Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Бишкектин Novotel мейманканасында "Америка ыр сынагынын" финалы өтөт

Эртең, 6-июлда саат 16:00дөн 18:00гө чейин Novotel мейманканасында Кыргызстандын орто мектептеринин окуучуларынын жана ЖОЖдун студенттеринин арасында “Америка ыр сынагынын” финалы өтөт. Сынак “Америка ыр сынагынын” расмий Youtube каналында да түз эфирде көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин арасында өткөрүлгөн сынакты жеңип келген 15 финалисти жана Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларынын ЖОЖдорунун арасындагы университеттик сынактын 6 финалисти катышат.

Ошондой эле, финалдык этаптын программасында “Америка музыкасы чет өлкөлөрдө” долбоорунун алкагында Ош, Кант жана Бишкек шаарларынын Access программасынын окуучулары АКШдан келген музыканттар менен биргеликте жазган ырын аткарышат.

Катышуучулардын аткаруулары компетенттүү жана көз карандысыз калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрү кирет.

Сынак жыл сайын АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен “Sun People”  коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет.

Сынактын максаттары: англис тилин окутууда чыгармачылык мамилени жайылтуу, студенттердин арасынан таланттуу жаштарды аныктоо жана АКШнын музыкалык маданияты менен тааныштыруу.

Жыл сайын Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген катышуучулар америкалык артисттердин жана авторлордун ырлары аркылуу өздөрүнүн вокалдык таланттарын жана англис тилин үйрөнүүдө ийгиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул сынак жыл бою өткөрүлүп, бир нече этаптан турат, андан кийин атайын калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүн тандайт.

Сынак үч этаптан турат жана www.americansongcontest.kg сайтында онлайн режиминде өткөрүлдү.

I этап – Аймактарда квалификациялык сынак

II этап – Жарым финалдык сынак

III этап – Финалдык сынак

2022-жылдын Америка ыр сынагына 90 орто мектептин 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы 12 университеттен 70тен ашык студенттер катышты.

Орусия COVID-19га байланыштуу киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат

Орусия 15-июлдан тарта COVID-19га байланыштуу 2020-жылы мартта киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат. Ошол эле маалда өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөр үчүн (беларустардан башка) ПЧР-тест тапшыруу талабы күчүндө калат.

Орусия деңиз жана аба каттамдары менен келген жарандар үчүн чек ара пункттарындагы чектөөлөрдү 14-июнда эле алган.

1-июлда Роспотребнадзор коронавируска байланыштуу коомдук тамактануучу жайлардын түнкүсүн иштөөсүнө, ошондой эле жапырт иш-чараларды жана митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып, беткап режимин жойгон.

Мекеме бул чечимин COVID-19 жуктаргандардын саны төрт айдан бери туруктуу түрдө азайып жатканы менен түшүндүрүп, бирок эпидемиологиялык абал начарласа чектөөлөр кайра киргизилерин эскерткен.

Дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматына караганда, акыркы бир жуманын ичинде дүйнөдө коронавирус жуктурган 4 миллиондон ашык жаңы учур катталды. Бул аралыкта Жакынкы Чыгышта COVID-19 жуктургандардын саны 47%, Европада 30% өстү.

Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт

Кыргызстанда 21-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-июлда мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жолугушууга карата даярдык иштерин жана анын күн тартибин талкуулады. Билдирүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алганы белгиленген.

Жапаров мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айтып, “өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган” аракеттердин аркасы менен Каракалпакстандагы кырдаал жөнгө салынып, андан ары курчушуна жол берилбегенин белгиледи.

“Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформанын жыйынтыгы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болоруна ишенимин билдирди”, – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

4-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыкта 18 киши өлүп, дагы 243 киши жарадар болгонун, алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери экенин билдирген. Маалыматка караганда, учурда жүздөгөн киши ооруканада жатат, айрымдары оор абалда.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болгон. Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген “суверендүү республика” деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитетин Өзбекстан коргой турганы жазылган. Жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмө алынып салынган.

Ондогон казак жараны Каракалпакстандан мекенине кайта албай жатат

Казакстандын Каркалпакстанда жүргөн 80ге жакын жараны үч күндөн бери мекенине кайтуу үчүн чек арадан өтө албай турат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирүүдө.

“Абал Өзбекстандагы дипломаттарыбыздын көзөмөлүндө. Азыр маселени тез арада чечүүгө болгон аракетибизди көрүп, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биздин жарандар үч маал тамак менен камсыздалган, алар менен дайыма байланыштабыз”, – деди Казакстан ТИМинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Чек арадан өтө албай турган казакстандыктар ысыктан жана өтө чаалыккандыктан балдардын дене табы көтөрүлүп жатканын билдирүүдө.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Өзбекстандын Казакстан менен чектеш “Даут ата” — “Тажен” чек ара өткөрмө бекетинде кишилерди, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү токтотулганын кабарлаган. Өзбекстандын бийлиги өткөрмө бекеттердин жабылышын расмий түрдө “маалымат системаларынын үзгүлтүккө учурашы” менен түшүндүргөн.

3-июлда Казакстандагы каракалпак жарандары “митингдерге байланыштуу” чек ара 30-июнда жабылганын билдиришкен. Алардын айтымында, казак полициясы мекенине кайтууну каалаган каракалпактарды кайра артка кайтарып, жүздөгөн киши чек арадан өтө албай калган.

Эки өлкө ортосундагы чек ара өткөн жуманын аягында Каракалпакстандын Нукус шаарында жана башка аймактарында жапырт наарызылык акциялар башталганда жабылган. Тургундар Каракалпакстанды суверендүү макамынан ажыратуу сунушталган Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясына каршылык билдирип чыгышкан.

2-июлда президент Шавкат Мирзиёев Конституциядагы Каракалпакстанга тиешелүү беренелерди өзгөртүүсүз калтыруу зарылдыгы тууралуу айтып, аймакта өзгөчө аба режимин жарыялап, өзбек Улуттук гвардиясынын кошумча күчтөрүн киргизген.

4-июлда Өзбекстандын бийлиги нааразылык акциялар маалында 18 киши өлүп, 243 адам жараат алганын билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, мындан тышкары акциялар учурунда 516 киши кармалган.

Каракалпакстандагы башаламандыктар боюнча Өзбекстандын баш прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 2-июлда Нукус шаарында болгон жапырт башаламандыктар фактысы боюнча “Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу” өңдүү бир нече берене менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 4-июлда мекеменин өкүлү Аброр Маматов билдирди.

Анын айтымында, тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын Мамлекеттик күзөт кызматы, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук гвардия жүргүзүүдө.

Күн мурун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши өлүп, 243 адам жараат алганын, алардын арасында 38 укук коргоо кызматкери бар экенин билдирген. Мындан тышкары учурда ооруканада жүзгө жакын киши дарыланып жатканы, айрымдары оор абалда экени кабарланган.

Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз катчысы Даврон Жуманазаров 1-2-июль күндөрү 516 киши кармалганын айткан.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Буга чейин өзбек президенти карапайым тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн арасында жоготуулар бар экенин билдирген.

Нукуста 1-2-июль күндөрү Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө каршы жапырт нааразылык акциялар өткөн.

Алматыда жашаган каракалпакстандыктар суракка чакырылды

Алматыда жашаган каракалпакстандыктар суракка чакырылды. Бул тууралуу казак журналисттери Казакстандын адам укуктары боюнча бюросуна шилтеме кылып билдирди.

Укук коргоочу Андрей Гришиндин айтымында, каракалпакстандык беш активист бюродо маалымат жыйынын өткөрүүнү пландап, бирок кийинчерээк ал оюнан кайтышкан.

Маалымат жыйынын өткөрмөкчү болгон каракалпакстандыктардын бири Рахметтулла суракка чакырылганын ырастады.

“Бүгүн мага шаардык полиция департаментинен телефон чалышты. Мен мыйзам бузбаганымды айтып, эмне каалап жатышканын сурадым. Алар “баш тартсаң, күч менен алып келүүгө кудуретибиз жетет” деп айтышты. Буга чейин мен Каракалпакстандагы абал боюнча кайрылууларды жасап, Конституциядагы тиешелүү беренелер өзгөрүүсүз калышы керектигин айткам”, – деди Рахметтулла.

Orda.kz сайты Алматыга Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ыкчам тобу келгенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, Өзбекстан ИИМинин Терроризмге жана экстермизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын Каракалпакстандагы бөлүм башчысы Парохат Айпанов Алматыда укук коргоочулар Тома Юлдашеваны, Зивяр Мамбетованы жана активист Кошкарбай Туремуратовду суракка алды. Бул маалыматты Туремуратов Orda.kz сайтына ырастады.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлда өткөн брифингде билдирди. Маалыматка караганда, 243 киши жаракат алган. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз катчысы Даврон Жуманазаров 516 киши кармалганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамына кирген “суверендүү республика” деген макамы алынган.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды.

Казак полициясы мекенине кайтууну каалаган каракалпакстандыктарды чек арадан өткөрбөй койгон

3-июлда Казакстандын Маңгыстау облусунан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган каракалпак жарандары чек арада полиция аларды артка кайтарганын билдирди.

Маңгыстау облусунун Бейнеу районунда жүздөн ашуун каракалпакстандык чек арадан өтө албай калган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Өзбекстандын Казакстан менен чектеш «Даут ата» — «Тажен» чек ара өткөрмө бекетинде кишилерди, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү токтотуланын кабарлаган. Бул билдирүү Маңгыстау, Актөбө жана Кызылорда аймактары менен чектеш Каракалпакстанда жапырт башаламандык башталган күндүн эртеси жарыяланган.

Өзбекстандын бийлиги өткөрмө бекеттердин жабылышын расмий түрдө “маалымат системаларынын үзгүлтүккө учурашы” менен түшүндүрдү.

Казак бийлиги окуя боюнч комментарий берген жок.

Евробиримдик 2022-жылдын аягына чейин Россиядан нефть импортун 90%га кыскартуу чечимин кабыл алды

“Москва тандоо алдында турат: согушту колдоо же элине кам көрүү”, – деп билдирди кечээ, 4-июлда Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел. 

“Россияга каршы санкциялар пайдалуубу? Ооба, алар Владимир Путинге жана анын жан-жөкөрлөрүнө азыртадан эле катуу сокку урууда жана алардын орус экономикасына тийгизген таасири убакыттын өтүшү менен күчөйт”, – деди ал.

“Россия Украинага басып кирип, эл аралык мыйзамдарды атайын бузгандыктан, ЕБ Москвага каршы алты санкция пакетин кабыл алды. Азыркы учурда биздин чаралар Россияда дээрлик 1200 жеке жана 98 юридикалык жактарына, ошондой эле Россиянын экономикасынын бир топ секторлоруна багытталган. Бул санкциялар G7 мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча кабыл алынган. Алардын натыйжалуулугу кырктан ашык башка өлкөлөрдүн (анын ичинде салттуу нейтралдуу өлкөлөр да) кабыл алышы же ушуга окшогон чараларды көрүү менен жогорулайт”, – дейт Боррел.

“2022-жылдын аягына чейин биз россиялык нефть импортун 90% кыскартабыз жана газ импортун тездик менен азайтып жатабыз. Бул чечимдер акырындык менен бизди Владимир Путиндин агрессиялуулугуна каршы саясий тандообузга тоскоол болгон көз карандылыктан арылтууда. Ал Европа энергетикалык көз карандылыгынан улам санкция салууга барбайт деп эсептесе керек. Бул жаңжал учурунда россиялык режиминин көптөгөн жаңылыш эсептөөлөрүнүн эң азы эмес. Албетте, Россиянын энергетика тармагынан мындай тездик менен ажыратуу ЕБнин көптөгөн өлкөлөрү жана экономиканын айрым тармактары үчүн да олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Бирок бул биздин демократияны жана эл аралык укукту коргоо үчүн төлөшүбүз керек болгон баа жана бул маселелерди толук тилектештик менен чечүү үчүн зарыл кадамдарды жасап жатабыз”, – деп жыйынтыктайт Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррел.

Үрүмчү-Бишкек авиакаттамы жанданды

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары кайра жанданууда. Бул тууралу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
2-июлдан тартып «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткара баштады. Учуунун убактысы 2 саат.

Азамат Жаманкулов "Ома жана Ема Twins" бий тобу менен жолукту

Кечээ, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 2022-жылдын 24-25-июнда Бишкек шаарында өткөн “Fusion Concept Kyrgyzstan” бий чемпионатында жеңүүчү болгон “Ома жана Ема Twins” бий тобу менен жолугушту.
Бул убакка чейин Маданият министрлиги аталган бий тобунун Францияда өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка баруусуна көмөк көрсөтүүнү убада кылган. Мындан улам, аталган чемпионатка баруу жана башка уюштуруу маселесин алар менен бирге талкуулады.
Ошондой эле, жолугушуунун алкагында бийчи Жан Воинов менен бирге Кыргызстанда заманбап бийди өнүктүрүү жана колдоо, аймактарда бул бийдин өнүктүрүү үчүн атайын мастер-класстарды уюштуруу маселесин талкуулашты.
Меню