Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Нарындын экс-губернатору, экс-"Ата-Мекенчи" Адылбек Эсенбеков бирөөнү сабаганы үчүн камакка алынды

2010-жылдын апрелиндеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин “Ата-Мекен” партиясы Нарын облусуна губернатор кылып дайындаткан “Камазист” каймана аты менен белгилүү атамекенчи Адылбек Эсенбеков июнь айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча камакка алынганы тууралу маалымат таратылды.

Азырынча анын кылмышы боюнча укук коргоо органдары кеңири маалымат бере элек.

Өзбекстан полициячылары Казакстандагы каракалпактарды суракка алууда

Каракалпакстандагы толкундоолордон кийин Алматыга келген өзбекстандык полициячылар тобу жергиликтүү активисттер менен бир ай иштейт.

Бул тууралуу “Настоящее время” телеканалына сыр сактоо шарты менен суракка кирип чыккандар билдирди. Алардын айтымында, полициячылар нааразылыкты уюштурууга Казакстандагы каракалпак диаспорасынан шек саноодо.

Өзүн Аллаяр деп тааныштырган каракалпакстандык активист Алматыда көптөн бери иштейт, бирок туулган жери менен тыгыз байланышта. Ал Өзбекстандагы окуяларга байкоо салып турган жана өз позициясын активдүү билдирген. Активист 4-июлда Алматы полиция департаментине суракка чакырылган. Ал суракка казакстандык полициячылардан башка да бир нече киши катышканын билдирди.

“Алар Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү. Бул сүйлөшүп жатканда эле түшүнүктүү болду. Алар мага өздөрүн тааныштырган жок. Саясий көз карашымды, эмне себептен жарандык позициямды ачык билдирип жатканымды сурашты. Алар биз – Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлдөрү жашоочуларды Өзбекстан бийлигине каршы тукуруп жатканыбызды айткылары келди”, – деди активист.

Аллаярдын айтымында, өзбекстандык полициячылар андан жарандык активдүүлүгүн токтотууга буйрук беришкен. Болбосо, Өзбекстанга алып кетип, ал жакта сепаратизм жана экстремизм боюнча иш козголорун эскертишкен.

Буга чейин Orda.kz агенттиги Алматыга Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам тобу келгенин жазган.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кеткен. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, 243 киши жаракат алган. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Казакстанда Токаевдин жээни жөнүндө жазган журналист эки айга камалды

5-июнда Нур-Султанда район аралык тергөө соту “ири көлөмдө акча опузалоого” шектелген журналист Махамбет Абжанды эки айга камоо тууралуу санкция чыгарды. Сот анын адвокатынын үй камагына чыгаруу жөнүндө арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу журналисттин жактоочусу Бауржан Азанов билдирди.

Жекшемби күнү Телеграм-каналдарда Махабет Абжандын кармалган маалы тартылган сүрөттөр жарыяланган. Анда кара кийимчен жана беткапчан эки киши Абжанды колдон кармап турганын көрүүгө болот. Дагы бир киши жерде акча санап жатат. Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Абжан бир ишкерден кадыр-баркына доо кетирген маалыматты ЖМКларда жарыялоо опузасы менен 50 млн теңге опузалап алууга шектелип жатканын кабарлаган.

Кармалардан мурун Абжан өзүнүн Abzhan News Телеграм-каналына Касым-Жомарт Токаевдин жээни Каныш Избастиндин ыктымал активдери жөнүндө материал жарыялаган. Криптавалюта майнинги боюнча да кеп болгон. Материал жарык көргөндөн кийин журналист Телеграм-каналына өзүн каралаган маалыматтар чыгып жатканын жазган.

Махамбет Абжандын Телеграм-каналында 20 миңден ашуун катталуучусу бар. Соңку күндөрү ал Каракалпакстандагы нааразылыктарга байланыштуу видеолор менен бөлүшүп жаткан.

 Кыргызстан КТ Corporation корпорациясынын Директорлор кеңеши толук курамда сапар менен келген алгачкы өлкө болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Korea Telecom Corporation (Корея Республикасы) Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Кыргыз Республикасы КТ Corporation корпорациясынын Директорлор кеңеши толук курамда сапар менен келген алгачкы өлкө болду.

KT Corporation Директорлор кеңешинин төрагасы Канг Чунг Гу белгилегендей, алардын иш сапарынын негизги максаты – өлкөнүн инвестициялык климаты жана бизнес чөйрөсү менен таанышуу.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрацисынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов кореялык тарапка өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы, ошондой эле санариптештирүү пландары боюнча бетачарды тартуулады.

Жолугушууда тараптар түз инвестиция, телекоммуникация жана санариптештирүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

ИИМ: 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт

Бүгүн бир катар маалымат агенттиктер  аялдарга жана кыздарга карата ырайымсыз зомбулук фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу  аялдардын укугун коргогон 27 уюмдун өкүлдөрү өлкө башчысына кайрылышканы тууралуу билдирүүнү таратышкан. Аялдардын укук коргоо уюмдары жогорку саясий деңгээлде зордук-зомбулукка, адам өлтүрүүгө жана кордоолорго каршы күрөштүн артыкчылыктуулугун жарыялоого, жазанын сөзсүз түрдө болушун жана алардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана кадыр-баркына кол салууга жол бербөө боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун камсыздоого чакырууда.
Жогорку Кенештин айрым депутаттары Ички иштер министрлигинин жетекчилиги мындай иштерден жыйынтык чыгарбай, кадимкидей эле ишин улантып жатканын жазып чыгышты. Ушуга байланыштуу,  Ички иштер министрлиги Кыргызстанда аялдар менен эркектердин бирдей укуктарын, укуктарды жана кызыкчылыктарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону кепилдеген мыйзам базасы бар экенин маалымдайт. Көрүлгөн чараларга карабастан, аялдарга карата зордук-зомбулук фактылары дагы эле бар жана
акыркы убакта мындай фактылар көп катталууда, анын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу, адам өлтүрүү. Ошондой эле, белгилеп кетүүчү жагдай, депутаттар дагы коом алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек.
Сиздер дагы  мыйзам чыгарасыздар. Ал боюнча дагы жакшылап ойлонуп көрүңүздөр.
Никеге туруу максатында катталган зордуктоо жана ала качуу  фактылары боюнча маалыматтарды сунуштайбыз.
2021-жылдын 12 айында республиканын ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү зордуктоо фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси, 2017-жылдагы редакциясы) 604 сотко чейинки өндүрүштү каттаган, анын ичинен 325 иш, башкача айтканда 53 пайызы кылмыштын курамынын же окуяларынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган. Алардын ичинен өндүрүштө турган 249 кылмыш ишинен 223 кылмыштын бети ачылып, 89,5%ды түзөт. Анын ичинен кылмыш ишинин 148 материалы сотко жөнөтүлүп, 75  реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.
Никеге туруу максатында адамды ала качуу фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (2017-жылдагы эски редакция) менен 254 кылмыш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын ичинен 214 кылмыш иши окуя же кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, башкача айтканда, катталган фактылардын жалпы санынан 84% кыскартылган.
23 факты боюнча жабырлануучу тараптан арыз жок болгондугу боюнча кыскартылса, 14 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 3 сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү максатында 2021-жылдын октябрь айында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөнүн маалымдайбыз. Бөлүмдүн негизги милдеттери үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү болуп саналат.
Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 12 айындагы ички талдоосуна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Бул аралыкта республиканын ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга карата 9038 убактылуу коргоо ордери, анын ичинен 8463 аялдарга, 264  жашы жете электерге берилген.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-декабрынан баштап жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кирген. Жаңы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин киргизилиши менен 70-беренеге “Үй-бүлөлүк зомбулук” ылайык укук бузуучуларга карата мажбурлоо жана таасир этүү чаралары күчөтүлгөн, анын ичинде 40 саатка коомдук жумуштарга тартуу жана 3 күндөн 7 күнгө чейин камакка алуу.
2022-жылдын 5 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 3988 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га аз. Бул мезгилде ички иштер органдары тарабынан жабырлануучуларга 3693 убактылуу коргоо ордери берилген (көбүнчө Бишкек шаары жана Чүй облусу).
Ведомстволор аралык аналитикалык отчетко ылайык, бул мезгилде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча 1392 протокол түзүлүп, алар боюнча сот тарабынан төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган: коомдук жумуштарга тартуу – 714, камакка алуу – 443, дагы 98 укук бузуулар боюнча протоколдор соттун кароосунда.
Бул мезгилде кылмыш ишин козгоо менен үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 187 факты катталып, анын ичинен 99  сотко жөнөтүлгөн.
Тилекке каршы, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт. Бул бүтүндөй коом үчүн ойлондуруучу маселе. Аялдарга карата зордук-зомбулуктун мындай фактылары байкалбай калбайт, ички иштер органдары тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Үй-бүлөдөгү тынчтык жана ынтымак – бул жашоодогу эң маанилүү баалуулуктардын бири экенин унутпашыбыз керек. Бирок, тилекке каршы жакындарына агрессия көрсөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукту көнүмүш, калыптанып калган көрүнүш катары кабылдап, аны адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу деп эсептебегендер бар.
Үй-бүлөгө көңүл буруунун, аялдардын жана балдардын укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн ойлобогон ар бир адамга кайрылууга аракет кылгыбыз келет. Коомубузда аялдарды урматтоо биздин колубузда. Мына ушундай жол менен биз маданияттуу мамлекет катары өнүгө алабыз. Биз аялдарыбызды зордуктап жана өлтүрүп, балдарга азап алып келген маңкурт болбошубуз керек. ИИМ зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык иш-чараларды көрөт.

13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иш бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө турат

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө турат.

Алсак, көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата башкоргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат.

Өз кезегинде Асель Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди.

Ал мындан ары Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын кызматкери бул иш боюнча сот жараяндарына мониторинг жасай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мындай окуяларды болтурбоо максатында бардык мамлекеттик органдарга биргелешкен алдын алуу иштерин күчөтүүнү, балдарга карата зомбулук жана катаал мамиленин терс кесепеттери туурасында коомчулук арасында түшүндүрүү өнөктүгүн уюштурууну, балдарга, айрыкча “тобокелдик тобундагыларга” көңүл бурууну сунуштады.

Евробиримдик Каракалпакстандагы окуяны ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырды

Европа биримдиги Өзбекстанды Конституцияны өзгөртүү сунушталгандан кийин Каракалпакстанда болгон кандуу окуяларды ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

“Биз кишилердин жабыркаганына жана өлгөнүнө өтө өкүнүп жатабыз. Окуянын өнүгүшүнө тыкыр көз салуудабыз. Президент Мирзиёевдин калк нааразылыгынан кийин кабыл алган чукул чечимдерин кубаттайбыз. Биз бардык тараптарды зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн сабырдуулукка чакырабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

ЕБ өзбек бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарып, адам укуктарын коргоого үндөдү:

“Европа биримдиги Өзбекстан менен бекем жана өнөктөш мамиледе. Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойбуз жана эл аралык нормалар менен алдыңкы тажрыйбалардын негизинде бул жараянды жарандар жана кызыктар тараптар менен кеңешип жасоого чакырабыз”.

4-июлда Өзбекстан прездиенти Шавкат Мирзиёев Европа кеңишинин президенти Шарль Мишель менен телефондо сүйлөшкөн.

Өзбекстандын башкы прокуратурасы маалымдагандай, Нукустагы толкундоолордон 18 киши өлүп, 243ү жаракат алды.

ИИМ: Жөнөкөй жаранга күч көлдонуп машинасын тартып алган “положенец” макамына ээ УКТнын мүчөсү кармалды

Жакында  Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө адегенде коркутуу жолу менен акча талап кылып, акча ала албай калганда күч колдонуп, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала тааныш жаран “Н” карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кыргыз Респубюликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облусунун Алабука районунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Ош облусунун ИИБнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте  бул кылмышка шектүү катары  мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган  жана “положенец” макамына ээ Алабука районунда 1990-жылы туулган А.Н. кармашкан.
Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ алдында зомбулукка каршы акция өтүп, министрдин отставкасы талап кылынууда

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында бүгүн 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өтүп жатат. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан акцияда министрдин отставкасы да талап кылынууда.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова акциянын максатын бул окуядагы айыптууларды жазага тартууга, мындай кылмыштарды алдын алууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракети менен түшүндүрдү:

“Коомчулук мындай иштерге кайдыгер карабай, жок дегенде сөзүбүз менен айтып, министрге, прокуратурага суроолорубузду берип, сотко да көзөмөл салып турушубуз керек”.

2-июлда жергиликтүү ЖМКлар милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө маалыматтары жарыялашкан. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылганын ИИМ быйыл 4-мартта билдирген.

УКМК: Ленин райондук сотунун судьясы жасалма диплом алгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруунун алкагында, 2022-жылдын 4-июлунда КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган. 

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Меню