Шаршембиде Москванын Замоскворецкий соту Орусиянын мурдагы экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин ишин карай баштады. Ал ири суммадагы пара алган деп айыпталууда. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса экс-министр 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Тергөөнүн версиясы боюнча Улюкаев мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн эки миллион доллар пара алган. Ал өткөн жылы ноябрда кармалган. Улюкаевдин иши боюнча айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн арасында «Роснефть» ишканасынын башчысы Игорь Сечин дагы бар.
8-августтагы болжолдуу сот отурумунан кийин Улюкаев күнөөсүн мойнуна албай турганын дагы бир жолу билдирди. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишин «менеджмент менен атайын кызматтагылардын коррупциялашкан бөлүгү үчүн пайдалуу болгон провокация» деп атады.
Сот ошондой эле экс-министрдин үй камагындагы мөөнөтүн 27-январга чейин узартты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”