Menu

Кыргызстан-АКШ

АКШ элчилиги англис тилин билген мугалимдер үчүн Fulbright TEA 2023-2024 программасынын ачылышын жарыялады

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги англис тилин билген мугалимдер үчүн Fulbright TEA 2023-2024 программасынын ачылышын жарыялады.
Бул программага англис тилин окутуу боюнча кеминде 5 жылдык тажрыйбасы бар орто мектептин мугалимдери, социалдык илимдер, математика, табият таануу боюнча окуткан, англис тилин билген мугалимдер катыша алышат.
Талапкер сөзсүз турдө Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек жана англис тилинде оозеки жана эркин жаза билүүсү шарт.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 20-марты, 17:00.
Бул Фулбрайттын Окутуу Программасы берген мүмкүнчүлүк менен Кыргыз Республикасынын мугалимдери өз тармагында тажрыйбаларын чыңдап, окутуу чеберчилигин жогорулатышат жана Америка Кошмо Штаттары жөнүндө билимин тереңдетишет
Fulbright TEA Окуу технология боюнча методологияларды жана билим берүү стратегиясы, окуу иштеп чыгуу, сабак пландаштыруу жана даярдоо боюнча окуу семинарларын өткөрүп, интенсивдүү Кыргызча окутуу жолдорун мугалимдерге сунуштайт.

АКШ өкмөтү кыргыз ишкер аялдарын колдоо жана коомдук саламаттыкты сактоону чыңдоо үчүн 6.000.000 доллар бөлөт

Бишкек, Кыргыз Республикасы, 2022-жылдын 15-февралы – АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасында коомдук саламаттыкты сактоону жана ишкерлик менен алек болгон аялдарды колдоо үчүн 6 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) администраторунун орун басары Изобел Коулман өлкөгө болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Эки миллион доллар Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигин чыңдоого жумшалат. Тактап айтканда, бул каражаттар аялдарга жеке балдар борборлорун ачууга жана башкарууга көмөктөшөт. Мындай түздөн-түз ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү өлкө боюнча үй-бүлөлөргө жардам берип, региондордогу коомчулуктардын экономикалык коопсуздугун чыңдоого салым кошот.

USAIDдин администраторунун орун басары Коулмандын айтымында, каражаттын 4 млн доллары Кыргыз Республикасынында жугуштуу ооруларга байланыштуу тобокелдиктерди алдын алуу жана кесепеттерин азайтуу үчүн берилет. Ал каржылоо өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасын жана мамлекеттин ден соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталат. Бул иш КР өкмөтү, эл аралык уюмдар жана башка саламаттык сактоо жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жаатындагы өнөктөштөр менен бирге алып барылат.

Бул колдоо АКШ өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын эли менен көптөн берки өнөктөштүгүн жана инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдыруу, билим берүүнү жакшыртуу жана саламаттыкты сактоо коопсуздугун чыңдоо боюнча өз ара кызматташтыктарды ырастайт.

АКШ Кыргызстандагы 1,6 миңден ашуун мектептерге математика окутуу боюнча материалдарды тапшырды

Кечээ, 6-февраль күнү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) математика боюнча 3372 окуу-методикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” Кыргыз Республикасынын 1682 мамлекеттик мектебине тапшырды. Бул көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын окуучуларына математикалык түшүнүктөрдү даана элестетип, так түшүнүүгө жардам берет. Материалдарды тапшыруу расмий аземи КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс жана Бишкек шаарында жайгашкан он мамлекеттик мектептин өкүлдөрүнүн катышуусунда №69-мектепте өттү.

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору иштеп чыккан “Математикалык сандыкчалар” геометриялык фигуралар, сааттар, эсеп таякчалары, палеткалар сыяктуу 27 түрдүү манипулятивдик жана графикалык моделдерди камтыйт. Сандыкчада берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу окуучуларга абстракттуу математикалык түшүнүктөрдү “сезүүгө” жана “көрүүгө”, символдордун, арифметикалык амалдардын жана эрежелердин маанисин жана аларды түптөгөн логиканы терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

“Бул окуу куралдары мобилдүү, эффективдүү жана өз убагында берилүүдө. Кесиптештерим аларды алып, математика сабагында колдонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат”, – дейт Фарида Сабыралиева, Чүй облусунун А. Жаманбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстардын мугалими.

Көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын мугалимдерин окутуу модулдарынын мазмунуна ылайык иштелип чыккан. Бул окутуулар КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAID тарабынан өткөрүлүүдө. 2023-жылдын март айында 13 миңден ашуун мугалимдер математикалык модулдар боюнча окууну баштап, жаңы берилген материалдар менен математиканы окутууда кесиптик чеберчилигин жогорулатышат.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өз сөзүндө, бул материалдар жаш баланын окуусуна ыңгайлаштырылганын белгилеп кетти. “Бул материалдар окуучуларга математика көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кылат”, – деп ишеничин билдирди министр.

“Математиканы окутуу процессинде колдонууга арналган бул уникалдуу материалдар Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн атайын иштелип чыккан. Биз бул демилгеге салым кошконубузга абдан сыймыктанабыз”, – дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө республика боюнча 1682 максаттуу мектепте (мектептердин 75%на жакыны) ишке ашырылууда жана бүгүнкү күндө 450.миңден ашуун башталгыч класстардын окуучуларын камтыйт.

АКШ Кыргызстанга эчкинин тыбытынан, топоз менен төөнүн жүнүнөн жылына 80 тонна кашемир өндүрө турган жабдууларды сатып берди

“Кыргыз Кашемир” компаниясы АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды алды. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөп жатат. “Кыргыз Кашемир” Бишкек шаарында тыбыт, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты.

АКШ өкмөтү менен өнөктөштүк, “Кыргыз Кашемир” ишканасына Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл областтарында жүн чогултууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлук ачты. Натыйжада жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси да көбөйүшү күтүлөт.

“Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы малчылардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз мындан дагы көбүрөөк үй-бүлөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми келечекте, ишканабызды кеңейтип, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн дагы тыбыт чогулта алабыз”, – дейт “Кыргыз Кашемир” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек.

Цехтин ачылуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ушундай ишканалардын мамлекет үчүн керектигин белгилеп кетти.

“Кыргыз Кашемир” мамлекетибиздин брендине айланат деп терең ишенем. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги сиздерди дайым колдойт. Сиздерге көрсөткөн колдоосу үчүн USAID уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Өз кезегинде, АКШ менен болгон достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо мамлекетибиздин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилейм”, – деди Төрөбаев.

Буланы кайра иштетүүнүн эң жогорку сапатын камсыздоо аркылуу, ишкана кыргыз кашемиринин жана топоз жүнүнүн эл аралык рыноктогу конкуренттүлүгүн жогорулатууга умтулат. “Кыргыз Кашемир” ишканасы Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн чабандарды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизет.

“Кыргыз Кашемир” ишканасы Кыргыз Республикасында USAID аркылуу АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири. Акыркы төрт жыл ичинде биз 120дан ашык кыргызстандык бизнестин өсүшүнө, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жардам бере алдык. Натыйжада 18 миңден ашык жаңы туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзүлдү”, – деп белгиледи АКШнын Кыргыз Респуликасындагы элчиси Лесли Вигери.

Кошумча маалымат:

“Кыргыз Кашемир” ишканасы үчүн жабдуулар USAIDдин беш жылдык “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында берилди. Жалпы бюджети 23 млн долларды түзгөн долбоор жеңил өнөр жай, азык-түлүк өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен кызматташат.

Долбоор Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн ишканаларга өндүрүшүн кеңейтүүгө жана сатууларын көбөйтүүгө колдоо көрсөтөт. 2018-жылдан бери аталган долбоор аркылуу USAID өлкө боюнча 120дан ашык бизнеске колдоо көрсөткөн.

Мындан тышкары, USAIDдин ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында «Кыргыз кашемир» өндүрүштү баштоо боюнча консультациялык жардам алды.

АКШ Кыргызстандын бүт аймактарында башталгыч класстардын окуучуларын 5 жыл бою күн сайын бекер кефир менен камсыз кылат

Бишкек, Кыргызстан (22-ноябрь, 2022-жыл) – Кыргыз Республикасындагы 124 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары активдүү өсүү мезгилинде жергиликтүү өндүрүлгөн кефир аркылуу керектүү азыктарды алышат. Бул мүмкүнчүлүккө Мерсико тарабынан ишке ашырылып жаткан АКШнын айыл чарба министрлигинин USDA МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында жетүүгө мүмкүн болду. 

Мерсико тарабынан «Белая река» жергиликтүү өндүрүшүнөн сатып алынган жалпысынан 141 000 литр кефир төрт аймактагы башталгыч мектептерге таратылат: Чүй облусунда 19 мектеп, Жалал-Абад облусунда 26 мектеп, Ош облусу боюнча 64 мектеп жана Баткен облусунда 15 мектеп. Ар бир кыргызстандык окуучу күн сайын 40 граммдан дени сак өсүү үчүн кальцийдин, бифидобактериялардын жана башка белоктордун булагы болгон кефир алат. Беш жылдын ичинде «Билим берүү үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы жергиликтүү кефир өндүрүүчүлөр менен биргеликте 400дөн ашык мектепти кефир менен камсыздоону көздөп жатат. 

«Мерсико уюмунун программалары жергиликтүү ишкерлерди, алардын өндүрүрүшү үчүн максаттуу рынокко айлана турган мектептер менен байланыштыруу аркылуу колдойт. Бул кызматташуу балдар үчүн дени сак тамак-ашка туруктуу суроо-талапты жаратып, жергиликтүү экономикага салым кошот”, – дейт Кыргыз Республикасындагы Мерсиконун директору Елена Бурян. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр программага катышуу үчүн талап кылынган азык-түлүк коопсуздугу жана отчеттуулук стандарттарына жооп бериши керек. 

2022-2023-окуу жылында программанын биринчи агымындагы 124 мектеп азык-түлүктөн тышкары, мектептердин ашканаларын оңдоп, окуучуларга ысык тамак даярдоо үчүн жаңы жабдууларды ала алышат. Ошондой эле Программа окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектептерде суу, санитария жана гигиена инфраструктурасын калыбына келтирүүдө. Мындан тышкары мектеп жамааты жана ата-энелер кыргызстандык балдардын рационун, ден соолугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн зарыл болгон окуулардан өтүшөт.

*****

Мерсико – Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык бейөкмөт уюм. Мерсико 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасында USDAнын колдоосу менен МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана  балдардын тамактануусу» программасын ишке ашырып келет. Программанын жаңы айлампасы 2021–2026-жылдарды камтыйт

Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Трюдо келди

Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат.

Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон.

Буга чейин Human Rights Watch (HRW) өңдүү эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына камтамчылык билдирген. Анда соңку кездери кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылган.

Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушууда кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, 10 жылдык мөөнөткө узартуу зарылдыгын белгиледи.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде виза алууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтеп, жообун берүүнү убада кылды.

“Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШнын Оруссияга карата киргизген эл аралык санкцияларынан улам айрым кыргызстандык ишканалардын акчасы америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын белгилеп, аны чечүү боюнча сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттар АКШга виза алууга жазылуу үчүн 2023-жылга чейин орун жок экенин жазышкан. Муну АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон Limon.kg басылмасына курган маегинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынганда виза алууну каалагандардын агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.

USAID Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык жабдууларды берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө көмөк катары заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта, КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү.

КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем алуу жолдорунда диагностикалык жана дарылоо манипуляцияларын аткарууга мүмкүнчүлүк бере турган жогорку технологиялык мобилдик видеобронхоскопго ээ болду. Чүй областтык ооруканасы чектелген шарттарда  диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк береген мобилдик рентген-аппарат алды, ал эми Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын дезинфекциялоо үчүн атайын камералар берилди. Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 миң АКШ доллары) түзөт.

«Бул жабдуулар Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтөт жана биздин өлкөбүздүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого түрткү берет», –  деп айтты Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева.

Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Каи Адамстын айтымында, керектүү жабдууларды алып берүүгө жардам көрсөтүүдөн тышкары, USAID медициналык кызматкерлерди керектүү билимдер жана көндүмдөр менен колдоого багытталган. «Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен бүт өлкө боюнча жүздөгөн дарыгерлер, медайымдар жана башка кызматкерлердин билимдерин жогорулатуу үчүн иштөөнү улантабыз», – деп белгиледи Адамс.

«Коронавирус пандемиясын башталган учурдан баштап, USAID Кыргыз Республикасына 10 млн АКШ долларынан ашык акча бөлүп берди. Анын ичинде, 1,4 млн АКШ долларына кычкылтек концентраторлору жана лабораториялык жабдуулар сыяктуу медициналык жабдуулар алынды. Бул жабдуулар бир гана ковид-19 эмес, башка жугуштуу оруулар менен күрөшүүдө да жардам берет деп ишенебиз”

Бул жардам USAID «Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун чыңдоо» долбоорунун алкагында берилди.

АКШ элчилиги: Аймактарда өткөн жайкы окуу жана математика лагерлери балдардын билим алуусуна жана көңүл ачуусуна шарт түздү

Июнь айында 30 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган жайкы окуу жана эсеп лагерлерине катышышты. Кыргыз Республикасында мындай лагерлер 600дөн ашуун мектептерде жана 43 коомдук китепканаларда уюштурулду. Лагерлерде жайкы каникул мезгилинде балдардын функционалдык сабаттуулук көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон кызыктуу жана практикалык окуу көнүгүүлөр сунушталды.

“Биз күнүнө эки саат убакыттын ичинде жаңы китептерди окуу, талкууларды уюштуруу жана окурман театрлары сыяктуу түрдүү ишмердүүлүктөрдү өткөрдүк. Балдар чыныгы жашоодогу кырдаалдардан алынган маселелерди чыгаруу менен да алектеништи. Лагерь алкагында окуучулар бийлеп, ар кандай оюндарды ойногонго да мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чаралардын бардыгы окуучулардын командада жана өз алдынча иштөө, угуу жана тез жооп берүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет,”- деп Жалал-Абад областынын  Сузак районунун башталгыч класс мугалими Айнагүл Раззакова ой бөлүштү.

Айнагүл эжекей окуу жана эсеп лагерлерин уюштуруу боюнча окутууга катышкан 1 200 мугалимдердин бири. USAID класстан тышкаркы окуу иш-чаралары боюнча колдонмону иштеп чыгып, аны менен мугалимдерди камсыз кылды. Колдонмодо окуу жана математика боюнча ар кандай деңгээлдеги көндүмдөрдү өрчүтүүгө жардам берген оюндар жана иш-чаралар боюнча нускамалар келтирилген.

“Ар бир бала ушундай лагерге катыша алса жана мындай лагерлер жыл сайын өткөрүлсө сонун болот эле! Биз жергиликтүү китепканага барып, күн сайын китеп окуйбуз. Балдар менен таза абада көп ойнойбуз, таштардын жана асфальттын бетине сүрөт тартабыз. Жайында үйдө отургандан көрө, лагерге катышкан сонун!”- дейт Нарын шаарында 4-класста окуган Даткайым Бейшенкулова.

“Биздин негизги максатыбыз – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүү. Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте балдар үчүн жыл бою билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн, өлкө боюнча жайкы лагерлер сыяктуу инновациялык окутуу усулдарын ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз,”- деп Кая Адамс, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директору кошумчалады.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын (1-4) окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган беш жылдык долбоор. Долбоор окуу жана математика сабактарын окутуунун сапатын жакшыртууга, мектептен тышкаркы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана башталгыч билим берүү системасын бекемдөөгө багытталып, Кыргыз Республикасындагы 1 686 максаттуу мектептер менен иш алып барат.

Бишкектин Novotel мейманканасында "Америка ыр сынагынын" финалы өтөт

Эртең, 6-июлда саат 16:00дөн 18:00гө чейин Novotel мейманканасында Кыргызстандын орто мектептеринин окуучуларынын жана ЖОЖдун студенттеринин арасында “Америка ыр сынагынын” финалы өтөт. Сынак “Америка ыр сынагынын” расмий Youtube каналында да түз эфирде көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин арасында өткөрүлгөн сынакты жеңип келген 15 финалисти жана Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларынын ЖОЖдорунун арасындагы университеттик сынактын 6 финалисти катышат.

Ошондой эле, финалдык этаптын программасында “Америка музыкасы чет өлкөлөрдө” долбоорунун алкагында Ош, Кант жана Бишкек шаарларынын Access программасынын окуучулары АКШдан келген музыканттар менен биргеликте жазган ырын аткарышат.

Катышуучулардын аткаруулары компетенттүү жана көз карандысыз калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрү кирет.

Сынак жыл сайын АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен “Sun People”  коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет.

Сынактын максаттары: англис тилин окутууда чыгармачылык мамилени жайылтуу, студенттердин арасынан таланттуу жаштарды аныктоо жана АКШнын музыкалык маданияты менен тааныштыруу.

Жыл сайын Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген катышуучулар америкалык артисттердин жана авторлордун ырлары аркылуу өздөрүнүн вокалдык таланттарын жана англис тилин үйрөнүүдө ийгиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул сынак жыл бою өткөрүлүп, бир нече этаптан турат, андан кийин атайын калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүн тандайт.

Сынак үч этаптан турат жана www.americansongcontest.kg сайтында онлайн режиминде өткөрүлдү.

I этап – Аймактарда квалификациялык сынак

II этап – Жарым финалдык сынак

III этап – Финалдык сынак

2022-жылдын Америка ыр сынагына 90 орто мектептин 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы 12 университеттен 70тен ашык студенттер катышты.

Меню