Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Тажик бийлиги Чыңгыз Айтматовдун романы боюнча коюлган "Маңкурт. Реквием" спектаклине тыюу салышты

Тажикстандын Маданият министрлиги Душанбеде Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде даярдалган “Маңкурт. Реквием” спектаклинин коюлбай калганы боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдураззаковдун “Маңкурт. Реквием” спектакли быйыл 20-майда Душанбедеги “Падида” театрында коюлушу керек болчу. Бирок 19-майда бийлик көрсөтүлөрдүн алдында спектакль көркөм кеңеш тарабынан жактырылышы керектигин айтып, аны коюуга уруксат берген эмес.

Тажикстандын маданият министри Зульфия Давлатзода көркөм кеңеш спектаклди июнь айында көрүп чыкканын жана терс корутунду чыгарганын билдирди.

“Режиссер романдын автору Чыңгыз Айтматовдун текстинен четтеп, ага өз кошумчасын киргизип, чыгарманын мазмунун бурмалаган. Мындай формадагы жана мазмундагы спектакль өлкөнүн азыркы ички жана тышкы саясатына туура келбейт. Мындан тышкары өсүп келе жаткан муунга билим берүү жана тарбиялоо максатында колдонууга болбойт. Ушул себептен көркөм кеңеш спектаклди жактырган жок”, – деди Давлатзода.

Өз кезегинде режиссер Барзу Абдураззаков Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын мазмунун өзгөртпөгөнүн, болгону окуяны жана каармандарды Тажикстандагы чындыкка тууралаганын билдирүүдө.

“Биз чыгарманы Тажикстандагы чындыкка ылайыктап, тажик аялы менен анын маңкурт-уулунун трагедиясы жөнүндө сюжет кылдык. Биз саясатка таптакыр аралашкан жокпуз. Чыгармага тажиктердин улуттук иденттүүлүгү жагынан карадык. Маңкуртчулук – азыр биздин элдин эң маанилүү көйгөлөрүнүн бири деп эсептейм. Бийликтин спектакль ички жана тышкы саясатка туура келбейт дегени орустар таарынып калат деп коркуп жаткандагысы”, – деди режиссер.

“Манкурт. Реквием” – Барзу Абдураззаковдун акыркы бир нече жылдан берки Тажикстандагы алгачкы режиссердук эмгеги. Андагы ролдорду жаш актерлор, анын ичинде жакында эле камакка алынган блогер Далери Имомали да аткарышы керек болчу.

Тажик бийлиги 2009-жылы Барзу Абдураззаковдун “Безумие. Год 93-й” спектаклин да коюуга уруксат берген эмес.

Барзу Абдураззаков буга чейин бир канча убакыт Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда иштеген. 2013-жылы Кыргызстанга келген Абдураззаков эки жылдан кийин өлкөнүн мыкты театралдык режиссеру деп табылган. 2017-жылдан бери режиссер негизинен Казакстанда иштеп келген. Кезинде Хожент облустук театрында жана Душанбедеги Жаштар театрында башкы режиссер болуп иштеген.

"Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү кыргыз тилинен англис тилине которулду

Мындай маалымат бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республдикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов АКШнын Майами (MIAMI) университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолукканда белгилүү болду.
Жолугушууда профессор Даниел Приор аталган китептин бет ачаарын Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул бет ачаардын уникалдуулугу – улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган түп нуска биринчи жолу кыргыз тилинен англис тилине түз которулуп, Лондондо “Penguin Classics” сериясында басылып чыгып, чет өлкөлөрдүн окурмандарына тартууланууда.
Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Даниел Приор мырзага кыргыз элинин байлыгы болгон “Манас” эпосун жайылтууга көмөктөшүп жатканы кыргыз элине жана анын бай тарыхына болгон сый мамиле катары кабыл ала турганын белгилеп, профессорго терең ыраазычылык билдирди.
Азамат Жаманкулов бул китеп аркылуу дүйнө эли жалгыз гана “Манас эпосу” эмес, кыргыз элинин салттуу маданиятын, жашоо турмушун, үрп-адаттарын кеңири тааныша алаарына ишенем, сөзүн жыйынтыктады.
“Көкөтөйдүн ашы”- “Манас” эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр.
Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда “Көкөтөйдүн ашын” кагаз бетине түшүрүүнү Каюм Мифтаков демилгелеп баштап, кийин Ыбырайым Абдрахманов жазып алып, бүгүнкү күндөргө жеткирген.

Америкалык ыр сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды

6-июлда “Sun People” коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин колдоосунда Америкалык ыр сынагынын финалын өткөрдү. Бишкек шаарынан, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарынан келген орто мектептердин окуучулары жана Бишкек, Ош, Баткен жана Жалал-Абаддагы университеттердин алты студенти англис тилинде америка ырларын аткарып, таймашты. Америкалык ыр сынагы англис тилин окутууда чыгармачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт, кыргыз жаштарынын талантын көрсөтөт жана жергиликтүү аудиторияны АКШнын уникалдуу музыкалык маданияты менен тааныштырат.

Финалдык сынакка чейин онлайн тандоо жана жарым финалдык турлар өткөн, алар өткөн жыл ичинде www.americansongcontest.kg сайтында өткөрүлгөн.  Быйылкы жылы сынакка 90 орто мектептен 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкектеги 12 университеттен 70тен ашык студент катышты.

Америкалык дипломат Стивен Райдер, Аэлита Жолчиева – мэриянын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси жана Замира Мавлянова, Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Бельканто” вокал мектебинин негиздөөчүсү курамына кирген көз карандысыз калыстар тобу орто мектептердин арасында сынактын үч жеңүүчүсүн жана ЖОЖдор арасында сынактын үч жеңүүчүсүн аныкташты:

Орто мектептер:

I орун – Дилола Омуралиева, №2 мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

II орун – Арина Кыдыралиева, № 26 мектеп-гимназиянын 10-классынын окуучусу, Бишкек шаары;

III орун – Айзат Кыялбекова, А.Огомбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу, Талас району, Талас облусу.

ЖОЖдор:

I орун – Назикгуль Рыскулова, Кыргыз улуттук университетинин студенти;

II орун – Айтегин Темирбаева, Ош технологиялык университетинин студенти;

III орун – Нурсулуу Мураталиева, Ош мамлекеттик университетинин студенти.

Америкалык ыр сынагынын финалында АКШ Элчилигинин “Access” микростипендиялык программасынын студенттери дагы өзгөчө “Sunlight” ырын аткарышты. Студенттер ырды Мамлекеттик департаменттин “American Music Abroad” программасынын алкагында америкалык музыкант Тони Меммелдин жетекчилиги астында англис тилинде жазышкан. АКШ Элчилиги Америкалык ыр сынагынын финалдык иш-чарасынын алдында Элчиликтин Instagram баракчасында өткөрүлгөн социалдык тармактардагы Америкалык ыр сынагынын финалисттерине дагы байгелерди ыйгарды.

Бишкектин Novotel мейманканасында "Америка ыр сынагынын" финалы өтөт

Эртең, 6-июлда саат 16:00дөн 18:00гө чейин Novotel мейманканасында Кыргызстандын орто мектептеринин окуучуларынын жана ЖОЖдун студенттеринин арасында “Америка ыр сынагынын” финалы өтөт. Сынак “Америка ыр сынагынын” расмий Youtube каналында да түз эфирде көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин арасында өткөрүлгөн сынакты жеңип келген 15 финалисти жана Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларынын ЖОЖдорунун арасындагы университеттик сынактын 6 финалисти катышат.

Ошондой эле, финалдык этаптын программасында “Америка музыкасы чет өлкөлөрдө” долбоорунун алкагында Ош, Кант жана Бишкек шаарларынын Access программасынын окуучулары АКШдан келген музыканттар менен биргеликте жазган ырын аткарышат.

Катышуучулардын аткаруулары компетенттүү жана көз карандысыз калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрү кирет.

Сынак жыл сайын АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен “Sun People”  коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет.

Сынактын максаттары: англис тилин окутууда чыгармачылык мамилени жайылтуу, студенттердин арасынан таланттуу жаштарды аныктоо жана АКШнын музыкалык маданияты менен тааныштыруу.

Жыл сайын Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген катышуучулар америкалык артисттердин жана авторлордун ырлары аркылуу өздөрүнүн вокалдык таланттарын жана англис тилин үйрөнүүдө ийгиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул сынак жыл бою өткөрүлүп, бир нече этаптан турат, андан кийин атайын калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүн тандайт.

Сынак үч этаптан турат жана www.americansongcontest.kg сайтында онлайн режиминде өткөрүлдү.

I этап – Аймактарда квалификациялык сынак

II этап – Жарым финалдык сынак

III этап – Финалдык сынак

2022-жылдын Америка ыр сынагына 90 орто мектептин 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы 12 университеттен 70тен ашык студенттер катышты.

Азамат Жаманкулов "Ома жана Ема Twins" бий тобу менен жолукту

Кечээ, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 2022-жылдын 24-25-июнда Бишкек шаарында өткөн “Fusion Concept Kyrgyzstan” бий чемпионатында жеңүүчү болгон “Ома жана Ема Twins” бий тобу менен жолугушту.
Бул убакка чейин Маданият министрлиги аталган бий тобунун Францияда өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка баруусуна көмөк көрсөтүүнү убада кылган. Мындан улам, аталган чемпионатка баруу жана башка уюштуруу маселесин алар менен бирге талкуулады.
Ошондой эле, жолугушуунун алкагында бийчи Жан Воинов менен бирге Кыргызстанда заманбап бийди өнүктүрүү жана колдоо, аймактарда бул бийдин өнүктүрүү үчүн атайын мастер-класстарды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Кыргызстандын бир катар маданият жана искусство ишмерлерине КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык токтом кылынат:
2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

— Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

— Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

— Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

Каракол шаарында “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы болду

Кечээ, 1-июлдун кечинде Каракол шаарынын борбордук стадионунда “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын расмий ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов жана башка меймандар катышты.

Иш-чара театралдаштырылган пролог менен башталып, андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Шаардын туулган күнүндө “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы символикалуу.

Садыр Жапаров белгилегендей, Каракол Кыргызстандын эң кооз шаарларынын бири экени талашсыз. Бул бир гана мекендештер үчүн эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген чет элдиктер үчүн эң мыкты туристтик шаар.

Президент Каракол шаарынын «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасына кириши шаардын мындан аркы өнүгүшүнө, тынчтык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маданиятынын идеяларын жайылтууга жаңы дем берерин белгиледи.

Андан соң иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин концерттик программасы менен уланды.

 

Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгын ар тараптан колдоп, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөт

Мындай маалымат бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова менен жолукканда белгилүү болду.
Азамат Жаманкулов акыркы күндө коомчулукта чоң резонансты жарткан аткаруу жөндөмү жана дарамети абдан жогору Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгына ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын билдирди.
Тактап айтканда, Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы “Central Asia’s Got Talent” сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгиледи.
Ал эми, Бегимай Турусбекова буга чейин М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетин окуп, аны бүтпөй калгандыгын белгилеп, буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келгенин эскерди.
Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам бере тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Бегимай Турусбекова Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хиттерин ырдоо менен борбор калаадагы эс алуучуларды багынткан. Видеолор дароо интернетке тарап, чыныгы талант катары тааныла баштады.

Америкалык режиссер Риза Сандерс-Уир жергиликтүү кинорежиссерлор үчүн мастер-класстарды өткөрүп, кыргыз жаштарына өзүнүн «Gadget Girls» даректүү тасмасын тартуулайт

Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги American Film Showcase программасы менен биргеликте америкалык режиссер-документалист Риза Сандерс-Уирдин «Gadget Girls» даректүү тасмасын тартуулап, жолугушууларды жана талкууларды уюштурат. 2022-жылдын 20-24-июнуна чейин Америка борборлорунда жана Кыргыз Улуттук, Борбор Азиядагы Америкалык жана Нарын Мамлекеттик университеттеринин жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин Медиа, ТВ жана журналистика бөлүмдөрүнүн студенттери жана мугалимдери менен мастер-класстарды, көргөзүүлөрдү жана талкууларды уюштурат.

28 мүнөттүк Gadget Girls даректүү тасмасы жогорку класстын кыздарын илим, технология, инженерия жана математика (STEM) тармагы менен тааныштырган “GADgET” жайкы лагери тууралуу баяндайт.  Даректүү тасмада техникалык илимдерди сүйгөн жана STEM багыты боюнча насаатчылар менен иштешип, өз жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүргөн кыздар тууралуу баяндалат.

Сандерс-Уир айым ошондой эле даректүү тасма тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн жергиликтүү кинорежиссерлор үчүн семинарларды өткөрөт. Ал тарткан тасмалап MSNBC (АКШ, Канада, Түштүк Африка жана Жакынкы Чыгышта жеткиликтүү америкалык кабелдик телеканалы), PBS (америкалык телеберүү), History, National Geographic, CNBC (бизнес жаңылыктары үчүн америкалык кабелдик жана спутниктик телеканалы), A&E, The Weather Channel жана башка каналдарда көрсөтүлгөн. Сандерс-Уирдин жазуучу, продюсер жана даректүү тасмалардын режиссёру катары эмгектери Эмми, Гюго жана Телли сыйлыктары менен белгиленген. Ал Чикагодогу Колумбия колледжинде телепрограммаларды даярдоо, өндүрүш жана карьераны башкаруу сыяктуу сабактарды берет. Мындан тышкары ал иликтөчү катары даректүү тасмалар, социалдык укук жана тарыхый адилеттүүлүк темаларына кызыгат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган American Film Showcase программасынын алкагында Риза Сандерс-Уирди Кыргыз Республикасына чакырды. Бул программа көрүүчүлөргө ар кайсы фестивалдарда көз карандысыз даректүү, көркөм тасмалар жана даректүү ноу-хаулар сыяктуу сыйлыктарга ээ болгон режиссёрлорду тасмалары аркылуу элге Американын маданияты жана коому менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул Америка киносу аркылуу эл аралык аудиторияга жетүү үчүн АКШнын Мамлекеттик билим берүү жана маданият бюросу менен USC кинематографиялык искусство мектебинин ортосундагы өнөктөштүктүн натыйжасы.

“Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өттү

Бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейенде кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдарды жана артефакттарды чагылдырган тематикалык көргөзмө ачылды.
Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда ачылып, ага ардагер тайганчылар, манасчылар, төкмө акындар чыгармачыл топтор катышып, архивдик, заманбап фото-видеоматериалдарды көрсөтүү менен коштолду.
Министр сөзүндө алмустактан бери кыргыз элинин жаныбаралрга болгон астейдил мамилесин, аны сактап, таптап келген тайганчылык менен алектенгендерге жана изилдөөчүлөрдүн ролун белгилеп, Министрликтин ыраазычылык катын тапшырды.
Ошондой эле, Азамат Жаманкулов ачылышта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 149 токтому менен Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин улуттук тизмегине “Тайган таптоо билимдери жана билгичтиктери” аттуу жаңы номинация кошулганын айтып, тайгандын макамы маданий мурас катары расмий түрдө таанылып, аны сактоого жана сүрөөгө алууга тиешелүү шарттардын түзүлүшү талап кылына турганын белгилеп, кийинки кадам катары бул номинацияны ЮНЕСКОнун Репрезентативдүү тизмесине киргизүү боюнча иштер жүруп жатканын кошумчалады.
Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясы менен Кыргыз Ресубликасынын Улуттук тарых музейи, “Жаштарды узантуу ресурстары” коомдук фонду жана “Кыргыз тайганы клубу” коомдук бирикмеси тарабынана уюштурулуп, ал Көргөзмө 2022- жылдын июнуна чейин уланат.
Ал эми, 2022-жылдын 25-27- июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин календардык планына ылайык, Жалал- Абад облусунун Токтогул районунда “Каракуштун мекени” атуу Эл аралык этнофестиваль өтөт.
Меню