Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Чикаголук кыргыздар «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурушту

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз коомчулук борбору «Kyrgyz Community Center» менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурду.

Бул флешмоб манас эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда «Эне тил күнүнө карата бир айлык» жарыяланган.

Бегалы Наргозуев, кинорежисcер: “Киностудияда жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди”

-Бегалы мырза, “Жылкычы чымчык” деп аталган жаңы тасмаңыздын бет ачаары болду. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты. Тасма канча убакта, кайсыл жерлерде  тартылды?

-Бул мен эчактан бери эле кыялданып жүргөн кыялдагы чыгарма  болчу. Ал эми кинону тартууга болсо бир жарым жыл убакыт кетти. Адегенде Алайда тарталы дегенбиз, кино тартуучу топтун айрым мүчөлөрүн алып алып, атайын кыдырып келгенбиз, Кубат акенин үйүндө да болгонбуз. Сары-Могол айылынан жогору Ленин чокусуна кеткен жолдо атайын жерлерди тандаган болчубуз. Бирок, башкы ролду ойногон эжебиз “ден соолугума байланыштуу алыска бара албайм, кан басымым жогору” дегени кайра башка жактарды издөөгө туура келди. Анан Кумтөрдүн жанында Ара-Бел деген жер бар. Ошол жерде тарттык алгачкы сьемкаларды. Алгач бизге бир топозчу 300 топозун киного тартууга  бермек болгон. Бирок, кээ бир “достор” айнытып коюп, ал тартуу үчүн келгенибизде топозун бербей койгондуктан, башка  бир жакшы топозчуну  таптык. Ошол киши аялы экөө жардам беришти. 2022-жылы март-апрелде толуктоочу эпизоддор Кара-Кужурдан тартылды. Себеби, топоз тууп-төлдөгөн маал ошого туш келет экен. Бийик тоонун шартында иштедик. Бир-эки кишибиз кычкылтек жетишпей, түтөктөн жыгылып калган күндөр болду. Дагы бир  нерсе, ошол жылы кар аз түшүп, ал да бизди бир топ түйүшүккө салды.

-Буга чейин кино чөйрөсүндө 10 жыл иштегенсиз да. Ошол кезде жыйнаган тажрыйбаңыз жардам бергендир?

-Албетте. Мен киностудияга барганда Океев, Шамшиевдердин чыгармачылыгы гүлдөп турган маалы эле, каалаган киносун тартышчу. Алардын артында Убукеев, Базаров, Замир Эралиев, Шамил Жапаровдор кезекке турган мезгил эле. Ондон ашуун ВГИКтин режиссерлук факультетин бүтүрүп келгендер бар болчу. Ошон үчүн бизге режиссердун жардамчысы, ассисенти деген сыяктуу гана кызматтар тийчү. Бирок, ошого да кайыл болуп, мэтрлердин кино тартканын көрөм, үйрөнөм деген ниет менен  жүрдүк. Ошол кишилердин жакшы нерсесин алганга аракет кылып, актерлор менен иштешкенди үйрөндүк. Бизди киностудия СССРдин Госкиносунун, ВГИКтин, Жогорку режиссердук курстардын алдындагы киночулардын квалификациясын жогорулатуучу 3 айлык же 6 айлык курстарына жиберип турчу. ”Мосфильмге”, “Ленфильмге” көп жолу командировкаларга бардым. Дүйнөлүк кинолорду ошол жерден көрүп, чыныгы киноискусство деген эмне экенин ошондо түшүндүм. Ошон үчүн кинодо жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди деп ойлойм.

Сыр болбосо, кино тартканга каражат көп кетет бекен?

-Союз тараганда киностудиядан баарыбыз эле “акча жыйнап келип, кино тартабыз” деген ниет менен кеткенбиз да. Ал кезде кино тартуу аябай кымбатка турчу. Мен андан кийин кино тартканга канча акча керек деп көпкө чейин сурап жүрдүм. Чоң суммалар айтылып аткан. Анан былтыр менин алым жете турган суммалар айтылып калды. Себеби, азыр санариптик кинолор келди. Пленка сатып алыштын кереги жок. Камерага флешка салып алып эле тарта бересиң. Пленка жуумай жок, брак болуп калыптыр,  кайра тартабыз деген жок. Азыр 100 миң долларга тартса болот. Мен киностудияда иштеп жүргөндө 1 млн.долларга тартылчу кинолор.

Тартуу процессинде сиз үчүн эң кыйын нерсе эмне болду?

-Мен  дебютант режиссер болгонум үчүн кандай болоор экен деген күдүктөнүү кыйнады. Сен өзүңө өзүң ишенбей жатсаң ал атмосфера жалпы кино тартуучу топко да таркайт экен. Режиссер негизинен мизансцена түзгөндү билип, актерлордун оюнун көзөмөлдөшү  керек. Мен бул маселени кантип чечтим? Өзү дүйнөлүк профессионал кинодо мизансценаны коюучу оператор менен сүрөтчү жасайт. Бирок, бизде сүрөтчү ооруп, катыша албай калгандыктан, мен көбүнчө кинооператорубуз Хасан Кыдыралиевдин тажырыйбасына таяндым. Ал эми актерлор менен иштешүүдө экинчи режиссер катары Бусурманкул Одуракаевди алгам. Ал иштеп атты. Өзүм дагы актерлорго “мен актерлук искусствону окуган эмесмин, силерге кыйын билем деп үйрөтө  албайм. Болгон суранычым, реалдуу турмушта адам ушундай кырдаалда өзүн кандай сезет, ошол образга кирип ойногула” дедим. Алар да дароо эле түшүнүшүп, образга кирип кетишти.

Дегеле биздин кинодо режиссерго аябай көп милдет жүктөлөт. Монтаж да режиссердун мойнунда. А дүйнөлүк практикада кинорежиссер тартып койгонду гана белет. Калганын бүт башка адистер жасайт.

Фильмге өзүңүз канчалык деңгээлде канааттандыңыз? Тасма тартылып бүткөндөн кийин эми жаңы пландар пайда болгондур?

-Мен өзүм каалагандын 70 пайызын гана аткара алдым деп ойлойм. Ага ар түрдүү себептер болду. Шартка, мүмкүнчүлүккө байланыштуу жасайбыз деп туруп жасай албай калып аттык. Бирок, көрөрмандар жакшы кабыл алгандан кийин, айрыкча Кубат аке “ишке ашыптыр” дегенден кийин санаам бир аз тынчып калды.

Пландар албетте, бар. Менин өзүмдүн бир сценарийим бар. Бала менен эненин мамилеси жөнүндө. Быйыл тартам деп ойлодум эле, бирок, үлгүрбөй калып, кийинки жылга өтүп кетет окшойт. Андан сырткары, Кубат акенин мен кызыгып жүргөн эки-үч чыгармасы бар, эгер өзү макул болсо ошону экрандаштырсамбы деп жүрөм. Кокон хандыгынын, Полот хандын, Алымбек датканын, Нүзүп бийдин тагдыры, дегеле хандыктагы кыргыздардын ролу  кызыктырат.

Тасма кеңири экранга качан чыгат?

-Биз  өзүбүз көрсөткөнгө шашып атабыз, бирок, дүйнөлүк кинофестивалдардын бир шарты бар: ар бир фестиваль жаңы кино кеңири тарап кетпесин, биринчи бизден көрсөтүлсүн деген талап коюшат. Экинчи талабы, интернетке чыкпашы керек. Бизге да кинофестивалдарга катышкыла деген сунуштар болуп атат, ошон үчүн бет ачаарын кинотеатрларда эмес, Кино үйүндө өткөрдүк. Алты айдан кийин, кинофестивалдарга катышып келген соң кинотеатрларга чыгарабыз.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс” гезити

Президент Садыр Жапаров ТМУ мүчө-мамлекеттеринин лидерлери менен биргеликте бейформал сый тамакка катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, “Түбөлүк шаар” комплексинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) келген мамлекет башчылары менен бирге сый тамакка катышты.
Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстан Республикасынын Президентинин атынан расмий кече жасалды.
Түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду.
Программада түрк географиясынын салттуу маданияты менен музыкасын чагылдырган номерлер камтылды.

Олимпиадалык билим долбоорунун кызыктуу жолугушуулары

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусттарында Улуттук Олимпиада Комитетинин 30 жылдык юбилейине карата  Олимпиадалык билим долбоору боюнча лекциялар жана жолугушуулар өттү.                          

2022-жылдын 26-октябрынан 29-октябрына чейин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусттарындагы  Жогорку окуу жайлардын студенттерине, жаштарына жана спорт адистери менен күйөрмандарына Эл аралык Олимпиада Комитетинин жана Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин демилгеси менен “Олимпиадалык билим” долбоору боюнча олимпиаданын жана дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, даңазалуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев менен Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, 12 олимпиаданы жеринен чагылдырган, 16 китептин автору, белгилүү спорт баяндамачы Кабыл Макешов олимпиада оюндары тууралуу лекцияларды окуп, кызыктуу жолугушууларды өткөрүп келишти.

Жолугушууларды уюштурууга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыктарынын жетекчилери, башкы адистери, Жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окутуучу-мугалимдер,  спорт адистери, устаттары,  мугалимдери, жаштар комитеттери көмөктөшүп, колдоого алышып, балдар спорт мектептеринин машыктыруучулары да катышып, иш-чара кызыктуу өттү.

Бул иш-чаралар  Улуттук Олимпиада Комитетинин түзүлгөнүнүн 30 жылдык юбилейине арналып,  Олимпиадалык идеяларды, билимди жайылтуу, жаштарды спортко кызыктыруу максаттарын көздөдү. Жолугушууларда  “Байыркы доордогу олимп оюндары”, “ Азыркы доордун олимпиадалык оюндары” , “Жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарынын өзгөчөлүктөрү”, “Азия оюндарынын тарыхы”, “Кыргызстан- олимпиаданын санжыралуу жолунда “, “Кыргызстандык олимпиада чемпиондору, күмүш жана коло байге жеңүүчүлөрү”, “Кыргызстандык олимпиадачылар” жана башка темаларда лекциялар окулуп, баяндамалар жасалды.

Лекциялар тарыхый фотолор, слайд-шоулор, китептер менен коштолду.  Жолугушууларга бардык спорт адистери, күйөрмандар, жаштар катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго ынанымдуу жоопторду алышты.

Жалал-Абаддагы жаштар, студенттер менен жолугушуу 

2022- жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарында  кыргыз спортунун легендасы, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону, 1980-жылы Москва шаарындагы Олимпиада оюндарынын жеңип, алтын медаль тагынган  Каныбек Осмоналиев жана  Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов   К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ ) мейманга келип, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери, жаштары менен жолугушту. ЭАУнун студенттери үчүн кыргыз спортунун легендасы К.Осмоналиев жана белгилүү спортттук баяндамачы К.Макешов олимпиадалык оюндардын тарыхы, олимпиада кыймылы, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиадачылар, Москва олимпиадасы, Эгемен өлкө болгону олимпиадага катышкан спортчулар тууралуу лекцияларды окуп, кызыктуу баяндамаларды жасады. Жолугушууну спорт журналисти, Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Спорт журналистеринин федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов алып барды. Жолугушууда Каныбек Осмоналиев өзүнүн спорт жаатындагы ишмердиги, өмүр жолу боюнча баяндама берип, бир катар суроолорго жооп берди. Сөзүнүн соңунда жаштарды сергек жашоо ыңгайына, спорт менен машыгууга, мекенчилдиккке үндөп, Ата Мекенге чын дилинен кызмат кылууга чакырды. Кабыл Макешов өз калеминен жаралган Кыргыз спортунун тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, Азия оюндарынын тарыхы тууралуу баяндалган толук түстүү бир нече китептерин окуу жайга белек катары тартуулады.  ЭАУ ректораты Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешовго  жамаат жана жаштар менен жолугушкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Муну менен бирге, ушул жолугушууну уюштурууга көмөкчү болгон Жалал-Абад областтык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Абдыжапар Капаровго да ыраазычылыктар айтылды. Өз кезегинде Каныбек Осмоналиев, Кабыл Макешов жана Абдыжапар Капаровдор да ЭАУ ректоратына жылуу тосуп алгандыгы үчүн рахмат айтышты. Жолугушуудан кийин Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов ЭАУнун спорттук комплекси менен таанышып, аны өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарын беришти. Университеттин дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы доц. У.Б. Амиракуловго жана “Ден соолук” спорт клубунун төрагасы М.А. Таштановго да аталган жолугушууну сапаттуу уюштургандыгы үчүн  ыраазычылыктарын билдирди.

 7 миллиончу наристеге олимпиада чемпионунун жана Улуттук Олимпиада комитетинин белектери

27-октябрда  Кызыл-Кыя шаарында Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн байгесине арналган Эл аралык турнирдин алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов билдирди.

1980-жылкы Олимпида оюндарынын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы,  белгилүү спорт баяндамачы Кабыл Макешов Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын 7-миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.

Даңазалуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн байгесине арналган Эл аралык турнирдин алтын медалын тартуулап, келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалап, ак дилден батасын берди.

Мындан тышкары,  белгилүү спорттук баяндамачы Кабыл Макешов Токио  олимпиадалык оюндарынан алып келген белектерди, өзүнүн китептерин жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун атынан сүйүнчү акча, куттуктоо баракчаларды жана баалуу белектерди  тапшырды. Жолугушууга Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, Баткен, Ош облусттарынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитеттеринин жетекчилери  Кубанычбек Сайкалов менен Айбек  Камбаров да  катышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Жакшылык алардын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Баткендеги жаштар менен жолугушуулар

2022-жылдын 27-октябрь күнү белгилүү спортчу, коомдук ишмер, XXII жайкы Олимпиаданын чемпиону, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов    Баткен Мамлекеттик университетинде жолугушуу өткөрүштү.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин Олимпиадалык билим берүү долбоорунун алкагындагы бул жолугушууга  профессордук-окутуучулар курамы, студенттери жана жергиликтүү спортчулар катышып, кызыктуу лекцияларды угуп, суроолоруна ынанымдуу жоопторду алышты.

Иш-чараны БатМУнун структуралык бөлүмдөрүн өнүктүрүү боюнча ректордун өкүлү Г.Ү.Артыкбаев ачып, К. Осмоналиевдин кыргыз спортундагы ордун белгилеп, анын жетишкендиктерине токтолуп өттү.

Андан соң спорттун каарманы К. Осмоналиев жалпы жаштарды спортту сүйүүгө үндөп, чек арада жашаган жаштардын мамлекетчилдик сезимдери күчтүү экендигин баса белгилөө менен иш-чараны уюштурган топко ыраазычылык билдирди.

Спорттук баяндамачы К.Макешов олимпиада оюндарынын тарыхы, олимпиада кыймылы, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиадачылар, Москва олимпиадасы, Эгемен өлкө болгону олимпиадага катышкан спортчулар тууралуу лекцияларды окуп, кызыктуу баяндамаларды жасады. Ошондой эле Кабыл Макешов өз калеминен жаралган Кыргыз спортунун тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, Азия оюндарынын тарыхы тууралуу баяндалган толук түстүү бир нече китептерин окуу жайга белек катары тартуулады. Меймандар Баткен облустук телерадиого жана облустук “Баткен таңы” гезитине кеңири маек беришти.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карабекович менен Кыргыздын сыймыгы Каныбек Осмоналиев, спорт баяндамачы Макешов Кабыл жана Ош облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Камалов Айбек Өскөнович жолугушуп, мекенибизди коргоп турган аскерлерибизге ыраазычылыгын билдирип, курман болгон баатыларга көңүл айтты жана алдыда пландалган дене тарбия жана спорт тармагы тууралуу маектешти. Баткендеги жолугушууларды уюштурууга  облустун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси  Кубанычбек Сайкалов көмөк көрсөтүп, колдоого алды.

Ош облусундагы кызыктуу  жолугушуулар

2022-жылы  28-октябрда Ош шаарында  Москва шаарында өткөн 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон туңгуч кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев жана  спорт боюнча бир нече китептердин автору, журналист, публицист Кабыл Макешов  Ош Мамлекеттик Университетине келишти.

Алар алгач окуу жай жетекчиси Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, баарлашты. Ректор өз сөзүндө  университетте спорт багытындагы аткарылган алыгылыктуу иштер, студенттердин жетишкендиктери боюнча маалымат берди. Жолугушуунун аягында Каныбек Осмоналиев өзүнүн калемине таандык эки китебин белекке берди. Ошондой эле, белгилүү спорт баяндамачы Кабыл Макешов дагы өз калеминен жаралган автордук китептерин  окуу жайдын китепканасына тапшырды.

Андан соң коноктор Индустриалдык-педагогикалык колледжине барып, студенттер, спортко кызыккан жаштар менен жолукту. Каныбек Осмоналиев спорттогу ийгиликтери, тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорго жооп берди. Белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов  жаштарга Олимпиада оюндарынын тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, ага катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып, жаш муунду спортко чакырган лекцияларды өтүп, кызыктуу баяндамаларды жасады. Кабыл Макешов өз калеминен жаралган Кыргыз спортунун тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, Азия оюндарынын тарыхы тууралуу баяндалган толук түстүү бир нече китептерин окуу жайга белек катары тартуулады.

Ошол эле күнү түштөн кийин Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов Ош облусунун дене тарбия жана спорт ардагерлери менен жолугуп, өлкөдөгү спорттун ал-абалы, көйгөйлөрү тууралуу кеңири сөз кылышып, иштиктүү сунуштарын айтышты.

29-октябрда Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов  Ош шаардык бокс жана оор атлетика мектебинде спортчулар, машыктыруучулар менен жолугуп, кызыктуу баяндамаларды жасап, жаш спортчуларга кеп-кеңештерин айтышты.

29-октябрда түштөн кийин Алай районунун борбору Гүлчө айылындагы ОшПирим спорт комлексинде өтүп жаткан Джиу-джитсу  боюнча республикалык мелдештин ачылыш салтанатына катышып, Осмоналиев менен Макешов жаштарды өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан мыкты чемпиондор болушун тилеп, кыргыз спортунун тарыхы тууралуу баяндап, каалоо тилектерин айтышты. Ошондой эле Кыргызстандын Джиу-джитсу  федерациясынын президенти Самарбек Сабыржан уулу  менен Ош облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Айбек Камалов меймандарга ыраазычылыгын билдиришти. Мындан тышкары Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов Самарбек Сабыржан уулу  Корул айылындагы эки мектептин спорт залдарында уюштуруп, волейбол боюнча өтүп жаткан эки мелдештердин катышуучулары менен жолугушуп, кеп-кеңештерин айтышты.

Ош облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Айбек Камалов Баткен жана Ош облусундагы жолугушууларда меймандарды коштоп жүрүп, Ардак Грамоталарын тапшырды. Өз кезегинде   Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов да Айбек Камаловго жолугушууларды жогорку деңгээлде уюштурууга зор салым кошкону үчүн ыраазычылыктарын билдирип, китептерин белек кылышты.

1980-жылы  Москва шаарында өткөн 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнун 4 жолку чемпиону, мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер  Каныбек Осмоналиев жеткен спорттук бийиктикке кыргызстандык бир дагы спортчу жете элек. Даңазалуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев кесиби боюнча тарыхчы, Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетин аяктаган. Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев, ошентип, дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп кайткан. Европанын эки жолку чемпиону, СССРдин көп жолку чемпиону болуп, эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгон. Каныбек Осмоналиев учурунда Кыргызстандын мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси,  Балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор атлетика боюнча мектебинин директору, оор атлетика федерациясынын президенти болуп жигердүү иштеп, кыргыз спортунун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин дене тарбия жана спорт борборунда улук машыктыруучу болуп иштеп жатат.  Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү болуп саналат.

Москва Олимпиадасында  52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуп көтөрүүдө 107,5 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө болсо 137,5 кг оордукту көтөргөн.

Жалпысынан 245 килограмм көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңыртып, олимпиада оюндарынын алтын медалын тагынган.

Ал СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, Кыргыз мамлекетинин дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу ардак наамдарынын ээси. Эмгек Кызыл Туу, биринчи даражадагы Манас ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

Каныбек Осмоналиев жөнүндө даректүү тасма тартылып, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов поэма жана Ырга айлаган Каныбек” деген китеп жараткан. 2021-жылы Каныбек Осмоналиев өзүнүн өмүр жолу тууралуу “Олимп оттору” деген даректүү китеп жазган.

Макешов Кабыл Асангелдиевич  Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын спорт журналисттеринин федерациясынын башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү,  12 олимпиадалык оюндарга ( 7 жайкы, 5 кышкы олимпиада)  жана 7 Азия оюндарына катышып, спорттук баяндамачы катары  жеринен түз репортаж уюштурган. Кабыл Макешов Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы “Байге”  жана “Кыргызстан Спорту”спорттук гезиттеринин башкы редактору болуп, 1978-жылдан бери кыргыз спорттун маалымат каражаттарында  кеңири чагылдырып,  Олимпиадалык кыймыл, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы жана кыргыз спорт тарыхы тууралуу толук түстүү 16 китеп жазып, өлкөдө олимпиадалык кыймылдын өнүгүшүнө  салым кошуп келе жатат.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин жана Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин демилгеси менен “Олимпиадалык билим” долбоору боюнча кийинки жолугушуулар Ысык-Көл, Чүй обулустарында жана Бишкек шаарында болмокчу.

Кабыл Макешов, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

Президент Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү окуя –  Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса белгиледи.

“Бул Кыргызстандын энергетикасынын тарыхындагы келечекке жол ачкан маанилүү кадамдардын бири. Мына ошондуктан, баарыңыздарды бүгүнкү жакшы саамалык менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!”, – деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жаңы ГЭСтерди куруу менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө багыт алып жатканын белгиледи.

“Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу – биздин негизги максаттарыбыздын бири. Албетте, бул максаттар кагаз жүзүндө эле калып калбашы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Ошол эле учурда Жараткан тартуулаган ажайып жаратылышыбызды келечек муун үчүн таза сактап, өткөрүп берүү маселесин эсибизден чыгарганыбыз жок.

Учурда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн ар кайсы жолдорун издеп жатабыз жатат. Алардын ичинен чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилейм”, – деди ал.

Садыр Жапаров мамлекеттин келечегин ойлогон атуулдар турганда өнүгүү мүмкүнчүлүгү кеңири болгон Кыргызстандын эли бакубат турмушта жашаарына  бекем ишенемин билдирди.

“Биз мамлекет тараптан колдон келген жардамыбызды берип, курулушка бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Алдыда дагы да шарттарды түзүп беребиз”, – деди ал. Андан соң, Мамлекет башчысы пландалып жаткан Куланак ГЭСи тууралуу кыскача айтып берди.

“ГЭСтин кубаттуулугу  100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз.

Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот.

Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын  нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, – деди ал.

Президент жергиликтүү туругнадрдын көңүлүн ГЭСтин курулушу энергетика, экономика тармагына эбегейсиз пайда алып келүү менен катар айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыздоого да жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө бурду.

“Куланак ГЭСинин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Мындан сырткары, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Кудай буюрса, Куланак ГЭСи Нарын облусунун гидроэнергетикасынын локомотиви болот.

Ушуга байланыштуу бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга Куланак объектисинин артыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп, курулуш маселелерин ыкчамдатып чечүү үчүн өз убагында натыйжалуу чараларды көрүүнү, колдоо көрсөтүүнү тапшырам”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Энергетика министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилигин жүктөдү.

“Нарын дарыясына дагы 2,5 миң мегаВаттык гидроэлектр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар.

Буюрса, жакынкы келечекте дагы көптөгөн орто жана чакан ГЭСтерди курабыз.

Биз эки жылдан бери көп эле курулуштарга капсула салып келе жатабыз. Алардын ар биринин  курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп келе жатат. Мына бүгүн дагы капсула салган объект төрт жылдан кийин ишке берилет. Бир жыл даярдык иштери, анан үч жыл курулушу жүрөт.

Жазында Камбар-Ата ГЭСине да капсула салганбыз. Аны буюрса сегиз жылда бүтөбүз деп турабыз. Сегиз эмес он жылда бүтсөк да чоң иш болот”, – деп билдирди Президент.

Садыр Жапаров Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун аякташы менен Кыргызстан көз карандысыз, өзүн өзү камсыздаган, электроэнергияны импорттобой тескерисинче, экспорттогон өлкөгө айланарын белгиледи.

“Азыр бизде жылына 3 млрд кв саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар. Суунун башында турабыз, бирок ошону колдонуп, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Эми сала баштадык.  Бардык потенциалдын он эле пайызын колдонот экенбиз. Эгерде дагы 90 пайызын кошуп колдонсок биз Орто Азия эмес, Европа, Кытайга электр энергиясын сатсак болчудай. Кудай бурса ага да жетебиз”, – деди ал.

Мамлекет башчысы  Куланак ГЭСи жалпы кыргыз элине кызмат кылган ири өнөр жай ишканасы болоруна ишеним артты.

“Касиеттүү Тенир-Тоонун кутман элин ырыскы, кут жылоолоп, жергебизде тынчтык, элибизде өнүгүү болсун!!!”, – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзүп, анын  88 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилери белгиленет.

Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Бишкек шаарындагы “Жаштык” массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залын ачты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкө боюнча көптөгөн кыздар күрөш менен машыгууну каалаганына жана өлкө боюнча күрөш менен машыгып жатканына карабастан, алардын заманбап спорт залы жок болгонун, көбүнчө эркектер менен машыгууга аргасыз болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде кыздар жана аялдар үчүн залдын курулушуна капсула салынып, ал 5 айда курулуп бүткөнүн эске салды.
Президент бүгүнкү күндө кыргыз спортчулары эл аралык абройлуу мелдештерде күрөш боюнча байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн туусун бийик көтөрүп келе жатканын белгилеп, аларды эл эсинде түбөлүккө сакталып калган бир кездеги Кыз Сайкал, Жаңыл-Мырза менен салыштырды.

“Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан, мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым.
Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем”, – деди Президент кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө кайрылып.

Мамлекет башчысы ошондой эле балбан кыз-келиндер алдыдагы Олимпиада оюндарында алтын утат деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле, Президентке ыраазычылык сөздөрүн эркин күрөш боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, көрүнүктүү спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова айтып, бардык күч-аракетин жумшап, 2024-жылы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынууга убада беришти.

Андан соң, Садыр Жапаров кызыл тесмени кесип, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүн толук кандуу даярдоо үчүн заманбап шарттар – медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, спорт залы, конференц-залы, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бөлмөсү жана башкалар каралган имаратты көрүп чыкты.

Ошондой эле, Мамлекет башчысына жаңы залда жаш муундун – өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбан кыздардын машыгуулары көрсөтүлдү.

Иш-чара Президент Садыр Жапаров менен салтанаттын катышуучуларынын биргелешип сүрөткө түшүүсү менен аяктады.

Ош шаарына япон-өзбек өндүрүшүнөн чыккан 50 даана ISUZU автобусу сатып келинди

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып алып келинген 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” автозаводунун Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоо тобунун башчысы Азиз Нишанбаев, автобустардын айдоочулары жана тургундар катышты.
Мэр өз сөзүндө Ош шаарындагы коомдук траснпорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында мэрия натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү уланта турганын белгиледи.
“Шаардагы коомдук транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча Ош шаарынын мэриясы ички жана сырткы инвесторлор менен ыңгайлуу шарттардагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатында тиешелүү жумуштарды такай жүргүзүп келет. “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонду менен алып барылган жумуштардын натыйжасында шаарыбызга Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 бирдик автобус сатып алынып келинди.
Бул автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы дагы жөндүү болгондугунан улам, биздин шаарыбыз үчүн ыңгайлуу болууда. Жаңы алынып келинген автобустар шаардыктардын суроо талаптарын эске алуу менен, эң керектүү болуп жаткан аймактарга, атайын комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде 4 муниципалдык каттамдарга бөлүштүрүлдү”, – деди калаа башчы.
Белгилей кетсек, автобустардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Автобустардын ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылат. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары.
Жаңы коомдук транспортторго да “BUS Service” мобилдик тиркемеси орнотулуп, жүргүнчүлөр жол жүрүүсүн алдын ала пландоосуна шарт түзүлдү. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Транспорт министрлиги: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол сыяктуу ири жолду реконструкциялоону атамекендик компаниялар ишке ашырып жатат

Биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу сыяктуу ири жолдорду реконструкциялоо менен ата мекендик компания алектенет, ага чейин негизинен чет элдик компаниялар тендерди утуп алышып, алардын субподрядчиктери ата мекендик компаниялар болуп келген. Бул тууралу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында жолдун стратегиялык маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык “Балыкчы-Бөкөнбаев автожолун реконструкциялоо” долбоорун ишке киргизүү чечими кабыл алынган. . Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июлундагы № 318 “Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0-141,64 км) реконструкциялоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы. Узундугу 141,6 чакырымды түзгөн “Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо” долбоору өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө, транспорт инфраструктурасын жакшыртууда жана облустун туристтик потенциалын жогорулатууда чоң мааниге ээ. Бул жол II техникалык категориядагы жолдордун параметрлери боюнча реконструкцияланууда, төрт бөлүүчү тилкеси бар, октун сметалык жүгү 11,5 тоннаны түзөт. Заказчынын техникалык тапшырмасы боюнча «Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти». Долбоордук документация курулушка параллелдүү, долбоорлоо ыкмасы менен «Кыргыздортранспроект» МИ тарабынан иштелип чыккан.
Аймактын административдик-аймактык бөлүнүшү боюнча «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо 0 км – 141,6» долбоору Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна тиешелүү. Долбоор эки бөлүккө бөлүнгөн жана ар бир бөлүм үчүн өзүнчө Подрядчыларды тандап алган:
1. 0 кмден № 1 участок – 71-чакырымды бойлой эки кичи тилкеге ​​бөлүнөт:
0-25 км участогу (Балыкчы – Кара-Шаар айылы)
25-71-чакырым тилкесинде (Кара-Шаар – Ак-Сай)
1. № 2 участогу, 71 км – 141,6 км. (Ак-Сай айылы – Барскон)
№1 Долбоордун мамлекеттик участогун реконструкциялоого «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсы тандалган. № 1 участок , бул 0 кмден 25 кмге чейинки тилке, каттамдын башы Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун 3- Балыкчы шаары, участоктун аягы Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Кара-Шаар айылы. Бүгүнкү күндө -16 000 чакырымда астыңкы асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо иштери бүткөрүлүп, жер жумуштары 95%, 17+870-чакырымында көпүрө иштери 80%, 24+200дө 80% аткарылды. № 2 кичи тилкеси 25 – км 71км
Бул участок 25-чакырымдан 71-чакырымга чейин. Учактын Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында аяктайт. Жер жумуштары 34%га, жолдун жээгин тазалоо жана түптөө иштери 75%га, жер казуу 17%га, жээк тосуу 19%га аткарылган.
-181 бирдик жол курулуш машиналарын жана жабдуулар, бүткүл коллектив —427 адам.
№2 участок. 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейин «Арек Строй» ЖЧКсы подрядтык компания болуп тандалып алынган . 96-127-чакырымдарында долбоордук жолдун тилкесинин астына түшкөн бак-дарактардын дүмүрлөрүн кыюу жана тамыры менен жулуп алуу, жол жээктерин тазалоо, жер казуу, жээк куруу, курама темир-бетон үчүн жер казуу иштери жүрүп жатат. Темир-бетон буюмдарын демонтаждоо жана алып салуу, ФМС монтаждоо, суу өткөргүчтөрдүн фундаментин -В30 бетон менен куюу, бар асялоюэтондук жабынды демонтаждоо жана алуу, жолдун учурдагы катмарын даярдоо. Тундук-Туштук магистралындагы ендуруштук базада жасалма конструкциялар учун темир-бетон буюмдары чыгарылат. Бүгүнкү күндө -40 000 м3 инерттүү материалдар даярдалып, 91 км Подрядчынын базасы да курулган.
-1 даана .бетон заводу орнотулуп, бетон аралашмаларын чыгарууга киришти,
91 километрде -1е.д таш майдалоочу цех орнотулду
АБЗ -1 бирдиги орнотулду. кубаттуулугу 160 тонна/саат, 91 км.
123-чакырымында таш майдалоочу цехти монтаждоо иштери аяктады.
96-чакырым – 126-чакырымында жер казуу иштери жүрүп жатат, 132 түтүк, 9 көпүрө жана 4 жер астындагы өтмөк бар. 132 даана суу өткөргүчтөрдүн 20 даанасы 30 даанасы (15,15%) ишке тартылып, 14 даанасы бүткөрүлгөн. түтүктөр. -210 даана жол курулуш машиналары жана жабдуулары тартылып, жалпы коллективи -386 адамдан турат.

Нью-Делиде Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө аземи болуп өттү

Ушул жылдын 12-октябрында Нью-Делиде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамблинин салтанаттуу концерти өттү.

Иш чаранын ардактуу коноктору болуп Индиянын Тышкы иштер министрлигинин астындагы Маданий байланыштар боюнча индия кеӊеши (ICCR), парламенттин мүчөсү Винай Сахасрабудхе, жана ошондой эле Индиянын Мамлекеттик Тышкы иштер министри Радж Кумар Ранжан Сингх болушту. Иш-чарага ошондой эле Кеңештин башкы директору Кумар Тухин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, бизнес-коомчулуктун, ошондой эле Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана Индияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгү эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды, ошондой эле Ардактуу конокторунун жана Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчисинин сөздөрү менен башталды.

Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев өз сөзүндө кыргыз-индия мамилелеринин 30 жылдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле келечектеги пландарды белгиледи. Мамлекеттик Тышкы иштер министри Р.Р.Сингх өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда 30 жылдан бери дипломатиялык мамилелер түзүлүп, өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин баса белгиледи.

Андан соң кечеде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусунда Токтогул, Карамолдо, Ыбырай жана башка чыгаан элдик композиторлордун чыгармалары жаңырды.

Кеченин солисттери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, ошондой эле “Кыргыз жери”, “Барам сага”, “Эсиндеби” жана башка популярдуу чыгармаларды аткарган Кундуз Таштаналиева жана Аскат Мусабековдор болушту.

Мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли кыргыздын элдик бийлерин тартуулап, көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Концерт коомчулуктун кызуу кызыгуусун жаратып, көрүүчүлөргө кыргыз музыкасынын жана бийинин унутулгус кечесин тартуулады.

 

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде жеңди

Көк – Бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстандын курама командасын 5:0 эсебине жеңип алды. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чечүүчү 3-таймда, Казакстан курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок.
Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келди.
Белгилей кетсек, атайын көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатылып алынган атын, Түркияда жашаган Вандык кыргыздарга тапшырышты.
Меню