Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстан Россиянын күйүүчү майларын Кыргызстанга өткөрбөй жатат, 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгы жаралышы мүмкүн

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майларды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирди.

Бирикменин 3-октябрда тараткан маалыматына караганда, 1-сентябрдан бери “Казакстан Темир жолу” улуттук компаниясы эч кандай расмий түшүндүрмө бербей туруп жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканы айтылат.

“Мунай ташуучу жергиликтүү компаниялар “Кыргыз Темир жолу” ишканасы менен бирге бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок бүгүнкү күндө октябрь айы үчүн коюлган пландар “Казакстан Темир жолу” тарабынан четке кагылып жатат. Күйүүчү майды Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүүдөгү бул көйгөй 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгын жаратышы мүмкүн”, – деп жазылат билдирүүдө.

Бул тууралуу мамлекеттик мекемелер комментарий бере элек.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин күйүүчү май керектейт.

Соңку эки жылда Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде күйүүчү майдын индикативдик планы 1 млн 200 миң тонна мунайды түзгөн. Бул аталган көлөмдөгү күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ташып келүүгө болот дегенди билдирет. Ал эми 2023-жылы индикативдик план боюнча 945 миң тонна гана күйүүчү майга келишим түзүлгөн.

Ташиев менен Ятимов соңку протокол чек ара маселесин чече турганын айтты

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары 3-октябрда Баткендеги эки тараптуу жолугушууда тартылган видео билдирүүлөрдү жарыялашты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан.

Кол коюу аземинен кийинки сөзүндө Саймумин Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө болорун билдирди.

“Жаңжалдар дайыма тарыхтан төмөн болушу керек. Ошондуктан биз бүгүн, азыр Баткен шаарында №44 протоколго кол койдук. Бул протоколду ишке ашыруу буга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдарга негиз жана себеп болуп берген бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү чечет. Бул протоколду даярдоо жана ишке ашыруу эки өлкөнүн лидерлери – Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эрки менен болуп жаткандыгын мен бардык жоопкерчилик менен жарыялайм. Биз бул протколду кабыл алуу менен аны акырындап ишке ашырып, эң кыска мөөнөттө негизги документке келебиз деп ишенебиз”, – деди Ятимов.

Андан кийин сөз алган Камчыбек Ташиев документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болорун айтты:

“Кеп болуп жаткан протокол эки тараптын макулдугу менен кабыл алынды жана ал чек арадагы бардык маселелерди чечүүгө негиз болуп берет. Кудай кааласа, биз жакын арада мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча соңку чечимдерди кабыл алабыз. Мен бул чечимди кабыл алууга жана протоколду даярдоого катышкан эки тараптын командасына ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары биз чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биздин комиссиялар үзгүлтүксүз жана тынымсыз иштеп, бардык чечимдерди тез арада даярдоосун макулдаштык. Бүгүн биз кабыл алган чечимдер чек арадагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздап, элдердин достукта жана ынтымакта жашашына шарт түзөт”.

Ташиев менен Ятимов өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет.

Алар 2-октябрда Баткенде кездешип, жаңы протоколго кол коюшканын алгач президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукка жазып чыккан. Анаркулов “Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов татаал сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги протоколго кол койгонун”, “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартканын” кабарлаган.

Кийин маалыматты Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ырастап, жаңы протоколго кол коюлганы маалымдалган. Анда делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын белгилешип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкени айтылган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Ташиев бул жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтып, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун кеп кылган.

Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Душанбедеги элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Душанбе ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Кыргыз-тажик делегация башчылары чек ара боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2-октябрда Баткенде өткөн кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу тууралуу маалымат берди.

Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган.

Алар кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын белгилешип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкен.

Эки тараптын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору калган бөлүктөрдө долбоордук линияны баяндап жазуу боюнча ишти улантары маалыматта белгиленген.

Өкмөттүн сайтына чыккан кабарда жолугушууда протоколго кол коюлганы айтылган, бирок ал документтин мазмуну тууралуу маалымат жок. Кездешүү “өз ара түшүнүшүү маанайында өттү” деген сүйлөм менен жыйынтыкталган.

Мындан мурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менен Согд облустук администрациясы да ушундай эле маалымат таратып, протоколдун мазмуну тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Расмий маалымат чыгардан мурда президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын делген журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукта “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартты” деп жарыялаган.

УКМКнын төрагасы Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Мындай жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун айткан.
Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүрүп жаткан.
Чектеш аймактардагы тактала элек тилкелерде маал-маалы менен жаңжал чыгып турган.

2021-жылдын жазында, 2022-жылдын күзүндө катуу куралдуу кагылыш болуп, эки тараптан тең жоготуулар болгон. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин күнөөлөгөн.

HRW Берлинди "Борбор Азия - Германия" саммитинде адам укуктары маселесине көңүл бурууга чакырды

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукканда адам укуктары маселесин көтөрүшү керек деп эсептейт.

Уюмдун 28-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндө Берлиндеги жолугушуунун негизги темасы Орусия Украинага кол салгандан кийинки Борбор Азиядагы абал жөнүндө болушу мүмкүн экени жазылган.

“Германия Борбор Азия лидерлерин Москванын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам бербөөгө чакырат деп күтүлүүдө”, – деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. Анын айтымында, Германия бийлиги аймактагы адам укуктарынын оор абалына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө басым жасоо мүмкүндүгүн колдон чыгарбашы керек.

“Берлин саммиттин жүрүшүндө Европа менен узак убакыт кызматташуу үчүн аймактагы өлкөлөр адам укуктарынын жана мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышын камсыз кылышы керектигин эскертиши зарыл. Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандарды саясий негиздер менен куугунтуктаган, сөз эркиндигин чектеген жана кыйноо үчүн жазаланбаган көптөгөн учурлар бар”, – деди Уильямсон.

Ал 2022-жылы Казакстан менен Өзбекстандагы нааразылык акцияларды, Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталышын жана Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы нааразылыктардын күч менен басылышын мисал келтирген.

“Европа Борбор Азия өлкөлөрү менен аймактагы адам укуктарынын жана жарандардын эркиндигинин сакталышын эске алуу менен кызматташтыкты кеңейтиши керек”, – деп кошумчалады Уильямсон.

29-сентябрда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери Германиянын федералдык президенти менен бирге “5+1” форматындагы саммитке катышат. Жолугушуу Берлиндеги “Бельвью” сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Берлинде "Германия - Борбор Азия" саммитти өтөт

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бүгүн, 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Берлинге учуп келишти. Алар Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушат.

Немис президентинин расмий сайтындагы билдирүүдө “5+1” форматында өтө турган жолугушууда немис тарап өзүнүн жана Европа Биримдигинин (ЕБ) атынан сүйлөй турганы, анткени ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата стратегиясын Германия иштеп чыкканы белгиленген. Жолугушуу Берлиндеги “Бельвью” сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров сапардын алкагында саммиттен тышкары Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Борбор Азия лидерлеринин немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышат.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев саммиттен тышкары канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, өзбек лидеринин май айындагы сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жолдорун талкуулап, немис компаниялары менен инвестициялык, инновациялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сөз кыларын билдирди.

Буга чейин саммит өтө турган 29-сентябрь күнү оппозициялык “Тажикстандын улуттук альянсы” менен “Группа 24” кыймылы Берлинде нааразылык акциясын өткөрөрүн билдиришкен.

Чет өлкөлөрдөгү төрт оппозициялык топту бириктирген “Тажикстандын улуттук альянсы” Берлиндин бийлиги Борбор Азиядагы оппозициялык топторго Германия президентинин резиденциясынын алдында акция өткөрүүгө уруксат бергенин маалымдаган.

Ал арада Өзбекстан менен Түркмөнстан бийликтеринин саясий оппоненттери да бүгүн, 29-сентябрда Берлинде нааразылык акцияларын өткөрө тургандыктарын билдиришкени кабарланды.

“Германия – Борбор Азия” саммити алгачкы жолу өткөрүлүүдө.

19-сентябрда Нью-Йоркто “С5+1” форматында “Борбор Азия – АКШ” саммити өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттаган.

Кыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдашты

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде социалдык маанидеги жүктөрдү – дан, май, кант жана күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз жеткирүү макулдашылганын билдирди.

Тиешелүү протоколго 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында кол коюлган. Жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арада жүктөрдү негизи жок кармоолорду токтотуп, тоскоолдуксуз өткөрүү керектигин айткан.

Кыргызстанда ушул айда Казакстандан ташылып келген ундун баасы кымбаттады. Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет.

Август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган машиналардын узун кезеги пайда болгон. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги мындай абал үчүн Казакстанды “Евразия экономикалык биримдигинин эрежелерин сактабай жатат” деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз иштерге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

Кытай Кемпир-Абаддан Фергана шаарына таза суу жеткирет

Кытайдын SINOMASH холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Фергана шаарына таза  сууну жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Фергана облустук акимчилиги билдирди.

Маалым болгондой, SINOMASH компаниясы менен алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Мындан тышкары компания облустагы социалдык мекемелердин курулушун жана капиталдык реконструкциялоо иштерин да жүргүзөт.

2022-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөн. Кыргыз өкмөтү Өзбекстан анын ордуна 19 миң гектар жерди бергенин билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активист былтыр октябрда камалган.

Борбор Азиянын 5 өлкөсү+АКШ (C5+1) лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө энергетикалык коопуздук жөнүндө айтылды

21-сентябрда Ак үй БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн “С5+1” форматындагы президенттердин деңгээлиндеги алгачкы саммиттин катышуучуларынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Узун текстте аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелерине басым жасалып, бирок адам укуктарын сактоо жөнүндө дээрлик сөз болгон эмес.

АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин атынан жасалган биргелешкен билдирүүдө өнөктөштүк бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн сыйлоого багытталган БУУнун Уставынын принциптерин бекем сактоого негизделгени айтылат.

“Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу менен биз аймакта жаралган коркунучтарды жана татаал көйгөйлөрдү чечүү үчүн туруктуу кызматташууну кубаттайбыз. Биргелешип Борбордук Азияда коопсуздукту чыңдоо, экономикалык туруктуулукту жогорулатуу, туруктуу өнүгүүнү колдоо, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана тынчтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларга берилгендигибизди дагы бир жолу ырастайбыз”, — деп жазылган билдирүүдө.

Анда амбициялуу программаларды ишке ашыруу аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнөктөштүгүн талап кылары жана “C5+1” механизминин маанилүүлүгү белгиленген.

АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен коргонуу жана терроризмге каршы күрөшүү маселелеринде кызматташууну бекемдөөгө ниетенишүүдө.

“Аймактагы бардык өлкөлөр жана эл аралык коомчулук терроризмден оолак, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, анын ичинде аялдар менен кыздарды сыйлаган, өзү жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган эгемендүү жана өз алдынча Ооганстанды колдоону улантууга тийиш”, — деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Текстте дүйнөлүк базарга чыгууну кеңейтүү жана Борбордук Азияга, анын ичинде жашыл экономикага эл аралык инвестицияларды тартуу зарылдыгы белгиленген.

Биргелешкен билдирүүдө негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугу, энергетикалык системаларды интеграциялоо жана аны дүйнөлүк базарга коопсуз жеткирүү жөнүндө сөз болгон.

Казакстанда кримтөбөл "Дикий Армандын" (Кыргызстандын күйөө баласы) иши боюнча сот отурумдары жабык өтөт

Январь окуялары учурунда адамдарды уурдоо жана кыйноого алуу иши боюнча сот отурумдары жабык өтөт. Буга чейин сотко мындай өтүнүч менен жабырлануучулардын адвокаттары кайрылган.

Бул иште жалпысынан 45 киши айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын арасында “Дикий Арман” деген каймана ысым менен белгилүү Арман Жумагелдиев жана Улуттук коопсуздук комитетинин 5-департаментинин мурдагы башчысы Руслан Искаков да бар.

Сот мындан тышкары тергөө абагында отурган айыпталуучулардын үй камагына чыгаруу жана Жумагелдиев менен Искаковдун УУКнын тергөө абагынан ИИМдин тергөө абагына которуу өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Ошондой эле айыпталуучуларды сотко видеобайланыш аркылуу катыштыруу тууралуу буга чейинки чечимди күчүндө калтырды.

Бул иш боюнча кийинки отурум 6-октябрга белгиленди. Ал жабык өтөт.

18-сентябрдагы отурумда Руслан Искаков Январь окуясы учурунда УККнын мурдагы төрага орун басары Самат Абиштин буйруктарын аткарганын билдирген. “Менин көрсөтмөлөрүмдү жашыруун кылып коюшту. Алар Самат Абиштин бул иштеги ролун жашыруу үчүн ушундай кылышты. Менин Абиштин буйруктарын аткарганымды айтуума тыюу салганга аракет кылып жатышат”, – деген Искаков.

Самат Абиш Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 19-сентябрда Казакстандын Башкы прокуратурасы Абишке карата тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал Январь окуясы маалында “кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган” деп айыпталууда.

КазТАГ агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме кылып, Абиш Казакстанда экенин, ага карата белгилүү бир аймактан чыкпоо бөгөт чарасы белгиленгенин жазды.

Азырынча Самат Абиш өзү же анын жакындары бул айыптоо боюнча комментарий бере элек.

Экс-президенттин инисине карата кандуу Январь окуяларынан дээрлик эки жыл өткөндөн кийин гана айып тагылууда. Башкы прокуратура 2022-жылы июнда Абиш тергөөнүн назарында экенин билдирген. Ошол эле жылы июлдун аягында ал “Карим Масимовдун жана башка айыпталуучулардын” иши боюнча “күбө катары” сурак бергени кабарланган.

Өзбекстанда аялды тепкен ИИМ кызматкери иштен алынды

Өзбекстандын Фергана шаарында кичинекей баласын көтөрүп жүргөн аялга орой мамиле кылып, аны тээп жиберген полиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Фергана облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-сентябрда социалдык түйүндөрдө полиция кызматкери балалуу аялды тээп, аны күч менен автоунаага отургузуп жатканы тартылган видео жарыяланган. Укук коргоо кызматкеринин бул аракети коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-сентябрда жол коопсуздугун көзөмөдөө кызматкерлери баласы менен кайыр сурап жүргөн аялдан жолго чыкпоосун өтүнүп, аны менен “профилактикалык максатта” сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок аял полиция кызматкерлерине “активдүү каршылык көрсөткөн”.

“Аялды автоунаага отургузууга аракет кылганда ал баласын жерге таштап жиберип, аны инспекторлор кармап калышкан. Кызматкерлердин биринин андан аркы аракети коомдук резонанс жаратып, ошол эле күнү кызматтык териштирүү башталган. Анын жыйынтыгында инспектор иштен алынган”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Меню