Шаршембиге караган түнү Москвадагы мейманканалардын биринде ок чыгарган бизнесмен жана Федерация Кеңешинин Чеченстан боюнча мурдагы өкүлү Умар Жабраилов эч жакка чыкпоо талабы менен бошотулду. Бул тууралуу “Москва” маалымат агенттиги билдирүүдө.
Орусиянын жергиликтүү басылмалары Жабраиловдун кармалганын 30-август күнү жазышты. “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Умар Жабраилов Федерация Кеңешинде 2004-2009-жылдары иштеген, эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы болгон жана Европа Кеңешинин Парламент Ассамблеясынын орусиялык делегациясына кирген. Ал мындан тышкары курулуш жана мейманкана бизнеси менен алектенген.
Чеченстандык ишкер Умар Жабраилов Four Seasons мейманканасында сыйлыкка алган пистолетинен ок чыгарган. Маалыматтарга караганда, номерге кечки тамакты официант эмес, кызматчы аял алып келгендиги үчүн шыпты аткылаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”