Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Орусия Мамдумасынын төрагасы расмий сапары менен Бишкекке келет

28-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володиндин Бишкекке расмий сапары менен келери күтүлүүдө. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Володин кыргызстандык кесиптеши Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Андын сырткары Мамдума башчысы Өчпөс отко гүлчамбар кою иш-чарасына катышат.

Мурдараак Кыргызстанга Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерациялар кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун келери кабарланган.

Маалыматка караганда, бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Валентина Матвиенконун Петербургда өткөнXXI эл аралык экономикалык форумдагы жолугушуусу маалында талкууланган.

Валентина Матвиенконун келиши КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештик балдары» аттуу эл аралык маданий-билим берүү форумун өткөрүүгө байланыштуу. Иш-чара 3-6-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгине өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өзбекстанда мурунку саясий туткундун чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынууда

22 жылы абакта отуруп, 2015-жылы эркиндикке чыккан Өзбекстандын демократиялык кыймылынын активисти жана парламенттин мурдагы депутаты Мурад Жураев Германияда операция жасатууга муктаж болууда. Бирок ал Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук кызматы түрдүү жолдор менен анын өлкөдөн чыгуусуна тоскоолдук кылып жатканын билдирүүдө.

Өзбекстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары өлкөдө демократиялык башкаруунун өнүгүшү үчүн күрөшкөн мурдагы парламент депутаты Мурад Жураевдин саламаттыгы абакта отурганда кескин начарлап кеткен.

Экс-депутаттын жубайы Холбик Жураеванын билдиришинче, жергиликтүү дарыгерлер Мурад Жураевге оор операция жасалышы керектигин айтышып, Индияга же Европа өлкөлөрүнүн бирине баруу кеңешин беришкен. Бирок бийлик күйөөсүнө өлкөдөн чыгуу визасын бербей, ал дарылануу үчүн чет өлкөлөргө чыга албай жатат.

Жураева ошондой эле өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы анын балдарына да кысым көрсөтүүсүн токтотпой жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Анжиянда бензин тартышыгы жаралды

Анжиянда айдоочулар май куюучу станцияларда бензин сатып алуу мүмкүн болбой жатканын билдиришүүдө. Алар узун кезекте сааттап турушууда. Жеке такси айдоочулар бензиндин литрин жергиликтүү алып сатарлардан 4,5 миң сумга (0,5 доллардан ашык) алышууда.

Анжиян облусунун май куюучу станцияларынын өкүлдөрү базада аларга чектелүү өлчөмдө күйүүчү май берилип жатканын маалымдашууда. Алардын бири жакын арада бензин таптакыр болбой турганын айтып, газга өтүүгө кеңеш берди.

– Биз газ менен жүрүүгө даярбыз. Бирок ал сатыкта жок да. Жакында жөө жүрөт окшойбуз, – деди анжияндык айдоочулардын бири.

Акыркы жылдары Өзбекстанда бензин тартыштыгы адаттагы көрүнүш болуп калды.

«Узнефтмахсулот» компаниясы бензиндин жетишсиздигин күйүүчү майга болгон суроо-талаптын өскөндүгү менен түшүндүрүүдө. Компаниянын маалыматы боюнча, Өзбекстанда автоунаалардын саны жылына жарым миллионго көбөйүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан агенттиктерди жоюу менен текшерүүлөрдү азайтуу ниетинде

Тажикстанда бир катар мамлекеттик мекеме жана агенттиктер жоюлат. Бирок Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт. Тажик өкмөтүнүн бир ай мурун кабыл алган бул чечими коомчулукка азыр гана белгилүү болду.

Жаңы мекеме ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл жана үрөөн чарба сыяктуу агенттиктерди жабуу аркылуу түзүлөт.

Тажик өкмөтү бул чечим текшерүүлөрдү жана рейддерди азайтууга багытталганын түшүндүрдү.

Инвестиция жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалыматы боюнча, 2016-жылы 37 көзөмөлдөөчү орган 300 миңдей текшерүүлөрдү өткөргөн.

Тажикстан бийлиги быйыл текшерүүлөр 30% кыскарарын белгилөөдө. Ошол эле маалда жергиликтүү ишкерлер пландан тышкаркы рейддер өсүп жатканын айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда МТСтин ордуна жаңы байланыш оператору ачылат

Түркмөнстанда «Ай Назар» деген аталыш менен жаңы уюлдук байланыш компаниясы ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн 23-июндагы жыйынында белгилүү болду. Анда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы мобилдик байланыш операторун түзүү сунушун колдоп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

«Түркмөн-Телеком» компаниясындагы өз булак жаңы компаниянын аталышы Айнабад жана Назар деген ысымдардын кыскартылып айтылышы экенин билдирди. «​Жергиликтүү жаңы уюлдук байланыш оператору июндун аягында, өлкө башчынын туулган күнүнө (29-июнь) карата ачылат деп болжолдонууда. Виртуалдык режимде сыноолор өткөрүлдү»​, – деп билдирди булак.

Жаңы компания түркмөн бийлиги лицензиясын узартуудан баш тарткан орусиялык МТС компаниясынын кардарларын өзүнө тартат деп болжолдонууда. МТС-Түркмөнстандын лицензиясы буга чейин айтылгандай июлда эмес, сентябрда аяктай тургандыгы белгилүү болду. Учурда МТСтин айрым кызматкерлери жаңы компанияга жумушка орношууга аракет кылып жаткандыктары айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан бир канча өлкөдөгү соода өкүлдөрүн чакыртып алды

Тажикстан өкмөтү Казакстан, Өзбекстан, Украина, Ооганстан, Түркия, Кувейт, Германия жана Малайзия өлкөлөрүндөгү өзүнүн соода өкүлдөрүн чакыртып алууну чечти. Бир ай мурда өлкө башчы Эмомали Рахмон тарабынан кол коюлган тиешелүү токтом өткөн апта соңунда гана жарыяланды.

Өкмөттүн эмне себептен мындай чечим кабыл алганы белгисиз. Ошондой эле ал орундарга жаңы кадрлардын дайындалган-дайындалбагандыгы тууралуу дагы маалыматтар жок.

Соода өкүлдөрүнүн чакыртылышы кадрларды алмаштыруу же жаңылоого байланыштуу болушу мүмкүн деп айтылууда.

Элчилерден айырмаланып соода өкүлдөрүнүн иштөө мөөнөтү чектелген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан дүйнө коомчулугуна антитеррористтик операциялардын кодексин сунуштайт

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өлкө БУУ менен биргеликте бүткүл дүйнө коомчулугуна багытталган антитеррористтик кодекстин Астана долбоорун даярдап жатканын билдирди.

«Өлкө башчы Нурсултан Назарбаев БУУнун кароосуна алып чыккан бир канча демилге бар. Алар эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөштө жалпы дүйнө коомчулугунун аракетин бириктирүүгө багытталган. Учурда БУУнун эксперттери казакстандык делегация менен биргеликте антитеррористтик кодекстин үстүнөн иштеп жатышат. Ал алгач БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө тааныштырылат», – деп билдирди Кайрат Абдрахманов.

Антитеррористтик операциялардын Астана кодексинде терроризмге каршы операциялар маалында бардык өлкөлөр жалпы позицияны карманышы керек деген пункт болот деп болжолдонууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Укук коргоочулар Астананы кыйноолорду акыйкат иликтөөнү камсыздоого чакырууда

Кыйноолорго каршы бейөкмөт уюмдардын коалициясы өкмөттү абактардагы кыйноолорду жана өлүм фактыларын көз карандысыз жана эффективдүү иликтөөгө чакырууда. 26-июнь – Кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү.

Коалиция тараткан билдирүүдө бийликти 2011-жылы 21-декабрда Жанаөзөн окуялары учурунда убактылуу камоо жайында кыйноолордон улам көз жумган Базарбай Кенжебаевдин өлүмүнө тиешеси барларды жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Жанаөзөнгө төрөтканадагы кызын көрүүгө келген Кенжебаевди күч түзүм кызматкерлери кармап кетип, абакка камашып, ал жерде аны катуу сабашкан.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2011-жылы 16-декабрда Жанаөзөн шаары жана Шетпе станциясындагы жаңжал учурунда 16 киши мерт болгон.

2012-жылы 28-майда Актау шаарынын соту Жанаөзөн окуясында кызмат абалынан аша чапты делген полициянын беш кызматкерин беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыраткан. Алардын баары мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ашхабаддыктар банкка акча салуу үчүн узун кезекке турушууда

Түркмөнстанда 1000 доллардан ашпаган өлчөмдөгү улуттук валютаны банк эсептерине салуу үчүн ашхабаддыктар сааттарга, айрым учурда бир күнгө созулган узун кезекке турууга мажбур болушууда.

Түркмөнстандыктар манаттарын пластик карталарга салышса, аларды чет өлкөдө VISA карталары аркылуу башка валютада колдоно алышат.

Түркмөнстан өкмөтү 2016-жылы акча алмаштырууга тыюу салгандан кийин VISA системасы түркмөн манатын мамлекеттик курс менен чет өлкөлүк валютага алмаштырчу жалгыз мүмкүнчүлүк болууда. Бирок пластик картага акчаларын салуу – узун кезекке туруу түйшүгү менен коштолууда.

Түркмөн манатын чет өлкөлүк валютага алмаштырууда жаралган көйгөйлөр тууралуу жергиликтүү медиа үн ката элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда мугалимдер мектеп формасы үчүн акча чогултууга мажбур болушууда

Тажикстандын бардык мектептери июлдун башына чейин бирдиктүү мектеп формасы үчүн ата-энелерден акча чогултушу керек. Жазуу жүзүндөгү мындай көрсөтмөнү өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги республиканын бардык мектептерине жөнөттү.

Айрым мугалимдер көрсөтмөнү белгиленген мөөнөткө чейин аткаруу үчүн күнү-түнү окуучулардын үйлөрүн кыдырууга туура келерин билдиришүүдө.

Алардын айтымдарында, мектеп формасын тигүү үчүн акча чогултуу оор болуп, алардын профессионалдык беделине зыян алып келет. Куляб шаарындагы мугалимдердин бири жайкы каникул башталганы менен жогору жактагылар форма үчүн акча чогултпаган мугалимдер эмгек өргүүсүнө чыкпай тургандыгын билдиришкенин ырастады. «Ар бир класс жетекчи өз классынын окуучуларынан акча чогултушу керек. Мурдагы күнү окуучулардын биринин үйүнө баргам, анын апасы «бизден дагы канча акча сурайсыңар, кайырчылар?» деди. Биз балдардын ата-энелери үчүн жаман көрүнүп бүттүк», – деди ал.

Мугалимдер формага, мектептин ремонтуна жана Элдик демократиялык партиянын мүчөлүк акысына деп акча чогулта тургандыктарын айтышууда.

Бирок министрликтин жооптуу кызматкерлери бирдиктүү мектеп формасына акча чогултуу көрсөтмө эмес, сунуш болгонун билдиришүүдө. Айтымдарында, анын негизинде мектеп жетекчилери окуучулар үчүн бирдиктүү форма тигүү боюнча жергиликтүү тигүүчүлөр менен өз учурунда макулдашуусу керек болот.

Министрликтин өкүлдөрү мындай чечимдин башкы себеби — жергиликтүү өндүрүштү колдоо жана өлкөнүн ички базарын коргоо экенин билдирип, окуучулардын кийимдери стандарттуу, бышык жана ыңгайлуу болушу керектигин белгилешти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню