Menu

Владимир Путин

Гаагада Путинди соттоо үчүн атайын трибунал түзүлөт

Гаагада Украинанын өтүнүчү менен эң мыкты эл аралык юристтердин катышуусунда Путин жана Орусиянын бардык саясий жетекчилери үчүн атайын трибунал түзүлүүдө.

Аларды Украинага каршы агрессиялык кылмыштары үчүн соттошот. Трибуналды түзүүнү он бир өлкө колдоду. Сот болжол менен бир жылдан кийин башталышы мүмкүн. Бул тууралуу “Настоящее Время” телеканалына атайын трибуналдын украиналык жумушчу тобунун мүчөсү Олег Гавриш билдирди.

Анын айтымында, трибуналды түзүү боюнча эл аралык келишим дээрлик даяр.

“Агрессия кылмышы эл аралык укукта эң жогорку кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан бул согушту баштаган кишилерди соттоо үчүн жетиштүү себеп боло алат. Украинада согуш 2014-жылы эле башталган, быйыл февралда болсо толук масштабдуу кол салуу болду. Мунун баарын Путин, Шойгу, Лавров, Патрушев, Бортников, Медведев жана башкалар кирген Орусиянын Коопсуздук кеңеши колдоду. Алар бул кылмыштар үчүн жазаланышы керек болгон биринчи талапкерлер”, – деп белгиледи Гавриш.

Эгер күнөөлөрү далилденсе, алар 30 жылдан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылат. Бул сотту түзүүнү Балтия өлкөлөрү, Польша, Улуу Британия, Чехия, Словакия, Румыния колдойт.

Гавриштин билдиришинче, бул жерде Орусиянын пикири такыр маанилүү эмес. Эгер орус лидерлери аталган өлкөлөргө келсе, алар кармалат жана соттолот.

Путиндин балдарынын энеси Алина Кабаеванын Швейцариядагы үйү $75,5 миллионго сатыкка коюлган

Болжол менен олимпиада чемпиону Алина Кабаева пайдаланып жүргөн делген Швейцариядагы үй 75 миллион швейцариялык франкка (75,5 миллион доллар) сатыкка коюлган. Бул тууралуу “Досье” иликтөө борбору жазды.

Кабаева – “Улуттук медиа топтордун” топ-менеджери. Иликтөөлөрдүн көбүндө ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин балдарынын энеси экени айтылып келет. Орусия лидери менен жакын мамиледе болгону үчүн ага эл аралык санкциялар салынган.

“Досьенин” кабарчысы өзүн Женева көлүнүн жээгинен турак жай издеп жүргөн банкирдин жардамчысы катары тааныштырып, аталган үйдү сатуу менен алектенип жаткан риелторго телефон чалган. Риелтор үйдүн Кабаевага байланышы бар-жоктугу тууралуу суроого чейин кабарчыга кыймылсыз мүлк тууралуу көп маалымат берген. Ал журналисттин суроосуна жооп бербестен сөзүн улантып, көп өтпөй үй сатыктан алынганын билдирген. Журналисттин расмий катынан кийин үй сатылары тууралуу жарыя өчүрүлгөн.

Сатыкка коюлган үй Швейцариянын жана дүйнөнүн эң бай муниципалитети деп эсептелген Колоньи аймагында жайгашкан. Буга чейин The Wall Street Journal гезити Кабаеванын Швейцариядагы жашоосу тууралуу макаласында ал Луганодогу резиденцияда жана Колоньидеги тик учак коно турган аянтчасы бар виллада жашаганын жазган. “Досьенин” журналисти аталган муниципалитеттеги бир гана үйдө ошондой аянтча бар экенин аныктаган.

Үй Rampe de Cologny көчөсүндө, мурда Владимир Путиндин досу Геннадий Тимченкого таандык болгон вилланын жанында жайгашкан. Бул жер – “Вилла Hauterive” деп аталган аянттын бир бөлүгү. Кезинде анын жарымы Швейцариянын президенти Гюстав Адорго таандык болсо, акыркы жылдары ага Сауд Арабиянын жарандары ээлик кылып келишкен. Кабаева жашаганы айтылган экинчи бөлүгү документтер боюнча финансист Пьер Ален Фольеге жана анын жубайы Ван Линге таандык.

Жапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады

13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланганын Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы орус президентине биргелешкен жолугушууну өткөрүү демилгеси, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга кеңири токтолгон.

“Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды. Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жолугушууда сөздү Владимир Путин баштап, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатышканын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын миллиондой, Тажикстандын 2 млн. жараны Орусияда окуп, иштеп жатканын айтып, бардык багыттар боюнча жакын байланыштар бар экенин айтты. Өлкөлөр ортосунда соода алмашуунун көлөмү көбөйүп жатканын жана анын өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү жабык форматта өттү. Ал боюнча башка маалымат айтылган жок.

Биргелешкен жолугушуу Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Бул – Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу. Анда Жапаров менен Рахмон кол алышып учурашкан жок.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Душанбе айыпты Бишкекке оодарган.

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу болот

Казакстандын борбору Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Бул тууралу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерге билдирди. Маалыматка караганда, биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

12-14-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана “Борбор Азия + Орусия” мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Казакстанга барды.

Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу болот.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Дүйшөмбү кайра айыпты Бишкекке оодарган.

Путиндин Казакстанга келишине каршы чыккандар көбөйүүдө

Алматы шаарында полиция кызматкерлери Орусия консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыккан төрт активистти кармап кетти.

Акциянын катышуучулары орус президенти Владимир Путиндин 12-октябрга белгиленген Астанага сапарына нааразылык билдирүү үчүн чыгышкан. Бул тууралуу  казак  ЖМКлары жазып чыгышты.

Митингге чыккандар Орусия консулдугунун имаратына жетип, талаптарын айтууга үлгүрүшкөн жок. Жолдо аларды полиция кармап, автозакка салып кетти.

Полиция кармоонун себебин түшүндүргөн жок.

12-14-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Астанада болору кабарланган. Бул арада соцтармактарда Путиндин Казакстанга келишине каршы чыккандар көбөйүүдө. Укук коргоочулар, саясатчылар жана жөнөкөй жарандар Украинадагы согушту айыптап, сапарды жокко чыгарууну талап кылууда. Казак аткаминерлери Путиндин сапары өтө маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Астанада 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны, ушул эле күнү “Борбор Азия – Орусия” форматындагы 1-саммит болот.

Кремль: Путин Эрдоган менен Казакстанда жолугушат

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда Казакстанда өтө турган саммитте Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Украинадагы согуш жана орус-түрк эки тараптуу мамилелери жөнүндө сөз болот.

Күн мурун AFP жана dpa агенттиктери Түркиянын расмий адамдарына шилтеме кылып, Эрдоган менен Путин Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммити учурунда Астанада жолугуша турганын кабарлашкан.

Буга чейин Түркия менен Орусиянын лидерлери сентябрдын ортосунда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жолугушкан.

НАТОго мүчө Түркия Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери өзүн Киев менен Москванын ортосунда ортомчу катары көрсөтүп келет. Анкара Москваны сындап, ошол эле маалда Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык жана каржылык санкцияларына кошулган эмес.

Эрдоган согушту токтотуу үчүн Путин менен Зеленский сүйлөшүүлөрдү баштайт деген үмүтүн билдирген.

Өткөн жумада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу март айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев менен Москва дипломатиядан алыстап кетишкенин айткан. “Украин-орус согушу созулган сайын кырдаал начарлагандан начарлап баратат. Ок атышуу болушунча тез аранын ичинде токтотулушу керек. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот”, – деген Чавушоглу.

Путин украин армиясынын ийгиликтүү контрчабуулдарынан кийин өткөн айда Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөп турган аймактарында “референдум” өткөрүп, алар Орусиянын курамына кошулганын жарыялаган. Ал Москва Украина менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин да билдирген. Бирок Зеленский Путин менен сүйлөшүү ыктымалдыгын четке кагып, Украина Орусиянын Путинден кийинки президенти менен гана сүйлөшөрүн айткан.

Киев Путин менен сүйлөшүүлөрдөн расмий баш тартты

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимди ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Документте Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместиги айтылат. Чечим Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алуусуна байланыштуу кабыл алынган.

Зеленскийдин буйругу 4-октябрда жарыяланды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин президентинин чечими тууралуу комментарий берди.

“Азыркы мамлекет башчынын позициясындагы өзгөрүүлөрдү же украин элинин кызыкчылыгы үчүн өз позициясын өзгөртүүгө даяр Украинанын эмки президентин күтөбүз”, – деп айтты ал.

30-сентябрда Зеленский Украина НАТОго тездетилген тартипте кошулуу арызын тапшырганын билдирген. Ошондой эле Киев Орусиянын башында Путин турган кезде эч кандай сүйлөшүүлөргө барбасын белгилеген. Анын алдында орус президенти Украинанын төрт аймагынын аннексиясын жарыялаган.

Путин Москва Киев менен сүйлөшүүгө даяр деп бир нече ирет билдиргени менен өзү аларга түздөн-түз катышарын айткан эмес.

Путин Орусияда ата мекенди коргоо үчүн жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда эртең менен орусиялыктарга кайрылып, өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын билдирди.

“Ата мекенибизди коргоо жана анын бүтүндүгү үчүн жарым-жартылай мобилизациялоону колдоо зарыл деп эсептейм”, – деди президент.

Путин шаршемби күнү кол койгон тиешелүү жарлыкка ылайык, армияга аскердик кызмат өтөгөн запастагы жарандар гана чакырылат. Аларга келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлердин макамы, төлөмдөр жана социалдык кепилдиктер берилет.

Мобилизациялык иш-чаралар бүгүн, 21-сентябрда башталды.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизациянын алкагында армияга 300 миң киши чакырыларын билдирди.

Шойгу бир нече айдан бери алгачкы жолу орус армиясынын Украинадагы жоготууларын расмий билдирди. Анын айтымында, февралдан бери Украинадагы согушта 5937 орус аскери өлгөн. Бул батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары берген сандардан, ошондой эле “Медаизона” жана “Би-Би-Си” басылмаларынын иликтөөлөрүндө айтылган жоготуулардан бир нече эсе аз. Басылмалар өз иликтөөлөрүндө ачык булактар аркылуу Украинада 6 миңден ашык орус аскери каза болгонун аныктап чыгышкан.

Шойгунун айтымында, мобилизациянын жүрүшүндө студенттер армияга чакырылбайт – бул армияда кызмат өтөгөн жана аскердик адистиги барларга гана тиешелүү болот.

20-сентябрда Мамлекеттик думанын депутаттары Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Өзгөртүүлөр менен кодекс “мобилизация”, “аскердик абал” жана “согуш маалы” деген түшүнүктөр менен толукталып, армиядан качуу үчүн жаза күчөтүлүп, өз каалоосу менен туткунга түшүп бергендер, коргоо тармагындагы мамлекеттик буйрутмаларды аткаруудан баш тарткандар жана мародерлук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизди.

Күн мурун Украинанын чыгышындагы жикчил республикаларда, ошондой эле Орусиянын көзөмөлүндөгү Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу тууралуу референдумдардын даталары дайындалганы белгилүү болду. Оккупациялык бийликтер добуш берүүнү 23-27-сентябрь күндөргө белгилешти.

Референдумдар Харьков облусундагы шаарлар орус аскерлеринен бошотулган украин армиясынын ийгиликтүү контрчабуулдары жүрүп жаткан маалда жарыяланды.

Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн аскердик эксперттер Владимир Путин армиянын алдына койгон максаттарга кошумча мобилизациясыз жетүү мүмкүн эмес экенин айтып келишкен. Кремль буга чейин бир нече жолу жалпы мобилизация жарыяланбай турганын билдирген.

Украина: Москва согушта Тажикстандагы курал-жарак запасын колдонууга ниеттенип жатат

Украин бийлиги Орусия Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Тажикстандагы курал-жарактардын запасын согушта колдонууга жана бул аймакта жайгашкан орус базаларындагы аскер кызматкерлерин фронтко жөнөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

“Кремль Украинага каршы согушта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ресурстарын колдонууга аракет кылып жатат. Орусияны биринчи кезекте советтик ок-дарылардын запасы менен аскер техникаларынын тетиктерин толуктоо мүмкүндүгү кызыктырып жатат”, – деп билдирди Украинанын Чалгын кызматы.

Мекеменин маалыматына караганда, жакында эле Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча федералдык кызматы Тажикстандын Коргоо министрлигине кайрылып, “Ураган” ракеталык системалары үчүн 220 миллиметрлик реактивдүү снаряддарды сураган. Ошондой эле Орусияны “Пион” деп аталган өзү жүрүүчү артиллериялык системалар үчүн Тажикстандын аскердик кампаларында сакталып турган 203 миллиметрге чейинки ок-дарылар, БМП-1 жана БМП-2 үчүн УТД-20 кыймылдаткычтары кызыктырган.

Мындан тышкары Тажикстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин отставкадагы кызматкерлерине Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, Украинадагы согушка катышуу сунуштары айтылганы кабарланууда.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадали журналисттерге бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Ал бул тема боюнча Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) комментарий бериши керек экенин айтты. Өз кезегинде ТИМ да бул суроолорго жооп берген жок.

2014-жылы Орусия Тажикстанга 70 миллиард рублдик аскердик-техникалык жардам берүүнү убадалаган. Макулдашуунун алкагында Москва Душанбеге байланыш каражаттары менен ок-дарылардан тарта авиация, артиллерия жана зениттик-ракеталык комплектерге чейин курал-жарактын кеңири түрүн бериши керек болчу. Азырынча Орусия бул убаданы канчалык деңгээлде аткарганы белгисиз. Бирок анда ошол кезде “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, Орусия Тажикстанга советтик мезилден калган запастарды бере турганын кабарлаган.

Батыш өлкөлөрүндөгү булактардын маалыматына караганда, учурда Орусиянын армиясы кошумча курал-жаракка жана аскер кызматкерлерине муктаж болуп турат. Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия курал-жарак жагынан жардам сурап Иранга жана Түндүк Кореяга кайрылганын билдирген. Украин чалгыны Кыргызстан менен Тажикстанда “отставкадагы аскер кызматкерлерине Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишимге кол коюу сунушталып жатканын” кабарлаган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Москва менен Душанбенин мамилеси кыйла жакшырды. Владимир Путин июндун башында Украинада согуш башталган февраль айынан бери алгачкы чет өлкөлүк сапарын Тажикстандан баштаган. Тажик ТИМи Путин жакынкы күндөрү да Душанбеге кезектеги сапары менен барарын билдирди.

Видео - КР президенти Садыр Жапаров Самаркандда Россиянын президенти Владимир Путинди бир топ убакытка күттүрүп коюп, анан келди

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында (Өзбекстан) Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.  Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров кесиптеши Владимир Путинди күттүрүп коюп, бир топ убакыттан кийин келип саламдашты.

Владимир Путин башка өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушканда дайындалган убакытка так келбей күттүрүп коюп, 2-5 мүнөт кечигип келчү адаты бар. Бул тууралу дүйнөлүк ЖМКларда көп айтылып келет.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Меню