1-апрель күнү таңкы саат 5те «Манас» эл аралык аэропортунан кыргыздын намысына жараган волейболчу азамат жигиттерибизди тосуп алдык. Биздин балдар Азия чемпионатынын борбордук аймагында 1-орунду жеңип, алтын медалдуу болуу менен бирге чемпиондук наамды багынтып келишти. Эгемендик алгандан бери кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу ушундай ийгиликке жетишкени чоң сыймык экенин жар салып отурабыз.
Алмаз КАСЕНОВ, мамлекеттик жаштар иши, спорт жана дене тарбия агенттигинин алдындагы олимпиадалык спорттун түрүн өнүктүрүү дирекциясынын директору:
«БИЗДИН ВОЛЕЙБОЛЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨЗҮЛӨРҮНҮН КҮЧТҮҮ ЭКЕНИН КӨРСӨТӨ АЛДЫ»
– Балдардын жараткан ийгилигин көптөн күткөнбүз. Мамлекет бу жагынан кам көрүп, волейболчу балдарыбызга колдон келген жардамыбызды аябадык. Эгемендик алган жылдардан бери көп аракеттер болду. Айрыкча Элмурза Сатыбалдиев федерация президенти болгондон бери топко кызыккандардын саны көбөйүп, ченеми жок популярдуулукка ээ болду. Азыр жаш балдардын топко кызыгуусу артып, мектеп курагындагылар ойноп атканы бизди кубантып атат. Демек, волейбол оюну Кыргызстанда өнүгүүнүн үстүндө. Бүгүн Азиянын борбордук аймагын татыктуу багынтып, эл аралык деңгээлде күчтүү экенибизди көрсөтө алдык. Жакынкы арада федерация менен биргеликте азуусун айга жанган күчтүү командаларга татыктуу атаандаш болуу кийинки кадамдарыбыздан болмокчу.
Элмурза САТЫБАЛДИЕВ, КР Волейбол федерациясынын президенти:
«БИЗДИН КОМАНДА ЧЕМПИОН БОЛГОНУН УГУП, КӨЗҮМӨ ЖАШ АЛДЫМ»
– Ойлогон оюма, көздөгөн максатыма жеттим. Федерацияны жаңыдан түптөп аткан кезде келечекке карай кыялдануу бар эле. «Качандыр бир күндөрү биздин Кыргызстандын волейболчулары Азиянын аймагында чемпион болушат. Анүчүн болгон күч аракетимди жумшайм» деген изги тилегим бар болчу. Кечээ досумдун туулган күнүндө отурсам, телефон шыңгырап, «Элмурза, Кыргызстан командасы түркмөндөрдү утуп, борбордук аймакта чемпион болушту, куттуктайм!» деген үндү угуп алып, сүйүнүчүм жонтериме батпай, кубанганымдан көзүмө жаш алдым. Ал көз ирмемди азыр сөз менен жеткире албайм. Эгер бүгүнкү күндө «волейбол федерациясын жетектейм, азыркы деңгээлден түшүрбөйм, мындан ары да өстүрөм, өркүндөтөм» деген азамат табылып калса, мен сыймыктануу менен бул кызматты өткөрүп берүүгө даярмын.
Бек БОРБИЕВ, КР эмгек сиңирген артисти:
«ЭЛМУРЗАНЫ ФЕДЕРАЦИЯ БАШЧЫЛЫГЫНА МЕН АПКЕЛГЕМ»
– Топ ышкыбоздору арасында болобу, волейбол ойногон чеберлер арасында болобу, качандыр бир кездерде көкүрөгүндө уялаган жагымдуу окуя болот. Ал окуя менде да бар. Бүгүн биздин волейболчулар Азия чемпионатынын борбордук аймагында 1-орунду алышты. Эсимде, 2009-жылы Жеңиш Кызалаков досума бардым, анткени ошол убакта кыргыз волейболу сууга чөгүп бараткан кеме абалындагыдай болчу. Барганымдын себеби, федерация президентине бир кишини табыш керек эле. Андай адамды мен билчүмүн. Экөөбүз Элмурза Сатыбалдиевге келип, «федерацияны жетектеп бер» дедик. Элмурза досубуз «ээ достор, бул иш менин колуман келбейт»деп бир аз кыйшаңдады. Экөөбүз эки жактан чыгып, «башында оор болот, анан көнүп кетесиң» деп атып араң көндүргөнбүз. Айткандай эле башында оор болду, кийин көнүп кетти. Элмурза сазга батып бараткан федерацияны сууруп чыкты. А бүгүн болсо кылган эмгегинин акыбети кайтып, Кыргызстан курама командасы тарыхта болуп көрбөгөн ийгиликке жетишип отурат.
Жеңиш КЫЗАЛАКОВ, КР Волейбол федерациясынын вице-президенти:
«КЫРГЫЗ ВОЛЕЙБОЛУ АКЫРКЫ ҮЧ ЖЫЛДА УКМУШТУУДАЙ СЕКИРИК ЖАСАДЫ»
– Бек жакшы нерсени эстетип койду. Чындап эле Бек Борбиев 2009-жылы мага келип, «Элмурза Ракиевичти федерация президенти кылалы, азыркы учурда топ чапкыч балдарыбызга мындан артык күйө турган киши табылбайт. Өзү да топтон алыс эмес, волейболду жакшы ойнойт, макул кылабыз» деди. Бул жагдайды мен да эстеп отурам. Анан чынын айтыш керек, ошол 2009-жылдагы волейбол менен азыркыны салыштырып болбойт. Акыркы эле үч жылды алып көрөлү, 2015-жылы Азия чемпионатында байгелүү орундарга караандаган эмеспиз. Былтыр 2-орунду камсыз кылуу менен күмүш медалдуу болдук. Ал эми быйыл болсо чемпион болуп отурабыз. Салыштырмалуу Казакстанда 17 млн. Өзбекстанда 30 млн. эл бар. Ал эми бизде болгону 6 млн. Ошого карабастан ушундай ийгиликке жетишип турганыбыз биз үчүн зор бакыт.
Булак: “Азия Ньюс”