайна Роуд” компаниясы 1 чакырым жолду 1 миллион 535 миң 150 доллардан – 3 миллион 112 мин 468 долларга чейин чыгымдап курган.

Булар Бишкек-Балыкчы жолундагы 147-172- км аралыгындагы айланма жолду кайрадан оңдоого жалпы суммасы 38 мил­лион 378 мин 771 АКШ долларын чыгымдаган, ошондо 1 чакырымына 1 миллион 535 мин 150 дол­лар сарптаган. Арал – Казарман авто жолундагы 195-291- км аралыгындагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунунун долбооруна 96 чакырым үчүн 298 миллион 796 мин 966 АКШ доллары менен куруп жатышат. Ошондо 1 чакы­рым жолго 3 миллион 112 миң 468 доллар чыгымдалат. Ушундай эле өлчөмдөгү жолдун бир чакыры­мын башка компаниялар 750 мин доллар менен куруп берүүнү сунушташкан.

Тилекке каршы, Сапар Исаков менен Калык Султанов “көмүскө” аракеттерин “Чайна Роуд” аркылуу ишке ашырып жаткандыгына байланыштуу башка компанияларга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Ал тургай “Чайна Роуд” мамлекеттин казынасына 1 сом да салык төлөбөйт. Муну менен Сапар Иса­ков, Калык Султановдор аябай чон суммадагы каражаттарды уурдап жатышат. Булардын кесепетинен, Кыргызстандын тышкы карызы 6 жылда 4 миллиард 105 44 долларга жетти. Ушул жүйөөлүүсебептерден улам, мурдагы Максим Бакиевдин эң ишенимдүү, коррупциялык схемаларынын түзүүчүсү Сапар Иса­ков президенттин жанында эмнеге эркин жүрөт деген суроо жаралат. Мындай келемиштер жазага тартылуунун ордуна бүгүн прези­денттин эң жакын адамы катары кызматтан-кызматка көтөрүлүп жатканы өкүнүчтүү.

Акыркы жылдары карыздын 2 миллард долларга көбөйүшү Сапар Исаков менен Калык Султановго байланыштуу. “Чайна Роуд” ком­паниясы Сапар Исаковдун колдоосуна таянып 2-3 эсе кымбат чыгым менен жол куруп, ашкан суммаларды Сапар Исаковго берип жатат. Муну текшерген эч ким жок, булар ээн эркин элди карызга батырып, өздөрү байып жатат. Эки-үч адамдын ач көздүгүнөн улам Кыргызстандын 6 миллион калкынын ар биринин мойнуна 22  000 сом карыз илинүүдө. Акыркы 6 жылдагы өскөн 2 млрд карыздын  1млрд доллары Калык Султанов менен Сапар Исаковдун чөнтөгүнө кеткен. Президенттин энчисине канчалаган пайызы кетип жатканы ал табышмак…

Булак: “Майданkg”

Саясий туткундар сот өкүмүн 22-мартта угат  

 

Кечзэ, 7-мартта Биринчи Май райондук сотунда абакта жаткан оппозициялык ишмерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековго сот өкүмү чыкмак. Бирок, адвокаттардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу, сот 22-мартка жылдырылды.

Мамлекеттик айыптоо төртөөнүн тең “бийликти басып алууга аракети” далилденгенин айтып, К.Кадыровду менен Б.Асановду 15, Д.Сарыгуловду 12, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 22 жылга абакка кесүүнү соттон талап кылган. Эске салсак, сот жабык өтүүдө.

Ошол эле учурда дал ушундай негизде камалган “Элдик парламент” саясий уюмунун мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Тойгонбай Калматов, Төрөбай Колубаев жана Александар Гусевдердин иши да аталган райондук сотто аягына чыгуу алдында турат жана ал да жабык болууда.

Жогоруда аты аталгандардан жалгыз гана Дастан Сарыгулов ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Буга чейин бийликтин эл уулдарын негизсиз куугунтуктап, камоого аракетгенгенин айыптап, Талас эли митингге чыккан. Кечээ болсо Жалал-Абад облустук администрациянын алдына Бектур Асановдун тарапташтары митингге чыкты. Абактагы саясий туткундарды бошотуу талабы ме­нен чыккан 200дөй адам 22-мартта кайра чыгышаарын, эгер эл талабы аткарылбаса, 24-мартта республика боюнча масштабдуу акциялар уюштуруларын маалымдашты.

Митингдер сезону муну менен бүтпөйт. Кара-Кулжада Д.Чотоновдун, Базар-Коргон менен Бишкекте Ө.Текебаевдин жактоочулары “бийликти уктатпайбыз” дешүүдө. Деги аман калабызбы?

Булак: “Майданkg”

Сапар Аргымбаев, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы: “Бүгүн репрессия күчөп баратат...”

Ата-Мекен” партиянын төрагасы, Жогорку Кеңешин депутаты Ө.Текебаевдин жана анын партиялашы Д.Чотоновдун камакка алынганын айрымдар “саясий куугунтук” катары бааласа, өлкө башчысы: “бул иште саясат жок, болгону эле катардагы кылмыш иш”- деп билдирди. Биз бул багытта Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаевке кайрылдык.

Партия жетекчиси, Жогорку Кенештин депутаты, анын партиялашы эки ай абакта кармала турган болду. Сиз жетектеген коми­тет буга кандай баа берүүдө?

-“Бир адам айтты” деп эле далилдери жок камай берсе анда эртең бийликке же күч органдарына ким жакпай калса, баарын ка­май берсе болобу? “Белиз-гейти” менен камайбыз деп аракет кылышты эле, далилдер жалаа болуп чыкты. Партиялаштары Саляновага, Шыкмаматовко бийлик кылмыш иштерин ачты. Саясий куугунтук болуп жатканы балага да түшүнүктүү болуп турбайбы.

Силердин комитетинер эмне себептерден саясий туткундарды коргойт? Же саясий көз-карашынар бир болгонунанбы?

-Комитеттин мүчөлөрүнүн да, туткундардын да саясий көз караштары ар башка.

Анда эмне үчүн комитет түзүп, биригип, аларды колдоп жатасыңар?

-Конституциянын 93 беренесинде минтип жазылып турат: “Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет,”- деп. Ал эми саясий максат менен кылмышка тартылгандарга, кылмыш иш козголгондорго жана соттолуп жаткандарга тергөө да, сот да адилет, калыс, акыйкат мамиле кылбаганын тарыхтан да, турмуштан да жалпыбыз жакшы билебиз. СССР доорунда Баялы Исакеев, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов, Белек Солтоноев жана башка миңдеген кыргыз патриоттору соотолуп, атылгандан 30 жыл кийин толук акталбадыбы. Акаев, Бакиев бийлик жүргүзгөндө соттолуп, бирок кийин акталгандар арабызда жүрбөйбү.

Демек, саясий себеп менен иш козголуп жана соттолгондорго калыс, адилет тергөө да, сот да болбойт экен да. Муну фактылар менен далилдеп бере алысызбы?

-Мен өзүм бир жыл камалып, кийин акталдым. Жаңы мисал келтирейин. 70 жаштагы 12 кесел менен катуу ооруган ардагер Дастан Сарыгулов былтыр камалган. Аны УКМК “Хоменюктүн көрсөтмөсүнүн негизинде Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу камалды”- деп элге жарыя кылган. Хоменюк “Азаттыкка” – “мен андай көрсөтмө берген эмесмин” деп айтып, УКМКын калпын жокко чыгарды. Эч бир далили жана негизи жок Сарыгуловго “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып койду УКМК. 105 күн абакта жаткан оорукчан карыяны бир дагы тергөө амалын жүргүзбөй, бир дагы сурак кылбай, УКМК өзү үйүн катуу тинтүүгө алып, эч бир далил таппай, кылмыш ишин кыскартып, “абактан бошотулсун” деген токтом кабыл алды сентябрь айында. Би­рок абактан чыгарган жок. “Бийликти басып алууга тийешеси бар” деп, тергөө иши бүтүп, бул айыпты далилдеген бир дагы факт табылбаса да, камакка алынсын деген соттун негизсиз жана мыйзамсыз чечими ме­нен УКМКын СИЗОсунда калтырылды. Бул мыйзамсыздыктын жана адилетсиздиктин бир эле мисалы. Болгондо да 70 жаштагы оорукчан карыяны кордогон факт.

Үч күн мурун төрт адвокат маалымат баракчасында бийликти басып алуу боюнча айып тагылган К.Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков, Д.Сарыгуловдун соту аяктап калганын айтышып, Асанов менен Кады­ров акыркы жолу Сарыгуловго 2013-жылы кокустан жолукканы, андан бери 2014, 2015, 2016-жылдары бир дагы жолукпаганы, байланышпаганы талашсыз анык болгонун, тергөө далай мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнүн, бийлик басып алууга акча, курал, план ж.б. бир дагы далил табылбаганын, башка бир дагы адам бийликти басып алууга катышпаганын баса белгилешиптир. Саясий өңүттө козголгон кылмыш иш чын эле адилетсиз жана мыйзам бузуулар менен коштолгонуна эми калың эл күбө болуп, ишене баштайт окшойт…

-2016-жылдын март айынын аягында жалпы өлкөгө көрсөтүлгөн тасма да жалган болгонун адвокаттар жазып чыгышты го… Ар бөлөк үн жазуу жана видеолордон үзүндүлөрдү алып, чаптап, төрт адамды бириктиришип, “бийликти басып алганга даярданышкан”,- деп жалган маалымат таратып, элди УКМК атайын ишендирип, күнөсүү жок адамдарды бир жыл абакта кармап жатпайбы. Дагы кандай далил керек?

Анда “Белизгейт”, Саляновага, Шык­маматовко, Чотоновко, Текебаевке козгол­гон кылмыш иштер да ушундай жасалма болушу мүмкүн экен да? Жок, андай эмес деп, эч ким бышык айта албайт турбайбы?

-“Андай эмес” деген кепилдикти эч ким бере албайт. Ушул себептен Текебаевди, Чотоновду саясий туткундар деп таанып, биздин комитет алардын адам укуктарын коргогонго катышабыз деген чечим кабыл албадыбы. Экс-президент Роза Отунбаева дагы саясий репрессияларга каршы баардык күчтөрдү биригүүгө чакырбадыбы. Коомго репрессиялар зор коркунуч жаратаарын биз бир жыл мурун эле түшүнүп, саясий туткун­дарды коргоо комитетин түзгөнбүз. Бүгүн репрессия күчөп баратат. Ким адилетти ыйык тутса катарыбызга кошулууга чакырабыз. Акаев, Бакиевге каршы эл тамак, жем, үрөөн же жумуш орун сурап көтөрүлгөн эмес. Адилетсиз саясат жүргүзгөнүнө кар­шы эл көтөрүлгөн. Ошондой абалга эл кай­ра жетпесин, тынчтык, ынтымак болсун деп биздин Комитет иштеп жатат.

Булак: “Майданkg”

Ажылыкка велосипед менен

Кыргызстандын түштүк башкалаасынын 70 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов Мекке шаарындагы ажылыкка велосипед менен барып келерин дагы бир жолу тастыктады.

– Ушул максатта күн сайын 100 чакырым жол жүрүп жаткан чагым. Ошондо Мекке Мединага сегиз айда араң жетет экенмин. Эң башкысы: 50 градустук аптаптуу чөлдөрдү, 30 градустук ызгаардуу суук баскан аймактар аркылуу өтүшүм абзел! Баарына эмитен көнүп жатамын, – деди Мамыт Таштанов.

Бул максатта Мамыт аба Таштанов таңкы машыгууларды такай жасап, хоккей ойноп, дени сак жашоого ыктап жатканы маалым. Буга дейре Сауд Арабиянын ыйык жерлерине велосипедчен 4 малайзиялык жөнөгөн. Азыр алар Иранга жетип ка­лышты.

Булак: “Майданkg”

Наталья Никитенко, ЖК депутаты: “Бийлик биздин партиябызга кысым көрсөтө берсе, эл арасында олуттуу каршылыктарга дуушар болот”

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко менен саясий кырдаал жана Ө.Текебаевдин камалышы тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Бүгүнкү күнү көчө оппозициясы пайда болгону шексиз, эмне бул маселелер парламентте чечилбей калдыбы?

-Чындыгында биз чуулгандуу иштерди парламенттен чечкенге катуу аракет жасадык, бирок, тилекке каршы бизди көпчүлүк коллегаларыбыз колдогон жок. Ошондуктан көчөгө чыгууга аргасыз болдук. Мен муну “парламенттин абсолюттук кудуретсиздиги” катары санайм. Фракция лидеринин одоно мыйзам бузуу менен камакка алынуусун саясий куугунтук деп эсептейм. Парламент токтоосуз түрдө реакция жасашы керек эле, бирок, Бакыт Төрөбаевден башка фракция лидерлери же спикер тарабынан колдоо болгон жок. Алардын үндөбөй отурушун мен жакынкы президенттик шайлоодогу кызыкчылыктары бар экендигинен го деп ойлойм. Бүгүнкү күнү парламенттин реакциясы керек болчу, мейли ар кимиси ар кандай пикир айтканда деле ре­акциясы баары бир болушу керек эле .

Анда бул болуп жаткан окуяларды президенттин шайлоого карата башталган аракеттери деп бааласак болобу?

-Президенттин кандай пикири бар экенин билбейм, бирок менин оюм боюнча, бул “өзүнүн саясий талаасын тазалоого өттү” дегендикке жатат. Жүз берген окуялар кечээ же бүгүн башталып жаткан жери жок. Көптөн бери болуп келаткан аракет. Буге чейин мародёрлук боюнча иш козгоп, партиянын лидерин дискредитациялоого аракет кылышкан. Менин оюмча алар “Ата Мекен” партиясына анчалык баа бербей жатышат, себеби мамлекеттин негизи болгон жөнөкөй эл дайыма биздин партия менен бирге болуп келишкен. Мен ушунчалык элдердин колдоосу бар экендигине абдан ыраазымын. Биздин лидерге болгон ишеничтери да бар экендигинде шегим жок. Бийликтин биздин лидерге кылган мамилелерине өтө нааразымын, түн ичинде Биринчи май сотуна эмес, аскер сотуна алпарышты, ал жер ээн эмеспи, аскер соту деген жок ал жерде азыр. Эгер баарын сот чече турган болсо эмнеден мынчалык коркушту, коркуунун кажети бар беле? Ошондуктан, менин оюмча, мунун баары – саясий куугунтук жана саясий талааны тазалоо.

Мындан аркы окуянын өнүгүшү кан­дай өңүттө жүрөт деп айта алаар элеңиз…

-Биз мөөнөтсүз митингдерди токтотпойбуз жана бул маселени парламентте да көтөрөбүз. Биз бийликтен, соттордон таза чечим чыгарышын талап кылабыз жана биз айткан сөздөр, койгон талаптар элдик талаптар экендигин түшүндүрөбүз деген ойдомун. Биз бул акыйкатсыздыкты ЖМКдан, тынчтык митингдери аркылуу элге жеткирип турууга аракет жасайбыз, себеби өкмөттүк телерадиодон чындыктын элге жетиши мүмкүн эмес бүгүнкү күндө. Баш мыйзамдагы “презумпция невиновности” деген беренени бузуп, соттун чечими чыга электе эле КТРКдан бир жактуу каралоо башталды. Бул – саясий оппонентин каралап коомдук пикир жаратуу. Эгерде бийлик эч нерседен коркпосо, эмне үчүн мындай кадамдарга барып жатат?

Сиз кандай ойлойсуз, “Ата Ме­кен” партиясын, биринчи кезекте лидериңиздер Өмүрбек Текебаевди президенттик шайлоого чейин бийлик сындырып салбайбы ?

-“Ата Мекен” тарыхы бар, эмгеги сиңген партия, ошондуктан, куугунтуктун да чеги бо­лот. Эгерде ушинтип фабрикадан чыккандай окшош айыптарды тагып, “Ата Мекен” пар­тиясын күнөөлөп, кысым жасай берсе, анда коомчулукта олутту каршы пикирлер пайда болуп, анын аягы жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Сиз муну биздин бийлик кандайдыр бир башка державанын басымы астында, же көрсөтмөсү менен кылып жатат деп ойлойт белеңиз?

-Андай маалыматты азырынча айтуу эртелик кылат, бирок баарынан да бир бийлик куласа, экинчисине өтүп, негизги позицияларды ээлеп, демократиялык принциптерди жокко чыгарып келе жаткан ички душмандар деп ойлойм. Демократия деген тез арада калыптана калчу нерсе эмес, буга элдин ишеними, талдоосу керек. Демократияга көздөй сүйрөп кетүүчү күчтүү парламент бизде азыр жок. Ошондуктан мен ойлойм бул бийликтеги коррупциялык жолдон кайтууну каалабаган, эски адат боюнча иштөөнү каалаган адамдардын тобу бүгүнкү душмандар. Жөнөкөй Кыргызстандын эли жаңы коррупциясыз жашоого өтүүнү каалашат. Ошондуктан эл адилеттүүлүктү талап кылат, көнбөсө каршылык кылат.

Булак: “Майданkg”

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: “Текебаевдин учактан түшөрү ме­нен камалышы бул бийликтин бир нерседен корккондугун билдирип турат”

-КСДПдан депутат болдуңуз эле, анан бүгүнкү күндө Текебаевди колдоп чыгууга сизге эмне түрткү берди?

-Мен ЖК 5-чакырылышынын депутаты болдум, ошол кездеги менин коллегаларым – КСДП фракциясынын депутаттары жакшы иш алып барышты, ал кездеги депутаттар акча менен элди сатып алышкан эмес, ар биринин элге жасаган кызматы бар эле. Депутат болгонго чейин элдин укугун коргоп, “Кумтөр” компаниясынын экологияга болгон терс таасирин, келишимдердин кыргыз тарапка эмес, чет мамлекеттик компания “Центерра голддун” кызыкчылыгына түзүлүп калгандыгын айтып жүрдүм. Ал кезде чиновниктер коркуп, баш көтөргөн патриоттор аз болду. 2005-2007 жылдарда компаниядан элге 4,5 миллион доллар компенсация төлөттүрүп берүүгө элдин колдоосу менен жетиштик. Мен буларды айтып, мактангым келген жок эле, бирок айтпасаң башкалар ээлик кылып пиар кылышат тура. 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын атынан көп багыттарым дал келгендиктен шайлоого катыштым. Айрыкча Ө.Текебаев менин “КР мөңгүлөрү” жөнүндөгү мыйзамымды ачык колдоп чыкты.

Текебаевди “учактагы жүк Атамбаевдики” деген маалыматы үчүн камап салыштыбы? Ошол маалыматтын чындыгына канчалык ишенсек болот?

-Учактын айынан болгон кырсык, кыргыз элине чоң бир сыноо болгондой болду, мындай тагдырды эч бир элге бербесин! Кыргыз элинин жалпы кайгысы болду. Эмнеге ушул мезгилге чейин жүктүн ээси табылбаганы чоң

суроону жаратып келет. Кытайдан жөнөтүлүп жатканда жазылат да, ким жөнөттү, кайсы жакка, ким тосуп алат.. Эми бул уят нерсе, белгисиз болушу, мен ойлойм кимдики болсо да ээсин табыш керек! Ө.Текебаевдин учактан түшөрү ме­нен камалышы бул бийликтин бир нерседен корккондугун билдирип турат, андай болбосо дем алыш күнү эмес, жумуш учурунда атайын чакыруу баракчасын берип чакыртып, суракка алса болот эле.

Атамбаев сыйлык тапшыруу аземинде Текебаевдин ар бир сөзүнө реакция берип, “Кипрде байлыгым жок, эгер бар болсо депутаттар бөлүп алгыла” деди, бул эмнени кацкуулайт?

-Мен билбейт экенмин президенттин Кипрде байлыгы барбы же жокпу. Бирок, мыйзамсыз иштери болсо президентпи, депутатпы, мыйзам алдында жооп бериши керек.

Бийлик Текебаевди каралоодо жалаң гана чет элдик жарандардын көрсөтмөсүнө таянууда, ошол эле убакта “Турциянын атайын кызматы тарабынан аныкталган”- деп “ата-мекенчилер” какшап жаткан кырсыктаган учактагы жүктүн ээси боюнча маалыматты четке кагып жатат, аны да түрк элчисинин кебине таянып айтты. Бул боюнча пикирициз кандай?

-Текебаевди кайдагы бир аферист Маев­ский аттуу жарандын ушак сөзү менен кармалганы – мыйзамсыз саясий куугунтук. Анткени, Текебаев бийликти парламентте бир канча жолу сындаган, оппозиция сындаш керек, эл­дин сөзүн да жеткизиш керек, ал ошону үчүн депутат. Ал эми бийлик өкүлдөрү туура эмес айтылган иш болсо, чычалабай, фактылар менен далилдеп бергенди качан үйрөнүшөт? Булар андан ашып түшүп, оппоненттеринин жеке аброюна шек келтирип, саясий маданияттын жаман үлгүсүн көрсөтүп жатканына ичиң ачышат…

Атамбаев “парламент ушак чыгаруучу органга айланды, таркап кетишсин”- деди, алардын канчалык мүмкүнчүлүктөрү бар таркап кетүүгө?

-Парламент депутаттары таркап кеткенге барышпайт, анткени ар бири чоң акча менен келип отурушат, акчасы жокторду сүрүп чыгарып жатат, эл тараза. Талаш-тартыш негизи көчөдө эмес, парламентте болгону жакшы. Парламенттик башкаруунун табияты ушунда да. Булар ушул миссияны аткарбагандыктан, ызы-чуу, талаш-тартыштын баары көчөгө таркап, митингдер башталды. Ошентсе да Жогорку Кеңештин таркаарына менин көзүм жетпейт, депутаттар азыр өздөрүн-өздөрү сактоого барышат, президентке каршы турушу да мүмкүн.

Булак: “Майданkg”

Бекназаров президенттин "мойнуна камчы салып суранды"

Айтылуу Азимбек Бекназаров президент Атамбаевге Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн «мойнуна камчы салып суранарын» билдирип кайрылуу жолдоду. Анда учурдагы кырдаалда президент да, Текебаев да утпасын, тескерисинче кыргызда айтылгандай “эрегиштен эр өлөт” болушу ыктымалдыгын айткан. Мындан улам, бул кырдаалдан үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүүсүнө тынчсызданган Бекназаров президент Атамбаевди мамлекет башчы катары айкөлдүк кылып, “Ата Мекенчилер” Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду камактан чыгаруусун сурап, “2010-жылдын апрелинен 2016-жылдын август айына чейин тандемдеш, үзөңгүлөш болуп мамлекетти башкарып келген экөө тең бул аралыкта өлкөдө болгон бардык кемчиликтер үчүн бирдей жоопкер экенин билдирген.

Булак: “Фабула”

Фабула пресс: “Күлкүкана”

-Ата,-дейт Талантбек Батыралиевдин уулу, – эмне үчүн 8-март кызыл түс менен өзгөчө белгиленген?

Батыралиев адатынча бакырып:

-Ал деген эркектин кызыл канын сорчу кызыл түстүү күн!

***

-Амантай кечээ машинада кетип баратып кырсыкка учурады деп уктум, кокуй эмне болду деп эмгектин ардагери Амантур Молдалиевден классташы Сабира Осмоналиева чыйпылыктап сурап.

-Ооба, ошондой болду, жол боюндагы аңгекке кирип кеттим…

-Ал кандайча балээ болуп кетти?

-Аялым менен кетип бараткам. Жол боюнда жарым жылаңач кыз турганынан карай койсом, тиги суйкайган сулууну карабасын деп аялым көзүмдү жаап жиберип жатпайбы…

***

-Папа, эмне үчүн мен 8-мартта идиш-аякты жууп жүрөм? – деп Ахматбек Келдибековдун кызы атасына даттанып.

-Бул майрамды майрамдаш үчүн сенин жашың али жете элек.

-А мамам эмне үчүн тамак-аш даярдап жүрөт?

-Анын жашы эбак өтүп кеткен…

***

Жашоодогу кайсы көз ирмемди кармап калгыңыз келет деген суроого айымдардын 80 пайызы кызарып- татарып жооп бере алышпайт! – деп Каныбек Имамалиев адатынча трибунадан какылдап…

***

Наталья НИКИТЕНКО: Абдил Сегизбаевич, сиздин кызматыңыз эмне?!

“Фабула пресс”: Абдил Сегизбаевдин кызматын эмгиче билбесеңиз, билимиңиздин деңгээлин көрсөтүп жатасызбы же анткорлонуп жатасызбы?

Максат САБИРОВ: Элди жамынып айтпаш керек!

“Фабула пресс”: Эң туура айтасыз. “Элге кызмат кылам!”, “Эл үчүн!”, “Эл үчүн! – деп жалган айтып жалпаңдагандарды жаныңыздан жарым километр жылдырыңызчы!

***

Мурадыл МАДАМИНОВ: Мародерлук кылбаш керек!

“Фабула пресс”: Мародерлук жасап кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп компоюп басып

жүргөндөрдүн жүрөк үшүн алсаңыз боло?

***

Исхак МАСАЛИЕВ: Мени билип алгыла! “Мен де­ген Исхак Масалиев” деген болом!

“Фабула пресс”: Мындан ары билип жүрөлү. Би­рок эч качан Апсамат Масалиевдей боло албай жүргөнүңүздү эл эбак билет. “Аккан арыктан суу акпай калган”.

***

Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ: Ушул жерде отурган депутаттардын акчасынын баарын чогултсак да миллиардга жетпейт!

“Фабула пресс”: Жакшылап эсептеңизчи Камчы­бек мырза. Жетмек түгүл эки эсе ашып кетээрин би­лип туруп билмексенге салбай.

Булак: “Фабула”

"МегаКом" сатыкка чыкты

Өкмөт «МегаКом» ишканасын 2-3 жылдан бери сата албай катуу убара тартты. Айда алтын, күндө күмүш тууган майлуу-сүттүү ишкананы алган кардар жок делип баасы мурдагы аукцион учурундагыдан 1 миллиард сомго төмөндөтүлүп, 13 миллиард 500 миллион сомго сатыкка чыгарылды. Мындан мурун эки жолу сатыкка чыгарылып, алуучу жок өтпөй калган. Эми бул жолку ишкананы сатуу 5-июнда болот. Минтип алчу кардар жок деген шылтоо менен баасы улам-улам төмөндөтүлүп отуруп, азганактай акчага үлкөн кызматтагы аткаминерлер менчиктештирип алууну көздөп жаткандай. Киреше алып келип жаткан ишкананы саткан кайсы мамлекетте бар? Барды жок кылганга эле уста биздин чоңдор. Жараталы дешпейт, жалмайлы дешет…

Булак: “Фабула”

Меню