Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

ТИМ: Орусияда “майда” административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарап менен жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында, анын ичинде 2022-жылдын май айындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, укуктук статусу жана мыйзамдуулугун камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында болушуна байланыштуу мурда Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси кыйла кыскартылды.
Ошентип, Орусияда “майда” административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды.
Кыргызстандын 35 миңге жакын жараны Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде, анын ичинде орус сотунун чечиминин негизинде Орусиядан чыгарылгандар да калды.
Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн статусун Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтындагы “Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жоктордун Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө үчүн негиздер бар экендигин текшерүү” сервисинен текшере алышат.

Садыр Жапаров: «Бир күн, бир саат да кечиктирбей тышкы карызды төлөйбүз»

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу президент!

— Саламатчылык!

— Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөбөсөк эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экенин эскертти. Бир катар мамлекеттерди мисал да келтирди. Бирок, буга чейин сиз айтпадыңыз беле “Кумтөрдү” алсак эле тышкы карыздан заматта эле кутулабыз дегендей. Бул жагы кандай болуп калды? Төлөй албай калчу коркунучу барбы?

— Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздарыбыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек. Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык эле болуп турса, баардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз. Ал эми Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайы колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. Ал айтып жатат: «Сырткы карызыбыз бар экенин унутпаңыздар. Быйыл 270 млн доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун» деп. Кечээ парламентке барганда мен да депутаттардан сурандым. Экономикага тиешелүү маселелерге келгенде популисттик ооруну экинчи орунга жылдырып, колдоп берип туруңуздар деп.

— Айрым НПОчу саясатчылар бул бийлик тышкы карызды 1 миллиард 250 миллион долларга көбөйтүп салды деп чыгышты. Ошол чынбы?

— Карандай калп. Демократия деп эле ойуна келгенди сүйлөй бергендерге ишенбегиле. Тышкы карыздарыбыз боюнча бир гана каржы министрлигинин официалдуу маалыматына ишенсеңиздер болот.

Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок. Кандай болгон күндө дагы тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз. Буга мамлекетибиздин күчү жетет. Эч камсанабаңыздар. Киреше булактарыбыз пайда боло баштады. Алдыда дагы пайда болот. Мурда салык менен бажынын эле көзүн карап олтурчубуз. Эгер биз карыз алсак дагы мурдакылардай болуп жарымын жеп албайбыз. Алган акча өзүн-өзү актай турган, киреше бере турган, пайдасын эки-үч эселеп алып келе турган тармактарга жумшайбыз.

— Октябрь окуясы боюнча сотто өтүп жаткандар баары эле акталышты. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар бар. Айрым блогерлер бийлик менен соодалашуу болду деп айтып чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?

— Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма “Соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт.

— Маегиңиз үчүн чоӊ рахмат, ишиңизге ийгилик!

Кыргызстандын бир катар маданият жана искусство ишмерлерине КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык токтом кылынат:
2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

— Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

— Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

— Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

УКМК: Баткенде 800.000 сомдук тажик товарларын аткезчилик менен Кыргызстанга киргизип келе жаткан унаа кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 20-июнунда УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун аймагында баасы 800 миң сомго жакын болгон Тажикстан Республикасында чыгарылган  электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк менен Тажикстандан келе жаткан  Мерседес-Бенц Спринтер унаасы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш ишинин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту (Экономикалык контрабанда) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары башталды.

Кыргызстан быйыл Кытайга $112 миллион карызын төлөш керек

Кыргызстандын Кытайдын Экспортук-импортук банкына (Эксимбанк) болгон карызы 1 млрд 794 млн 120 миң долларды же 147 млрд 304 млн 940 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта быйыл 111 млн 730 миң доллар төлөө пландалып жатканы айтылат. Эксимбанкка болгон карызды төлөө 2025-жылдан баштап көбөйүп, 2027-жылы туу чокусуна жетет.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында эгер карыз төлөнбөсө, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы үч стартегиялык объектиге башкаруучу компания киргизерин билдирген. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун, “Датка-Кеминди” жана Түндүк-Түштүк жолун атаган.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карата 5 млрд. 182 млн. долларга барабар. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.

КР Министрлер кабинети: Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен КР ЖК депутаттарынын биргелешкен кечки тамагы бюджеттен тышкаркы каражаттардан төлөнгөн

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары үчүн уюштурулган кечки тамак боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.

Кечээ Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясынын иши жыйынтыкталды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров  парламенттин депутаттарын Бишкектин ресторандарынын бирине бейформал кечки тамакка чакырган.

Белгилей кетчү нерсе, бул сыяктуу иш-чаралар – көптөн бери калыптанып калган салттуу көрүнүш.

Мындай бейформал жолугушуулардын максаттарынын бири – аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы түз диалогду түзүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын биргелешкен кечки тамагы бюджеттен тышкаркы каражаттардан төлөнгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Өткөн иш-чарага байланыштуу чыгашаларды төлөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн жок жана мындан ары да бөлүнбөйт.

Каракол шаарында “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы болду

Кечээ, 1-июлдун кечинде Каракол шаарынын борбордук стадионунда “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын расмий ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов жана башка меймандар катышты.

Иш-чара театралдаштырылган пролог менен башталып, андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Шаардын туулган күнүндө “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы символикалуу.

Садыр Жапаров белгилегендей, Каракол Кыргызстандын эң кооз шаарларынын бири экени талашсыз. Бул бир гана мекендештер үчүн эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген чет элдиктер үчүн эң мыкты туристтик шаар.

Президент Каракол шаарынын «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасына кириши шаардын мындан аркы өнүгүшүнө, тынчтык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маданиятынын идеяларын жайылтууга жаңы дем берерин белгиледи.

Андан соң иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин концерттик программасы менен уланды.

 

KLOOP.KG басылмасынын башкы редактору “Азаттыктын” журналисттери менен саясатчылардын коюн-колтук алышып кеткенин сындады

KLOOP.KG басылмасынын башкы редактору Анна Капушенко өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында “Азаттык” радиосундагы кызматтык этика, журналисттер менен саясатчылардын коюн-колтук алып кетиши, кызыкчылыктар кагылышы тууралу пост жазып, “Азаттыкты”  кескин сынга алды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 26-июнда шаардагы кафелердин биринде АКШ тарабынан каржыланган “Азаттык” радиосунун журналисти үйлөнүү тоюн берип, анда “Азаттыктын” жыйырмадан ашык журналисттери менен ондон ашык саясатчылар кошулуп тойлошкону ЖМКларга жарыяланган. Тойдо КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев баштаган экс-депутаттар жана экс-министрлер катышышкан.

“Урматтуу журналист-кесиптештер. Менин көз карашым боюнча, бул өтө эле аша чапкандык. Эгер менин редакциямда өзүнүн үйлөнүү тоюна саясатчыларды чакырган журналист иштеген болсо ал дароо кызматынан айдалмак. Бул деген өтө олуттуу кызыкчылыктар кагылышы. Мен билгенден саясатчылар “Азаттык Медианын” азыр иштеп жаткан журналисти Марат Тагаевдин үйлөнүү тоюна келишиптир”, – деп жазган Анна Капушенко Azattyk Media, Институт Медиа Полиси, Бегайым Усенова, Медиа Өнүгүү Борбору жана ЖМКларга арыздар боюнча комиссияны белгилеп, талкууга чакырган. Бул пост кызуу талкууну жараткан.

“Таңгалычтуу! Сөз жок кыскасы. Мына сага “көз карандысыз ЖМК”.  Кызык, абдан кызык” – деп комментарий жазган Алина Касмалиева аттуу соцтармактын колдонуучусу.

“Венера эже, (Венера Жуматаева, “Азаттык” радиосунун Прагадагы башкы жетекчиси – ред.) чындыгында эле кызматкериңиздин тоюнда ушунча саясатчы чогулганы бир топ суроолорду жаратты. Себеби баары бир башка журналисттер “Азаттыкты” үлгү тутуп, түздөнүп жатпайбы,” – деп жазат жаш журналист Элвира Султанмурат кызы.

“Мен тойдо “Ата-Мекен” партиясынын эски курамын көрдүм, Марат Тагаев мурун, “Азаттыкка” чейин  “Ата-мекен” партиясы үчүн иштеген, балким алар менен болгон мамилелерин сактап калса керек. Адамдын жеке турмушу анын жумушуна тоскоол болбошу керек жана тескерисинче жумушу жеке турмушуна тоскоол болбошу зарыл. Мараттын проффесионалдык сапаттарына баа бериш үчүн ал жарыялап жаткан материалдарды жана аларда Марат калыстыкты карманып жатабы, мына ушуларды караш керек. Андан башка да, журналисттер саясатчылар кожоюндук кылган банктардан кредит алышат, саясатчылар ээлик кылган бизнестердин кызматтарынан пайдаланышат, жана журналисттердин достору, туугандары, бир пикирлештери болот – эң башкысы ал булардын баарын өз жумушуна жолотпош керек,” – деп жазды тойго чакырылган “Азаттыктын” мурунку иликтөөчү журналисти, кийин коомчулуктун айрым бир бөлугү Райым Матрайымовго иштеп кетти деп айыптаган Элнура Алканова.

“Мен сизди жакшы түшүнө бербедим, бул жерде кредит менен бизнестин кызматтарынын кандай тиешеси бар? Эге биз журналисттер саясатчылардан кызыкчылыктар кагылышына аралашпоону талап кылып жатканыбыздан кийин биз өзүбуз да ошондой эле репутацияларга татыктуу болушубуз зарыл эмеспи,” – деп жооп кайтарды KLOOP.KG басылмасынын баш редактору Анна Капушенко.

Мындан ары талкуунун стенограммасын гана сунуштайбыз:

Элнура Алканова: Биздин кичинекей коомдо адам өзүн таптаза вакуумда кармоо мүмкүн эмес деген ойду айткым келген. Журналисттердин да саясый көз караштары, ишенимдери бар, ошого жараша өз эрки же башка себептерден улам башка пикирлештери менен жакындашат, достошот, мамиле түзүшөт, кеңешет, бирок эң башкысы ал жакындарыңдын сенин ишиңе кийлигишүүсүнө жол бербөө зарыл. Мен ушул гана чекти көрүп турам. Ал эми үйлөнүү тою деген адамдын жеке турмушуна кирет, эгер редакция адамдын жеке турмушуна кийлигишсе анда бул жерде Эмгек кодекси күчүнө кирет. Адамдын жумушу менен жеке турмушу бири-бири менен карама-каршылыкка кирбеш керек.

Анна Капушенко: Биздин редакция саясатчылар менен достошпой эле, бир жакшына иштеп келе жатат.

Айзирек Иманалиева: Менин такыр акылым жетпей жатат – кантип үйлөнүү тоюнда Эдил Байсаловдон “көшөгөңөр көгөрсүн, бактылуу болгула” деген каалоо-тилектер коштолгон бата алып, стакан кагыштырып, бийлеп-чордоп жана өбүшүшөт. Анан жумушка келип Байсаловдун иши тууралу же анын айткан сөздөрү жөнүндө объективдүү макала жазууга болот! Ишенүү мүмкүн эмес.

Махинур Ниязова, 24.kg басылмасынын редактору:  Анна, сен аябай кызыктуу дискуссияны алып чыктың. Ушул маселе дайыма менин да көкүрөгүмдү өйүп келет. Менин айланамда да ушундай адамдар бар, көңүлүң жакындашат, алтургай достошуп да кетесиң, анан эле бир күнү мына сага дегенсип ал досуң шайтан ургандай саясатка аралашып кетет… албетте мага аны ачык же  жеке сүйлөшүүдө сындоого эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок аларды ушундай үйлөнүү үлпөттөрүнө чакырат белем, билбейм…

Анан ыраматылык Улан Эгизбаевдин (“Азаттыктын” мурунку журналисти – ред.)  үйлөнүү тою эсиңдеби? Анын да үйлөнүү тоюна жайнаган саясатчылар катышышкан. Ошого карабай биз анын журналисттик иликтөөлөрүнө суктанганыбызды токтоткон эмеспиз. Ал көз жумгандан кийин анын атындагы сыйлык да уюштурулган.

Анна Капушенко: Эсимде жок.  Ал кезде мен мындай иштерге азыркыдай терең байкоо салчу эмесмин, анткени анда мен башкы редактор эмес элем. Эми мени этикалык маселелер көбүрөөк ойлонто баштады.

Мага бүгүн муну кыргызчылык деп түшүндүрүштү. Түшүндүрүү кыйын, менталитет ушундай деген сыяктуу.

Элнура Алканова: Эмне үчүн жазуучулар жана илимпоздор шайлоого чыга алат, ал эми журналисттер чыкпашы керек?

Анна Капушенко: Анткени жазуучулар жана илимпоздор журналисттик иликтөөлөрдү жасашпайт.

Элнура Алканова: …“Азаттыктын” журналисти Шайырбек Эркин экс-премьер Өмүрбек Бабановдун пресс-катчысын “Азаттыктын” Бишкектеги бюросуна директорлукка дайындоого каршы чыкканда Шайырбек Эркинди кызматтан бошотуп салышкан. “Азаттыкта” мындай кейстер көп…

Iris Kogin (сүрөткө комментарий берип): Тойго жалаң колхозчулар чогулуптур.

Элнура Алканова: Бүгүн мага “Азаттыктагы” мурунку коллегаларым айтып беришти, “Азаттыктын” редакциясында эмне үчүн тойго саясатчылар чакырылганы эч кандай суроо жаратпаптыр, анын ордуна эмне үчүн Марат мени тойго чакырганы аларды бушайманга салыптыр.

Асел Сооронбаева, ЖМКларга арыздар боюнча комиссиянын өкүлү:  Анна, сиз өтө кызыктуу дискуссияны көтөрүп чыктыңыз. Бирок мен ЖМКларга арыздар боюнча комиссиянын атынан айтарым, биздин комиссия журналисттердин жүрүш-турушун карабайт, биз алардын контентине гана баа беребиз.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Азаттык” радиосунун Прагадагы башкы жетекчиси Венера Жуматаеваны коомчулук өз учурунда ал кездеги президент Алмаз Атамбаев менен тымызын кызматташкан деп айыптап келет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Япониялык ишкер Масуда Эйдзир Токиодо кыргыз товарларынын «Ала-Тоо» соода түйүнүн ачты

Бүгүн, 1-июлда Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев «Ала-Тоо» кыргыз товарларынын соода түйүнүн ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде Элчи Мирлан Арстанбаев эки өлкөнүн ишкерлеринин аракети жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн органикалык азыктардын жогорку сапатына менен алар Япония рыногунда өз ордун ээледи деп белгиледи.

Бул долбоорду япониялык ишкер Масуда Эйдзиро Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен ишке ашырды.

«Ала-Тоо» соода түйүнү Кыргыз Республикасынын товарлары, ошондой эле курамында Кыргызстандын органикалык өндүрүш бар тамак-аш азыктар тартууланат.

Маалымат үчүн: Ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет мамлекеттерге экспорт кылуу боюнча 2021-жылы Японияга 25,390 миллион сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы – 8,3 тонна, 2019-жылы – 13,4 тонна, 2020-жылы – 15,7 тонна). Кыргыз Республикасы өндүргөн бал, бадам, кийизден жасалган буюмдар Amazon жана Rakuten электрондук коммерция сайттарында кеңири чагылдырылганБал Nissin, Kaldi, Seijoishi супермаркеттеринде сатылат. Блогерлерди, ютуберлерди жана атактуу инсандар аркылуу балды жайылтуу боюнча активдүү кампания жүрүп жатат. Кыргызстандын балы тууралуу япон тилинде көптөгөн видеолор тартылып, алар Youtube сайтында бар. Ошондой эле, телевидение жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат таркатылып турат.

УКМК: Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармасынын жетекчилерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда КР УКМК тарабынан Баткен облусунун Капиталдык курулуш башкармасынын жетекчилери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, республикалык бюджеттин каражаттарын максатсыз пайдалануу жана КР мыйзамдарын бузуу менен тендер өткөрүү түрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 

2015-жылы Капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен шаарында 250 орундуу поликлиниканы курууга тендер өткөргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары “Юг-Мак” ЖЧКсынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, поликлиниканы курууда материалдык пайда алуу максатында сатып алууларды жогорулатылган баада, жумуштун көлөмдөрүн жогорулатып көрсөткөнү, ошондой эле башка мыйзам бузууларга барганы аныкталды.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары башталды.

Меню