Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Белгилүү журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаева 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Белгилүү журналист жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер  Темирбаева Жаркын Суран кызы 2021-жылдын 3-апрелинде 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Жаркын Темирбаева 1955-жылы Ош облусунун  Өзгөн районуна караштуу  Тоо-Дыйкан айылында туулган.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган.

Журналисттик эмгек жолун  Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Ж. Темирбаева 1990-жылдардан  тарта “Азаттык” радиосунда эмгектенип,  адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптанган.

Ж.Темирбаеванын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана “Азаттыктын” ардагери Азамат Алтай менен маектери сыяктуу “Азаттык” обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары эл эсинде калды.

Кийинчерээк Ж.Темирбаева “Зындан” аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу тарыхий эскерүүлөрдү жазган. “Жаныбек казы”, “Ай ыйлаган түн” чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон.
Чебер калемгердин эмгеги жогору бааланып, 2010-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу  наамы ыйгарылган.

2013-жылы “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган.
Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаеванын жаркын элеси элибиздин эсинде бекем сакталат. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

У. А. Марипов, А.Э.Новиков, У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, К. О. Иманалиев, А. Койчиев, Г. Байтерек,  Н. Асканова, Т. Камчыбекова, В. Жуматаева, А. Касымалиева, Ш. Дүйшеев, М.Мамазаирова, С.  Раев, К. Кулуев, Т. Чоротегин, Н. Идинов, К. Молдокасымов, К. Оторбаев, Ф. Абдалова ж.б.

Некролог — Хадима Берикбаева

Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Хадима Берикбаева 75  жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Берикбаева Хадима 1946-жылдын 10-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган.

1965-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов жетектеген Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде баштаган. Хадима Берикбаева белгилүү кыякчы Саид Бекмуратовдон сабак алып, аялдардан алгачкылардан болуп кыргыздын кыл кыягын чертип, кыргыз музыкасындагы залкарлардын күүлөрүн оркестр менен бирге иштеп чыккан. Оркестрде эмгектенүү менен бирге, ал Атай Огонбаев атындагы комузчулар тобунда, Токтосун Тыныбеков атындагы ооз комузчулар тобунда эмгектенген.

Анын биринчи гастролу Москва шаарында өткөн. Ал Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик концертинде өнөрүн көрсөткөн. 1983-жылдан баштап алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө оркестр менен бирге көптөгөн концерттерге катышып келген.

Ал көп жылдар бою Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык окуу студиясында сабак берип, өнөрлүү жаштарды тарбиялап, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өнүгүүсүнө, таланттуу адистер менен толукталышына салымын кошуп келген.

Улуттук маданият менен искусствосуна кошкон салымы үчүн 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамдары ыйгарылган.

Кыргыз маданиятын жана руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Хадима Берикбаеванын  элеси биздин эсибизде түбөлүккө  сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов,
Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, С. С. Касмамбетов,
А. К. Касымалиева, И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов,
М. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, С. К. Нышанов, Г. С. Молдобекова, А. Э. Новиков, У. Т. Кармышаков,
Ж. А. Асанкулов, К. О. Иманалиев, А. Б. Бейшеналиев,
К. К. Ташиев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, Э. С. Тентишев,
С. Т. Токтакунова, С. Ж. Жумалиев, А. А. Ибраев, К. А. Осмонов, А.А. Максүтов, С. А. Акматалиев, Э. С. Жумабаев, Б. С. Тилегенов, У. Полотов, Г. Мамашева, Г. Момушева, З. Шаакеева,
М. Дүйшөкеева, М. Н. Саккараев ж. б.

Министр Кайрат Иманалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Те Ёкту кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн. 2-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министр Кайрат Иманалиев элчиге иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Корея Республикасы Кыргызстан үчүн маданият жана искусство жаатында артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экендигин белгиледи.
Өз кезегинде элчи министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Кайрат Иманалиев кыргыз элинин көпчүлүгү корей маданиятын киноиндустрия аркылуу, айрыкча кинотасмалар, сериалдар жана анимациялык тасмалар аркылуу таанып жаткандыгын, мындан тышкары, демилгелүү жаштар Кореяда чыгарылган сериалдарды сапаттуу которуп, дубляж жасоонун үстүндө иштеп жатышканын айтты.
Ошондой эле, элчи министрге элчилик кыргыз каналдарына кинопродуктыларды акысыз көрсөтүү үчүн берип жаткандыгын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчилик кыргыз тилине которуу жана корей тасмасын дубляждоо үчүн кызыкдар уюмдар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн караштыра тургандыгын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы маданий мамилелерди өнүктүрүү максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кыргызстанда Европа тасмаларынын фестивалы ийгиликтүү өттү

Европа Бирлигинин Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган фестиваль биринчи жолу  онлайн режимде 22-марттан 28-мартка чейин белгиленди. Онлайн аянтчадагы көрсөтмөгө  Берлин жана Канн кинофестивалдарынын 11 толук метраждуу номинанттары жана катышуучулары, ошондой эле экологиялык темадагы 8 кыска метраждуу тасмалары сунушталды.

Мындан тышкары, фестивалда чеберлер-класстары жана европалык кинорежиссерлор: бельгиялык сценарист Доменико Ла Порта, италиялык продюсер Карло Д’Урси жана италиялык эксперт Андреа Рокколор менен жолугушуулар болду. Чеберчиликтин катышуучулары сценарийлерди түзүү жана нөлдөн баштап тасма тартуу техникалары, ошондой эле кинокомиссиялардын иши жана тасмаларды каржылоо жөнүндө билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

«Европанын кино индустриясы илгертен бери эле лидер болуп келген жана биз тарабынан ал чоочун нерсе катары эмес, өзүбүзгө жакын нерседей кабыл алынат. Автордук кинонун жардамы менен терең маанини жана мотивди көрүүгө болот, ал китеп болобу же адамдын бардык тынчсыздануусу камтылган ички жан дүйнөсүбү, айтор аны ачып көрсөтүүгө болот” – дейт актер жана кинорежиссер Бакыт Мукул.

Кыргызстандын маданий турмушундагы бул жаркын окуя тууралу айтып жатып, кинорежиссер Марат Сарулу автордук кино генетикадагыдай эле “таза сызык” сыяктуу деп белгиледи. Кино ишмердин айтымында, артхаустун жашоо шарттарын сактабасак, кинематограф өзүнүн контурун жоготуп, акчанын күчтүү кысымы менен жаңы визуалдык медиа жаралат.

“Автордук кинонун аныктамасы – “кино баары үчүн эмес” дегенди түшүндүрөт. Адатта, мындай тасмаларды кабыл алууга даяр болгон көрүүчүлөрдүн дарегине багытташат. Булар сейрек кездешүүчү кинону баалоочулар, статистикага ылайык, алар орто эсеп менен  көрүүчүлөрдүн жүз пайызынын 5-10% гана түзөт», – деген оюн Сарулу билдирди.

Жалпысынан, 22-марттан 28-мартка чейин 5454 адам онлайн платформада эркин көрсөтүлгөн тасмаларды көрүштү. Эң популярдуу үч фильмдин катарына режиссер Николаус Гейрхалтер тарткан ” Homo Sapiens ” илимий-фантастикалык документалдык тасмасы, «Якоб, Мимми жана сүйлөй алган иттер» (Эдмундс Янсонс) мультфильми жана “Мен мындамын» (Ренарс Вимба) драмасы кирди.

«Биздин оюбуз боюнча, онлайн-форматтагы европа тасмаларынын фестивалы бардык жагынан ийгиликтүү өттү. Толук жана кыска метраждуу фильмдерди дээрлик 5500 адам көрдү, бул чындыгында натыйжалуу жыйынтык. Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо темасында кыска метраждуу тасмалар абдан популярдуу болгону өзгөчө кубандырат. Бул   дүйнө жүзү боюнча, ушул теманын универсалдуулугун жана маанилүүлүгүн көрсөтөт ”, – деп билдирди, маданий иш-чараны жыйынтыктап жатып Европа Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр. «Дагы бир ийгилигибиз – европалык эксперттердин катышуусунда биринчи жолу уюштурган чеберлер-классы болду. Биз чындыгында жаңы билим жана тажрыйба топтоого кызыкдар болгон жүйөлүү жана кесипкөй аудиторияны чогулта алдык. Биздин Европалык спикерлер чындап эле зор суроо-талапка ээ болушту “.

Чеберлер-классынын ийгилигин жана суроо-талабын эске алып, ЕБ өкүлчүлүгү аны жыл сайын өткөрүп турууну туура тапты.

Фото - Министр Кайрат Иманалиев Ош шаарына болгон иш-сапарында бир катар маданий мекемелерге барды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Ош шаарына болгон иш-сапарында бир катар маданий мекемелерге барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Анда ал Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын эмгек жамааты менен жолугуп, 2021 -жылы белгилене турган 100 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөрүү маселесин уюштуруу комитети менен талкуулады.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган театрдын 100 жылдык мааракесине карата капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү макулдашылган. Учурда макулдашууну ишке ашыруу аракеттери толугу менен башталды.
Министр Кайрат Иманалиев Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын жетекчилиги жана педагогикалык курамы менен жолугуп, учурдагы көйгөйлөрү жана токтоп калган курулуш иши, адистердин жетишсиздиги жана мындан кийинки келечеги тууралуу кенен талкуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошону менен бирге, окуу жай тарабынан атайын даярдалган чакан форматтагы тандалма-концерттик программа көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Премьер – министринин Өзбекстанда болгон иш сапарынын алкагында бир катар маданий макулдашуулар жүргүзүлгөн. Өзбекстанда жашаган кыргыз жарандары үчүн улуттук кийимдер, аспаптар жана адабияттар белекке берилип, жакынкы убактарда Өзбекстандагы окуу жайлардын биринде кыргыздан улуттук аспаптарын үйрөтүү боюнча бөлүм ачылуу менен, комуз, чопо- чоор жана кыл аспаптар боюнча сабак берүүгө Н. Борошов атындагы музыкалык окуу жайы сындуу мекемелердин окутуучуларын тартылаары айтылды.
Мындан сырткары, министр Таш-Мияшов атындагы Ош облустук балдар китепканасында болуп, учурда талаш жаратып жаткан имарат маселесин тиешелүү органдар менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү, аталган китепкананын Ош облусу жана шаар тургундары үчүн мааниси чоң экендиги айтылып, келечекте китепкана приоритеттүү багыттарды колго алып, өсүп келе жаткан муун үчүн таасирдүү жана маданий аянтча боло тургандыгы баса белгиленди.
Министрдин кийинки жолугушуусу Бекмуратов атындагы Ош шаардык музыкалык мектебинде уланып, окутуучулар менен маек курду. Анда материалдык техникалык база, окуу класстарынан кабар алып, маселе жараткан маанилүү жагдайларга токтолду.

Эл аралык театр күнүндө «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды

Кечээ, 27-мартта Эл аралык театр күнү белгиленип, кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыктар 2019-2020- жылдагы жеңүүчүлөргө ыйгарылып, статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Салтанаттуу иш- чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, жалпы театр ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, келечекте театр тармагында жасала турган иштер, өтө турган гастролдор тууралуу кайрылуу жасады.
Иш- чарага Кыргызстан театр ишмерлер союзуун төрагасы Жаныш Кулманбетов, “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Садык Шернияз жана жалпы театр тармагында эмгектенген кызматкерлер, театр окуу жайлары жана маданият тармагынын ири өкүлдөрү катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
2019-жылдын байгеси:
– Эң мыкты цирк программасы – “Звездный мальчик” программасы;
– Улуттук цирк өнөрүнө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн – Клара Тажиева, алып баруучу, цирк манежинин инспектору;
– Массалык маалымат каражаттарында театр искусствосун эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн – Нуркыз Рыскулова театр боюнча көрсөтүүлөрү үчүн;
– Театр өнөрүнө арналган үзүлүү эмгеги үчүн – Чынара Чотурова, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын декорация цехинин башчысы, сүрөтчү-декоратор жана сценограф.
– Эң мыкты дебют үчүн – Айнура Качкынбек кызы, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы “Письма-самолетики” спектаклин койгону үчүн;
– Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн – Кенжекул Мендебаиров, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артитсти;
– Эң мыкты музыкалык жасалгасы үчүн – Жоодарбек Эгемберди уулу, Барпы атындагы Жалал- Абад облустук драма театрынын “Адашкан адам” спектаклинин музыкалык жасалгасы үчүн;
– Эң мыкты сценографиясы үчүн – Бакыт Тилекматов, К. Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалуу- драма театрынын “Жашагым келет” спектаклинин сценографиясы үчүн;
– Балдар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн – Гүлмира Турсунбаева, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын “Письма-самолетики” спектаклиндеги Аялдын ролу үчүн;
– Жаштар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн:
1. Эльнара Хасенова, Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайында коюлган “Эр Төштүк” спектаклиндеги Гүлайымдын ролу үчүн;
2. Эмирлан Өмүрбеков, Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайында коюлган “Эр Төштүк” спектаклиндеги Көк дөөнүн ролу үчүн;
3. Кулпунар Кожегулова, Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайында коюлган “Бетме-бет” спектаклиндеги Сейденин ролу үчүн.
– Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн – Гүлмира Ташматова, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын “Капас” спектаклиндеги Аялдын ролу үчүн;
– Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн- Мөңгүбек Дүйшөнбек уулу, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын “Жамийла” спектаклиндеги Даниярдын ролу үчүн;
– Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн- Шекербек Абдыкадыров, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын “Жамийла” спектаклиндеги Сейиттин ролу үчүн;
– Эң мыкты режиссура үчүн- Жалил Мидинов, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын “Жамийла” спектаклин койгону үчүн;
– Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн- Анара Жолдошова, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын “Жамийла” спектаклиндеги Жамийланын ролу үчүн;
– Жаштар үчүн коюлган эң мыкты спектакль:
1. “Куланөөк”, Кыргыз мамлекеттик Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенттеринин спектакли;
2. “Бетме-бет”, Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын спектакли.
– Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль- “Письмо-самолётики”, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын спектакли;
– Кыргыз авторунун чыгармасын эң мыкты койгон чет өлкөлүк спектакль- “Шынарым” (Ч. Айтматов “Кызыл жоолук жалжалым”) Батыш Казакстан муздрама театрынын спектакли;
– Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн-Мираида Далбаева, КР эл артисти;
– Эң мыкты спектакль- “Жамийла”, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын спектакли.
2020- жылдын байгеси:
– Театр өнөрүнө арналган үзүлүү эмгеги үчүн – Алтын Алышпаева, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын тигүү цехинин башчысы;
– Эң мыкты дебют үчүн – Оксана Телегина, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын актрисасы “Буратинонун жоруктары” спектаклиндеги Буратинонун ролу үчүн;
– Эң мыкты музыкалык жасалгасы үчүн- – Касымова Залина, Сулайманов Эркин, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын «Үмүт» спектаклинин музыкалык жасалгасы үчүн;
– Эң мыкты сценорграфиясы үчүн- Юлдаш Нурматов, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрынын «Үмүт» спектаклинин сценографиясы үчүн;
– Эң мыкты театр сыны үчүн – Людмила Молдалиева, театр сынчысы, макалаларынын топтому үчүн;
– Балдар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн- Оксана Телегина, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын актрисасы “Буратинонун жоруктары” спектаклиндеги Буратинонун ролу үчүн;
– Жаштар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн- Зарылык Таласбек уулу, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында коюлган “Үйлөнүү той” спектаклиндеги Евдоким Жигаловдун ролу үчүн;
– Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн – Алтынай Мукамбет кызы, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын “Жат эмесмин” спектаклиндеги жаш Манишанын ролу үчүн.
– Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн- Бактыбек Мойдунов, С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын “Күттүргөн жаз да келээр” спектаклиндеги Тилектин атасынын ролу үчүн;
– Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн-Өмүрзак Токтомуратов, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын “Жат эмесмин” спектаклиндеги Мирбалинин ролу үчүн;
– Эң мыкты режиссура үчүн- Уланмырза Карыпбаев, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын “Жат эмесмин” спектаклин койгондугу үчүн;
– Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн- Назира Мамбетова, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын “Үмүт” спектаклиндеги эненин ролу үчүн.
– Жаштар үчүн коюлган эң мыкты спектакль- “Он экинчи түн”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин спектакли;
– Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль – “Буратинонун жаңы жоруктары”, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын спектакли;
– Кыргыз авторунун чыгармасын эң мыкты койгон чет өлкөлүк спектакль- “Ана жер – ана” (Ч. Айтматов, “Саманчынын жолу” повести) Казакстан мамлекеттик куучак театрынын спектакли;
– Кыргызстан театр ишмерлер союзунун атайын байгеси- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаев.
– Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн- Бактыгүл Асанова, КР эмгек сиңирген артисти;
– Эң мыкты спектакль- “Үмүт”, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын спектаклдери ээ болушту.
“Эргүү” сыйлыгы 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана “Айтыш” коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.
Эске салсак, 2019- жылдын сыйлыктары өлкөнү каптаган пандемиядан улам жылдырылып, быйыл 2019- 2020 – жылдын сыйлыктары бирге тапшырылды.

Кожогелди Кулуев, Кыргыз эл акыны: "Жедигер Саалаев 60 жашка төрт кишинин жүгүн көтөрүп келди"

Жедигер досум! Дайыма жетише калчу элең, бул жолу да менин артымдан алпылдаган 60 жашка жетишип келип калыпсың! Маараке куттуу, акжүздүү, акжолтой болсун!
Сен 60 жашка бир кишинин эмес, кеминде, ийгилик артынган төрт кишинин жүгүн көтөрүп келдиң! Биринчиси, албетте, атагы таш жарган акынсың! Кыргыздын кыйырын, атпай журтту араласаң сени биринчи кезекте акын катары тосуп алышат! Ырларың сен барган жана бара элек, үнүң жеткен жана жете элек жерлердеги элдин, журттун жүрөгүндө! Учурбап поэзияң менен улуу Манасты даңазалап – ого бетер алымдуу акын болдуң! Ушул ийгилигиң менен 60ка келсең деле укмуштай урмат-сыйлуу инсан атыгып турмаксың.
Сен 60 жашка көтөрүп келген башка дагы бир кишинин жүгү бар. Ал – Журналисттик эмгегиң! Журналист-Жедигер мектеп окуучусунун макалаларынан баштап, мекендин талуу маселелерин козгогон программалык публицистикаларга чейин жазды. Ал турсун Кыргыз мамлекетинин башкы гезити “Кыргыз Туусун” эки жолу эрендик менен жетектеди. Көрүп жүрөбүз го, башкасы жок, ушул эле ийгиликке жеткендер жер баспай калганын. Бул – сенин көп бийиктиктериңдин бири гана.
Сен 60 жашка көтөрүп келген дагы бир башка кишинин жүгү – даанышмандыгыңды тастыктаган педагогдук, окутуучулук эмгегиң. Башкалар студенттерге бир эле позицияда лекция окуса, сен өмүрүңдө үч позицияда лекцияларды окуп, үч багытта жаштарды билимге сугардың – журналистика боюнча, көркөм адабият боюнча, анан, оозду ачырып, юриспруденция боюнча. Эмне кылабыз, бул жагынан лектор коллегаларыңдан ашып түштүң! Анан юридика илимдеринин кандидаты, доцент болдуң! Башкасы жок, ушул ийгилик менен деле укуругуң узун болмок.
Токто, тура тур, досум, булар аз келгенсип, сенде дагы бир опол тоодой кишинин жүгү бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын судясысың! Мына! Ишиңди канча жылдан бери изгилик, калыстык, билимдүүлүк менен алып келатканыңдан кабарыбыз бар. Башкалары жок, бул жагы эле бир кишинин бир өмүрүнө жетер ийгилик, бир кишинин бир өмүрүнө жетер бийиктик болчу!
Ушул опол-тоодой төрт кишинин жүгүн көтөрөм деп кардың гана кичине чыгып кетти, бирок, тилекке жараша, кадырың төрт эселеп, төрт даражалап өстү, досум!
Сен 60 жашка абыдан татыктуу келдиң. Кыргыздын кымбат уулусуң! Ак дилимден куттук айтам, досум! Кубанычтуу, тарыхый күнүңдө мени жаныңда, бирге, чогуу катары эсептегин.
Анкарадан аңтара кучактап Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны.

Белгилүү акын, чыгаан журналист, мыкты юрист, Конституциялык палатанын судьясы Жедигер Саалай 60 жашта

27-мартта белгилүү акын, журналист, юрист, Конституциялык палатанын судьясы, бильярд спортунун чебери Жедигер Ибраимович Саалаев (Жедигер Саалай) 60 жашка чыкты. Ал тууралуу досу,  журналист Кабыл Макешов   жашоо ирмемдерин учкай  баяндайт.

  1. Юридика илимдеринин кандидаты, доцент Жедигер Саалай Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында 1961-жылы 27-мартта туулган. Атасы Ыбырайым “эскинин” сабаттуусу, Кураны-Каримди кыргызча түшүндүрүп, окуп бере алган киши болгондуктан, айылдаштары “молдоке” дешкен. Догдурлар атасын “ичер суусу аз калды” дешип, ооруканадан чыгарып берип салышканда, өзүн дары-чөптөр менен дарылап, көп жыл жашаган. Жедигер тогуз бир туугандын алтынчысы. Ал төрөлөөрдө атасы аян алып, түшүндө бабалары “балаң жөн бала болбойт. Атын биз атагандай кой деп, төрөлө элек ымыркайда ат коюшат. Атасы алар айткан ысымды унутуп калып, төрөлгөн уулуна бир ай ат коюлбай, бабалар айткан атын эстей албай убайым тартат. Акыры бир айдан кийин касиети бар иниси  Жедигер деген ысым ыйгарып, асан чакырып ырымдайт. Жедигер жаагын жанган ыйлаак болуп, эжеси Гүлмайрам алганда гана сооронгон дешет бир туургандары.  Мектепте эң жакшы окуп, жеткинчек кезиден эле ыр жазып, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон. Алгачкы макалалары 6-класста окуп жүргөндө “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш”, “Нарын правдасы” гезиттерине жарыяланып, калем акысына ата-энесине чай-чамек алып берип турган. Атасы оорукчан болгондуктан балтыр эти толо электе агасы Үмөталы экөө кышкысын мектепте “кочегар” болуп иштеп, от жагып, көмүр түшүрүп, ата-энесине кол кабыш кылган.
  2. КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча факультетин бүтүргөн. Студент кезинде эле коомдук иштерге аралашып, факультеттин студенттер кеңешин башкарып, комсомол уюмунун катчысы, кесиптер кошунунун төрагасы болгон. Адабий ийримдеринн активдүү мүчөсү катары таанылган.
  3. Университетте окуп жүргөндө эле ошол учурдагы эң таасирдүү маалымат каражаты болгон «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы болуп эмгек жолун баштаган. Андан кийин Кыргызстандын Театралдык ишмерлер союзунун драматургия бөлүмүнүн башчысы, КМУУнун журналистика кафедрасынын башчысы, Кыргыз телеберүүсүнүн «Атажурт» жана «Манас» чыгармачыл өндүрүштүк бирикмелеринде продюсер–башкы редактор, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасынын орунбасары, КМУУнун укук факультетинде окутуучу, Кыргыз Мамлекеттик юридика академиясынын доценти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, эки жолу “Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору, Чүй университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында эксперт (спичрайтер) болуп иштеген. 2015-жылдан бери Конституциялык палатанын судьясы болуп кызмат өтөп келүүдө.
  4. Публицистикага жана поэзияга мектепте окуп жүргөн мезгилинен эле кызыгып чыгармалары райондук, облустук жана республикалык басылмаларда үзбөй жарыяланып келген. Биринчи ырлар жыйнагы «Жөрөлгө» деген ат менен 1987-жылы жарык көргөн. “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары”, “Аттануу”, “Аламан”, “Ак куулар”, “Манас духу” ырлар жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы” публицистикалык китебинин, каржы укугу боюнча окуулуктардын автору. Бир нече ырларына обон жаралып, ырдалып жүрөт. «Мээр жана Мөөр», «Бешик той» аттуу пьесалары Кыргызстандын профессионалдык театрларынын сахналарында коюлган.1990-жылдан Кыргызстандын Жазуучулар, 1979-жылдан Журналисттер жана 1987-жылдан Театр ишмерлер союздарынын мүчөсү.
  5. “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси. 1991-жылы адабият тармагында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болгон. Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Академиянын жана Эл аралык позия Академиясынын академиги. Ак-Муз айылынын, Ат-Башы районунун, Нарын облусунун Ардактуу атуулу. Эл аралык сыйлыктардын ээси.
  6. Жубайы Токон финансы кызматкери, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин окутуучусу болчу. Бир уул, эки кызды тарбиялап, эки небереси бар.
  7. Жедигер менен Токон аш-тойлордун көркүн ачып, обон созуп мыкты ырдашчу эле. Жакындан бери Жедигер жалгыз ырдап, баш бош акын аталып калды. Жедигер бала чагында “Манас” айткан. Кыргыз тил, адабият сабактарында облустук, республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Достукка бекем, колунда барын досторунан, жардамга муктаждардан аянбайт. Тойлордо тамада, чоң адабий жыйындарда, концерттерде, мааракелерде алып баруучу болуп жүрөт. Бош убактысында жаратылышка чыгып, эргүү алып, достору менен бильярд ойнойт. Бильярд спортунун чебери катары бир нече турнирлерде байгелүү орундарды ээлеген. “Турар” басмасынын незигдөөчүсү, досу Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган эл аралык бильярд турнирин уюштурган.

Кабыл Макешов, журналист

Президент Садыр Жапаров Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев менен маданият жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү чараларын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда Садыр Жапаров менен Мар Байжиев өлкөдөгү маданий, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүү чараларын жана коомдук-саясий процесстер жөнүндө талкуулашты.

Мамлекет башчысы Мар Байжиевдин улуттук маданиятка кошкон чоң салымын, анын искусство, илим жана билим берүү жаатындагы жигердүү ишмердигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай чечимдерди кабыл алууда улуу муундун пикир-кеңештерин жана тажрыйбасын эске алуунун өзгөчө маанисине токтолду.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүүсүн калктын маданий жана руханий баалуулуктарынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.

Ал Мамлекет башчысы менен ата мекендик маданият, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жана улуттук идеологияны калыптандырууда борбордук элемент «Манас» эпосунда камтылган акылмандык болушу керектиги жөнүндө сунуштары жана көз караштары менен бөлүштү.

Конституциялык реформа маселесине токтолгон Мар Байжиев, бүгүнкү күндө өлкө элдин мүдөөсүн канааттандырган жоопкерчиликтүү жана туруктуу бийликке муктаж экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында Мар Байжиев Садыр Жапаровго батасын берип, ага бардык пландалган реформаларды жүзөгө ашырууга күч-кубат, ден-соолук каалады жана өзүнүн «Манас, Семетей, Сейтек» аттуу китебин белек кылды.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда айтылган бардык сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынарын билдирди.

Бишкек менен Ошто эл аралык театр күнү белгиленет

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “27-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнү” белгилейт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кол коюлган буйрукка ылайык, бул майрамдык салтанат Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Бишкек шаарындагы салтанат 2021- жылдын 27-мартында саат 11:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында башталат. Иш-чарага бардык аймактардан театр жана оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык жамааттары чакырылды.

Ал эми, Ош шаарындагы салтанат 2021-жылдын 29-мартында саат 14:00дө С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук кыргыз драма театрында белгиленет.

Маалымат катары билдирсек, буга чейин “Эл аралык театр күнүнө” арналган иш чаралар Бишкекте гана өтүп келсе, эми мындан ары аймактарда кезек кезеги менен өткөрүлөт.

Ал эми, театр күнүнө арналган иш-чаранын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын ыйгаруу салтанаты өтөт. Аталган сыйлыкты 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана “Айтыш” коомдук фонду биргеликте тапшырып келет. Быйыл бул сыйлык сегизинчи ирет тапшырылат.

Иш — чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтөт.

Меню