Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Менакши Лекхи менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жолугушту

Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Менакши Лекхи Кыргызстанга иш сапары менен келди.
12-июнда Менакши Лекхи иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен бирге Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин эстелигине гүл койуп, Мамлекеттик тарых музейи менен таанышып чыкты.

Европа Биримдиги күнүнө арналган кинофестиваль Бишкек жана Ош шаарларында өттү

Европа күнүнө карата Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында жыл сайын өтүүчү европалык кинофестивалын уюштурду.

Фестиваль 21-майдан 4-июнга чейин Бишкек шаарында «Ала Тоо» жана Ош шаарында «Семетей Кинобокс» кинотеатрларында өттү. Балдарды кошкондо 1400гө жакын адам европалык 11 тасманы, анын ичинде мультфильмдерди көрүштү. Андан тышкары, фестиваль дагы бир маанилүү датаны – ЕБ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун 30 жылдыгын белгиледи. 

Саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы жана ЕБ КР Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, Раймонд Вингрис мырза төмөндөгүлөрдү айтты: «Жыл сайын биз Европа күнүн эки иш-чара менен белгилейбиз: кинофестиваль жана Европа айылы. Бул биздин Өкүлчүлүктүн жакшы салтына айланып баратат. Биз жергиликтүү көрүүчүлөрдү Европанын эң мыкты тасмаларын көрүүгө чакырабыз. Быйыл КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин киноматография департаменти фестивалды уюштурууга кошулганына кубанычтабыз, жана кийинки жылдарда кызматташуубуз кеңейишине үмүттөнөбүз».

Белгилей кетсек, бардык тасмалар – Берлин жана Канн кинофестивалдарынын катышуучулары жана номинанттары. Тасмалар түп нуска тилинде орусча субтитрлер менен көрсөтүлдү.

Фестивалга катарлаш Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү Кыргызстандын кинематографисттери үчүн видеофильмдерди тартууда көрүүчүлөрдүн дизайны боюнча мастер-класстарды уюштурду. 30дан ашык жаш кинорежиссерлор, продюсерлер жана видеографтар «Берлинале – дүйнөлүк кино» Фондунун мүчөсү, Испанияда жана Германияда тажрыйбасы бар мугалим жана социолог Изона Адметлла менен аудиторияны куруу жана биргелешип кино тартууну талкуулашты.

«Мастер-класстын мазмуну жаңы жана актуалдуу болду. Аудиториянын дизайнынын маанилүүлүгүн баарыбыз эле түшүнбөсөк да, чындыгында көптөр үчүн пайдалуу болот деп ишенем», – дейт мастер-класстын катышуучусу Нурлан Анарбаев. «Изона бөлүшкөн билими жана тажрыйбасы, ошондой эле биздин ишибиз боюнча анын пикири биз үчүн маанилүү».

Буга кошумча, катышуучулар учурдагы долбоорлорун жана кино идеяларын Изона Адметллага сунуштай алышты. Жаш адистердин мүмкүн болгон кызматташуу жана келечектеги сын-пикирлер үчүн кино эксперти менен байланышып турушу күтүлүүдө.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын адабият секциясы Акүйгө атайын кат менен кайрылды

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын Адабият  секциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгына атайын кат менен кайрылды.

Кайрылуу катында Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу  боюнча комиссия жакында жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, анын протоколун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгына жөнөткөндүгү, бирок ал жыйында мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндөгү Жобо одоно бузулгандыгы айтылат.

Тактап айтканда, Комиссиянын өзүнүн Адабият секциясы сунуштаган протоколдогу талапкерлер комиссиянын  жыйынтыктоочу жыйынында жашырын добушка коюлбай калган. Ал эми Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө жобонун 44-беренесинде “Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө Комиссиянын чечими жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алынат,” – деп таасын,так жазылып турат.

Жыйынтыктоочу жыйынга Адабият секциясынын бир мүчөсү чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу, бир мүчөсү ооруканада жаткандыгына байланыштуу катышпай калган.

“Адабият секциясында 3-4 айдан бери иштеп жүргөн комиссия мүчөлөрүнүн пикири негизсиз эске алынбагандыгын Жобонун бузулушу катары эсептейбиз жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына Комиссия жол бербөөгө тийиш экендигин баса белгилейбиз…” – деп жазылган катта.

Адабият секциясынын протоколундагы “калыс” деген сөздү орунсуз деп, ошол үчүн эле добушка койбой койгон чечим бери дегенде күлкү келерлик жана өзүм билемдик. Ал эми Комиссиянын Адабият секциясынын мүчөлөрү ал сөздү ката деп эсептебейт жана ката эмес экендигин далилдөөгө ар убак даяр.

Кайрылуу катта жогоруда келтирилген жүйөлүү себепке байланыштуу, бул маселени Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу   комиссиясы кайра кароосун камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгынан суралган.

Кошумчалай кетели, Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйынында Жобо одоно бузулган башка учурлар дагы бар. 30-беренеде “Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө укугу бар субъекттер экиден ашпаган чыгармачылык эмгектерди көрсөтө алышат…” – деп жазылган. Ал эми добушка үч фильм катар коюлган. Бири да өткөн эмес.

Жобонун 48-беренесинде “Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы жана жыйынтыктоочу жыйналышта добуш берген бардык мүчөлөрү кол коюшат” – деп жазылган. Тилекке каршы протоколго добуш  берген Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон эмес.

Эгерде Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы маселени кайра карабаса нааразычылык, ызы-чуу, соттошуулар кайра башталары турган кеп.

Бактыбек Эргешов

Быйыл мамлекеттик Токтогул сыйлыгын ыйгарууда калемгерлер менен киночеберлерге чыныгы карасанатайлык мамиле кылынууда

"Кыргызсериал" мамлекеттик мекемесин түзүү тууралу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Улуттук киноискусствону мындан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, бул тармакты мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде өлкөдө киноөндүрүшүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, ошондой эле киноиндустриянын заманбап инфратүзүмүн түзүү максатында, өсүп келе жаткан муунду руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоодо киноискусствонун маанисин эске алып, токтом кылынат: 

  1. Улуттук кинематографияны колдоо маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маанилүү милдеттеринин бири деп таанылсын.
  2. Улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:

– улуттук кинофильмдерди, сериалдарды, анимациялык фильмдерди өндүрүүнү финансылык камсыз кылуу;

– рыноктук принциптердин негизинде улуттук кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, өлкөгө чет өлкөлүк кинокомпанияларды тартуу жана биргелешкен кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү өнүктүрүү;

– экономиканын өзүнчө тармагы катары киноиндустрияны өнүктүрүү, заманбап жана жогорку технологиялык материалдык-техникалык базасы бар инфратүзүмдү түзүү;

– төмөнкүлөрдү түзүү:

кинематография чөйрөсүнүн кадрларын даярдоонун, чыгармачыл ишмерлердин жана техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу системасын;

улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоо, кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук фильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди дүйнөлүк кинорынокто илгерилетүү үчүн шарттарды.

  1. Кинематография чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн төмөнкүлөр боюнча сунуштары колдоого алынсын:

– 2023-жылдан баштап ар жылдык негизде Бишкек эл аралык кинофестивалын уюштуруу жана өткөрүү;

– жогорку билим берүү мекемелеринде “Кинематография” багыты боюнча окуп жаткан студенттерди колдоо максатында мамлекеттик стипендияны уюштуруу;

– өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин түзүмүндө кинокомиссиянын иштөөсү;

– өнүккөн киноиндустриясы бар өлкөлөрдүн кинематографисттери менен тажрыйба алмашуу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо, окутуу;

– кинематография чөйрөсүн динамикалуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү.

  1. Төмөнкүлөрдү түзүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин:

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесин (мындан ары – “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси);

– Кино фондун.

  1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги төмөнкүлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин:

– бир айлык мөөнөттө:

Кино фонду жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жоболордун долбоорлорун;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесинин жана Кино фондунун түзүмүнүн, штаттык санынын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарынын долбоорлорун;

– эки айлык мөөнөттө эл аралык стандарттарга ылайык мамлекеттик кинематография мекемелеринин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды;

– үч айлык мөөнөттө:

каржылоонун кошумча булактарын аныктоо менен улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун;

“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүү тартибин;

улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоону эске алуу менен ченемдик укуктук актыларды актуалдаштыруу боюнча сунуштарды.

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

– “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесин каржылоону 2023-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен карасын;

– “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын каржылоо бөлүгүндө толук көлөмдө аткарууну камсыз кылсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктан келип чыгуучу улуттук кинематографиянын, анын ичинде “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесинин жана Кино фондунун уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка камсыздоо маселелерин белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө чечсин.

Быйыл мамлекеттик Токтогул сыйлыгын ыйгарууда калемгерлер менен киночеберлерге чыныгы карасанатайлык мамиле кылынууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси, көрсөтмөсү менен мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын баркын көтөрүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөнүн билебиз. Бирок жакында ошол адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы сыйлыкты тандоо иштерин бүтүрүп, документтерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгына жибериптир.

Бирок тандоо жыйынында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын өзүнүн Адабият секциясы сунуштаган протоколдогу талапкерлер эч кандай себепсиз жалпы комиссиянын добушуна коюлбай калыптыр. Анткени, секциянын бир мүчөсү чет өлкөдө, бир мүчөсү ооруканада болуп калыптыр.

Бул – калемгерлерге чыныгы карасанатайлык. Талапкерлер Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу тарабынан тандалып жиберилген. Жободо бардык сунуштар Комиссияда жабык добушка коюу жолу менен чечилери белгиленген.

Андыктан, Президенттин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгы документтерди кайтарып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын өзүнө маселени кайрадан каратпаса адаттагы ызы-чуулар, соттошуулар башталары күмөнсүз.

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын баркын көтөрүү аракеттери оңунан чыкпай калары ырас. Калыстык болсун. Адабият иттин арткы шыйрагы эмес. Айтууда, бул маселеге Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын Адабият секциясынын мүчөлөрүнүн өздөрү да нааразы.

Бул маселеге Кыргыз улуттук жазуучулар союзу да өз нааразылыгын билдирсе керек.

Ушундай эле нааразычылык Артыкбай Сүйүндүковдун фильмине байланыштуу кино ишмерлеринде дагы болуп жатат.

Бактыбек Эргешов

Каныбек Осмоналиев КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

Сыртбай Мусаев КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан бошотулду

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаев Сыртбай Жолдошович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин иш башкармалыгы: Административдик курулуштун жүрүшүндө "Манас айылы" маданий этнографиялык комплексине эч кандай зыян келтирилбейт

Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык.

“Манас айылы” комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Мындан тышкары, келечекте “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Садыр Жапаров социалдык жана маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын массалык жогорулоосу тууралуу билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди.

«Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк.

Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз.   Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат.

Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк.

Бир-эки мисал айтайын.

Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы  мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү.

Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.

Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк  толук сакталды.

Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми  28 239 сом айлык алат.

Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акылары да орточо эки эсе жогорулады.

«Ошондой эле ушул жерде отурган Ат-Башы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Тилек Султангазы уулуна да токтоло кетейин. Шайлоо өнөктүгү маалында сиз мага „социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берсеңиз“ деп кайрылган элеңиз.

Бүгүн сиздин өтүнүчтү толук канааттандырдык.

Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт.

Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо — андан да көп алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады.

Бул жерде — „айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат“ деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин.

Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз!

Маселен, Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы  — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт.

Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек  деп ойлойм.

Бул жерде суроо туулат — мындай кирешени эмненин эсебинен камсыздоо керек: мамлекеттин эсебиненби, медициналык камсыздандыруунун эсебиненби же жеке практиканын эсебиненби, же болбосо жогоруда айтылгандарды кандайдыр бир айкалыштыруу жолу мененби?

Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат.

Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз.

Эми билим берүү министрлигине токтололу.

Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик.

Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды.

Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50  пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.

Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү.

Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт.

Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт. (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек.  Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз!

Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт.  Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун.

Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек!

Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз.

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер!

Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз.

Биздин улутубуздун эртеңки ийгилиги, азыркы мектептерде гана жарала турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Мектепке чейинки билим берүү  мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин.

Биз аларды да унуткан жокпуз.

Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык.

Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк.

Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда.

Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Индиядагы ири кол өнөрчүлүк фестивалына Кыргыз Республикасынын аймактарынан келген кол өнөрчүлөр катышууда

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартынан 4-апрелине чейин Харьяна штатындагы (Индия) Фаридабад шаарында жыл сайын өтүүчү 35-Эл аралык “Суражкунд Мела” салттуу кол өнөрчүлүк фестивалы өтүүдө.

Фестивалдын идеясы – айылдын оригиналдуу кол өнөрчүлүгүнүн жана дүйнөнүн элдик бийлеринин бардык түрлөрүн тартуулоо.

Фестиваль ошондой эле колго жасалган улуттук сувенирлерди жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.Индиянын бардык жерлеринен жана башка өлкөлөрдөн келген таланттуу жана жогорку кесипкөй кол өнөрчүлөр типтүү айылдык шартта устачылыктын бай салттарын көрсөтүшөт.

Быйыл фестивалга Индия штаттарынан тышкары дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү да катышууда.

Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин көмөгү менен быйыл фестивалга Кыргызстандын атынан кол өнөрчүлөр: Талас облусунан Нурия Исакова, Нарын облусунан Таалайкан Аалиева, Жалал-Абад облусунан Шакирова Гүлсүн, Жусупалиева Максат, Өскөнбаева Салия, жана ошондой эле Баткен облусунан Шакирова Хабибахан Кыргызстанды көрсөтүүдө.

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр улуттук кийим-кече жана тиричилик буюмдарын, ошондой эле кургатылган мөмө-жемиш жана бал түрүндөгү айыл чарба азыктарын тартуулашты.

Кыргызстандын павильону жергиликтүү тургундардын жана башка өлкөлөрдөн келген коноктордун сүймөнчүлүгүнө ээ.

Меню