Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышы болуп өттү

Кечээ, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган  гала-концертке барды.

Иш-чара Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Гала-концерт алкагында эки өлкөнүн маданият чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү, алардын ичинде СССРдин эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын эл артисти жана Казакстандын эмгектин баатыры Роза Рымбаева, Казакстандын эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева, Абай атындагы казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Казакстандын Курмангазы атындагы казак  улуттук эл аспаптары оркестри, «Астана балет» театры, домбрачылар ансамбли, «Арлан» улуттук салттар театры, «Туран» фолклордук-этнографиялык ансамбли, «МузАрт» эстрадалык тобу жана ошондой эле Казакстандын башка көрүнүктүү маданият ишмерлери бар.

Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылды.

Кыргыз эл баатыры, акын Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата "Кезиктиң күүлөр ээси поэзия..." аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өтөт

Эртең, 5-октябрда саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата «… Кезиктиң күүлөр ээси поэзия, 

Алдыма туура тартып бууданыңды, 

Ошондо сезген окшойм биринчи ирет,

Сенсиз мен жашай албай турганымды…» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Кыргыз элинин залкар акыны, нукура талант сүрөткери, поэзия чебери, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, ардагер жоокер С. Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган.

Согуштан жарадар болуп келип, Талас облустук «Лениндик Туу» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген. 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн соң, «Кыргызстан пионеринде» редактор, 1959-1984-жылдар аралыгында Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы болуп эмгектенген.

С. Эралиевдин чыгармачылык иши майданда жүргөндө жазган «Досторума кат» деген ыры менен башталган. 1949-жылы «Биринчи жаңырык» аттуу ырлар жыйнагы, ага удаалаш «Тууган жер» деген экинчи жыйнагы чыккан.

Акындын калеминен жаралган орошон чыгармасы улуттук поэзиянын туу чокусу болгон «Ак Мөөр» аттуу поэмасы (1958) «Махабат жөнүндөгү баян» деген ат менен китеп болуп басылган, ошондой эле Москвада өткөн декадада «Ак Мөөр» жогорку баага татыктуу болгон. Ушул поэмага удаалаш акындын «Түнкү сыр», «Уяң жылдыздар», «Жол», «Сан тоолор», «Жылдыздарга саякат», «Каркыралар», «Биздин суулар», «Айыл ырлары», «Кыргыз жаны», «Дүйнө», «Кыштак кечтери», «Сүйгөнгө кат», «Сага айткан сыр», «Ырлар, поэмалар», «Тандалмалар», «Ак Мөөр», «Тандалмалар», «Жаңыл Мырзанын керээзи», «Кесиринсан» деген көптөгөн китептердин автору болуп эсептелет. Анын сандаган лирикалык ырлары улуттун асыл кенчине айлануу менен дүйнөлүк адабияттын да казынасын байытты. Акындын ысымы Борбордук Азия жана Чыгыш элдеринин гана эмес, башка континенттердин да адабият билермандарына белгилүү.

Сүйүнбай Эралиевдин көптөгөн чыгармалары орус, украин, казак, молдован, тажик, өзбек, чех, поляк, англис тилдеринде жарык көргөн.

Ал даңазалуу акын гана эмес, көркөм котормонун чоң устаты. Алгач котормочулук өнөрүн А. Твардовскийдин «Василий Теркин» поэмасын которуудан баштаган. Андан кийин орус жана дүйнөлүк классикадан Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин, Есениндин, Шекспирдин, Шиллердин, Гетенин, Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Межалайтистин, Сулеймановдун ыр-поэмаларын кыргыз тилине которгон.

Кыргыз адабиятына сиңирген зор эмгеги үчүн Кыргыз Эл акыны, «Кыргыз Республикасынын Баатыры», Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, А. Фадеев атындагы бүткүл союздук адабий сыйлыктын, Ч. Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктардын, А. Табалдиев атындагы сыйлыктын, Жамбыл Жабаев атындагы сыйлыктын лауреаты наамына ээ болгон. Казак Республикасынын «Алтын көпүрө» Эл аралык сыйлыгын алган. «Эл достугу», I даражадагы Ата Мекендик согуштун, III даражадагы «Манас» ордендери, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

С. Эралиев жөнүндө көргөзмөдө китептер, газета-журналдык публикациялар, интервьюлар, ой-пикирлер жана көптөгөн материалдар орун алган.

Көргөзмөгө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданий жана илимий кызматкерлер, акын-жазуучулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, китеп окурмандар, студенттер катышышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч. 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57

Мамлекеттик макамдагы "Манас" театры түптөлдү

Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлдү. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу театрдын жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу билдирди.

Анын айтымында, театрдын уставы 30-сентябрда иштелип чыккан. “Манас” театрынын ишмердиги үчүн борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнүп берилди.

Буга чейин 25-сентябрда Бишкекте өткөн дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын жабылуу аземинде “Манас” театры түзүлгөндүгү жарыяланып, театрдын жетекчиси катары манасчы Азиз Биймырза уулу тааныштырылган.

Биймырза уулуна театр үчүн президент тарабынан 500 миң сомдук сертификат тапшырылган.

2021-жылдын 22-сентябрындагы №179 токтомго ылайык “Манас” театрынын каржы булагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат.

АКШ элчилиги жана жергиликтүү өнөктөштөр 11-кылымдагы Бурана мунарасын сактоо жана коргоо боюнча долбоордун башын ачууда

Бүгүн, 24-сентябрь АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коосуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышты.  “Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунда АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан (AFCP) 200,000 доллардан ашуун көлөмдөгү каржылоо каралган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө кыргыз маданиятына болгон урмат-сыйды баса белгилеп: “Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деп үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн өнөктөштүк белгилеп жатабыз,” — деди. Иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, анын ичинде Шоро компаниясынын колдоосу менен өттү.

Директор Чолпон Турдалиева жетектеген Музейдик Демилгелер Коомдук Биримдиги Борбору бул долбоорду Кыргызстандын Маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен биргеликте ишке ашырат. Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт. Долбоор ошондой эле Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды камтыйт. Санарип медиа кампаниясы Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтып, көбүрөөк конокторду тартуу үчүн маалымат жайылтууну жогорулатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын белгилөө үчүн AFCPни түзгөн. AFCP аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду каржылайт. AFCP каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлорго Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо кирет. Бурана мунарасын калыбына келтирүү гранты менен АКШ өкмөтү AFCP аркылуу Кыргыз Республикасындагы маданий жайларды сактоого 500,000 доллардан ашуун салым кошуп келет.

Өзгөн шаарында «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү

Кечээ, 17-сентябрда, Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттыр, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери жана чет элдик меймандар: Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлү, кластердик бюронун директору Криста Пикат катышты.

Мамлекет башчысы кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын этно-жарманкесин көрдү. Андан соң көрүүчүлөгө «Өзгөн менин жүрөгүмдө» театралдык прологу тартууланды.

Андан соң, Мамлекет башчысына сөз берилип, ал ата-бабалардын тарыхый жана маданий мурастарын, алардын бири болгон «Өзгөн» комплексин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Өзгөн» тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Президент «Өзгөн-Мунара-2021» иш-чарасынын уюштуруучуларына алардын элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн  чоң ыраазычылык билдирди.

Андан соң, профессор Мустафа Джеват Акшит Садыр Жапаровго имам Сарахсинин адамзатынын баалуулуктары жана дүйнөтаанымы тууралуу түрк тилине которулган «Аль-Мабсут» 31 томдук эмгегин тапшырды.

Иш-чара Кыргызстандын бардык облустарынан этно-фестивальга катышуу үчүн келген манасы жана төкмө акындарды сыйлоо аземи менен аяктады.

Дөөлөт Сыдыков 111 саат Манас айтты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн “Манас” айтуусун жыйынтыктады. Бул тууралуу манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Сыдыков жалпысынан 111 саат Манас айткан.

Иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өткөн.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал буга чейин 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай “Манас” айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган.

Ал Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада беш күн, беш түн "Манас" айтат

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн “Манас” айтат. Бул тууралуу манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтөт.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал буга чейин 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай “Манас” айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган.

Ал Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Чынгыз-Ордо» комплексинин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Улукбек Марипов аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө арка жана тышкы жарыктандыруу устундары орнотулуп, унаа токтотуучу жайдын жана стелланын курулушу жүрүүдө, Жер-Эне объектисинде бетондоо иштери, граниттик плиталар менен жылмалоо иштери жыйынтыкталган.

Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер Кабинети келерки жылы курулушту улантуу үчүн калган сумманы бөлүү маселесин карамакчы.

Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун повесттери урду тилине которулуп, жарыкка чыкты

Кечээ, 6-июлда Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинин демилгеси менен Пакистан Адабият Академиясы тарабынан урду тилине которулуп жана чыгырылган Ч.Айтматовдун “Жамийла”, “Кош бол Гүлсары” жана ” Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт ” повесттери кирген китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага жазуучулар, илимпоздор, дипломатиялык корпустун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун китебинин бет ачары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында болгонун белгилеп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн негизги этаптары, Айтматовдун өмүр жолу жана бай адабий мурасы, анын чыгармарлары 176 тилге которулганы жөнүндө айтып берди.

Иш-чаранын алкагында Элчилик тарабынан ошондой эле Ч.Айтматов жөнүндө документалдык тасма көрсөтүлдү, сүрөт көргөзмөсү, стенддер жана туристтик  буклеттер, кыргыз ырларынын аткарылышы уюштурулду.

Видео - Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Чыңгыз Айтматовдун комплекси менен эстелигине бөлүнгөн акчаны да жөндөп иштете албай, курулуш токтоп калды”

“2018-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Таласка келип, Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылына чейин кирип ““Чыңгыз ордо” комплексин куралы, ал жерге Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотолу, улуу жазуучунун бүт адабий жана маданий мурасын ошол жерге чогулталы”, – деп жакшы демилге көтөргөн эле. Мыктыны мыкты деш керек. Сөзүнө туруп, биринчи транш деп 65 млн сом да бөлдүрүп берген”, – деп билдирди Апрель баатыры, экс-аким Төлөгөн Наралиев.

“Ал акча 2019-жылы Талас облустук Капиталдык курулуштар башкармалыгынын эсебине келип түшкөн. Курулуш башталган. Анан эле жергиликтүүлөрдөн ар түрдүү оюндар, схемалар чыга баштады. Талас УКСи Чыңгыз Айтматовдун эстелигине кыргыз скульпторлорунун арасында сынак жарыяламак, ким жакшы эстеликтин долбоорун сунуш кылса ошол сынактын жеңүүчүсү болуп, акчалай сыйлыгын алмак. Бирок кайдан-жайдан КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков ортого аралаша калды да Ростов-на-Донудагы бир эмгек мигранттары заказ кылган Чыңгыз Айтматовдун даяр эстелигин 2,5 млн сомго арзан сатып алууну сунуштай коюп, Талас УКС ошол эстеликти сатып алып келишти. Ал эстелик тендерсиз жасалгандыктан сапаты жана көркөмдүгү жагынан Шекерликтерге жаккан жок. “Эстеликтин денеси – Пушкиндин эле денесине Чыңгыз Айтматовдун башын чаптап койгондой болуп калыптыр. Айтматовдун дене түзүлүшү мындай эмес. Анан калса жасалган материалы да чирип, сынып, тешилип калган. Араң эле турат” дешип, эмгек мигранттары менен депутат Момбеков алып келген эстеликти жактырбай коюшту. Бирок 2,5 млн сом кетти.  Аңгыча бөлүнгөн 65 млн сомдун 31 млн сому иштетилди деп отчет берилгенде финансылык мыйзам бузуулар чыгып, Эсеп палатасы жана прокуратура текшерип, иштердин баары токтоп калды. Мына, эми эки жылдан бери жаңыдан курула баштаган комплекс  четинен урай баштады. Бул кейпинде Чыңгыз Айтматовдун арбагынын астында да уят болот окшойбуз. Баса, анын 95 жылдык юбилейи да жакындап келе жатат. Ага чейин бүткөрүп койсок жакшы болот эле”, – деди тынчсызданган Төлөгөн Наралиев.

Чыңгыз Айтматовдун эмгек мигранттары менен депутат Момбеков жасатып алып келген эстелиги. Шекерликтерге жаккан жок.

 

Меню