Menu

КООМ

Апрель окуясына 7 жыл: “Элдин тилеги талаада калып кеттиби?”

 

7-апрелдеги кандуу революцияга туура жети жыл болду. Революциядагы үмүттөр, тилектер орундалдыбы?

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын тең-төрагасы:

“РЕВОЛЮЦИЯ ӨЗҮНҮН МАКСАТЫНА ЖЕТЕ ЭЛЕК”

– Башталган системдүү реформалар тынымсыз тыгында тыгылып, багыттарын жоготту. 2017-жылдын күз айында жалпы жумурай журт үмүт менен күткөн президенттик шайлоо келатат. Шайлоонун мааниси эбегейсиз зор окуя болорун бардыгыбыз сезип турабыз. Себеби, 1991-жылдан тарта биринчи жолу өлкө башчысын атаандаштык жол менен тынчтык шартта шайлаганы турабыз! Буга чейин шайлоолор элдик толкундоолордун шарапаты менен өтүп келген. Муну менен, революциянын бир максаты же чоң тилегинин бири аткарылды деп айтсак болот. Кудайым буйруп, тынч шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик маданияттуу, адептүү жана ыймандуу жол менен алмашса, мамлекет жана анын келечеги үчүн чоң жеңиш болот деп эсептеймин! Сиз сурагандай революцияга 7 жыл болуптур, андан бери жөнөкөй элдин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болдубу? Так айтайын, болгон жок. Бүгүн мамлекет дүйнөдөгү 50 кедей өлкөлөрдүн ичине кирди. Демек, карапайым калктын турмушу начар дегенди билдирет. Бүгүн 6 млн калкыбыздын болжолдуу 73-74% жакырчылыкта жашап келет. Кыргызстандын жалпы карызы Финансы министирлигинин билдирүүсүнө ылайык 2017-жылдын 7-февралына карата 4 млрд. 92,7 млн. АКШ доллларын чапчып, ИДПнын 64% түзөт. Алынган кредиттерди коротуу боюнча эсеп-кысабыбыз дагы элге түшүнүксүз! Орточо айлык маяна, пенсия 2-3 эсе көтөрүлдү дегенибиз менен, жашоо баасы кымбаттап атканы анык. Негизинен элдин жашоосу оор. Жогоруда белгиленген жетишкендиктер менен кемчиликтерди эске алуу менен, революция өзүнүн максатына жете элек деп эсептейм. Революциянын тилектери уурдалып жатканы анык. Революцияны карапайым элдин уулдары кылса, үзүрүн башкалар көрүп жатканын кантип жашырабыз. 7 жыл ичинде элдин жашоосу оңолгондун ордуна, капчыктуулар капчыгын калыңдатты. Кийинки келчү президентке өтө оор болоору көрүнүп калды. Алгач, рево­люциянын баштапкы максаттарына көз чаптырып, башталып бүтпөй калган реформаларды жандандырыш керек. Кандай болбосун, өлкөбүздө тынччылык, бейкуттук болуп, элибизден биримдик качпасын!

Надира Нарматова, экс-депутат:

“ЧЫНЫГЫ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ТҮЗ СОТТОЛУП, АЙЫБЫ УГУЗУЛМАЙЫН ЭЛДИН КӨКСӨӨСҮ КАНБАЙТ

-2010-жылдагы апрель окуясы төңкөрүшпү, революциябы, көтөрүлүшпү, жети жыл өткөнү менен тарых барактарында такталып, баа бериле элек. Анткени, болуп өткөн кандуу окуяда 87 баланын, андан кийин көзү өткөндөрдү кошкондо 100дөн ашык өмүрү кыйылды. Миңдеген адамдар ошондо алган жараатынан майып болуп, ден-соолугунан ажырады. Эң негизгиси күнөөлүүлөр, себепкерлер мыйзам чегинде аныкталып, такталып, жоопкерчиликке тартылган жок. Сот иштери жүргөнү менен түз эмес, кыйыр түрдө тиешеси барлар жана эл алдында өздөрүнүн “моралдык жоопкерчилигим бар” дегендер түрмөгө олтурушуп, сот жообуна тартылышты. Ал эми негизги канды көксөгөн, кылмышкер экендиги так мойнуна, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган жок. Тек тана болжолдуу дооматтар менен сыртынан соттолгондор болгону менен аны бир жараткан Кудай билет. Кыскасы, тарых барактарына кара тамга менен жазылып калган кандуу окуянын тагдыры менимче жоопсуз, ачык бойдон келе жатат деп айтсак болчудай. Анткени, бул ачык , жоопсуз, жыйынтыксыз калган апрель окуясы темасына буюрса келечекте көптөгөн адамдар кайрылып, тактап өз ордуна коёт деген менде үмүт бар. Бирок, революция өз максатына толук жетти деп ойлобоймун. Өзгөчө өзгөрүү болуп кеткен жери жок. Тескерисинче, карызыбыз көбөйүп, элдин жашоосу күндөн-күнгө начарлап, кыйынчылык сезилип жатат. Анча-мынча иштер, проектилер башталганы болбосо, жыйынтыгы же конкреттүү түшүмү өлкөбүздө байкалып жаткан жери жок. Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн жоопкерчиликти өз моюндарына алып ошондогу берген анттары уруп кетпесе эле болду. Биримдигинин жоктугун көрсөтүп, бири-бирин чукулай башташты. Демек, арасында таза адам калбай калгандыгынын далили. Ырас ошондой болуп, өздөрү бири-бирин күнөөлөп далилдеп жатышса, биз кантип максатына жетти деп айтабыз. Болгону жети жылдан бери митингдер, жол тосуулар, айрым нараазычылыктар менен коштолгон тынчтык өкүм сүрдү. Мен 7-апрель майрам эмес, кандуу окуяны эскерүү деп түшүнөм. Ошондой эле күнөөлүүлөр так аныкталып, мыйзам чегинде түз соттолуп, айыбы угузулмайын, элдин көксөөсү канбайт.

 Нуразиз Шайырбек,“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү:

“АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫНА КАРШЫ КЕЛГЕН СӨЗ ЗРКИНДИГИН ЧЕКТӨӨ, САЯСИЙ КАМООЛОР ГҮЛДӨП ӨСҮП БАРАТАТ

– Жакында эле Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап, рейтинг түздү. Анда Кыргыз­стан 148-орунга илинген. Башкача айтканда, дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн катарын толуктап жатабыз. Бул көрсөткүч атамбаевдик режимдин чабалдыгын, өлкөнү башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүп тургандай… 2010-жылы эл өлкөдө өнүгүү болсун, жакшы жашоодо жашасак, мамлекеттик бийликти президенттин айланасындагы бир ууч адам ээлеп алып, өз билгенин жасабаса деген үмүт-тилек менен көчөгө чыгып, Бакиевдик бийликти кетирген эле. Арадан 7 жыл өттү, өзгөрүү жок. Элдин үмүт-тилеги талаада калды. Учурунда Акаевдин балдыздарын Бакиевдин инилери алмаштырган сыяктуу, мамлекеттик бийликти Атамбаевдин айдоочусу, жан-сакчылары, катчылары, чарба башчысы жана кайниси ээлеп отурат. 7-апрель революциясынын негизги максатына каршы келген сөз эркиндигин чектөө, журналисттерди, адвокаттарды куугунтуктоо жана саясий камоолор күндөн-күнгө гүлдөп өсүп баратат.

 Бурулкан Карагулова, акын:

“7-АПРЕЛДЕ ЧЫНЫГЫ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛГОН ДЕП ДА ЭСЕПТЕБЕЙМ”

– Революциянын үмүтү акталмак турсун мен 7-апрелди чыныгы револю­ция болгон деп да эсептебейм. Жөн эле көкүрөктөрүн окко тосуп туруп беришти. “Жатып өлгүчө, атып өл” деген бар. Аталбагандан кийин октон алыс туруш керек болчу. Бир нече эле адамдардын кызыкчылыгын калкалаган төңкөрүш болду.

 Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

БАКИЕВДЕРГЕ ЭЛЕ АСЫЛА БЕРБЕЙ, МЕН ЭМНЕ КЫЛЫП ЖАТАМ ДЕП АЖО ӨЗҮНӨ ДА СУРОО БЕРСЕ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ”

– Революцияга катышкан адам ката­ры революциянын үмүтү акталган жок деп айтат элем. Тилекке каршы, рево­люциянын максат, тилектери орун алган жок. Себеби, биз революцияга жакшы жашоо, жаркын келечек, күчтүү мамлекет болот деп чыкканбыз. Бирок, 7 жыл өткөнү менен Бакиевдерди күнөөлөө менен гана отурабыз. Бакиевдер өз жазасын алып жатат. Элине, жерине келе албай, туугандары менен катташа албай азабын тартып жатышат. Эми аларга асыла бербей, “мен эмне кылып жатам?”- деген суроону ажо өзүнө да берсе жакшы болот эле. 4 жылдан бери экономикабыз көтөрүлдү деген менен электр энергиясы кымбаттап, тышкы карыз өсүп жатат. Жашоо күндөн-күнгө кым­баттап баратат. Мамлекетте алга жылуу жок. Кыскасы, революциядагы үмүтгөр акталган жок.

Булак: “Майданkg”

Сот адилеттигинин жогорку мектеби жаңы Административдик-процесстик кодекс боюнча тренерлер үчүн тренинг өткөрүүдө

2017-жылдын 5-6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби,GIZ «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору менен биргеликте жаңы Административдик-процесстик кодекс боюнча тренерлер үчүн тренинг өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чаранын лекторлору – Рыбалкина А.Д., Бишкек шаардык сотунун судьясы; Иманалиев Э., GIZ Программасынын эксперти, «Коомдук укук институту» коммерциялык эмес мекемесинин башкармалыгынын төрагасы (Кыргызстан); Йохан Вебер, отставкадагы судья, Берлин ш., Германия; Мадалиев Р., «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» GIZ Программасынын улуттук координатору.

Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын 13 судьясы катышууда.

Сузак районунун билим берүү тармагын мурда соттолгон киши жетектеп калды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен соттолгон, ишиндеги кемчиликтери себептүү мектеп директорлоугунан бошотулган Алмазбек Бечеловду дайындады. Азыркы күндө бул жетекчи райондун бүтүндөй элге билим берүү тармагын жетектеп, келечек муундарга таалим-тарбия берүү ишин колго алды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облусунун тургуну Нурболот Бекишев билдирди.

А. Бечелов мурда райондук айрым бийлик структураларында иштеп жүргөн, билим берүү тармагында да иштеп көргөн. Бирок, 2006-жылы 25-апрелде Сузак райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 184-статьясынын 1-бөлүгү, 166-статьясынын 2-бөлүгүнүн 4-пункту, 166-статьясынын 3-бөлүгүнүн 2-пункты менен күнөлүү деп табылып, жаза катары 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, сот айрым жеңилдетүүчү жагдайдарга көңүл буруп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жазаны аткаруудан бошоткон. Ага чейин ал баш коргоо чарасы катары камакта жаткан.

Кийин А. Бечеловдун апелляциялык арызы менен бул ишти Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы карап, Сузак райондук сотунун өкүмүн бузуп, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 171 статьясынын 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, кайра эле КЖКнын 68-статьясы боюнча жазаны өтөөдөн бошоткон.

Мындай соттук жазага кириптер болушуна А. Бечеловдун айрым кылмыш аракеттери себеп болгон. Ал айылдык Сагынбек Тапаев аттуу жарандын муктаждыктарынан пайдаланып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде таанышы барлыгын, ага мамлекеттик ссуда алып берерлинин айтып, андан жалпысынан 17 миң 400 сом акча алып, кийин убадасын да аткарбай, акчаны өз кызыкчылыгына жумшап жиберген.

Кийин ал Сузак районундагы О. Тажибаев атындагы орто мектепте директор болуп жүрүп, системалык түрдө ишке чыкпай, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин буйругу менен кызматтан алынган.

Эми ушундай жүрүм-туруму менен жалпы районго аты чыккан кишини Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 4 миңден ашуун ак ниети менен таза иштеп жаткан мугалимдердин жетекчиси катары баалап, сый-урмат менен дайындаганына райондогу мугалимдер таң калып жатышат. Мындай кадрды райондун жакында эле соттолгон акими да колдоп жатканы кызык. Калыбы, тынч жаткан Сузак районундагы билим берүү тармагында тополоң чыккан калды окшойт.

Сузакты жалаң соттолгондор башкарабы?

Апрель окуясына 7 жыл: “Элдин тилеги талаада калып кеттиби?”

 

7-апрелдеги кандуу революцияга туура жети жыл болду. Революциядагы үмүттөр, тилектер орундалдыбы?

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын тең-төрагасы:

“РЕВОЛЮЦИЯ ӨЗҮНҮН МАКСАТЫНА ЖЕТЕ ЭЛЕК”

– Башталган системдүү реформалар тынымсыз тыгында тыгылып, багыттарын жоготту. 2017-жылдын күз айында жалпы жумурай журт үмүт менен күткөн президенттик шайлоо келатат. Шайлоонун мааниси эбегейсиз зор окуя болорун бардыгыбыз сезип турабыз. Себеби, 1991-жылдан тарта биринчи жолу өлкө башчысын атаандаштык жол менен тынчтык шартта шайлаганы турабыз! Буга чейин шайлоолор элдик толкундоолордун шарапаты менен өтүп келген. Муну менен, революциянын бир максаты же чоң тилегинин бири аткарылды деп айтсак болот. Кудайым буйруп, тынч шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик маданияттуу, адептүү жана ыймандуу жол менен алмашса, мамлекет жана анын келечеги үчүн чоң жеңиш болот деп эсептеймин! Сиз сурагандай революцияга 7 жыл болуптур, андан бери жөнөкөй элдин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болдубу? Так айтайын, болгон жок. Бүгүн мамлекет дүйнөдөгү 50 кедей өлкөлөрдүн ичине кирди. Демек, карапайым калктын турмушу начар дегенди билдирет. Бүгүн 6 млн калкыбыздын болжолдуу 73-74% жакырчылыкта жашап келет. Кыргызстандын жалпы карызы Финансы министирлигинин билдирүүсүнө ылайык 2017-жылдын 7-февралына карата 4 млрд. 92,7 млн. АКШ доллларын чапчып, ИДПнын 64% түзөт. Алынган кредиттерди коротуу боюнча эсеп-кысабыбыз дагы элге түшүнүксүз! Орточо айлык маяна, пенсия 2-3 эсе көтөрүлдү дегенибиз менен, жашоо баасы кымбаттап атканы анык. Негизинен элдин жашоосу оор. Жогоруда белгиленген жетишкендиктер менен кемчиликтерди эске алуу менен, революция өзүнүн максатына жете элек деп эсептейм. Революциянын тилектери уурдалып жатканы анык. Революцияны карапайым элдин уулдары кылса, үзүрүн башкалар көрүп жатканын кантип жашырабыз. 7 жыл ичинде элдин жашоосу оңолгондун ордуна, капчыктуулар капчыгын калыңдатты. Кийинки келчү президентке өтө оор болоору көрүнүп калды. Алгач, рево­люциянын баштапкы максаттарына көз чаптырып, башталып бүтпөй калган реформаларды жандандырыш керек. Кандай болбосун, өлкөбүздө тынччылык, бейкуттук болуп, элибизден биримдик качпасын!

Надира Нарматова, экс-депутат:

“ЧЫНЫГЫ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ТҮЗ СОТТОЛУП, АЙЫБЫ УГУЗУЛМАЙЫН ЭЛДИН КӨКСӨӨСҮ КАНБАЙТ

-2010-жылдагы апрель окуясы төңкөрүшпү, революциябы, көтөрүлүшпү, жети жыл өткөнү менен тарых барактарында такталып, баа бериле элек. Анткени, болуп өткөн кандуу окуяда 87 баланын, андан кийин көзү өткөндөрдү кошкондо 100дөн ашык өмүрү кыйылды. Миңдеген адамдар ошондо алган жараатынан майып болуп, ден-соолугунан ажырады. Эң негизгиси күнөөлүүлөр, себепкерлер мыйзам чегинде аныкталып, такталып, жоопкерчиликке тартылган жок. Сот иштери жүргөнү менен түз эмес, кыйыр түрдө тиешеси барлар жана эл алдында өздөрүнүн “моралдык жоопкерчилигим бар” дегендер түрмөгө олтурушуп, сот жообуна тартылышты. Ал эми негизги канды көксөгөн, кылмышкер экендиги так мойнуна, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган жок. Тек тана болжолдуу дооматтар менен сыртынан соттолгондор болгону менен аны бир жараткан Кудай билет. Кыскасы, тарых барактарына кара тамга менен жазылып калган кандуу окуянын тагдыры менимче жоопсуз, ачык бойдон келе жатат деп айтсак болчудай. Анткени, бул ачык , жоопсуз, жыйынтыксыз калган апрель окуясы темасына буюрса келечекте көптөгөн адамдар кайрылып, тактап өз ордуна коёт деген менде үмүт бар. Бирок, революция өз максатына толук жетти деп ойлобоймун. Өзгөчө өзгөрүү болуп кеткен жери жок. Тескерисинче, карызыбыз көбөйүп, элдин жашоосу күндөн-күнгө начарлап, кыйынчылык сезилип жатат. Анча-мынча иштер, проектилер башталганы болбосо, жыйынтыгы же конкреттүү түшүмү өлкөбүздө байкалып жаткан жери жок. Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн жоопкерчиликти өз моюндарына алып ошондогу берген анттары уруп кетпесе эле болду. Биримдигинин жоктугун көрсөтүп, бири-бирин чукулай башташты. Демек, арасында таза адам калбай калгандыгынын далили. Ырас ошондой болуп, өздөрү бири-бирин күнөөлөп далилдеп жатышса, биз кантип максатына жетти деп айтабыз. Болгону жети жылдан бери митингдер, жол тосуулар, айрым нараазычылыктар менен коштолгон тынчтык өкүм сүрдү. Мен 7-апрель майрам эмес, кандуу окуяны эскерүү деп түшүнөм. Ошондой эле күнөөлүүлөр так аныкталып, мыйзам чегинде түз соттолуп, айыбы угузулмайын, элдин көксөөсү канбайт.

 Нуразиз Шайырбек,“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү:

“АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫНА КАРШЫ КЕЛГЕН СӨЗ ЗРКИНДИГИН ЧЕКТӨӨ, САЯСИЙ КАМООЛОР ГҮЛДӨП ӨСҮП БАРАТАТ

– Жакында эле Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап, рейтинг түздү. Анда Кыргыз­стан 148-орунга илинген. Башкача айтканда, дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн катарын толуктап жатабыз. Бул көрсөткүч атамбаевдик режимдин чабалдыгын, өлкөнү башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүп тургандай… 2010-жылы эл өлкөдө өнүгүү болсун, жакшы жашоодо жашасак, мамлекеттик бийликти президенттин айланасындагы бир ууч адам ээлеп алып, өз билгенин жасабаса деген үмүт-тилек менен көчөгө чыгып, Бакиевдик бийликти кетирген эле. Арадан 7 жыл өттү, өзгөрүү жок. Элдин үмүт-тилеги талаада калды. Учурунда Акаевдин балдыздарын Бакиевдин инилери алмаштырган сыяктуу, мамлекеттик бийликти Атамбаевдин айдоочусу, жан-сакчылары, катчылары, чарба башчысы жана кайниси ээлеп отурат. 7-апрель революциясынын негизги максатына каршы келген сөз эркиндигин чектөө, журналисттерди, адвокаттарды куугунтуктоо жана саясий камоолор күндөн-күнгө гүлдөп өсүп баратат.

 Бурулкан Карагулова, акын:

“7-АПРЕЛДЕ ЧЫНЫГЫ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛГОН ДЕП ДА ЭСЕПТЕБЕЙМ”

– Революциянын үмүтү акталмак турсун мен 7-апрелди чыныгы револю­ция болгон деп да эсептебейм. Жөн эле көкүрөктөрүн окко тосуп туруп беришти. “Жатып өлгүчө, атып өл” деген бар. Аталбагандан кийин октон алыс туруш керек болчу. Бир нече эле адамдардын кызыкчылыгын калкалаган төңкөрүш болду.

 Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

БАКИЕВДЕРГЕ ЭЛЕ АСЫЛА БЕРБЕЙ, МЕН ЭМНЕ КЫЛЫП ЖАТАМ ДЕП АЖО ӨЗҮНӨ ДА СУРОО БЕРСЕ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ”

– Революцияга катышкан адам ката­ры революциянын үмүтү акталган жок деп айтат элем. Тилекке каршы, рево­люциянын максат, тилектери орун алган жок. Себеби, биз революцияга жакшы жашоо, жаркын келечек, күчтүү мамлекет болот деп чыкканбыз. Бирок, 7 жыл өткөнү менен Бакиевдерди күнөөлөө менен гана отурабыз. Бакиевдер өз жазасын алып жатат. Элине, жерине келе албай, туугандары менен катташа албай азабын тартып жатышат. Эми аларга асыла бербей, “мен эмне кылып жатам?”- деген суроону ажо өзүнө да берсе жакшы болот эле. 4 жылдан бери экономикабыз көтөрүлдү деген менен электр энергиясы кымбаттап, тышкы карыз өсүп жатат. Жашоо күндөн-күнгө кым­баттап баратат. Мамлекетте алга жылуу жок. Кыскасы, революциядагы үмүтгөр акталган жок.

Булак: “Майданkg”

Сузак районунун билим берүү тармагын мурда соттолгон киши жетектеп калды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен соттолгон, ишиндеги кемчиликтери себептүү мектеп директорлоугунан бошотулган Алмазбек Бечеловду дайындады. Азыркы күндө бул жетекчи райондун бүтүндөй элге билим берүү тармагын жетектеп, келечек муундарга таалим-тарбия берүү ишин колго алды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облусунун тургуну Нурболот Бекишев билдирди.

А. Бечелов мурда райондук айрым бийлик структураларында иштеп жүргөн, билим берүү тармагында да иштеп көргөн. Бирок, 2006-жылы 25-апрелде Сузак райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 184-статьясынын 1-бөлүгү, 166-статьясынын 2-бөлүгүнүн 4-пункту, 166-статьясынын 3-бөлүгүнүн 2-пункты менен күнөлүү деп табылып, жаза катары 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, сот айрым жеңилдетүүчү жагдайдарга көңүл буруп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жазаны аткаруудан бошоткон. Ага чейин ал баш коргоо чарасы катары камакта жаткан.

Кийин А. Бечеловдун апелляциялык арызы менен бул ишти Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы карап, Сузак райондук сотунун өкүмүн бузуп, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 171 статьясынын 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, кайра эле КЖКнын 68-статьясы боюнча жазаны өтөөдөн бошоткон.

Мындай соттук жазага кириптер болушуна А. Бечеловдун айрым кылмыш аракеттери себеп болгон. Ал айылдык Сагынбек Тапаев аттуу жарандын муктаждыктарынан пайдаланып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде таанышы барлыгын, ага мамлекеттик ссуда алып берерлинин айтып, андан жалпысынан 17 миң 400 сом акча алып, кийин убадасын да аткарбай, акчаны өз кызыкчылыгына жумшап жиберген.

Кийин ал Сузак районундагы О. Тажибаев атындагы орто мектепте директор болуп жүрүп, системалык түрдө ишке чыкпай, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин буйругу менен кызматтан алынган.

Эми ушундай жүрүм-туруму менен жалпы районго аты чыккан кишини Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 4 миңден ашуун ак ниети менен таза иштеп жаткан мугалимдердин жетекчиси катары баалап, сый-урмат менен дайындаганына райондогу мугалимдер таң калып жатышат. Мындай кадрды райондун жакында эле соттолгон акими да колдоп жатканы кызык. Калыбы, тынч жаткан Сузак районундагы билим берүү тармагында тополоң чыккан калды окшойт.

Сузакты жалаң соттолгондор башкарабы?

Ош шаарында биринчи жолу башталгыч класс окуучуларынын олимпиадасы өтүүдө

Ош шаарындагы №17 Гагарин атындагы мекепте Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында биринчи жолу олимпиада өттүдө. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага шаардагы баардык мектептердин 4-классынын окуучуларынан кыргыз/орус тили, адабий окуу, математика жана мекен тануу предметтери боюнча берилген 70 суроого 2 саат ичинде жооп беришүүдө. Сынак II этаптан  туруп, биринчи этабы ар бир мектептин өзүндө өтүп, андан жеңип чыккан үчтөн окуучу  II этабы шаардык олимпиадалык мелдеште күч сынашууда.

Иш-чаранын негизги максаты башталгыч класстарында билим алган окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, мугалимдер менен педагогикалык-илимий кызматкерлердин арасындагы атадаштыкты күчөтүү жана мыкты окуучуларды тандоо болду.

Сынактан жеңип чыккан алдыңкы окуучулар грамота жана балуу белектер менен сыйланат.

Ысык-Көл областтык сотунда ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Ысык-Көл областтык соту Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл областтык юридикалык институтунун студенттеринин алган билимин практика менен тереңдетүү максатында ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык сотунун басма-сөз кызматы маалымдады.

2017-жылдын 28-29-мартында институттун 3-курсунун 5 группасынын студенттери мугалими А.Н.Наймановдун коштоосунда жазык иштер жана жарандык иштер боюнча ачык сот отурумдарына угуучу катары катышышты. 2 жумуш күн ичинде студенттер 10го жакын сот процесстерине катыша алышты.

2017-жылдын 3-апрелинде Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы Г.Б. Аширбаева студенттерди соттун кызматкерлери жана соттун иш процесси менен тааныштырды. Ысык-Көл областтык сотунун бөлүм башчысы Н.А.Ибраева меймандарга экинчи инстанция сотунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Соттун аппаратынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттери жөнүндө айтып беришти. Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары А.А. Досмамбетов студенттер менен жолугуп, меймандарга өзү жөнүндө кыскача айтып берип, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иштөө тартибин түшүндүрүп, алардын суроолоруна жооп берген соң, студенттерди тырышып окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын туу тутуп, бекем сактоого чакырды.

Ачык эшиктер күнүнүн соңунда Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Г.С. Алиева студенттерге насаатын айтып, укук таануу жаатында маек куруп, кеп-кеңештерин берип, окууларына ийгилик каалады.

 

Талас шаарында жергиликтүү соттор арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

 

2017-жылдын 1-апрелинде Талас областтынын жергиликтүү соттор арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма-сөз кызматы маалымдады.

Мелдешке Талас областтынын жергиликтүү курама командалары катышты. Мелдеш  Талас райондук  соту тарабынан  уюштурулуп, мелдешке Талас областтык  сотунун, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук сотторунун курама командалары катышышты.

Мелдештин жыйынтыгында кичи-футбол боюнча Бакай-Ата райондук сотунун курама командасы, волейбол боюнча Манас райондук сотунун курама командасы байгелүү орундарга ээ болушту.

Байгелүү орундарды ээлеген курама командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Билдирүү: "Айыл чарба министрлиги тынч эле"

Кyrgyztoday сайтына, 31-март күнү  Фабула гезитине шилтеме жасалып “Айыл чарба министрлигинде дагы чатак чыкты” деген кабар жарыяланган эле. Анда: “Японияда эл аралык донорлордун колдоосунда өтүүчү ветеринарлар бара турган долбоорго айыл чарба долбоорлорун ишке ашырган бөлүм жетекчиси Майрамбек Таиров да ветеринарлар менен кошо барып, семинар убагында эки күн “жинди суу менен дос болуп” Кыргызстандыктарды уят кылганы аз келгенсип, жосунсуз жоруктарды көргөзгөн” деген маалымат жазылган.
Бул маалымат туурасында Маматкулов Кубатбек “Ветеринардык палата” мекемесинин жетекчиси, биздин сайтка кайрылуу жасап, кайрылуунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:
 “Сайтта аталган кабар жарыяланаары менен биз Фабула гезитинин жетекчилиги менен байланышып, гезитте жарык көргөн макаланын чындыкка коошпой тургандыгын айтып, тийиштүү документтер менен ырастадык. Мындан улам Фабула гезитинин кийинки санында, мурда жарыяланган макала чындыкка дал келбестигин ырастаган макала жарык көрдү”.
Бул кайрылууга таянып Кyrgyztoday сайты, “Фабула” гезитиндеги макала негиз болгондуктан 31-март күнү жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирет.

Журналист Канышай Мамыркулованын кесиптештерине Кайрылуусу

Урматтуу кесиптештер!

Адам тагдыры менен ойногон бийлик ЖМКлар карапайым-калкка маалымат жеткирип турган үчүн гана сестенип турганы маалым болду. Муну Садыр Жапаровдун жасалма, күчтөгөн тасмасынан улам так кесе айтууга болот. Ошондуктан кимдин тагдырына, кандай окуяга байланыштуу болбосун так маалымат берип, позициядан тайбаганга чакырат элем.

Урматтуу кесиптештер, келген бийлик кетет, мурдагыдай эле эл менен журналисттер калабыз. Биз чоң күчпүз. Эл алдындагы жоопкерчилик менен милдетти сезели…

Канышай Мамыркулова, журналист

Меню