Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театры ишин жандантты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 27-мартта, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык сезонунун ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, театр коронавирус пандемиясынан жана капиталдык оңдоодон улам көпкө чейин көрүүчүлөр үчүн жабык турган.

Театралдык сезондун ачылышы 27-март Эл аралык театр күнүндө Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей», драмасынын негизинде коюлган «Төлгө» эпикалык спектакли менен белгиленди.

Спектаклди көргөндөн кийин Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөз сүйлөдү.
Ал театр — улуттун маданияты, каада-салты, агартуучусу экенин баса белгиледи.

«Бүгүн чындыгында кубанычтуу окуя. Узакка созулган оңдоо иштеринен кийин Кыргыз драма театры көрүүчүлөргө эшигин кайрадан ачты. Мындан ары театр көрүүчүлөрдү өзүнүн спектаклдери, чыгармачылык кечелери жана башка коомдук-маданий иш-чаралары менен кубандырат.

Өз кезегинде өлкө жетекчилиги маданият тармагын өнүктүрүүгө ар дайым жетиштүү көңүл бурууда. Бул үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Биздин Кыргыз драма театрдын эшиги эл үчүн ар дайым ачык болушун каалайм», — деп баса белгиледи ал.

Сүйүнбек Касмамбетов «Төлгө» спектакли тууралуу пикирин билдирип, театрдын сезонду «Манас» эпосунун үзүндүсүнөн баштаганы символикалуу экенин белгиледи.

«Биз Айкөл Манасы бар элбиз, улуу баатырдын урпактарыбыз. „Манас“ эпосу бүтүндөй энциклопедия. Манасчы Саякбай дарыяларда суунун акканын жети күн, жети түн бир эпизод менен айткан. Манас чексиз аалам. Анда баары — экологиялык көйгөйлөрдөн баштап, дүйнө түзүмүнөн тартып, мамлекеттүүлүктү курууга чейин бар. Бүгүн театрда „Төлгө“ спектаклин көрүп, баарыбыз Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирдик. Өзгөчө артисттерге ыраазычылык билдирем. Алардын эпостогу тарыхый ролдорду ойногону, эмоциясын, эпостун бүтүндөй драматургиясын бергени абдан жогорку деңгээлде баалоого болот», — деп жыйынтыктады ал.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле бир катар маданият ишмерлери, белгилүү театр жана кино артисттери, жазуучулар жана журналисттер катышты.

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий  музей-коругу түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий  музей-коругу түзүү чечими тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, буга дейре «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык комплекси “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин карамагында болгон жана кандайдыр-бир деңгээлде аны өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирген.

Эске салсак, орто кылымдардагы Өзгөн чалдыбары эң алгачкы жана башкаруучунун резиденциясы орун алган чептен (Орто-Коргон же Өзгөн-3) жана Кара-Дарыя суусунун түндүк жээгинде жайгашкан шаарлардын аймагын түзгөн үч шахристан (Өзгөн-1, 2, 4) турат. Шаар VII -VIII кылымдарда пайда болуп, X кылымда Караханиддер мамлекетинин батыш бөлүгүнүн борбору болгон жана кийин XVI -кылымга чейин шаар катары турган.

Үч күмбөз, мунара жана үч шахристандын калдыктары сыяктуу Борбордук Азиянын тарыхынын жана маданиятынын уникалдуу эстеликтери жайгашкан “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун түзүлүшүнүн максаты – бул объектилерди келечек муундар үчүн сактоо жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.

Бишкекте Франкофония - 2022 жумалыгы өтөт

Бишкектеги “Француз Альянсы” Франциянын, Швейцариянын, Бельгиянын элчиликтери жана Кыргызстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү менен биргеликте Франкофония жумалыгын өткөрөт. Ушул жылдын 23-мартынан 2-апрелине чейин өтчү фестивалга оффлайн жана онлайн форматтарындагы билим берүү, маданий жана оюн-зоок иш-чаралары кирди.

Франкофония жумалыгы – бул француз тилинин жана француз тилдүү өлкөлөрдүн маданиятынын фестивалы, ал дүйнө жүзү боюнча жыл сайын март айынын ортосунда белгиленип келет. Фестивалдын уюштуруучулары жана өнөктөштөрү жалпы коомчулук үчүн 16 иш-чарадан жана 3 онлайн вебинардан турган программаны даярдашкан. Быйылкы фестивалда планетаны жана айлана-чөйрөнү коргоо темасы көңүл чордонунда  болот.

Француз тили дүйнөдө эң көп колдонулган тилдердин катарында бешинчи орунда жана ишке байланыштуу колдонулган тилдердин тизмесинде үчүн орунда турат. Француз тилинде беш континентте 300 миллиондон ашык адам сүйлөйт, ошондой эле ал дипломатиянын тили да  болуп саналат. 88 өлкө Эл аралык Франкофония уюмуна мүчө, алардын 29унда француз тили расмий тил болуп кабыл алынган.

Франкофония жумалыгы Бишкекте 23-мартта саат 18:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрында “Биздин мурас” аттуу француз тасмасын көрсөтүү менен башталып, андан соң атактуу француз режиссеру жана тасманын экологу Ян-Артус Бертран менен жолугушуу болот (Кирүү акысыз).

Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды.

Жарлык кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн, оозеки айтуучулардын иштөө системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме “Кыргыз улуттук “Манас” театры” деп аталат.

Сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” автордук көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү

Бүгүн, 16-декабрда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “Автордук укук – креативдүү индустрияны өнүктүрүүнүн негизи” иш-чаралар сериясынын алкагында сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” автордук көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү.
М. Асаналиевдин эмгектери “Манас – кыргыз касиети” анимациялык ролигинин негизин түзөт. Иш-чаранын алкагында Айбек Байымбетовдун жана Жаныш Ботойдун автордук-режиссердугу астында тартылган анимациялык роликтин бет ачары болду.
Көргөзмөдө автордун жаңы сүрөттөрү жана анын негизинде тартылган анимациялык ролик сүрөтчүлөрдүн, акын-жазуучулардын, илимпоздордун, манас таануучулардын жана манасчылардын көңүлүн өзүнө бурду.
Иш-чарага КРнын Перезидентинин аппаратынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Венгриянын жана Монголиянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин, эл аралык жана коомдук фонддордун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ЖОЖдордун мугалимдери катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана “7-небо” чыгармачылык студиясы тарабынан уюштурулду. Өнөктөштөр: Борбор Азия университети жана “ИСУР” коомдук фонду.
Майрамкул Асаналиевдин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү 22-декабрга чейин уланат.

Бүгүн Ташкентте Курманжан Датка тууралу англис тилинде чыккан китептин бет ачары болуп өттү

Бүгүн, 16-декабрда Ташкент шаарында 10-Ачык Евразия адабий фестивалы жана китеп форумунун (OEBF) алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Бүбайша Арстанбекованын «Тоолордун ханышасы Курманжан» (Queen Kurmanjan of the Mountains) аттуу англис тилинде басылып чыккан Курманжан Датка жөнүндөгү китебинин бет ачарына катышты.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Элчи И.Жунусов Алай ханышасынын эң бир маанилүү тарыхый ролун, анын XIX кылымдагы чыгыш аялы үчүн өзгөчө тагдырын, ошондой эле көп жагынан кыргыз элинин мындан аркы өнүгүүсүн алдын ала аныктаган Курманжан датканын оор кырдаалда даанышман жана көрөгөч башкаруусун белгиледи.

Ошондой эле Курманжан датка эки жолу «датка» наамын алган аймактагы жалгыз башкаруучу аял болгондугун баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Элчи И.Жунусов акын Б. Арстанбековага кыргыз элинин чыгаан кызы – Курманжан датканын өмүр жолу менен жалпы коомчулукту кеңири тааныштыруу максатында анын эмгеги жана аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Таласта «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин курууда 6,2 млн сом уурдашкан тыңчыкмаларды УКМК камакка алды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, КР Турак жай-жарандык курулуш департаментинин алдындагы Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо фактылары аныкталды.

2018-жылы Талас облусунун ККБ тарабынан «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган «Бийиктик Инвест» ЖЧКсы менен белгисиз себептер менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 млн. 73 миң сомго келишим түзүлгөн.

Объекттин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалып, аткарылган иштердин көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буйрутмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган.

Бирок, атайын уюштурулган “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплекси” объектинин иш көлөмүн контролдук өлчөөнүн жыйынтыгында, иштердин айрым көлөмүн ашыкча 6 млн 179 миң 952 сомго бааланганы аныкталып, Талас районунун ККБсынын адистеринин катышуусунда тиешелүү тартипте такталып, документтештирилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисинин катышуусунда подрядчы тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буйрутмачы кабыл алган факты аныкталып документтештирилди, бул кайра  ашыкча иш аткарууну жана кошумча каражаттардын чыгымын талап кылат.

Алынган далилдерди негизинде, 2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Талас облусунун ККБ мурдагы жетекчиси, азыркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси “Н.У.А.”, жана “Бийиктик Инвест” ЖЧК подряддык уюмунун директору “С.К.А.” кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун «Манас» эпосунун күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы жана дөөлөтү болгон „Манас“ эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Тарыхына сыймыктанган ар бир эл өзүнүн адабий жана маданий мурасын аздектеп, аны даңазалоонун жүгүн көтөрөт. Ошол мурас, ошол дөөлөт бара-бара ошол элдин улуттук ураанына, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылат. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн, таалайына жаралган байыркы „Манас“ дастаны бүгүнкү күндө дал ошондой милдетти аркалап келет.

Чынында эле, ата-бабалардын көчмөн цивилизациясы доорундагы гимни, Евразия мейкиндигинде жаңырып турган ыры болгон „Манас“ эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак. Көлөмү эле эмес, көркөмдүгү менен да бүт адамзатты таң калтырган улуу эпосубуздун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине катталышы да тегин жерден эмес.

Элдик оозеки чыгармачылыктын уникалдуу үлгүсү саналган „Манас“ эпосуна бүгүнкү күнү дагы дүйнөлүк фольклор таануу илиминин кызыгуусу артууда. Ал  көптөгөн мамлекеттердин окумуштууларынын изилдөө объектисине айланып, жалпы адамзаттык маданияттын казынасына кирди.

Мен улуу дастаныбызды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларыбызга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууда „акылын азык, каруусун казык“ кылып, мээнет тарткан изилдөөчүлөрүбүзгө башымды ийип, таазим этемин.

Ааламдашуу маалында улуу эпопеябызды жаңы шартта иликтеп-изилдеп, чечмелеп, элибиздин калың катмарына жеткирип, андагы түбөлүктүү көөнөрбөс идеалдарды, баалуулуктарды жаштарыбыздын аң-сезимине сиңирүүбүз зарыл. Тамырына жана дилине ата-бабаларынын демин каткан муун гана Мекен, эл-жер үчүн күйө билип, аны көздүн карегиндей сактоону ыйык парз деп билет. Бул улуу сезимди көкүрөгүнө уютуп алып жүрөт.

Өлкө тарыхында биринчи жолу „Кыргыз мамлекеттик ‚Манас‘ театрынын“ түптөлүшү мыкты саамалык болду. Бул театр „Манас“ дастаны менен катар башка кенже эпосторду жана айтуучулук өнөрдү сактоо, жайылтуу жана даңазалоо милдетин аркалоого бел байлап отурат.

Мындан сырткары, эпостун негизинде көп сериялуу кинофильмдерди, балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартып, „Манастын“ ыр, кара сөз түрлөрүндөгү варианттарын түзүп, аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которуп, таркатып, пропагандалоону колго алуу зарыл. „Илиада“ жана „Одиссея“, „Рамаяна“ жана „Махабхарата“ сыяктуу оозеки мурастардын керемет эстеликтериндей эле, биздин „Манас“ дагы дүйнөнүн бардык илимий мекемелеринин, окуу жайларынын китепканаларында турушу керек.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу улуу „Манас“ дастаныбыздын күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүү, Мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Манас бабабыздын арбагы ыраазы болуп, эркиндигибиздин туусу түбөлүк желбиресин!».

Мар Байжиев дүйнөдөн кайтты - некролог

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев дүйнөдөн кайтты.

М.Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Ал коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.

Драматург Мар Байжиев Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия мамлекеттеринин театр сахналарында ийгиликтүү коюлган жана Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдавия, Өзбекстан, Казакстан театрларынын репертуарларына кирген бир катар белгилүү пьесаларды жараткан. Алар «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Он экинчи күн», «Төрт адам» пьесалары. Алардын ичинен көптөгөн чет тилдерге которулуп, СССР мамлекеттеринде коюлган «Эрөөл» пьесасы өзгөчө ийгиликке ээ болгон. Анын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, «Өзбекфильм» студиясында «Нөшөр» тасмасы тартылган (1979-ж.). «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму» фильми тартылган.

Мындан сырткары Байжиевдин чыгармалары «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.

Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар «Ак илбирстин тукуму» («Кыргызфильм»), «Чочун бакыт» («Өзбекфильм»), «Нөшөр» («Өзбекфильм»), «Нокдаун» («Кыргызфильм»), «Жиндилер поезди» («Кыргызфильм»), «Окуя» («Кыргызфильм»), «Алтын күз» («Кыргызфильм»), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм), «Эргулдар» (ЦТ «Москва»). «Окуя» жана «Жиндилер поезди» фильмдерин өзү  режиссерлук кылып, экранга алып чыккан.

Мар Байжиев «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал «Манас» эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Манас» эпосуна жана кичи кыргыз эпосторуна арналган сүрөт галереяларын уюштурган, репрессияга учураган манас таануучулардын атындагы сыйлыктарды уюштурган, «Манас» эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Мар Байжиев Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча «Манас» эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөм которууну  ишке ашырган.

Мар Байжиев котормочу катары «Манас» эпосун кыргыз тилинен орус тилине, Д. Фурмандын чыгармаларын, А.Чеховдун, Ж.Коктонун пьесаларын кыргыз тилине которуп, ал эми режиссер катары өзүнүн котормосундагы В.Шекспирдин «Антоний жана Клеопатра» трагедиясын кыргыз театр сахнасында сахналаштырган.

Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн негизи болгон элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн Мар Ташимович Байжиев III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендери менен сыйланган.

Мекенди сүйүүнүн, ардактоонун жана Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү болгон, интеллектуалдык деңгээлинин бийиктиги, масштабы менен кыргызды дүйнөгө татыктуу тааныта алган, идеяга бай, көп кырдуу талант Байжиев Мар Ташимовичтин элеси  кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, А. У. Жапаров, С. С. Касмамбетов,  Э. Ж. Байсалов, Г. С. Молдобекова, А. К. Жаманкулов, А. К. Эргешов, С. А. Аманова, Ч. Э. Эсенгулов, М. А. Бектеналиев, С. А. Раев, М. Шеримкулов, Т. Т. Казаков, К. О. Иманалиев, М. А. Бегалиев, А. Абдыкалыков,  Н. О. Калыбеков, О. Султанов, К. Жусупов, Т. Мамеев, М. Абакиров, К. Жусубалиев, С. Станалиев, А.Омурканов, Ш. Дуйшеев, М. Ааматов,  К. Бакиров, Садык Шер-Нияз, Г. Базаров, М. Мусаев, М. Абдиев,   С. Ишенов, А. Сүйүндүков, Ж. Сооданбек, М. Сарулу, Актан Арым Кубат, Э. Абдыжапаров, С. Суслова, Т.Тургуналиев, Ж. Кулмамбетов,  М. У. Алышбаев, К. Ы. Турапов, К. А. Осмонов, С. Жетимишев, К. Ашымбаев, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, Т. Закирова,  А. Жакшылыков, А. Д. Султанбаев, А. А. Акматалиев, Т. Чокиев, С. Токтакунова, Д. Жалгасынова,  К. Сартбаева, У. Полотов, Г. Мамашева, Г.Момушева, А. А. Өзүбеков, Е. Ю. Кузнецов, А. К. Тиленбаев,  А.Болгонбаев, А. Дайырбеков  ж. б.

Акын Алымкан Дегенбаеванын китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Эртең, 12 октябрда саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк адабият борборунун Ч. Айтматов атындагы залында, акын жана  котормочу Алымкан Дегенбаеванын

“… Жаралган кезде жаңы ыр, 

  Жаңыдан баштап жашоону 

  тургансыйм, өмүр баш ийип…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү  жана тегерек стол өткөрүлөт. 

Акын, котормочу Алымкан Дегенбаева 1941-жылы 12-майда Москва районунун Беловодск айылында туулган. 1961-1967-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 

А. Дегенбаева 1958-жылдан алгач фабрикада тигүүчү, cүрөтчүлөр үйүндө килемчи, республикалык Эл чыгармачылык үйүндө машинистка, мектепте мугалим, Ош пединститутунда лаборант, китепканачы, окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, Кыргыз Мамлекеттик драма театрында жана Чуй облустук Шаршен атындагы театрда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенген.

А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы 1962-жылы башталып, алгачкы «Кызыл мончок» аттуу ырлар жыйнагы 1972-жылы жарыкка чыккан. Ошол эле ырлар жыйнагы «Советский писатель» басмасынан «Красные бусы» деген ат менен орус тилинде 1984-жылы басылып чыккан. 

А. Дегенбаеванын чыгармалары украин, өзбек, казак тилдерине которулган. 1975-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери». В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган.

Көргөзмөдө А.Дегенбаеванын китептери, макалалары,  жайгаштырылды.

Көргөзмөгө акын-жазуучулар, ардагерлер, маданият кызматкерлери жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Меню