Коомчулук бул инсанды кандуу режимдин анабашчысы Курманбек Бакиевдин жакын адамы катары тааныйт. Маектешим өзү да Бакиевдин жеке ишеними астында бир катар кызматтарга карьералык секирик жасагандыгын танбайт. 2010-жылдын 7-апрель окуясынан соң түштүккө барып, «ээнбаштык» кыла коюп, акыры өлкөдөн качып кетүүгө үлгүргөн. Анын мындай кылыгы Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн ачуусун келтирип, акыры арты казылып отуруп, 2012-жылы Казакстандан кармалып, сот тарабынан 13 жылдык жаза мөөнөт алуу менен аяктаганы бар.
–Пайзулла аке, ден соолугуңуз кантип калды? Жакында жүрөгүңүздүн төрт жеринен операция болгондугуңузду эшиттим эле…
-Кудайга шүгүр, жакшы болуп келатам. Мурункуга караганда өзүмдү жакшы сезип, айтор, дурус жылыштар бар. Жүрөгүмдүн төрт жеринен тешилип, операция болуш оңойбу? Кудайга айтканым бар экен да, шүгүр. кылам.
–Мен билгенден сиз Курманбек Бакиевдин доорунда «майталкан» кызматтарда иштегениңизден кабардармын. Коомчулук да сизди ошол үй-бүлөнүн жакын адамы катары сыпатташат. Бир тууган Бакиевдердин кимиси менен жакшы болуп, карьералык секириктерди жасап жатТЫҢЫЗ?
-Биринчиден, мен Курманбек Салиевичтин өзү менен таанышкам. Анда Жалал-Абад облусунда эң ири тегирмендин башчысы болуп иштеп турганымда ал киши облуска губернатор болуп келген. Кийин Чүйгө келип, Ивановка станциясына ишке которулуп келгенимде Курманбек Бакиев Чүй облусунун губернатору болуп келип калды. Бул жерде да эриш-аркак чогуу иштешип калдык. Чүй губернаторлугунан Курманбек Салиевич премьер-министрликке секирик жасаган соң мени «КыргызАйылТехсервиске» башчы кылып дайындады. 2005-жылы президент болуп шайланган соң алгач «Кыргызкөмүр» мамлекетгак ишканасына жетекчи кылып жөнөттү. Андан соң көп узабай баш калаадагы Свердлов районунун акими кылып дайындады. 2008-жылдары мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигине төрага кылып дайындады. Ушундай кызматтардын баардыгына Курманбек Салиевич мени жеке өзү дайындап жатты. Ал эми калган аке-үкө бир тууган Бакиевдер менен тааныштыгым жок эле. Бакиев экөөбүздүн ортобузда аласа-бересе жок, туура, түз мамиледе жүрдүк. 2009-жылы айланасындагы бирин-экин адамдар мени ал кишите жамандап коюшкан экен, менин жумушумду кыскартып салышкан. Азыр ал кызмат каржы министрлигинин алдында жөнөкөй департамент гана болуп калды. Мен айрымдарга караганда ал үй-бүлөгө ашкере жакын болуп, таасирдүү чоң кызматтарга барганым деле жок. Болгону мага ишенип берилген кызматымды кылып жүрдүм. Кызматгык убагымда турмуштук табиятымдагы адамдарга жакшылык кылгандан башка эч ыплас иштерге аралашпадым.
–Кандай айткан күндө да сиз 2010-жылдын 7-апрель окуясына чейин Бакиев режиминде иштедиңиз да. Апрель окуясынан кийин келген Убактылуу өкмөт Бакиевдердин жакын санаалаштарынын көбүнө кылмыш ишин козгошподубу? Анын ичинде сизге деле тийиштүү болду да, туурабы?
-Сөзсүз мага тиешелүү болду да. Мен Убактылуу өкмөтгөгү Өмүрбек Текебаевден башка дээрлик баардык мүчөлөрү менен мамилем мурда-кийин жакшы эле. Баардыгын абдан сыйлачумун. Эч бири менен жолубуз кесилишкен эмес дегендей. 2010-жылдын май айынын ортолорунда Жалал-Абад облусуна барып калып, ал жердеги болуп жаткан митингге катыша калып, жөн турбай «бийлик туура эмес алмашканын, муну да өзүмдүн атымдан эмес, КМШ мамлекеттеринин президенттери ушундай жыйынтык чыгарышты» деп айтып, андагы Убактылуулар туура эмес багытта кетип бара жаткандыктарын айта койгондон тарта мага Азимбек Бекназаров асылып, иш козготконго жетишти да. Ошентип, 2012-2014-жылдар аралыгында камалып, жалпысынан 2 жыл, 3 ай, 5 күн жазабызды өтөп чыктык. Алгач УКМКнын СИЗОсунда, андан соң №47 колонияда отуруп чыктым. Азырынча мөөнөтүмөн мурда шарттуу бошотулуп, үйдөмүн. Буюрса, моюндагы бул жазадан келе жаткан август айында кутулам.
–Абактагы жаза мөөнөтүңүздү өтөп жаткан учурда ал жактын жазылбаган мыйзамдары менен сизге кандайдыр бир андагы «смотрящийлер» үстөмдүгүн кылып, акча талап кылган жагдайлары болдубу?
-Жо-ок, биз эми түз жүргөн адамдарбыз да. Татыктуу түрдө отурдук. Муну ошол эле №47 колонияда жаткандар деле билишет. Эми ал жакка албетте, жылаандын баласы жатпасын.
–№47 колониядан кимдер менен отуруп чыктьщыз? Мен билгенден ал жерде Нариман Түлеев дагы жаза мөөнөтүн өтөп, отуруп чыкса керек эле…
-Нариман кийинчерээк келди. СИЗОдон чыккандан кийин колонияга барганда образдуу салыштырганда саноторияга баргандай эле болосуң да. Стадион, бильярд, теннис, волейбол, футбол, мончо, чайхана, дүкөн ж.б. баардыгы бар. Болгону темир дарбаза болуп эле эркиндигиң чектелүү болгону болбосо, баардыгы бар эле. Албетте, мен ал жакты душманыма да каалабас элем. Мен жаза мөөнөтүмдү өтөп жаткан убакта айтылуу Камчы Көлбаев, Б.Воробьев, Талас облусунун губернаторунун мурунку орун басары, 5 миң сом үчүн 5 жыл жаза алган Нусуп Бектенов, экс-министр Равшан Сабиров баштаган жигиттер да дал ошол №47 колонияда жазаларын өтөп жатышты. Кудайга тобоо кылдым, Равшан Сабировдой алтын адам, жигитгин гүлү менен таанышканым үчүн бир эсе түрмөгө отурганыма да ыраазымын деп тамашалап айтып калам. Равшандай жигитке зыян келтирген адам бу жалганда оңолуп деле кетпейт. Ушул жигиттей таза, чынчыл, адамгерчилиги бийик адамды мен ушуга дейре кезиктире элекмин. Азыр Равшан менен мамилебиз жакшы, байланышып, сыйлашып турабыз.
–Бакиевдин жакын санаалашы болуп, борбордук бийликке сын айтып, губернаторлук креслого бир күн отура койгонуңуздан башка деле ага чейинки кызматтык баскан изиңизден улам деле торго чалындыңыз да. Же башка да себептери бар беле?
-Жалпысынан мага үч эпизод боюнча күнөө коюшту. Биринчиси, 2008-жылы Ноокат районунун мааракесин белгилөө үчүн мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинен төрага катары 200 миң сом котордуң деген айыптоону коюшту. Мен бул акчаны өкмөттүн эсебине котортуп бергем. Экинчиден, бул сумма мамлекеттин каражаты эмес болчу. А бирок, мен 200 миң сомду мамлекеттин казынасына кайтарып бергенимден кийин бул ишти токтотушкан. Башында бул иш боюнча «эмнеге бул боюнча өкмөттүн токтому жок? деп сыртыман күнөөлөштү эле, мен булардын колуна түшкөн соң «мына андагы өкмөт башчы Чудиновдун токтому» деп алдыларына жая салып, соттун өзүнө чейин көрсөтсөм, муну делого кошпой коюшуптур. Негизи мага 304-статьяны илишкен, эртеңки күнү эч кандай мунапыска илинбегидей кылып туруп. Калганы мага «Жалал-Абадда бийликти күч менен басып алуу» деген беренени коюшкан.
–А негизи Жалал-Абад облустук администрациясын ээлеп алып, ошол кезде бир күн өзүңүздү губернатор кылып жарыялап ийгениңиз чын да ээ?
-Ошол ирмемдерде мурунку президенттин жардамчысы Равшан Жамгырчиев облустук прокуратура менен атайын кызматтын имараттарын жаш балдар өрттөйбүз деп жаткандыгын, жаалданган жаштарды алаксытып туруумду, президент Курманбек Бакиев кетип калгандыгын айтып, кайрылып калышты. Мен түшкү тамактануудан кийин элди алаксытып турдум. Ошондой кадамдарым үчүн мага баш-аягы 13 жыл жаза беришти.
–13 жылдык жазаны толук өтөбөй чыгып кеттиңизби анан?
-Камакта отурган 2 жыл, 3 айымдын ар бир күнү эки күнгө эсептелип, калган жаза өтөө күндөрүмдү санап көрүшкөндө жалпы жазанын үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн экенмин, поселенияга чыгарышты. Поселениядан жакында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу астында чыгарышты. Бир айда бир барып көрүнүп, атайын белгилөөдөн өтуп турам. Башта айттым го, азырынча мөөнөтүмөн мурда шарттуу түрдө бошотулуп, үйдөмүн деп.
–Келечекте саясатка аралашайын деген оюңуз барбы?
-Мен мамлекетте бирөө жарым эч качан бийликти мыйзамсыз алам дегендер болбосо экен деп тилейм. Жашым деле 60тан өтүп калды, саясатка аралашып, кайсы бир кызматты суранып, алайын деген деле ой жок. Бирок, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жооп бериши керек. Буларга карата бир нече суроолорубуз бар. Өзүңөр көрдүңөр, азыркы бийлик энергетиканы аптекарга, зоотехникке башкартышты. Бул кандай? Азыр эл эч кимге ишенбей калды. Анан кантип ишеним болот?
Булак: “Азия ньюс”