Menu

САЯСАТ

Жогорку Кеңеш Конституциянын “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деген нормасына каршы мыйзамды талкуусуз кабыл алды

28-сентябрда Жогорку Кеңеш “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду.

Документти парламентте талкуулабай эле кабыл алууну депутат Надира Нарматова сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна экинчи окууда 64 “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду. Эми мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так белгиленген.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул чечимден кийин көтөрүлгөн.

6-сентябрда спикер Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылган.

Берлинде "Германия - Борбор Азия" саммитти өтөт

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бүгүн, 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Берлинге учуп келишти. Алар Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушат.

Немис президентинин расмий сайтындагы билдирүүдө “5+1” форматында өтө турган жолугушууда немис тарап өзүнүн жана Европа Биримдигинин (ЕБ) атынан сүйлөй турганы, анткени ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата стратегиясын Германия иштеп чыкканы белгиленген. Жолугушуу Берлиндеги “Бельвью” сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров сапардын алкагында саммиттен тышкары Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Борбор Азия лидерлеринин немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышат.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев саммиттен тышкары канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, өзбек лидеринин май айындагы сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жолдорун талкуулап, немис компаниялары менен инвестициялык, инновациялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сөз кыларын билдирди.

Буга чейин саммит өтө турган 29-сентябрь күнү оппозициялык “Тажикстандын улуттук альянсы” менен “Группа 24” кыймылы Берлинде нааразылык акциясын өткөрөрүн билдиришкен.

Чет өлкөлөрдөгү төрт оппозициялык топту бириктирген “Тажикстандын улуттук альянсы” Берлиндин бийлиги Борбор Азиядагы оппозициялык топторго Германия президентинин резиденциясынын алдында акция өткөрүүгө уруксат бергенин маалымдаган.

Ал арада Өзбекстан менен Түркмөнстан бийликтеринин саясий оппоненттери да бүгүн, 29-сентябрда Берлинде нааразылык акцияларын өткөрө тургандыктарын билдиришкени кабарланды.

“Германия – Борбор Азия” саммити алгачкы жолу өткөрүлүүдө.

19-сентябрда Нью-Йоркто “С5+1” форматында “Борбор Азия – АКШ” саммити өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттаган.

Кемпир-Абад иши: абактагы төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.

Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.

11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген саясатчыларга жооп берген. Ал түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айткан.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу бир айга камалды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 25-сентябрда карады.

Жактоочусу Алманбет Бексултановдун айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (“Массалык башаламандыктар”) алмаштырылган.

Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармаган. УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (“Мамлекеттик чыккынчылык”) менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Ал күнү сот имаратынын алдында Мадумаровдун тарапташтары митинг өткөргөн.

Камактагы Адахан Мадумаров ИИМде "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоодо талапкерден алган $50.000 боюнча беш сааттай сурак берди

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 23-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгында беш сааттай сурак берди. Бул тууралуу журналисттерге саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

“Адахан Мадумаров “андан бери сегиз жыл өтүптүр. Мен эч нерсени билбейм. Биздин партия акча чогултпайт. Талапкерлерден акча чогултуу партиянын уставында да жок” деп айтты”, – деди Майрамбек Жумабеков.

Ички иштер министрлиги жазылган арыз жана Адахан Мадумаровдун суракка алынышы тууралуу маалымат бере элек.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

Президент Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялоо жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу маалымат 21-сентябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын туруктуулугун жогорулатууну, жаратылыш мурастарын сактоону көздөйт.

Анын алкагында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, бул багытта Нурлан Айтмурзаев президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлиги бир ай ичинде беш жылдыкты уюштуруу боюнча жол картанын долбоорун иштеп чыгып, Министрлер Кабинетине сунушташы керек.

Былтыр декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган.

Башкы Ассамблеянын 77-сессиясы бир добуштан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алган. БУУга мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулган.

Кыргызстанда 2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловдун мандатына байланыштуу апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы 20-сентябрда билдирди.

Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык сотунда 28-сентябрда каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын 6-июлда алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити өтөт

Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат.

“Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай жүзөгө ашып жатканын лидерлер деңгээлинде көрө алабыз”, – деди Салливан.

Алгачкы C5+1 саммити тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде 2015-жылы ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга кечээ 17-сентябрда жөнөп жатат.

18-сентябрда ал БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Кыргыз президенти Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушары жана 21-сентябрда АКШнын айрым ири компанияларынын өкүлдөрү катыша турган кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланды.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат.

Тажик бийлиги Кыргызстандын элчисин чакырып, Камчыбек Ташиевдин чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрүнө тынчсызданганын билдирди

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Коңшу өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин расмий сайтына бул тууралуу төмөнкүдөй маалымат жарыяланды:

“Элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрү пайда болгонуна байланыштуу тынчсыздануу жеткирилди. Бул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жараянынын жүрүшүнө олуттуу залакасын тийгизиши ыктымал экени белгиленди”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын” айткан жана “Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат артса болорун” билдирген.

Ушул күндөрү Кыргызстанда Баткендеги былтыркы кандуу окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачылар болгон.

Рахмон "Ансоруллох" эл аралык террордук тобу ооган-тажик чек арасын бузуп өтүү үчүн кол салганын билдирди

Тажикстан бийлиги “Ансоруллох” тобунун согушкерлеринин чек араны бузуп өтүү аракетине эки жолу бөгөт койгон.

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-сентябрда Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жыйынында билдирди.

Рахмондун айтымында, согушкерлер “Тажикстандын борборунда жана башка аймактарында бир катар террордук чабуулдарды жасоону” көздөшкөн.

5-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Ансоруллох” эл аралык террордук тобунун үч мүчөсү жок кылынганын билдирген.

Кабарда үчөө ооган-тажик чек арасынан 30-августта мыйзамсыз өтүп, Дарваз районуна жайгашканы, Тажикстанда “теракттарды жасоону көздөгөнү” айтылган.

Быйыл апрелде да Тажикстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн “Ансоруллохтун” эки мүчөсү өлтүрүлгөнүн маалымдаган.

“Ансоруллох” тобу курамына Тажикстандын жарандары кирген террордук уюм жана бир нече жылдар бою талибдердин тарабында согушуп келет.

“Ансоруллох” диний кыймылы Кыргызстанда да 2012-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Меню