Menu

КООМ

Ысык-Ата районунан кыз ала качууга шектелип төрт бала кармалды

19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр алып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери
башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып барылгандыгы такталып, кыз ала качууга шектелип, 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин ал бала кыздын макулдугу жок  алып качып
кеткени маалым болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилген ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Баткенде акыркы 31 үй пайдаланууга берүү алдында турат

Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Достук айылдарында дагы 31 үй жакынкы күндөрү толук бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков билдирди.

Курбанбековдун айтымында быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда жабыркаган үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 үй жаңыдан курулууда. Мунун ичинен 100 үй Лейлек районунда толугу менен бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылган. Ал эми Баткен районундагы Ак-Сай айылында тогуз үй бүтүп, 18-октябрда пайдаланууга берилген.

Быйыл, 28-30-апрелден 1-майга чейин Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Аларды калыбына келтирүү үчүн атайын эсеп ачылып, карапайым тургундар, ишкерлер, алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар жиберген акча атайын эсепке чогултулган. Натыйжада жалпы 119 млн. 695 миң 848 сом чогулган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болгон, 180ден ашуун адам жараат алган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Ош облусунда жүрөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө региондогу социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нариман айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, стоматологиялык пункттун иши жана калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоонун жүрүшү менен таанышты. Ал жарандарды ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана вакцинациядан өтүүгө чакырды.

Андан соң Эдил Байсалов Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына барып, кардарлардан каражат алууну жоюуну тапшырды.

«Билим алууну каалаган бардык жарандарга тийиштүү шарттарды түзүү зарыл. Жаңы Министрлер Кабинети ал үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алат. Ар бир китепкана эскирген китептерге гана эмес, тийиштүү маалыматты камтыган заманбап материалдарга ээ болуусу керек», – деди Эдиль Байсалов.

Бишкектин таштанды полигонун рекультивация кылуу иштери кайра жанданды

18-октябрда Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды рекультивация кылуу иштери кайра башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сентябрь айында мэрия Европа өнүктүрүү банкына эки жолу кат жөнөткөн. Анда эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы бир жарым жылга өлкөдөн чыгып кетип, бардык иштерди токтотуп койгонуна байланыштуу калаа бийлиги аны менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга ниеттенип жатканы жазылган.

“Компания иштерди жакын арада баштоо ниетин билдирди. Эки айлык мөөнөт белгиленип, иш-чаралардын планы түзүлүп, бекитилди. Мөөнөт сакталбай, иштер аткарылбаса, бул ортодогу келишимди жокко чыгарууга негиз болот”, – деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.

Октябрдын башында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкы бөлгөн 22 млн. евронун 10,5 миллионун коротуп, бирок милдеттенмелерин аткарбаганын билдирген. Мындан улам ал аталган компания менен келишим бузулушу мүмкүн экенин айткан.

Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы Бишкектин таштанды төгүүчү жайын жаап, жаңы санитардык полигон кура тургандыгы жөнүндө 2017-жылы эле кабарланган. Анда жаңы полигон эки жылдын ичинде курулуп бүтөрү айтылган.

Мэриянын маалыматына караганда, 2019-жылы келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, ишти аяктоо мөөнөтү 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартылган. 2020-жылы компания жалпы иштин 34% аткарып, полигондогу иштерди толук токтоткон.

Арзыбек Кожошев: Бишкек шаарындагы жол катмарын калыбына келтирүү боюнча долбоорго жараша 23 көчөдөгү жол инфраструктурасы жакшыртылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанатына катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, аталган долбоор алкагында жалпысынан узундугу 40 км жакын жолдун асфальт бетон катмары калыбына келтирилген, 23 көчө оңдолуп, борбордун транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылы, андагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылган.

«Аталган долбоорлор «Бир тилке бир жол» белгилүү демилгелер алкагындагы Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы достукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси белгилегендей, мындай долбоорлор эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Андан соң «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанаты өттү.

Жыйынтыгында Арзыбек Кожошев кытай тараптан көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

АКШ Бишкектеги ооруканаларга COVID-19 менен күрөшүүгө жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Бүгүн, 19-октябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкектеги эки ооруканага жеке коргонуу каражаттарын жана медициналык буюмдарды тапшырды. Улуттук госпиталга жана Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 19 миң жуп кол кап, 5 миң респиратор, 960 коргоочу көз айнек, тайып кетүүгө каршы 10 миң бут кийим каптары, пациенттерди тейлөө үчүн 50 кардиостимулятор берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул дарылоо мекемелерин COVID-19 менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны эң көп деп аныктады. 1 миллион сомдон ашык суммадагы медициналык шаймандар АКШнын Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы күрөшүүдө көмөк катары берилди.

Улуттук госпиталдын башкы догдурунун кызматын аткаруучу Токтобай Маанаевдин айтымында, мындай колдоо пандемия менен күрөшүүдө өтө маанилүү. “Дарыгерлер үчүн тренингдер, медициналык жабдуулар жана шаймандардын жардамы менен биз акыркы толкундарда өлүмдүн деңгээлин бир топ төмөндөтө алдык”, – дейт Токтобай Маанаев.

Июль айында USAID COVID-19 менен ооругандардын саны көп болгон беш ооруканага заманбап жабдууларды жана башка шаймандарды берди. Алардын арасында COVID-19 оор учурларынан бат диагноздоо жана дарылоо үчүн маанилүү кычкылтек концентраторлор, ларингоскоптор жана башка керектүү жабдуулар бар.

USAIDдин башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс COVID-19 глобалдык жана Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо системалары үчүн олуттуу көйгөй бойдон кала берерин баса белгиледи. “Биз бардык медициналык кызматкерлерге бул пандемия учурунда берилгендиги жана күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазыбыз. Ал эми USAID Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүнү мындан ары улантат», – деди Кит Симмонс.

Пандемия башталгандан бери USAID Кыргыз Республикасына өлкөнүн COVID-19 менен күрөшүү аракеттерин колдоо үчүн 7 миллион доллардан ашык каражат бөлдү.

HOLA News сайтынан "Назарбаевдин жубайы" тууралуу материал өчүрүлдү

Казакстанда иш алып барган HOLA News интернет-басылмасынын негиздөөчүлөрү Алишер Кайдаров менен Адилет Турсынбек жана башкы редактору Зарина Ахматова долбоордон кетип жатканын билдиришти. Бул тууралуу кабар 15-октябрда басылманын сайтына жарыяланды.

“10 күндүк бөгөттөөдөн кийин бизге негизги принциптен баш тартууга туура келди. Биз сайттагы жаңылыкты өчүрдүк”, — деп жазылган билдирүүдө.

HOLA News сайты Нурсултан Назарбаевдин “бейрасмий жубайы” деп айтылган Асель Курманбаеванын катышуусундагы офшордук келишимдерди ачыкка чыгарган Pandora Papers иликтөөсү тууралуу материалды өчүргөн. Азыр жаңылыкка кирген учурда актай баракча ачылууда.

Октябрдын башында Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) Казакстандын мурдагы президентинин бейрасмий жубайы Асель Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда бул келишимге казакстандык дагы эки олигархтын тиешеси бар экени айтылган.

Pandora Papers иликтөөсүнө кайрылган казак басылмаларынын көбү андагы чет өлкөлүк саясатчылар менен ишкерлердин офшор эсептери тууралуу жазып, ошол эле маалда Казакстанга тиешелүү бөлүгүн көз жаздымда калтырышкан.

HOLA News’тан кетип жаткан негиздөөчүлөрү менен сайттын редактору “ишти жаңы команда менен уланта тургандыктарын” билдиришти.

HOLA News жаңылыктар порталы 5-октябрда бөгөттөлүп, 15-октябрда кайра ачыла баштаган.

Казакстан эл аралык Freedom House уюмунун Freedom on the Net баяндамасында “интернети эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Сентябрда жарыяланган баяндамада казак өкмөтү жарандардын интернетке кирүү мүмкүндүктөрүн чектеп, материалдарды өчүртүү үчүн техникалык эмес каражаттарды, анын ичинде “басым жасоо” жолун колдонууну улантып жатканы белгиленген.

Казакстан дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 155-орунга жайгашкан.

USAID Саламаттыкты сактоо министрлиги жана жарандык коом менен биргеликте Баткен облусунун чек ара райондорунун тургундарына психологиялык жардам боюнча программасын ишке ашыра башташты

Бишкек шаары, 2021-жылдын 15-октябры – USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундарына психологиялык жардам көрсөтүү программасын ишке ашыра баштады.

“Жигердүү жарандар” долбоорунун аталган программасы 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын январына чейин “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

  • Баткен жана Лейлек райондорунун саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерин окутуу, психологиялык жардамга муктаж болгон жарандарды аныктоо, кабыл алуу жана жардам алуусу үчүн аларды адистерге жөнөтүү;
  • Лейлек районундагы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрүн, ошондой эле жергиликтүү социалдык кызматкерлерди жана адистерди конфликттен жабыр тарткандарга, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга коопсуз колдоо көрсөтүү жана алар менен иштөө боюнча окутуу;
  • Чыр-чатак учурунда жамааттарга жардам көрсөтүүгө тартылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө стрессти башкарууга жана өзгөчө кырдаалдарда эмоционалдык жактан чарчоону жеңүүгө үйрөтүү;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле бейөкмөттүк уюмдарга өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда баштапкы психологиялык-психиатриялык жана негизги социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү колдонмону иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү.

“Бул демилгенин дагы бир маанилүү бөлүгү — психологдордон жана психиатрлардан турган Саламаттык сактоо министрлигинин атайын командаларынын Арка, Карабак, Көк-Таш, Кызыл-Бел, Кулунду, Максат жана Раззаков айылдарынын тургундарына түздөн-түз психологиялык жардам көрсөтүүсү,” – деди Лилия Пантелеева, дарыгер-психиатр жана  “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин башчысы.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу чыр-чатак орун алып, анын натыйжасында расмий маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын 180 ашуун жаран жаракат алган, 36 адам каза тапкан. Расмий маалымат боюнча, 60 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган жарандардын ар бир бешинчисинде травмадан кийинки стресстин кандайдыр бир деңгээли байкалууда.

Орусия Өзбекстандын 158 миң жаранына "миграциялык мунапыс" жарыялады

Орусиядан депортацияланган 158 миң өзбекстандык жаран “миграциялык мунапыс” алып, кайрадан өлкөгө кирүү укугуна ээ болушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, мунапыс Орусиядан соттун чечими менен депортацияланган өзбек жарандарына тиешелүү болбойт.

Буга чейин Орусиянын бийлиги чет өлкөлүк жумушчулар жетишсиз болуп жатканын бир нече жолу билдирген. Москванын вице-мэри Владимир Ефимов шаарда 200 миң эмгек мигранты жетишсиз болуп жатканын айтса, калаа башчысы Сергей Собянин мигранттардын кетиши инфляциянын өсүшүнө таасир эткенин билдирген. Өкмөттүн вице-премьери Марат Хуснуллин жакынкы эки жылдын ичинде Орусиядагы курулуш иштерине гана 5 миллион эмгек мигрантын тартуу керек экенин айткан.

Күн мурун Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов Орусия Өзбекстан менен Тажикстандан 150 миңден жаранына “миграциялык мунапыс” жарыялаганын кабарлаган. Анын айтымында, бул чечим өлкөдөн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) чечими менен чыгарылган жарандар үчүн гана тиешелүү болот.

“Известия” басылмасы ИИМге шилтеме кылып, 2021-жылдын биринчи кварталында Орусиядан 1345 чет өлкөлүк депортацияланганын маалымдаган. Өткөн жылдын алгачкы кварталында бул көрсөткүч 1139 кишини түзгөн.

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы мартта мигранттардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Быйыл март айында кызматкерлери 250 кишиден ашкан жана кирешеси 2,5 миллиард рублдан кем эмес компанияларга чет өлкөлөрдөн жумушчуларды алып келүүгө уруксат берилген.

Май айында Өзбекстан менен Тажикстандан жумушчуларды тартууга киргизилген чектөөлөр толук алынган, бирок бул да жардам берген эмес, анткени бүгүнкү күнгө чейин аларды аба транспорту менен гана алып келүүгө мүмкүн.

Кыргызстандын экспедициясы Кабулдагы КР Элчилигинин жардамы менен Чоң жана Кичи афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардам жеткирди

Афганистандагы этникалык кыргыздарга жардам берүү боюнча жылдык мамлекеттик программанын алкагында 2021-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын экспедициясы Кабулдагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жардамы менен Чоң жана Кичи афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга кезектеги гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Өткөрүлгөн негизги продукциянын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.

Кошумчалай кетсек, гуманитардык акцияны ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын кабыл алуучу өлкөдөгү делегациясы этникалык кыргыздардын Афганистан аймагы аркылуу мындан ары коопсуз жашоосу жана эркин жүрүүсү боюнча макулдашууларга жетишти.

Меню