Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Өзбек парламенти жаңы Конституцияда Каракалпакстандын суверендүү макамын сактап калуу чечимин кабыл алды

Өзбекстандын парламенти өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын сактап калуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Каракалпакстандагы жапырт акциялардан кийин кабыл алынды.

“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын парламент депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, бардык сунушарды эске алуу зарылдыгын белгиледи. Өзбекстандын Конституциясындагы 70чи, 71чи, 72чи, 74чү жана 75-беренелери өзгөртүлбөйт жана азыркы нормалар сакталып калат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар 1-июлда башталган. Тургундар Өзбекстандын Баш мыйзамындагы Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө байланышкан беренелерге сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө нааразылык билдиришкен.

2-июлда Нукус шаарына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев барып, “каракалпак эли каршы болсо” Конституциянын автоном республикага тиешелүү беренелерин өзгөртпөөнү убадалаган. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги акцияларды “мыйзамсыз” деп атаган.

Мирзиёев Нукустагы окуялардын жыйынтыгында жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында жоготуулар болгонун билдирди. Ошол эле маалда ал канча адам мерт кеткенин же жарадар болгонун айткан эмес.

“Озодлик” радиосунун маалыматына караганда, Каракалпакстанда 3-июлдан тарта өзгөчө абал режими жана 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Аймакка өзбек Улуттук гвардиясынын кошумча күчтөрү кирип, мобилдик интернет байланышы чектелген.

Өз кезегинде Өзбекстандын Улуттук гвардиясы Каракалпакстандын тургундарын “негизсиз көчөгө чыкпоого жана түрдүү ресурстар таратып жаткан маалыматтарга ишенбөөгө” чакырды.

Улуттук гвардиянын билдирүүсүндө Каракалпакстандагы өзгөчө маанидеги объектилерди кайтаруу күчөтүлгөнү, транспорт кыймылы чектелип, жарандардын документтери менен жанындагы буюмдары текшерилип, алардын Каракалпакстанга кирип-чыгуусуна чектөөлөр киргизилгенин билдирген.

“Бул аракеттердин бардыгы тең Каракалпакстандын жашоочуларын коргоо жана алардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылууга багытталган”, – деп билдирди Улуттук гвардиянын өкүлү.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы: Каракалпакстанда 18 киши өлүп, 243 адам жараат алды

Каракалпакстандын борбору Нукус шаарындагы жапырт башаламандыктардын жыйынтыгында 243 киши, анын ичинде 38 укук коргоо кызматкери жараат алып, 18 адам каза болду. Бул тууралуу 4-июлда Ташкентте өткөн брифинг маалында Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү билдирди.

Жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз катчысы Даврон Жуманазаровго шилтеме кылып кабарлагандай, 1-2-июль күндөрү акция учурунда кармалган 516 киши милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Учурда тергөө амалдары башталып, алардын айрымдары суракка алынып жатса, башкаларына карата административдик чаралар көрүлгөн.

Жуманазаровдун айтымында, 12 автоунаа айып жайга токтотулуп, коменданттык сааттын талаптарын аткарбаган 58 киши кармалды. Алардын 28ине карата “Өзгөчө абал режиминин талаптарын бузуу” беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлүп, калгандары профилактикалык маектешүүдөн кийин үйлөрүнө кое берилген.

Нукус шаарында 1-2-июль күндөрү болгон акциялардан кийин ооруканаларга 243 киши кайрылган. Алардын 149уна биринчи жардам көрсөтүлүп, үйдө дарыланууга уруксат берилген. Бүгүнкү күндө ооруканада 94 бейтап дарыланууда. Алардын айрымдары өтө оор абалда экени, арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар экени кабарланды.

Каракалпакстанда 3-июлдан тарта өзгөчө абал режими жана 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Жоокердин өлүмү: Маркумдун туугандары кокустук тууралуу версияны четке кагууда

Кой-Ташта аскердик бөлүктө каза болгон жоокердин жакындары окуя тууралуу 4-июлда журналисттерге маалымат беришти.

Өзүн маркумдун таежеси деп тааныштырган Индира Рысалиева жоокер эч нерсеге даттанбаганын, болгону, бир номурга бирдик жүктөп коюуну гана суранып турганын, ал өзүн өзү атып алды деген версияга макул эмес экенин айтты.

4-июлга караган түнү саат 12лерде бала апасы менен телефон аркылуу “жакшынакай сүйлөшкөнүн” айткан Рысалиева каргашалуу окуя ошондон эки саат өтүп катталганын билдирди:

“Мен коркуп кире алган жокмун. Инилерим кирди. Ээгинде бир октун жана чекесинде бир октун изи бар экен дешти. Башында артынан чыккан октор бар экен, төбөсүнөн жана капталыраак жеринен. Демек, эки ок ошого эле тийген. Эки гильза жөн жаткан жок да ал жерде. Кокустуктан ок чыгарып алган деп жатышыптыр. Бир атса, мейли, ишенесиң. А экинчи жолу атты дегенге кантип ишенесиң? Мен ишенбейм”.

Факт катталганын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, “№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган” деп билдирди.

Жоокер кызматка быйыл 21-майда киришкен, 7-июлда үйүнө барып келүүнү пландап жатканы айтылды.

Алтынбек Эргешов Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

2022-жыл 4-июль

КР Министрлер кабинети: Кореяда жарандарды ишке орноштуруу үчүн квоталык орундардын саны 1800 орунга чейин көбөйтүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитеттин кезектеги жыйынын өткөрдү.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында биз Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата Антикризистик иш-чараларынын планын бекиттик. Бул документ азык-түлүк коопсуздугун жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылууга, инвестицияларды тартууга, соода жүгүртүүнү жогорулатууга, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык системадагы кайра куруулардан улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин кескин күчөшү шартында калкты жана бизнести мамлекеттик колдоого багытталган», – деп белгиледи ал.

Антикризистик чаралардын планын ишке ашыруу алкагында:
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом өлчөмүндө финансы каражаты бөлүндү;
– Маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине киргизилген дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз ташып келүү жөнүндө чечим кабыл алынды;
– калктын социалдык жактан аяр катмарына жана максаттуу топторуна гуманитардык жардам көрсөтүү максатында аз камсыз болгон жарандар үчүн социалдык маанилүү азык-түлүктөрдү сатуу каналдары түзүлдү;
– социалдык мааниге ээ продуктуларды сатып алууну (револьвердүү) каржылоо механизми түзүлдү;
– 2022-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жөлөкпулдардын айрым түрлөрүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды;
– 2022-жылдын 1-апрелинен тартып эмгек акыны жогорулатууну эске алуу менен социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы шарттарын жөнгө салган чечимдер кабыл алынды;
– Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында турак жайдын жаңы параметрлери кайрадан каралган жана белгиленген;
– Корея Республикасында жарандарды ишке орноштуруу үчүн квоталык орундардын саны 1800 орунга чейин көбөйтүлдү;
– чет өлкө валютасындагы бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды;
– уюмдарга жана жеке жактарга салык отчетторун берүүнүн мөөнөтү 2022-жылдын 1-июлуна чейин узартылды (жазуу жүзүндө арыз бербестен);
– 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда сатып алуулар предметине карата интеллектуалдык, автордук же өзгөчө укуктарга ээ болгон өндүрүштүк ишканадан, өндүрүүчүдөн, же жеткирүүчүдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу каралган;
– форель (радужный) үчүн тоют өндүрүү заводу курулуп жатат;
– республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу жүргүзүлдү.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине артыкчылыктуу багыттар боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды.

Белгилесек, 2022-жылдын 15-июлунда биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маанилүү документтин – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга Иш-аракеттер планынын аткарылышынын сапатына баа берилмекчи.

Казакстанда журналист Махамбет Абжан кармалды

Казакстандын Коррупцияга каршы аракеттенүү агенттиги 3-июлда журналист Махамбет Абжан кармалганын кабарлады.

Агенттиктин билдиришинче, журналист ишкерден ири көлөмдө акча опузалап алууга шектелүүдө. Ал Нур-Султан шаарынын убактылуу кармоо жайына киризилди.

Жекшемби күнү Телеграм-каналдарда Махабет Абжандын кармалган маалы тартылган сүрөттөр жарыяланды. Анда кара кийимчен жана беткапчан эки киши Абжанды колдон кармап турганын көрүүгө болот. Дагы бир киши жерде акча санап жатат.

Ушул тапта журналисттин телефону өчүрүлгөн. Полициядан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Махамбет Абжанга карата Январь окуялары учурунда да иш козголгон. “Көз-көрүнө жалган маалымат таратуу” беренеси боюнча иш ачууга журналисттин 4-январда борбор калаадагы митинг учурунда “Дождь” телеканалына берген интервьюсу себеп болгону айтылган.

Январдын аягында ал “Жеке жашоонун кол тийбестин жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамын бузуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинде да күбө катары өтүп жатканын маалымдаган. Кийинчерээк эки иш тең кыскартылган.

Махамбет Абжандын Телеграм-каналында 20 миңден ашуун катталуучусу бар. Соңку күндөрү ал Каракалпакстандагы нааразылыктарга байланыштуу видеолор менен бөлүшүп жаткан.

Орусия: Мамдума ЖМКларды сотсуз жабууга укук берген мыйзам долбоорун жактырды

Мамлекеттик дума Башкы прокуратурага “фейк таратканы”, “бийликке сый көрсөтпөгөнү”, “армияны каралаганы” жана “санкцияга үндөгөнү” үчүн ЖМКларды жабууга укук берген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын сайтында кабарланды.

Башкы прокуратура “мыйзамга каршы жана кооптуу”, ошондой эле “Орусия Федерациясынын Конституциясын жана коомун сыйлабаган” маалыматтарды тараткан медиалардын лицензияларын кайтарып алуу укугуна да ээ болот. Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим Роскомназдорго жөнөтүлөт.

ЖМК 3-6 ай ичинде “катачылыгын” жойсо, анда ал Роскомназдордун чечими менен ишин жандандырууга кайрадан мүмкүндүк ала алат.

Мыйзамды бир нече жолу бузган ЖМК толугу менен жабылат.

Документте чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын ишине тыюу салууга мүмкүндүк берген эреже да бар.

Мирзиёев Каракалпакстандагы жоготуулар тууралуу айтты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыктардагы жоготуулар тууралуу үн катты. Маалымат кызматы 3-июлда таратка билдирүүсүндө президент канча адам мерт кеткенин же жарадар болгонун айткан эмес.

“Тилекке каршы, жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында дагы жоготуулар бар”,- деген Мирзиёев.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду.

Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген “суверендүү республика” деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган.

1-июлда бул өзгөртүүлөргө каршы республика борбору Нукуста миңдеген адамдардын катышуусунда жапырт акция өттү. Социалдык тармактарга Каракалпакстандын башка аймактарында да нааразылык демонстрациялары өткөнү кабарланып, видеолор жарыяланды. Алардын айрымдарында митингге чыккандар күч менен таратылганын көрүүгө болот. Кээ бир тасмаларда күч кызматкерлери курал колдонуп жатканы да чагылдырылган. Бирок бул кадрлар канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес. Нукуста интернет өчүрүлгөн.

Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан республикасынын борбору Нукуска барып, жергиликтүү депутаттар менен жолукту. Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады.

Илимпоздордун айтымында, каракалпактар 11-кылымда Арал деңизинин жээгинде пайда болгон эл. Кыпчак тилинде сүйлөшөт. Ачык булактарда каракалпактардын саны 825 миң адам экени, анын 500 миңге жакыны Каракалпакстандын өзүндө жашай турганы көрсөтүлгөн. Республикада жалпы жонунан 1,8 млн. адам жашайт.

Каракалпак автоном облусу 1924-жылы түзүлүп, 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Андан кийин РСФСРдин курамына кошулган. 1936-жылы Каракалпак АССРи Өзбекстандын курамына киргизилген. 1992-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Каракалпакстан Республикасы деп кайра түзүлгөн. 1993-жылы Каракалпакстан Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 20 жылдык мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишимде автономдук республиканын Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кетүү укугу бекитилген. Каракалпакстандын оппозициялык саясатчылары Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясына каршы болушууда. Жаңы өзгөртүүлөргө чет жакта, анын ичинде Казакстанда жашаган каракалпактар да нааразы.

Казакстанда каракалпакстандыктарды колдоп чыккан эмгек мигранттары кармалды

1-июлда Атырау шаарынын борбордук аянтындагы митингден кийин ондогон киши кармалганы белгилүү болду. Кармалгандардын бир бөлүгү сурактан кийин бошотулган. Бул тууралуу Атырау облустук полиция департаменти кабарлады.

Жергиликтүү басылмалар митингге чыккандар Атырау шаарында иштеген каракалпакстандыктар экенин жазышты. Алар Ташкент сунуштаган конституциялык реформаларга нааразы болгон мекендештерине тилектештик билдиришкен.

“Аянтка 75тей киши чыкты. Алар уруксатсыз митинг өткөрүштү. Көбү кармалды, сурактан кийин бошотулушту. Ушул тапта бизде “Мигрант” аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өтүп жатат. ” Кармалгандардын арасында Атырау облусунда документсиз иштеп жүргөндөр болгон. Аларга административдик айып пул салынды. Көбү бошотулду, айрымдары соттун чечими күтүп жатышат”, – деп билдирди департамент.

Полиция департаменти кармалгандардын арасында өзбекстандыктардан башка да чет өлкөлүк жарандар болгонун кошумчалады.

Каракалпакстандагы нааразылыктарга байланыштуу Өзбекстан Казакстандын Маңгыстау облусундагы чек ара өткөрмө бекетин жапкан.

Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал жарыяланды

Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын артынан бир айга өзгөчө абал киргизилгенин жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат жарыяланды.

Улуттук гвардиянын колбашчысы Рустам Жороев комендант болуп дайындалды.

Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал 3-июлдан 3-августка чейин уланат. Каракалпакстанга кирип-чыгуу токтоп, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.

2-июль күнү элдик нааразылыктар өтүп жаткан Каракалпакстандын борбору Нукус шаарына барган президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Конституциясынын Каракалпакстандын макамына байланыштуу беренелери өзгөрүүсүз кала турганын билдирген.

26-июнда Конституциянын Каракалпакстан боюнча жаңы редакциясынын коомдук талкууга коюлган беренелери Өзбекстандын курамындагы бул автономдуу республиканын тургундарынын нааразычылыгын жараткан.

Социалдык түйүндөрдөгү кызуу талкуулардан кийин 1-июлда Нукуста жапырт демонстрациялар башталган. Айрым интернет колдонуучулары Каракалпакстандын аймагына Куралдуу күчтөрдүн аскердик техникасы кирип жатканы тууралуу видеолорду жарыялашкан.

Меню